КАЙНАТАМЫН КЫЗЫ, КӨК МУЗОО ЖАНА МЕН
Эр жеткен соң көпкө чейин колоңдоп бойдок жүрдүм. Себеби жетим элем, кедей элем. Калыңга бергидей адалдан түгүм жок. Өзүмдөй кедей кыздар деле кашайып мага тийбейт. Ангыча болбой ананайын Совет өкмөтү чыга калбадыбы. Кедейлерди жөлөп-таяп, байларга басым-кысым жасап кирди. “Катындарга уруят!” деп жар салды, бай чалдардын токолдорун азат кыла баштады. Ошондо мен өкмөттүн саясатын колдоп мындай ыр чыгардым:
Уруяттын закүнүн
Билген катын жашасын,
Байдан чыгып кедейге
Тийген катын жашасын!
Көрүнгөн жерде ушинтип ырдап жүрсөм, кудайга үнүм жетти бейм, садагасы кетейин Совет өкмөтү кошуна айылдагы 80 жаштагы байдын 25 жаштагы токолун чалынан ажыратып, башы бош кылып коюптур. Кедейдин кызы экен, мага жан деп тийип алды.
Күзгө маал кембагал кайнатам кызын төркүлөтүп, экөөбүзгө ара туулган үч айлык ургаачы музоосун энчилетип берди. “Өлтүрбөй баксаңар, 3-4 жылда балканактай уй болот”, – деди мага кайнатам музоосун көтөртүп жатып.
“Өмүрүңө береке берсин!” – деп сөз кыстарды кайненем. “Маңдайыңарга бүткөн жалгыз малыңар ушул, ит-кушка жедирбей, бөөдө мертинтпей, жакшы баккыла”, – деди катынымын атасы. Төркүнү деле төө энчилеп аткансып кайнатамын кызы барбайа-дардайа түштү. “Өлтүрбөй калалы, жедирбей калалы, адалдан тапкан малыңыздын тукумун өлтүргөнчө өзүбүз өлгөнүбүз жакшы эмеспи”, – деди кызы эбиреп-жебиреп. Ошону менен жөн калбай: “Ырас айтамбы ыя, үйдүн эркеги”, – деп мага көз кысып койду. “Ооба, музоо өлгөнчө сенин өлгөнүң жакшы”, – дедим мен кара күчкө бапыраңдап.
Музоону кош колдоп көтөргөн боюнча жолго түштүм. Кыжырым келгенден чоң-чоң адымдап барам, кайнатамын кызы мага катарлаш басам дейт, бирок тең жүрө албайт, салпайып калып да калбай, аркамдан желип-жортуп келет. Ара туулган араң жан музоо энчилетип алганына эдиреңдеп сүйүнүп, музоого жалынып жалбарып да коёт улам-улам.
Колдорум талыганда музоону жерге түшүрдүм. Бастырайын десем баса турган түрү жок. Аргам түгөнүп араң жан немени мойнума арта салып жөнөдүм. Кайнатамын кызы: “Мужоо, мужоо, мужоокем ушундай, кожоюнун мойнуна минип эркелейт ий-ий, музоо, музоокем-ий!” – деп жетине албай эбиреп-жебиреп менин кыжырыма тийет. Бир маалда желкемдеги музоо куйругун бултактатып койду белем, кайнатамын кызы: “Ий-ий, сербең эткен куйругунан-ий”, – деп куйругунан тартып жибергенде, музоо капысынан табарсыгын бошотуп ийди, жылуу суу мойнуман өңүрүм ылдый шорголоду. “Сийип ийди!” – дедим токтой калып. Анда кайнатамын кызы: “Ий, чиш кылганынан-ий, чиш кылганынан ий”, – деп маашырканып турбаспы. Ачуум келгенден: “Ме, чиш сага!” – деп музоону сийдигин шорголоткон бойдон мойнуна арта салдым.
Үйгө алып келген соң, бапестеп баксак деле кирбийген араң жан музоо оңоло албай койду. Бирок кайнатамын кызына ырас эрмек табылды. Атасынын өлөсө энчисин дегеле үстүнө үйрүлүп түшүп, дегеле мээримин аянбай төгүп, жаналы калбай эркелетет. “Ий, музооке, жакында кунажын болот, анан уй болот, жылына бирден тууй”, – деп жебирей берет эртели кеч. Ошону менен токтолбой: “Э, үйдүн эркеги, буюрса 7-8 жылда 4-5 тубар уйлуу болобуз, алды-артыбызды мал басат”, – деп менин тырышпаган жерими тырыштырат.
Кыш ортосунда музоо чөп-чардан өксүп, өпкөсүнөн да кагынып, бир күнү тырайып өлүп калды. Кайнатамын кызы ата-энесинен айрылгандан бешбетер боздоп ыйлап, менин да муунуму бошотуп ийди. Дал ошол ченде балпайып үйүбүзгө таенем кирип келсе болобу! Кайнатамын кызы эреркеп-экиленип, бакырып ыйлаган бойдон: “Кагылайын таене!” – деп мойнуна асылды. “Шорубуз катпадыбы, таене, кешигибиз кесилбедиби, таене, түндүгүбүз түшпөдүбү, таене!” – деп эчкире берди обу жок катын. Таенем жээн келининин атасы же энеси өлгөн экен деп болжоду белем, а да түтө албай ыйлап жиберди. Экөөнүн өксүп жаш төккөнүн көрүп мен да, жашык жаным, өңгүрөп коё бердим. “Деги эмне болду, ырысы жоктор?” – деп бакырды таенем ый аралаш. “Мунун атасы энчилеп берген музоо өлүп калды”, – деп балдырадым мен өпкө кагып. “О-о, жоругуңар жолдо калсын, арам какмарлар!” – деди таенем дароо өзүнө келе калып.
Таенем – ченде жок боорукер киши. “Жалгыз кызыман калган жаман мурас”, – деп мага бөтөнчө кайрымдуу. Ал музообуздун өлгөнүнө да кейиди, биздин көңүлүбүздү да жубатты, атүгүл ажатыбызды да ачып бермей болду. “Эки таекеңерди жалгыз жээн келиниңер бар, отко киргизгиле деп көндүрдүм”, – деди таенем. “Экөөнүн тоогу эки миңдей болуп калды. Ар биринен жер сабап көгөрүп атып 10-15тен тоок энчилетип берем”.
Таенемдин бул айтканына кайнатамын кызы экөөбүз куду өлгөн музообуз кайра тирилгендей жетине албай сүйүндүк!