Балдарга окуп берүү үчүн маани катылган жомоктор
Баланы айлансындагылар менен достошуп, сылык-сыпаа болууга, башкаларды кунт коюп угуп, сезимтал болууга, өз каалоолорун башкара билүүгө кантип үйрөтсө болот? Албетте, бала үчүн мыкты үлгү дайыма ата-энелеринин кылган иш-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү. Бирок айрым учурда маанилери ичинде катылган жомоктор жардамга келет.
Тил албаган, кээде жалкоо же өтө эле тентек балдар, же жаныбарлар жөнүндөгү жомокторду окуган балдар өздөрүн сырттан карап, көп нерсени түшүнүп, жакшы жакка өзгөрүшү мүмкүн.
Жомоктор эмгекчилдикке, тыкандыкка, өзүн-өзү башкара билүүгө, сылыктыкка, сезимталдыкка үйрөтөт.
Балдар үчүн кыска жомоктор
Зыянкеч манжалар
Илгери-илгери бир бала болуптур. Анын акылдуу башы, абдан кайгылуу көздөрү жана сүйлөшө билген манжалары бар экен. Манжалар дайыма: "Жасай албайм, каалабайм, билбейм, жаман көрөм, кармай албайм" дешчү. Ошентип алар эч нерсе кылышчу эмес.
Көчөгө чыгарда колкап кийиш керек болгондо же көчөдө ойноп келгенден кийин колду жууш зарыл учурларда манжалар "Жасай албайм, каалабайм, билбейм, жаман көрөм" – деп баш тартышчу. Ошондуктан бала дайыма кир, ачка, үшүп жүрөр эле.
Акылдуу баш көпкө ойлонду да, манжаларга: кел мындан кийин: “Жасай алам, каалайм, билем, жакшы көрөм” деп үйрөттү. Манжалар аракет кылып: “Жасай алам, каалайм, билем, жакшы көрөм”— дегенди бат эле үйрөнүп алышты. Ошондо баланын көздөрү да күлүңдөп, көңүлдүү боло түштү. Көрсө, акылдуу баш манжалар бардыгын жасап турса, көздөрүңдө дайыма кубаныч болот тура...
Автору Мария Дубинина
Жалкоо бала
Илгери бир заманда Леня деген бала жашаптыр, ал аябагандай жалкоо экен. Ал ары-бери жүгүрүп, секирип ойногондон башка эч нерсе кылгысы келчү эмес. Ошондуктан анын колу-буттары баланын жашоосунда эң керектүү, эң маанилүү экенбиз деп чечишти. Бир жолу Ленянын колу-буту аны укпай, өз билгендерин жасайт. Буттары Леняны дивандан алып түшүп, туш келди жүгүрттү, а колдору Леняга көзгө чалдыккан буюмдарды карматып, ыргытып, мышыктын куйругун толгоп, шкафтагы кийимдерди туш келди чачтырды.
Дүкөнгө барып келген апасынын көзү чанагынан чыгып кете жаздады:
– Леня, бул эмне кылганың?
Леня ыйлап жиберди:
– Апа... апа... эми эмне кылам?! Колу-бутум мени укпай калды. Мен баарыңарга жардам кылгым келет! Тилиңерди алып жүрөйүн! Мен эмне кылышым керек?!
Апасы Леняны кучактап бетинен өптү да мындай деди:
– Сенин күчүңдү, Леня, пайдалуу иштерге багытташың керек, өзүңө да, башкаларга да пайдалуу иштерге! Ошондо колу-бутуң айтканыңды аткарат!
Анда Леня мындай дейт:
– Апа, келчи, сенин баштыгыңды ашканага жеткизип, андагы тамак-ашты иреттешейин!
Ошол жерден буттары Леняны алып жөнөдү, болгондо да туура багытка бурулушту, колдору да шыпылдап апасына жардам беришти.
– Апа, кел, мен идиштерди жууп коёюн!
Апасынын сүйүнгөнүн айт. Леня чачылган кийимдерди жыйнады, оюнчуктарын ордуна койду, идиш аяктын баарын жууду, бирок чарчаган жок!
Эми баары ордуна келди. Мышык да жашынган жеринен чыкты. Леняга бардыгы аны урушкандын ордуна мактап жатышканы аябай жагымдуу эле. Андан кийин Леня жалкоолугун таштады, атасы менен апасынын айтканын угуп, мышыкты да таарынткан жок.
Автору В.Скрипник
Тынчы жок бала жана сыйкырдуу таякча жөнүндө жомок
Кайсы бир өлкөдө, кайсы бир шаарда кичинекей бала жашаптыр. Анын ысымы ким экени эсимде жок, бирок аны баары Тынчыжок деп чакырышчу. А эмне үчүн дебейсизби? Анткени, ал дайыма бир орунда туралбай тыбырчылап, бир карасаң бир нерсе жасай баштайт, бирок баштаган ишинин аягына чыкпай, секирип ойноп кетчү. Буттары бирөөнү кубалап жүргөнсүп чуркап жүрсө, а колдору бир нерселерди кармалап, улкуп-жулкуп, тарткылап, ыргыткысы келчү. Кээде бир нерселерди сындырып да жиберчү.
Ушинтип күндөр өтө берди... Бир жолу Тынчыжок асфальттын бетине сүрөт тартмакчы болду. Колдору сүйүнүп турду, а буттары нааразы болду. Ошондо ал арыктагы суудан секирип ойной баштады. Буттары кубанып, ал эми нааразы болгон колдору кайра артка тартты. Бала олтургучка олтуруп ыйлап жиберди.
Жанында аксакалы жайкалган карыя олтурган.
– Эмне себептен ыйлап жатасың? – деп сурады.
Тынчыжок өз көйгөйүн айтып берди. Аны уккан карыя мындай деди:
– Сен өз денеңди башкарышты үйрөнүшүң керек. А бул таякча сага жардам берет. – Ал жерден бир бутакты алып кабыгын аарчып тазалап, балага карматты.
– Колуң же бутуң сага баш ийбей калганда бул таякчаны ага тийгиз да минтип айт: “Колу-бутум эс алгыла, жүгүрбөй тынч тургула. Мени уккула, күч бирдикте!”
Бала карыяга рахмат айтып, үйүнө чуркап кетти. Үйгө барганда ал көптөн бери баштап, бүтүрө албай жүргөн апасынын сүрөтүн тарта баштады. Ал бүгүн сүрөттү тартып бүтөрүнө ишенип турду, анткени анын сыйкырдуу таякчасы бар эмеспи. Бирок ал олтурар замат буттары тыбырчылап секирип, чуркагысы келди. Бала таякчаны алып, терең дем алды. Сыйкырдуу таякчаны буттарына тийгизип, сыйкырдуу сөздү айтты да, кыймылдабай олтуруп сүрөттү тартып бүтүрдү. Апасы уулунун белегине аябай ыраазы болду.
Эртең менен Тынчыжок ооруп жаткан чоң энесин көрүп, анын ал-акыбалын суроо үчүн жүгүрүп барды. Чоң энеси небересинен огордогу жашылчаларды отоп берүүсүн суранды. Жаңыдан иштей баштаганда эле колу-буту адатынча укпай башташты. Бала сыйкырдуу таякчасын алайын десе, кашайып аны үйүнө калтырып келиптир.
Тынчыжок капа болду, бирок чоң энесине аябай жардам бергиси келген. Ал өзүнө мындай деди: “Мен аягына чейин чыгам. Сыйкырдуу таякчасыз деле бүтүрөм. Мен сөзсүз бүтүрүшүм керек”.
Ал кызуу киришти, кантип огороддун аягына чыкканын билбей да калды. Чоң энеси ыраазы болуп, таттуу токоч менен чай берип алкышын айтып, батасын берди. Тынчыжок чоң энесине жардам берген үчүн гана эмес өзүн-өзү жеңгенге жетине албай сүйүндү. Мындан ары ал сыйкырдуу таякчасыз эле өзүн башкара алат!
Автору Е.Трифонова
Шок аары
Бул дүйнөдө Майя деген кичинекей аары жашаган экен. Ал бардык кичинекей балдардай шок жана тил албаган тентек эле. Эртең менен ал уюктан учуп чыгып күн нуруна киринген түркүн-түркүн гүлдөргө конуп учуп, аарыларга бал жасоо үчүн абдан зарыл болгон чаңчаларды желекчелеринен күбүп салчу. Чоң аарылар аны бул кылыгы үчүн урушчу, ал эми Майя өз кезегинде аларга мындан ары андай кылбайм деп убада кылып, бирок бул убадасын тез эле унутуп койчу. Эртеси эртең менен баары кайталанчу.
Бир жолу күн эң бир сонун жаркырап тийип, айланада түркүн кооз гүлдөр тегиз ачылган таңдардын биринде Майяны аарылар анын тентеги үчүн жазалап, талаага чыгарбай коюшту. Майя аябай капа болду, анткени мындай татынакай таңда талаадагы гүлдөр өзгөчө кооз болчу да. Майя эмне кылышты билбей көп жашап, көптү билген Эне аарыга кайрылып, аарылар эмне үчүн аны жазалашканын түшүнбөй жатканын айтты.
Эне аары анын тентектиги аарылардын үй-бүлөсүнө көп зыян алып келерин түшүндүрдү. Көрсө, ал жакшы көргөн гүлдөрдө аарылар бал даярдоого эң керектүү чаңчалар болот тура. Майя ошол чаңчаларды күбүп салып, эң баалуу чаңчалар бекерден бекер шамалга учуп жок болот тура. А эгер гүлдөр тегиз гүлдөп жаткан убакта аарылар көп бал даярдап алышпаса, кышында жегенге тамак-ашсыз калышат экен. Майя чоң эненин айткандарын угуп коркуп кетти, мындан кийин ал жоругун кайталабайм деп чечти.
Майя эне аарыга рахмат айтты да, кечинде аарылардын келишин чыдамсыз күттү. А кечинде аларга тентектигин коём деп убада кылып, эртең аны талаага кошо ала чыгып, алар менен чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүлөрүн суранды. Эми ал аарыларга эң баалуу чаңчаларды чогултуп, үй-бүлөсүнө зыян эмес, пайда алып келүүнү каалап турду.
Эне аары ага:
– Бир нерсе жасардан мурда өзүңдөн дайыма сурап жүр: “Муну кылсам эмне болот? Эгер мындай кылсамчы... Бул сыйкырдуу сөздөр сага жардам берет”, — деп үйрөттү.
Майя эне аары айткандай кылып көрсө, чынында эле ал баштагыдай туура эмес иштерди жасабай калды. Анткени сыйкырдуу сөздөр туура эмес иштерди үркүтүп жиберчү. Анын тентектиги эмнеге алып келерин элестеткенде – ал андан дароо баш тартып, пайдалуу иштерди жасай баштачу. Ошентип шок аары үй-бүлөсүнүн керектүү мүчөсүнө айланыптыр.
Авторлору Н.Лобанова, Н.Серикова
Ат менен эшек тууралуу икая
Ат менен эшек базардан кайтышат. Жүктүн көпчүлүгү эшекке жүктөлүп, ат жүгү кыйла жеңил эле. Жарым жолду басып өтүштү. Эшек чарчап, акактап араң басып калды.
— Капа болбосоң, – деди ал атка, – мага жардам бер. Жүктүн жарымын алчы!
Бирок ат анын айтканына кулак салган жок, жадакалса жооп бергенге да жарабады. Дагы бир аздан кийин эшек жалдырап жиберди:
– Жардам берчи! Мен баспай калдым, бышылдап-кышылдап күйүгүп калганымды көрүп жатпайсыңбы!
Ат бурулуп аны шылдыңдай карады да мындай деди:
– Макул, айтып калдың, жардам кылайын. Сен жүгүңдү көтөрүп баса бер, мен сен үчүн бышылдап-күшүлдөйүн.
Дагы бир аздан кийин алы-күчүнөн тайган эшек баса албай жыгылып калды.
– Тур, тура гой, кымбаттуум! – деп кожоюндун жалынганына карабай эшек тура алган жок.
Кожоюн эшектин жүгүн түшүрүп, атка жүктөдү.
Эми эс алып алган эшек кыдыңдап ээрчип алды, ат бышылдап-күшүлдөп өз жүгүнө эшектин жүгүн кошуп көтөрүп, бутун тарта албай араң келатты.
Көрсө “Бириң баш болсоң бириң аяк бол, бириң куйрук болсоң бириң канат бол” – деп элде бекер айтпайт тура.
Баланын суроосу тууралуу икая
Бир уста базарда дайыма өзүнүн жасаган буюмдары менен мактанар эле. Эл чогулуп, ал жасаган калкан менен кылычты карап өтүшчү. “Бул дүйнөдөгү эң мыкты калкан, аны эч нерсе тешип өтө албайт, ал эми бул найза дүйнөдөгү эң курч найза, ал кандай катуу нерсе болсо да тешип өтөт”, – деп кайталачу чебер уста.
Бир жолу кичинекей бала ага суроо берди:
– Эгер сен жасаган найза менен сенин калканыңды сайса эмне болот?
Чебер уста эмне деп жооп беришти билбеди. Унчукпай калды. Ошондон кийин ал мактанганын койгон экен.
Дарылоо тууралуу икая
Токойдо улгайган токойчу жашоосун ойлоп, ыйламсырап баратты. Удаа-удаа кырсык чалып, дегеле иши оңунан чыкпады. Кайда карабасын – оору менен кайгы!
Кудайга кайрылып кайсы жазыгы үчүн аны ушундай тагдырга туш кылганын сурагысы келди. Аңгыча тоңкулдакты көрүп калды. Ал карагайды учтуу тумшугу менен такылдатып тешкилеп жаткан эле.
– Аясаң боло! Ооруп жатат! Жетишет! – деп суранып жатты карагай.
– Эгер азыр учуп кетсем, – деп каршы болду тоңкулдак, – мен сенин денеңден терип жеген курттар сөңгөгүңө жетсе, эртең эле куурап каласың.
Муну уккан токойчу күлүп жиберди. Ал өзүнүн оор тагдыры тууралуу Кудайга берер суроосун бербей калды. Ал анын жообун тапкан: ага келген сыноолор анын келечеги үчүн болуп жатыптыр көрсө.
Чеберин насааты тууралуу икая
Карандаштарды кутучасына салар алдында ага карандаш жасаган чебер мындай насаат айтты:
– Дүйнөгө сапарга чыгар алдында сен беш нерсени билишиң керек. Ал сага туура жашооңо жардам берет.
Биринчиден, сен көп нерсени жасай аласың, бирок бирөөгө өзүңдү колго алууга мүмкүндүк берсең гана.
Экинчиден, маал-маалы менен сени учтап турушат, сен ошол учурда катуу ооруну сезесиң, бирок бул сага сөзсүз керек.
Үчүнчүдөн, сен кетирген каталарыңды оңдоого мүмкүнчүлүгүң болот.
Төртүнчүдөн, эсиңде болсун, сенин эң маанилүү бөлүгүң, – ар дайым сенин ичиңде.
Бешинчиден, кандай жерге барбагын, ар дайым артыңдан из калтыр, анткени сен ошол үчүн жасалгансың.
Карандаш баарын түшүнгөн соң, чебер аны кутучага салды.
Алтын тыйын тууралуу икая
Бир жигит жолдо бара жаткан. Караса – тыйын жатат. “Эмне экен, –деп ойлоду ал, – бир тыйын болсо да акча!” Тыйынды алып курундагы капчыгына салды. Жолдо кыялдана берди: “Эгер миң сом таап алсам эмне кылат элем? Атам менен апама белек сатып алмакмын!” Ушинтип ойлонор замат капчыгы салмактана түшкөнүн сезди. Ачып караса, капчыгында миң сом жатыптыр.
“Кызык иш!” – таңгалды жигит. – “Бир тыйын миң сомго айланды! А эгер он миң сом болуп калса кантер элем? Анда уй сатып алып атам, апам үчөөбүз сүтүн саап ичмекпиз!” Айтар замат капчыгын карады: – Оо, шумдук! Чын эле он миң сом пайда болуптур!
“Укмуш!” – деп сүйүнүп кетти жигит. – “А эгер жүз миң сом тапсам эмне кылат элем? Үй сатып алмакмын, үйлөнмөкмүн, жаңы үйгө ата-энемди көчүрүп келмекмин!”
Ал кайрадан капчыгын карады. Мына сага: жүз миң сом! Капчыгын жаап жатып жигит ойлоно калды: “Балким ата-энемди жаңы үйгө алып келбей эле койсомбу, кокус алар келинчегиме жакпай калышсачы? Мейли, эски үйдө эле жашай беришсин. Уйду да багыш кыйын, аларга эчки эле алып берейин. Белектин деле аларга кереги жок, андан көрө колуктум экөөбүз жакшылап кийинип алганыбыз оң...”
Жигиттин капчыгы жеңилдей түштү! Ачып караса, ал жерде бир тыйын жаткан экен...
Ажыдаар өстүргүч тууралуу икая
Бир жигиттин бул дүйнөдө баарынан жакшы көрүп самаган максаты ажыдаарды багынтып, аны колго багып үйрөтүү эле. Бир жолу ал каалаган илимди окутар окуу жайы барын билип, ата-энесине ошол окуу жайга жиберишин суранды. Жигит “Ажыдаарлар мектебинде” бир нече жыл окуп, ажыдаарлар тууралуу бардыгын билип чыкты: алардын өзгөчөлүктөрүн, кыймыл-аракеттерин, жеген тамактарын жана аларды кантип баш ийдиришти мыкты өздөштүрдү.
Акыры окуусун аяктап туулган айылына келди. Эми ал бул дүйнөдөгү кандай ажыдаар болсо да жеңип чыкмак! Бирок... турмушуң кургур! Айылда, дегеле бул дүйнөдө бир да ажыдаар жок болчу! Ал өмүр бою бир да ажыдаарды жолуктурган жок! Башка эч нерсе жасаганды үйрөнбөгөндүктөн ал жакырчылыкта, эч нерсеге жетишпей жүрүп күн өткөздү. Ал адамга пайда алып келер илим гана жакшы экенин түшүнгөндө кеч болуп калган эле.
Ким бай?
Бир жолу бай адам өз уулун айылга ала барып, бул жашоодо кедейлердин жашоосун көрсөтмөкчү болду. Алар күнү-түнү фермадагы эң жакыр адамдардын арасында болушту.
Үйүнө кайтып келгенде атасы суроо узатып, саякаттын жаккан, жакпаганына кызыкты.
– Аябай жакшы болду, ата! – деди уулу.
– Ал жерден эмнени көрдүң, уулум?
– Биздин итибиз бирөө эле болсо, аларда – төрт чоң дөбөтү бар экен. Биздин бакчабызда бассейн бар, а аларда чексиз деңиз көрүнгөн булуң бар экен. Биз түнкүсүн бакчабызды лампочкалар менен жарык кылсак, аларга ай, жылдыздар нурун төгүп турду.
Атасы мындай жоопту күтпөгөндүктөн сүйлөй албай туруп калды, а баласы минтип кошумчалады:
– Ата, сага ыракмат, сен мага бул дүйнөдө кандай бай адамдар болорун көргөздүң.
Падышага даярдалган белек
Илгери-илгери баласы жок падыша хан сарайга мураскор кылыш үчүн жетим бала багып алгысы келди. Ал бир шаарда беш жетим барын билип, ошолордун бирин өзүнө мураскор кылмак болот.
– Силер падышага жакшы жагыңарды көргөзүп, болгон талантыңарды ачып бергенге аракет кылгыла, – дешти улуу адамдар балдарга.
Ошондуктан балдар падышага колдон келген белектерин камдашты. Бир бала жыгачтан оюп ар кандай кооз буюмдарды жасачу, ал падышага тактай бетине сүрөт түшүрүп бармай болду. Дагы бири жакшы ырдап, скрипкада ойночу, ал жакшы музыкалык номер даярдап жатты. Үчүнчү бала фокус көргөзүүгө камданды, төртүнчү бала падышаны билими менен таңгалтырууну чечти. Ал китептерди жыйнап алып баш көтөрбөй окуп, падышанын суроосуна такалбай жооп берүүнүн камында болду. А бешинчи баланын падышага көргөзөр өнөрү жок болчу. Ал атканада атчыга жардам берип иштечү, ал өзүнөн эч кандай таланттын белгилерин таба алган жок.
Күндөрдүн бир күнүндө падыша жакыр адамдардай кийинип шаарга чыкты. Ал шаарда бир күн бою аралап жүрүп, кечке жуук шаар четиндеги үйдүн дарбазасына токтоду.
– Атыңыз суусаптыр, – деди дарбазаны ачкан бала.
– Өзүңүз да чарчаптырсыз. Эс алып алсаңыз ашыкча болбойт. Шаардан издегениңизди таптыңызбы?
– Жок, – деди падыша. – Балдардын мени менен сүйлөшкөндөй убактылары болгон жок. Бири жыгачтан оюп сүрөт тартып жаткан экен, аны бүтүрө албай калгандан коркуп шашып жатыптыр. Дагы бири ырын жаттап, үчүнчүсү китептен башын албай окуп жатты. Аларга атанын кереги жок, алар өздөрүн падышага көрсөткүлөрү келет...
– Мен сиздин келбетиңизден тааныдым, улуу урматтум! – деди бала, – Атыңызга жем-чөп камдап койдум.
Ошол ак көңүл бала падышага бала болду, анткени анын белеги бардыгынан кымбат эле...
Эң жогорку баа тууралуу икая
Бир жолу зергер буюмдарын саткан дүкөнгө кичинекей кыз келип, бирюзадан жасалган шуруну сатып алгысы келгенин айтты.
— А сенин акчаң барбы? — деп сурады дүкөнчү.
— Албетте, менде көп акча бар, — деп жооп берген кыз кутучадан бир нече жез тыйынды дүкөнчүнүн алдына төктү да, мындай сөзүн улантты: — Бүгүн эжемдин туулган күнү. Апабыз каза болгондон кийин бизге кам көрүп жүрүп, өзүн караганга караманча убактысы болбоду. Бул көгүлтүр шуру анын көздөрүнө окшошуп, жарашып эле калмак.
Дүкөндүн кожоюну боорукер адам эле. Ал жетимдерге жардам көрсөткүсү келди: ал шуруну кооз кутучага салып, кызыл тасма менен байлап кызга карматты.
Кечинде дүкөнгө толкунданып алган кыз кирип келди.
— Айтыңызчы, менин сиңдиме шуруну сиз саттыңызбы? Бизде муну сатып алгыдай көп акчабыз жок. Бул канча турат? Биз мындай шуруну сатып ала албайбыз!
– Менин дүкөнүмдөгү кандай буюм болбосун анын баасы – бул ар дайым кардар менен менин ортомдогу купуя сыр, – деп жооп берди кожоюн.
Бирок кыз талап кыла бергендиктен, кожоюн мындай жооп берди:
— Ал эң бийик бааны берди… Сиз жесир аялдын үлүшү тууралуу уксаңыз керек? Сиздин сиңдиңиз чоң адамдардын кимисинен болсо да көп төлөдү: ал колдо болгонун баарын берди.
Икаялардын автору Ольга Клюкина
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.