Салижан Жигитов: Тоок багып байыганда

  • 24.12.2024
  • 1658

Шаршендин аңгемелеринин башы мында>>>>

Эки таекем тең бардар кишилер эле. Түлкүдөй куу да болчу экөө бирдей. Жакында колхоз деген балакет чыгат, тооктон башка менчик мал ортого алынат деген имиш-имиш угулар замат ал экөө төрт түлүгүн сатып түгөтүптүр, мал ордуна жүз элүүдөн тоок сатып алышыптыр. Эл колхоздошкондо ал экөөнүн тоогу миңден алда канча ашкан экен.

Мен кайнатамын кызын отко киргизмей шылтоосу менен таенемдикине ээрчитип бардым. Эки таекем тең барабар сараң эле, бизди бир тооктон союп коноктоду. Экиден союшса тоокторун түгөтүп алчудай тимеле. Энчи бергенге келгенде, кессе кан чыкпаган немелер кабырга кайыштырып атып үчтөн тоок ырооломой болду. Ошондо мага кайрымдуу таенем бурк этип жарылды, энелик өкүмдүгүнө салып атып ар биринен он бештен мекиян, экиден короз бердирди.

Жөнбилги таенем эки күн өткөн соң, тоокко жем кылсын деп бир араба чар, жазында үрөн кылсын деп эки кап буудай, эки кап жүгөрү жөнөтүп ийиптир.

Ошондон мага оомат келип, ташым өйдөгө тоголонбодубу. Жазында эккен эгинибиз дегеле коолап-чайлап өсүп, күзүндө аштык менен жемге кенелдик. Кайнатамын кызы күрп болгон тооктой күйкөлөктөп жамырап жайнаган жөжөлөр менен алек. Мен болсом керээли-кечке тоок багып, жумуртка жыйнап суй жыгылам. Айтор, тырмышып атып эки жылда тоогубузду үч жүздөн ашырдык. Андан кийин канча мекиян, канча короз, канча жөжөбүз барын эсептей албай калдык.

Тооктор курттай жамырап көбөйдү. Эми аларды багуу, бастыруу, жөжөлөрүн бапестеп асыроо кызылдай мээнетке айланды. Экөөбүздүн чамабыз жадагалса жумуртка жыйнаганга жетпей калды. Малай жалдоого туура келди. Кудай жалгап, малай да оңой табылды. Отуздан ашкан Бактыяр деген бир жетим бар эле айылда. Ар кимдин үйүндө түрткүнчүк болуп жүрчү. Бирок курсагын тойгузуп, мактап сүйүндүрүп, бир ишке салып койсоң, ноюбай мыдырап бүтүрө берчү. Ошо Бактыярды үйгө алып алдык. Ал бизди оңдуруп койду.

Айылдаштарым мага: «Оо, бай!» – деп салам айтат. Өзүм деле өзүмдү кадыресе бай туюнам. Муштумдай мурдум тимеле жембаштыктай барбаят. Менден да кайнатамын кызынын көпкөнүн айтпагыла. Апта сайын Бактыярды ээрчитип базарга төрт чака жумуртка сатып келет. Акчасы көп. Кийингени атилес-шайы. Көңүлү куунак. Колу-коңшуларга «байкуштар» деп сынтагат, кээде кырданып дегеле текебер сүйлөйт. Анткен менен мага аябай күйүмдүү.

Кайнатамын кызы бир күнү мага: «Я, үйдүн эркеги, таенебизди теңир жалгасын ылайым, шарапаты менен, мынакей, байып алдык», – деди. «Эскиден калган ырым бар, байып алган үйдүн эркеги колу-бетин жууса, ырысы кошо жуулуп кетет экен, байлыгы колдон качат экен», – деди. «Сен дагы, кудая шүгүр, байып атасың, көптөн көп суранам, асти, жууна көрбө, дене-боюңа суу тийгизе көрбө», – деди.

Чын эле биздин айылда Кудаян деген эки миң койлуу бай бар эле. Эки катындуу болчу. Майланышкан жалгыз кийим-кечегин жайын-кышын чеччү эмес. Кебетеси үтүрөйүп серт эле. Дайыма кашынып жүрчү. Дене-боюнан борсуган жыт чыгып турчу. «Такыр жуунбайт, байыгандан бери денесине ныпым суу тие элек», – дешчү көргөн-билгендер. Байбиче-токолу кер-мур айтыша баштаса эле Кудаян бай: «Колуму жууп ием, колуму жууп ием», – деп дайрага карай жөнөчү. Ошол замат катындары жаагын жап басар эле.

Мен кайнатамын кызынын айтканына көндүм. Кудаян байдай такыр эле жуунбай койдум. Кол чайкаганды да тап катары жоюп салдым.

Анткен менен жумурткадан кайнаттырып, чокко бышыртып, казанга кууртуп жей берип, тоок этине тоё берип, тоок сорпосун сого берип, күч-кубатым ашып-ташып кетти. Эми мага бир катын аздык кылып калды. «Кыргыз байыса катын алат» – деген макал эсиме кылт этти. Анан да дердейип көөп алган кайнатамын кызын «байбиче» деп атантып, ого бетер дердейтип коёюн деген ойго азгырылдым. Баса, тоок тиричилигин байкап баксам, бир эле короз 20-30 мекиянды тейлейт экен. «Мен ушу тырбайган корозчо боло албаймынбы?» – деп арыма келдим. «Сен байсың го, жарыбаган кедей сыяктуу жалгыз катындуу бойдон дүйнөдөн өтөсүңбү?» – деп демите да берди ичимен бир шыбыш.

Айтор, кайнатамын кызын байбиче болосуң, жаныңа жардамчы аласың, күндөш күтүп, күндө мээсине чай кайнатып жыргайсың деп алдап-соолап атып көндүрдүм да, токол алдым. Совет өкмөтү эки катын алганды жаман көрчү эле, жазалачу эле деп бир кур чочуладым. Бирок бай киши куу болот эмеспи туюктан жол тапкан. Мен токолумду ошо Бактыярдын келинчеги деп нике кагаз жаздыртып койдум. Сельсоветке он тоок пара берсем, ошентип жазып берди. Демек, токолум кагазда Бактыярдыкы, төшөктө меники болду да калды.

Эки катындуу болгон аябай жакшы турбайбы! Бирөө ажылдап урушуп кирсе, экинчисине жылт коюп качып кутулат экенсиң. Такыр эле жуунбай жүргөнүмүн да пайдасы тийип атты. Байбиче менен токолум жаакташа баштаса эле мен: «Колуму жууп ием, колуму жууп ием», – деп бакырып канал жакка жөнөп калам. Колуму жуусам эле байлыгыбыз кошо жуулуп кетерине ишенген байбиче-токолдун жаактары ошол замат жап болот.

Ошентип, бул жалган дүйнөнүн ыраатын көрүп жыргап-куунап жүргөндө тоокторума «өлөт» илдети тийбеспи. Алда шорум ай-я! Бир ай бою тооктор боо түшүп кырыла берип тукум курут болду. Беш-алты жылдан бери жуунбай жүргөнүм деле кырсыктан коруй алганы жок. Кайра итке минген кедей абалына кулап түштүм. Кайгыга малынып, күйгүлтүк тартып күйпөйдүм. Жумуртка жок, эт жок, сорпо жок, күч-кубаттан катуу тайдым. Байбиче-токолду түндөсү ыраазы кылып турчудай алым калбады.

Ал-күчүң жылас болсо, катындарыңа деле кадырың түгөнөт экен. Экөө тең быркыйып мага сыртын салат, бирдеме десем, бири корс этсе, бири арс этет. Эркексинип корсулдасам, экөө тең эркектик кубатым какшыганын бетиме ысык камырдай жаба коёт.

Менин күч-кубаттан тайганыма, байбиче-токолдун менден түңүлүп күйүт тартканына жедеп жакырланганыбыз кошул-ташыл болду да, үчөөбүздүн тең нервибиз бошоп, ыркырап урушканыбыз арбыды. Айрыкча байбиче-токолдун өз ара кабышканы көбөйдү.

Бир күнү эки катын дагы чырылдап урушуп калды. Мен көнгөн адатыма салып: «Колуму жууп ием, колуму жууп ием!» – деп бакырып каналга карай бастым. «Колуң тургай колтугуңду кошо жуу, оңбогон зайпана!» – деп кыйкырды токолум. «Жуумактан жубарымбек кет, бычмал ат!» – деп чаңырды байбичем. Мен шүмшүңдөп кайра артыма кайрылдым.

Бир күнү мен үйдө жокто байбиче менен токолум чачташып урушкан экен, токол төпөштөп койгон бейм, байбичем төркүнүнө кетип калыптыр. Токолго аябай ачуум келди. Ачуум ушунча келген экен, тилим буулуп, сүйлөй албай, калч-калч эттим. Муунум да бошой түштү. Ошого карабай күчөнүп туруп токолду көчүккө тээп, кайра өзүм чалкаман кетип жыгылдым. Токол буркан-шаркан түшүп, буркулдаган бойдон төркүнүн көздөй жөнөдү.

Аңгыраган үйдө жападан-жалгыз калдым. Эшикте жайнаган канаттуу малым жок. Белимде оргуган күч-кубатым жок. Тек гана өзөк өрттөгөн күйүтүм бар, кучагыма батпаган карандай арманым бар.

Асылып өлөйүн десем, үйдөн бышык жип табылбады. Каналга чөгүп өлөйүн десем, тизеге чыкпаган суусу бар экен. Алапайымы таппай, ары-бери сенделектеп басып-турсам, башыма бир ой кылт этти. Шаарда Адамкалый деген досум бар эмеспи. Оо мен өспүрүм чакта биздин айылга куурчак ойнотуп келип жүрчү. Ошондо таанышып, экөөбүз дос болгонбуз. Өлгүдөй эстүү эргул Адамкалый. «Кой, ошого барайын, кеңеш сурайын, акылын угайын» дедим да, Фрунзеге жөнөп бердим.

Мен жаңыча күрөшкөндө

Дагы бир жолу Адамкалый мени дагы мончого ээрчитип барды. Андан чыгар замат пийваканага кирдик. Кажылдашып отуруп мен өзүм байкабай төрт кружка пиво ичип коюптурмун.

«Пийвага тойдуң окшойт, жүр эми, күрөшчүлөрдүн машыкканын көрүп келебиз», – деди Адамкалый. «Барса баралы, кызык болсо керек», – дедим. «Сен дагы күрөшүп жүрбөдүң беле, балбансың го» – деди Адамкалый. «Ооба, көптөн бери күрөшкө түшпөй бук болуп жүрөм, күрөшүп көрөт элем», – дедим мен. «Жок бул кыргызча күрөш эмес», – деди Адамкалый. «Мен кыргызчасын гана эмес, күрөштүн кытайчасын да билемин», – дедим. «Капырай, кытайча күрөшүң кандай?» – деди Адамкалый. «Тызылдап чуркап келатып, учуп кетем да, күрөшчү балбанды сүзүп жыгам», – дедим. «Оо-оо кызык экен, ошону айтып берчи, жолдо эрмек кылалы», – деди Адамкалый.

Жолдо баратып мен ага мына бул болгон окуяны баяндап бердим:

Солкулдаган жигит чагымда күрөшкө көп түшүп, балбан атанганмын. Анан өспүрүм чагымда Токтахун деген кашкарлыктан башым менен сүзүп мушташканды үйрөнгөмүн. Токтахун аке менен биз, үч кыргыз бала Ташмат деген байдын коргонун баксалап согуп атканбыз. Ташмат бай өтө эле зыкым неме экен, андан эмгек акыбызды Токтахун аке бир ай асылып жүрүп араң сууруп алчу.

Бир күнү Токтахун аке эмгек акыбыз туурасында Ташмат бай менен айтышып калды. Экөө кызый-кызый бакылдашып, акырында сөгүшүп кетти. Токтахун аке байды алка-жакадан алайын деп жулунду эле, Ташмат аны көкүрөктөн ары түртүп ийди. Ошондо Токтахун аке дугдуңдап артына карай чуркады, көз ачып жумганча кайра алдыга кайрылып тызылдап жүгүрдү. Жүгүрүп келатып тим эле шукшурулган куштай атылды да, кургай элек паксага аркалап турган Ташмат байды сүзүп жыкмак болду. Бирок Ташмат бай жалт кача берди, учуп бараткан Токтахун башы менен дубалды сүзүп, сүзүп эле тим болбой, паксаны тешип өтүп, наркы бетине куланды.

Токтахун акенин бул кылганы мени да, эки шеригими да аябай маашыркантты. «Бизге ушул өнөрүңдү үйрөт», – дедик. Ал макул болуп, бизге адам бою жука пакса салдырды. Биз узактан тызылдап жүгүрүп келип, анан пакса дубалга жакындаганда, күч менен боюбузду атып учурабыз, анан башыбыз менен жумшак дубалды сүзөбүз. Кээде нары жакка тешип өтөбүз, кээде башыбыз дубалдын арасында калат.

Ошентип, баарынан зээндүү экенмин, мен баш менен сүзүп дубал тешип өткөндү да, бирөөлөрдү жыга койгонду да мыкты үйрөнүп алдым. Айылда урушчаак экөө бар эле, мени менен мушташа кеткенде экөөнү тең тызылдап чуркап келип, сүзүп жыкканмын. Ошондон кийин «сүзөөнөк балбан» аталганмын.

Ушул аңгемени айтып бүткөндө барчу жерибизге да жетип калыппыз. Бир бийик имаратка кирдик. Ичи дегеле кенен экен. Как ортосунда калың көрпөчөлөр сыяктуу бирдемелер төшөлгөн төрт чарчы кең жери бар экен. Ошондо эттерине жабышкан чолок ыштанчан, чыпыйган жеңи жок көйнөктөрдү кийген жаштар бирин-бири аласалдырып ыргытып атыптыр.

Адамкалый экөөбүз четтеги эки орундукка көчүк бастык. Мен бир кекирип коюп карасам, күрөшкөндөрдүн арасында кибиреген бир арыкчырай бирөө бар экен. Туш келгенин эле жамбашка салып көтөрүп чаап атат.

«Тиги кирбийген неме ким, ошо да балбанбы? – деп сурадым. «О, кокуй биринчи балбан ошол, эркин күрөштөн Кыргызстандын чемпиону, грекче күрөштөн Орто Азия чемпиону, «каратэ» дегенден СыСыСыРдын чемпиону», – деди.

Мен өзүм кичинекей кишилерди жакшы көрбөйм. Өзгөчө чыкчырылып кыйынсынган кодоо немени көрсөм эле жиним келет. Азыр да ошенттим: «Койчу айланайын Адамкалый, кирбийген да балбан болчу беле, балбан деген мага окшоп далбайган, дардайган неме болот», – дедим.

Аңгыча болбой кирбийген неме Адамкалыйды көрө коюп, биз тарапка басты. Дегеле кедеңдеп салабаттуу басып келип, дегеле каадалуу кишидей саламдашты Адамкалый менен. Ушу итийдин «балбан», «чемпион» атанганына кыжырым кайнады. Ал быйтыйган колун мага сунду эле, мен балбан колум менен катуу кыса кармадым. Манжалары кычырап кетсе да, бакырган жок, чыдады. «Сен да ушул жаман алыңда балбан имишсиң, чемпион имишсиң!» – дедим кыжынып. «Ушу сага окшогон кирбийген жер битине «балбан» деп, «чемпион» деп айткандардын куду оозуна урдум!» – дедим. «Мына, балбан мендей дардайган, далбайган неме болот, эргежелим», – деп зекидим. «Мен сени желкеңден мышыктай кылып кармап туруп эле жерге жалпайта чабам! – дедим. «Төрт аяктап түшүп, соо калгыдай сен мышык эмессиң да, кургурум!» – дедим кыжынып-кыжынып.

Кибиреген эргежели да чукчуңдаган чогол неме экен, колун уучуман жулкуп чыгарды «Эркек болсоң чык, күрөшөбүз!» – деп чайылдаган бойдон көрпөчөлөр төшөлгөн төрт чарчы жерге жетип барды.

«Эй, эргежел, ушу сен да эркексиңби, эркек сендей болбойт, мына мендей болот!» – деп мен да бакырып турдум. Адамкалыйдын: «Ой, Шаршен, кой!» – дегенине кулак какпай, кибиреген неменин жанына учуп жеттим. «Кел, белдешип күрөшөлү» – дедим ага. «Жок, эреже менен күрөшөбүз», – деп чыкчырылды эргежели. Алаңгыча бир чепеңдеген неме, оозунда ышкырыгы бар экен, ышкырткан бойдон жаныбызга чуркап келди. «Мен сот болуп, калыс болуп берем», – деди. Анан ал: «Сиз да тигиникиндей порма кийинишиңиз керек, эреже ушундай», – деди. «Кийинсе кийинейин, апкел!» – дедим.

Мага порма издеп кетишти бир-экөө. Эргежел маңдайымда ойноктоп нары-бери секирип атат. Мен болсом ичимен: «Бу байкушту эки чайнап бир жутам го», – деп аяп турам.

Мага чак келер порма табылбай коюптур. «Сиз бешмант, шымыңызды чечиңиз, ич кийимчен күрөшөсүз, эреже ушундай», – деди чепеңдеген калыс. Ал оңбогур мени ой-боюма койбой чечиндирип, чодойгон чолок ич көйнөкчөн, далбыраган кенен дамбалчан калтырды. «Ычкырыңызды салбыратпай курчанып алыңыз, же ыштандын ичине кийирип коюңуз» – деди чепеңдеген калыс. «Жүрө берсин салбырап, менин күчүм ошол ычкырда», – деп койдум мен.

Кыргызча белден кармашып күрөшпөстөн, ээнбаш эле күрөшмөй болдук. «Мага ошо ээнбашы жакшы», – дедим. Эргежел дегеле мага качырып тийгенге камынып, эки колун сереңдетип ойдолойт. Муну мен кучактап туруп катуу кысайын деп кучактай калсам, самындын алкындысындай неме экен, жылмышып кутулуп кетти. Эми басып жыгылайын деп далбаң этип үстүнө секирдим эле, эргежели эмне кылып ийди, билбей калдым, жерге суу куйган чаначтай эле жалп чабылдым. Курсагымдагы төрт куружке пийва чайкалып, жүз граммдайы оозума чыга түштү. Ачуум шакардай кайнап, ордуман каргытып тургузду, туруп баратып ычкырымдын учтарын басып алган экенмин, кашатымдагы байлоосу чечилип, дамбалым шыпырылып кетип баратат. Дамбалды өйдө карай тартып, ычкыр кашаттан бекем кармадым.

Ычкырды кайра байлаштыргыча болбой, эргежел кайра мага тап берип калды. Мен бир колумду ычкыр кашаттан бошотпой турсам, эргежели маңдайымда эки колун арбаңдатат, нары-бери ойдолоп, мага сес көрсөтөт. Жалпайта чабайын деп бош оң колумду артыма болушунча кере шилтедим да, бар күчүм менен тигинин башын туштап туруп уруп калдым. Кирбийген жаны жок башын жалт ала качкан экен, муштумум жаныбыздагы чепеңдеген калыска тийди. Ал жерге талп этип учуп түштү. «Ой, кечирип кой!» – деп сулап жаткан калыска кайрыла берерде, эргежели кандай илесин колдонуп ийди, билбейм, дагы да жерге чаначтай чабылдым. Курсагымдагы төрт кружка пийва чайкалып, дагы да жүз граммдайы оозума келе түштү.

Кирбийген макоо көтөрүп чапкан бойдон мени тим койбой, бир бутумду бир айла менен жан чыдатпас кылып оорутуп ийди. Көздөрүмдөн от чагылып, айкырып жибердим да, тула боюм бир метрдей өйдө көтөрүлүп барып, кайра тарс куладым. Курсагымдагы төрт кружка пийвамын үч жүз граммдайы оозуман атылып кетти. Жиним ушунча келди дейсиң, бош бутум менен эргежелди тээп калдым. Ал оорутуп аткан бутумду коё бергенде, кандай ала салып кайрылганымды билбейм, жөрмөлөп качкан кирбикти шыйрагынан шап кармадым. Шыйрагынан алып, көтөрүп жерге чабайын деп обдула бергенимде, кызыл ашыктарыма түшкөн дамбалыма чалынып көмкөрөмдөн кеттим. Бетим менен кирбийген неменин куду көчүгүнө тийдим. Оңбогон эргежел дагы да самындын алкындысындай колдон жылмышып чыгып баратат. Мындан башка айла калбай калды деп, «аа-аа» деп айкырып май куйругуна курч тиштеримди матырдым. Эми эргежел айкырып тура качты.

«Аа, жаның бар экен го, айкырдың го», – ордуман атып турдум. Турганда эле дамбалым кызыл ашыктарыман шыпырылып түшкөн экен, ага караганга бурчам келбеди, чатымды сол колумдун алаканы менен жаптым да, оозумду араандай ачып тиштегени качырып калдым. Ал тызылдап качып берди, мен тиштеримди арсайта ачкан бойдон, чатымды сол алаканым менен жапкан бойдон артынан кубалап алдым.

Ошентип кубалашып, көрпөчөлөр төшөлгөн төрт чарчы жерди беш-алты ирет тегеренип ийдик. Дирилдектей жеңил неме экен эргежел дегеле жеткирчүдөй эмес. Ошондо менин эсиме баягы Токтахун акеден үйрөнгөн өнөрүм кылт этти. Ошону колдонуп кирбикти сүзүп жыгайын дедим. Мен ого бетер күүлөнүп чуркап, безилдеп качкан эргежел нары тарапка өткөндө тула боюмду ага карай шукшурултуп учурдум. Кудая шүгүр, ошондо да сол алаканымды уяттуу жеримден алган жокмун. Эргежел зыр этип буйтап өтө берди окшойт, мен ага тийбей, терезенин айнегин сүзүп сындырып, кызыл гүлдөр эгилген топуракка көмкөрөмдөн күп эттим. Топурак жаңы эле сугарылган экен, бүткөн боюм ылайга батып, башым бир катуу нерсеге урунуп, эстен танып калыпмын. Көзүмдү ачсам, үстүмдө үрөйү учкан беш-алтоо үйрүлүп карап туруптур. Араларында тигил эргежел да бар экен. Мен ушу кибиреген неме менен таймашып мөрөй ала албаганыма арданып да, ызаланып да кетип: «Бир колум бош болбой калбадыбы, болбосо го...» дегенге араң жарадым.

Мончодо

Тоокторум кырылып, байбиче-токолум төркүндөрүнө кетип, өзүм шаардык досум Адамкалыйга жөнөбөдүм беле. Келсем Адамкалый үйүндө экен. Ал-жай сурашкандан кийин ал мага: «Я, Шаршен, сен бир аз жакшы жыттанбай турасың го? – деди. «Беш жылдан бери жууна элекмин», – деп чынымы айтып, жуунбаган себебими да баян эттим. Адамкалый ыкшып күлдү да: «Кой, мончого барып жуунуп келели», – деди. «Сага келсем эле шаар көрбөгөн мен байкушту тамашалап, алдастата берчү элең, азыр тамашаңды көтөрчү алым жок, анте көрбө», – дедим. «Бүгүн мончого бирге түшөлү», – деп Узакбай Абдыкаимов менен макулдашып койдум эле, барышым керек», – деди ал. Сураштырсам, Узакбай Абдыкаимов анын калың досу экен, эркектик күч-кубатыбы же башка жериби, айтор, бир артыкчылыгы менен шаар катындарынын арасында өтө кадырлуу жазуучу имиш.  

Мен «мончо» дегендин атын укчумун, өзүн көргөн эмесмин. Ошо мончонун ичине кирип барсак, кийинип-чечинип аткан, жалпак такталарда отурган жылаңач эркектер. Жашыра турган жерлерин жашырбай эле жүрүшөт. Уялып койгон деги бирөө жок. «Уялбагандан өзүң уял» дегендей, мен жылаңачтарды көрүп, алдастап кеттим, алапайымды таппай кайсактадым. «Кой, айланайын, Адамкалый, буларың такыр эле уяты жок немелер экен, чоң казанга суу кайнатып, эч кимге көрүнбөй өзүмчө эле жуунуп алам», – деп жер караган бойдон кетенчиктедим. Адамкалый мени ой-боюма койбой чечиндирип, колума илеген карматты. «Жүрү», – деп жетелеп алды. Уятым чыдатпагандан жер карап, бош алаканым менен уяттуу жеримди жашырып, ичкери жетеленип кирдим. Башымы көтөрүп бир карасам, таш такталарда дырдай жылаңач кишилер отуруптур. Уялып, кысынып койгон бирөө жок. Мен кысынып, тайсалдап турганым аз келгенсип, апкаарып коркуп да кеттим.

Адамкалый мени жетелеп келип, бир бош жерге отургузду, илегеними алып, нары басты. Үңкүйүп жер карап отурсам, башым ылдый бир илеген суу шар этип куюлду. Чочуп да, энтигип да кетип, ордуман бакырып тура калдым. Адамкалый каткырып күлсө, тигил жылаңач уяты жоктор да кошо күлдү. Уят жеримдин ачыла түшкөнүнө күлүштү окшойт деп, а жеримди кайра алаканым менен калкалап, лак көчүк бастым.

Адамкалый дагы бир илеген суу апкелип, жаныма койду, колума самын, кылжуугуч карматты. «Жакшылап жышын» деди. Өзү нары жактагы бош жерге отуруп, самынданып кирди.

Мен айланама карагандан жазганып, бир колумду чатыман албай, бош колум менен самынданып, жышына баштадым. Бир аз жышынып, кылжуугуч менен сүрүнсөм, теримен калың-калың кирлер коңторулса болобу! Кайра сүрүнсөм, кайра коңторулат, кайра сүрүнсөм, кайра коңторулат. Денеми кир ушу эки элидей каптаган экен.

Теримин кирлерин коңторгонго алаксып кетиптирмин, бир маалда карай салсам, нараакта олтурган Адамкалый ордунда жок. Мени тамаша кылып тамтаңдатыш үчүн дагы жалгыз таштап кеткен окшойт деп эсим чыкты, муунум бошоп, калчылдап кеттим. «Адамкалый!» – деп бакырып коё бердим. Баары мага жалт карады, бирок үн каткан бирөө жок. Бир орустан: «Адамкалый кайда кетти, ыя?» – деп сурасам, кыргызча билбейт окшойт, жылаңач далысын күйшөп тим болду.

Дырдай жылаңачтардын арасында бир да кыргыз жок экен. Баары эле жүнбаштар. «Адамкалый, Адамкалый!» деп заңкылдап бакыра берсем, бир орус, акылы зирек окшойт, оо төр жактагы жабылуу эшикке колун нускады: «Парной, парной, иди», – деди.

Бир колумду чатыман албай үңкүйгөн бойдон орус көрсөткөн эшикке бардым. Ача салсам, ичкериде туташ буу экен. Туман, туман тим эле. Кирип барсам, демим кыстыгат, кишинин жүзү көрүнбөйт. Эңкейе калып, отургандардын да, туруп тургандардын да көрүнгөн жерлерин карасам – баары эле сүннөткө отургузулбаган немелер. Бөкчөйүп алып, карап баратсам, кудай жалгап сүннөт болгон бирөө бар экен. Шап эле сүннөт болгон жеринен уучтап кармадым. «Адамкалыйсыңбы», – деп заңк этсем, ал: «Узакпаймын», – деп күңк этти. «Адамкалыйды таап бер», – дедим кармаган жерими коё бербей. «Коё бер, таап берем», – деди «Узакпаймын» деген үн. «Таап берсең, анан коё берем», – дедим мен коркконум басылбай калчылдап.

«Узакпаймын» деп күңкүлдөгөнгө бакырып сүйлөгөнүмөн тааныган го, Адамкалый: «Ай, Шаршен, эмне эле айкырып атасың?» – деп жаныма жете келди. Мен Узакпайдыкын коё берип, Адамкалыйдын сүннөт болгон жерине карайлап кол узаттым. Аныкы топчудай эле бирдеме экен, кармайын десем уучума кирбей, эки сөөмөйүмдүн арасына араң илиндирип кыстым. «Думугуп өлмөй болдум, айланайын Адамкалый, эшикке чыгар» деп сөөмөйлөп кыскан жерди бошотпой кадам шилтедим. Басчу жер таш экен, тайгалак экен, таманым тайгаланып кетти, эки сөөмөйүм менен кыса кармаган немени коё бербей жыгылдым. «Ой, өлтүрөсүңбү, коё бер!» – деп кыйкырып, отура калды Адамкалый. Ал «ахалап, охолоп» атып мени дырдай жылаңачтар отурган кенен бөлмөгө жетелеп чыгарды.

Ошондон кийин мен «мончо» дегенине барбай калдым. Чоң казанга суу ысытып алып, бош калган тоокканамда эч кимге көрүнбөй жуунуп алып жүрдүм. Уялбагандардын уюгу экен, мончонун бети курусун!

“Улуу Тоолор” басмасы жарыкка чыгарган заманыбыздын залкар адабиятчысы Салижан Жигитовдун “Шуулдаба терегим, теректерим” (Ырлар, поэмалар, котормолор) жана “Күн тууду” (аңгеме, повесттер) аттуу эки томдук китебин сатып алууну каалагандар (Эрланга) 0708 72 68 24 чалыңыздар! Каалоочуларга Бишкек шаары боюнча жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. О.э. 0558 85 57 88 номуруна чалсаңыздар болот!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз