Бирөө уй сатып алып, үйүнө жетери менен откозуп чыгат. Уй оттогуча, тук этип уктамакчы болот. Ээси уктап жатканда бөтөн бирөө анын уюн аргамжысынан чечип, жетелеп кетет. Ойгонсо, уйду бирөө жетелеп баратат. Артынан кууп кыйкырат:
– Эй, менин уюмду кайда алпаратасың?
А ууру эч камаарабай жолуна салып кете берди. Акыры ууруну кууп жетип, уй байланган кендирге жабышып, булкулдатып тарткылайт. Тиги болсо уй ээсине кыйкырат:
– Сага не жин тийди? Уйду үйдөн жетелеп чыктым. А сен аны колумдан жулкулдатып, анан да мени ууру деп урушканың эмнеси?
Экөө чатакташып, казыга[1] кайрылышат. Казы тигилердин чатагын жөнгөрө албай, королго алып барат.
Уй ээси королдун алдында чөгөлөп айтып турганы:
– О мартабалуу улугум, уйду жаңы эле сатып алып, үйгө алпкелип откозгону чыккамын. Көзүм илинип уктап калыпмын. Ойгонсом эле мобу неме уюмду жетелеп баратат. Артынан кууп жетип, өз малымды талашсам, а мунун бергиси жок. Уй меники деп талашып.
– Уюң эмне жечү эле? – дейт король.
– Чөп эле, улуу урматтуум, – деп жооп берет бүшүркөгөн бечара.
Кепке ууру да кошулат:
– Улуу урматтуум, уйду үйдөн жетелеп чыккамын. Анан эле могу мага чапкенедей жармашты. Колумдагы уйду талашып, мени ууру тутуп атат.
– А сенин уюң эмне жечү эле? – дейт король.
– Буурчак жечү, улуу урматтуум.
Король кызматчысын уйдун жампасын алып келүүгө жумшайт. Жампаны карашса, бир бүдүр да буурчак табылбайт, жалаң эле чөп экен. Король ошол замат уйду ээсине кайтарып, а ууруну камчы менен сабатыптыр.
Которгон O`ШАКИР
[1] Казы – сот.