Нурдаулет Акыш: Балдар өлкөсүн багындыруу

  • 11.12.2024
  • 385

Илгери, илгери “Балдар өлкөсү" деген эл болуптур. Алдыларына койгон эч кандай максаты жок, жупуну өмүр сүргөн көңүлсүз эл экен. Күндөлүк жашоосунда эч кызык болбоптур. Ошондой күндөрдүн биринде Балдар өлкөсүн бир падышалык басып алат дейт. Ал падышалыктын аты Оюн экен.

Оюн падышасы келери менен Балдар өлкөсүнүн эли көңүлдөрү көтөрүлө баштайт. Айлана ызы-чуу, шатыра-шатман. Эртеден кечке балдардын эси-дарты эле оюн дейт. Убакыт өткөн сайын Балдар өлкөсү жалаң оюнга берилип, жашоонун башка өңүрү бош калат.

Ата-энелердин айласы куруйт: ары-бери кетет, акылдашат да, жардамга Эмгекти чакырышат. Ошондон кийин Балдар элинин тиричилиги жанданат. Балдар бир убак ойносо, бир убак эмгектенип, үй ишине көмөк көрсөтүшөт. Нандын даамын сезип, анын дасторконго кандай келерин түшүнүшөт. Убакыт өтө берет. Ошондо да балдарга бирдеме жетишпегендей болот. Ата-энелер ойлонуп, жетишпеген эмне дешет да, Окуу деп чечишет. Анткени балдар өз оюндарын ойноп, эмгек кылып өмүр сүргөнү менен, жашоо сырын түшүнбөй, табият сырын билишпейт. Ошентип жардамга Окуу келиптир. Оюн менен Эмгекке кетчү убакыттын бир азын балдар эми окуу менен өткөрүп, билим алууга жумшашат. Балдардын жашоосу эми кызыйт. Анан кечке сабак окуп, чаалыккан балдарга Спорт жардамга келет. Спорт менен дайыма машыккан балдардын ден-соолугу мыкты, көңүлдөрү куунак, бой келбети сымбаттуу боло баштайт. Аны көргөн Өнөр эстүү, сулуу болуп бой жеткен жаш улан-кыздарды андан ары коштоп жүрүүгө белсенишет. Ар кай жерден ыр жаңырып, күүлөр ойнолот, бий коштойт.

Окуунун Китеп деген көз айнек тагынган кайрымдуу карт атасы бар экен. Аны балдардын көпчүлүгү жакшы көрүп калышат. Китептин аркасы менен Балдар өлкөсү кемелине келип, гүлдөй баштайт. Ошентип Оюн, Эмгек, Окуу, Өнөр, Спорт, Китеп – алтоо балдарды кезек-кезеги менен кагып-согуп, эркелетип, жакшылыкка жетелеп жүрчү болуптур.

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз