Атылган, куугунга кабылган алгачкы кыргыз агартуучулары

  • 09.01.2025
  • 1545

Айида Кубатова – тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын ХХ–ХХI кк. тарыхы бөлүмүнүн башчысы.

Суроо: 2022-жылы XX кылымдын илимпоз-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленди. Адегенде тактоо киргизип алууну туура көрүп олтурам. Илимпоздун аты-жөнүнүн туура аталышы кандай? Ошону менен катар улуу инсандын тарыхтагы орду тууралуу кандай маалыматтар бар?

Жооп: Өлкөбүздүн тарыхына, маданиятына жана мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салымын кошкон Ормон хан Ниязбек уулунун 230, Байтик Канай уулунун 200, Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы белгиленди. Алардын ичинен Эшенаалы Арабаевдин ишмердүүлүгүнө токтолсок, көпчүлүк эл мурда агартуучу катары карап келсе, учурда анын саясый ишмер, ХХ кылымдын башында мамлекеттүүлүктү түптөгөн А.Сыдыков, Т.Жанузаков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Д.Зулфибаев ж.б. улуу инсандардын катарында тургандыгы тастыкталып, белгилүү болду.

Арабаевдин ысмы тууралуу да талаштар арбын. Бизге белгилүү маалыматтарда, архивдик документтерде анын ысмы ар кандай түрдө Эшенаалы, Ишан-Гали, Ишеналы деп жазылат. Чындыгында кыргыз тилинде Ишеналы,Эшенаалы деген ысымдардын экөө тең эле бар. Бирок жеке пикиримде, Арабаевдин аты Эшенаалы болсо керек деп ойлойм. Анткени, эскерүүлөрдүн көбүндө Эшенаалы деп эле эскерилет. Мисалы, аны менен Уфадагы “Галия” медресесинде чогуу окуган Каюм Мифтаковдун КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталган эскерүүлөрүндө Эшенаалы деп жазган. Мен да Эшенаалы деген туура деген ойдомун, документтерди толтурганда туура эмес жазылып калган учурлар Совет доорунда өтө эле арбын кездешет. Мисалы, Джумалы, Иргаш, Юсуп ж.б. Бул маселени да тактоо максатында тарыхчылар, тилчилер, адабиятчылар менен атайын талкуу уюштуруу зарыл.

Суроо: Алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Арабаев тууралуу мыкты изилдөөлөргө конкурс жарыяланып, жеңүүчүсү катары үч окумуштуунун ысымы аталды. Алар кимдер? Изилдөөлөр кайсы багытта болду? Кандай иш-чаралар өткөрүлдү?

Жооп: И.Арабаев атындагы мамлекеттик университети изилдөөчүлөр, окутуучулар арасында эки жылда бир ыйгарылуучу И.Арабаев атындагы атайын сыйлыкка конкурс жарыялап, анын жоболорун “Кут-билим” газетасына жарыялаган. Биз дагы (М.Эсенгулова, Ж.Байдилдеев, А.Кубатова) конкурска катыштык. Педагогика илимдеринин кандидаты М.Эсенгулованын илимий иши негизинен Э.Арабаевдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган. Ал изилдөөлөрүн жүргүзүүдө Кытайга, Уфадагы “Галия” медресесинин архивинде иштеп, бир топ маалыматтарды алып келген. Ал эми Ж.Байдилдеев да көп жылдардан бери бул улуу инсандын ишмердүүлүгүн изилдеп келүүдө жана ал Россиянын Оренбург, Уфа, Казакстандын Алматы, Астана шаарларында болуп, архивдик маалыматтарды топтоштуруп, жеке эле Э.Арабаев эмес, башка саясый ишмерлерибизге да тиешелүү документтерди алып келди. Өзүм болсо, негизинен ХХ кылымдын баш чениндеги Кыргызстандагы агартуучулук кыймылын (жадидчилик), деги эле ошол мезгилдеги интеллигенциянын калыптанышын, алардын ишмердүүлүгүнө изилдөө жүргүзүүдөмүн. Алардын ичинен, жадидчи-агартуучу Э.Арабаевдин да ишмердүүлүгүн карап жатканыма он жылдан ашып калды.

2013-жылы тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов баштаган, Жумагул Байдилдеев жана мен “Эки доор инсаны – Эшенаалы Арабаев” деген эмгекти даярдап, жарыкка чыгарганбыз. Бул китеп биртоп окурмандарыбыздын, изилдөөчүлөрдүн купулуна толгондугу белгилүү. Китептин бет ачаарын Уфа шаарында өткөрүп, ал жердеги Э.Арабаев билим алган “Галия” медресесинин имаратына эстелик-тактачаны ошол жердеги мекендештерибиздин диаспорасынын колдоосу менен орнотуп келгенбиз. Мындан тышкары, Оренбург шаарындагы “Хусаиния” медресесине дагы ошондой эле эстелик-тактачаны орнотууга өз салымыбызды кошконбуз.

Быйыл ошол эмгектин жаңыланган жана толукталган варианты Эл аралык Түрк академиясынын колдоосу жана каржылоосу менен Нур-Султан (Астана) шаарынан жарык көрдү жана алар тарабынан үстүбүздөгү жыл “Арабаев жылы” деп жарыяланды. Кыргызстанда да КР Министрлер кабинети 2022-жылы республикада белгиленер маанилүү иш-чаралардын катарына кошту. Ушундай иш-чаралардын алкагында 29-ноябрда Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту тарабынан “Ишеналы Арабаев жана казак-кыргыз интеллигенциясынын ХХ кылымдын биринчи чейрегиндеги кызматташуусу” деген аталыштагы эл аралык илимий конференция өткөрүлүп, кабыл алынган резолюцияга илимий изилдөөлөрдү улантуу жана Алматы шаарынын бир көчөсүнө Э.Арабаевдин ысмын ыйгаруу сунушу да киргизилди.

Ош шаарында Кыргыз-Өзбек университети тарабынан КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту жана КР Президентинин Администрациясына караштуу “Мурас” фонду менен биргелешкен кыргыз, өзбек окумуштуулары катышкан илимий-практикалык конференция уюштурулду. Мындан тышкары, ушундай эле иш-чаралар Талас, Ысык-Көл облустарында да жогорку окуу жайлары тарабынан уюштурулуп, биздин катышуубуз менен өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу иш-чара катары 22–23-декабрда Э.Арабаев атындагы мамлекеттик университети жана КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту тарабынан Бишкек шаарындагы Абдымомунов атындагы улуттук драмтеатрында жана университетте улуу инсандын 140 жылдыгына арналган Арабаевдин эмгектери жана анын ишмердүүлүгүн чагылдырган изилдөөлөр камтылган беш томдуктун (түзүүчүлөр: Т.Абдырахманов, Ж.Байдилдеев, А.Кубатова, М.Эсенгулова), ага арналган Кыргызфильм киностудиясы тарабынан тартылган даректүү тасманын (реж. Б.Айдаралиев, сценарийин жазган Б.Айдаралиев, А.Кубатова), “Эки доор инсаны Эшенаалы Арабаев (Т.Абдырахманов, А.Кубатова, Ж.Байдилдеев), “Арабаев и его эпоха” (Н.Курбанова, Н.Усупова, Г.Курумбаева) бет ачаары жана илимий конференция өткөрүлдү.

Суроо: Жыйырманчы кылымдын башында, али Совет өкмөтү орной элек кезинде эле кыргыз элинин илим-билимге умтулуусунун өкүлү, кыйын чыкма уулу катары Орто Азия шаарларын кыдырышы баары бир акча каражатына, кимдир бирөөлөрдүн колдоосуна байланыштуу экендиги талашсыз чындык. Окумуштуу кайсы шаарлардан билим алган?

Жооп: Бул суроого жооп бериш үчүн улуу агартуучунун КР Коомдук-саясый документациялар архивинде сакталган өздүк ишиндеги (личное дело) өз колу менен жазган өмүр баянынан кыскача маалымат беребиз. Анда Э.Арабаев атасынан өтө эле эрте, эки жашында айрылгандыгын, он жашка чейин энесинин колунда тарбияланып, андан соң бай кыргызга койчу болуп жан бага баштагандыгы (эки жыл чамасында), кийин молдого кызматкер болуп жалданып иштеп, ошол эле учурда андан сабатын жоюуга аракеттенип, 18 жашка чейин молдонун колунда жүргөндүгүн жазган.

Билим алууга дилгирленген жаш улан Каракол шаарына келип, адеп эскиче окуткан мектепке кирип окуйт, бирок мындан эч кандай деле пайдалуу билимге ээ боло албагандыгын сезет. Ошол мезгилде Каракол шаарында жаңы усулдагы “усули жадид” – мусулман мектептеринин ачыла баштагандыгынан Эшеналы Арабаев ал мектепке келип кирет. Белгилей кетчү нерсе, бул мектептерде мурдагы диний мектептерден айырмаланып, дин сабагынан тышкары, бүгүнкү күндө мектептерде окулуп жаткан география, математика, геометрия, орус тили, ислам тарыхы ж.б. предметтерди окуткан. Мектепте окуткан мугалимдерден ал айрыкча, Заир Таировду баса белгилейт. Анын кеңеши менен бир жылдан кийин билим алуу үчүн Россиянын Оренбург шаарына багыт алат. Бирок тилекке каршы, медресеге (ал учурда кадимкидей эле мугалимдердин катышуусу менен экзамен тапшырып кабыл алышкан) кире албай калгандыктан, Константинополго келип, түрк гимназиясынын үчүнчү классына кабыл алынат.

Ал жерде алты ай окуган соң, Арабстандын Мекке, Медина, Түркиянын Измир, ошондой эле Бейрут ж.б. шаарларын кыдырат. Бир жарым жылдан кийин Константинополго келип, кайрадан окуусун уланткан. Ал жерде окуп жүргөн мезгилинде Петрограддан келген революциялык маанидеги гезиттерди алып окуган. Мындай саптар анын ошол мезгилде орус тилин да билгендигинен кабар берет. Бул жөнүндө Э.Арабаев “Петрограддан революциялык газеталарды алып тургандыгымды Ульфардан билип калган түрк өкмөтү көзөмөлдөй баштагандан кийин, мындай жашоого чыдай албай, кайрадан Оренбургга качтым. Ал жерден Хусаиновдун гимназиясына – медресеге кирип окуй баштадым”, – деп жазган. Ал каникул учурунда мекенине келип, акча табуу максатында балдарды окуткандыгын, бир жылдан кийин Уфа шаарындагы “Галия” деп аталган ошол мезгилдеги алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарында турган медресеге келип кирип, ал жерде үч жыл окуп, 1912-жылы аяктагандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Маалыматтар Э.Арабаевдин кайсы шаарларда окуп, кандай билим алгандыгын тастыктайт. Албетте, жогорудагы суроо бизди да кызыктырган. Колунда каражаты жок адамдын кандайча жогоруда аталган шаарларды кыдыргандыгын билүү максатында бир топ окумуштууларга суроо салдык. Алардын айрымдары бүгүнкү күндөгүдөй эле арабдар колдоо көрсөтсө керек, айрымдары өзү каражат топтосо керек деген ойлорун билдиришти. Туугандарынан да сураштырып көрдүк.

Ошондо анын балдызы Турсункан Абдылдаева эже менен кокусунан таанышып калып, жолугуштук. Эженин айтуусунда анын чоң атасы Абдылда менен Э.Арабаевдин кайнатасы Кайбылда бир туугандар экен. Алар Тоң өрөөнүндөгү белгилүү манап Алматайдын уулдары болгон (анын Сооронбай, Малы деген да уулдары белгилүү). Ушул адамдар ажылыкка барганда кыргыздын бир сабаттуу жигитин жандарына алып жүргөндүгүн жана кийин ал Уфадагы “Галия” медресесин аяктаган соң Тоңдун Туура-Суу деген айылына чакырышып, ал жердеги Сагаалы манап ачкан жаңы усулда окутуучу мектепке мугалим болуп иштеп калгандыгын айтты. Биздин пикирибизде, ушул оозеки маалымат чындыкка жакындашат.

Эшенаалы Арабаев ошол жерден Кадичага үйлөнгөн. Кадича ошол чөлкөмдөгү кадыр-барктуу Кайбылда ажынын кызы. Билиминен башка эч нерсеси жок жигитке кызын бергендиги да бекеринен эмес, анткени кыргыздар билимдүү адамдарды сыйлап, эл арасында “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат”, “билимдүүгө дүйнө жарык” ж.б. илгертен айтылып келгендиги маалым. Ал Төрткүл айылында Сагаалы манаптын демилгеси менен ачылган Илебайдын төрт-беш бөлмөлүү чоң тамын мектеп кылып, балдарды окуткан. Жаңыча билим алып, жаңыдан иштей баштаган мугалимдерди өз тажрыйбасы менен тааныштырып, бала окутуунун ыкмаларын шакирттерине үйрөтүүгө аракеттенген. Ал өзүнүн айланасына бир катар демилгелүү мугалимдерди чогултуп, эми ишти кызуу жүргүзө баштаган кезде 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү ийгиликсиз аяктаган соң ал аргасыздан эл менен Кытайга качкан.

Суроо: Кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, алгачкы “Алиппенин” автору, улут алфавитинин уңгусун түзүп, жазма маданиятыбызды калыптандыргандардын бири Эшеналы Арабаевдин илимий эмгектери жана ишмердүүлүгү тууралуу...

Жооп: Кыргыздын алгачкы агартуучусу, улуттук интеллигенция өкүлү Эшенаалы Арабаев Уфа шаарындагы “Галия” медресесинде окуп жүргөн учурда эле коомдук-саясый иштерге жигердүү катышкан. Ал учурда медресенин жалпы эле тарбиялануучулары активдүүлүгүн көрсөтүшүп, “Парлак”, “Анг” жана “Без” (татар-башкыр жердешчилиги), “Садак” (казак-кыргыз жердешчилиги) аттуу гезит-журналдарды чыгарышкан, адабий-музыкалык кечелерди өткөрүшкөн. Кыргыз-казак жаштары өз эне тилинде китептерди бастырып жана котормолор менен алектене башташкан. Алардын ичинен Эшенаалы Арабаев жана Хафиз Сарсекеев “Алифба йаки төтө окуу” же болбосо алгачкы “Алиппени” 1911-жылы Уфа шаарында чыгарышкан.

Анын замандашы Салих Касымов мындайча эскерген: «Арабаев Уфа шаарындагы “Галия” медресесинде окуп жүргөн кезинде ал мектептен мен да окуп калдым. Ишеналы Арабаев бизден эки курс жогору окуган жана жашы бизден беш-алты жаш улуу шакирттерден болучу. Медреседеги шакирттердин арасынан Ишеналы өтө чоң кадыр-баркка ээ эле. Салтанаттуу жыйналыштар болгондо, ал дайым президиумдарда, бизди окуткан мугалимдердин катарында отурган, анткени ал жаңы ыкма менен жазылган, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ «Төтө окуу» аттуу алип-бээнин авторлорунун бири болучу. Арабаевдин «Төтө окуусу» менен бала окутса, балдар катты тез таануучу. Биз шакирттер жайкы дем алыш мезгилинде казак айылдарына барып, бала окутуп акча таап кайтчубуз. Балдарын окууга берер казактар да: баланы кайсы алип-бээ менен окутасың? «Төтө окуу» мененби деп алдын ала эскертип, бизден такып сурап турушаар эле».

Агартуучу Эшеналы Арабаев өзүнүн көптөгөн алдыңкы замандаштары сыяктуу эле Кыргызстан аймагында да жаңы усулдагы мектептер, алардын ичинен Нарын, Каракол аймактарындагы мектептердин ачылышынын демилгечиси болуп, ал жерлерде агартуу иштерине түздөн түз көмөк көрсөткөн. Ошол мезгилде окуу китептери жетишпей турганда анын алиппеси алгачкы агартуучулар үчүн табылгыс таберик буюм болгон. Аны колдон колго бапестеп өткөрүп, жетпегендери көчүрүп жазып, калктын сабатын ачууга пайдаланып келишкен. Деги эле ошол мезгилде бул жаңы усулдагы мектептерден билим алгандар негизинен кыргыз интеллигенциясынын башатында туруп, алар коомдогу социалдык-саясый, экономикалык жагдайды жакшыртууга тынымсыз аракеттерди жасашкан. Совет бийлиги орногондон кийин да алар элдин жаркын келечеги үчүн ишмердүүлүктөрүн улантышканын белгилөө абзел. Тилекке каршы, улуттук интеллигенция башатын түзгөндөрдүн көпчүлүгү тоталитардык режимдин курмандыгына айланып, ойлогон максаттарын жүзөгө ашырбастан, турмуштан эрте кеткендиги өкүнүчтүү.

Кийин Совет бийлиги орногондон кийин Э.Арабаев агартуучулук аракеттерин андан ары уланткан. 1922-жылы Түркстан АССРинин Агартуу эл комиссариатынын алдында уюшулган Кыргыз (1924-жылга чейин казак аталышы кыргыз деп аталып келген) Илимий комиссия курамында иштей баштаган (төрагасы Х.Досмухамедов). Кийин 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусу уюшулгандан кийин Кара-Кыргыз Илимий комиссиясы (Академиялык борбор) өз алдынча түзүлүп, Э.Арабаев анын төрагасы болуп дайындалган. Бул иш чара бир гана Э.Арабаевдин турмушунда мааниге ээ болбостон, бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын же жалпы кыргыз илиминин пайдубалы же башаты болгондугун учурда тарых тастыктоодо.

Комиссиянын тапшырыгы менен 1922–1926-жылдар аралыгында Ыбырайым Абдрахман уулу Сагымбай Орозбаковдун оозунан 500 басма табак көлөмүндөгү Манастын төрөлгөнүнөн каза болгонго чейинки окуяны бүт жазган (алгач аны К.Мифтаков жазып баштаган). Илимий комиссияга кыргыз тилинин алфавитин түзүү, кыргыз алиппесин, башталгыч класстар үчүн окуу китептерин жазуу, сабатсыз чоңдорго окуу куралын түзүү, мугалимдерге методикалык колдонмолор даярдоо, элдик оозеки чыгармаларды жыйноо ишин улантуу, жыйналган фольклордук чыгармаларды басмага даярдоо, кыргыз тилинин терминдерин илимий жактан иликтөөгө киришүү жана газета чыгарууга даярдык көрүү сыяктуу милдеттер коюлган.

Негизинен кыргыз интеллигенция өкүлдөрү А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Э.Арабаев ж.б. тынымсыз аракеттери, кажыбас эркинин натыйжасында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүшү ХХ кылымдагы кыргыз элинин улуу жеңиши, жетишкендиги болгон. Ошону менен бирге жаңыдан түптөлгөн өлкөдө биртоп маанилүү иш-чаралар ишке ашырылган. Маселен, ошол эле жылы “Эркин-Тоонун” (улуттук тунгуч гезиттин биринчи редактору О.Алиев, редакциялык коллегия курамында: Э.Арабаев, К.Тыныстанов, С.Карачев болуп, чыгарууга адис журналисттер жетишсиз болгондуктан,Ташкентте билим алып жаткан кыргыз студенттери да ишке тартылган), Э.Арабаевдин “Алиппеси” ж.б. жарык көрөт. Жалпы жонунан, Эшенаалы Арабаевдин 1924-жылы жарык көргөн алиппеси төрт жолу басылып, 1930-жылы “Биздин мектеп” деген ат менен жарык көргөн. Бир сөз менен айтканда, деп белгилеген окумуштуу А.Осмонкулов, 1911-жылдан тартып 20 жыл бою миңдеген мектеп окуучулары ушул “Алиппе” китебинен сабатсыздыгын жоюуга жетишкен.

Агартуучунун “Алиппесин” ал мезгилде сындагандар да болгон. Алардын бири Назир Төрөкул уулу (Түркстан БАКнын мүчөсү). Анын “Ак жол” гезитинин 1924-жылы №497 санында чыккан макаласынан мисалдарды келтиребиз: “«Ушул кыргыз алиппесинде заманга тиешелүү окшоштугу бар бир ооз аңгемеси жок. Китептин баш жагында шаблон сыяктандырып: «Бардык дүйнөнүн эмгекчилери бириккиле!» – деген урааны бар. Бирок китептин ичинде ошол ураандын ээсине тиешелүү бир ооз сөз эмне үчүн табылган эмес. Мунун маанисин биз ойлонуп-ойлонуп тапкан жокпуз. Канчалык шашылыш болгону менен балдар түшүнгөндөй кылып, бир ооз Ленинден, 1917–1920-жылдардагы тарыхынан, кеңеш өкмөтүнүн же кедейдин дүнүйөдө ким экенин жазып чыгууга мүмкүн эле го, алиппенин эң аягындагы тору тайды билген бала буларды кантип эле билбей калсын», – деп жазган.

Бул макалага Э.Арабаев да ошол эле гезитке жооп жазган: “Бул алиппенин ичинде кеңештин негизин түзгөн кедей айтылган эмес деген анын «калпы». Алиппенин майда аңгемелеринин баарысы дээрлик кедейдин турмушу, эмгек жаатынан алынган. Карагат термек, арпа тартмак, суу ташымак, суу чыгармак, балыкчылык, багбанчылык, бүркүтчүлүк, кой, жылкы бакмак, кыргыздын эмгегинин негизи!

Бул болсо 2-3 айлык башталгыч алиппенин ичине мектепке жаңы гана келип башы айланып олтурган балдар үчүн коммунисттик партия, “Кошчу” союзу, 1916-жылдардын тарыхын, таржымакалын жазбаптыр дегендигинин туура эместигин жазган.

Эшенаалы Арабаевдин бул жообу анын өтө тажрыйбалуу педагог, методист экендигин таасын айгинелейт. Анткени, чындыгында 6–7 жаштагы балдардын психологиясына, туюмуна, жөндөмүн эске алганда аларга Э.Арабаев жазгандай Ленин, партия, эмгекчилер тарыхы түшүнүүгө оор болорун бүгүнкү күндө ар бир башталгыч класстардын мугалими далилдеп бере алат. Ал эми Назир Төрөкул уулунун: 6-7 жашар болсо да мээме сактап калсам дейт, баарысын өзүнчө кыялданып, деп жазганы күлкү келерлик. Ал эми Э.Арабаев буга мындай деп жооп кайтарат: “аны кайдан күтөсүң, журтчулук аны кайдан билсин? деп жазып келип, эки нерсени белгилеген: 1) балдардын жайын, 2) «Ар бир улуттун өзүнүн эне тили болбосо улут боло албайт» деген сөзүмдү жашоого туура келбейт деп жазгандыгын айтып келип: Кыргыз алиппесин башка түрк алиппелери менен салыштырсак айырмасы аз экенин билебиз. Казакчасы менен кыргызчасындагы айырмасы Берлин менен Гамбург немистеринин арасындагы тил айырмасындагыдай эле. Кыргыздын улут экендигин далилдөө үчүн мындан да салмактуу далил керек болгон. Менимче, улут болуу үчүн эң чоң далил тилдин айырмачылыгы. Муну түшүнгөн адам болсо алиппеден башкасында да келтирүүгө болот ко. Далилдин баарын жыйнап жазчу орун алиппенин башталышы боло бермекпи? Кыргыз алиппесин башка түрк алиппелери менен салыштырганда айрымасы аз болсо, эмне кыл дейсиң? Ким бол дейсиң? деген далилдери “жумурткадан кыр издегендерге” карата эмне деген гана маанилүү сөздөр!!!

Ушул жылдары жарык көргөн окуу китептеринин сабатсыздыкты жоюудагы ролун жөнүндө айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Алардын ичинде, 1926-жылы Э.Арабаевдин кыргыздын дагы бир көрүнүктүү агартуучусу Б.Данияров менен бирге чоңдор үчүн жазышкан “Алиппе” китеби, 1928-жылы биринчи жолу латын алфавити менен “Эне тилибиз” деген үч миң нускадагы окуу китеби, 1929-жылы К.Тыныстанов даярдаган “Жаңы айыл” 25 миң нускада жарык көргөн окуу китеби, 1931-жылы “Эне тили” ж.б. жарык көргөн.

Бул мезгилде жаңы методдун негизинде түзүлгөн эсеп, география окуу китептеринин бир тобу да Э.Арабаев тарабынан которулган. Бул жагынан анын билими, тажрыйбасы чоң болгондуктан, III–IV класстарга арналган “Табият таануу алиппесин” түзүү жагы Эл агартуу комиссариаты тарабынан Д.Шамгунов экөөнө тапшырылган. Бул окуу куралы 1932-жылы беш миң нускада жарык көрөт. Окуу китепти даярдагандар өздөрүн котормочулар эмес, түзүүчүлөр аташкан. Анткени, алар баштан аяк которбой, программага ылайык гана жерлери алышып, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кыскартышып, жеңилдетилип алынып жана жергиликтүү материалдар да кошулганы менен түшүндүрүлөт.

Э.Арабаевдин 1924-жылы жарык көргөн “Алип-бээси” Кыргызстан аймагында эле эмес, чет жактарда да пайдаланылган. Алсак, изилдөөчү М.Эсенгулова Кытайдын Артыш шаарында Абдыкадыр Токторов менен жолугушкан учурда, “1933-жылы Кытайда алгачкы уйгур, казак алиппелери жарык көрүп, ал эми кыргыз алиппеси болбогондугун дадилдеген. Ал 1924-жылы Кыргызстандан чыккан Э.Арабаевдин “Кыргыз алиппесинин” негизинде “Кыргыз жазуу долбоорун” даярдап, 1938-жылы жарыкка чыгаргандыгын айтып, Э.Арабаевдин алиппесинде 25 тамга болсо, анын алиппесинде 30 тамга болгондугун жана ал окуу китеби учурда да пайдаланылып жаткандыгын белгилеген.

Суроо: Тарыхка кайрылсак, алгачкы кыргыз интеллигенциясы кимдердин курмандыктары болду? Эмне себептен деп ойлойсуз? Арабаев 1933-жылы камалып, Ташкент түрмөсүндө каза болгон деген маалымат бар...

Жооп: Кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн бири – Уфадагы “Галия” медресесин бүтүргөн Искак Канат уулу 1916-жылкы көтөрүлүштөн кийин анын активдүү катышуучусу катары падышалык бийлик тарабынан дарга асылган жана анын атасы, Кочкордо мектеп ачкан Канат Ыбыке уулу Верныйда түрмөдө каза болгон. 1917–1918-жылдары Совет бийлиги орногондон кийин Э.Арабаев, И.Шайбеков, Исамедин Шабданов ж.б. 1920-жылы Ленинге жазган катында көрсөтүшкөндөй, белгилүү манап, Сайлык айылында мектеп ачкан Дүр Сооромбай уулу, Түптө мектеп ачкан Сагаалы Алматаев ж.б. Кызыл Армиянын аскерлери тарабынан атылган. Дагы бир топтору – Кемел Шабдан уулу, Акматбек Кудайбергенов, Боогачы Жакыпбек, Казыбек Казалчы сыяктуулары коллективдештирүү учурунда кулак катары айдалышкан.

1930-жылдары Совет бийлиги бир кыйла бекемделип калгандан кийин такшалган саясый  ишмерлерди, агартуучуларды же эл арасында кадыр-баркы жогорулай баштаган интеллигенция өкүлдөрүн куугунтуктай башташкан. 1933-жылы Абдыкерим Сыдыковду, Эшенаалы Арабаевди түрмөгө камап, Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановду ар кандай шылтоолор менен кызматтан алышат. Алгачкылардан болуп Э.Арабаев Ташкенттин түрмөсүнөн каза табат. Анын өлүмүнүн сыры азыркыга чейин белгисиз. Андан кийин репрессия күч алып, 1937–1938-жылдары апогейине жетет.

Канчалаган күнөөсүз адамдар жалган жалаа менен атылышат. Бул бир жагынан, бийликтин элдин үшүн алуу, экинчи жагынан, өз бийлигин бекемдөө максатында ишке ашырылган. Атылган, куугунтукталган, чет жакаларга айдалган миңдеген адамдар тууралуу Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин гана белгилүү боло баштады. Бул да болсо эгемендиктин бир көрүнүшү жана өлкө үчүн анын эң негизги байлыгы, баалуулугу – ар бир адамдын тагдыры, өмүрү баалуу экендигин тастыктоочу далил катары айта кетүү абзел.

Суроо: Илимий изилдөөлөрүңүздө Эшеналы Арабаев тууралуу коомчулук али билбеген кандай маалыматтарды таба алдыңыздар?

Жооп:

  1. Россия империясынын карамагындагы мусулман элдериндеги же Борбордук Азия, Волга боюнда, Крымда, Кавказда тараган агартуучулук-жадидчилик кыймылынын Кыргызстан аймагында да таралышы жана Эшенаалы Арабаевдин бул кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири экендигин далилдедик.
  2. Совет бийлиги орногондон кийин анын Кыргыз Тоолуу облусун түзүү долбоорунун демилгечилеринин бири, Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзгөндөрдүн же мамлекеттик, саясый ишмер да экендиги далилдүү фактылар менен көрсөтүлдү.
  3. Э.Арабаевдин “Казак”, “Ак-жол” гезиттерине жарыяланган мурда белгисиз макалалары жарыяланды.
  4. Изилдөөчү Ж.Байдилдеев тарабынан Казакстандын Президенттик архивинен Э.Арабаевдин 1920–1922-жылдар аралыгында Верный шаарындагы партиянын Жети-Суу обкомундагы ишмердүүлүгү жөнүндө биртоп архивдик документтер табылып, алар беш томдукка киргизилди.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз