Лев Толстой жыйган алп ойлор

  • 16.12.2024
  • 264

Афоризмдер жана нускамаларга Л.Толстойдон кириш сөз

Бул жерде чогултулган ойлорду мен абдан көп сандагы жазуулардан жана ой жыйнактарынан алдым. Кол тамгасы жок же авторлору такталбаган айрым ойлор да ар кандай жыйнактардан алынган же мага таандык.

Кээ бир учурларда авторлор кол коюшкан, бирок тилекке каршы, аларды жазып жатканда кайсы чыгармадан алынганын так көрсөтпөй калган учурларым болду. Көбүнчө авторлордун ойлорун түп нускадан эмес, башка тилдерге которулган эмгектерден алчумун, ошондуктан менин котормолорум түп нускага толук дал келбеши мүмкүн.

Бул ойлор түп нускага толук дал келбей калышынын дагы бир себеби, көп учурда узак талаш-тартыштан чыккан жеке ойлорду тандап алып, таасирдин ачыктыгы жана бүтүндүгү үчүн кээ бир сөздөрдү, сүйлөмдөрдү калтырып, кээ бир сөздөрдү алмаштырып коюуга туура келди.

Анткени китебимдин максаты жазуучулардын так оозеки котормолорун берүү эмес, ар кандай жазуучулардын улуу, жемиштүү ойлорунан пайдаланып, ошондой эле ойду толугу менен өз сөзүм менен билдирүү, окурмандардын чоң катмарына сезим козгогон жеткиликтүү мыкты ойлорду жеткирүү.

Окурмандар бул китепти окуп жатканда, мен аны чогултуп, күн сайын окуп жатканда да, анын экинчи басылышын өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп, башымдан өткөргөн пайдалуу, дем берүүчү сезимди баштарынан өткөрүшүн каалайт элем.

Лев Толстой, 1908-жылдын марты, Ясная Поляна.

Көптөгөн ортозаар, керексиз нерселерге караганда, бир аз болсо да чыныгы жакшы жана керектүү нерселерди билген оң.

1-ЯНВАРЬ

1

Чакан, тандалган китептер сакталган китепканада кандай гана чоң байлык катылат. Миңдеген жылдар бою дүйнөнүн бардык цивилизациялуу өлкөлөрүнүн ичинен тандалып алынган эң акылман, эң татыктуу адамдардан турган коом бул жерде бизге өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн натыйжаларын, алардын акылмандыгын эң сонун тартуулайт. Адамдардын өзүлөрү көмүскөдө жана кол жеткис, балким алардын өздөрүнө кайрылсак, алардын жалгыздыгын бузуп, ишин үзгүлтүккө учуратмакпыз. Алар бизди жактырбай, балким чыдабай уруша кетишмек, балким алар менен пикир алышууга мүмкүн болбой калмак. Алар эң жакын досторуна да ачык айтпаган ойлорун, биз үчүн, башка доордогу чоочун адамдар үчүн ачык-айкын жазып калтырышкан. Ооба, биз жашообуздагы алган эң маанилүү руханий байлыктар үчүн жакшы китептерге милдеттүүбүз.

Эмерсон

2

Биз кепшөөчү малдардын тукумунанбыз, көп китепти окуганыбыз аздык кылат: биз жуткан нерсенин баарын чайнап, жакшылап сиңирбесек, китептер бизге күч да, азык да бербейт.

Локк

3

Көптөгөн жазуучуларды, ар кандай китептерди окуу башыңызда башаламандыкты, белгисиздикти жаратышынан сак болуңуз. Эгер сиз кандайдыр бир пайдалуу нерсеге ээ болгуңуз келсе, акылыңызды ишенимдүү жазуучулардын чыгармалары менен гана азыктандырыңыз. Өтө көп китептер адамдын көңүлүн алакты кылат. Ошондуктан, талашсыз жакшы деп табылган китептерди гана окугула.

Сенека

Адегенде эң мыкты китептерди окугула, болбосо аларды окуганга такыр убактың жетпейт.

Торо

5

Сиз өз оюңуздун булагы соолуп калганда гана окушуңуз керек, мындай абал эң акылдуу адамдын башына да келе берчү нерсе. Бирок китеп окуйм деп өзүңүздүн үлбүрөгөн оюңузду үркүтүп жиберүү – рухка каршы жасалган кылмыш кылуу дегенди билдирет.

Шопенгауэр

Адабиятта турмуштагыдай эле нерселер кайталанат. Кайда караба, адамзаттын айыкпас жарасына туш болосуз, алардын аты – бирикмелер, союздар – кайда барба жайкы чымындай ызылдап, барган жерлерин чычып-сийип булгап жүрүшөт. Мына ушундан улам сапаты жок жаман китептер көбөйүп, адабий топондун укмуштуудай түшүмү жакшы данды жок кылууда. Мындай китептер коомчулуктун акчасын жана көңүлүн тоноп, тандалган чыгармаларга гана коротуучу убактысын уурдайт.

Жаман китептер пайдасыз гана эмес, зыяндуу дагы. Анткени, азыркы адабияттын ондон тогуз бөлүгү ишенчээк коомчулуктун чөнтөгүнөн бир-эки ашыкча сомун сууруп алуу үчүн гана чыгарылат. Ушул эле себеп менен авторлор, басмаканалар атайылап китептерди калың чыгарууга аракет кылышат. Андан да зыяндуу, текебер, абийирсиз алдамчылыкты жазмакей сөрөйлөр жасашат: ар бир сабына акча алыш үчүн, бүгүнкү күндө алар окурман табитин бузуп, чыныгы агартуучулукту жок кылууда. Бул кыйроого каршы туруу үчүн китепти ылгабай окуу адатынан арылуу керек, башкача айтканда, коомчулуктун көңүлүн бурган, ызы-чуу салган китептерди такыр окубаш керек. Жөнөкөй айтканда, басылып чыккан биринчи жылы анын акыркы жылы болор бардык басылмаларды окуудан баш тартуу керек.

Бирок акылсыздар үчүн жазган адам окурмандардын кеңири чөйрөсүн таппайт деп эскертип коюшубуз абзел. Ошол эле учурда адамзат өзүнүн кыска жана аз ченелүү өмүрүн бардык кылымдардын жана элдердин биринчи даражадагы чеберлери, көптөгөн жаман жазуучулардын үстүнөн мунарадай көтөрүлгөн бай таланттуу жаратуучулар менен таанышуу үчүн колдонушу керектигин айта кетели. Ошондой жазуучулар гана адамзатты тарбиялоого жана окутууга жөндөмдүү.

Эч качан жаман китепти өтө аз окуй албайсың, эч качан жакшы китептерди өтө көп окуганга чамаң жетпейт. Жаман китептер акыл-эсти алсыраткан моралдык уу.

Калың эл баардык доордогу эң мыкты китептерди эмес, заманбап адабияттын акыркы чыгармаларын гана өжөрлүк менен окугандыктан, азыркы жазуучулар кайталанган ойлордун айланасынан кеталбай, баары бир эле нерсени кайталап, биздин заман өзү жараткан баткагынан суурулуп чыга албай жатат.

Шопенгауэр

-------------------------------------------------------------------------------------------------------

Материалдык жана психикалык уулардын айырмасы – материалдык уулардын көбүнүн даамы ачуу, бирок гезит жана жаман китептер түрүндөгү психикалык уулар, тилекке каршы, көп учурда жагымдуу келет.

2-январь

Ишеним

Эң одоно ишенимдердин бири – бул биздин замандын илимпозу атанган көбүнүн адам ыймансыз жашай алат деген ишеними.

1

Ар дайым жана бардык доордо адамдар өздөрүнүн жердеги жашоосунун башталышы же акыркы максаты жөнүндө билүүнү, же жок дегенде кандайдыр бир түшүнүккө ээ болууну эңсешкен, дин бул талапты канааттандыруу жана келип чыгышынын жалпы булагы, жашоодогу жалпы милдети, жалпы акыркы максаты бир. Бардык адамдарды бир тууган катары бириктирген байланышты көрсөтүп берүү үчүн пайда болгон.

Жозеф Маззини

2

Чыныгы дин – бул айланасындагы чексиз жашоого, анын жашоосун ушул чексиздик менен байланыштырган жана анын иш-аракеттерине багыт берген адамзат мамилеси.

3

Ар бир диндин маңызы мен эмне үчүн жашайм, мени курчаган чексиз дүйнө менен мамилем кандай деген суроонун өзүндө жооп жатат. Адамды курчаган дүйнө менен мамиле орнотууга негизделбеген бир да дин жок.

4

Дин адамды тарбиялоодогу эң жогорку, эң асыл нерсе, агартуунун эң күчтүү каражаты, ал эми ишенимдин сырткы көрүнүштөрү жана саясый жеке кызыкчылыкты көздөгөн ишмердүүлүк адамзаттын алдыга умтулуусундагы негизги тоскоолдук болуп саналат. Дин кызматкерлеринин да, мамлекеттин ишмердүүлүгү да динге каршы келет.

Түбөлүктүү жана кудайдан келген диндин түпкү маңызы адам жүрөгүн ал кайсы жерде жүрсө да, кайда соксо да бирдей толтурат. Биздин бардык изилдөөлөр бизди бардык улуу диндердин негизи бирдиктүү экендигин, адам баласынын жашоосу башталгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келаткан бирдиктүү окуу экенин көрсөтөт.

Бардык ишенимдердин түпкүрүндө бир түбөлүктүү чындык агымы агат.

Парсылар таовиддерин, еврейлер филактерияларын, христиандар кресттерин, мусулмандардын жарым айларын кастарлашат, бирок булар сырткы гана белгилер экенин эстен чыгарбасын, бардык диндердин негизги маңызы – жакынына болгон сүйүү, бул Ману, Зороастра, Будда, Муса, Сократ, Гиллел, Иса, Павел, Мухаммед, Морис Флюгелден бирдей талап кылынат.

5

Ар бир диндин маңызын белгилүү окуулардын кудайдан келген аяндар катары изилдөөлөрдүн мазмуну эмес (анткени бул теология аталат), а Кудайдын осуяттары катары жалпысынан биздин бардык милдеттерибиздин мазмуну түзөт.

Кант боюнча

______________________________________

Ыймансыз жашаган адам жашоосу – айбандын жашоосу.

3-январь

Жашоо түзүлүшү

«Менин азыгым — мени Жибергендин эркин аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү», — дептир Иса пайгамбар. Бул ар бирибиз үчүн Анын иши. Биз Кудайдын биз аркылуу кылган бардык ишинин эмнеден турарын биле албайбыз, бирок ага катышуубуз кандай болушу керектигин билбей коё албайбыз.

1

Эгер күйүп, жарык чачканга күчүң жетпесе, жок дегенде өчүрбө.

2

Акыл-эстин эрежелерин билген адам ал эрежелерди сүйгөн адамдан төмөн. Аларды сүйгөн адам аларды аткаргандан төмөн.

Кытай накылы

3

Жашообуздун негизги суроосу – бул бизге берилген кыска өмүрдө, бизди жашоого жиберген Жараткан бизден эмнени кааласа, ошону аткарып жатабызбы? Туура жолдо баратабызбы?

4

Кыйынчылык башыма түшкөндө Кудайдан жардам сурайм. Бирок менин ишим Кудайга кызмат кылуу, Ал мага кызмат кылбайт да. Муну эстегенде түйшүгүм жеңилдейт түшөт.

5

Жер менен асмандын ортосунда эч кандай туңгуюк жок, Кудай бизге берген мекен түбөлүккө жамандыктын, жеке кызыкчылыктын, зулумдуктун кучагында болушу керек деп ойлосок, ага акаарат кылган болобуз. Жер күнөөдөн тазаланчу жай эмес, ал биздин үйүбүз, ошондуктан ар бирибиздин жан-дүйнөбүздө катылган каалоого – чындыкка жана адилеттикке жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек.

Мадзини

6

Акыры периште болобузбу же качандыр бир кезде топуракка айланарыбызга ишенебизби, биз өзүбүзгө тапшырылган ишти чынчыл жана кынтыксыз аткарышыбыз керек.

Жон Рускин

______________________________________

Элестет, жашоо максаты – сенин бакытың, ал эми жашоо таш боор жана тантык. Адамзаттын акылмандыгы, өз акылың, өз жүрөгүң сага эмнени айтканын түшүн: сага бул дүйнөдө жашоо жаратканга кызмат кылуу үчүн берилген, ошондо гана жашоо сен үчүн дайыма кубанычка айланат.

5

4-январь

Биримдик

Биз муну каалабасак да, адамдардын бүткүл дүйнөсү менен болгон байланышыбызды сезбей коё албайбыз: бизди өндүрүш, соода, искусство, билим, эң башкысы — позициябыздын жалпылыгы, дүйнөгө мамилебиздин биримдиги байланыштырат.

1

Жакшы адамдар эч нерседен шектенбестен бири-бирине жардам беришет, а жаман адамдар бири-бирине атайылап каршы чыгышат.

Кытай макалы

2

Ар кимдин өз түйшүгү, кемчилиги болот: башкалардын жардамысыз эч ким эч нерсе кылалбайт: ошондуктан биз бири-бирибизди колдоп, кеңешип, камкордук менен бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл.

"Такыба ойлордон"

Дүйнөбүздүн түзүлүшү ушундай: миң адам чогулуп иштесе, өз алдынча иштеген бир миң адамдан бир нече эсе көп өндүрө алат. Бирок бул тогуз жүз токсон тогуз адамдын бир адамдын кулу болушунун зарылдыгын далилдей албайт.

Генри Жорж

4

Жакшы адам – жамандын окутуучусу. Мугалимди сыйлабаган, анын кылганын сүйбөгөн адам өтө акылдуу болсо да жаңылат.

Лао Цзе

5

Адам атанын бардык балдары бир дененин мүчөлөсү. Бир мүчө кыйналса, башкалардын баары жабыркайт. Башкалардын азабына кайдыгер карасаң, адам деген атка татыктуу эмессиң.

Саади

Жеке адамдын жашоосу адамзаттын жалпы жашоосу менен тыгыз айкалышуусу керек, анткени бардык жаратуулар гармония жана биримдик менен ширетилген. Сырткы табиятта да, рухий чөйрөдө да жашоонун бардык кубулуштары бири-бири менен тыгыз.

Маркус Аврелиус

Адамзаттын бүткүл тарыхы, биз билгенден, адамзаттын барган сайын бекем биримдигине карай кыймылы болду. Бул биримдик ар кандай каражаттардын жардамы менен жетишилет, ага колдогондор гана эмес, каршы чыккандар да кызмат кылат.

5-январь

Сөз

Адамдарга жык толгон имаратта бир адам: "Биз өрттөнүп атабыз!" – деп кыйкырса, эл тополоңго түшүп, ондогон, жүздөгөн адамдар тебеленип өлөт. Сөз зыяны ушундай. Бирок сөзүбүздөн жапа чеккен адамдарды көрбөгөн учурда да бул зыян мындан аз эмес.

1

Мылтыктан алган жара айыгат, бирок тилден алган жараат эч айыкпайт.

Перс макалы

Сөзүнөн жаңылбаган адам – бүт денесин тизгиндей алган жеткилең адам. Биз аттарга жүгөн катып, аларды баш ийдирип, бүт денесин көзөмөлдөйбүз; кемелер канчалык чоң болсо да, шамал канчалык катуу болсо да, айдоочу каалаган жерге кичинекей руль менен жетет; тил да ошондой: кичинекей мүчө, бирок көп нерсени кылат. Карачы, кичинекей от канча затты күйгүзөт; Тил дагы от, – жалгандын жардамчысы.

Акыркы Яков

3

Адамдар башка адамдардын бузукулуктары жөнүндө айтканын укканда, алардын ырахатын бөлүшпө. Адамдардын жаман иштерин укканда аягына чейин укпай, укканыңды унутууга аракет кыл. Адамдардын жакшы сапаттары жөнүндө маектерди ук, аларды эстеп, башкаларга айтып бер. Ушундай кыл, жакында көнүп каласың, адамдардын жамандыгын укканда өзүңдү жамандагандай азап тартасың, кошунаң жөнүндө жаман сөз оозуңдан чыгып кетсе, өзүңдү өзүң ургандай сезесиң.

Чыгыштын акылман ойлорунан

4

Талаш-тартыштарды угуңуз, бирок талаш-тартыштарга кийлигишпеңиз. Кичине болсо да сабырсыздыктан, кызуу кандуулуктан Кудай сактасын. Ачуулануу бардык жерде, эң негизгиси, адилеттүүлүк маселесинде орунсуз, анткени ал аны жаап-жашырат жана ылайлайт.

Гоголь

5

Мен: «Мен өз жолумда сак болом, тилим менен күнөө кылбашым үчүн, жаман адам алдымда турганда, тилимди ооздуктайм», – дедим.

Забур. XXXVIII, 2

______________________________________

Сөз менен адамдардын бири-бирине карата жагымсыз сезимдерин ойготуп, эл биримдигин бузуучу болуудан корккула.

6-январь

Аракет

Жакшылык кылуу үчүн аракет керек, бирок жамандыктан алыс болуу үчүн ал андан бетер зарыл.

1

Ыйыктыкка жетүү үчүн сабырдуулуктан маанилүү эч нерсе жок. Сабырдуулукту жаш кезден адатка айлантуу абзел. Эгер аны эрте адатка айлантса, анда изгилик орнойт. Ыймандуу адам үчүн жеңе албаган эч нерсе жок.

Лао Цзе

2

Адамдар ушунчалык суктанган нерселердин баары, аларды түйшүккө, убарага салган нерселердин баары аларга кымындай да бакыт алып келбейт. Адамдар иш менен алектенип, бир нерсеге умтулганда ошого жетсек эле жыргайбыз деп ойлошот. Бирок алар каалаган нерсесине жерери менен кайра эле тынчсызданат, өзүндө жокто бар адамдарга көз атып, көралбастыгы ойгонот. Көңүл бейпилдиги бош каалоолорду канааттандыруу менен эмес, тескерисинче, мындай каалоолордон арылуу аркылуу жетишилет. Эгер сиз мунун чын экенине ынангыңыз келсе, анда өзүңүздү бош каалоолоруңуздан бошоткуңуз келсе, алардын аткарылышы үчүн буга чейин сарптаганыңыздын кеминде жарымына азырак күч-аракет жумшаңыз. Ошондо мындай кылуу менен, мурдагыдан бир топ көп тынчтык жана бакыт алганыңызга ынанасыз.

Эпиктет

3

Азгырыкка алдырбаган адамга даңк. Кудай ар бир адамды сынайт: бирин байлык менен, бирин кедейлик менен; бай кедейге колун ачабы, кедей азап-кайгысын нааразы болбой, момундук менен көтөрөбү.

Талмуд

4

Күлүк кошулган арабадай сызып-учуп бараткан ачуусун токтото алган адамды чыныгы арабакечке салыштырам, ал эми башкалары жөн гана божуну кармап бараткан алсыз адамдар сыяктуу.

[Дхаммапада] Буддисттердин накылы

5

Эгерде сизди жагымсыз иштер тооруп, ачуулануу же кыжырданууну сезсеңиз, өзүңүздү карманууга шашылыңыз, токтоолукту жоготпоңуз. Жан дүйнөбүздүн тынч абалына кайтуу үчүн эрк күчүн канчалык көп колдонсок, жан дүйнөбүздүн тынчтыгын сактоо жөндөмүбүз жогорулайт.

Маркус Аврелиус

_____________________________________

Кумарыңыздын үстүнөн жеңишке жеталбай канча жолу жыгылсаңыз да, көңүл чөгөрбөңүз. Күрөштүн ар бир аракети кумар күчүн азайтып, аны жеңүүнү жеңилдетет.

7-январь

Боорукердик

Адамдар менен болгон мамиледе боорукерлик сөзсүз керек. Эгер адамга боорукерлик кылбасаңыз, анда өзүңүздүн негизги милдетиңизди аткарбай жатасыз.

1

Канчалык аянычтуу, кандай бечара болсо да ар бир адамды сыйлашыбыз керек. Ар бир адамда биздегидей эле рух жашай турганын унутпайлы. Адамдын жаны да, денеси да жийиркеничтүү болсо да: “Ооба, дүйнөдө ушундай желмогуздар да болуш керек, аларга чыдаш керек” деген оң. Андайларга жийиркеничибизди көрсөтсөк, биринчиден биз адилетсиздик кылган болобуз, экинчиден андайлардын ар-намысына шек келтирип, өмүрү өткүчө душман кылабыз. Ал кандай болсо да, өзүн кайра жарата албайт, андай болгон соң биз менен өлбөс душман катары согушкандан башка эмне кыла алат? Чындыгында, ал учурдагы абалын өзгөртсө гана ага боорукердик кылгыбыз келет. Бирок ал муну кылалбайт. Ар бир адам кандай болсо ошондой кабыл алып, ага боорукерлик кылып, анын башка адам болушун каалап, андан колунан келбегенди талап кылбоо керек.

Шопенгауэр

Азгырыкка кабылгандарга таш боор болбо, тескерисинче, аны өзүңдү сооротууну каалагандай сооротууга аракет кыл.

"Такыба ойлордон"

3

1) Бүгүн кылар ишти эртеңкиге калтырба.

2) Өзүң кылчу ишти башкаларга жүктөбө.

3) Текеберлик — тамак-аш, суусундук, баш калкалоочу жай, кийим-кечеге керектүүнүн баарын кошкондон кымбатка турат.

4) Боло элек, бирок болушу мүмкүн нерсе үчүн канча түйшүк тартабыз.

5) Ачууң келсе, бир нерсе жасаардан же айтуудан мурун, онго чейин сана. Ачууң тарабаса жүзгө чейин сана, анда да болбосо миңге чейин сана.

Жефферсондун айтымы

4

Эч кимди кемсинтпе, жүрөгүңдөгү жакыныңа жаман ойлоруңду, шек санооңду бас, ар дайым башкалардын иш-аракетин, сөзүн эң жакшы мааниде түшүнүүгө аракет кыл.

"Такыба ойлордон"

5

Олуяда таш боор жүрөк болбойт. Ал жүрөгүн бардык адамдардын жүрөгүнө ылайыктайт. Ыймандуу адамды изги, жаман кишини жакшылыкка жөндөмдүү адам катары карайт.

Чыгыш акылмандыгы

6

Адам канчалык акылдуу, боорукер болсо, адамдардан ошончолук жакшылыкты табат.

______________________________________

Боорукердик бардык карама-каршылыктарды чечип, жашоону көрктөндүрөт, чаташканды ачык, кыйынды жеңил, караңгыны кубанычка айлантат.

8-январь

Ишеним

Христиан окуусу ушунчалык айкын болгондуктан, наристелер аны чыныгы маанисинде түшүнөт. Ыйсанын жолдоочулары аталгысы келген жана болгусу келген адамдар, бирок чындыгында андай боло албагандар гана аны түшүнө алышпайт.

1

Будда айткан: жан дүйнөсү үчүн жашай баштаган адам караңгы үйгө жарык жандырган адамга окшош. Караңгылык дароо тарайт. Жөн гана ушундай жашоого умтулуңуз, ошондо жан дүйнөңүз тазаруунун үстүндө болот...

2

Биз эки зыяндуу ишенимден сак болуубуз керек: дин кызматчыларынын «Кудайдын маңызын сөз менен түшүндүрүүгө болот» деген ишеними жана кудайлык күчтү илимий изилдөөлөр менен түшүндүрүүгө болот деп ишенген илимпоздордун ишеними.

Жон Рускин

3

Иса пайгамбардын акыркы осуяты анын бүт окуусунун маңызын ачат: «Мен силерди сүйгөндөй, бири-бириңерди сүйгүлө, бири-бириңерди сүйсөңөр, силер Менин шакирттерим экениңерди билишет». Ал «Эгер тигиге же буга ишенсеңер» деген жок, «сүйсөң» деп жатат. Ыйман көз караштын жана билимдин тынымсыз өзгөрүшү менен бирге өзгөрөт; ал убакыт менен байланыштуу жана убакыт менен өзгөрөт. Сүйүү убактылуу эмес, ал өзгөрбөйт, түбөлүктүү.

4

Менин диним бардык жандыктарга болгон сүйүү.

Ибрагим Кардовский

______________________________________

Христиандыкты түшүнүү үчүн анын бузулган жерлерин жок кылуу керек.

9-январь

Билим

Билим эстутум аркылуу эмес, адамдын ой-аракети менен алынганда гана билим.

1

Биз үйрөнгөнүбүздү толугу менен унутканыбызда гана чындап биле баштайбыз. Бир нерсеге мамилемди илимдүү адам түздү деп ойлосом, аны аныктоого бир тал да жакындабайм. Бир нерсени билүү үчүн ага таптакыр жат катары мамиле кылышым керек.

Торо

2

Башка адамдардын ойлору тынымсыз агылып келиши, бул табигый эмес агымга каршы туруу үчүн жогорку ийкемдүүлүк даражасына ээ болбосо, ойдун күчүн кечиктирип, өз оюн чөктүрөт, ал тургай узак убакыт бою ой күчүн толугу менен алсыратат.

Ошондуктан тынымсыз окуу жана изилдөө башты айлантат, ошондой эле биздин ой жүгүртүүбүздүн, билимибиздин системасы, эгер биз такыр жат ойлордун агымына орун бошотуш үчүн көп учурда өзүм билемдик менен үзгүлтүккө учурасак, өз бүтүндүгүн жана үзгүлтүксүз байланышын жоготот. Китептердеги ойлорго орун бошотуш үчүн өз ойлоруңду жокко чыгаруу. Менимче, башка жерлерди көрүү үчүн өз жериңди сатып жиберген сыяктуу, бул үчүн Шекспир өз убагындагы туристтерге кине койгон.

Өзүң ойлонбой туруп бир тема жөнүндө окуу да зыяндуу. Анткени, жаңы материал менен бирге ага башка бирөөнүн көз карашы, ага карата башка бирөөнүн мамилеси башына сиңет, анткени адамдар жалкоолуктан, кайдыгерликтен улам даяр ойлорду алууга аракеттениши табигый. Анан бул адат тамыр жайып, ойлор арыктарга бурулган агын суу сыяктуу бир нукка түшөт: андан кийин өзүңдүн жаңы ойлоруңду табуу эки эсе кыйын. Мына ошондуктан, илимпоздордун арасында көз карандысыз ой жүгүртүү сейрек учурайт.

Шопенгауэр

3

Билим жүгүртүүдөгү тыйын сыяктуу. Эгер ал алтынды казууга өзү катышып, аракет кылып тыйын жасаган болсо же жок дегенде ак эмгек кылып сатып алса, ага ээ болгонуна жарым-жартылай сыймыктанууга укугу бар. Бирок ал эч нерсе кылбай, аны бетине ыргытып жиберген бирөөдөн алса, анда ага сыймыктанууга эмне себеп?

Жон Рускин

4

Адамдын акыл-эсине өтө эрте, өтө көп үйрөнгөндөн көрө, такыр үйрөнбөй коюунун зыяны аз.

5

Эң улуу ойчулдардын сиңирген эмгеги, алар өздөрүнө чейинки китептерге, уламыштарга байланбастан, мурда жашагандар да, алардын айланасындагылар да ойлогондой эмес, өздөрү эмнени ойлосо, ошону айтканында. Анын сыңарындай, ар бирибиз аң-сезимде учкундай тутанып, жылт этип жаркырай түшүп жок болчу ойлорду кармашыбыз керек. Ар бирибиз үчүн акындардын, даанышмандардын бүтүндөй бир топ жылдызы жөнүндө ой жүгүртүп, изилдөөгө караганда мындай агартуучу көз ирмемдер алда канча маанилүү.

Эмерсон

6

Ой адамдын өз акылы менен алынганда же жан-дүйнөсүндө пайда болгон суроого жооп бергенде гана жашоону кыймылга келтирет. Акыл жана эс тутум менен кабыл алынган жат ой жашоого таасир этпейт, ага карама-каршы аракеттер менен тил табышат.

______________________________________

Аз оку, көп ойлон. Мугалимдерден, китептерден керектүү, билгиң келгенди гана үйрөн.

10-январь

Тарбия

Тарбиянын негизи – бардык нерсенин башталышына болгон мамилени калыптандыруу, андан келип чыккан жүрүм-турумга жетекчилик кылуу мамилеси.

1

Ким мага ишенген алсыздардын бирин мүдүрүлтсө, анын мойнуна тегирмен ташын байлап, деңизге чөгөрүп жиберсе жакшы болмок. Азгырыктан дүйнөгө кайгы гана алып келет; ал эми азгырыкка кабылуу – адамдын шору.

Мф, ч. 18, ст. 6–7

2

Балдарды тарбиялоодо аларды азыркы жашоо үчүн эмес, келечекте адамзаттын жакшы абалына, башкача айтканда, башка, жакшы жашоо шарттарында турмуш үчүн тарбиялап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Адатта, ата-энелер балдарын бузулган болсо да азыркы жашап жаткан дүйнөгө ылайыктап тарбиялайт. Балдарды келечек үчүн тарбиялоо менен, биз дүйнөнүн келечектеги түзүлүшүн жакшыртабыз.

Кант боюнча

3

Келечекке жарамдуу инсанды тарбиялоо үчүн аны толук жеткилең Адам болгудай тарбиялоо керек, ошондо гана тарбиялануучу өзү жашашы керек болгон муундун татыктуу мүчөсү.

4

Сыягы, баланы өзүндөгү кудайлык табияттын аң-сезимине жеткирүү ата-эненин, тарбиячылардын негизги милдети.

Channing

5

Чыныгы тарбиянын максаты – адамдарды жакшы иштерди кылууга гана эмес, алардан кубаныч табууга; таза болууга гана эмес, тазалыкты сүйүүгө; адилеттүү болуу үчүн гана эмес, ошондой эле адилеттикти эңсеп, суусаган адамды тарбиялоо.

Жон Рускин

______________________________________

Диний окуу билим берүүнүн негизи саналат, бирок биздин христиан дүйнөсүндө алар эч ким ишенбеген нерселерди үйрөтөт. Балдар баамчыл жана муну көрүп, алар үйрөткөн нерсеге эле эмес, аларга үйрөткөндөргө да ишенишпейт.

11-январь

Момундук

Момун болбосоң, өспөйсүң. "Ансыз деле жакшы болсом, эмне үчүн өсүшүм керек?"

1

Канчалык бийик болсоң, ошончолук жөнөкөй бол. Көп адамдар өздөрүн бийик сезет, атак-даңктын тузагында жашайт, бирок сыры жөнөкөй момун адамдарга гана ачылат. Өтө оор же күчүң жетпеген нерселерге асылба. Маңдайыңа жазылган тагдырга ыраазы бол. Керексиз нерселерге кызыкпа. Сага түшүнө алган нерселерден да көп нерселер берилген. Көптөр өздөрү тууралуу бийик пикирге алданышат, ошондуктан өзүңөрдө жок билим менен мактанбагыла.

Насаатчы апокрифтик

2

Кордук көрүп, кордукка чыдап, жооп кайтарбаган сабырдуу адам турмуш маселесинде чоң жеңишке жетишет.

Женевио-Лаке

3

Кээ бир досторуң сени күнөөлөйт, кээси мактайт; айыптагандарга жакындагыла, а мактагандардан алыстагыла.

Талмуд

4

Өзүңө татыктуу делген орундан төмөн орун ал. Сага ылдыйга түш дегенге караганда жогору чык дешкени жакшы. Ким өзүн бийик эсептесе, Кудай аны кор кылат, ким өзүн басынтса, Кудай аны көтөрөт.

Талмуд

5

Бийликке болгон каалоону дайыма жок кылууга аракет кыл, атак-даңк, мактоого умтулба. Мунун баары жан дүйнөңдү кыйратышы мүмкүн. Башкаларда жок жакшы сапаттар менде гана бар деп ойлобо.

"Такыба ойлордон"

6

Даанышман өзүнө катуу болсо да, башкалардан эч нерсе талап кылбайт. Ал өз кызматына канааттанат жана эч качан жаратканга нааразы болбойт, тагдырына башкаларды күнөөлөбөйт. Ошондуктан ал кыйынчылыктарга чыдап, тагдырга баш ийет. Акылсыз адам жердеги жыргалчылыктарды издеп, коркунучка туш болот.

Жебе бутага жетпей калганда, мерген башканы эмес, өзүн күнөөлөйт. Акылдуу адам ушундай кылат.

Конфуций

______________________________________

Жасаган жамандыктарыңдын баарын эсте. Бул сизге жаман иш кылбоого жардам берет. Жасаган жакшылыктарыңды эстесең, жакшылык кылуудан тосот.

12-январь

Жалган окуу

Башкалар үчүн Кудайга жана дүйнөгө болгон мамилесин аныктоо укугун өздөрүнө алган адамдар бар, ал эми элдин басымдуу көпчүлүгү бул укукту башкаларга берип, алардын айткандарына сокур ишенген адамдар. Экөө тең бирдей кылмышкер.

1

Диний маселелердин баары чечилип, бардык дин мыйзамдары бекитилгенин билер замат, ал чечимдин жана аны кабыл алгандардын тарабына өтүп кеткен адамдар бар.

Эмне үчүн алар башкалардын негизги иши деп эсептеген нерселерге баштарын оорутуусу керек? Алар үчүн жашоосун ырахатка, көңүл ачууга толгон жагымдуу убакыт өткөрүү, ошону менен бир нече жыл бою жагымдуу түштөрдү көрүп, жыргап жүрүү гана калат. Мындай каяшасыз канааттануунун жемиши – эл ичинде аларга таңууланган нерсеге баа берүүгө каалоонун жоктугу.

Сокур ишенимден жаралган темир моюнтуруктун кулдук изи биздин мойнубузда көпкө сакталып калабы деп корком.

Милтон

2

Адам өзүнүн моралдык көз карандылыгынан баш тарткан учурдан тартып, адам өз жоопкерчилигин ички үнүнө карап эмес, белгилүү бир таптын же партиянын көз карашына карап аныктаган учурдан тартып, өзүн миллиондогон адамдардын бири эсептеп, өзүнүн жеке жоопкерчилигин унуткан учурдан тартып, моралдык күчүн жоготот. Адамдардан бир гана Кудай жасай алчу нерсени күтөт, ал Кудайлык күчтүн ордуна адам акылынын одоно көрсөтмөлөрүнө үмүт артат.

Чаннинг

3

Биз адегенде чоң энелерибиздин, андан кийин мугалимдердин, чоңойгон сайын жолубуздан жолуккан белгилүү инсандардын төгүндөлгүс чындыктарын кайталап айткан жаш балдар сыяктуубуз. Биз алардан уккан сөздөрдү чын дилибиз менен аткарууга кандай эмгек менен аракет кылабыз! Биз акыры өзүбүз насаатчыларыбыздын деңгээлине жеткенибизде, алардын сөзүнүн маанисин түшүнгөндө, ушунчалык көңүлүбүз калгандыктык, алардан укканыбыздын баарын тез эле унутутуп койгубуз келет.

Эмерсон

4

Жалган пайгамбарлардан сак болгула, алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок чындыгында алар ач карышкырлар, аларды кылган ишинен тааныйсыңар. Тикенектүү бадалдар жүзүм береби же коко тикен анжир байлайбы? Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, а жаман дарак жаман жемиш берет. Жакшы дарак жаман жемиш, жаман дарак жакшы жемиш бералбайт. Ошентип сен аларды жемиштеринен тааныйсың.

Матай, ч. 7, ст. 15–20

5

Адам өткөндөгү даанышман, ыйык адамдардан калган казынадан колдонсо болот, бирок ага келип жеткен нерсени өзү акылы менен текшерип, керектүүсүн алып, керексизин ыргытып ылгап кабыл алышы керек.

______________________________________

Ар бир адам дүйнө жана Кудай менен өз мамилесин түзүшү керек.

13-январь

Ишеним

Ыйман – бул жашоонун маанисин түшүнүү жана бул түшүнүүдөн келип чыккан жоопкерчиликти моюнга алуу.

1

Кайрымдуу адам ким? – Ыймандуу адам гана кайрымдуу адам. Бирок ыйман деген эмне? – Бул абийир менен, ааламдык акыл менен эрктин макулдугу.

Кытай буддизми

2

Ыймандын мааниси бир гана адамды жакшы кылууда эмес. Жакшы адамдын ыйманы аны ушунчалык бийиктикке көтөрүп, ага бардык нерсе оңой жана кубанычтуу.

Лессинг боюнча

3

Бир нерсе гана керек – Кудайга моюн сунуу. Өзүңүзгө кам көрүңүз. Дүйнөнүн жана анын тагдырынын сырын ачууну Кудайга калтырыңыз. Мейли, жок болуу же өлбөстүк болсун. Болор нерсе баары бир болот. Болгондун баарын жакшылыкка жору. Жашоо жолун бүтүрүү үчүн адамга жакшылыкка ишенимден башка эч нерсенин кереги жок.

Амиел

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз