Акгул: Айжамал

  • 06.06.2025
  • 2988

АҢГЕМЕ

Айжамалдын сүйлөбөй калганына бир жылдын жүзү болду. Баш кошкон жолдошу — бала кездеги ак кыялы, алмадайынан жолуктурган сүйүүсү — аракеч чыгып, өмүрүнүн ар бир түнүн тозокко айлантты.

Бир күнү, алты айлык боюнда бар кезинде, мас болуп келип, кыйкырып кирди:

— Кыз төрөйм дедиңби? Классташтардын баары уулдуу болуп жатат. Сен кыйраткансып кыз төрөйсүң! Ме сага!

Ошол түнү Айжамал катуу сабалды. Бүт денеси жанчылып, жүрөгү сынып түшкөндөй болду. Келтектин уусунанбы же төрөлө элек кызы таарынып кеткенби — айтор, ак куу болуп асманга учуп кетти…

Ооруканадан чыккандан кийин дүйнөнү башкача сезе баштады. Жок... такыр угалбай калды. Угуу менен кошо үнүн да жоготту. Үнүн ичинен жутту. Эне болуу бактысынан, аялдык урматтан, жан дүйнөсүнөн — бүт бойдон ажырады.

Кайталанган кыйкырыктар, шылдыңдар, “менден тукум калабы” деген кордогон сөздөр аны күн сайын ичинен эзип турду. Акыры күйөөсүнүн туугандары:

— Биз жеткирип берели, бир жамандык болбой жатып... — деп аны төркүнүнө жеткиришти.

Айжамал — чоң үй-бүлөнүн эрке, кенже кызы болчу. Эми ээн үйдө жалгыз калды. Ата-энеси көп жыл мурун бул дүйнө менен кош айтышкан. Эже-агалары өз турмушунун тегерегинде эле. Бирөө жездесинен корксо, экинчиси жеңесинен жазганып, эч кимиси өз үйүнө алып бара алган жок.

Айыл эли болсо:

— Карачы, периштедей эле кыз болчу... Эми угалбай да, сүйлөй да албай калды, — дешет. Бирөө анын сулуулугун эстесе, башкасы адебин мактайт. Үчүнчүсү шыпшынып:

— Кудай өзү кечирсин, тагдыр, пешене да... — дешет.

Бирок акыркы кездерде айыл ичинде шыбыр сөз жүрө баштады:

— Айжамал түн ичинде сүйлөйт имиш... Ай менен гана сүйлөшөт экен...

♦     ♦     ♦

Айжамал бала кезинен бери айга сырын айтып көнгөн. Эч кимге көрсөтпөгөн ашыктык каттарын да айга окуп берчү. Айрыкча толгон айдын түнүндө — ай нуруна бөлөнүп, жүрөк сырын төгүп, унчукпас аалам менен сүйлөшчү.

Бул түнү да ай толуптур. Терезеден төгүлгөн алтын нурлар Айжамалды арбап алды. Ошол түнү Айжамал ай менен терең сырдашты. Жүрөгүндө эч нерсе калтырбай, бүтүн жан дүйнөсүн ачып берди. Бирок үнү чыккан жок.

Эртеси, энеден жаңы төрөлгөндөй, жеңил, таза абалда ойгонду. Жашагысы келди.

Күндөр өттүп жатты. Айжамал жигитин күткөн селкидей түн киришин күтөт. Ай менен сүйлөшөт. Ооба, ай угат.

Акыры Айжамал үнүн ак кагазга түшүрө баштады. Жаза берди. Сыр каттар, ыр саптар, эч кимге айтылбаган эскерүүлөр, кечирүүлөр... Айга жазды. Өзүнө жазды. Башка аялдар үчүн жазды.

Бир күнү анын жазгандарын кошунанын 10-класста окуган кызы көрүп, көчүрүп алып интернетке жарыялап жиберди. "Ай менен сырдашкан үн" деген ат менен аккаунт ачылды. Ал жерде үнсүз аялдардын жүрөк тагдыры, ичинен кыйналышы, кайра жаралышы — баары жазылган эле.

Көп өтпөй бул жазмалар социалдык тармактар аркылуу элге тарай баштады. Аялдар купуя кат жазып, өз тагдырларын айтып кайрыла башташты. Айжамалдын үнү эми элдин үнүнө айланды. Анын жазган кыска аңгемелери, ырлары — тынч аялдардын үнү болуп чыкты. Бир-эки чыгармасы гезиттерге жарыяланды. “Ай менен сырдашкан үн” деген ат менен блог ачты. Аны бүт айыл, шаар, анан өлкө окуй баштады.

Айжамал укпайт, бирок аны эл угуп жатты. Бирок эми ал үнүн жутпайт. Ал үнүн — бөлүшөт.

♦     ♦     ♦

Бир түнү — ай толгон кезде — Айжамал терезеге тигилип отуруп:

— Мен сүйлөгүм келет… — деп шыбырады.

Ал үн акырын чыкты. Бирок бул үн — аялдык кайраттан, тынч азаптан, рухтун тазалыгынан жаралган жаңы үн болчу. Сырдуу, нурдуу ай Айжамалдын үнүн кайтарып берди.

Айжамал эми үнү менен гана эмес, сөзү, жазмасы, миссиясы менен сүйлөйт. Ал үнсүз аялдардын жаңырыгына айланды.

Ал азыр ай менен гана эмес — бүт дүйнө менен сырдашууда.

Ай менен сырдашкан аялдын үнү — эми бүт дүйнөгө жаңырды...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз