Ражниш Ошо:  Медитациясыз секс – төрөөт үчүн гана мааниге ээ

  • 08.01.2025
  • 2418

Суроо: Адамдарды секс темасы неге оңтойсуз абалга кептейт? Не мынча секс темасынан сетиркейбиз?

Жооп: Себеби жөнөкөй, пенделер кылымдар бою сексти жаап-жашырып көнгөн. Баардык диний пайгамбарлар – “куткаруучуларың” жыныстык катнаш күнөө деп келишкен. Менимче, секс – бул сага берилген жападан жалгыз энергия, жашоо энергиясы.

Эмне кылба, ал өзүңө гана байланыштуу. Бул күнөө болуп калышы ыктымал же сени эң жогорку аң-сезимге жогорулатышы мүмкүн. Кеп, энергияны сен кантип колдонгонуңдан көзкаранды.

Электр энергиясын эзели колдонгонду билбеген кезибиз болгон. Электр жарыгы эбак пайда болуп, ал маал-маалы менен адамдардын өмүрүн кыйган, бирок азыр электр энергиясы бизге кызмат кылууда. Аны менен каалаганыңды кыласың.

Секс – бул биоэлектр. Кеп – аны кантип колдонуу керек. Мунун эч айыбы жок. Сен бир нерсени айыптап баштаганда эле, өзүңдү так ошондон оолак тута баштайсың. Секс деле уктоо, тамактануу же дагы башка сыяктуу жашоонун кадимки эле табигый муктаждыгы. Керек болсо сексти медитация менен айкалыштырган оң, аны медитация менен айкалыштыра алсаң, секстин сапаты өзгөрөт.

Медитациясыз секс – төрөөт үчүн гана мааниге ээ. Секс медитация менен айкалышчу болсо, сен бул дүйнөгө кайрадан жараласың, жаңыча адам сыягына айланасың.

Суроо: Сен медитация учурунда жыныстык катнаш кыл дегениңби?

Жооп: Ооба, же тескерисинче, жыныстык катнаш учурунда медитация жасаган туура. Себеби кичинекей эле өзгөрүү эбегейсиз чоң, глобалдуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн...

Эки монахтын аңгемеси

Монастырда бир же эки саат күнүгө кечинде медитация же сейилдөөгө убакыт болчу экен. Ошондо монахтар тамеки чексе болобу, жокпу деп талкуулап калышат. Аныгында чылым чегүүгө тыюу салынган эмес, бирок кечилдер чылымдан чочулайт. Акыры аббаттан сурамак болушат. Эртеси эле кечилдердин бири башка бир кечилдин тамеки чегип атканын көрүп, жини кашаят. Көргөн көзүнө ишенбей, собол таштайт:

– Бу кандай? Медитация учурунда тамеки чексем болобу деп аббаттан сурасам, ал мага: «Эч болбойт!» — дебеди беле. Анан калса, ачууланганычы мага. А сен чегип атасың го? Уруксат сурадыңбы эмне?

Анда тиги кечилдин жообу:

– Уруксат сурадым. Мен жөн гана медитация учурунда тамеки чексем болобу дедим. Ал айтты: “Сонун идея, – деп. – Убакытты текке кетиргенде не? Тамеки чегип жатып медитация кыла бер, бул эң сонун!” деди.

Ошондуктан мен да медитация учурунда жыныстык катнаш кылба дедимби, жок. «Сүйүү учурунда деле медитация кыла бер» деп атам. Бул эң бейпил, тынч, гармониялуу абал. Медитация кылууга оңтойлуу учур.

Оргазмга жетерде ойлордон бошонуп, ойдон кутулуп, өзүң таза энергияга айланасың, денең балкып дирилдейт. Бул эң сергек болуу маалың, кандай окуялар болбосун, пульсация, оргазмга мына-мына жакынсың, кайра кайтып келалбай турган абалды туясың.  

Тек гана буга байкоо сал. Бул эң табышмак сырдуу, ички байкоо. Эгерде жыныстык катнашка байкоо сала алсаң, жашоодо кылт эткендин баарын байкайсың, секс сени ошого үйрөтүүчү эң бай тажрыйба.

Мен бир кичинекей китеп жаздым, “Секстен жогорку аң-сезимге карай” деген, бирок супер аң-сезимге эч ким көңүл бурган жок, барынын эси-дарты эле секс жөнүндө экен. Китебимди окугандардын көбү ар кандай дин өкүлдөрү, кечилдери болчу.

Мен монахтар сыяктуу адамдар жана чындыкты издегендер үчүн түрдүү темадагы өтө маанилүү төрт жүз китеп жаздым. Бирок майнап болгон жок. Көйгөй эмнеде болду – окурмандар өздөрүнүн сексуалдык мүмкүнчүлүктөрүн тыйганында болду кеп.

Суроо: Сен көнүмүшкө айланган секстен көп бала гана тууларын айттың, эгерде секс менен медитацияны айкалыштырса эмне чыгат?

Жооп: Сен өзүңдү кайрадан жаратасың. Азыркы туруш-турпаттагы аң-сезимиң  акыркы чек эместигин аңдайсың. Акыл-эстин, аң-сезимдин мындан да жогорку деңгээли бар, сен эс-акыл менен аң-сезимдин жогорку деңгээлин кайра жарата баштаганда, таңгаласың: секске болгон мурдагы кызыгууң жоголо баштайт, анткени секс алда канча чоң нерсени жаратат. Жашоодогу маанилүү аң-сезим пайда болот.

Жашоо – бул төмөнкү баскыч, аң-сезим – жогорку баскыч. А сен аң-сезимди пайдаланууну (consciousness) үйрөнсөң, жыныстык катнаштарга эч кандай тоскоолдуктар болбойт, тек гана бул сага кызыксыз болуп көрүнөт.

Бул сага кубаныч алып келгенин коёт, болгону энергияны курулай сапыруу сыяктуу көрүнөт. Сен өз энергияңды эң бийик чекке жеткирүүнү, эс-акылдын жогорку пирамидаларын курууну көздөйсүң. Мен айткан көрөсөндүккө, көсөмдүккө жетүүнү өзү ушул.  

Суроо: Ток этерин айтканда, аң-сезимсиз жасалгандын баары күнөө дечи, ошону айткың барбы?

Жооп: Чынында «күнөө» деген сөз илгери «унутуу» деген маанини туюнткан, ошону эстей жүрсөк кана. Аң-сезимдүү болуу – демек эске түйүү, кабардар болуу. А күнөө кылуу – демек, таназар албоо, тарс унутуу деген кеп. Бирок мен «күнөө» деген сөздү колдонгум келбейт, анткени бул сөздү дүйнөнүн бардык диний билермандары колдонот, айып тагууга колдонушат. Мен болгону «күнөө» деген ашмалтайы чыккан сөздүн түпкү маанисине кайтып, аң-сезимсиздик, унутчаактык жөнүндө айткым бар.

Суроо: Изгилик деген эмне?

Жооп: Бул аң-сезим, эстүүлүк.

Суроо: Кеңириби?

Жооп: Баарында кеңири. Ар дайым сергек болууга үйрөнсөң, жашоо жалаң жакшылыкка айланат. Эмне кылба, баары кудай напсибизге буюрган аруулуктун жыпар жытына курчалат.

Кыргызчалаган Бек Тамырлан

Булак: https://www.litres.ru/book/bhagavan-radzhnish-o/ot-seksa-k-sverhsoznaniu-besedy-o-zapretnom-i-dozvole-16896198/chitat-onlayn/

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз