О`Шакир: Ойсоке

  • 13.11.2024
  • 766

Сүрөт тандалган булак>>>>>

АҢГЕМЕ

Короого чубап кире баштады койлор.

– 67... 68... 69... кайнатам... кайнатам бир... – деп шакылдаган келин андан аркы санагын үзбөдү: – Кайнатам эки... кайнатам үч... – айтор сексенге жетип улады: – 81... 82... 83... – кадимки сандар оозунан чубуруп, жүздөн ашканда чубурган койлордун аягы үзүлдү.

Короо толо шыкалды. Шаардан келген кардардын көзү келинге көпкө кадалды.

– Не мынча карайсыз? – деди шакылдаган келин кылыктангандай.

– Канча кайнатаңыз бар деги? Алтымыш тогузга жеткенде санакка "кайнатаңыз" кирип кеткени кандай?.. – суроолуу тигилди кардар.

– Өзүңөр тандайсыңарбы семизин? – деген келинге экөөбүз тең баш чайкадык.

– Жок...

– Түшүндүрүп коюңузчу өзүңүз, – келин шарт бурулуп, семиз кой тандаганга кирип кетти короого.

– Бул келиндин чоң кайнатасы демек жетимишинде балалуу болгон.

– Охо! – кардар жандана түштү. – Ну, старик мощный значить...

– Илгеркилер жетимиш, ал эмес сексен жаш курагында күүсүндө болушкан, – деген комментарийим келинге жакпады.

– И-и ушу куруган эркектер-ай... Оюңардын баары эле белден ылдый... – өзү түшүндүргөнгө өттү: – Күйөөм тектүү жердин жигити. Кайната, кайнага, кайнилериме урматым билдирип, эч бирөөсүн атынан айтпайм. Оозум барбайт... – келиндин кеп төркүнүнө кардар түшүнүп-түшүнбөй делдейди.

– Түшүндүрүп коюңузчу, аке. – Балыкчылык болгонумду билип, мени бир элдик нарк-салттан кабары бар дегени го бул.

Кыскасы, чамам жетишинче кардарга салт жолун түшүндүргөн болдум. Шаардык кардарды өзүм ээрчитип баргамын. Ысык-Көлгө үйбүлөсү менен эс алганы камынган экен; Балыкчыга кире берген жерден чап кенедей жармашты мага. Өзүм деле бекерчиликтен турган эмесмин. Машинемди оңдотор устаканада 1-2 саат күтүүгө туура келди.

– Байке, тегеректе семиз кой саткандар барбы? – деди тушума токтогон машине ээси.

– Тээ узун көчөгө барсаң, анан солго... кайра оңго, анан түз баратып дагы солго... – дегенимди угуп, шак колдон алды.

– Убактыңыз үчүн акча төлөп берейин. Шашып баратам. Өзүңүз жол көрсөтүп барыңызчы. Кайра айткан ордуңузга жеткирем.

Ошол ошо болду, шаардык кардарды ээрчитип барсам, шакылдаган келин жайыттан келген койлорун санап аткандагысы экен.

Бул да эч нерсе эмес, кызык алдыда. Тандалма койдун буттары таңылып, машинеге жүктөлдү.

– Азыр каякты карай барасыңар? – келин ойсоктогондой карады бизге.

– Бишкекке кетчү жолго бул жигит таштап коёт мени, – дедим машинеге отурар болуп.

– Бош орунга мени сала кеткиле! – чечкиндүү буйрук берди бизге. – Мен азыр, тез эле...

Үйүнөн тез эле чыкты. Үстүндөгү кийимди алмаштырууга да үлгүрүптүр. Шамал желписе этеги түрүлүп калар аземдүү шайы көйнөгү үлбүрөп жарашып турду. А колунда кургатылган, ышталган балыктар – сатууга даяр.

Үйүн сыртынан кулпулап, жаныбызга отурду шайдоот кыймылдап.

– Балыктарыңыздын жыты буркурайт ко, – кардар артка кылчайып, балыктарга карады.

– Сига аласыңарбы? – дебеспи келин.

Муну да жөн айтпай, атайы ойсокелүү айтты. Балыктын аты сига экенин билсем да; бул сөзү биздин эркектик бүйүрдү козгош үчүн айтылгандай туюлду. Кантип козголбосун... Үйү ээн экенин сыртынан кулпулап туюнтуп атса. Демек, шакылдаган келин бизге анык кызыкты көрсөтөйүн дегениби?.. Башымда ушул суроо тегеренди. Тиги болсо машинесин от алдырып, жолго чыкканча шашты.

Келин экөөбүздү машинемди калтырган жерге таштап, кардар андан ары кетти.

– Жолдун айлампасына чейин барасызбы?

– Жеткиргиңиз келип атабы? – келиндин ойсокелиги азгырып баштады кудай уруп.

– Машинемдин ремонту бүтсө эле ала кетейин.

Машинемди оңдоп коюшуптур. Келинди жаныма отургуздум да, көз кысып, тамашамды баштамак болдум:

– Кайра артка айдайынбы?

– Кайда?!

– Үйүңүзгө... Сигаларыңыз канча болсо, баарын сатып алайын.

– Жана эмне... оозуңузга талкан сугунуп алдыңыз беле? – келин шаңкылдап каткырды.

– Шашып калбадыкпы анда, – актангандай айттым муну.

– Убагында болор ишти убагында кылыш керек.

– Азыр деле убагы.

– Азыр... күйөөм үйгө келип калса, сизди сигага тойгузуп койбосун. – Келин дагы шаңкылдап күлдү. – Жок, айлампага эле жеткирип коюңуз. Балыктарды сатышым керек.

– Балыктарыңыздын бирин калтырбай мен алам. Акчасы чөнтөктө дей бериңиз.

Келин мага шектүү карады. Чөнтөгүмдөгү капчыкты колуна карматтым да:

– Канча сумма... баарынынын баасы... ошончо алып калыңыз, – дедим марттыгым чексиз экенине мактанмакка.

– Болуптур, анан эсептешебиз...

– Кеттик анда башка жакка, – дегениме келин чочулайбы десем, жок: чочуй тургандардан эмес. Жол тиктеп үндөбөдү.

– Анда үйгө эле айдаңызчы, – деди чечкиндүү.

– А мени күйөөңүз сигага тойгузуп жүрбөсүн?.. – тамашага чалдым кепти.

Жоопсуз калтырды күмөндүү суроомду. Үйүнө айдадым түз эле.

*     *     *

– У-уф! – деди демин баса албаган келин маңдайындагы терин аарчынып. Менин да демим басылбады көпкө.

– Ачык мүнөздүгуң жакты, – дедим жүзүндөгү күтүүсүз муңайымды туюп.

Келин оор үшкүрүндү.

– Күйөөм үч жыл мурда убактылуу абак жайында жалган жалаа менен отуруп чыккан. Электро шок менен катуу кыйнашып, – келин улутунган баладай эчкирип ыйлады көпкө. – Беткап кийген бирөөсү жумурткасын жара тээптир...

Денем жыйрыла түштү муну укканда. Жаш келиндин эмнеге баятан ойсоке көрүнүп, эмнеге кылыктанганы бекер эместиги ойлондурду. Шайыр мүнөзүнүн артында жашынган армандуу жан турбайбы көрсө...

Кой санак маалында кайнатасынын атын тергегени да табышмактай: азыркы эркектер илгерки жетимиш жаштагы кишидей белиңердин кубаты жок дегенди туюнтканыбы дедим өзүмчө...

– Күйөөңдүн тагдыры кейиштүү болуптур.

– Бул... күйөөм экөөбүздүн трагедия.

– Да-а... түгөнгүрдүкү... – башка эмне дешти билбедим.

– Балага зар болуп жүрөбүз ошондон бери... Тукумсуз өтүүдөн намыстанабы элден... кимден болбосун төрөп берчи дейт байкушум. Акыркы кезде чүнчүп да кетти түнөрүп. – жаш чайыган көздөрү муңдуу, армандуу кадалды мага.

Эмне дээримди билбей шалдайдым. Жаагымды таянып отуруп калдым ойлуу.

– Ал мени күнүгө үйгө ээн таштап кеткени да ошол. Куттуу үйүбүзгө кантип башка эркекти... – бышактаган кургур үнү буулуп сүйлөй албады көпкө. – Бүгүн таңатпай кетип атып да жалдырады: "Мени балалуу кылчы. Кимден болбосун" дейт! Кантейин?..

Эртеден шайыр мүнөз көрүнгөн ойсоке келин азыр башкача аярлуу жанга айланды.

– Адам бечарага тукум көрбөй, наристе сүйбөй өтүү кандай азаптуу кайгы! – дедим күрсүнүп.

Экөөбүз үн-сөзсүз жата бердик шыпты тиктеп. Келиндин колу бел курчоомдон ылдыйга жыла берди. Назик манжалары жан жериме токтоду.

– Болгон алыңыз ушулбу? – шоктугун карматып, жаздыктан баш көтөрүп жылмайды.

Аялзаттын армандуу, кусалуу көздөрү эле ал. Наристеге зар болгон энелик сезимдеги эңсөөнү ошондо көрдүм...

– Сен бактылуу эне болууга тийишсиң, – саамайынан сылап эркелеттим көпкө.

Ал келиндин үйүн акмалап барып жүрдүм. Бир-эки курдай ал экөөбүз жайлоонун ээн төрүнө далай күндөп жок болуп кетчүбүз. Күзгү мөмө-жемиштер толук бышкан мезгилде курсагы чендейген, жүзүнөн кубаныч нуру жайнаган келинди үйүнүн алдынан кезиктирдим. Ал мени көрмөксөн болуп, үйүнө кире качты шашып.

Кийинки жолу барганымда дарбазасынын сыртындагы "Семиз кой сатылат" деген жазуунун ордуна "Үй сатылат" деген жарыя көпкө илинип турбады. Ошондон кийин ал келинди таптакыр көргөнүм жок.

Кой санактан кийин шаардык кардардын "Деги канча кайнатаңыз бар?" деген суроосу мистикалык табышмактай туюлат негедир. Тукумсуз шалтурук күйөөсү бар келин менден кийин дагы канчалар менен кезикти болду экен?..

Август, 2024.

Эгер“РухЭш”сайтынынишмердигитоктопкалбашынкааласаңыз,биздиколдооүчүнтөмөнкүбанктыкэсебибизгеөзкаалооңузгажарашаакчакотороаласыз...Мбанк+996700532585жанаОптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз