АҢГЕМЕ
Небак эле түн кирген, а мен дагы эле тоодо, шамалдуу, муздак туман баскан белде адашып жүрөм, жетегимдеги суу болгон жүнү бири-бирине чапташып, чарчаган атым бош ооздугун шылдыратып буттарын илең-салаң шилтейт.
Күүгүмдө, карагайлуу токойдун этегинде бул жылаңач, таштак бел башталган жерде эс алып, алдымдагы чексиз тереңдикке ар дайым бийиктен караганда пайда болчу өзгөчө сыймык, күчтүү сезим менен карап турдум.
Алыстагы тар булуңдун жээгиндеги караңгы түшүп бараткан өрөөндөгү, чыгышты көздөй барган сайын кеңейип, тумандуу көгүлтүр дубалдай көтөрүлүп, асман жарымын кучагына алган отторду дагы деле көрүүгө болот.
Бирок тоолордо түн кирип баратты. Караңгы тез эле түшүп, токойго жакындадым. Тоолор барган сайын карарып, сүрдүү тартып, бороондуу шамал айдап түшкөндө тытылган жүндөй самсаалаган жөө туман ылдамдык менен кокту-колотторду толтуруп, ээлей баштады.
Чокуларды курчаган суйдаң туман кыр ылдый куюлуп түшүп, тоо боорундагы жолдун алдындагы үңүрөйгөн жардуу капчыгайдын тереңдигин арттырып жибергенсийт.
Тигине, тумандын буусунан улам түтөгөнсүгөн токой мени көздөй карагайлардан чыккан күңүрт, терең, шуулдаган үнү менен кошо жакындап келет. Шамалдап жааган кардан кыштын таза, муздак илеби сезилет...
Караңгы түндө шамалдан башымды ийниме катып, туман баскан шуулдаган тоо токоюн аралап көпкө жүрдүм. “Буюрса, жакында ашуу, – дейм өзүмө. – Бир аз убакыттан кийин бел ашып, тынч жаткан жарык адамдардын үйүндө болом…”
Бирок жарым саат өттү, бир саат өттү… Ар бир мүнөт сайын мага ашууга эки кадам калгандай сезилет, бирок бул жылаңач, таштуу бел бүтчүдөй эмес. Токой эбак артта калган, жапыз өскөн, ийри-буйру бадалдар да көрүнбөй калганына далай убакыт болду, мен чарчап, калчылдап үшүй баштадым.
Ашууга жакын жерде карагайлар арасындагы отун алганы барып, кышкы бороондо калып өлгөн бир нече адамдардын мүрзөлөрүн эстедим. Кандай жапайы, ээн бийиктикте турганымды, айланамда туман, туман каптаган туңгуюк жарлар барын сезип, туюп турдум. Туман арасындагы адамдардын караанына окшогон карарган таш эстеликтердин жанынан жалгыз кантип өтөм? Убакытты, кайсы жерде жүргөнүмдү билбей, башым маң турганымда, менде ашууну аман-эсен ашып кетүүгө күчүм жетеби деген ой келди.
Алдыда, туман арасында бир нерсе бүдөмүктөнүп карарат… уктап жаткан аюуларга окшошгон караңгы дөбөчөлөр. Мен аларды аралап, бир таштан экинчисине аттап бараттым, атым тайгаланып, нымдуу эзилме шагылга такаларын матырып, араңдан зорго артымда илээлейт. Бир маалда жол кайрадан акырындан көтөрүлө баштаганын байкадым! Токтоп, үмүтүм үзүлгөндөй селейип турдум. Аябай чарчадым, кийимден эриген кар суусу өтүп калчылдап үшүгөнүмдү айт. Кыйкырсамбы? Бирок азыр чабандар эчак эле кой-эчкилери менен өздөрүнүн гомердик алачыктарына кирип кетишкен. Мени ким угат дейсиң? Мен коркуп, айланамды карайм:
– Кудай-ай! Чындап адаштымбы?
Түн ооп бараткансыйт. Токойдун карааны алыстан күңүрт жана уйкулуу шуудурайт. Түн барган сайын сырдуу тартканын сездим, бирок убакытты да, кай жерде экенимди да билбейм. Ылдыйдагы өрөөндөгү акыркы жарык өчтү, алардын үстүн каптаган боз туман эми анын убактысы келгенин, узак убакытка келгенин билет, жер бетинде баары өлүктөй, эч качан таң атпачудай, туман барган сайын коюуланып, түн ортосундагы күзөттө турган тоолорду айланта чулгап, тоолордогу токойлор күңгүрөнө шуулдап, таштак ашууда барган сайын жааган кар калыңдап барат.
Шамалдан коргонуп, атка ыктадым. Жанымда калган жалгыз тирүү жандык! Бирок аттын мени менен иши жок. Шөмтүрөп, менден бетер үшүп, бийик ээрдин астындагы жону бүкүрөйүп, башын ылдый салып, кулактарын шалпыйтып, тагдырына моюн сунгансыйт.
Чылбырды жиндене тартып, бетимди кайрадан суу кар менен шамалга тосуп, аларга каршы бет алып өжөрлүк менен жөнөдүм. Айланамды карап, кар менен көз байлаган боз тумандан башка эч нерсе көрбөдүм. Кулак түрсөм, шамалдын шыбырына аралаш артымдан бир калыпта чыккан шыңгыраган үн угулат: бул үзөңгүлөрдүн бири-бирине тийип шыгыраганы…
Бирок кызыгы – үмүтсүздүк мени чыйралта баштады! Алдыга карай тайманбай кадам шилтеген сайын, жанатан бери мен көтөргөн кыйынчылыктардын баары үчүн кимдир бирөөгө болгон ачуум өзүмдү кубандырат. Эми үмүтсүздүк өзү таттуу сезилип… көтөрүү керек болгон нерселердин баары, караңгы, туруктуу чыдамдуулукка өтө баштагансыйт...
Акыры ашуудан аштым. Бирок мага эми баары бир. Мен тегиз, кенен талаа менен баратам, шамал түрмөктөлгөн туман менен коюу булуттарды айдап, мени адаштыргысы, жыккысы келет, бирок ага көңүл бурбадым. Жоболоңдуу шамалдын ышкырыгы, жөө туман, караңгы түн, тоолорду канчалык калың басып алганын сезүүгө болот, өрөөндөрдө, кичинекей алачыктарда кичинекей адамдар эчак уйкуга кеткен; бирок мен шашпай, анда-санда, минген атым менен күбүрөнүп сүйлөшүп коём.
– Бас, бас, жаныбарым. Жыгылганча бара беребиз. Менин жашоомдо канча жолу ушул сыяктуу кыйын жана жалгыз ашкан ашуулар болду! Ушул түн сыяктуу, алдыман канча кайгы, канча азап, оорулар, сүйүктүүлөрдүн чыккынчылыгы, достуктун ачуу таарынычтары алдыман торой чыгып, мурдагы жакындарымдын канчасы менен коштошууга туура келбеди. Канча жолу белди бекем бууп, колума кайрадан саякатчынын таягын албадым. Жаңы бакытка алып барчу жолдор бийик жана кыйын болду, түн, туман, бороон бийиктиктерде мени күтүп, алдымды тороп, ашууларда коркунучтуу жалгыздыкка кабылдым… Бирок дагы эле бара бердик, бара бердик!
Чалынып, мүдүрүлүп, түш көргөндөй бердим. Таң атканча дагы далай убакыт бар. Түнү бою өрөөндү карай жол жүрүүгө туура келет, балким таң атканда, сууктан кийин жылуулук баркын, таттулугун сезүү үчүн гана кайсы бир жерде өлгөн адамдай баш көтөрбөй уктоого мүмкүнчүлүк болор.
Жаңырган күн кайрадан мени жакшы адамдар, жаркырап тийген күн менен кубандырат, кайрадан көпкө чейин мени алдаганын улантат… Кайсы бир күнү, кайдадыр бир жерге жетип жыгылам, ошентип жүрүп караңгы түн жана бороондо, жылаңач, таштак тоолордо түбөлүккө калат окшобойм...
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.