
21-январь Өзбекстандын футбол күйөрмандары, жалпы эли, ошондой эле Борбор Азиянын футбол ышкыбоздору үчүн кубанычтуу күн болду десем аша кетпейм.
Жыйырманын кырындагы өзбек футболчусу Абдукадыр Хусанов Англиянын премьер лигасындагы «Манчестер Сити» клубу менен төрт жарым жылдык келишимге кол койду. Дүйшөмбү, 20-январь күнү «Манчестер Сити» арткы ортолук коргоочу (center back) А.Хусановду Франциянын «Ланс» клубунан 41 миллион долларга же футбол рыногундагы баасынан 3,3 эсе кымбатка сатып алганын англис тилдүү transfermarkt.com сайты кабарлады. Анын футбол рыногундагы трансфердик баасы 12, 5 млн. доллар болчу. Маалымдалганга караганда, 41 миллион доллардан тышкары кошумча бонустары да бар.
Англиялык клуб Германиянын «Франкфутр» командасынан 26 жаштагы египеттик чабуулчу Умар Мармушту 62,5 млн. долларга жана 18 жаштагы баразилиялык коргоочу Витор Рейсти 41,7 млн. долларга сатып алууну көздөп жатканы кабарланууда.
А. Хусанов 2023-жылдын 24-июлунда Франциянын 1-лигасында (жогорку) ойногон «Ланс» (PC Lens) клубуна 21-июлда кошулуп, тез эле өлкө чемпионатында ойной баштайт. Тактап айтканда, 16-сентябрда «Мец» командасына каршы беттешүүдө оюндун башында негизги курамда чыгып ойнойт. Ал эми 29-ноябрда УЕФАнын Европа лигасынын Англиянын «Арсенал» командасына каршы беттештин 62-мүнөтүндө оюнга чыгат. Ошентип дебюттук сезондо эле «Ланстын» негизги курамынан өз ордун табат жана командасы чемпионатты 7-орун менен аяктайт.
Көптөгөн талантуу футболчулар европалык атактуу клубдарга чакырылып, оюнду такоолдо өткөрүп жүрүп, акырындап командага кошулган учурлар арбын.
Бул француз клубундагы командалаштары «Кадыр» деп атаган Абдукадыр үчүн чоң ийгилик эле. Анткени ал Франциянын биринчилигине жана УЕФАнын Европа лигасынын чемпионатында ойногон биринчи өзбек футболчусу болду!!!
Ошон үчүн 19 жаштагы Абдукадыр 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстандын мыкты футболчусу деп жарыялануусу күйөрмандар үчүн күтүүсүз жаңылык болбоду десем жаңылбайм.
Жаш коргоочу 2024-жылдын 22-декабрында Париждин «Сан-Жермен» командасына каршы ойноп, Франциянын кубогу үчүн мелдешке катышкан биринчи өзбек футболчусу катары таанылат. «Ал коргоодо турган драгстер сыяктуу: бою зоңкоюп турганына карабай, шамдагай жана кыймылы тезап (шар)» деп сыпатташкан «Ланс» командасынын машыктыруучулары 19 жаштагы Абдукадырды былтыр клубдун сайтында.
Драгстер (dragster) – ордунан күүлөнүп (булкунуп) тез жүрүп кетүүчү шуштугуй, үстү ачык автомобиль. Айдоочу арткы эки дөңгөлөктүн ортосунда отурат. Абукадыр 37 км/саат ылдамдыкта чуркаган күлүк оюнчу болгондуктан «драгстерге» салыштырбаганда анан?!
Ал «Ланс» менен 31 жолу беттешке чыккан, анын ичинен 12 оюнда команданын дарбазасына бир да топ кирген эмес. Ошондонбу, айтор, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, сезондо 13 оюн ойногон Абдумомун Хусановду франциялык клубдун футбол күйөрмандарынын 77 проценти «Ланс» командасынын мыкты оюнчусу добуш беришет. Франциялык дарбазачы Брис Самба 15 % жана австриялык коргоочу Кевин Дансо 9% добуш алган.
Франциялык клуб Абдукадырды Белорустун «Энергетик -БГУ» (Минск шаары) командасынан 2023-жылы июлда 468 миң долларга сатып алган. Эсептей бериңиз, «Ланс» өзбек коргоочуну сатып канча пайда көргөнүн.
«Ланс» командасынын коргоочусу катары Кадыр Хусанов жумасына 2692 евро 2692 евро айлык алган. Бир жылда 140 миң евро чыгат. Эгерде Мадриддин «Реал» кулубунда ойногон К. Мбаппе аптасына 600 962 евро, «Барселонада» ойногон Р. Левандовски 640 962 евро (бир жылда 33,33 млн.евро) айлык алганын эске тутсак, өзбекстандык футболчу «Манчестер Ситиде» он миллион доллардан кем эмес айлыкка отурат деп болжолдоо мүмкүн.
А. Хусанов биринчи сезондо «Энергетиктин» курамында 27 оюнга чыгып, 3 топ киризген жана 4 топту киргизүүгө көмөктөшкөн (пас берген). Футболчу Минскинин командасына өзү кичинекейинен тарбияланган Ташкендин «Бунёдкор» клубунан келген. Атасы Хикмат Хашимов узак жылдар Өзбекстандын «Металлург» командасына ойногон жана улуттук курамада 15 беттешүүгө чыккан. Футболдук чөйрөдө белгилүү футболист уулун түрткүлөп, жөлөп-таяп жүрөт деген сөздөр болбош үчүн перзентин чоң атасынын ысмына жаздырып койгон.
«Ланс» менен түзүлгөн келишимге ылайык, А. Хусанов Ланс шаарынын командасында төрт жыл ойномок. Ошондуктан Франциянын клубунан акчалуу саналган Англиянын «Манчестер Сити» клубуна чакырылышы кокустукпу же мыйзам ченемдүү көрүнүшпү деген суроо жаралышы ыктымал.
Эгер Абдумомунга байланыштуу маалыматтарга көңүл бурсак, анын талантуу футболист экенин кексе машыктыруучулар менен футбол агенттери обол 2021-жылы байкашканын көрөбүз.
Атап айтканда, 2022-жылы августта Эл аралык спорттук изилдөө борбору (CIES Football Observatory) А. Хусановду дүйнөдөгү келечектүү футболчулардын тизмесине кошкон.
Кийинки 2023-жылы апрелде курагы 20 жашка чейинки келечеги кең орто коргоочулардын тизмесинде 15-орунду ээлеген.
2024-жылы күздө өзбек футболчусун Англиянын «Тотенхэм», «Челси», «Ньюкасл Юнайтед» сыяктуу атактуу клубдары жана Франциянын «Пари Сен-Жермен» клубу сатып алууга кызыкдар болуп жатышканы жөнүндө маалыматтар чыккан. Париждик клубдун жаш футболчуга кызыгуусунун олуттуу жүйөсү бар. Себеби, 22-декабрда Франциянын кубогу үчүн болгон беттешүүдө Абдумомун «Пари Сен-Жермендин» дарбазасына бир топ киргизген.
20-январда кол коюлган келишимге ылайык, өзбек футболчусу «Манчестер Сити» командасында 2029-жылга чейин ойнойт. «Манчестер Сити» 1880-жылы негизделген профессионалдык клуб. 145 жылдык тарыхында он жолу Англиянын чемпиону наамын, жети жолу Англиянын футбол ассоциациясынын кубогун, сегиз жолу Англиянын футбол лигасынын кубогун, жети жолу Англиянын суперкубогун жана бир жолу УЕФАнын кубогун жеңүүчүлөрдүн (эгедерлеринин) кубогун, бир жолу УЕФАнын Супер кубогун жана бир жолу ФИФАнын клубдар аралык кубогун жеңген даңазалуу команда. 2021–22-жылкы сезондо 731 миллион еврого жуук таза киреше тапкан. Мындай киреше дүйнөдөгү футболдук клубдардын бири да тапкан эмес. Ишкерлер чейресүндө кадыр-барктуу Forbes журналынын жазышынча, 2020-жылы «Манчестер Сити» дүйнөдөгү эң бай алты клубдун бири болгон жана 4 миллиард 250 миллион долларга бааланган. Футболдук клубдун акциясынын чоң бөлүгү Абу Дабилик инвестициялык топко таандык.
2016-жылдан бери «Манчестер Сити» командсынын башкы машыктыруучусу, бардык замандардагы эң кеменгер устаз деп эсептелген испаниялык Жузеп Гваридола. Ал Испаниянын, Германиянын жана Англиянын жогорку лигасында бир нече оюндарды катар-катар утуу боюнча рекорддун эгеси. «Барселона» жана «Манчестер Сити» командаларынын тарыхындагы эң титулдуу машыктыруучу. Ал бир жылда үч чоң байгени (трофейди) уткан жападан жалгыз устат. Тактап айтканда, ал жетектеген «Барселонанын» футболчулары 2008–09-жылкы сезондо Испания чемпиондугун, Испания кубогун, УЕФАнын чемпиондор лигасынын баш байгесин, а «Манчестер Сити» болсо 2018–19-жылкы сезондо Англиянын биринчилигин, кубогун жана УЕФАнын чемпиондор лигасында баш байгесин уткан. Гвардиола акыркы тогуз жылда командага коргоочуларды сатып алууга 659 млн. доллар сарптаган.
Өзбекстандык талантуу футболчу Абдумомун Хусанов үчүн атактуу Ж.Гваридолаан таалим-тарбия алуу – бөксөрбөс дөөлөт болору, келечекте Өзбекстанда, атүгүл бүтүндөй Борбор Азия республикаларында мыкты футболчуларды өстүрүүгө жана футболго болгон кызыгуунун өсүшүнө чоң өбөлгө болот.
Бирок Тransfermarkt.com сайтынын Франция боюнча менежери Ронан Кароффтун айтышынча, машыктыруучуларда Франциянын 1-лигасынан (жогорку) Англиянын Премьер-лигасына өткөн оюнчулар англис футболундагы катаал физикалык сыноолорго чыдайбы деген кооптонунун болору сөзсүз. Өзбек футболчусунун бою 1,86 м., салмагы 84 кг экенин, күүлөнгөндө 37 км/саат ылдамдык менен чуркаарын жана дүйнөдөгү эң тез жүгүргөн коргоочулардын бири экенин эске алсак, 29-февралда 21 жашка толчу жигит жогоруда айтылган сыноодон өтөрү күмөнсүз деп ойлойм.
Айтмакчы, А.Хусановдон башка да рыноктук же трансфердик баасы миллиондорду чапчыган өзбек футболисттери бар. Sportnews.kaz. сайтынын маалымдашынча, Москванын ЦСКА клубунда ойногон Аббасбек Файзуллаевге (трансф. баасы 8,3 млн. доллар) жана Италиянын «Кальяри» клубунда ойногон Элдар Шамурадов (трансф. баасы 4,2 млн. доллар). «Өзбектин Мессиси» деген лакап атка конгон 21 жаштагы Аббасбекти Германиянын «Бавария» командасы сатып алууга куштар болуп жатканы тууралуу маалыматтар бар экени айтылат.
Аты аталган эки футболисттин жана Абдукадыр Хусановдун трансфердик баасы 53, 5 млн. долларды түзөт. Ал эми Казакстандын улуттук курамасынын жалпы баасы - Тransfermarkt.com сайтынын эсебинде – 19,3 млн. доллар. Же Казакстандын улуттук командасы футбол рыногунда Өзбекстандын үч оюнчусунан 2,7 эсе арзан болууда. Муну Өзбекстандагы футболдун өнүгүүсүнүн көрсөткүчү деп кароо мүмкүн. Анткени үч оюнчу тең Өзбекстандын футбол клубдарынын тарбиялануучулары жана улуттук команданын курамында эл аралык мелдештерге такай катышып жүрүшөт.
Амирбек Азам уулу
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.