О`Шакир: Асман менен тиктешкен адам

  • 18.01.2025
  • 2001

АҢГЕМЕ

Ал – жеткен ууру. Асмандын, Күндүн, Айдын, Жылдыздардын, Булуттардын – баарынын касиет-кудуретин эч бир уруксат сурабастан уурдайт.

Адегенде Асмандын бийиктигин уурдады. Мейкиндигин, чексиздигин уурдады да, Күндүн энчисине өттү. Күн нурун, мээримин уурдады. Анан уурулуктун кыныгын алды. Булуттарга өттү. Булуттардын жеңилдигин уурдады, көчмөндүк салтын кошо кымырды.

Бул анын күндүзгү гана уурулуктары.

Түнкү уурулуктарына келсек, напсисин тизгиндей албайт экен. Мемиреген Айдын сырдуу мүнөзүн кытып алды. Жылдыздардын кооздугун, шоктугун, талантын уурдады.

Азыр ал Асманды тиктеп отуруп, Жер эненин үстүнөн уурдагандарын эс тизмегинен чубуртту. Ооба, ал буга дейре көп уурулук кылган экен.

Дарыялардын шар мүнөзүн, тазалыгын, ташкындаган күч-кубатын уурдаптыр. Мөңгүдөн ылдый мөңкүп, обон салып аккан кокту-колоттогу суулардын касиетин, булактардын тунуктугун уурдаптыр.

Шар аккан, туйлаган суулардын эркиндигин уурдаптыр.

Йе, жарыктык, анысы ал, Табияттын көз тойбогон сулуулугуна сук артып, эмне көрсө баарын уурдаптыр...

Кыртыштуу дөңдөрдүн былк этпес, кебелбес турпатын; тоо-таштардын солк этпес бекемдигин; бийик учкан алгыр куштардын кыраандыгын; бак-дарактардын обон созгон аваз үндөрүн уурдачу экен.

Таш жарып, жер жарып чыккан тамырлуу өсүмдүктөрдүн өжөрлүгүн, өлбөс, өчпөс өмүрүн, боёкторун уурдаптыр.

Жандуулардан кумурска менен аарынын мээнеткечтигин, абыгерлигин көбүрөк уурдаптыр...

Ал азыр ошон үчүн темир тор ичинде Асман менен тиктешип турганы. Өзү менен дагы башка уурулар абак жайда шыкалуу. Төрт кабат абактын баарында бош камера жок. Өзү үчүнчү кабатта. Кылмышка шектелгендердин далайы сот өкүмүнөн кийин түрмөлөргө, колонияларга кесилсе, алардын бошогон ордун кайра толтурар кылмышка шектүүлөр күнү кур эмес келишет.

Алардын көбү өлкө казынасын уурдагандар, бирөөнүн мүлкүн, идеясын, ишеничин уурдагандар.

Адам аткырдын кылмышка жакын кылыктарын санап бүтө албаспыз. Отургандардын баары апакай эмес, Кудай алдында күнөөгө баткандар...

2023-жылдын 5-октябры

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз