Жорж Оруэлл: Саясат жана англис тили – II

  • 06.12.2024
  • 792

I макала мында >>>>>

Котормочудан кириш сөз

Өткөндө убада кылгандай, Жорж Оруэллдин «Саясат жана англис памфлетиндеги экинчи макала (Адольф Гитлердин «Майн Кампф» китебине рецензия) алаканыңыздарда. Рецензияны жазууга эмне себеп болгон? Суроого тарыхый жагдай жана 1939-жылы сентябрда фашисттик Германия менен СССРдин Польшага басып кирүүсү деп кыска жооп берсе да болот. Бирок ага чейин... 1925–1926-жылдары Гитлердин «Майн Кампф» (Менин күрөшүм) китеби (1–2-том) немис тилинде чыгып, 1932-жылга чейин 228 миң нуска, а фюрер бийликтеги алгачкы жылы 1 млн. нуска сатылат.

Ошентип 1933-жылга карай «Майн Кампф» авторго 1,2 млн. рейхсмарка (ℛ︁ℳ︁) киреше апкелет. (2021-жылы 1,2 млн. ℛ︁ℳ︁ди евро менен эсептегенде ~5,6 миллион болот.) Ал кезде Германияда мугалимдин орточо жылдык кирешеси 4,800 ℛ︁ℳ︁ же 22250 евро болгон. 1933-жылы 30-январда Гитлер фюрерликке (канцлер) дайындалгандан кийин, мурда сатылган 240 миң нуска китептен түшкөн киреше үчүн төлөнбөгөн борчун (405 500 ℛ︁ℳ︁ ) өкмөт кечип коёт. Адолф Гитлердин ашыгы айкүр туруусу – бир жагынан нацисттик Германия жумушчуларынын национал-социалисттик партиясынын (NSDAP, кыскача, нацисттик партия) парламенттик шайлоодогу ийгилигине, экинчи жактан парламенттик партиялардын мунасага барып, коалициялык өкмөттү түзө албаганына байланыштуу.

А. Гитлердин идеологиялык көз карашын чагылдырган «Майн Кампф» сыясы кургабай национал-социалисттердин же нацизмдин кол китеби – саясый манифестке айланат. Малгун-ефрейтор китебинде «таза кандуу», башкаларга «үстөмдүк кылчу» арийлерди «гениалдуу раса», а жөөттөрдү «мителер» деп бөлүп, «жакшы расага» кирбеген элдерди «ыпыр-сыпырга» теңейт; арий немистерди болочоктогу жашоо мейкиндигин Чыгыштагы славяндардын жана россиялык марксистердин жерлеринин эсебинен кеңейтүүгө үндөйт.

Ашынган улутчулдардын, антимарксисттердин, антисемиттердин, демократияны «бөө» көргөндөрдүн чырагына май тамызган «Майн Кампф» 1939-жылга дейре 11 тилге которулуп, 5, 2 млн. нуска сатылат.

Гитлер бийликте турган (30. 01. 1933 – 30. 04. 1945) жылдары «Майн Кампф» китепканада көп суралган (окулган) китепке айланат; китептерде, гезит-журналдарда ага көп шилтеме жасалат, баяндама берилет, цитата көрсөтүлөт. «Майн Кампф» 1939-жылга дейре 11 тилге которулат жана 5, 2 млн. нуска сатылат.

Алсак, Индия (1928), Англия (1933, 1935), Финляндия (1934), Франция (1934, 1938), Мисир (1938) жана АКШда (1933, 1937) чыгат. Гитлердин автобиографиялык китеби Англияда «Менин күрөшүм», а АКШда «Менин урушум» деген аталыш менен басылат. (Мен Гитлердин бузуку китеби 1940-жылдан бүгүнгө чейин канча тилде, кайсы өлкөлөрдө, канча нускада чыкканына атайын токтолбодум.)

Англиянын «Херст энд Блэкетт» (Hurst and Blackett) басмасы Гитлердин китебин алгач жакшылап көркөмдөп, 5 000 нускасын британдарга 18 шиллингден (2023-жылдын наркы менен эсептегенде 16 фунт стерлинг), көпчүлүккө арналган арзан басылмасы 3 шиллинг 6 пенстен (былтыркы наркка эсептегенде 16 фунт стерлин) сатылат. 

Бир кылымдык тарыхы бар америкалык «Хоутон Миффлин» (Houghton Mifflin) басмасы 1933-жылы Гитлердин китебине бааны 3 доллардан (2023-жылкы нарк менен 71 долларга тете) койсо, экинчи жолу басканда 50 сентке арзандатып: 2, 50 доллардан сатат. Эсеп-кысап, статистика деп ушуну айт!!!

Бул жагынан карт Британия да, жаш АКШ да мыкты!!! «Акча эсепти сүйөт» деген накыл ооз учундагы сөз эмес, жашоонун канону экенин Батышта кадам сайын байкоо мүмкүн...

«Майн Кампф» СССРде 1933-жылы партиялык кызматкерлер үчүн «Менин күрөшүм» деген аталышта чектелген нускада чыгарылат. Аны орус тилине көрүнүктүү саясый жана мамлекеттик ишмер Г.Е.Зиновьев которот. Эски революционер 1934-жылы камалат. Абактан 1935-жылы 16-июлда Сталинге кат жолдоп: «Сиздин жана Саясый Бюронун башка мүчөлөрүнүн гезиттердеги портреттерин узакка талыбай карап: «Агайындар, менин жан дүйнөмө кириңиздерчи, менин Сиздерге душман болбой калганымды, дилим жана тулку-боюм менен Сиздердики экеними, мен баарын түшүнгөнүмдү, мени кечирип, ырайым кылууңуздар үчүн баарын жасоого даяр экеними эмне көрбөй жатасыздарбы...» деп ойго чөмүлүп кетем» деп жазат.

Болоттой бекем Сталинди эски революционердин кайрылуусу жумшартпайт. Зиновьев жыл айланып-айланбай «Чоң террордун» эпкини менен атылат.

Гитлердин автобиографиялык китеби чыккандан үч жыл жетип-жетпей Италиядагы Улуттук фашисттик партиянын негиздөөчүсү, премьер-министр Бенито Муссолинин «Менин өмүрүм» деген китеби жарык көрөт. Ал 1922-жылы өкмөт башына келгенден кийин акырындап тоталитардык мамлекетти түзүүгө киришкен эле.

Ефрейтордон Германия фюрерине өсүп жетилген Гитлердин саясый көз карашы жана тутунган идеологиясы «Майн Кампф» жарык көргөндөн кийин эл аралык коомчулукка айкын болгон. Ал эми 1932-жылкы катар-катар парламенттик шайлоодо Гитлерди лөкүйгөн немис капиталисттеринин зор тобу колдоп, нацисттик партия шайлоочулардын үчтөн биринин добушун алат. 1933-жылы 30-январда парламенттин имараты – Рейхстаг өрттөнгөндөн кийин декрет жана «Элди, мамлекетти коргоо жөнүндө» жарлык чыгат. Бул эки документ өлкө Конституциясынын 7-статьясын «тирүүлөй көмүп»: а) сөз жана басма сөз эркиндиги, жыйын-митингдерди өткөрүү эркиндиги тыйылат; б) коопсуздук кызматтарына каттарды окууга, телефонорду тыңшоого уруксат берилет; в) режимге каршылар (оппозиция) жана идеологиялык душмандар, ж. б. бийликке ыңгайсыз жарандар сот-тергөөсүз концентрациондук лагерлерге айдалчу болот; г) ошол жылы нацисттик идеологиялык системага сыйбаган солчулдар (коммунисттер, социалисттер, либералдар), аракечтер, сойкулар, селсаяктар, жалкоолор, кумсалар, Йегованын күбөлөрү болуп, 26 миңдей киши абакка отургузулат.

Көп узабай аскер жетекчилиги менен кездешүүдө «Чыгыштагы жаңы жашоо мейкиндигин басып алуу жана германдаштыруу» ниетин жарыялайт. «Узун бычак түнүндө» бийликке ынанбаган 200 чамалуу адам тындым кылынат, коммунисттерге жапырык күчөйт, жөөттөр жарандык укугунан ажыратылат.

Фашисттик идеяга маң калың эл ээрчиген бийлик «Майн Кампфта» айтылган идеяларды жүзөгө ашырууга чамданып киришет. 1939-жылдын 9–10-февралындагы «Хрусталь түнүнөн» соң жалпы Германияда, Австриянын кээ жерлеринде, Чехиянын Судет облусунда жөөттөр талоонго алынып, депортациялана башталат.

Судеттик немистер тополоң чыгарып, Берлинден жардам сурайт. Чехиянын чоң бөлүгүн (41 миң кв км) 4,9 млн. эли менен кошо тартып алууга шылтоо ушинтип табылат.    

Миллиондогон адамдардын башына кара түн түшүргөн катаал кезеңде, тагыраак айтканда, 1939-жылы 20-мартта Британияда ирландиялык Ж.Мерфи которгон «Майн Кампф» сатыкка чыгат жана Экинчи дүйнөлүк согуштун капсалаңы кеми 150 миң, ашыгы 200 миң китеп сатылган деген жоромол бар. Мерфинин котормосуна Британиянын абройлуу журнал-гезиттеринде («Тhe Times», «The Spectator»,  «The Daily Telegraph», «The Observer» ж.б) рецензия чыгат.

Фашисттик Германия 1939-жылы 1-сентябрда Польшага басып кирет, артынан эле Британия жана Франция Германияга согуш жарыялайт. Экинчи дүйнөлүк согуш тутанды. 17-сентябрда Польшага чыгыштан СССР кирет. Дүйнөнүн бакубат мамлекеттерин жаатташтырган кандуу булоон бурганактап жаткан 1940-жылдын 21-мартында Лондондо «New English Weekly» журналында Жорж Оруэллдин береги реценциясы жарыяланат. (Биздин советтик тарыхка жана төбөлсүздүк жылдардына саресеп салсак, Ж.Оруэллдин макаласында чагылдырылганга окшош мисалдар куржун толо табылат. 

Адольф Гитлердин «Майн Кампф» китебине рецензия

Бир жыл мурда «Херст энд Блэкетт» басмасынан редацияланбаган «Майн кампфты»  Гитлердин мыяткер көз караштан редакцияланып жарыяланышы – бул окуя кандай ылдамдыкта өнүгүп жатканынын символу. Котормочунун баш сөзү жана түшүндүрмөлөрү китептин жаалдуу тилин жымсалдап, Гитлерди мүмкүн болушунча айкөл кылып көрсөтүү максатында жазылган.

Былтыр Гитлер али изги адам эле. Ал немис жумушчу кыймылын талкалады, анысы үчүн мүлктүүлөр табы (классы) Гитлердин бар айыбын кечүүгө белен турган. Солчулдар жана оңчулдар улутчул-социализмди – консерватизмдин бир түрү деген орток ойду тутунушкан.

Анан капылеттен эле Гитлер шарапатынан айрылды. Анын жыйынтыгында, «Херст энд Блэкетт» басмасы китепке «жаңы тон кийгизип» чыгарып, андан түшкөн киреше үргүлжү бойдон Кызыл Чырым уюмуна берилет деп түшүндүрдү. Бирок «Майн кампфтын»  мазмунун билген адам – Гитлердин максат-мүдөөсү жана көз карашында кандайдыр өзгөрүү болгонуна ишенери кыйын. Гитлердин бир жыл мурдакы сөздөрүн он беш жыл мурда айткандары менен салыштырып, таш боордугуна жана дүйнө таанымынын сенектигине айран болосуң.

Анын мономанга (маньякка) мүнөздүү сенек акыл-эсине саясый жагдайдагы аркы-берки өзгөрүүлөр олуттуу таасир этери күмөн. Сыягы Гитлер советтик-германиялык пакты графиктеги орун алмаштыруу катары гана көрөт. «Майн кампфта»  айтылган планга ылайык, обол Россия талкалынып, кыязы андан соң кезек Англияга жетмек. Азыр жагдай өзгөрдү, оболу Англияны бажаруу керек, анткени экөөнүн ичинен Россия сөзгө жеңил көндү.

Англия күм-жам кылынгандан кийин Россияга кезек жетет – Гитлердин ою ушундай экени калетсиз. Баары ушундай болобу, албетте, ал башка суроо.

Мейли, Гитлердин программасы аткарылсын дейли. Анын мерчеминде, жүз жылдан кийин 250 миллион калктуу немис мамлекетинде «жашоого ылайыктуу» зор мейкиндик (б.а., Ооганстанга же ошо чөлкөмгө чейин созулган) болууга тийиш, бул эңгезердей дардес империяда жаштарды согушка жана кызыл кыргын, сары сүргүн болууга даярдоодон башка орчун иш болбойт. Ал мындай үрөй учурчу оюна жумурай журтту кантип азгыра алды? Анын саясый мансабы көкөлөп баратканда, ири өнөр жай ээлери бул эрен болочокто социалисттер менен коммунисттердин сазайын берет дешип, аны каржылашканы, – айтканга жеңил.

Эгер ал жаагын жанып, жоон топ элди козголтуп, чоң көчкө айлантапса, ири капитал ээлери колдомок беле аны. Ырас, жети миллион жумушсузу бар Германиядагы кырдаал – келбек демагогдор үчүн өтө ыңгайлуу эле. Бирок «Майн кампфтын» чоркок тилде жазылганына карабай, сөзүн угуп жатканда, акылыңды арбап, журтту жадыгөйдөй элирткен касиетке ээ болбосо, Гитлер көп сандаган атаандаштары менен күрөштө ийгиликке жетмек эмес...

Анын кишини жипсиз байлап, өзүнө тарткан кандайдыр шыкыбалы бар экени айныгыс чындык. Бул анын сүрөттөрүнөн да сезилет; мен, бөтөнчө, Гитлердин «Херст энд Блэкетт» басмасы чыгарган китептин башындагы күрөң жегдечендер эми түзүлгөн жылдардагы сүрөттөрүнө көңүл бурууну сурайт элем. Анын кебетеси – иттиин кебетесиндей аянычтуу, – тирүү жан чыдагыс адилетсиздиктен азап тартып жаткан пенденин кебетеси. Анын кебетеси – эсепсиз сүрөттөрдөгү ача таякка асылган Иса машаяктын кебетесине караганда алда канча кайраттуу жана Гитлер өзүн сүрөттөгүдөй элестеткени калетсиз.

Анын дүйнөгө болгон баштапкы, жеке таарынычынын себебин табуу мүмкүн; бирок канткенде да таарынычы бар экени анык. Ал – азапкөй, садага чабылган курмандык, денеси аскага чынжырлып таңылган Прометей, теңдешсиз жоо менен жалгыз салгылашкан сырттан. Эгер ага чычканды өлтүрүү керек болсо, ал чычканды ажыдаардай кылып көрсөтүүнүн аргасын тапмак. Анын Наполеон сымал өз тагдыры менен эрегишке чыкканы, тагдырын жеңе албаганы, бирок кайсы бир жол менен жеңишке татыктуу экени дамаамат сезилет. Мындай образ, албетте, эбегейсиз кызыктуу; көркөм фильмдердин теңи эле ушул темага арналган.

Ал жашоого гедонисчил мамиле кылуу эки жүздүүлүк экенин да түшүнгөн. Акыркы согуштан бери батыш интеллектуалдарынын баары, албетте, бардык «прогрессивдүү» интеллектуалдар «лам» дебестен адамдар бир гана нерсени: жеңил турмушту, коопсуз жана ооруу-сыркоосуз жашоону тилейт деген бүтүмгө келишкен. Жашоого болгон мындай көз карашта, мисалы, мекенчилдикке жана аскерий каармандыкка орун жок. Балдары солдат болуп ойноп жатышканын көргөн социалист капаланат, бирок эч качан калай солдаттарды эмне менен алмаштыруунун амалын таппайт; себеби «калай пацифист» деген акылга төнбөйт. Муну жадаалдуу акылы ток ургандай сезген Гитлер – добулбастар кагылып, асаба туулар желбиреп, букаралардын ыкрарын билдирген параддарды айтпаганда – адамдарга комфорт, коопсуздук, кыска жумуш күнү, гигиена, балдардын төрөлүшүн көзөмлдөө же жалпылап айтканда, акылга сыяр шарт-жагдайдан бөлөк да жок дегенде мезгил мезгили менен күрөштү жана жанды тобокелге салууну самашканын билет.

Фашизм жана нацизм экономикалык теорияга таандыктыр, бирок бул экөө – психологиялык жактан алганда, жашоонун ар кандай гедонисчил концепциясына караганда бир кыйла таасирлүү. Бул балким сталиндик казармалык социализмине да таандыктыр. Үч диктатор тең өз элине жан майыштырган түйшүктү артып, өз бийликтерин бекемдешти.

Социализм, атүгүл капитализм адамдарга көп көңүлдөнбөй: «Силердин турмушуңар жакшы болот» деп айтышса, Гитлер аларга: «Мен силерге күрөштү, коркунучту жана өлүмдү сунуш кылам» деди жана анын натыйжасында, бүтүндөй улут анын бутуна озунуп жыгылды. Балким, кийинчерээк эл мунун баарынан тажайт жана акыркы согуштун аягы кездегидей өз пикирин өзгөртөт.

Бир нече жылга созулган кыргындан жана ачкачылыктан кийин «Өтө чоң элге өтө чоң бак-таалай» – татыктуу ураан болор, бирок азыр элдин көксөгөнү: «Бүтпөгөн жамандыктан көрө бүткөн коркунучтуу тамам жакшы». Азыр береги ураанды ойлоп тапкан кишиге каршы күрөшүп жатканыбызда, биз ураандын эмоционалдык таасирин унутпай, эске алышыбыз керек.

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз