Алексей Константинович Толстой (1817–1875) – орус жазуучусу, акын, драматург, котормочу жана сатирик. Ал көзү тирүүсүндө таанылган эмес, анткени анын курч сатиралык чыгармаларынын көбү бийликке каршы багытталган.
Котормочудан
Бүгүнкү башкырлар курамындагы кыргыздар Башкортостандын түндүк-батыш жана чыгыш аймактарында 9–10-кылымдан бери жашап келет. Башкортстандын батыш аймагындагы кыргыздар 9–10-к. кыпчак толкуну менен (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкыр уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-кылымдарда Эне-Сайдан журт которуп келген «кыргыз» этнокомпоненттери экендигин изилөдөөчүлөр белгилешкен.
Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкырлардын курамында табын, кудей, миң урууларынын курамында кездешет. Моңгол баскынчылыгына чейин башкырлар 12 уруудан турган бирикмени түзүп, алардын жетөө мурдагы Өфө (Уфа) провинциясында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, ал эми Ика жана Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан. П.И.Рычковдун «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде (1730) кыргыз өз алдынча 4 уруудан турган эл катары чагылдырылат. 19-кылымда Башкортостандагы кыргыздар өздөрүнүн бирдиктүү жашоосун уланта беришкен.
Орус окумуштуулары жазып кеткен эмгектеринде да башкыр кыргыздары жашаган жерлердин чеги өтө кеңири. 1690-жылы кыргыз болуштугунун тарханы (түрк элдери, анын ичинде башкырлардагы бийлик статусу) Явгилда Мурзагалдиев Самара суусун бойлото Кинель сыртынан жана Кызыл-Жардан тарта, Юшада суусунун эки жээги боюнча Терпелинск жогорку сыртына аябагандай чоң жерди ээлигине алган.
Азыр бул аймактарда Башкортостандын Бакалы, Илеш, Краснокам, Шаран, Татарстандын Азнакай, Ютазы райондору жайгашкан.
А.К.Толстойдун сунушталып жаткан чыгармасындагы кыргыздар дал ошол башкыр кыргыздары экендигинде шек жок. Башка элдин өкүлдөрүнүн ошол учурдагы кыргыздарга берген баасы баарыңыздарга кызыктуу болот деп ойлойм. Ой-пикириңиздер менен бөлүшүңүздөр.
Кыргыз талаасында эки күн
Биз Оренбургдан жүз элүү чакырымдай алыстыкта жайгашкан көчмөндөр жатагында бир айга жакын жашаганбыз, бирок чынын айтсам, бул аңчылыктан өзүбүз күткөндөй ырахат албадык. Жай аябай ысык болчу, саздын баары кургап; күндө мына-мына келет деп өрдөк жана майда парандаларга аңчылык кылууга убада кылынган шумкарларды зарыгып күтүп жаттык, а азырынча аңчы иттер менен каракурларга баргандан башка эрмегибиз жок эле.
Балким башка учурда мындай аңчылык мага кызыктууболмоктур, бирок бул жерде мен бат эле тажай баштадым. Конуш Урал кырка тоосунун башталышындагы эмен жана кайың дарактары жыш өскөн бийик адырлардын арасында эле. Белгилей кетчү нерсе, бул адырлар бири-бирине куюп койгондой окшош, ошондуктан бул жерлерде адашып кетүү оңой эле нерсе.
Алардын дээрлик баарынын көрүнүшү бирдей, таштак кырлардын ортосундагы өрөөндөрдөн жыш бадалдарды аралап, кимдир бирөөлөргө эркелеп, алда-немелерди шыбырагансып, акырын шылдырап аккан мөлтүр тунук булактарды көрөсүң. Өрөөндөр ар түрдүү мөмө-жемиштерге бай, эң негизгиси, жапайы алчанын өзгөчө түрү бар. Аларды бадалдардын арасындагы бийик өскөн тулаң чөптүн арасынан дароо эле байкабайсың. Ченемсиз көп сандагы каракурлар бул жерде байырлашынын себеби да ушул жемиштин молдугунан болсо керек.
Бул куштарды күн сайын алтымыштай, атүгүл жүзгө чукул атсак да, алардын азайчудай түрү жок. Көбүнчө атчан, эртең менен эрте барып, үч сааттан кийин олжобузду артынып кайра үйгө кайтар элек. Ушунчалык көп аткандыктан, бардык парандыларды кадимки жол баштыгына батыра албай калчубуз. Адамдан амал качып кутулабы, бул ыңгайсыздыктан арылуунун жолу да табылды, ошол аймактык бир тажрыйбалуу мергенчи баарыбызга кайыш курларды жасап берди. Аңчылык башталганда бул кайыш курларды ийинибизге асынып, анын атайын тагылган бүчүлүктөрүнө атылган парандыларды бутунан илип, салмагы оорлой баштаганда ээр токумга арта салабыз. Ок-дарыбыз түгөнгөндө гана артка кайтууга аргасыз элек. Ал жердеги парандалардын саны тууралуу бир аз түшүнүк берүү үчүн мен бир эле мисал келтирейин. Бир саат ичинде үчөөбүз алтымыш үч кушту аткан учур болгон.
Ырас, биздин эң сонун итибиз бар эле: байкуш Буффон дүлөй да, аксак да болчу, бирок анын мен мурда эч көрбөгөн жытчылдыгы жана шумдуктай туя билүүсү күчтүү эле. Бир күнү ал таш түбүндө олтурган кыргоолдун дал үстүнөн чыкканы эсимде. "Ал!" – дедим. Буффон кыймылдабайт. "Ал, Буффка!"
Буффон кыймылдабады. “Ал, келесоо!” деп кыйкырып, жер тепкиледим. Буффон токтоолугун да, калыбын да жоготпостон, оонап барып мен тарапты карап олтуруп калды. Экөөбүздүн ортобузда калган кыргоолду мен оңой эле кармап алдым. Байкуш Буффон ушундай болчу, бирок ансыз деле биз эсепсиз көп каракурду атып жатканбыз: бир нечесин атыш үчүн алачыктан эки жүз кадам гана ары барыш керек болчу.
Аңчылык алгач кызыктуу болгону менен бара-бара тажата баштады, анткени анда аңчылыктын негизги кумары жок эле: белгисиз нерсени күтүү, мергенчиге да, оюнчуга да жагымдуу. Эгерде оюнчу утаарын алдын ала билсе, балким, оюн ал үчүн бардык ырахатынан ажырамак. Ошо сыяктуу эле мен дагы, албетте, көп паранды атарыма көзүм жетип, андан эч кандай ырахат алган жокмун. Каракурларга болгон аңчылыгыбыз немис парктарындагы кандуу аңчылыктарды, ачыгын айтсам, мен жек көргөн аңчылыктарды эске салып жаткан.
Ошондон кийин конушка Уралдын ары жагында, Кыргыз талаасында бөкөндөр пайда болду деген кабар келгенде кандай кубанганымды оңой эле элестете аласыз. Мен бул жаныбардын табият тарыхында сүрөттөлүшүн эстедим, ал жерде ал дайыма эң тез жана кол жеткис антилопалардын бири катары сүрөттөлөт. Хива экспедициясында болгон мергенчилердин кээси жазында кайтып келерде бөкөндөргө кантип жолуккандарын, алар эң жакшы аттар менен кууп жетүүгө кандайча аракет кылышканын айтып беришкен. Бир жолу бүтүндөй топ үйүрдү курчап алып, кербендин ортосуна айдап киришет, бирок бөкөндөр эч кыйналбай жүк артылган төөлөрдүн үстүнөн секирип өтүп, дароо көздөн кайым болушуптур.
Мындай окуялар тууралуу аңгемелер кызыгуумду ого бетер арттырып, бөкөндү көргүм келди. Аңчылыкта ийгиликке үмүттөнгөндөн да чочулап жаттым. Эртеден кечке ок куюп, мылтыктарыбызды текшерүү менен өткөрдүк. Көчмөндөрдүн конушунан чыгып, Сухореченский чебине түнөп, андан ары Урал аркылуу өтө турган жерибизге чейин эки жүз верст болчу. Оренбург губерниясында жүрүш укмуштуудай ылдам, талаа жолдору паркеттей тегиз, башкыр жылкылары чарчабайт.
Он төрт саат чамасында төрт дөңгөлөктүү жеңил эки араба менен эки жүз чакырым басып өтүп, арада Сакмарада сууга түшүп, айылдардын биринде түшкү тамактанууга да убакыт таптык. Биз өткөн жерлер ар түрдүү жана кооз болчу; адегенде көчмөндөр конушундай эле адырлар, кенен өрөөндөр, анан күмүш теректүү токой арасында жаркыраган Сакмара, көк-жашыл, гүлдүү талаа, алыста жапжашыл Губерлин тоолору.
Үстүбүздө үйүр-үйүр куштар учуп өттү. Кызыл тумшуктуу, кызыл буттуу, чулдук атаган талаа сулуулары жолду бойлоп басып жүрүшөт. Маал-маалы менен арабанын калдыраганынан чочуган кичинекей сары чычкандар ышкырып, арткы буттарына тура калышып, ийиндерине секиришет. Биз мунун баарына дээрлик көңүл бурган жокпуз, оюбуздун баары бөкөндөрдө.
Кечки саат тогуздар чамасында Сухореченск чебине жетип, айыл атаманынын үйүнө токтодук. Анын үйүнүн алдында казактар кичинекей калибрлүү узун мылтыктарын эки шыйракка такап, кампанын дубалына тагылган бутаны аткылап, тамаша куруп жатышкан экен. Алар менен кызыгыбыз тарагыча бута атып, Урал дарыясына түшүп, короодо жаңы чабылып жыйналган чөпкө жатып, атамандын кыргыздарга кантип колго түшкөнүн, алардан кантип качып келгенин айтканын угуп жатып уйкуга кеттик.
Күн кылтыйып жаңы чыга баштаган мезгил, биздин араба башкырттардын кароолдорунун курчоосунда Уралдын жээги менен жөнөп калган. Дарыянын кечмелигидеги сулуулук шумдук эле. Тик жээктер, жарлар, дөңгөлөктөрдүн жарымына чейин сууга малынган араба, кошкурган аттар, жаа менен куралданган башкырлар, жонубузда сороңдогон мылтыктарыбыз, күн нуруна чагылышып жаркылдаган канжарлар, мунун баары күндүн чыгышы менен нурга бөлөнүп, өтө бир кооз, кайталангыс сүрөттү көз алдыга тартып турду. Урал дарыясында бул учурда суу чоң болбогону менен, агымы ушунчалык катуу экен, аз жерден бизди агызып кете жаздады.
А аркы өйүзгө өткөнүбүздө, талаа таптакыр жаңы көрүнүшкө ээ болду. Жол тез эле жок болуп, биз ар кай жерде сербейип, күнгө күйгөн кыска чөптүү, топурагы кеберсип каткан кененталаага туш келдик. Талаа биздин алдыбызда бир аз толкунданган деңиздей эбегейсиз улуулугу менен тосуп алды. Миң түстүү, аны ар кай жагынан кесип өткөн тилкелер; кээ бир жерлерде бозоргон буу көтөрүлүп, кээ бир жерде булуттардын көлөкөлөрү жылып өтүп, дөңгөлөктөрдүн калдыраган үнү менен ат туяктарынын тарсылдагынан башка эч нерсе кулагыбызга урунбаса да, баары кыймылдап жаткандай сезилди. Бир маалда бир башкыр атын токтотуп, колун алдыга сунду. Анын көрсөткөн багытын карап, горизонтто жылган бир нече ачык сары чекиттерди көрдүм: алар бөкөндөр эле.
Арабыздан бирөө, кандайдыр бир жол менен аларга жакындоого үлгүрөм деген ойдо башкырт атын теминди, бирок бөкөндөр бул даярдыктарды көрөрү менен, арабыз бир нече чакырым алыс болгонуна карабай качып жөнөштү. Жолубузду улап, көп узабай көк-кызгылт түстөгү бийик, узун тик жардын түбүндөгү чатырларды айырмалай баштадык. Кийин билсем, Кук-Таш, башкача айтканда, көк таш деп аталып, курамы кымбат баалуу яшма деген таштан турат экен. Бул жерде биз үчүн жатак даярдалыптыр. Бизди тосуп алууга алдыбыздан бир нече казак аттанып чыгышты, алардын арасында корнет Иван Иванович да бар эле. Ал конуштагы бардык аңчылыкты башкарчу. Бөкөндөр жөнүндөгү жаңылыктар көңүл көтөрөрлүк эле. Казактар алардын санда саны жок экенин, мынчалык көп бөкөн бул тарапка качан келгенин эстей албасын айтты. Кургакчылык аларды талаанын эң түпкүрүнөн кууп чыгып, Уралдын жанынан салкын жайды издөөгө аргасыз кылган дешти.
Чатырга киргенибизде Иван Иванович бизди таң калтырып, узундугу жана жумшактыгы боюнча индиялык короздордун мурдун эске салган кооз мүйүздүү, өркөч мурундуу он бөкөндүн башын көрсөттү.
– Сиздин бул кылганыңыз кандай? – дедим ага. – Силер бөкөндөрдү үркүтүп жиберипсиңер, алар кайра талаага кайтса, аңчылыгыбыздын бүткөнү ошол эмеспи!
– Мен эмне кылышым керек? – деди ал. – Балдарды токтото албай калдым. Казактарды эптеп токтотсом дагы, башкырларды эч нерсе кыла албадым, алардын ынтызарлыгы өтө күч! Кечээ биз отузду аттык, бүгүн аңчылыкка чыгууга үлгүрө элекпиз. Бирок кабатыр болбоңуз, бардыгыбызга жетет!
Биз дароо ууга чыккыбыз келди, бирок күн ысыгыча күткүлө деп кеңеш беришти. Эртең менен бөкөндөр үйүр-үйүр жүрүшөт, жанына эч кимди жолотушпайт, бирок түшкө жакын жуушап жатышат, ошол убакта аларга көрүнбөй сойлоп барууга болот. Бир аз күткөндөн кийин аттанып чыгып, төрттөн топ талаага жөнөп кеттик.
Жолдо бизди коштогондор менен маек куруп, алардан сурадым:
– Чек арага кыргыздар көп келеби?
— Азыр мурдагыдай көп эмес, урматтуум, — деп жооп берди бири, — бирок болуп турат, ал тургай Уралдан өтүп жылкы тийип кетишет!
— Алар бүгүн жолугат деп ойлойсуңбу?
— Кайдан! Биздин аң уулаганыбызды алар эчак эле билген, бул жерде бир да ит өзүн көрсөтпөйт!
— Алар силерден коркпойт деп уктум го?
— Ооба, алар бир кишиге ону чыкса да коркпойт: тозок эл экен, айтарга сөз жок, бирок камчы менен сабаганды билишет! Алар мени эки жыл мурун кармашканда араң тирүү калгам. Бирөө эле урса жакшы го, жок, ким алдыңан чыкканы чабат, биринчисине караганда экинчисин катуу урат. А мен ат үстүндө жылаңач болчумун. Кармаары менен ал иттер киймимдин баарын чечип алышкан. Таш боор эл, урматтуум!
– Анан алардан кантип кутулдуң?
— Эки мыкты атты байкап жүргөм, улуу урматтум, бир атты кармап миндим да, түнү менен качып чыктым. Дээрлик эки күн тынымсыз жүрдүм, үч күн бою ачка болдум, бирок Кудай өлүшүмө жол берген жок: өлүп калган бөкөндүн этин таап, бир аз жеп, бир азын жолго алдым, ансыз кыязы жок болмокмун. Бул чек арадан беш жүз верстке жакын жерде болчу.
— Сизди кыргыздар эмнеге мажбурлашты?
— Күчтөп кылар эмне бар дейсиз? Мал кайтартып, бээ саадырып, эчки сүтүнөн сыр жасатышты. Алар мени күн сайын сабашчу, иттер. Ооба, эркектер эле дейсизби, жадакалса аялдар, балдар да жөн калышкан жок! Алардын шапалактары союлдай эле тиет!
Ушинтип сүйлөшүп отуруп, биз он чакырымдай жол жүрдүк, суурлардан башка жандык жолуккан жок, алар ийиндеринен секирип чыгып, күзөтчүдөй эки аягына сороюп тура калышат, бирок мылтыктын огу жеткидей жерге жете электе аңкыштаган боюнча кире качышканын айт. Анда-санда сары чекиттердей, алыстан бөкөндөр көрүнө калып, бирок алар заматта жок болуп кетишет. Ал тургай алардын сөлөкөттөрүн да айырмалай албай калып жаттык. Бир маалда жанымдагы казак аттын мойнуна жата калып, кескин артка бурулду. Мен жана башка казактар да аны туурадык.
— Аттан тез түшүңүз! — деди ал мага: – Тиги жакта, бул дөбөнүн артында бөкөндөр жатат! Сен, Решетаев, аттар менен калып, айланаңды карап тур, а сиз жерге жатып, менин артымдан сойлоңуз.
Экөөбүз тең жерге чыканактап жатып, сойлой баштадык. Бир колумда бир ооздуу оор мылтык, экинчи колумда картеж менен октолгон кош ооз мылтык бар.
Майда курч таштарды чачып салгансыган ансыз да таштай катуу, кунары качкан чополуу жер колу-бутумду сыздатып, күндүн оттой ысык табы жонумдан өтүп, чекемден аккан тер жаагымдан ылдый куюлуп жатты. Бирок мен токтобой сойлой бердим, мунун аягы эмне менен бүтөрүнө көзүм жетпей, казактан шыбырап сурадым:
– Бөкөндөр кайда?
— Тигил, кызыл мөмөлүү бадалды көрдүңүзбү?
— Көрдүм.
— Анын жанындагы, сол жактагы узун чөптү көрүп жатасызбы?
— Ооба, эми эмне кылыш керек?
— Мөмө-жемиштер менен чөптүн ортосун жакшылап караңыз. Элүү кадамдай жерде бутактай болгон бир нерсе чыгып турганын байкадыңызбы? Ал бөкөндүн мүйүзү.
Жакшылап карап, чындап эле бутакка окшогон нерсени көрдүм.
— Жакындап сойлоп баралыбы? – деп сурадым.
— Шамал жагынан бир аз айланып өтүш керек, антпесе алар жыт алып калышат. Башыңызды көтөрбөңүз, улуу урматтум, дароо байкашат!
Биз кайрадан сойлоп жөнөдүк, ушунчалык чоң айланма жасагандыктан, мен таптакыр алым кетип, бутумду араң тартып калдым.
– Жакындап калдык! – деди казак, – жүз кадамдай болот, андан ашпайт! Чөгөлөбөңүз, жатып, курсагыңыз менен сойлоңуз! Кудай үчүн шашпай кыймылдаңыз, мылтыктарыңызды жерге сүйрөп, ургулабаңыз!
Мен жерге жабышып, аңчы иттер сыяктуу сойлодум.
– Эмне, жакын калдыкпы?
– Тс-с! Акырын, ал башын көтөрдү, бир нерсени байкап калды көрүнөт... Кудай үчүн, тынч болуңуз... жакшы, эми убакыт келди!.. Мылтыгыңызды менин ийнимен ашырыңыз!..
Мен милтени басууга үлгүрө электе, бөкөн ордунан ыргып туруп, куюндай учуп талаага сызды. Жакын жерде жаткан башкалары артынан ээрчип, көздөн кайым болушту.
Казак экөөбүз бири-бирибизди аңкая карап, анан аттарды көздөй бастык.
– Ылдыйраак эңкейиш керек дебедим беле! – деди ал башын чайкап.
Биз жолго чыктык, көп өтпөй Репников (казактын аты ушундай эле) бөкөндөрдү кайрадан көрө койду.
Бул жолу мен жөрмөлөп олтуруп аларга сексен кадамдай жакындадым, бирок колдорум калтырап, чекемден ылдый шоргологон тер көзүмө кирип, жакшы көрө албай эки мүнөттөй мээледим, акыры ок чыгарып, тийгизе албай калдым. Бактыга жараша, бөкөн бизди байкабады; ордунан ыргып турду да, эки жагын каранып, кырк кадамдай басып барып, кайра жатып калды. Мен жаткан боюнча мылтыгымды октодум, атканга ылайыктуу жер издеп жакыныраак сойлоп бардым, бул жолу атаардан мурда көзүмдү бөкөндөн албай карап, бир нече мүнөт эс алдым. Мен анын чоң, кооз жонун карай ийилген кара учтуу мүйүздөрүн, өркөчтөй мурдундагы терең бырыштарын, бүлкүлдөгөн чоң таноолорун даана көрүп турдум.
Аткычакты жүрөгүм катуу түрсүлдөп, мага бөкөн аны угуп жаткандай сезилди. Белимдеги ача шыйракты алып жерге кададым. Анан абдан кылдаттык менен мылтыкты анын үстүнө арта салып, кундакты ийниме бекем кыстым. Мага анын башы менен моюну гана көрүнүп турган. Мен моюнду мээлеп, демимди кармап, милтени бастым.
Адегенде коюу түтүндөн эч нерсе көрүнгөн жок, ордуман туруп, айланамды карасам, бөкөн көрүнбөйт. Чуркап жөнөдүм, мойнуна ок тийген бойдон суналып жаткан бөкөндү көргөндөгү кубанычымды ким сүрөттөй алат: мээлегеним так тийген экен!
Казактар тез эле жаныма келип, бөкөндүн ичин жарып союшту да, этин ээрге эки бөлүп артып коюшту. Анын чоңдугу жапайы текедей ачык күрөң түстөгү, мүйүзүндө он алты шакекчеси бар болчу.
Бул олжого кубандык. Жолдун багытын күнгө карап тууралап, андан ары жөнөдүк. Мен кайрадан казактар менен сүйлөшө баштадым.
– Кыргыздар ооруну өзгөчө чыдамкайлык менен көтөрүшөт жана канчалык оор жарадар болсо да эч качан даттанышпайт дешкени чынбы?
— Ырас, бул чын, урматтуум, — деп жооп берди Репников. – Бая күнү бир кыргыздын кулагын тиштеп жулуп алсам, такыр былк эткен жок, иттин баласы!
– Кулагын чайнап салдыңбы! – кыйкырып жибердим. – Кантип?
– Ооба, түн ичинде айылдагы малды уурдап кетишкен. Андан бери эки жума болду. Сегиз кишини чогултуп, кууп жөнөдүк. Биз бир саат жүрдүк, эки саат жүрдүк, эч нерсе көрүнбөйт. Ал эми шор топурактуу жердеги издер даана түшөт, ката кетирүү мүмкүн эмес эле. Бул не шумдук! Эсебим боюнча биз аларды кууп жетүүгө убакыт жеткен. Алар издерине караганда шашпай бара жатышкандай, а биз саатына он беш миль ылдамдык менен чаап келатканбыз.
– Мындай, балдар, – дедим, – бул жерде кандайдыр бир сыр бар, алар тигил жактагы жарга барып жашынса керек. Аттан түшүп жөө жөнөгүлө, мылтыктарды даяр кармагыла, алар иттер, асканын артында жатышат деп ойлойм!
Айтканымдай эле аскага жете электе: “зз!..” деген үндү уктук да, жебе так менин бутума сайылды. Анан алар кыйкырып, асканын артынан биринин артынан бири чыга башташты, менимче, жыйырма бештей адам бар. Баарынын колдорунда найза, экөө соот кийип алыптыр! Жигиттер коркуп кетишти, бирок мен: "Коркпогула!" деп кыйкырып, бутума сайылган жебени сууруп ыргытып, атка секирип миндим. Бирөөнү мээлеп атып жибердим, бам! Бирөө тоголонуп түштү. Решетаев башкасын жайлады, алар, шылуундар, өзүбүз үчүн тура аларбызды көрүп, аттарын буруп, качып жөнөштү!
– Кана эмесе, бир туугандар! – дедим, – эми алардын артынан түшөлү!
Жигиттер ар кимиси ар кайсы шылуундун аркасынан түшүп, кубалап урушуп баратышты. Решетаев соотчондун артынан түштү. Жетип шапалак менен чапмакчы болгондо, капысынан ал буйтап, капталга бура тартты. Карасам, каракчы жеткизбей кетчүдөй, анын үстүндөгү сооту эле жүз сомдук болчу, ошондуктан мен аны кармап калууга аракет кылып алдын торой чаптым.
Анын аты жакшы экен, меники да мыкты. Биз чаап баратабыз, чаап баратабыз, бир кезде ал токтой калып, ат жалына эңкейди да, жебени түз эле менин атымдын кекиртегине атканда, ал байкуш ошол жерден сүрдүгүп барып сулады. Мен да тоголондум. Өкүнүчтүү иш болду, чынын айтсам атка боорум ооруду. "Каракчыны кетирбеш керек!" деп ойлодум.
Жигиттердин биринин атын алып, ал итти кубалоого камындым. Бирок ал кайда! Ордуман турганча ал бир чакырымдай узап кеткен экен, мен баарынын артында калыпмын. Карасам, ал бир калыпта, жебедей сызып барат. Решетаев барган сайын артта калып, ортодогу аралык барган сайын узарды. «Эх, кандай өкүнүчтүү, кетип калат!» дегиче, кудай жалгап анын аты мүдүрүлүп жерге сайылды, сыягы суурдун ийнин басып алды көрүнөт. Решетаев жигиттери менен жетип барып баса калып, колдорун толгоп байлашты, мен аттан секирип түшүп, ал кыргыздын жүзүн көргөндө, өлгөн атымды эстеп жиним кайнап, аны көздөй чуркап барып, кулагын тиштеп жулуп алдым...
Ушул жерден баяндоочу токтоп, колу менен көзүн күндөн калкалап, алысты карады.
– Охо, – деди ал, – бул жерде алар бир нече жүздөн кем эмес!
– Ким? – деп сурадым, – кыргыздарбы?
– Жок, бөкөндөр! – деди ал.
Чынында эле ал камчы менен көргөзгөн тарапты карап, бозоргон талаадан даана бөлүнгөн жашыл тилкени карай ар кайсы тараптан чубап келаткан көптөгөн ачык сары чекиттерди көрдүм. Алыстан Уралга куйган кичинекей суунун жээги жашыл тилке көрүнүп турган. Күндүн ысыгынан кыйналган бөкөндөр суусу бар жашыл өзөнгө шашып келаткан экен.
– Кандай дейсиңер? – деп сурадым, – жок дегенде бирди атып алабызбы?
– Жок,– деп жооп берди Репников, – эгер мурдарак барып чөптүн арасына жашынсак, балким, бир-экөөсү жакын келмек, бирок азыр ал жакка көрүнбөстөн жакындай албайбыз.
Бөкөндөрдүн саны аябай көбөйдү. Канчалык алыска көз чаптырбайын, чууруган үйүрлөрдүн аягы суюлчудай эмес. Айланабыздагы он версттик мейкиндикти эсепке албаганда, бүт талаа бөкөндөргө толо. Менимче, бул жерде бир нече миң бөкөн бар болчу.
– Эх, кандай байлык! — дешти казактар. – Көз көргөн менен тиш өтпөйт!
Андан ары көп өтпөй жуушап жаткан үйүргө кез келдик. Аны бизден мурда башка бир топ аңдып калышкандай, анткени бизден эки-төрт версттей аралыкта бөкөндөр жаткан дөңсөөнү атчандар этият айланып келатканын көрдүк. Бирок биз аларга караганда жакын элек, анын үстүнө шамал биз тарапка согуп жаткан. Мен аттан түшүп эңкейип, жөргөлөмөкчү болгонумда, бөкөндөр сезип, дароо дыр коюшту. Берки тараптын мергенчилери алардын жолун торой чаап, биз арт жагынан кууп, алар эки тараптын ортосунда камалып калышты.
Биз алардан бир топ алыс болчубуз, аларды кууп жетебиз деген үмүтүбүз да жок эле, бирок дөңгө жашынган мергенчилер алардын алдынан тосууга жетишти. Үйүр токтоду, биз алардын будуң-чаң боло түшкөнүн байкадык. Алдыда чуркап келаткан карт теке жалт берип каптал жакка секирмек болгондо мергенчилердин бири аттан секирип түшүп, турган жеринде тоголото атты. Бул казактарды таң калтырды, алар дайыма жерге жаткан абалда, мылтыктарын эки буттуу шыйрактарга такап атышчу.
–Жигит! Жигит! – деп кыйкырып, бири-бирин карап калышты, бул алардын молодец, молодец! – дешкени экен. Бул жерден татар тилин чек арадагы кыштактардын казактары дээрлик орус тилинен кем эмес колдонгонун жана коштоочуларым да ал тилде сүйлөшкөндөрүн байкагам.
Биз тигил мергенчилерге барып, биздин бөкөндү салыштырып, алар аткан бөкөн меникинен бир топ чоң экенин аныктадык. Ал ортодо күн абдан ысып, суусаганыбызды сезип, чатырларыбызга кайтууну чечтик.
Бөкөндү аткан мергенчи жолдон суур атып алыптыр. Жанындагы калмак аны көрүп дароо аттан түштү.
– Бул эмне, эркекпи же ургаачыбы? – деп сурады жолдошум.
– Эркек, урматтуум! – деп жооп берди калмак баш кийимин колуна алып.
Биз чын жүрөктөн күлүп, суурдун күлкүлүү денесин көргөн адам да борсулдап күлдү.
– Көрдүңүзбү, урматтуум! – деди мага Репников, – калмак суурду алып барып жейт. Булар ушундай эл, – кыргыздардан да жаман, ар кандай жаман нерселерди жешет, анан да өздөрүн христианбыз дешет!
Жакында эле кыргыздын кулагын тиштеп алган казак жийиркенип жерге түкүрдү.
Мен дагы бир топ алыс аралыкта отурган каракушту, бүркүттүн бир түрүн атып, жигит деген наамга ээ болдум. Анын канат-куйругун биз менен чогуу жүргөн башкырлар жебелерине жабыштыруу үчүн дароо жулуп алышты.
Бир топ жол жүргөндөн кийин биз алыстан чатырларыбызды көрдүк, алар менен бирге бизге укмуштуудай жана болуп көрбөгөндөй кооз көрүнүш көз алдыга тартылды. Күн күйгөн талаанын ордуна Көк-Таш көк аскасынын этегинде жарды да, анын жанындагы чатырларды да жаркыраган күзгүдөй чагылдырган кооз көл чалкайып жаткан.
– Бул кайдагы көл? — Мен таң калып сурадым: – Же бул биздин чатырлар эмеспи?
– Биздики! – деп жооп беришти казактар күлүп. – Бул көл эмес, мираж, алдамчы элес.
Алардын түшүндүргөнүнө карабастан, мен болгону элести көргөнүмө ишене албадым. Мага суу бетиндеги ар бир көз ирмемде кубулган түрдүү түстөрүн, андагы чагылышкан булуттардын даана өзүн көрүп жаткансып сезилди. Мен түз эле чатырлар тарапка жөнөдүм, бирок жакындаган сайын суу уламдан тунук тартып, булоолонгон бууга айланып, акыры таптакыр жок болуп кетти.
Чатырларда биз үчүн даамдуу тамак даярдалыптыр, бирок биз чай ичүүнү туура көрдүк. Үстүмдөгү кийимдин кургак жери калбай сыгып алма, терге чыланып, ал тургай күндүн ысыгы көлөкөдө да отуз градустан ашканына карабай, он бир стакан ысык чайды кандай ырахаттанып ичкенимди эч качан унутпайм.
Күндүн калган бөлүгүн бекерчилик менен өткөрдүк. Чачылган топтор биринин артынан бири кайтып, бирок башкырлар талаадан олжолорун жүктөнүп, кечинде гана келишти. Көпчүлүгүнүн артынган эки-үчтөн бөкөндөрү бар. Ошол күнү бардыгы болуп элүүдөн ашык бөкөн атылыптыр, а биз баарыбыз кырк эле киши элек.
Оренбургдук мергенчилер чарчагандыктан, ошол эле күнү кечинде конушка кетишти, бирок мен дагы бир күнү казактар менен аң уулоо үчүн калдым.
Түнү бою чатырдын алдында биз алып келген куураган чөп менен чырпыктар жагылып, от өчкөн жок. Казактар сакчылары маал-маал бири-бири менен кыйкырышып үн алышканы угулат. Чатырдын төбөсүндөгү тешигинен жымыңдаган жылдыздар көрүнүп, бирок алардын поэтикалык жарыгы да, чатырап күйгөн оттун үнү да, казактардын кыйкырыктары да терең уйкуга кетишиме тоскоол болгон жок. Өлгөн немедей уктап, күн көтөрүлүп, ууга чыгууга убакыт келгенде гана ойгондум.
Репников жана анын жолдоштору бул жолу мени башка тарапка алып барышты. Кайрадан миңдеген бөкөндөрдү көрдүм, дагы бир жолу талаанын ажайып сулуулугуна, сансыз элестерине суктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бирок биз өткөн жерлер кечээгиге караганда башкачараак болчу. Адырлары бийик, ойдуңдары терең, кээ бир жерлерде яшма аскалардын сыныктары көгүш, темир рудалары бар жерлердин топурагы кызыл түстө эле. Бирок сейрек чыгып күйүп кеткен чөптөрдү эске албаганда, биз кечээ да, бүгүн да эч кандай өсүмдүктөрдү көрө алган жокпуз.
Узак жол жүрүп, көптөгөн майнапсыз аракеттерден кийин мен сойлоп барып бир бөкөн аттым. Казак жарадар кылган экинчисин да кууп жетип атып алдык. Бул олжого ыраазы болуп, үйгө кайтып келатканыбызда, алыстан чоң үйүрдү көрдүк. Репников ал тарапка бир нече секунд карап туруп, атына камчы салып, такыр башка тарапка чаап жөнөдү: «Менин артымдан калбагыла!».
Терең коктунун таманына түшүп, жолдо жаткан чоң учтуу таштарга көңүл бурбай, катуу ылдамдыкта чаап бараттык. Тар коридорго окшогон кокту адегенде оңго, анан солго бурулуп, акырындап жапыздап тегиз тартып, акырындык менен кенен талаага кошулуп кеткенсиди. Репников бизге аттарыбыздан түшүп, мындан ары анын артынан мүмкүн болушунча эңкейип жөө чуркоону буйруду.
Ошентип жүрүп аскага жеттик, эми анын аркасына жашынып жатып, алаканга салгандай көрүнгөн талааны ээн-эркин карап турдук. Репников күткөндөй болду. Эки мүнөткө жетпей бөкөндөр пайда болуп, түз эле бизди көздөй чубады. Алардын алдында маңдайында күнгө тунук алтындай чагылышкан назик сары түстөгү лира сымал чоң мүйүздүү сулуу теке баштап келет. Аңгыча ал коркунучту сезгендей, кең таноосун бүлкүлдөтүп, башын өйдө көтөрүп токтой калды.
Демибизди басып, мылтыктарыбызды октодук. Алтымыш кадамдай жердеги үйүр асканын тушуна келгенде мен мээлеп, алдыңкы бөкөндү аттым. Ал тоголонуп барып, төрт буту асманды карады. Бүт үйүр дүрбөлөңгө түштү, коюу чаң көтөрүлүп, аны бир мүнөткө жашырды. Казактар да качкан үйүргө ок чыгарып, бирок тийгизе алышпады. Кош ооз мылтыгым октолуу болчу. Ийгиликтен үмүт кылбасам да, удаа-удаа ок чыгардым. Үйүр чуркай качып, бирок бир бөкөн башкаларынан бөлүнүп, башка жакка чуркап жөнөдү. Ал тез чуркаган менен улам-улам мүдүрүлүп бараткан.
– Жарадар болду, кубалайлы! – деп казактар чурулдап жиберишти.
Аттарыбызга минип, атып алган бөкөндү алып кетүүгө бир казакты калтырып, жарадар болгонун кууп жөнөдүк. Көп өтпөй аны да кууп жеттик, Репников анын капталынан чыгып, камчысы менен бир согуп, оңкосунан түшүрдү.
Бул окуя ага башкырлар менен кыргыздар күзүндө карышкырга кандай ууга барарын айтып берүүсүнө себеп болду. «Кыламык кар түшөрү менен, — деп баштады ал аңгемесин, — карышкырдын изине түшүп аттанып чыгышат. Жолго чыккандан кийин, алар жырткычты көргөнгө чейин бара беришет. Ал көрүнөрү менен тегеректеп, кууп жөнөшөт. Адегенде кашаба тез чуркайт, кээде көздөн кайым болуп көрүнбөй да калат, бирок бара-бара чарчап, улам токтоп, кылчактап мергенчилерди карайт. Ошентип элүү чакырымга жакын жол жүрүшөт. Акыры карышкыр алдан тайып, тилин салаңдатып, баспай калат. Аңчылар анын жанына жетип, камчы менен чаап алышат. Мурдуна урулган сокку эң ишенимдүү болуп эсептелет».
Кыргыздар жөнүндө талаа, мергенчилик тууралуу сүйлөшүп олтуруп, чатырларыбызга жетип келдик. Көп өтпөй башка мергенчилер да кайтып келишти, жакында эле өйдөкү бийлик тараптан келген командир жатакка отуз жаңы казак менен келгендиктен, бул жолку олжонун саны да алда канча көп болду. Аңчылыкты кечээгиден эрте аяктаганыбызга карабай, жүздөн ашуун бөкөн атыптырбыз.
Биздин түшкү тамак көбүнчө бөкөндүн этинен эле. Эти абдан даамдуу, козунун этине бир аз окшош, бирок мен аны жеген сайын жийиркеним жаттым. Бардык бөкөндөрдүн жондорунда терисинин астында чоң ак курттар болот экен; бул жерлерин кылдаттык менен кесип салышканы менен, алар жөнүндөгү ой соуска да, куурдакка да өзгөчө даам кошкон жок. Бул курттар кээ бир курт-кумурскалар алардын жүнүнүн арасына таштаган жумурткасынан чыгат экен. Биз сыйырган бардык терилер бытыра тийгенсип тешилип калганын көрдүк, бирок кышында бөкөндөрдө мындай курт болбойт дешти.
Түшкү тамактан кийин башкырлардын арасында жаа атуу, күрөш жана күч сынашуулар башталды. Мен элүү кадам аралыкта татар калпагын жебе менен теше алдым, бирок бул кокустуктан атылган октон кийин мен жаңылыштыктарга жол берген жокмун. Эптүүлүк менен күч-кубатты талап кылган кармашта башкырлар мени казактарды жыккан сыяктуу эле оңой жыгып алышты. Бирок күч сынаашууда, мен аларды бир нече жолу жеңдим, алар мени жигит деген наам менен сыйлашты.
Түн киргенде баарыбыз ат менен Сухореченский чебине бардык. Казактар ырдай башташты, алардын үнү бир да жаңырык менен кайталанбай, кучак жеткис кең мейкиндиктерге сиңип жок болду... Бул ырлар бирде терең кайгыруу сезимин ойготсо, бирде кажыбаган кайраттуулукка чакырык таштап, мезгил-мезгили менен кайталангыс кубаттуу сөздөргө айланып турду… Бул учур бардык майда-чүйдөсүнө чейин эсимден кетпей сакталып калды.
Азыр да күнү бүгүнкүдөй жылдыздуу асманды, ачык деңиздей талааны көрүп турам. Азыр эле айтылып жаткансыган сөздөр кулагымда жаңырат:
Кудайым мекен үчүн жашап, кызмат кылганга,
Насип кылгын, керек болсо жанды аябай кыйганга!
Уралдан өтүп бараткандагы аттардын бышкырып, кишенеген үндөрүн, үзөңгүлөрдүн бири-бирине тийип шыңгыраганын, суунун шарпылдап аккан добушун угам...
Эртеси биз көчмөндөрдүн конушуна кайтып келдик. Мурунку тынч жашообуз бута атуу, сууда сүзүү, түгөнгүс карышкыр уулоо кайрадан башталды.
<1842>
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.