“...любовь – это глагол, он означает действие”.
(Стивен Кови)
(Чыгарманы котормочу Салия Ибраимовага арнайм)
Сүйүү сөзү куштай жеңил канаттуу,
сүйүшкөндөр кайталаган адат бу.
Жандан артык көрүшкөндөр бир бирин –
жандүйнөдө жаратышат азапты.
Жүрөк кургур жалын отко кептелген
кезең келет бир заматта жек көргөн.
Оозунан заар, уу, каргыш жаратат
о мурдагы балдай ширин кептерден.
Сүйүүдөгү эң бактылуу мүнөттөр
оргуп ташып турган кезде жүрөктөн –
курмандыксыз кур махабат кууратат
кутулалбай амалыңды түгөткөн.
Курмандыксыз сактоо кыйын сүйүүнү.
Унутпагын, сүйүү үчүн күйүүнү.
Курмандыкка берип салсаң дилиңди –
өмүр бою зор сезим ал – сүйүүнү.
Курмандык не – жүрөктөгү сөздү угуу.
Курмандык не – каталыкка көз жумуу.
Качан болсо сүйгөнүңдү кечирүү –
махабаттын жоопкерчилик, өз жүгү...
Крещендо – сактоо үчүн бүтүндү
махабатка берип салуу дитиңди.
Крещендо – оркестр бул, музыка,
дрижёрдой берип сал бүт күчүңдү!
04.03.24
Аккорд
(Илимдин жаш ышкыбозу Жоомарт Карабаевге арнайм)
Дарак болот асманга тартылып зор -
шамал булкуп жулалбас тал чыбыктар.
Заман булкуп, жулкса бек туруштугу
керек коомдо карама-каршылыктар.
Күрөш бүтпөй күрөшүү өзүң менен -
көөдөнүңдөн аракет көз издеген.
Көрөгөчтүк калкалайт акыйкатты
көч улоо бул - үмүттү өчүрбөгөн.
Шамалына замандын жапырылган
куурайы көп адамдын жапырылган.
Кулпенделик курчаган өз чөйрөңдө
сен жаш муунсуң булактай атырылган.
Булак көзүн чаңдаткан кармаш заман,
булак көзүн бууй албай далбастаган.
Өз чыйрыңды издесең, Жоомарт бүгүн
жолуң бөгөйт алсыздар алдастаган.
Дарак болот асманга тартылып зор -
шамал булкуп жулалбас тал чыбыктар.
Заман булкуп, жулкса бек туруштугу
керек коомдо карама-каршылыктар.
25.04.24.
Мамет уулу Баястанга
Таза аба. Жамгырда.
Бүркөк асман алдында
дүйнө таза, туптунук.
Тынчтыгын айт жандын да.
Кушу сайрайт гүлзардын.
Короосу тынч түрмөңдүн.
Сиңип кеткен дубалга
угулгансыйт курган муң.
О качанкы дубалдар -
коркпос жандан, убалдан...
кайра келгис өмүргө
кайгы үйүп, кун алган...
Кулак-мурун кескендей,
тынчтык жүрөк эзгендей.
Жанга баткан күндөрдү
жашар бекем эскербей?..
Өттү баары элестей,
эч убайым жебестей.
Төрт дубалда сегиз ай -
мен баягы эместей...
02.04.24.