Бектур Иляс: Талкан таттуу

  • 07.03.2025
  • 803

АҢГЕМЕ

(Мага билим берген баардык сүйүктүү агай, эжейлериме жана классаштарыма арнайым).

Төртүнчү жылдыкта окуган кезим...

Зыйнан эжей эне-тилден сабак берет. Анын үнү манасчылардын үнүндөй күпүлдөп өктөм чыгат. Сабак маалында мектеп дарбазасынан кирген кишиге кыдыракей көп класстын арасынан Зыйнан эжейдин кайсы класса сабак берип жатканы даана угулуп турат.

Бийик бойлуу, сом бүтүм эжейдин баскан-турганы эркектерге окшойт. «Манаста» айтылгандай булчуңу буура санындай, муштуму токмоктой бар. Ачуусу чукул. Саат аралыгындагы дем алыш учурунда эшик алдында ызы-чуу түшүп ойногон балдардын кай бири колуна тийсе көк желкеге бир муштап, көмөлөтө коюп кайра тургузмайы бар. Аяп муштагандагысы болсо керек, чындап муштаса өлтүрбөйбү, жаткан оордуңдан турбай кал. «Өлүгүңдү көрөйүн какмарлар» деп тилдейт. Илгерки кыргыздар ошентип тылдечү дейт апам. «Кумурсканын уюгундай болуп кымылдай берип башымды айландырып жибердиңер» дейт. «Кумурска уюгун көрдүңөр беле?» дейт. «Көргөнбүз!» деп жабыла кыйкырабыз кыйраткансып. Кээде мени да тилдейт. «Партанын астында атаңдын башы, кубарыңдын куу чокусу барбы?! Тырмалабай бери кара, мени кара, доскени!» – деп жазып жаткан бору менен чекеме таамай чертет. Чекеме бордун тагы түшүп бозоро түшкөн мени көргөн классташтарымды күлкү кыстап, бирок Зыйнан эжейдин каарынан коркуп, каткырыгын ичине жуталбай, муунуп атып ыйлап ийе жаздашчу.

Эжей кээде жалаң эр мугалимдердин арасында жападан-жалгыз өзү кошулуп баскетбол ойнойт. Атам айткандай «дардалаңдап» ойнойт. Эр мугалимдин көбүнөн жакшы ойнойт. Дардалаңдап топ кубалайт, дардалаңдап кардан кайткан топту талашат. Топту бор черткендей чертет. Менин чекеме черткендей чертет. Биз башка класстын окуучуларынын астында өзүбүзчө марчайып, сыймыктанып турабыз. Кол чаап кыйкырабыз.

Биздин эжейден мектептеги бүт окуучулар коркот. «Силердин эжейиңер жаман» дешет. Бирок биз эжейибизди жакшы көрөбүз. «Жаман» дегенге оозубуз барбайт. «Жаман» дегендердин оозун бузгубуз келет.

«Зыйнан мугалимдин билими жугумдуу» деп ата-энелер жакшы көрөт.

Мектеп жаңы башталган кездеги жаңы окуулук тараткан күндөгү кубанычыбыз укмуш. Зыйнан эжей окуулуктарга кошо көп гезиттерди ала келип бирге таратып берет. «Китебиңер булгана электе тыштап алып таза кармагыла» деп үйрөтөт. Китеп тыштаганды үйрөтөт. Анан апта сайын сынак алып, номуру жогору болгондорго дептер-карандаш сыйлык берет. Кээде класска чач машинке алып келип, дем алыш убагында доскенин алдына отургузуп алып, чачы өскөн балдардын чачын шыпырат айнектей. «Жакаңды оңдой албай жүрүп чач өстүргөндүн балакетин аласыңбы, түшүр» дейт. Эчким «кың» дей албайт. Маңдай чачыбызды мурдубузга чейин самсаалатып, «фү» деп эрдибизди чормойтуп үйлөп койгонду жакшы көрчүбүз. Мойнубузду толгоп, башыбызды силкип, чачыбызды бир жакты көздөй серпип койгонду өнөр көрөбүз. Желкебизди кашып, саамайыбызды салаалап тырмап, бит жеп кычышып атса деле болбой ошентебиз. Ошенткенибиздин сазайын Зыйнан эжей ошентип берчү. «Кың» дей алчу эмеспиз. Анан далактап кубалашып жүрүп алка-шалка болуп жетип келсек, эшиктен кирген жерге тизип коюп киймибизди оңдоп берет. Этеги далбырап топчусуна чейин чечилип кеткен көйнөктөрүбүздүн этегин жыйнап шымыбыздын ичине солоп, ыштаныбыздан бери көтөрүп ычкыр-кашатыбызды бекитип бергенде, алабызды кыпчып кызарып-татарып кыйпылыктап кетебиз. «Киймиңди түздөп кие албай жүрүп уялгандын балакетин аласыңбы, какмар, түз тур мыйрыйбай, мылжыйбай» дейт. Чекебизден кайрадан кара тер бурк этет.

Бүгүн аптанын алтынчы күнү, түштөн кийинки биринчи сабак. Бул саатта мээме сабак кирбейт. Көз кыйыгым менен терезеден дарбаза жакты уурдана карап отура берем. Мунумду Зыйнан эжей да сезет. Бирок бул күнү мени урушпайт. Бул күн мага майрам экенин билет. Башка күнү болсо «Талаада атаңдын башы барбы, кубарыңдын куу чокусу көрүнүп атабы?!» деп тилдемек.

«Кубарымдын куу чокусу кандай болот?» деп атамдан сурайын дегем, сурай элекмин.

*     *     *

Мен олтурган удулдан дарбаза даана көрүнөт. Аралыгын кере карыш калтырып тик сайылган чөкө темирлерден жасалган дарбазадан көчөнүн наркы өйүзүндөгү жалгыз ооз жыгач дүкөн даана көрүнөт. Эшигин бекитип алып, терезесинин капкагын кайыш жип менен каңтара тартып байлап, ошондон соода кылат. Жаан-чачында кайышы созулуп, капкагы биздин класстагы Оролбек шалпыктын кепкасынын маңдайы окшоп калат. Сабак аралыгындагы дем алышта же түшкү, кечки тароодо окуучулар ал дүкөндүн жалгыз терезесине кезекке туруп, тытып жеп коё жаздайбыз. Кээде ал дүкөн жомоктогу жалгыз көздүү дөөгө окшойт. Жалгыз көздүү дөө алдында жыбыраган майда балдар майда-майда акчаларды майда-майда манжасы бар майда колдору менен сунат. Майда балдар дөөнү кайдан билмек. Атам айтып бербесе мен деле билмек эмесмин. Эки тыйындык көк кагазды сунуп буурчак сурайбыз, бир тыйындык сары кагазды сунуп чемичке сурайбыз. Акчасы жоктор акчалуу балдардын алдына алакан жайып «Ит бекен, куш бекен? Ит бекен куш бекен?» деп какшанабыз. Качан алаканыбызга бир-эки тал бирдеме себелеп коймоюнча кууп жүрүп сурайбыз...

Сабак ортолоп калган маалда дарбаза тараптан мен күткөн караан көрүндү, апам! Алтын апам!!! Оордумдан ыргып туруп алдынан жүгүрүп чыккым келет. Бирок эжейден корком. Апам дарбаза түбүнө келип аттан түштү. Тизгини менен камчысын ээрдин кашына илип, чылбырын дарбазанын темирине эле чалып байлады. Калың кара саңсаң ичигин чечип, ээрге жаба салып койду. Жоолугун бошотуп, маңдайына түшкөн чачтарын артына сылап, жоолугун кайрадан бекем кылып ээгине чалды. Анан дарбазанын жогорку четиндеги кичик эшиктен жайбаракат кирип, удул биздин классты көздөй басты. Апам биздин классты жазбай табат. Зыйнан эжей сабак берип жатканда апам түгүл көзү көр киши деле жазбай табат.

Терезе жактагы окуучулардын баардыгы апамды көз кыйыгында көрүп отурушту. Эжей көргөн жок. Ал турган жерден дарбаза көрүнбөйт. Бирок эжей апамдын келатканын сезди. Апамды көргөн балдар мени алдыртан ымдап, ишарат кылгандарын эжей сезсе да сезмексен, байкаса да байкамаксан. «Эне тил, эне тилиңди энеңдей ыйык бил» деп өз сабагын өтө берди.

Чыдамым кеткен сайын апам шашпайт. Тээ наркы майдандагы топ кубалап жүргөн балдар жакты карап коёт. Күн чыгыш жак корпустагы алдында беш жылдыздуу кызыл туу желбиреген мугалимдердин ийдарасын карап коёт. Төбөсүнө көз салып мектептин асманын карап коёт.

– Тык, тык, тык!

Каалга кагылды. Эжей сабагын токтотуп сыртка чыгып кетти. Бираз кобур-собур болду. Каткырып күлүштү. Мен китеп-карандаштарымды заматта сомкеме салып даяр болдум. Балдар күбү-шыбыр. Айтик сорок алдыңкы партада олтурган кыздын желкесин чукуп үлгүрдү. Тиги кыз да оңойдон эмес. Кайрылып туруп китеби менен какбашка салды. Аңгыча эшик кайрадан ачылып, балдардын кобуру тып басылды.

– Уруксат, – деди эжей мага карап.

Сомкемди мойнума илип оордумдан турдум.

Ошол эле жерден апамдын мойнуна асылгым келди. Бирок уялдым. Терезе ичинде мени карап отурушкандарын ойлодум.

Дарбазадан чыгып кош туяктын жалын сыладым. Апам минип келген жээрде атты ушинтип атайбыз. Аттанар жак алдыңкы бутунун шыйбылчагынан өсүп чыккан бармактай кабырчыгы бар. Ошого карап кош туяк дейбиз. Жаныбар, мени тааныды окшойт, чочуркап койбойт. Окуранат.

Апам мени эрчиттиби, мен апамды эрчиттимби, айтор дарбазанын удулундагы жыгач дүкөнгө тең жеттик.

– Эмне жейсиң? – деди апам.

– Окшош, – дедим.

– Окшошуң эмне?

– Эмне алсаң мейли.

– Тетиги, талкан таттууңдан берчи, – деди апам дүкөнчүгө.

Өзү бул дүкөндө ушул сыяктуу бир-эки түрдүү эле компет бар. Апам мага дайым ушуну алып берет. Башкаларга караганда кичине курсакка жугуму бар деп ушуну алат. Сыртында соңку күздөгү суу бетинде камгаймактаган муз сымал жука жылтыр чайыры бар, ичи упурап талкан сымал кушкер даамдуу бул компетти аябай жакшы көрөм. Үйгө баргыча апам өзүң же деп уучтап салып бергенин жеп бүтүп, анан иниңе ала бар дегенин да жарымдатып жиберем.

Апам ээрдин арт жагына көрпөчөнү тоголоктоп арта салып, эки канжыга менен эки жеринен бекем байлап мени учкаштырды.

Коштуяктын үстү жумшак. Басканы жеңил. Камчы салдырбайт. Эртең менен үйдөн чыкканда кайда жөнөштү, кай жерден бурулушту, кимдердикине токтошту, үйгө кайтканда кандай жүрүштү, бүт баарын билет. Мектеп дарбазасына чейин даана билет. Тизгин кактырбай өзү бурулуп, турчу жерине турат. Аны мен алыстан келатканда карабай туруп дүбүртүнөн тааныйм.

Айылдан бат эле суурулуп чыктык. Эмкиси эки жагы бийик тоо. Ортодо дарыя. Тунжураган ак кар, ак кардын астында көк муз, көк муз астында тунук кашка суу, кашка суу астында жалтыраган тап-таза томолок таштар.

«Кырт-кырт, кырт-кырт, кырт-кырт...»

Кош туяктын жапжаңы орус такасы менен жолдун тапталып каткан карын оё тепсеген добушу кулакка жагымдуу. Апамдын белинен бекем кучактап, башымды саал бир жакка кыйшайтып, алдыдагы, алыстагы чокуларды карайм. Тетиги төбөсү көккө тирелген бийик чокуну жаш чоку дейт апам. Өмүрүңөр болсо силер да ошол чокулардай өсөсүңөр дейт. Тиги жапырайып жерди карап өскөн чокулар карт чокулар дейт. Ал атаң экөөбүзбүз деп коёт апам. Оюма бир нерсе түшүп апамдан сурадым:

– Апа, адам картайгандан кийин эмне болот?

– Өлөт.

– Мен да картаямбы?

– Картайганга жеткизсин! – деди апам.

– Анан мен да өлөмбү? – дедим. – Менин өлгүм келбейт...

Апам аз унчукпай калып айтты:

– Сен кө-өп жашайсың, балам.

– Канчалык көп?

– Ээ... канчалык дейсиңби?.. Канчалык болчу эле?.. Миң жыл. Балким андан да көп...

– Ал канчалык болот?

– Албы? – апам дагы ойлонуп калды. Анан тээтиги алыстагы асман тиреген эң бийик чокуну көрсөттү: – Тиги эң жаш чокуну көрдүң да?

– Ээ...

– Ошол чоку качан картайып, кум болуп учуп, кыян болуп агып түгөнгүчө бар болосуң.

Чокуну караган сайын шаңкаят. Булуттар учуна жетпей жарым белчесинде жүрөт. Ал чокуну шамал учуруп, жамгыр жууп, күн куйкалап түгөтө аларына ишенген жокмун. Демек, көп жашайт окшойм дедим. Мүмкүн өлбөйт да чыгармын деп үмүттөндүм.

Талкан таттуудан дагы бир тал оозума салдым. Күтүрөтүп чайнабай, шимип шилекейимди жуттум. Жуткан сайын жуткум келди. Анан сырткы кабырчыктары эрип бүткөн соң ичиндеги талкандары эзилип даамы тил үйрүп барат.

Биздин кыштоого жакындаганда өзөн боюндагы жолдон бурулуп, капталдап өйдө чыгабыз. Мен ушул жолду жаман көрөм. Артка шыпырылып, ат куйругуна чейин барам. Аз жерден кулап түшүп кала жаздап, апамдын ичигинин этегине жармашып жүрүп отурам. Бир жолу ат тайгаланып жыгылып, апамдын көзүнүн үстүн чегедектин учу сайып, аз жерден карегин кашайта жаздаган. Өзү аттын алдынан будаланып тура албай атып: «Балам, балам, эчтеке болгон жоксуңбу?» дегеничи. Мен артка шыпырылып, эки бутум менен түшүп кеткендиктен эч нерсе болгон эмесмин. «Эч нерсе болбодум, апа» деп колтугунан сөөдүм. «Өзүң эч нерсе болгон жоксуңбу?» дедим. Анын оң жак кашынан аккан кан бетин жууп, ак кардын бетин да кызыл-ала кылып жибергенин көрүп, жүрөгүм түшүп калды. «Көзүм аз калбадыбы, болду, эч нерсе болбойт, кичине тыттырып алдым» деди апам оордунан туруп. Ал былтыр көктөмдөгү кар эрип, ала көлөкө карагайдын ичиндеги жол көк жылгаяк муз болуп калган кез эле. Атты көп жерге дейре жетелеп жөө бастык. Апам бетинин канын кар менен жууп, жеңи менен арчып, жоолугу менен таңып алды.

Үйгө жеткиче чырак коёр маал болду. Кыштообуз көрүнчү кыраңдан чыгарыбыз менен короочу итибиз Саккулак арсылдап үрүп, ак кардын бетинде арыш кере жүгүрдү. Жакындай берип тааный койгондо, бизден кыжалат болгондой жата калып кыңшылап, куйругун шыйпактата эркелеп, узун тили менен кара шуштук тумшугун жаланып жиберди. Мен аны менен саламдашып «чук, чук» деп койдум. Ал ыргып туруп, жанаша чуркап, салактаган бутумдун учун жыттагылап, анан үйдү көздөй атыраңдап, кайра бурулуп жата калып, кубанычы койнуна батпады.

Атам мал камаган короосунун кашааларын бекитип, айрысын үймөктүн бир четине сайып, бери басты. Буттарым уюп, колжоюп калган мени аттан көтөрүп алып, кулак түбүмдөн шуулдата жыттады. Алты жашар иним бар. Акелеп ал келди. Талкан таттуу бердим. Апам куржунун сүйрөп үйгө кирип чырак жандырды. Атам аттын ээрин алып, короо алдындагы кыкка оонаттырды да, короого алып кирип «демин алсын» деп аса байлап койду. «Жүр эми, үйгө. Окуу кандай?» деди атам.

Жыгач үйдүн эшиги «кайч» ачылып, «кайч» жабылат. Үй буручундагы очок үстүндө боркулдаган кара казандан жылкы этинин жыты келди. Курсагым чыдабай «кур-чур».

– Мына, азыр! – апам жаңыдан чечкен калың кийимдерин жүк үстүнө жаба коюп, билегин түрүп, колун жууп, камыр жуурууга камынды.

Иним экөөбүз тамакка чейин да, тамактан кийин да көпкө ойнодук. Ал бир баштык чүкөсүн төктү. Кызылы-кызыл, көгү көк болуп көз жоосун алат. Апам аны жүн боёгондо жүнгө кошуп казанга салып боёп берген.

Атам устунга каккан мыкка илип койгон радиосун алып кулагын бурады. «Шинжаң кыргыз» бүтүп кетиптир. Анын оордунда муңгулча ыр берип жатыптыр. Биз окшогон чабандын ыры окшойт. Жайлоодогудай созолонот... Атам аны бир аз тыңшады да башка каналга жөткөдү. Казакчадан аба ырайынан маалымат берип жатыптыр.

– Ээ, ээ... – атам кулагын радиого такай калды да: – Ай, кожурабай тынч болгулачы! – деди иним экөөбүзгө.

*     *     *

Кызыл гүл салып, тобурчак менен ыштап кургаткан эттин даамы тим эле ширин. Чайнаган сайын чайнагым келет. Жутпай эле чайнагым келет. Анткен сайын атам бир жактан, апам бир жактан, иним бир жактан оозума эт кармайт. Казы-карта, жал-жая... Андан-мындан бир тиштемден жеп, бат эле тойдум.

Тамактан кийин атам жылкыларга чөп чачты. Айсыз түндө киргил тарткан кар бетине чөп чачты. Мен пыржоктырын жарык кылып кармап бердим. Демейде аны атам оозуна тиштеп алып эле жарык кылып жүрө берет.

Түнкү суук укмуш экен. Кара саңсаң тумагымды баса кийип, оозу-башымды ороп алсам да муздак. Атам камаарабайт: бир чөмөлө чөптү бир сузуп, тээтигинден ары сүйрөп, анда-мында жерге жарым айрыдан чөп таштайт. Арасы алыс болбосо жылкылар бирин-бири тээп, кулун салдырышы мүмкүн.

Эртең менен атам аябай эрте туруп кетиптир. Мен ойгонгондо карагай отун бачырап күйүп, кара мештин бөйрөгү кып-кызыл, үй ичи ысып чыгыптыр. Меш үстүндөгү чөөгүндүн жаны чыга ызылдап, буусу капкагын көтөрүп кылдыратып жаткан экен. Атам жыгач каалганы кайч эттире ачып, мурутунун музун кагып кирип келди. Биз чайга камындык.

Атамдын бир күндүк жумушу мага беш колдой анык. Керели-кечке алышканы мал. Миниш аттардын акырындагы шакелдерди уйга чачат. Аттарга жаңылап чөп салат. Ылдыйкы кашаага барып ал жерди тегеректеген жылкыга чөп чачат. Ак кардын бетине эле чачат. Анан кайра келип чай-пайын ичип, уйларды жайытка айдап, койго чөп чачат. Койлорду чыгарат. Аттардын богун күрөйт. Отун жарат, суу апкелет. Мен да ээрчип, иним да эрчип алат. Анан эки убак эртели-кеч радио тыңшайт, радиодон «Шинжаң кыргызды» тыңшайт, «Шинжаң кыргыздан» Дүйшөкан Сейитти тыңшайт.

Бир күн бат эле өтүп кетет. Аптанын биринчи күнү эртең менен жарым түндөн турабыз. Уйкум келип турса да сабак калтыргым келбейт. Жуунуп-тазаланып, жаңы кийимдеримди кийем. Иним уктаган боюнча калат. Атам экөөбүз учкашып мектепке жөнөйбүз. Сак-кулак салпалактап кошо ээрчийт. Аны үйдөн узай бергенде кайра кайрылып тап берип кууп жиберет атам.

Караңгы түндө кайың-талдарды аралап өтөбүз. Жалгыз аяк жолду биз кайдан көрмөк элек. Кош туяк өзү билет кандай жүрүштү. Таң сүзүлүп келатканда Зыйнан мугалимдин дарбазасына келип токтойбуз. Атам мени ошол жерге түшүрүп коюп эле кайра малга шашып кетет. Апам Зыйнан мугалимдин балдары жесин деп курут берип жиберет. Өздөрү чайга куюп ичсин деп сүт жөнөтөт. Мен ошолорду ичке алып кирип берем. Зыйнан мугалим апама ыракматын миң кайталап, «Алда байкуш эжем-ай, убара болгон тура, ыракмат!» деп элжирейт. Мага ысык чай куюп берип сууктан көгөргөн оозумду жылытат. Өзү окшогон сөөктүү кызы бар. Бизденүү. Бирок биздин классын балдарын колуна эмне тийсе ошону менен какшатып урат. Эжейден коркуп аган унчуга албайбыз. Бирок анын кылыгын эжей көрүп калса кызы экенине карабай урат. «Бирөөнүн баласынын көзүн кашайткың келип жүрөбү какмар» дейт кызын. Биз ичибизден кыбабыз канып жыргап калабыз.

Эжейдин үйүнөн мектепке бирге чыгабыз. Эжей балдарынан каткан компиттеринен уучтап чыгып чөнтөгүмө салат. Аябай сүйүнөм. Акырын колумду чөнтөгүмө салып сыйпалап санайм. Аябай көп. Баары эле талкан таттуу!

Эжейди ээрчип мектепке жөнөйм. Бул күнү кечигүүгө таптакыр болбойт. Анткени аптанын биринчи күнү. Бул күнү эртең менен саат 8:00дө туу чыгарабыз. Мектептеги бүт окуучу, мугалимдер майданга тизилебиз. Тууну пионерлер атиретиндеги ар кайсы класстын окуучулары кезектешип чыгарат. Кээде мен да катышам. Кызыл туунун маамысынын түбүндө үчөөбүз катар турабыз. Музыка жаңырары менен ортодо турганыбыз туунун жибин акырын тартып баштайбыз. Эки четтегибиз кызыл калистокторубузду чыкыйта таккан боюнча оң колубуздун учун чекебизге таяп урмат билдиребиз. Окуучулар бир калыпта мамлекет ырын ырдашат. Биз да ырдайбыз. Зыйнан эжей үйрөткөн.

– Ойгон, кул болгусу келбеген жандар...

Мен ушул кезди аябай жакшы көрөм. Биримдиктин үнүнөн жер да бир ыргак менен жагымдуу титиреп жаткандай болот. Кызыл туу акырын желбиреп өйдө жылат. Мен калың окуучулардын алдында, кызыл туу түбүндө турганыма корстон болом. Туу менен кошо желбиреп асманга чыккым келет.

Биздин мектептин ичинде кызыл туунун мамысы баарынан бийик. Мектептин курулуштарынан да, бак-дарактарынан да бийик. Ошого күн эң биринчи беш жылдыздуу кызыл тууга тиет. Ошондо кызыл туу ансайын кооз көрүнөт. Саргыч түстөгү беш жылдыздары ансайын бажырайып, алтын түскө кирет. Алтын сымал жаркырап көрүнөт. Алтындын сары экенин, жалтырап турарын кайдан билмек элем. Атам ошентип айткан. Алтын эң асыл зат, ал топурак арасында кылымдарды карытып жата берсе да дат баспайт, чирибейт. Күнгө салсаң күнгө, айга салсаң айга жаркырап тура берет деген. Бирок Зыйнан эжей тууну алтындан да кымбат деп айткан.

*     *     *

Биздин класс мектеп коругунун жогорку четине ылдый каратып салынган корпустун чыгыш булуңунда. Класстан чыга калып оң жакка айлансак, үй ордундай далда жер бар. Балдар дем алышта дааратканага баргандан эригип ошол жерге эле заара кыла салабыз. Заара кылабыз да берки четине чүкө ойной беребиз. Кээде чүкөбүз заарабызга түшүп кетсе акырын алып кургак топуракка оонатып, анан шакшактаган багалегибизге сүртүп ойной беребиз. Кээде кыздар менен кубалашмак ойнойбуз. Башка класстын балдары менен өлүп-тирилип мушташабыз, тепкилешебиз. Ыйлатсак мактанбайбыз, ыйласак даттанбайбыз...

Бир күнү Акый менен Бакыт күбүң-шыбың сүйлөшүп калганын уктум.

– Төлөн көк көз жанарга талкан таттуу сатып бериптир, – деди Акый ызага муунуп.

– Мен да уктум, – деди Бакыт да тиштенип.

Жанар биздин класстагы эң сулуу кыз эле. Сабактарда мыкты болчу. Төлөндүн ага талкан таттууну кантип бергени мага кызык болду. Бир ишенип, бир ишене алган жокмун. Анын эрдигине суктандым. Ичим бираз таарылгандай болду. Биз демейде башка кыздар менен жулмалашып, кубалашып ойносок да Жанарга батына алчу эмеспиз. Балдардын баары ага кошомат кылгысы келип, бирок кошомат кылгандан да тартынчу.

– Кара жыгачтын көлөкөсүндө китеп окуп отурган жеринен бериптир! – деди Бакыт чебелектеп.

– Мен ага көргөзөм! – деди Акый муштумун түйүп акырын кезенип.

Акый, Бакыт, Төлөн төртөөбүздүн кайтаар жолубуз бир эле. Акый учунган сөөдүр болчу. Бирок куулугу Төлөнгө жетчү эмес. Төлөн Акыйдын колуна түшпөй койду...

Көп өтпөй Зыйнан эжей жүрөкчө кылып бүктөлгөн кагазды Бакыттын чекесине алып келип кадады! Көрсө ал Акыйга да, Төлөнгө да билдирбей Жанарга ашыктык катын жазган экен... Бакыт кат жазганына тойду. Эжейден таяк жегени аз келгенсип биздин шакабабыздан кутулбай келет. Кат жазып эмне кылат дедим өзүмчө. Андан көрө талкан таттуу алып бербейби...

*     *     *

Ошо төртүнчү жылдыктын экинчи мезгили. Апрелдин орто чени. Жер көк жыттанып калган. Кышты кыштай дайраны тумчуктурган муздан эч нерсе калбай, бөксөрө түшкөн дайранын эки жээгинде бошогон таштар ак корум болуп ачыкка чыгып калган. Мектептин жаңы курулушуна таш керек болуп, окуучуларды таш чогултууга уюштурду. Ал кезде жазгысын «эмгек» сабагы бар эле. Мектеп жумуштарынан сырт мугалимдердин да жерин басып, картөшкүсүн айдашчубуз.

Кыздарды былбейим. Уулдар үчүн эмгек көңүлдүү эле болчу. «Уулдар эки жүздөн, кыздар жүздөн таш ташыгыла» деди ошол таш чогулткан күнү эжей. Дайра жээгиндеги чамабыз жеткидей таштарды кучактап, мекеп коругунун жээгине чогултуп жаттык. Жарым миңден ашуун майда балдар кумурскадай кыбырап жүрүп, берки жээктин ташын бүтүрдүк. Түшкү дем алыштан кийин келсек, мугалимдер эки жерге теректен көпүрө салып коюптур. Бири менен ары өтүп, экинчиси менен таш көтөрүп бери өтүп ташый баштадык. Топ таштамай ойногондой тегеренип, өзгөчө көпүрөдөн өтүү бизге кызык. Балдар жөн өтпөй, бирине бири мактанып, мугалимдердин акырын дегенине болбой жүгүрүп өтөбүз десең.

Үч теректи жанаштыра коюп, үстүнө чөп-чар, топурак таштап койгон көпүрө солкулдайт. Астыда көк кашка суу күрпүлдөп агат. Чамынган көбүгү кээде көпүрө үстүндө өтүп бараткан бизге да чачырайт. Акый менен Төлөндүн оюна койсо көпүрө менен өтпөй суудан сүзүп өтүп мактангылары бар. Көпүрөнүн эки башында эки мугалим «так, так» деп кыйкырып турган үчүн гана чыдап атышты бир канчасы.

Бир маалда балдар «чур» дей түштү. «Чур» дей түшүп эле андан кийин баары сууну көздөй жапырыла чуркап калышты. Көтөрүп бараткан ташымды таштай салып мен да жүгүрдүм. Олжодон кур калчудай жүгүрдүм.

«Экинчи жылдыктын окуучусу» дешти. Бир кыз «апалап» бакырып, суунун күрпүлдөп аккан жеринде чоң ташка жабышып ыйлап турат. Көпүрөдөн эки-үч кадам ылдыйга агып барыптыр. Сууга тумчугуп барып кайра турган окшойт. Төбөсүнө чейин суу. Дайранын шар агыны жарым белинен ылдый омуроолоп, этек-жеңден тарткылап, кенедей немени житирип кетүүгө ашыккандай. Апкаарый түштүк. Аңгыча ары жактагы эр мугалимдер жүгүрүп жеткиче биздин Зыйнан эжей, өзүбүздүн Зыйнан эжейибиз балбактап сууну жиреп кирди. Кирген эле жерден суу астындагы самын таштарга тайгаланып, бир жыгылып турду. Арыдан бери түйө салган көйнөгүнүн этеги чечилип, суу бетинде жайылды. Ошондо биз кино көрүп жаткандай болдук. Демибизди ичибизге жутуп тиктеп калдык. Мындайды кинодон гана көрчүбүз. Айылдын чоң киноканасы бар. Күн сайын кечинде кино коюлат. Анда-санда ошол жерге барып кино көрчүбүз. Ошондо дайранын шаркыраган добушунун ичинен ийнедей суурулуп кыздын чыңырган добушу угулуп атты. Анын үнүнүн ошончо ачуулугуна таңгалдым. Ушунча көп киши турса, үйүндө жаткан апасына кыйкырганына таңгалдым.

Зыйнан эжей жетип барды. Жетип барып таш кучактаган кызды эки колтугунан кармап, шар агындан жулуп алып, өзүнө каратып кучактады. «Ө-өк» дедик. Кыз эжейдин мойнунан бекем кучактап дагы эле апалап атты...

«Биздин эжей!» деди арабыздан бир классташым үнүн бийик чыгарып. Анын көздөрүнүн балбылдап сыймыктанууга толуп чыкканын көрдүм. Ага улай эле биздин класстын балдары тең чуркурадык.

– Биздин эжей, биздин эжей!

Толкундануунун эмне экенин ошо кезимди ойлосом түшүнөм. Башка класстын балдарынын астында өзүбүздү аябай бактылуу сездик. Анткени биздин жетекчи Зыйнан эжей! Биздин эжей ааламдын куткаруучусу!

Жашырак эки эр мугалим кирип кызды кучактаган биздин эжейди эки жагынан сөөп, суудан чыгышты. Кыз аябай коркуп калыптыр. Суудан чыккандан кийин да эжейдин мойнун бекем кучактап коё бербей, ыйлаганы басылбады. Эжей аны бооруна бекем кысып, чачтарын сылап, көздөрүнүн жашын сүртүп, көпкө алек болду. Кыз акырын-акырын эженин мойнун коё берип, ыйлаганы басылды. Эжей чөнтөгүнөн кагазы сууга эзилген эки тал талкан таттуу алып, кыздын колуна карматты. Таш ташып жүгүрүп жүрүп курсагыбыз ачыңкырай түшкөн жаныбыз талкан таттууну көрүп бири-бирибизге билгизбей акырындан шилекейибизди жуттук. «Көпүрөдөн мен куласам го» деп жибердим ичимден...

Кыз сооронгондон кийин гана эжей аны башка мугалимдердин колуна карматып, суу тамчылаган этектерин сыкты. Анын колунун бир манжасынан сызылып кан агып турганын өзү да, биз да ошондо байкадык.

*     *     *

Мен ошол кезде чоңойгум эле келчү. Тезирек чоң жигит болгум келчү. Ат тизгинин кагып улакка чапкандарды көргөндө аябай кызыкчумун. Ат үстүндө учуп бараткан жигиттердин баары көзүмө бактылуу көрүнчү. Анан азыр олтуруп ойлонсом, ошондон бери отуз жыл өтүп кеткенине бир ишенсем, бир ишенбейм. Кечээ жакында кызымды биринчи класска киргизейин деп айылдык борбордук башталгыч мектепке алып бардым. Баягы эле мен окуган мектеп. Оорду эле ошол болбосо, аты-заты өзгөргөн. Бийик-бийик бийналар. Автоматтык түрдө ачылып-жабылган дарбаза. Кулпурган бак-дарак. Жалаң жаңы жүздөр. Дарбаза удулундагы баягы талкан таттуу саткан дүкөндүн оордунда үч кабат курулуш. 24 саат тейлеген дүкөндөр... Бирок анда баягы биз тамшанып жеген талкан таттуулар азыр жок экен.

Кызымдын мугалимин жазбай тааныдым. Көп жыл окууда, андан тыяк-быякта кызматта жүрүп, өз айылына жаңы келсе да жазбай тааныдым. Ал баягы бизди таяк менен шакшакка койгулап далай урган эжейибиздин эрке кызы экен. Андагы эркелик азыр жок. Кудум Зыйнан эжейден жонуп жасагандай!

Үйгө сүйүнүп келдим.

– Апасын тартса жакшы мугалим болот. Кызымдын таалайына ошонун туш болгонун көр!

– Кимге туш болду? – деди келинчегим.

– Зыйнан эжейдин, менин класс жетекчимдин кызына.

– Зыян эжей сенин жетекчиң беле?

– Ооба. Не болду?

Келинчегим кандайдыр бир чоң дем алып, толкуп алгандай болду.

– Ал киши бир жолу мени ажалдан алып калган да.

– Качан, каяктан? – Мен таңгалып такактай сурадым.

– Экинчи жылдыкта окуп жатканда.

– Не болуп?

– Мектептин жаңы курулушуна деп таш ташып жатып, көпүрөдөн кулап кеткем...

Мен каткырып жибердим.

– Не болду? – келинчегим таңыркай сурады. – Ишенбей жатасыңбы?

– Жок, ишенип эле! Ошондогу ыйлаак сары сен белең?

*     *     *

Бирге түтүн булатып келатсак да, эмнегедир келинчегим экөөбүздүн ортобузда ошол мугалимдерибиз жөнүндө сөз боло электигине таңгалдык. Эжейдин эрдиги деле ошондо биздин класстын окуучуларынын оозунда айтылып жүрүп, кийиндеп унутулуп калган. Тек, атам-энем гана эжей жөнүндө кеп салып «мугалимдин мыктысы эле Зыйнан!» деп коюшчу.

Кызынан, кызымдын мугалиминен сурасак, эжей дем алууга чыккандан бери оодандагы үйүндө экен. Ден-соолугуна байланыштуу айылга деле көп чыкпайт деди. Эсибизге эми гана келгенсип, телефон номерин сурап, шыбыркатын кошуп алдык.

– Убакыт чыгарып барып учурашып келели! – дедим өзүмчө эле жаңы ой тапканыма сүйүнүп.

– Ошентели! – деди келинчегим да жетине албай. – Куру барсак уят ко. Белек-бечкек алып алалы.

– Мейли, – деп мен коштодум. – Аялдарга эмне алышты сен билесиң. Бирибизге тарбия берип, бирибизди ажалдан алып калган киши! Колубузда деле жок эмес. Чоң эле бир нерсе алалы.

– Макул.

Келинчегим алчу белеги жөнүндө ойлонуп, кыялданып калды.

– Анан эмне алсаң да, баягы талкан таттуудан таап, небиресине деп кошуп коёлу.

Биз ошол күндүн кечи кирип, таңы атса эле Зыйнан эжейге учурашуу менен ишибизди баштачудай болуп, көпкө план түздүк. Бирок арадан бир жылдан ашып барат, биз али Зыйнан эжейдин үйүнө барууга чыгына албай келебиз.

12. 24. 21.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз