(аңгеме)
(Белгилүү журналист Амирбек Азам уулуна арнайм)
Сыртка чыксам, куу дөбөт келип калыптыр жаланып.
- О-ой, кандай? – деди эч нерсе болбогондой шыйпаңдап, амандашып турганы: - Ушул көк жалыбыздын абалын сурап коёлу дедик... – жанына кыңшылаган канчыктарын, түрөгөй иттерин ээрчитип алыптыр.
Кол кысышууга туура келди аргасыз. Сунган колун суутпадым. “Мындан кетсе да менден кетпесин” наркын кармандым.
Үйгө келген-кеткендерге даам ооз тийгизип көнгөн жаным, буйдала түштүм. Үйгө киргиле деп оозумду камдап барып, кайра кой дедим. “Буларды төрүмдү тебелетпей, жугундуну сырттан деле берейин” дедим. Босогомду далай аттап, туз даам татышкан бул дөбөткө ак жүрөк болуп жүрүп, жакшылык таптым беле деген таарынычым жазылар эмес.
- И-и...кайсы шамал айдап келип калдың, үйүрүң менен... – дедим кыртышым сүйбөгөнүн ачык туюнтмакка.
- Жай отуруп кеңешер кеп бар эле өзүң менен. Сенден башка эч ким жарабайт ал ишке. Ага сен гана жарайсың көкжалым, - дегенде эле шегим кармады.
Кезектеги кулук-шумдугуна калбылгым келбеди дагы.
- Эй, дөбөт! – дедим. – Айдакка көнгөн жаның жаңы кожоюнуңа жакпай калсаң керек а-а... Мага мурдагыдай азуу көрсөтүп үрбөй калганыңа караганда – кожоюнуң жугундуга чала тойгузат окшойт... Болбосо менин кеңешиме мынчалык мукурабайт элең. Жугундуга курсак токто мага арсылдап үргөнүң кана?.. Алдыма келип кыңшылап турганыңа жол болсун. Шыйпаңдаганың бүгүн башкача...
Куйругун дароо чатына кыпчыды. Жанында ээрчиткен топ үйүр иттердин алдында мынчалык басынтып сүйлөрүмдү күтпөсө керек, шаабайы сууй түштү. Ошондо да дөбөттүк сөөлөтүн кармангысы бар.
- Сени көкжалым деп жүрсөм, сен мени...
- Эй, энеңди... Токтот! – дедим ызырылта сөгүп. – Мен сага адамгерчилик кылсам а сенин иткерчилигиң калды беле?..
- Эми кээде... пендечилик кимден кетпейт...
- Эски кожоюнуңдун жугундусуна ток кезиңде, мен сага көкжал эмес элем, эми итаягыңдын түбүн жалап калганда, мен сага көкжал экемин да ээ?! – деп туруп төбөдөн ары келиштире муштайын дедим. Бирок тап берип тим болдум. Ансыз да жалтак болуп бүтүптүр кургур. Таштай түйүлгөн муштумум төбөсүнө тийбесе деле кыңшылап жиберди.
Күчүк кезинде мындай эмес эле, айбаттуу тукумдун күчүгүндөй көрүнчү анда. Азыр корунчак болуп калыптыр, боор ооруй тургандай тим эле. Артына кайрылар болгондо эски достук эстен кетпей, “кой, - дедим ичимден түтпөй, - акыркы жолу берешендик көрсөтүп коёюн куу дөбөткө”.
- Кутту үйдөн куру кетпегиле, кечээ үйдө арстан, жолборсторду меймандаттым эле, ошолордон калган ырыскыдан силерди да куру кол калтырбайын. Сөөк болобу, жугундусу болобу, ооз тийип кеткиле, - дегенимди укканда, баары үмүткор болуп жаланып, салаңдаган тилдери менен эриндерин жаланып калышты колумду карап.
- Мен азыр...тез эле.
Артымда каалганы ачык калтырбай, жаап кирдим. Үйүрү менен келген иттердин үйүмө башбакканын каалабадым. Сырттан эле жөнөткөн оң да жугундукорорлорду.
Үйдө чоң чара толо кашкайган жиликтер турган экен үйүлө. Баарын көтөрүп чыкпадым. Бөөдө кынык алдырбайын дедим жалмаңдаган иттерди. Мынча сөөктүн даамын татып калышса, үйүмдөн кеткис болуп айланып, сөөк аңдып кууратышпасын дейт экенсиң артын ойлоп.
Колума урунган чоң кашка жиликти алып чыктым. Куу иттердин заманында мен да куу болуп бүтпөдүмбү. Ушунча бир үйүр итке жалгыз кашка жиликти алганымдын да жөнү бар: жалгыз куу сөөк үчүн кырылышып, талашып, ырылдашып жатышсын деген сары эсеп менен кылмай болдум бул ишти.
Сыртка чыксам “ушул элеби?”, - дегендей аргасыз мылжыйды дөбөт. Колумдагы жиликтен көзү өтүп жаланганын көрүп, сөөктү дөбөттүн өзүнө эмес, четтеги куу канчыктын алдына ыргыттым. Ырылдашып талашып, биринин оозунан бири жула качкан сөөк талашты көрүп ал анан: бечаралар канча кожоюн алмаштырбады. Жугунду менен сөөккө тойбогон чоң үйүр иттерди бири менен бирин ошентип ажылдатып талаштырып, үйүмө кирип кеттим. “Бириң өлүп, бириң кал”дедим...
13.02.24