Жаңыл Мырза поэмасы (толук)

  • 09.06.2025
  • 2371

(А.Чоробаевдин айтуусу боюнча)

1. АЛГАЧКЫ БАЯН
Мурунку өткөн заманда,
Сарсейит деген бий болгон.
Үчүкө, Түлкү балдары,
Булардай жырткыч ким болгон.
Алдына келген доочулар,
Айталбай сөзүн тим болгон.
Ак калпактуу кыргызга
Азабы катуу күн болгон.
Сарууну чапкан жоругу
Сарбагышка дүң болгон.
Тополоңун тоз кылып,
Тынч элди кайдан тим койгон.
Кызыл уук кыйратып,
Кыз-келинин ыйлатып,
Жылкысын тийип алганда,
Сарууга бүлүк салганда,
Кара аламан олжону
Камчыга ченеп бөлгөндө,
Чабуулдан түшкөн бир кыз бар
Түлкү муну көргөндө,
Көөнүнө кеткен алам деп,
Үйүмө алып барам деп,
Мөөсүлгө[1] муну бөлдүрбөй,
Соогатчыга бердирбей,
Алып келип өзү алган.
Кызга кошуп чабуулдан
Кызыл-тазыл көч алган.
Ата-энеден айрылтып,
Зыркыратып кыз алган.
Тийбеймин десе — акыры
Сыздатып мындан өч алган.
Кусамат[2] жок, кеги жок,
Бир кетирип, бир коюп,
Бир жылда кайра эки алган.
Жыл маалына жеткенде
Эркек бала төрөгөн.
Эмчек сүттөн айрылса,
Баланы кимдер жөлөгөн?
Атын Тынай койгон дейт,
Ак боз бээни сойгон дейт.
Балтыр бешик чагы экен,
Дөөлөтү каркап[3] толгон дейт,
Бир күнү көчүп Сарсейит,
Жайлоого барып конгон дейт.
Көчтүн баары аттанып,
Чубап жөнөп калганда,
Бешиктеги баланы
Атка өңөрүп алганга,
Түлкүнүн жаш аялы
Эки жагын караса,
Элдин баары жөнөгөн,
Ажайып кызык тамаша
Кайненеси сөөлөттүү,
Кымызы бар чайкаган,
Жанындагы көөкөрдү
Жылкычысы байкаган,
Ичип карды тоё элек,
Аттанар маалы боло элек.
Деди дагы жылкычы
Көч артынан жөнөдү,
Келин атка минди эле,
Кекетерин билди эле,
Билсе дагы муну айтат,
Энекелеп муң айтат:
Жерде турган бешикти
Алып берер киши жок,
Ыйлап жатат бакырып,
Жаш баланын эси жок.
Энеке, мага бешикти
Алып берер бекенсиз,
Айласыздан мен айттым
Айыбымды кечерсиз.
Дегенине байбиче,
Тили тийди келинге,
Кармап турган бээсин
Чаап салды желинге.
Каргап-шилеп тилдеди,
Каяша айтчу ким деди.
Келиним өзүң күң болсоң
Жумшайсың мени неге — деп,
Кетиремин сени — деп,
Айкырганы анча бар,
Ачуу сөзү канча бар,
Оолукканы опуруп,
Оройлугу далай бар,
Тили суук түгөнгүр
Тилдээрине малай бар.
Келин байкуш чыйралып,
Кейиш тартып ый салып,
Эңип алды бешикти,
Суук сөзүн эшитти.
Бул өңдөнгөн ачууга
Айласыздан кезикти.
Көч артынан бечара
Бастыра берди карабай,
Тилдеп жатса кайнене
Келиндикке санабай,
Кетпегенде өлөбү,
Көч артынан жөнөдү.
Кемпир калды журтунда,
Бээси кетти жылкыга.
Катын-калач калышкан,
Кабар берди Түлкүгө,
Түлкү кеткен алдыга,
Калың көч анын артында.
Заардуу мындай кемпир жок,
Сарбагыштын калкында.
Жылкычы көрүп кайрылып,
Ат алып барса барбады,
Келтирип башка бир салып,
Кетирди минтип арганы,
Кекенишип, кектенип,
Келинди абдан каргады.
Он киши келди болбоду,
Аттанбады чыр салды,
Үлбүрчөк келип жүр десе,
Муну да башка бир салды.
Баатырсынган Түлкүнү
Бачым алып келгиле,
Олжодон келген катынын
Тентитип коё бергиле!
Бул өңдөнгөн бети жок
Катындан Түлкү кечпейби,
Катынынан кечпесе,
Энесинен безбейби!
Түлкүнү тууган мен болсом,
Менин сөзүм өтпөйбү,
Мен өлгөн соң кара бет
Анан кийин көппөйбү!
Көзүм тирүү турганда,
Келиндер минтип жектейби?
Көрүнбөсүн көзүмө,
Мен бу журттан кетпеймин,
Мени жумшап күң кылып,
Келинден кордук көргөнчө,
Баркым кетип жүргөнчө,
Айылга барбай өлөйүн!
Болбосо Түлкү кетирсин,
Ал кара бет катынды,
Жактырып элден кыз алсын,
Ажыратпай батымды.
Айткан тилим албаса,
Балалыктын кечемин.
Түлкү менен Үчүкө
Экөөнөн тең беземин.
Аттанбаймын, өлөмүн,
Канымды бүгүн төгөмүн.
Кара бет жүзүн көргөнчө,
Акыретти көрөмүн!
Энем деп мени сыйласа,
Өлгөнүмчө кыйбаса,
Жаңы журтка барганча,
Эски журтта калганча,
Жарынамын өлөм деп,
Бычак сууруп алганча,
Жанындагы жигиттер
Чаппасына ал канча?
Эки жигит жарышып,
Түлкүгө барды сабалап.
Ит чыкырчу баштанып,
Алдыңкы көчтү аралап.
Байбиченин жанында
Бир тобу калды каралап.
Энесинин кыялын
Билди Түлкү чамалап.
Жаңы журтка көч келип,
Жайланып үйдү тиккенче,
Чаптырды Түлкү жигиттен
Энесине бир нече.
Келгендерге тил албай,
Айкырат да кыйкырат.
Үстү-башын тытынып,
Элдин баарын жыйдырат,
Түлкүнүн кетти аргасы,
Ачылды белем пардасы.
Ата-Козу, Чабагы
Абдан жакшы курдашы,
Түлкү менен бир өскөн
Түбүнөн берки сырдашы,
Дайындады буларга
Кетирмек болуп аялын...
Көч аралап жол менен
Келинди тосуп токтотуп,
Ботолуу инген боздотуп,
Кетмек болдуң деп айтып,
Кейиши бар кеп айтып,
Түлкүнүн айткан сөзү деп,
Төкпөй, чачпай көп айтып,
Кайненеңдин каарына
Калыптырсың кантесиң,
Бешикти алып бергин деп,
Эмне үчүн айтасың?
Энекеңдин кыялын
Билбейт белең башынан,
Эрден чыккан эски деп,
Атанмак болдуң жашыңан.
Короодогу койлору,
Жайыттагы уйлары,
Өрүштөгү жылкылар,
Жүктөгөн жүк мүлкүң бар,
Баарысы мында калсын дейт,
Жалгыз атты минсин дейт,
Төркүнүнө барсын дейт.
Кийген киймин алсын дейт,
Кайра жолго салсын дейт.
Көч үстүнөн кетсин дейт,
Төркүнүнө жетсин дейт.
Таластагы саруудан
Чаап келген болчумун,
Олжого алып күң кылып,
Таап келген болчумун,
Каада менен мен ага
Калың берген эмесмин.
Кете койсун сарууга,
Жете койсун Таласка!
Тууп алдым дегенсип,
Баланы бизден талашпа!
Дегенинде куурагыр,
Арга барбы кетпеске,
Ата-энеси төркүнгө,
Амалы барбы жетпеске.
Жоор байтал мингизип,
Жолго салды жигиттер...
Боздоду, аял ыйлады,
Өлүүгө жанын кыйбады.
Буркурады боздоду,
Муңдуу дартын козгоду.
Айткандан айтты бу сөздү:
Бир бузуктун мекери[4],
Кырк эшекке жүк деген,
Мурункунун месели*.
Кайненемдин жаңжалын,
Көрүп жолго түшөмбү,
Тууп алган баламдан
Минтип күдөр үзөмбү!?
Бүлөнүн баары мал айдап,
Аттанган экен көчкөндө,
Бала өңөртөр киши жок,
Ооматым баштан кеткенде,
Аттана элек кайненем
Өңөртөр бекен деп айттым,
Атаны арман, курган жан,
Ушу сөздү неге айттым!
Эми кандай күн болот,
Айткылачы эрендер,
Кет десеңер кетейин.
Чачпактуу элем келеңгер[5],
Убал-сообум не болот,
Укпаса адам кээ болот,
Мага Түлкү мырзаны
Жолуктурсаң не болот?
Мен атамдын төрүндө,
Алкайган жүктүн бурчунда,
Бойго жетип болукшуп,
Мокой элек курчумда
Туйгун жаткан сарууну.
Тим койбоду журтунда.
Атамды чапты — эл чапты,
Асманга күлүн сапырды,
Олжолоду мени алды,
Шорумду минтип катырды.
Баласынан айырып,
Салса заман акырды.
Уктатпасын убалым,
Жаткырбасын жазыгым!
Ат айланып табат ко,
Байлаган мамы казыгын.
Мен табайын атамды,
Ак сүтүн берген энемди.
Аралап төркүн табармын,
Атпай саруу көп элди.
Кыз кезимде кызыгып,
Буркуратпайм деп алган.
Өмүрүм акыр өткөнчө,
Зыркыратпайм деп алган.
Зыркырап эмес, мына эми,
Чыркыратты кантейин,
Эмчегимди ташытып,
Зыркыратты кантейин!
Канатымды кескилеп,
Тырпыратты кантейин!
Жаактуу баштан айырып,
Турумтай алган торгойдой,
Бырпыратты кантейин!
Үстүмө күнү албаска,
Үйрүлтүп камчы салбаска,
Убада берип мени алган.
Уул үйлөп, кыз чыгарып,
Убайым көрөм деп алган.
Кайыр, эми болуптур,
Жок экен менде билгилик,
Жөнөбөс болсом Түлкүңөр
Кыла берер жиндилик.
Деди дагы баланы
Чабакка алып берерде,
Бешикти колдон аларда,
Бетин ачып бир сүйүп,
Көзүнүн жашы бурчактап,
Таамп турду мончоктоп.
Бешикти ачып баланын
Сүйдү эңкейип бетинен,
Улуп-уңшуп, бой-боздоп,
Жөнөдү көчтүн четинен...

2. ТҮЛКҮНҮН ЖАҢЫЛГА АТТАНЫШЫ
Келини кетти деп угуп,
Сүйүнчүлүү кеп угуп,
Үчүкенин үйүнө
Келип түштү энеси,
Арылбайт акыр заманда
Көпчүлүктүн жемеси,
Келген элдин баарысын
Арачы салат энеси.
Катын алсын деп айтып,
Катуулады мүнөзү.
Алса Жаңыл алсын дейт,
Ат бастырып барсын дейт,
Эр Жаңылды алсын дейт,
Эр Жаңылды албаса
Менден туубай калсын дейт.
Өзү нойгут уруусу,
Ургаачынын сулуусу.
Манап эмес, бай эмес,
Эл бийлеген бий эмес,
Букара байкуш Жагоого
Айтпаптыр кудай уулдан,
Канат жасап камчы урган,
Кайраттуу кыз туулган.
Ата-энеси, элинин —
Жарпын ачкан кызы дейт,
Элди сактап душмандан
Өөк сырттан[6] ушу дейт,
Жардылыгы болбосо,
Жандан ашкан мыкты дейт.
Мылтык атып, жаа тарткан,
Эркектерден ыктуу дейт.
Ит агытып, куш салган,
Кесипке да шыктуу дейт.
Какшаал менен Тоюнда
Калың нойгут айлы дейт,
Өзү баатыр Жаңылдын
Жок экен азыр кайны дейт.
Мыкты болсо эр Түлкү
Эриш бузуп, эл чапсын,
Жылкы тийип чаңдатып,
Калмакты кошо тең чапсын.
Алы буга келбесе,
Көрүнбөсүн көзүмө,
Жалганда тирүү жүргөнчө
Бычак салсын өзүнө.
Эгер Жаңыл албаса,
Ак сүтүмдөн кечпеймин,
Акыретке барганда
Салбасын мени арманга.
Деп, ошентип, күнүгө
Тынчын алды Түлкүнүн.
Элдин баары арачы,
Кыйналганды карачы,
Сөзүн укпай коёбу
Энесинин баласы.
Элдин баарын дүрбөтүп,
Күнү менен күндөтүп,
Түнү менен түндөтүп,
Буйруп элди чакыртып,
Энекесин бакыртып,
Тилдеп элди жапыртып,
Жөнөймүн деп чабуулга,
Жел өпкөлөр желигип,
Ала өпкөлөр демигип,
Шайтан ичке жык толуп,
Эсиргендер ээлигип,
Түп көтөрө түрүлүп,
Түлкүнүн колу сүрүлүп,
Жөнөп калды бүлүнүп.
Сөзүн укпай коёбу!
Аттандырды чуу менен,
Асабалуу туу менен,
Ай туяктан бээ айтып,
Аябаган дуу менен.
Үчүкө, Түлкү баш болуп,
Мингени буудан ат болуп,
Ал сапарда жасоосу
Алда канча көрүнүп,
Аккочкор, Каңкы бул экөө
Бир кош болуп бөлүнүп,
Жаңылды байлап алмакка,
Шатыра-шатман жол жүрүп,
Барды Какшаал тоосуна,
Ийри жардын жээги,
Имерилиш оозуна.
Ак чийдин төмөн жагында,
Кере таштын сайында,
Кемегесин ойдуруп,
Бээдеп кармап ырымдап,
Ай туякты сойдуруп.
Жалгыз-жарым жүргөндү
Токтотуп алып кеп сурап,
Нойгут элдин күздөөсү,
Жылкысы кайда деп сурап.
Учураган жан болсо,
Жок издеген ал болсо,
Чылбыр толгоп санына,
Тирүүлөй азап чектирген
Нойгутка кабар түшүрбөй,
Же нойгуттар күтүнбөй,
Кармап алып ургулап,
Тилин толгоп жулдурат.
Өлбөсө да а шордуу
Сүйлөй албайт чулдурап.
Кетирсе да толук сөз
Элге барып айталбайт.
Мына ушундай мыкаачы,
Үчүкө, Түлкү шайтанды айт.
Шайтандык эмей эмине,
Тынч элди келип чабышты,
Жылкысын жылас кылышты.
Койлорун союп короодон
Корум кылып кырышты,
Төрт түлүгүн чогултуп,
Алдына салып жыйышты.
Нокто-чыкта, желени
Кылыч менен кыйышты.
Кайчы-тулга, казанды
Карсылдатып чабышты,
Коломто күлүн сапырып,
Эшиктен төргө чачышты.
Киймин тоноп сыйырса,
Жылаңач чуркап качышты.
Кызыл уук кыйраса,
Кыяматтай кыйнаса,
Элчилеп да эр Жаңыл,
Же бир жасоол жыйбаса,
Айтылбай турган иш бекен,
Намыс кылбай тим болгон,
Анча-мынча кыз бекен,
Аты Жаңыл болгон соң,
Анты-шерти бепбекем.
Ургачылык ушу деп,
Тим жатыш буга кеп бекен.
Ал кезде Жаңыл үйдө жок,
Жортуул келчү жолдо бейм,
Ойдо эмес, жондо бейм.
Катындарын какшатып,
Каран түндү баштатып,
Сүттүү менен сүрөгүн,
Такалуудан тай койбой,
Узун аяк мал койбой,
Кулун-тайын чыңыртып,
Төөнүн мурдун жырылтып,
Добул кагып, мал тийип,
Түндүктөн булар бута атып,
Үч-төрт айыл жылкысын
Алып чыкты узатып.
Эки кошко эки тай,
Туугандашып союшту.
Ээн жердин бөрүлөр
Этке, майга тоюшту.
Үчүкө, Түлкү ошентип,
Тийип алып жылкысын
Жаңыл мырза жок кезде,
Элдин ачкан уйкусун.
Чаңдатып үч жүз бээ алды,
Жай жаткан элден төө алды.
Эл четинен өткөрүп,
Семизин союп, эт берип,
Жан казанды асышып,
Алоолотуп от жакты,
Кезекчи коюп жылкыга
Эрлерден тандап он чакты.
Артынан куугун келер деп,
Атакозу, Чабакты
Аңдытып койгон эмеспи,
Колуна берип жаракты.
Үлбүрчөк менен Бургуйду
Арчалуу кырдан каратты,
Тоорулдагы төрт баатыр
Карап жатты, таң атты.
Ал күнү куугун келген жок,
Жылкы алдырган элден жок.
Канетсе Жаңыл келер деп,
Тилекти кудай берер деп,
Үчүкө, Түлкү, Аккочкор,
Түштө түлөө белендеп,
Жата берди эрикпей,
Эт бышырып кенен жеп.
Кийинки күнү кечинде
Жаңыл мырза кеп угуп,
Жайыттан жылкы алдырды,
Жалганы жок деп угуп,
Жылкычыдан кеп угуп,
Жылас болду деп угуп,
Кара долу күлүккө
Карчыгадай бат минип,
Тура албады токтолуп,
Тулпар сындуу ат минип,
Укканда Жаңыл турчубу
Жоо десе жүрөк курчуду.
Чаң асманга созулуп,
Ак-Чийдин борчук тумшугу
Куюн тийген эмедей,
Тулку бойдо ачык жок,
Бармак басым кенедей,
Туулга башта, чарайна[7]
Көкүрөккө тартынып,
Беш кабырга белдемчи
Жаанын огун асынып,
Чопкутту[8] баса кийинип,
Жоо келди деп сүйүнүп,
Элинен бир топ аткарып,
Намыс үчүн күйүгүп,
Айылдан чыкты кеч курун.
Кара долу тулпары,
Тап этинде көрүнөт
Ала качат учканы.
Жылкылардын сүрдөөнү
Изи дайын колотто,
Кууп келип эр Жаңыл
Кездешер чагы болот ко.
Атакозу, эр Чабак
Сундурган найза тартпаган,
Туулгандан бул экөө
Сумсайып жоодон качпаган.
Артынан келген Жаңылды
Аңтара сайып таштаган,
Жарадар болуп эр неме,
Жалооруп сөздү баштаган:
«Мен ургаачы куугунчу,
Нойгуттар мени туу кылчу.
Жол тосуп аңдып сайганың
Жарабайт Чабак айбаным,
Соогатка бергин жылкымды,
Намыздын уусун жайбагын».
Деди дагы эр Жаңыл,
Атына минип кеп айтат,
Кайта-кайта жалынып,
Алты сыйра көп айтат.
Ага дагы болбоду,
Найзалап жанын койбоду.
Же Жаңылда найза жок,
Жаадан башка айла жок,
Чабак кайта качырып,
Ыргыта сайып кетерде,
Найзанын учу жетерде
Имерилип жаа атты,
Ичке болжоп дагы атты,
Кулатып жыкты Чабакты.
Атакозу баатырдын
Кимге эле мунун убалы?
Кайта-кайта сөккөндө
Жаңыл карап турабы.
Денесинде тамтык жок,
Жарадар болгон убагы.
Өлөрчө кылса найзалап,
Өлтүрбөй акыр тынабы.
Моюн сундум десе да,
Жалынса да болбоду,
Кайран Жаңыл Мырзаны
Качырып келип бир салат.
Чочмор менен чоюлуп,
Шаштырып келип бир чабат.
Чокуга чочмор тийгенде,
Эндиреп кулак тунганда,
Жан айласы эмеспи
Жааны Жаңыл сунганда,
Атакозу баатырың
Калбады аман мындан да.
Жаанын огу тийгенде,
Жатып калган зынданга.
Эки өлүктү сүйрөтүп,
Жол боюна таштаган.
Бер жагында белесте
Темирлүү найза аштаган,
Теминген жоодон качпаган.
Үлбүрчөк менен Бургуйду
Эпке келет деп ойлоп,
Эл коргогон баатырлар
Өгөй татоо[9] сөз болсо,
Кепке келет деп ойлоп!
Эки баатыр келгиле,
Жылкыны кайра бергиле,
Жакын келип денемдин
Жарадарын көргүлө!
Колоттон тоскон эки дөө
Кордук кылып кол салды,
Кой десем тилим албады,
Жалынсам да болбоду,
Жаагымды жарып кандады.
Найзалады боюмду,
Аябай жедим союлду,
Акыры өлөм деп ойлоп,
Көрсөткүм келди сонунду.
Атакозу, Чабагың,
Аты уйкаш эки арамың
Арам өлдү коктуда —
Эми кандай талабың?
Үлбүрчөк баатыр Бургуюм,
Сөзгө келсең не болот?
Менин жолум тоспостон,
Кепке келсең не болот?
Десе дагы болбостон,
Эки жактан качырды,
Кабыргасын кыйратып,
Найзанын учун матырды.
Жаңыл байкуш чыйралып,
Жаасын алды колуна,
Экөөнү бирдей жыга атып,
Таштады жолдун боюна...
Андан берки белесте,
Серепчилеп байкаса,
Караңгы болуп түн кирди.
Жылдыз жайнап толгондо,
Жатар мезгил болгондо,
Маңдайында от турат,
Эки бөлөк топ турат,
Коломтосу жайнаган,
Кызыл жаян чок турат,
От жакалай жамбаштап,
Отуз, кырк адам отурат.
Жакын барып жанына
Сынына Жаңыл толтурат.
Ортосунда оолугуп,
Үчүкө, Түлкү зор турат.
Мурун соңку көрбөгөн,
Көрбөсө да уккан го,
Жай жаткан элди кыйратып,
Нойгутка булар душман го.
Үчүкө менен Түлкүнү
Жинди энеси бузган го.
Эрегишем деп келип,
Эт бышырып жеп келип,
Экөө тең кан кузган го.
Кууганда Жаңыл келсе деп,
Кезигишсе жол сурап,
Же болбосо келсечи,
Жедигер, нойгут кол курап,
Деп ошентип, турушат,
Эти кайнап боркурап,
Кырынан жаткан Үчүкө,
Коңурук тартты коркурап.
Көрүп туруп эр Жаңыл,
Наркы-берки иштерин
Кенен-чонон ойлонуп,
Соогат салам айтсамбы,
Дейт да Жаңыл толгонуп,
Жолдошуна кеңешет.
Эрчип келген Жаңылды
Эки киши жолдошу,
Шарият билген молдосу
Арачы болот ал экөө
Бирине Жаңыл тийсе деп.
Канча түрдүү кеп айтат,
Эрге тийбей так өткөн,
Жалганда барбы деп айтат.
Тийип алсаң не болот?
Үмүт менен келген го,
Тийбесең акыр кээ болот.
Атаканат жатканы ай,
Жатканынан турганы ай,
Адам өлчөөр эр эмес,
Кудуреттин кылганы ай.
Эри жок жүрөт дедиртип,
Жумуру башта арман ай,
Өтмөк болдуң дүйнөдөн
Өз курбуң менен жыргабай.
Дегенде айтты эр Жаңыл,
Кантесиң молдо, кантесиң!
Жылкы тийген душманга
Эмне үчүн антесиң?
Өрүштөн жылкы алдырган,
Намысы кетсе нойгуттун,
Кууп келип артынан
Дарты өттү дейсиңби,
Эри жок жүргөн бойлуктун.
Бул сөзүңдү ит уксун,
Ит укпаса ким уксун,
Душманга Жаңыл тийди деп,
Туугандар сыздап күйбөйбү?
Калың нойгут элетке,
Калмактар чабуул кирбейби,
Капшытынан тийбейби,
Калган-каткан жылкыны
Кармап алып минбейби.
Суук колду салбайбы,
Нойгутту чаап албайбы.
Кыз да болсом баатыр деп,
Жалпы нойгут бел байлап,
Бул келгеним курусун,
Молдо, сага дем байлап,
Кол салмакка душмандар
Келген экен жер чайлап.
Кебиң менен куруп кал,
Кете берсе жылкы айдап,
Ошондо кантип жол болсун,
Эр тандайсың ыңтайлап.
Айткан кебиң курусун,
Бүттү сенин жумушуң.
Жоо аяган жаралуу,
Жеңемин азыр буларды.
Колдон келген баатырлар,
Козголбой карап турарбы.
Соогатыма көнбөсө,
Жылкыны кайра бербесе
Атышып жатып өлөмүн,
Айдап малды бөлөмүн.
Келе жатып өлтүрдүм,
Жол тостурган төртөөнү,
Намыстыктын жолу ушу,
Өзүнөн кетти тентеги.
Намысты мен кетирбейм,
Үчүкө, Түлкү бузук деп,
Уккан элдин баары айтат,
Узун кулак кары айтат.
Калмактан намыс алгансып,
Кара башы балбансып,
Казак менен кыргызга
Кандуу чабуул салгансып,
Жазыгы жок сарууну
Чабамын деп баргансып,
Кыңшылатып кыздарын
Салбар кылып алгансып.
Энесинин тилине
Кирип алып дардаңсып,
Кыз алган жаш аялын
Кордук кылып кетирип,
Жаккан отун өчүрүп,
Тубайттын ити бул экөө
Тукуруп койсо желигип,
Келген тура демигип.
Демиккен желин басайын,
Өзүм жолун тосоюн,
Жылкыны кайрып бербесе,
Берейин колго сазайын.
Молдоке, болбо арачы,
Болбогула чыккынчы!
Акыл-эстен не болгон,
Мен тийишем турбаймын,
Жылкыны албай тынбаймын.
Сен кете бер жоо менен,
Үчүкө, Түлкү бегине.
Энеси өппөгөн кыздардан
Аял алып бергиле.
Чапма нике кыйгыла,
Кошоматка кой союп,
Чалдын баарын жыйгыла.
Катылган жоону какшаттым,
Кантип менден баш тарттың.
Өмүрүмдө күңмүн деп,
Буркурасам мени албайт,
Букара жердин кызымын,
Мени бузук эр албайт.
Деп жолдошун кекетти.
Кайра бүктөп этекти,
Эми соогат баатыр деп,
Айтар сөзүн ойлоду.
Ал аңгыча көк тайган
Оттун жанын жойлоду.
Кайда барса Жаңылды
Ээрчип жүргөн тайганы.
Алтын каргы мойнунда,
Артынан келген ал дагы.
Ургаачы тайган ушу эле,
Учуп кетчү куш эле.
От жанына шимшилеп,
Жетип келди көк тайган,
Чык эле, чык деп турган эл
Көсөө менен бек сайган,
Тайганды сайса каңк этти,
Доолбаш урду даңк этти.
Үчүкө башын көтөрүп,
Ойгоно калды чочунуп,
Ал эмине деген соң
Айтты Түлкү озунуп:
Канчыктын канчыгы экен деп,
Карсылдатып кошо уруп,
Таштан-ташка алып кубалап,
Тайганы неден сугалак.
Жесекчилер не болду,
Алганбы Жаңыл будалап,
Атакозу не болду?
Чабак баатыр өлгөн бейм,
Ыштан салды[10] кылган бейм,
Уйкуга көңүл бөлгөн бейм,
Анда Жаңыл учурап,
Тирүүлөй жерге көмгөн бейм.
Үлбүрчөк менен Бургуйдун
Булардын шору каткан бейм.
Көрүп калып кара бет,
Көзгө болжоп, аткан бейм.
Эт жебей, кара таш жегир,
Ээрчип жүргөн куу чегир,
Аттангыла баарыңар,
Аккочкор менен Каңкыга
Барып кабар салыңар,
Тайганы тура коркунун
Колго найза алыңар,
Сары изине чөп салып,
Тегеректеп калыңар.
Атакозу, Чабакка
Азыр жетип барыңар,
Жергеден чыккан капырга,
Жете албайбы алыңар.
Деди Түлкү кыйкырды,
Бузбагыла ыркыңды,
Кармап, алып келгиле
Жаңыл бетпак сыйкырды!
Тамтыракай болгондо,
От жанынан турганча
Качан болсо канчык дейт,
Адегенде тантык кеп,
Тайганга кошуп мени айтат,
Андан кийин корку дейт,
Кайта-кайта деп айтат
Деги эле ишиң оң болбо,
Деди дагы жаа атты,
Өлүүчү жери болжолго.
Кырынан жаткан Үчүкө
Бутун серппей тырп этти.
Колун жерге чапкылап,
Козголо албай шылк этти.
Эмне болду кокуй деп,
Түлкү башын жөлөдү.
Касканактап тургандар
Качты кийин бөлөгү.
Кучактап турган Түлкүнү
Дагы Жаңыл башка атты,
Катылгандын катыгы
Деди дагы какшатты.
Удаасы менен беш атты,
Өпкө боорун теше атты,
Шамдагайлык жол менен
Шапа-шупа тез атты.
Ач кыйкырык салды эле,
Мен эле Жаңыл — Жаңыл деп,
Атына минип алды эле,
Тегеректеп жасоосу
Жайыла качып берген жок.
Башчыдан буйрук болбосо,
Кайда барат жасоосу,
Жалдырады тим болду,
Туруштук берип ким турду?
Жаа атканда пендеден
Жаңыл өңдүү мерген жок.
Калгандары багынды,
Кармаша турган эрлер жок.
Кылча моюн тутам деп,
Жан соогалап буркурап,
Туруп берди калганы,
Боздап баары буркурап,
Жаккан отун өчүрүп,
Жылкысын кайрып бүт алган
Душмандан минтип өч алган...
Намыс үчүн Жаңылдын
Жазбай аткан жаасынан
Аккочкор качкан дыр коюп,
Кылчайып артын карабай,
Бел байлап Жаңыл кыз менен
Беттешүүгө жарабай,
Артынан Жаңыл кууган жок,
Жолду тосуп бууган жок.
Үчүкө менен Түлкүгө
Күйөр, бышар тууган жок.
Булар болсо сарбагыш,
Ичинде калды ар-намыс.
Аккочкор, Каңкы кыпчактан
Качып көңүл муздаткан.
Тейиш кандын балдары
Далай жанды сыздаткан.
Арт жагында айтылар,
Аккочкордун жоругу
Акырында тынчытпайт,
Элдин обур-кобуру.
Ошентип, Жаңыл өч алды,
Жылкысын такыр бүт алды.
Атагы чыгып далайга,
Андан бетер күч алды...

3. ЭРДЕНЕ БЕКТИН ЗОРДУГУ ЖАНА ЧЫНАСЫЛ
Ошо кезде калмактар
Кыргызга үстөм чагы бейм.
Эрдене бек дегени,
Бир тобунун ханы бейм.
Капыл-тапыл бир күнү
Каптал келген окшонот,
Кабары катуу Жаңылды
Настап келген окшонот.
Мен алам деп буюрса,
Саптап келген окшонот.
Арачы коюп сүйлөшпөй,
Жылкысын ийрип тосмолоп,
Кара долу күлүктү
Карматып алган ноктолоп.
Жедигер менен нойгутту
Жергесин бүтүн чабам деп,
Кыйындарды өлтүргөн
Кызыңды тартып алам деп,
Жагоонун айлын Эрдене
Тегеректеп келди эле,
Карматып алып зордуктап,
Кара атты байлап кермеге.
Айласын минтип кетирген,
Акылы жок кем неме.
Жаңыл анда айласыз,
Тиемин деп тил берди.
Алдап атын алууга
Убаданы бир берди.
Карматып алган кара атты,
Кайран Жаңыл мин деди.
Эрдене бек, Кенен бек,
Кара атты берди белендеп,
Каяктан душман чыгат деп,
Калмактар жатат элеңдеп.
Жаңыл айтат, кан күйөө,
Кулдугум бар өзүңө,
Калыңыма чыдагын,
Кулак салгын өзүмө,
Кыргыздын алты ноёнун
Өлтүрүп койгон мен болуп,
Айласы жок турамын,
Айланып башым тел болуп.
Алар болсоң мени сен,
Той баштайлык эми тең.
Эрдене бекке Жаңылдын
Барганын нойгут эп кылар,
Каадасы кайда кеткен деп,
Катын-калач кеп кылар.
Атам жарды киши эле,
Калың жесин жыш эле.
Мени берип бай болсо,
Төркүндүн көөнү жай болсо,
Төрт түлүктөн калың жеп,
Айдап берген малың жеп,
Сүрүп-сүрүп калың жеп,
Сүйрү өркөчтүү нарын жеп,
Төбөсү жайлоо болбойбу,
Төшү кыштоо болбойбу,
Төркүндү сыйлап калмактын
Төрөсү келип конбойбу.
Болжолу көп тойду сой,
Мойнун кайрып койду сой.
Түштө түтүн булаткын,
Түтүнгө түтүн уланткын.
Беш көкүлдүн тою деп,
Бээлерди жарып сулаткын.
Жедигер менен нойгутту
Жергеси менен кубанткын.
Жеңкетайга жетимиш
Жоргодон тандап сур бергин.
Казан-аяк кармоочу
Кара кызмат, күң бергин.
Отун алып, от жагар,
Он чактыдай кул бергин.
Ата-энемдин өзүнө
Жагданы менен бул бергин.
Баатыр төрөм Эрдене,
Тилимди ал эр неме.
Айлыңа киши жиберип,
Айдатып кел калыңды.
Каалаганың мен Жаңыл
Ханым, сага багынды.
Алтымыш жылкы айдатып,
Айгырынын башына
Аяктай кебез байлатып,
Алты нарга той артып,
Адамдын оозун майлатып,
Токсон жылкы айдатып,
Тулпарынын башына
Топудай кебез байлатып,
Тогуз нарга той артып,
Түшсөң боло жайлашып.
Кырк күн өткөр тоюмду,
Отуз күн бер ойнумду,
Жетимиш күндө бүтүргүн,
Тостум сага мойнумду.
Дегенден соң Эрдене,
Кулдук урду Жаңылга,
Ошо күндөн башталып,
Боло берди камылга.
Тойду Жаңыл баштады,
Эрдене жигит аткарды.
Агыяз менен Текестен
Айдатып келди аттарды.
Короосу менен кой келди,
Айтканындай той берди.
Айры төө менен нар келди,
Алтын-күмүш зар келди.
Күлүк жорго — мал келди,
Жаңылдын тоюн көрөм деп,
Кемпир менен чал келди.
Кыз оюнга кырк боз үй,
Кыдырата тигилген,
Нойгут менен калмакка
Салтанаты билинген.
Кыдырата селкинчек
Кыз-келиндер курдаган.
Алабакан орнотуп,
Ашканасын чырмаган.
Кара моюн уландар
Кайра-кайра ырдаган.
Кан күйөөнүн алдында
Кара моюн дүмпүлдөк,
Таң атканча кыз оюн,
Тынчы кетет түрсүлдөп.
Төтөгөсүн төктүргөн
Той маанисин көп билген.
Иреттеген Жаңыл кыз
Он күн удаа ат минип,
Он күн удаа жөө жүрүп,
Жана он күн ат чабыш,
Кунан байге, эр сайыш,
Тамаша менен таң атып,
Күлкү менен күн батып,
Күүгүмдөн кийин түн катып,
Жигиттер ырдап үн катып,
Токмок салып, кыз оюн,
Калмак, кыргыз жыш оюн.
Жаңыл минет атына,
Өзү сулуу татына.
Көмкөрө кундуз тебетей,
Ичинде бар такыя,
Шуру, бермет чогуу бар,
Сайынганы каркыра.
Булгун[11], бута[12] кийими,
Көөкөрдөй эки ийини,
Жаркылдаган камка[13] тон,
Жарашыктуу барча тон,
Топчулуктуу торко[14] тон,
Нур кызындай болжосоң.
Дүрийеден[15] көйнөгү,
Башайы, макмал көрпөчө,
Айта кетиш ылайык,
Ар борумун көрпөчө.
Манаттан кундуз тердиги,
Көктал[16] экен желдиги.
Атка отурса эркекче,
Ойротто жок эрдиги.
Артында жүгөн-куюшкан,
Амадана кайыштан.
Күмүш купа койдурган,
Кыял салып ойдурган.
Бул сөөлөттүү Жаңылга
Эрдене тоюн сойдурган.
Бедене быштан сары алтын,
Чагарагы баары алтын
Такасы карыш үнүкө[17],
Бутундагы көк жеке[18],
Апкыты көк-шал; оймолуу,
Болот экен ойдогу,
Кош жылаажын шыңгырап,
Накери[19] бутта кыңгырап,
Теминсе Жаңыл зыңгырап,
Бастырып турат гүл бурап,
Жаратылып дүйнөдө,
Чыгыптыр нойгут тобунан,
Сыны көрктүү сымбаттуу,
Бөйдөй кара торудан.
Эркек үндүү, бөрү көз,
Чарчы бойлуу, сылык сөз,
Сырты кайкы, жайык төш,
Айдаарымы ачык жүз,
Тал-тал чачы өрүлгөн,
Тамагы жутса көрүнгөн.
Күлүп койсо жарк этип,
Күндүн нуру төгүлгөн.
Буга окшогон сөөлөттүү,
Бу дүйнөгө келбеген.
Өзү турмак Жаңылдын
Көлөкөсүн көргөн эл,
Көөнү толкуп дегдеген.
Муну мындай коёюн,
Эмки сөздө болоюн,
Кун албай кантип жатам деп,
Өлгөн алты ноёндун
Үчүкө, Түлкү, эр Чабак,
Атакозу, Бургуйду,
Үлбүрчөк менен алты бек,
Өлүп калган кургурду,
Кунун барып алсак деп,
Жаңылды байлап келсек деп,
Жайы-кышы күң кылып,
Жазасын колго берсек деп,
Тейишкандын Аккочкор,
Кыпчактан калың кол алып,
Кара багыш, сарбагыш
Арбын жыйнап мол алып,
Алыска минер ат тандап,
Жүрөр жолун баш камдап,
Нойгут элин чапмакка
Какшаалды көздөй жүрдү дейт.
Аттуу, баштуу баатырлар,
Кара-Жүлгө чогулган,
Тандап элчи жиберип,
Тил[20] алмак болду тоюнда.
Атайы барган элчиси,
Жебегей эле союлдан,
Ошондо барган баарысы,
Наркты билген карысы,
Баталашкан эмеспи,
Аккочкор өзү калысы.
Ким-кимибиз Жаңылды
Кармап алсак окустан,
Алалы деп айтпаска
Касамдашып коёлу.
Кылыч мизин жалашып,
Чыбык кыркып жанашып,
Боор оорусак Жаңылга
Арбак урсун деп айткан.
Ак боз бээ союшуп,
Ант-батаны көп айткан.
Абал мурун бир элчи
Жиберели Жаңылга,
Сөзүн угуп анан соң,
Ат коёлу айылга.
Ким барат да ким коёт,
Элчилерди дайында!
Деп Аккочкор, Каңкы айтат,
Жаш, карысы жалпы айтат.
Мен барам деп, тилчиге
Чынасыл чыкты элчиге,
Жер болжолун дайындап,
Билип келчү ченчиге.
Артык тууган атадан,
Байбөрү байдын Чынасыл,
Мындай-мындай иштерге
Барчындай ал бир асыл,
Он сегизде чагы бар,
Оюнан акыл табылар,
Кыз-келинге ыктуу кул,
Ырчылыгы дагы бар,
Кыз Жаңылдын айлына
Мен барам деп камынар.
Элдин баары дуулдап,
Эптүү жигит шуулдап,
Барса, барсын ушу деп,
Бары-жогу чуулдап,
Чынасылды жөнөттү,
Каалабады бөлөктү.
Андан кабар келгенче,
Кара-Жүлдүн өөнүндө
Жата берди калың кол.
Жиберип коюп өлүмгө,
Кечиксе барып чаңдатып,
Жылкы тийүү көөнүндө,
Атка минип Чынасыл,
Нойгут эли кайда деп,
Жүргөн-турган кишиден
Жол сурасам пайда деп,
Эшек минген кез болсо,
Энтелетип кеп сурап,
Эштек-нойгут айылы
Өзүн кимсиң деп сурап,
Өгүз минген кез болсо,
Өмгөктөтүп кеп сурап,
Өзөндүү булак жериңди айт,
Өзүң кимсиң деп сурап,
Эр Жаңылдын айлына
Жетип калган кезеги.
Аралап кирип барууга,
Алар эмес өз эли,
Атын тушап алыска
Отко койгон Чынасыл,
Карарган калың эл турат,
Карга учкусуз кол турат,
Айылдын үстү жагында
Кашкар кетчү жол турат.
Жолдун бери четинде
Имерилген топ киши,
Топ кишинин башында
Кисеси бар боз киши.
Как ошонун жанына
Чынасыл жетип барыптыр,
Аралаш бирге олтуруп,
Аябай сөзгө каныптыр,
Боз киселүү аксакал,
Той маанисин айтыптыр,
Угуп алып Чынасыл
Дагы акылы артыптыр.
Той башкарган Жаңылдын
Айлына кантип барыптыр?
Ал кишиден кеп сурап,
Айып көрбө деп сурап,
Тетиги кара ат минген ким,
Той башкарып жүргөн ким?
Кемчет кундуз кийген ким,
Беш көкүл чачын өргөн ким?
Кырк жигитти ээрчитип,
Кыдыртып табак тарткан ким?
Эркек десем кыз беле,
Эт менен элди баккан ким?
Ушу кыздын койнуна
Айкалышып жаткан ким?
Тай кунандай ойношуп,
Тамашага баткан ким?
Жүргөн-турган форумун
Сурап алды Чынасыл,
Аксакалдын айтканын
Улап алды Чынасыл.
Ал аңгыча эр Жаңыл
Ошолордун алдына,
Эки обара[21] бир табак,
Этти тартып калды да,
Эки-экиден иреттеп,
Бу дагы түлөө тилек деп,
Бата кылып коюңар!
Сырымды кимдер билет деп,
Андан аркы катарга
Алдына табак койдуруп,
Эт, күрүчү аралаш
Элдин баарын тойдуруп,
Көргөндүн көзүн талдырып,
Алабарман салдырып,
Кайта айланып келгенче
Боз киселүү карыдан
Эт сурады Чынасыл,
Чебердик менен абыдан:
Бир жолдошум бар эле,
Болор бекен шыбага.
Эт алып келип берем деп,
Кылдым эле убада.
Ат жанында калды эле,
Алпарып берсем буга да,
Айып болбос бекен дейм,
Абаке, болгун убара.
Жолдоштуктун акы үчүн,
Кайтарып турган ат үчүн,
Алып барып берейин,
Аманат сөз так үчүн —
Деп сурады Чынасыл.
Кыргыздын анык жигити,
Жанчыгында эмеспи,
Аттагы кишен килити.
Анда эмесе, макул деп,
Ээрчитип алып ал адам,
Алдынан тосуп Жаңылга
Айтты сөзүн кары адам:
Мына бу бала, баатыр кыз,
Бир жолоочу окшонот,
Ээрчитип алып алдыңан
Утуру чыктым тосмолоп,
Бараткан экен алыска,
Минген аты баспаган,
Ушу тойдон шыбага
Үмүт кылып пастаган,
Мунун да бир жолдошу
Ат жанында экен деп,
Айтты Жаңыл мырзага
Айып болбос бекен деп.
Анда Жаңыл эп көрөт,
Идиши барбы деп көрөт,
Куржунум бар деген соң,
Толтура салып эт берет.
Эт менен күрүч аралаш,
Көтөрүп алып жөнөдү,
Атынан башка жок эле,
Ээрчип жүргөн бөлөгү.
Ээр токум, куржунду
Бекитти аттын жанына,
Чак этме кылып үч буттап,
Кайта барды камына...
Түнкү болгон оюнду
Көрмөгүнө ынтызар,
Жандай салып Жаңылга
Тийишмекке бир кумар.
Айлуу түндө кыз оюн
Болуп турган чагында,
Аял, эркек куралып,
Толуп турган чагында,
Алты бакан селкинчек
Тээп турган чагында,
Кыз-келинди боз улан
Өөп турган чагында,
Өбүлгөсүн[22] жигиттен
Сурап турган чагында,
Токмок салды оюнду
Курап турган чагында,
Аралашып эр неме,
Ичи толгон жел неме
Эси-дарты Жаңылда,
Көңүлүндө бир неме,
Бир келинге шыбырап,
Жанын койбой кыбырап,
Ырдап мага токмок сал,
Дейт да болбойт тыбырап.
Бир убакта ал келин
Ырдап токмок салыптыр,
Чынасыл менен көрүшүп,
Чырмалышып калыптыр.
Эшкен жоолук токмогу
Эс оодара сокмогу,
Бекем чапса тарс десе
Күлүп калат топтору.
Дүңгө курган токмогу
Дүп эттирет сокмогу,
Дүбүрт оюн дүрсө-дүрс,
Жигиттердин шоктору,
Айкалышып бир-бирин
Аял, эркек жанаша
Көздү сүзүп кыйгачтап,
Бирин-бири карашат.
Токмок салган Чынасыл
Эки көзү Жаңылда,
Безеленип ыр ырдап,
Жакын турат жанында.
Эт-жүрөгү сезгенбей,
Токмок салды мырзага.
Туш-тушунда шыкаалап,
Толгон келин турса да
Жаңыл туруп ордунан
Жар көрүшүп суйсалат.
Айкалыша бергенде
Колу колду сыйпалап,
Алган жүрөт шакегин
Антип-минтип уйпалап.
Колу тийди бармакка,
Сууруп шакек алмакка.
Кантип чыдап жандадың,
Кан Эрдене калмакка,
Деп ичинде ойлонуп,
Тышында ырдап жойлонуп,
Шакекти алды колунан,
Сылады сыйпап жонунан,
Жар көрүшкөн ошентип,
Жүрөктө кара жогунан.
Ал оюнга келгендер,
Бу кылганын көргөндөр
Кандай айбан неме деп,
Ажалы жеткен беле деп,
Жүрөгү даап Жаңылга
Токмок салган ким дешип,
Шыбырашып бир-бири
Ичинде абдан тилдешип.
Чогоол өскөн айбан го,
Чоочун экен бул дешип.
Эшикти көздөй чыгууга,
Бирин-бири тур дешип,
Түрткүлөшүп элеңдеп,
Алда кандай неме эле,
Аңги өскөн кул дешип,
Шыңкылдашып күлгөн жок,
Ким экенин билген жок.
Эрденеден, Жаңылдан
Коркушат баары кыз-келин,
Өлтүрөт деп кургурду,
Аял-эркек жаш келин,
Бызып-бызып эшикке,
Жылып чыккан андан көп.
Биринен бири улантып,
Угуп чыккан андан көп,
Чынасылды бир ээри,
Нукуп жүргөн андан көп.
Кол жеткени көзүнөн
Чукуп жүргөн андан көп.
Оймок боолап кыз-келин,
Чымчып жаткан андан көп.
Бу кайдагы неме деп,
Күбүрөшүп жемелеп,
Кайдан чыга калды деп,
Келе мага келе деп,
Этек, жеңин тарткылап,
Элдин баары калтырап,
Кызып жаткан кыз оюн,
Коркунчуга айланып,
Оюн-күлкү токтолуп,
Отурат баары саргарып.
Улагада тургандар,
Сунса колу жеткендер,
Как бөйрөккө мушташып,
Эшикке чыга кеткендер,
Толуп жатат ичинен
Чынасылды сөккөндөр.
Карыш така бут менен,
Кабыргага тепкендер,
Эрдене бек башкача,
Өңү, башы кумсарып,
Жутуп ийчү немедей,
Жаңылды карап сумсайып.
Баланы тиктеп шаңданып,
Абдан катуу арданып,
Басып калчу окшонуп,
Балакеттей камданып,
Бул эмине кордук деп,
Мунусу мага зордук деп,
Колуктума ырдаган,
Кордук тургай чоңдук деп.
Мөңдү-мөңдү, мөңдү деп,
Жабуу-жабуу-жабуу деп,
Өз тилинде желдетин
Чакырып алып мабу деп,
Чынасылды көрсөтүп,
Тепкилеп үйдөн чыккын деп,
Бери баскыс кылгын деп,
Бети-башын тыткын деп,
Калмак тилде сүйлөнүп,
Ачууланып күүлөнүп,
Кыжырланып калганда,
Канжа тартып алганда,
Жаңыл туруп жарк этип,
Алтын сөйкө шарк этип,
Эрдене бекке бет алып,
Эркек үндүү барк этип,
Ыр менен сөз аралаш
Көөнүн жайлап мындай дейт:
«Мага токмок салганга
Ачууланыш кандай кеп.
Ата-баба ырасмы,
Сүйгөнгө салат токмогун,
Наркты билбей Эрдене
Ачууң келет окшодуң.
Ал чегиртке, сен адам,
Бычагыңды сууруба,
Кыз оюнга келгендин
Заманасын кууруба.
Ал бир бала, сен төрө,
Төрөлүк кыл кечип кой,
Төрөлүгүң жок болсо,
Туруп башын кесип кой.
Болбосо бегим ойлочу,
Бала менин теңимби,
Же болбосо көз ымдап,
Балан-бакүн дедимби?
Сурданбагын коюңуз,
Суунбасын боюңуз.
Болуп жаткан салтанат,
Төрөм, сиздин тоюңуз.
Тойдо чатак чыгарба,
Жарабайт ал оюңуз.
Алдыңызга мен тартуу,
Ачууңузду коюңуз.
Мени менен айкалыш,
Жыйрылбасын боюңуз».
Деди дагы, сөз менен
Эрдене бекти эритти
Кыз-күйөөлүк ушу деп,
Айкалышып көрүштү.
Дуулдашып кайрадан
Тамашаны куруптур,
Тигинин чоочун экенин
Жаңыл билип туруптур.
Бир аздан соң эшикке,
Чыкты Жаңыл жалт карап,
Чынасылды жакадан
Тарта чыкты асталап.
Мунусун эч ким билген жок,
Көпчүлүктөр көргөн жок.
Окчун барып айылдан
Жашырып Жаңыл сыр сурап
Кайдан келген эмесиң,
Айткын деди чын сурап.
Күндүз көрсөм эт сурап,
Жолдошум бар деп сурап.
Жолоочумун дегенсиң,
Ошонуңда кеп турат.
Кеттиң эле бешимде,
Келипсиң кайра кечинде,
Жолуңду таап кетпестен,
Турасың айыл четинде.
Жалтанбастан жолоочу
Мага токмок саласың,
Ал айбың аз келгенсип,
Шакегимди аласың,
Бу сырыңды айтпасаң,
Бөөдө өлүп каласың.
Карасам көздө отуң бар,
Кандай курган баласың.
Калмак турат кашымда,
Кайгы турат башымда.
Өзөктөгү сырыңды айт,
Өлбө бекер жашыңда.
Душман турат тушумда,
Тушоо турат бутумда.
Мынча шылдың кыласың,
Мендей жокпу журтуңда.
Уктуң бекен, жок бекен,
Жаңыл мырза мен болом,
Ургаачы атым болбосо,
Уруудан чыккан эр болом.
Дос-душмандын ичинде
Балан-бакүн дебедим,
Адеби жок сендейди
Жеңилдик кылып нетемин.
Же болбосо ченчисиң,
Чениң менен көппөпсүң,
Чыгарсам бейм желиңди,
Ай балталап кыймалап,
Чаптырсам бейм белиңди.
Чактыртсам бейм тишиңди,
Жардырсам бейм ичиңди.
Ичиңдеги сырыңды айт,
Жашырбастан чыныңды айт.
Эгер сырың айтпасаң,
Бооруң чокко какталат,
Тээтигинде көрдүңбү,
Алоолонот жаккан от,
Дегенинде Чынасыл
Сырын айтты Жаңылга,
Эч бир сезип койгон жок,
Эт жүрөгү кабында;
«Эмесе мен келгенмин,
Тойдун кырдал чагында,
Туйгун жаткан эл элек,
Үчүкө, Түлкү барында,
Алар сени алам деп,
Түшүп кетти жалынга.
Атакозу, Чабактын
Ажалы жетти анын да.
Үлбүрчөк менен Бургуйдун
Төгүптүрсүң канын да.
Кыз башыңды эр кылып,
Канкор атка конупсуң,
Арстандын баарысын
Айда тирүү коюпсуң.
Башымды кессең мынакей,
Тилди кессең наркта жок,
Канкор атка кабылган
Кара бет сендей калкта жок.
Эриш бузуп, эл чапкан,
Эс-акылдан сенде жок.
Эри жок жүрүп эсирген,
Эжеке, сендей элде жок.
Арстандардын куну үчүн,
Аттанып чыктым мун үчүн,
Эри өлгөн муңдуу катындар,
Ары жесир тул үчүн,
Алдыңызга мен келдим,
Өткөн эки жыл үчүн,
Кыргыздыкы кырк жылда
Деген сөздүн чыны үчүн.
Айтты десең башымды ал,
Алдымдагы атымды ал.
Ал кылганың аз келсе,
Өңчөй жесир катынды ал.
Өчөгүшсөң өзүмдү ал,
Болбосо айткан сөзүмдү ал.
Тил тартмакка келгенмин,
Тилимди ал мергеним,
Келген жалгыз мен эмес,
Менин да бар эрлерим,
Коломолуу кол келди,
Аккочкор, Каңкы бектерим.
Кара багыш Калматай,
Сексендеги чалым бар,
Кайраты мунун баш жарат,
Катуу айтар чагым бар.
Калк атасы бийим бар,
Калматайдай карым бар,
Масейилдей балбан бар,
Сайып мөөрөй алган бар.
Кожогулдай баатыр бар,
Үйүндө сендей катын бар.
Кан Төлөгүм дагы бар,
Алың келсе аларды
Азыр барып алып ал.
Айтты десең тилимди ал,
Татты десең канымды ал,
Мен бир чымын, чиркеймин,
Чыркыратып жанымды ал.
Же болбосо баатыр кыз,
Бастыргын да барып ал.
Баатырларды аралап,
Баштан аяк таанып ал.
Какыраган кара таш,
Жер-сууңду тинтип ал.
Желектүү найза көтөрүп,
Же болбосо минтип ал.
Тилимди алсаң жоолашпа,
Эми кыргыз эл менен
Эби келсе өзүң бар,
Кошо жүрүп эми эле
Кол куушуруп алыстан
Кулдук ургун эр немем.
Кылча моюн тутам деп,
Чыккын жылга жер менен,
Мойнуңа кур салынып,
Боздоп ыйла жалынып.
Баатырлардын алдына
Баргын эже багынып,
Беттешемин дегемин,
Кыз оюнда кабылып,
Аял-эркек толгондо,
Айлуу түнгө жамынып,
Ичимдеги күбүмдү,
Чыгардым баатыр жарылып.
Өлтүрөм десең мынаке,
Башымды кес камынып,
Болбосо айткан сөзүмдүн
Жүйөөсү болсо угарсың,
Кара калмак бегине
Тийип алып тынарсың,
Арт жагыңды ойлонсоң,
Биздин элге чыгарсың».
Дегенде Жаңыл таң калды,
Айтып жаткан кебине,
Адамдан түк коркпогон
Жан алгычпы эмине:
«Өлүмдөн кайра тартпаган,
Өкүм сүйлөп какшаган,
Бөрү көздүү, тик сөздүү
Өтө тилин тактаган.
Сай-сөөгүмдү сыздатып,
Сагызганча шактаган.
Үйдөн чыкпас сасыкты,
Мыктыларын мактаган.
Жаактууга жаа бербес,
Ээктүүгө ээ бербес,
Өкүм өскөн экенсиң.
Өз билгенин дээ бербес,
Чагылгандай көздөнүп,
Чак эткендей сөздөнүп,
Ойнойт десе чындайсың,
Оюнкарак шумдайсың.
Кээде мени куйкалап,
Ченемдүү сөз урбайсың.
Мүнөзүңдү байкасам,
Жашык эмес тыңдайсың,
Кыз оюнда бел байлап,
Безеленип ырдайсың.
Күндүз тойдон эт жейсиң,
Түндөсү мени беттейсиң,
А кудайчы өңдөнүп,
Эшигимден кетпейсиң,
Эми минтип сен мени,
Кептегейлеп беттейсиң.
Мыктыларым келди деп,
Жүрөк алды бештейсиң,
Бир туруп сага кубанам,
Бир туруп сага буйдалам,
Бул айтканың чын болсо,
Жыгылыштуу, жүйөөлүү,
Ичиңдеги сыр болсо,
Эгер жалган сен айтып,
Азыткыдай кеп айтып,
Алдап жүргөн куу болсоң,
Арт жагыңда чуу болсоң,
Сени койдум кудайга,
Колуңан келсе коргоп ал
Мени салбай убайга.
Деди дагы эр Жаңыл,
Сөзгө болду ыраазы.
Элчилерге өлүм жок
Деген ата мурасы.
Баракелди, эр жигит,
Кечтим сенин айбыңды,
Көрүнбө да билинбе,
Чыгарбагын дайныңды.
Түн боюнча барып жет,
Келген болсо Аккочкор
Менден ысык салам айт,
Журт бийлеген баарына
Калтырбастан жана да айт.
Анча келип атайы,
Сүйлөшпөй кумар тарабайт.
Кечээ эрегиштен эр өлүп,
Үчүкө, Түлкү бек өлүп,
Атакозу, эр Чабак,
Үлбүрчөк, Бургуй деги өлүп,
Жаман атты мен болуп,
Илгери башым кем болуп,
Кордукту көрүп алардан
Козголгон нойгут эл болуп,
Эл намысын кетирбей,
Эр өлтүргөн мен болуп,
Сарбагыштан, саяктан,
Адигине, кыпчактан,
Ыгып келип нойгутту
Тоолуу жерге кыштаткам.
Ак калпактуу кыргыздын
Чабуулдашкан ушагын,
Кайдан укту билбеймин,
Бутума салып, тузагын.
Калмактын ханы Эрдене
Калы кошун каптатып,
Нойгуттарды какшатып,
Башчыларын бастатып,
Уландарын кул кылып,
Келиндерин муң кылып,
Кыздарын болсо күң кылып,
Уугун жагып күл кылып,
Жылкысын жылас бүт алып,
Жин тийгендей күч алып,
Кана барып калганда,
Алдап, соолап мындан да
Тиемин деп тил берип,
Түшүп турам зынданга.
Малды бүтүн алгамын,
Кара атты кайра мингемин.
Жетимиш күндүк той бер деп,
Тоюмду өзүм билемин.
Токсон жорго, жүз жылкы,
Калыңымы бермекчи.
Отуз күн оюн бүткөн соң,
Жыгач жүктөр келмекчи.
Жедигер менен нойгуттар
Кандай айтса көнмөкчү,
Текестен жорго келгенче,
Сыйымды төрө көрмөкчү.
Кызматым буга жакпаса,
Кыйналып Жаңыл өлмөкчү.
Үркөрдөй бир аз нойгутту,
Мөөсүлдүккө бөлмөкчү.
Калмактын сыры мына ушу
Андан көрө тез аттан,
Аккочкорго салам айт,
Шакекти бер колуна,
Менден ушу аманат,
Калмакты сүрүп, нойгутту
Сактоого кылсын далалат.
Калмак жайын айтайын,
Көөнүңө салып кайтайын,
Үчүкө, Түлкү ноёнун,
Үлбүрчөк, Бургуй шайтаның,
Отордогу жылкынын
Уясын келип бузганда
Нокто, чыкта, желемди
Кылыч менен кыркканда
Намыс үчүн мен барып,
Мени менен эл барып,
Алтоону тең өлтүрүп,
Жерди терең ойдуруп,
Башташтырып баарысын
Таш корумдап койдуруп,
Минтип жаным тынганда,
Канкор болдум тууганга.
Бул кабарды эл угуп,
Уй түгүндөй көп калмак,
Учу, түбү бек калмак
Каптап келип капыстан,
Жылкымды тийип кокустан,
Кармап алып кара атты,
Калмак ээрин токуткан,
Аргам минтип кеткенде,
Эрдене бек калмакты,
Оюң менен той сой деп,
Айтсам мага алдатты.
Жетимиш күндүк той айтып,
Кечиктирсем силерден,
Келип калар бекен деп,
Аккочкордой билерман,
Тойду өзүм башкарам,
Күнү-түнү тамаша
Бул кабарды айтып бар,
Түндө келсин кааласа.
Өз жесирим болчу деп,
Калмактардан талаша.
Ажыратсын башымды
Калсын элге даңаза.
Мени менен бет болуп,
Аккочкор өзү табышсын.
Кездешем деп, чабам деп,
Кереги жок намыстын.
Калмакты мындан сүрсүн де
Калк аралап жүрсүн де.
Мен калайын журтумда,
Аламын деп умтулба,
Ата-энеме эш болуп,
Душмандан элди сактайын,
Катылганга катылдым,
Кантип эрди настайын,
Сарбагыш, кыпчак элине
Калмакты сүрдүм деп кетсин
Кайгыга салбай башымды,
Кадырымды эстесин.
Калмакты бүт кетирип,
Кайта келип эл алсын,
Какшаал менен Тоюндай,
Кар жаабаган жер алсын.
Арка бериш бололу,
Жедигер, нойгут, сарбагыш
Айлыбыз бирге конолу.
Кара багыш, кыпчактар,
Ичпейби бирге жорону.
Ушул айткан саламым,
Аккочкорго угулсун,
Актыгымды абыдан
Ойлонсун да туюнсун.
Жакшыга жакшы тушугар,
Ар кимдин мендей кызы бар,
Мен барайын утурлап,
Жолдон карап тосуп ал.
Олжо түшөр калмактан
Өрүшүңө кошуп ал! —
Деп жөнөттү элчини,
Караңгыда шаштырып,
Кош эми деп, кол кармап,
Шакекти бек тапшырып,
Туруп калды эр Жаңыл
Көздөн чолок жаш кылып.

4. ЖАҢЫЛ КОЛГО ТҮШТҮ
Чынасыл барып атына
Минип алып чапкылап,
Айтып барды элине,
Күлкүсү чыгып каткырат,
Жарпы ачылып түгөнгүр,
Жаңылды катуу жактырат.
Той бар экен деп айтса,
Шылдыңдашып шаштырат.
Этиң барбы кана деп,
Чынасылды калп кылат.
Эт менен күрүч аралаш
Куржунга салган тамагын
Алдына коюп акчылайт,
Жаңыл мырза кабарын,
Шакегин сууруп алдым деп,
Айтты дубай саламын.
Кээ бирөөлөр дуулдап,
Ишенгени дагы бар,
Кээ бирөөлөр ишенбей
Арам ойлор чагы бар.
Жалган десе, чын окшойт,
Чынасыл өзү тың окшойт.
Дуулдады, чуулады,
Калппы, чынбы сөзүң деп,
Канча жерден муунады.
Кол башчысы Аккочкор
Буйрукту берди турбады.
Колдун баарын аткарып,
Кошо жүрдү бул дагы,
Келе берсин көп кошун
Ой менен тоо-кырдагы.
Жаңыл мырза канетсин,
Жүрөгүнө түпөйүл
Калмактын не болгонун
Калтырбайын бүтөйүн.
Кадимкидей тамаша,
Боло берди күнүгө.
Кызыкчылык кыз алган,
Болжолу кымбат дүнүйө.
Бир жагынан ат чабыш,
Бир жагынан эр сайыш,
Кутургандай көк бөрү,
Калмак, кыргыз тең чабыш.
Кечинде тарап тим жатып,
Боз уландар түн катып,
Атты суутуп агыткан
Жөө тамаша башталып,
Алты бакан селкинчек,
Кара коюн дүмпүлдөк
Жүрүп турган кезинде,
Кара атты Жаңыл үпчүңдөп,
Минип турган кезинде
Калмактарга кайрылбай,
Жаңыл менен ушташпай
Коргомок турмак нойгутту
Кокуйлатам деп ойлоп,
Калмактын атын тийүүгө,
Каны-беги көп ойлоп,
Жөө тамаша башталар,
Түнү келип ат тийди,
Бир эле түндө бат тийди.
Такалуудан тай койбой,
Тамам айдап сүргөн чак,
Эртеси калмак жөө калып,
Этегин кайра түргөн чак.
Жүгөн алып ат издеп,
Жүгүрүп жөө жүргөн чак.
Жаңыл кууп артынан,
Жөнөдү нойгут калкынан.
Кара долу мингени,
Изге түшүп артынан
Кара жанга күч келип,
Калмактардын дартынан.
Кайдасың деп Аккочкор,
Карамалап баратат,
Кылчайып артын бечара
Жана карап баратат.
Ач кайкылуу белесте,
Тосуп турган Аккочкор,
Жорго менен жортогун
Кошун турган Аккочкор,
Ак-Сайдын суусун кечирип,
Өткөрүптүр жылкыны,
Күнү-түнү кандырып,
Укташыптыр уйкуну.
Жоо бөрүсү Масейил,
Жорторманы Кожогул,
Тору-кыпчак жаман аң,
Уруусу эле ошонун,
Кара багыш Калматай,
Бир тууганы кан Төлөк,
Журт бийлеген мыктысы,
Жоо качырар ыктуусу,
Найзакерден канча бар,
Кылыч мизин бүлөгөн,
Кыйындардан кыйла бар,
Жата берсин жайланып,
Түпөгү жок найза алып,
Тандап тайдан союп жеп,
Жан казандар майланып,
Ал аңгыча эр Жаңыл
Жетип келди белеске,
Ичинде ойлоп келаткан
Балан-бакүн дебеске.
Арам өлгөн союлгур,
Кара долу карсылдайт,
Такымынан тер чапчып,
Таманы жерге тарсылдайт,
Ооздукту кемирип,
Азууга ирмеп алыптыр,
Тартса болбой өйдөдөн,
Чулгуп башты салыптыр,
Эңкейиште ээ бербей,
Тизеге башты жаныптыр.
Кан аралаш ак көбүк,
Ууртунан агыптыр.
Аккочкорду көргөндө
Жаңыл мырза токтогон,
Атса небак атмакчы,
Түшүп атын коштогон.
Кулдугум бар баатыр деп,
Буркураган боздогон.
Кункор болуп буларга,
Кошомат кылган окшогон.
Сүйлөшөм деп оозмо-ооз,
Душмандыкты ойлобой,
Арам пикир санабай,
Кор кыларын болжобой,
Аста-секин бастырды,
Журткерчилик ойлосоң,
Сүйлөшөйүн сага дейт,
Уккандырсың жок бекен,
Арачыңан кана дейт,
Эми мени жеңилтпе,
Дос-душманга таба дейт.
Балким сенден башкалар
Көңүлдөрү ала дейт,
Мына баатыр, өзүң бил,
Артыңан келип жолуктум,
Эрегиштен эр өлүп,
Канкор атка конупмун.
Кылча моюн бир тутам,
Кечирип кой анымды,
Жаш өмүрүм өткөнчө,
Кейитпегин жанымды.
Деп ушинтип, эр Жаңыл
Жаны калбай жалынды.
Адамгерчилик сөз үчүн,
Аккочкорго зарылды.
Калыс болор деп ойлоп,
Кайран Жаңыл кабылды.
Эске алалы Аккочкор
Нойгут деген айылды,
Кыз да болсом байкагын,
Эл бийлеген жайымды.
Кошунуңду ээрчитип,
Айылыма барып бер,
Калмактарды үркүтүп,
Кайра жолго салып бер,
Элдин арзын угуп бер,
Душманымды кууп бер! —
Десе дагы көнбөдү,
Чукул коштоп жөнөдү.
Ак ала жылкы толтура
Ак-Сайдын кең өрөөнү.
Аксарбашыл айтышып,
Жаткан экен бөлөгү.
Алдатып ийип эр Жаңыл,
Өзүн кунга төлөдү.
Келсе кыргыз чоңдору,
Кекетиптир болжолу,
Канкор канчык сенби деп,
Колго түшүп келди деп,
Суук сөздү айтышып,
Акмактары келжиреп,
Ортого алып ызалап,
Жеңил баалап белгилеп,
Антпесе да Жаңылды
Атпай кыргыз эл билет.
Жеткени жерден тепкилеп,
Кара бет дарты өттү деп,
Канын төгүп далайдын
Бул бетпагым көптү деп,
Чачын кыркып кайчылап,
Каршы-терши камчылап,
Какый дебейт эр Жаңыл,
Көздөн жашы тамчылап,
Көбүрөөк жеп таякты,
Жатып калды алсырап.
Кабыргасын кыйратып,
Кан жөткүрүп ыйлатып,
Какый дебейт, жалынбайт.
Кайраттуу мындай табылбайт,
Акмакчылык иш кылган
Аккочкордой каныңды айт.
Өлсөм өлүп калдым деп,
Өткүр Жаңыл багынбайт.
Байбөрүнүн Чынасыл,
Чыркырайт да зырылдайт,
Чечен тууган кул эле,
Менменсинген жигиттин
Далайынын тыңы эле.
Баары журтка белгилүү,
Байбөрүнүн баласы,
Башынан бери Жаңылга
Болуп жүргөн арачы.
Кантесиңер токто деп,
Мунуңар абдан итчилик,
Кыйнап муну урганың,
Ичи күйгөн зитчилик.
Жаңыл мырза силерге
Болгон кандай күнөкөр,
Эрегиштен эр өлгөн,
Эптеп-септеп күн өтөр.
Өзү барып катылса,
Ажалга башы чатылса,
Ажалы жетсе өлбөйбү.
Арбак урган бузуктар
Акыретти көрбөйбү.
Кыйынсынган дөөлөрдүн
Кысасын Жаңыл бербейби,
Кыяматты көрбөйбү,
Кыйдамы келсе сойбойбу,
Көзүн чукуп ойбойбу,
Көргө кийире койбойбу,
Каның-бегиң чогулуп,
Жалгыз кызга оолугуп,
Жабалактап камчы уруп,
Жакшы, жаман жалпы уруп,
Сайып жыгып алгансып,
Байлап алып келгенсип,
Же атып алган мергенсип,
Жүрөсүңөр эрдемсип.
Өзү келген Жаңылды
Уялбастан урганың,
Итчилик бул кылганың,
Тийбегиле койгула,
А көрөкчө сыйлагын.
Аты Жаңыл Мырзаны.
Алып келген мен элем,
Качан барып үстүнө,
Байлап келген эл элең.
Тапканын көр оңойдон,
Тарсылдатып урушат,
Татынакай саамайын
Тартып бирден жулушат.
Ушундай да болобу,
Тургула, кийин тургула,
Кудайды карап ургула,
Өзү келип артынан,
Айыпка башын байлатты.
Сөз сүйлөшөм деп келип,
Көрүнөө байкуш алдатты.
Эми келип бул ишти
Кылганыңар итчилик,
Кепке-сөзгө келбестен,
Урганыңар итчилик.
Деп Чынасыл эр неме,
Түшө калат үстүнө.
Тилин албай ойрондор
Чынасылга баш бербей,
Жаңылга түзүк ат бербей,
Кер байталды мингизип,
Кементайды кийгизип,
Жылкы менен кошо айдап,
Чоголдугун билгизип,
Аккочкордой арамы,
Айдап алып жөнөдү,
Айдай сулуу Жаңылды
Байлап алып жөнөдү.
Жаңыл колго түштү деп,
Жандан күдөр үздү деп,
Жан жабыла сүйүнчү,
Жарыялап баарына
Жай-жайына жатышкан.
Жатып ичер чалына,
Алып өттү Чүйүнө
Ак ала сакал бийине,
Түшүрдү Жаңыл Мырзаны
Калматайдын үйүнө.

5. ЖАҢЫЛДЫ КЫЙЫКТАП ЖОЛБОРСКО ЖУМШАДЫ
Ошо кезде Калматай
Чоң-Коңгурду жердеген,
Жергеси калың бир уруу
Кара багыш эл деген.
Сарбагышка, саякка,
Кыпчак, кызыл аякка,
Кыдырша менен муңгушка
Кутчу, сару, мундузга,
Кадыры артык бий экен,
Канча түрлүү кыргызга.
Калмактын атын бөлүшүп,
Аралап жүрүп көрүшүп,
Жаңылды кунга беришип,
Өлгөндөрдүн тууганы
Кунга муну албады.
Не кылабыз мындайды,
Жаачы деген жанда жок,
Кокус жаздым кылбайбы, —
Деп сарбагыш, саяк албады,
Жашабасын Жаңыл деп,
Ого бетер каргады.
Бир көзүн чукуп соолтуп,
Бетине сал деп тамганы.
Үлбүрчөк[23], Бургуй экөө тең,
Адигине балдары.
Не кылабыз муну деп,
Жанына жакын барбады.
Кайран Жаңыл Мырзаны
Аларына эр чыкпай,
Алтай жайы, алтай кыш,
Же Жаңылдан кеп чыкпай,
Же болбосо калыстан
Кимиси алат деп чыкпай,
Күндүз үйдө олтурат,
Кайгыны ичке толтурат,
Түнүндө кишен бутунда,
Качууга кайдан жол турат.
Жайы-кышы туткунда,
Элдин баары жек көрөт.
Сынамакка кай бирөө
Тиесиңби деп көрөт.
Тилин тартпай эр неме,
Тике сүйлөп берди эле,
Айласын таппай көпчүлүк,
Кеп-кеңешке келди эле.
Кайран Жаңыл Мырзаны
Өлтүрүүдө нээти
Мунарлатып чөп жыйып,
Өрттөйлү дейт кээси.
Бирери айтат өлтүрбөй,
Жүрөлү дейт күң кылып.
Өмүрү өтүп бүткөнчө,
Уккандарга дүң кылып,
Бирери айтат Жаңылдын
Кара башын ширгелеп,
Какшаталы сөөгүн,
Каршы-терши ийнелеп.
Канча таяк жесе да,
Какый дебейт, жалынбайт.
Каяша айтып ан сайын,
Же бир бизге багынбайт.
Же Жаңылдын көктүгү,
Же болбосо бектиги,
Жыл маалына Жаңылдын
Жылуу сөзүн укпасак,
Бу көрөкчө кылычтап,
Өлтүрүп боорун туздасак,
Же болбосо береги, —
Чулудагы камышта,
Жолборс, каман жүрөт дейт.
Адам даабайт барышка.
Чыга калып малды жейт,
Жалгыз жарым жанды жейт,
Жол боюнан көч аңдып,
Кулун менен тайды жейт,
Мына ошого Жаңылды
Жиберели баргын деп.
Жолборс менен кармашып,
Күчүңдү сынап алгын деп.
Же жолборско жардырсын,
Же каманга чалдырсын.
Багып жүрүп канкорду,
Не кылабыз анткорду.
Камыш ичин аралап,
Күнү-түнү күркүрөп,
Үнүн уккан жылкылар,
Качып чыгат дүркүрөп,
Кара чаар жолборско
Кармап кел деп жиберип,
Кара бет Жаңыл долуну
Баатырлыгын билелик.
Же камандан өлбөсө
Багалы анан түбөлүк.
Дешип баары Жаңылды
Мына ошого жиберип,
Жардыралы канчыкты,
Кетирели тамтыкты,
Тирүү мында койгудай,
Жаны бизден артыкпы.
Деп кеңеши токтолуп,
Балан деген жок болуп,
Алып барды Жаңылды.
Алты, жети топ болуп,
Элге Жаңыл кеп айтат,
Делебеси козголуп:
Жолборсуңар кармалуу.
Канжар сууруп келгиле,
Кардын жара бергиле.
Же болбосо ат менен,
Качырып найза сайгыла,
Же болбосо жетелеп,
Канга тартуу баргыла,
Кармап келдик тирүү деп,
Улапасын алгыла.
Же болбосо кечкиле,
Үчүкө, Түлкү кунунан.
Кыйнабаңар жанымды,
Баарыңарга сыйынам.
Же болбосо кыйнабай,
Кара жерге көмгүлө,
Колу-бутум кескилеп,
Кокуйлатып көргүлө.
Ата-атанын уулуна
Куру койбой бөлгүлө,
Алты саным жиликтеп,
Мүчө кылып бөлгүлө,
Ал аз келсе теримди,
Талпак кылып кергиле.
Дегенден соң көпчүлүк,
Эрдигине ыраазы,
Баракелде Жаңыл деп,
Алкыш айтты бир азы.
Андан барып чогулуп,
Акыл-кеңеш чыгарып,
Жаңылды алуу жөнүндө,
Кимибизге ылайык,
Дешип баары көпчүлүк,
Биз Жаңылды сынадык.
Мындан ары Жаңылга
Жаман айтпай туралык,
Эби келсе бирөөгө
Чапма нике кыялык,
Кор кылбайлы алалы,
Журттун баарын жыялы,
Деп талашты билгени,
Анча-мынча уялып,
Кайран Жаңыл ошондо,
Карап турат буралып...

6. ЖАҢЫЛДЫН КАЛМАТАЙДАН КАЧЫШЫ
Элдин баары кеңешип,
Аккочкорго эп көрбөй,
Аласыңбы деп көрбөй
Масейилге* барышпай,
Барып кабар салышпай,
Төлөк алуу жөнүндө
Калк ылайык көрүштү.
Төлөк менен Калматай
Жатындаш эле бир тууган,
Ыраа көрбөй Төлөккө
Калматай бийиң кеп айтат:
— Мен улуумун деп айтат.
Тонду кийсе эң мурун,
Жакадан киет деп айтат.
Төлөк болсо инимдир,
Канат-бутак мүрүмдүр,
Мууну сайын бир катын,
Жүүнү сайын бир катын,
Качан болсо албайбы,
Канкор эмес, тим катын.
Мен алайын эп болсо,
Адам укчу кеп болсо,
Деп Калматай айтты эле,
Напси минтип тартты эле,
Той жейбиз деп турган эл,
Торко тондуу жеңелер,
Белдемчилүү энелер,
Калматайдын теңтушу,
Кары-куру немелер
Жаңылга кийим кийгизип,
Жабалактап кенен эл,
Карыганда Калматай
Колу-бутун жылытып,
Токол болду Жаңыл деп,
Төлөктүн көөнүн суутуп,
Жаңы кийим кийинтип,
Колуна кебез ийиртип,
Алып берди бийине,
Абышканы сүйүнтүп,
Чапма нике кыярда
Жаңыл эки иш сураган,
Жалпы-жайык угуңар,
Айтпай кантип тура алам:
Эгер мени, бий, алсаң,
Ордунда болсун убадаң.
Чыны сага тийбеймин,
Дегеле сени сүйбөймүн.
Тий деп мени кыйнасаң,
Өлүү-тирүү бир деймин.
Колго бычак алармын,
Жарынып жатып калармын.
Болбосо мага антың бер,
Калматай эмес, жалпың бер,
Кара багыш калкың бер!
Биринчисин айтайын,
Эркекче өскөн курган жан,
Жыл маалына таяк жеп,
Жүрөгүм калды ургандан,
Буту-колду ушалап,
Казан-аяк карма деп,
Жумшабасын Калматай.
Эшикке чыксам кайда деп,
Эртели-кеч жок издеп,
Какшабасын Калматай.
Таяк тийип арылбай,
Калган окшойт жүрөгүм,
Бу сөзүмдү эп көрсө,
Айтканына көнөмүн.
Экинчи менин сурарым,
Бийден жооп угарым,
Эстен чыккан жумушту
Эстетпесин ылайым.
Бул экөөнө куп десе,
Кулдугум бар эмеспи,
Акыры буга көнбөсө
Кылжырым бар эмеспи,
Кыяматка барганча
Шумдугум бар эмеспи,
Буга макул дебесе,
Өлтүргүлө тийбеймин,
Деп ошентип турганда,
Антын берди Калматай,
Өлүп кетчү убада,
Шертин берди Калматай:
— Сакалымдын агында,
Сапар кетер чагымда,
Сыйыңды көрүп турармын.
Жаңыл сенин жаныңда,
Наркы-берки ишиңди
Которуп койсом кудай бар,
Ачууланып мен урсам,
Атаңдын көрү деп урсам,
Өрттө кетсин сакалым,
Өйдө турбай жатамын,
Балан-бакүн дебеймин,
Андан башка не дейин.
Деди дагы Жаңылды,
Алды дешет Калматай.
Ошо кезде жетимишке,
Барды дешет Калматай.
Чапма нике кыйды дейт,
Чалдын баарын жыйды дейт,
Жолборс кармап эр Жаңыл,
Оорчун элге жакты дейт,
Кайран Жаңыл ошентип,
Калматай менен жатты дейт.
Кара долу күлүктү
Калматай алган олжого,
Жаңыл менен кара атты
Жакшы баккан болжобо,
Тап этинде байлаткан,
Жаңыл көрүп жүрсүн деп,
Көөнү ачылып дайыма,
Эл көчкөндө минсин деп,
Нээтим ага агарып,
Бул кызматым билсин деп,
Кыраакылык кылган чал,
Кыз алып көөп турган чал.
Акырында Жаңылдан
Ажырайт ко курган чал.
Кызыктан кызык дагы бар,
Ким көрүптүр мындайды,
Кара багыш кыпчактар,
Анжыян барып жердеген,
Күндө жыйын, күндө той,
Ат өксүтпөйт кермеден.
Калматайдын эшиги
Кара таандай эл деген,
Жаңыл эрди алганы
Үч жарым жыл толгон чак,
Эшигинен эл кетпей,
Күндө жыйын болгон чак,
Эки жылдын ичинде,
Эркек бала тууган чак.
Калматайга дем болуп,
Кадиксиз көөнү тынган чак.
Олут басты дегенсип,
Уруучу болду Калматай,
Колго түшкөн күңсүң деп,
Күйбөгөн жерин күл кылып,
Суук сөздү зил кылып,
Туруучу болду Калматай.
Нары-бери жумшаса,
Тилин албайт эр Жаңыл.
Канча суук сөз айтса,
Теңине албайт эр Жаңыл.
Кабыргасын кыйратат,
Кан жөткүртүп ыйлатат.
Калматай кээде тепкилейт,
Же болбосо кетчи дейт.
Колго түшкөн кызалак,
Дейт да болбой эзгилейт.
Мына ушинтип үч жылы
Калматайдын эркинде
Кайран Жаңыл кор болуп,
Кете албады төркүнгө.
Бир күнү бүтүн жыйналып,
Кара багыш көчкөн дейт.
Эртең менен жабыла
Эшик боосун чечкен дейт.
Кара кулжа тар жайлап,
Салтанатын түзгөн дейт.
Жабдык салып жаркырап,
Жүктөп алып жүктөрүн,
Кызыл-тазыл салтанат,
Төө жетелеп кыз-келин,
Калы килем, ат жабдык,
Катын-эркек, жыш келин,
Укуругун сүйрөтүп,
Ылоолорун үйрөтүп,
Жылкычылар жылкы айдап,
Көч аралап дүрбөтүп.
Бото курлуу боз улан,
Дүңгө курлуу байлары
Жөнөдү чубап калың мал,
Мөңкүп кулан, тайлары.
Каскак алган колуна,
Баатырлары дагы бар,
Каза элечек оронгон,
Катындары таанымал.
Жабдык салып ат минген,
Жаштары бар, кары бар.
Жатса-турса кумарлуу,
Оюнга шок баары бар.
Жүз жанбаган эли бар,
Адис мерген деги бар.
Булардын баары биригип,
Кеңеш кылган чеги бар.
Жаңылга жаа тарттырып,
Көрсөк деген деми бар.
Көрө элек көп көргөндөн,
Уга элек көп уккандан,
Жеңеке, өнөр көрсөт деп,
Жигиттин баары суктанган.
Алды-кийини чогулуп,
Аял-эркек тоорулуп,
Өнөрүңдү жашырба,
Дешип баары оолугуп.
Анда Жаңыл муну айтат,
Ачык көөнүн муңайтат:
— Ойдон чыккан иш эле,
Салбагыла эсиме,
Тийиши жок сөз айтып,
Тийбегиле безиме.
Жаңыл атым жоголуп,
Катын атка конгон чак.
Кара бет канкор аралаш,
Капыр атка конгон чак.
Бала байлап колумду,
Байкуш Жаңыл болгон чак
Түшүнгүлө, кайнилер,
Бу сөзүмдү ойлоп бак,
Ургаачы экен насилим,
Ошол ишти койгон чак.
Десе дагы тил албай,
Шайтан ичке толгон чак.
Чапкылашып жарышып,
Калматайга барышып,
Бардыгы арызданышып,
Жаңыл жеңем тил албайт,
Көрөлү десек өнөрүн,
Бул эмине кылганы,
Билбейбиз кантип көнөрүн.
Бу күнкү кеч кызык көч,
Кара багыш калың журт,
Касканактап эл келип,
Какшап турат барып журт.
Кана эмесе, бий аке,
Тил алдырып бериңиз,
Тизилип карап туралы
Сиздин өтөт кебиңиз.
Жеңем макул дебесе,
Сынып калар шагыбыз,
Чоң уятка каларбыз,
Ыза болуп баарыбыз,
Дегенден соң макул деп,
Баштап алып Калматай,
Дуулдаган сөздөрдү
Жактап алып Калматай,
Жаа аттырып берем деп,
Минчү атын белендеп,
Чындап мени сыйласа,
Тилимди алар жеңең деп,
Конуш чалчу Калматай,
Кайра тосуп көч алдын
Калың атчан эл менен
Токтотушту бет алдын.
Жөнөбөсүн бир да көч,
Түшүр жүктү деп айтты,
Ургаачы, эркек баарына
Уксун деди бек айтты.
Эр Жаңылдын өнөрүн
Көрсөттүрүп беремин.
Кубангыла көргүлө,
Жааны тарткан чеберин.
Деп күрсүлдөйт Калматай,
Билбейм Жаңыл не дерин,
Бар Жаңылды утурла,
Көч артында калган бейм.
Баспай төөсү тартынып,
Акырындап алган бейм.
Көпкөндөргө кошулуп,
Калматай бий жардам бейм.
Көчтүн алдын токтотуп,
Баш-аягын жыйнаган,
Аңгыча Жаңыл келиптир,
Төө жетелеп буйладан.
Калматай айтты, ой Жаңыл,
Бери жакын келчи дейт.
Үч жылдан бери үйдөсүң,
Эми басып келчи дейт.
Кармалып келдиң башында
Кайгың ичке жык толуп,
Кара кызмат чыгарбай,
Калгандырсың бук болуп,
Кайнилериң каалаптыр,
Жаа тартканын көрсөк деп,
Көрбөгөнгө мындай деп,
Мактап айтып жүрсөк деп,
Тамаша кылып көрсөткүн,
Кыз экенде ойнуңду,
Же болбосо ант кылып,
Жаа атканды койдуңбу?
Койдум десең кор болуп,
Маңдай териң шор болуп,
Жакшы, жаман сөз укпа,
Маакул дегин ойлонуп.
Деп Калматай сөз айтты,
Анча-мынча тийишип,
Анда Жаңыл чындыкты
Айтты бийге билгизип:
«Мени аларда Калматай,
Сурадым эле эки ишти
Анда маакул дедиң го
Не айтасың бул ишти?
Ант кылдың эле ошондо,
Өрттөнсүн деп сакалым,
Ага опа кылбадың,
Ошонуңа капамын.
Адегенде мен айттым,
Жайдак атка мингенди,
Кол-бутумду карма деп,
Кокуйлатпай жүргөндү,
Убадаңды мен алып,
Күлүң менен чыккамын.
Отун алып, от жагып,
Отуң менен киргемин.
Окус бир күн айтат деп,
Ушунуңду билгемин.
Бала тууп тул болдум,
Басып үйгө кирбедим,
Баркымды абдан кетирип,
Кайра кийип алышсын.
Дегенинде Калматай
Карматып келди кара атты,
Көчкөн элге эр Жаңыл,
Көрсөтмөк болду санатты.
Ошо күндөн ушу күн,
Кыла жүргөн адатты.
Ошондогу турган эл,
Көз көрүнө каракчы,
Адам атын өлтүрчү,
Бөрү тилдүү жаракты,
Колуна берип Жаңылдын
Элдин баарын каратты.
Жаанын огу бир таңык,
Жаңылдын көөнү алагды.
Ичинде Жаңыл сүйүнүп,
Чачты кайра түйүнүп,
Туулга башта, чарайна,
Чопкутту баса кийинип,
Үзөңгү теппей аттанып,
Калматай бий аткарып,
Жакшылап тарт жааны деп,
Уят кылба мени деп,
Жазып калсаң кокустан,
Шашпа Жаңыл сени деп,
Катып калган Калматай
Каары келет эмеспи,
Кайран Жаңыл Мырзага
Жаалы келет эмеспи,
Карап турду бардыгы,
Жаңыл атка минишин,
Жабалактап тургандар
Жактырышат бул ишин.
Кырып ийчү немедей,
Баатыр Жаңыл кенебей,
Кишисиңби, жанбы деп,
Турган элди элебей,
Нары-бери желдирип,
Таскактатып көндүрүп,
Кара долу күлүктүн
Жалын тарап бөлдүрүп,
Катын-эркек аралаш
Маңдай-тескей турдуруп,
Көчө кылып тизилтип,
Көптүн көөнүн тындырып,
Катар-катар турдуруп,
Караган элди муң кылып,
Айран-азыр калтырып,
Алабарман салдырып,
Аттын желин чыгарып,
Ачуу терин кургатып,
Анда-мында бир жигит
Калпакчанды ылгатып,
Мен келгенде сен ыргыт,
Мамынаке деп ыргыт,
Көктү карай көкөлөт,
Акырын эмес бек ыргыт.
Ошондо атам калпакты,
Жаанын огун карап тур,
Эл башына чапканча,
Канча атканым санап тур.
Эл аягы тай чабым,
Барып кайра тартамын.
Андан ылдый ат чабым,
Дагы карап байкагын.
Келатканда кокустан,
Башыңарды катпагын,
Көзүңөрдү ирмебе,
Анан мени мактагын.
Түшүнгүлө кебиме,
Тургула жолдун жээгине.
Тескери кокус ыргытып,
Ажалга кетпе дегеле.
Какайып карап тургула,
Кол көтөрүп сунгула,
Алдыңарга келгенде,
Аттын оозун бургула,
Мына калпак, мына деп,
Ыргыткыла асманга
Унутуп калган иш эле,
Койбодуңар жатканга,
Эми журтум, болуптур,
Дейт да Жаңыл камынды,
Элди кылдап тургузуп,
Саадагын белге чалынды.
Келбети эркек борумдуу
Кетти чаап төмөнгө,
Бала-чака, эр-катын,
Байлалуудай көгөнгө,
Карап турду катарлап,
Алты сан кыргыз жердеген
Алай калды, жер калды,
Адыр-адыр катмарлуу,
Ач кайкылуу бел калды.
Катынынан айрылып,
Калматайдай бий калды.
Карай-карай көз калды,
Катындар калды, кыз калды.
Оюнда жок Жаңылды
Оолуккан элдер бузганбы,
Караган канча жан калды,
Карарган калың мал калды,
Кадырын билбес кызталак
Калматайдай чал калды,
Жаңылдын эркек баласы
Эки жашар ал калды.
Энем кайда кетти деп,
Эл кыйкырып чууласа
Эси жок айран-таң калды.
Эчкирип ыйлап ал калды,
Болжолсуз ыраак көрүнүп,
Элден, журттан бөлүнүп,
Баласын эстеп эр Жаңыл,
Көздүн жашы төгүлүп,
Анда-санда бир ыйлайт,
Бүткөн бой терге чөмүлүп.
Капалуу көңүл ачылбай,
Кайгырат да басылбай,
Же болбосо Калматай,
Тим эле жүрбөй асылбай,
Жаңылга мүшкүл иш болуп,
Кайгысы ичке жык толуп,
Качкан ушул экен да,
Акырын ыйлап, бек солуп,
Адам жүрбөс тоо менен,
Адыр-адыр коо менен,
Кечмеликтүү кыр менен,
Кетти качып чыр менен.
Арпанын чети Миң-Бугу,
Анда келип бел ашты,
Ат изине чөп салып,
Артынан канча эл ашты.
Ай карабет түшөрсүң,
Атаңдын көрү деп ашты.
Көлөкөлүү арчада
Атын суутуп жатканда,
Кайран Жаңыл сарсанаа,
Таң агарып атканда
Кылчайып артын караса,
Кыз оюндай тамаша.
Кыйгактуу найза көтөргөн
Кыркы келет жанаша,
Бу келгендин башчысы
Жүйрүк тууган Ак Атан,
Эрдигинде дабаа жок,
Бөрүлөрдүн ичинде
Жекеге чыккан бул эле.
Айкырат да, кыйкырат,
Жаңыл кайда барасың,
Канеткенде кутулуп,
Кайсы жолго саласың.
Тилимди ал, тура тур,
Аттын башын бура тур,
Артыңан кууп келатам,
Айтканымды уга тур.
Айтканымды укпасаң,
Атаңдын көрү, куу катын,
Көргүлүктү көрөсүң,
Азыр менден өлөсүң!
Чыркыратпа балаңды,
Менден көрбө залалды,
Билдим сенин чамаңды,
Көңүлүң мынча арамбы,
Бузба бекер санааңды!
Ээн жерден эл таппай,
Тиериңе эр таппай,
Арпаны көрүп айланып,
Же жериңе кете албай,
Какшаалыңа жете албай,
Кара башың каңгырап,
Калыптырсың талаада.
Кайра тарткын, бети жок,
Каңгырап жүрбө арада!
Деп чакырып Ак Атан
Кардыгып калган көрүнөт,
Минген аты Жаңылдын
Бардыгын калган көрүнөт.
Кара ат башын чайкаса,
Чөптөн бир аз кайсаса,
Кутулар эмес, эр Жаңыл
Ат маанисин байкаса.
Жолукса зыян келчүдөй,
Ак Атан өлүп калбаса,
Колго найза алганда,
Аттын оозун жайганда,
Жаа атыптыр эр Жаңыл
Жакын келе калганда.
Жалп этти да жыгылды,
Жаа кыйыптыр чылбырды.
Жанындагы эл көрдү,
Жай — ката басылган.
Буту-колу тыбырап,
Баатырсынган Ак Атан
Ак карлуу белде жыгылды.
Бир-бирине боо түшүп,
Өкүрүкчү жигиттер
Үстү-үстүнө жыйылды,
Кан буугандай токтолуп,
Кайра кууган жок болуп,
Ал күнү жатты эр Жаңыл,
Эртеси эки, үч топ болуп,
Дагы куугун келатат,
Кармачудай окшонуп.
Аны көрүп кайрылып,
Токтолбоду айбыгып,
Ак Атаңдын найзасын,
Көтөрүп алып кан кылып,
Көргөндөргө шаң кылып,
Калматайды барбы деп,
Серепчилеп караган,
Кекенишкен жоо окшойт,
Келатышат аламан.
Кетте сайдын боюнда,
Кең Арпанын талаадан
Тору кыпчак Кожогул,
Туу көтөргөн ошо кул,
Тулку бою соот кул,
Туулгалуу кооз кул,
Жаңылды жарып келем деп,
Жарактарын белендеп,
Жазоо айрып элеңдеп,
Сүрө түшүп кубалап,
Алганы жүрөт будалап.
Качты Жаңыл тура албай,
Кожогулга чыдабай,
Арпадан ашып эңкейип,
Шашып калган эмеспи,
Талаа менен закымдап,
Качып калган эмеспи.
Калат десе калбады,
Же Жаңылды албады,
Жекеге деп беттешип,
Атууга таппай айланы.
Жекеге деп кыйкырса
Илгеркинин анты бар,
Качкан адам алдырат,
Баатырлардын шарты бар.
Жекесине чыкпаса,
Жалпы аламан салты бар.
Азды көбү талкалайт,
Багынып башты Калматай,
Антип намыс кеткенче,
Чыгамын деп жекеге,
Карагай найза көтөрүп,
Сайсам деди чекеге.
Качканы менен жети күн,
Кармашып калды эки күн.
Жыгылышпай сайышты,
Бел буралып кайышты,
Билегинен күч кетип,
Найза колдон тайышты.
Акырында Кожогул
Сай боюна жыгылды,
Жекеден сайган эр Жаңыл,
Аттан түшүп Кожогул,
Андан бетер кыйкырат,
Ат которуп Жаңылдан,
Жасоолорун тукурат.
Атаңдын көрү, Жаңыл деп,
Атышар болсоң камын деп,
Же болбосо багын деп,
Эрдин баарын өлтүргөн
Кара бет эле, кара бет!
Кайрылып токтоп балаңды
Калматайдан ала кет!
Болбосо бетиң тилемин,
Сенин жайың билемин.
Барар болсоң калмакка,
Сени койдум арбакка!
Тим эле койсоң не болот,
Өлүмдү минтип баштабай,
Эч болбосо балаңды,
Алып кеткин таштабай.
Баштагың аз келгенсип,
Дагы өлтүрүп коюпсуң,
Ак Атан келсе артыңан,
Аны өлтүрүп коюпсуң.
Эми менден кутулуп,
Барасың кайда бетбагым,
Кутулар жериң канаке,
Кандуу болду арт жагың.
Деп бакырып Кожогул,
Ачууланып аттанды,
Кармап алам ой менен
Катууланып аттанды.
Милтесине от коюп,
Оттук шилтеп жатканда,
Жаңыл Мырза шап этип,
Жаасы менен атканда
Кожогулу жыгылды
Маңдай жагы баткалда.
Удаа-муда жаа атып,
Шак этти да кадалды,
Дөөкүрсүгөн баатыры
Кожогулду дагы алды.
Жанындагы жасоосу
Үстү-үстүнө үймөлөк,
Атаны кокуй өкүрүк,
Арманы катуу дүйнө деп,
Тандалып келген куугунчу,
Такыр тамам жылган жок,
Кожогулдун өлүгүн
Көөмп ташты жыйган жок.
Алып кеткен Алайга
Угулуп калды далайга.
Андан кийин эр Жаңыл,
Ак-Сайдын белин ашарда
Эми куугун болбойт деп,
Салгар жолду басарда,
Арт жагынан чуу чыгат,
Ат таноосу буу чыгат,
Жоо бөрүсү Масейил,
Көтөргөн кызыл туу чыгат.
Жаңыл болсоң кайра тарт,
Качар болсоң айла тап.
Качпас болсоң тура тур,
Карабет, сөзүм уга тур!
Кыйланын барын өлтүрүп,
Кыйынсынган канчыгым,
Кол-бутуңду кыймалап,
Кетирейин тамтыгың.
Алай кайда, жер кайда,
Ак Атан кайда, эл кайда,
Баарысынан кечтиңби,
Бала кайда, эр кайда,
Кожогул кайда, мен кайда,
Барасың канчык сен кайда?
Карамалап жүрүпсүң,
Кең Арпада тоорулуп,
Улам келген куугунга
Убагы менен жолугуп,
Тилимди алгын, качпагын
Кылба бекер долулук,
Жатып калчу ким экен,
Канчык сенден корунуп,
Сүрө түшүп мен келдим,
Ач кайкыда жолугуп,
Канчык сенин белиңди
Балталайын омуруп,
Найзалап бооруң тешейин,
Кара жандан кечейин,
Же болбосо бычактап,
Иче-кардың эшейин,
Же карабет канчыгым,
Кармап башың кесейин,
Тебелетип ат менен
Тепсейин да эзейин!
Деп Масейил[24] келгенде,
Белге чыга бергенде,
Суук сөзгө уукса
Чыдап бир аз турарбы,
Алтымыш сыйра жалынса,
Масейил аны угарбы,
Жаман сөздү кой десе,
Жанга батчу иш кылат,
Сөгүп-сагып, суук сөз
Сөөгүнө жык кылат.
Масейил белге токтоду,
Очогорун октоду.
Жаңылды карай бир атты,
Жайладым го деп атты.
Аттын жалы кырылды,
Тизелей түшүп, жыгылды,
Долу кара жаныбар,
Болду азыраак жарадар.
Жөөлөп калган Жаңылды
Кармаганы келатат,
Кайрып-койруп колдорун
Байлаганы келатат,
Эки колу бош туруп,
Жаңыл кантип байлатат,
Алдындагы кайкыда
Жаасы менен жайлатат.
Тартып ийсе так этти,
Маңдайына шак этти,
Жыгылып аттан кулады,
Мүргүсө кайта турабы.
Ошо бойдон Масейил
О дүйнө кеткен сыягы.
Масейил антип белде өлдү,
Арпа деген жерде өлдү,
Кожогулу сайда өлдү,
Ак Атан баатыр кайда өлдү,
Аягы кептеш жайда өлдү.
Жаасы кандуу Жаңылдан,
«Жакшы» да өлдү, бий да өлдү.
Кыйыгына тийгенде
Кыйла баатыр кайра өлдү.
Ошолор өлгөн жерлерде
Атагы калды эмгиче,
Масейилдин бели деп,
Кожогулдун сайы деп,
Ак Атаңдын кыры деп,
Ажалы жеткен себеби
Жаңыл салган чыры деп.
Узун кулак кары айтат,
Уккандардын баары айтат,
Көп жашаган кары айтат,
Көргөндөрдүн баары айтат,
Масейилди өлтүрүп,
Атын коштоп олжолоп,
Кайра тартып жол карап,
Дагы жасоо кол карап,
Калматай келсе экен деп,
Кайта-кайта он карап.
Бир туруп кагуу муңданып,
Бир туруп кайра чыңданып,
Кара боюн тыңданып.
Кандагайын шымданып,
Кудай айдап жеткирсе,
Куу сакалды жалмасам,
Жолуктурса кудурет,
Жолго жарып салбасам.
Андан кийин нойгутка
Анан өзүм барбасам,
Жаңыл атым курусун,
Деп ичинде ант кылып,
Куугундарды бант кылып,
Эси-дарты Жаңылдын
Калматайды көрүүдө,
Ал куугунда келбесе,
Кайта нары барууда.
Карган чалды үйүнөн
Кармап ичин жарууда.
Андан-мындан жол чалып,
Алты-жети күн жүрүп,
Азык-түлүк дагы жок,
Күнү менен түн жүрүп,
Кете бербей тоорулуп,
Тоодон кийик атып жеп,
Суусунуна суу ичип,
Кемирчегин татып жеп,
Беш-алты күн эрикпей,
Жалгыз жүрүп зерикпей,
Серепчилеп караса
Чаң асманга бурулдайт,
Келе жаткан калың эл
Чуулдайт да чурулдайт.
Жакындаса тааныды,
Катып калган Калматай
Өңөрүптүр баласын,
Өлчөгөн окшойт чамасын,
Өлүүчүдөй аркырайт,
Өз алдынча даркырайт,
Бакырат да басылбай,
Башы-көзү калтырайт.
Анткени менен кайраттуу
Жасоосу арбын шатырайт,
Бирде коркуп, бирде ыйлап
Кокуй Жаңыл кетпей кал,
Эми түпкө жетпей кал,
Караан түнгө салдыңбы?
Чын эле кетип калдыңбы?
Эмне үчүн антесиң,
Кантесиң, Жаңыл, кантесиң!
Чындап кетер сен белең,
Айрылып калчу мен белем,
Картайсам да жаштардан
Кайрат-күчүм кем белем.
Сага ыраазы болоюн,
Салба акыр заманды,
Мен куруюн, мына бу
Зыркыратпа балаңды.
Чын эле сенден айрылсам,
Көргөн күнүм не болот,
Карыганда башымды
Аттаганың не болот?
Өйдө-төмөн өткөндүр,
Айып менден кеткендир,
Айланайын Жаңылым,
Бул сапарда тилимди ал,
Өлүп кетчү ант берем,
Ушу сөздү билип ал.
Досуман көп душманым,
Ичимен болду бушманым,
Мындан ары кул болом,
Айланайын кутманым,
Алты уруу кыргыз мен сурап.
Алардын башын туткамын.
Ажыдаарча мен арбап,
Айдап малын жуткамын,
Кыпчак менен жедигер,
Сарбагыш бар, саяк бар,
Солто, бугу аруу журт,
Кырышса кызыл аяк бар,
Кутчу, сару, мундуз бар,
Курама канча кыргыз бар,
Мен сураган кыйла бар,
Эби келсе сыйлап ал.
Аруу буюр дүйнөнү
Керегинче жыйнап ал.
Элге шылдың болбоюн,
Жалган айтсам оңбоюн!
Катынан айрылып,
Карыганда Калматай
Нээтинен тапты деп,
Бейлин кудай алды дээр,
Кара багыш калың журт,
Балааны башка салды дээр.
Эр Жаңылды азгырып,
Элге дарты өттү дээр.
Элдин кирип тилине,
Калматайы көптү дээр.
Доско шылдың мен болуп,
Душманга таба болбоюн,
Кыяматка барганча
Кылапат айтсам оңбоюн.
Мен куруюн мына бу
Балаң аман турганда,
Кетем деген жоругуң,
Эп келеби тууганга.
Деп, ошентип, Калматай,
Жанына адам туралбайт,
Жалынса да, жалбарса,
Жаңыл оңдуу угалбайт.
Кеткин деди кайрадан,
Баланы алып келгенден.
Талаада бекер өлгөнчө,
Айрылбагын жергеңден.
Баланы таштап сен келсең,
Соёт элем башыңды,
Жарат элем төшүңдү,
Сагызганга жол ачып,
Чукуйт элем көзүңдү!
Калматай, сени ант урсун,
Бир урбасын эки урсун,
Айткан каргыш кеп урсун...
Убаданы көп бердиң,
Бир ордунда болгон жок,
Улам-улам кор кылдың,
Неге ордунда болгон жок?
Куугунчунун артынан
Куу сакал сени келер деп,
Тогуз күнү токтолдум,
Кудай мага берер деп,
Кара башың жолукса,
Кармап алып кетмекмин,
Канжыгама бекемдеп,
Байлап алып кетмекмин.
Баланы бетке кармапсың,
Өңөрө чаап алдапсың,
Же үйүңдө калбапсың,
Эми элиңе кетип кал,
Эсен-аман жетип кал!
Баланы жакшы алып бар,
Энеси жогун билгизбей,
Эрмек кылып багып кал.
Мен кетемин нойгутка,
Келгениңде пайда жок.
Ээрчибегин Калматай,
Эми менден айла жок!
Десе дагы болбостон,
Калматай катуу чыр салды,
Жанындагы жигитин
Заң дегизе бир салды.
Доолбасты кактырды,
Туш-тушка жасоо чаптырды,
Тос эле тос деп бакырып,
Ураанын айтып чакырды.
Карма, карма, карма! — деп.
Салайын буга калба! — деп,
Жалынсам да болбойсуң,
Жок дейсиң да койбойсуң,
Жалгыз жүрүп жондойсуң,
Жайылдыгың койбойсуң.
Кутулам деп ойлойсуң,
Кутурасың ойнойсуң,
Эми менден сойлойсуң,
Колго түшүп боздойсуң,
Кордук көрөт окшойсуң,
Куткарбаймын мен сени,
Куубаш дейсиң сен мени.
Кесейин канчык тилиңди,
Канкордугуң билинди,
Карматып алып кескилеп,
Төгөйүн бетпак жинимди!
Атаңдын көрү, жигиттер,
Туш-тушунан чыккыла,
Тул канчыкты жыккыла,
Бети-башын тыткылап,
Чачын бирден кырккыла.
Аңгекке башын тыккыла,
Кармап мурдун сыккыла,
Качасың кайда кутулуп,
Каласың азыр тутулуп
Жигиттер, колго алгыла,
Бирден-бирден укурук!
Деп кыйкырып Калматай,
Жасоонун баарын тукуруп,
Жалпы качыр баарыңар!
Деди дагы кыйкырды,
Атаңдын көрү, карабет,
Эми бетиң жыртылды,
Баланы алып келгенде,
Тура тургун шерменде.
Эгер токтоп турбасаң,
Болосуң Жаңыл, маскара,
Купшуңдаган шуркуя,
Кутулуп көр эр болсоң,
Эми качып алдыман,
Ой, карабет, канкорум,
Туш-тушуңдан чалдырам,
Нойгут эмес калмакка,
Кетсең да кайта алдырам.
Жалынсам да болбойсуң,
Мойнуңа боолук салдырам.
Токто-токто дегенде
Токтоп калгын карабет,
Же болбосо балаңды
Учкаштырып ала кет!
Сөгүп-сагып куйкалап,
Күйбөгөн жерин күл кылды.
Атаңа барып тийип ал! —
Деп көңүлүн зил кылды.
Жаңыл айтты: эмесе
Кудай сени каргасын,
Теңир сени тепсесин,
Өлүм менен жамандык
Өз башыңдан кетпесин!
Деди дагы шыкаалап,
Кекиртекке жаа менен
Аткан Жаңыл мына ошо.
Айбалталап как башты
Чапкан Жаңыл мына ошо.
Качып берди жасоосу,
Бирден-бирден жайылып.
Жатып калды Калматай,
Башы жерге сайылып.
Калгандары бириндеп,
Тамтыракай качышты,
Калматай жатат кирилдеп
Алкымы ылдый шорголоп,
Агып каны дирилдеп,
Качкан элдин артынан
Кууду Жаңыл токто деп,
Баланы алып кеткиле
Ата-энеси жокто деп,
Бир да киши кылчайбай,
Качып кетти туш-тушка.
Кайра келип эр Жаңыл,
Жолукту мындай укмушка.
Кетейин десе айла жок,
Баласы жүрөт тамтаңдап,
Эки жашар жайрагыр,
Же басалбайт калтаңдап,
Атасынын жанында
Ары-бери эмгектейт,
Өлүк менен иши жок,
Үстүнө чыгып эмгектейт.
Же энеси Жаңылды
Чакырарга тили жок,
Же өңөрүп кеткенге
Жалгыз-жарым бири жок.
Алайын десе эр Жаңыл
Акыры артын ойлонот,
Албайын десе арман көп,
Баласына толгонот.
Баланы таштап кетүүгө
Ээн талаа, эрме чөл,
Баш-аягы көз жеткис
Чалк өйдөлүү керме чөл.
Таап кетер киши жок,
Карга, кузгун жегидей,
Жара тартып карышкыр,
Түлкү жойлойт дегидей.
Өңөрүп алып кетүүгө,
Намыс кылат түгөнгүр,
Кайсы менин атамдан,
Тукум калган бүлөмдүр,
Бала тууп келдим деп,
Кантип барам мактанып,
Үч жыл удаа мен байкуш,
Кор болдум го тапталып,
Көрүп жүрүп күйгүчө,
Көрбөй жүрүп өлөйүн.
Убалы болсо кантейин,
Калматайдын өзүнө,
Балалуу болдум деп кантип,
Айтам төркүн-төсүмө.
Баланча жерде менин бир
Тукумум калды дегенче,
Жайрагырым бул жерде,
Жатып калсын эмесе,
Деди дагы жаа менен
Атып ийди баласын,
Ичтен чыккан балага
Имерген го санаасын.
Болжоп кармай бергенде,
Дене-бою калч этип,
Чымчык учса жанынан
Минген аты жалт этип,
Жаа сундуруп тез ирмеп,
Тиктей албай көз ирмеп,
Мууну кетип Жаңылдын
Бардап көзүн беш ирмеп,
Тартып ийсе чуулдап,
Жебенин огу жып этип,
Жетпей калып балага
Жерге тийип тып этип,
Периште кагып, ок кайгып,
Сайылып ташка тык этип,
Ажалынын жогунан
Аман калган эмеспи,
Как талаада жаш бала,
Караан калган эмеспи.
Жаңыл түшүп атынан
Жатып калды алсырап,
Чала жан өлүп ал жерде,
Калматай жатат кансырап,
Таянып бала жыгылат,
Тамтаң-тумтаң калтырап,
Бир жыгылып, бир туруп,
Бирде ыйлап, бирде улуп.
Эки шилтеп, бир басып,
Боргулданып тер басып,
Көз тунарып көргөндө,
Энесинин көөнү азып,
Эптеп жетип жакындап,
Этек-жеңип тарткылап,
Эмчегине тырмышып,
Энекелеп баркырап,
Ыйлап турса кантесиң,
Ырайым кыл деп чаркырап,
Бешенелүү бериште,
Күйүп турган шам чырак.
Безилдесе баласы
Кантип турат жан чыдап,
Кара мүртөс түгөнгүр,
Бир толгонор эби бар,
Эмизип койсо болбойбу
Эмчек сүтү деги бар.
Кара жолтой жубармбек,
Багыңды кудай байлагыр,
Неге тирүү сен калдың,
Жашабаган жайрагыр.
Ата-энеден айрылып,
Талаада шоруң кайнагыр,
Тагдыр ушу турбайбы,
Жараткан өзүң айла кыл.
Деди дагы баланы
Алдына алып эмизип,
Атасы салган баштыкта
Талкан-нанын жегизип.
Атка минип өңөрүп,
Калкагарга жөлөнүп,
Канга минтип бөлөнүп,
Кайран Жаңыл көгөрүп.
Салгар жолго[25] саларда,
Дагы артынан эл келет,
Элге аралап эпкиндүү
Кызыл мунар жел келет.
Баланы таштап кеткин деп,
Кара бет түпкө жеттиң деп,
Кыпчак багып калың эл,
Кара аламан куугунчу,
Атты тандап мингендер,
Артынан да сүргүнчү,
Кашкар жакка бараткан
Бир жагында бөлөк эл,
Кире тарткан жүргүнчү,
Алдынан өткөн тосмочу,
Бирден жакшы ат коштоосу,
Алар баары кыйкырат,
Ай-ай Жаңыл токточу.
Ала качпай баланы,
Алдагы жерге таштачы.
Ажыратып алабыз,
Эгер бербей кутулсаң,
Биз артыңан барабыз.
Кара багыш кыйын журт.
Нойгутуңду чабабыз,
Ээн жерде эр Жаңыл
Эсебиңди табабыз!
Дешип, баары куугунчу
Шаштырыптыр Жаңылды.
Өр талашып качууга
Даярданды камынды,
Кудай айдап кербендер
Ошо жерден кабылды.

7. ЖАҢЫЛ ЭЛИНЕ КОШУЛДУ
Жоонун мизин кайтарып,
Атышам десе кол байлуу, —
Баласы бар өңөргөн,
Качалы десе жол байлуу...
Алды-кийини эл алган,
Жолду тосуп чен алган,
Бала эмизип жатканда
Ашып кетчү бел алган.
Таштайын десе баланы,
Намыс кылат а дагы.
Туш-тушунан куугунчу,
Ит куугандай чапкылайт,
Баланы таштап не кылсын,
Атты санга камчылайт.
А көрөкчө качайын,
Алыс барып жатайын.
Тосмок беле кербендер,
Тоо таянып атайын,
Деди дагы кара аттын
Оозун коё берди эле,
Алда канча бөлүнүп,
Ал жакка чыга келди эле.
Кербен төөнүн жакында
Келишимдүү бир жигит,
Айдап төөнү имерген,
Абалтан бери мындайча,
Эптүү кургур билерман
Байбөрүдөн туулган
Азамат мындай уулдан,
Үмүт үзүп болобу,
Иригенди жуурган,
Бузулганды түзөгөн,
Жакшылыкты күзөгөн.
Бүтпөгөндү бүтөгөн,
Бузукту көрсө күчөгөн.
Абал мурун Жаңылга,
Арачы барган бул эле,
Аккочкорго эл болбой,
Арманда болгон кул эле.
Жаңыл өзү алданып,
Жайлашамын деп келип,
Артынан жетип куурагыр,
Аккочкорго бет алып,
Кармалып калган кезинде,
Ак сакал, кары акмагы
Антыбыз бар деп кордуктап,
Жаңылга камчы чапканы,
Жалгыз эле камчы эмес,
Өлтүрүп коё жаздады.
Ошондо туруп Чынасыл,
Үмүт үзгөн баарынан,
Аккочкор эмес ал жерде
Куу сакал болгон карыдан.
Кары турмак, жанынан
Түңүлгөн эле баарынан.
Ошо жылы Чынасыл
Аккочкор менен кармашып,
Арааз болгон эмеспи,
Жакасына жармашып,
Өз алдынча бир-бири
Өрүштөн жылкы айдашып,
Ошентип жүрүп Аккочкор
Чынасылды байлатып,
Аябай урган эмеспи.
Ботодой көзүн жайнатып,
Өлөрүнө аз калып,
Жүрөгүнө так салып,
Атын жыгып Аккочкор,
Калың журтка мактанып,
Жылкысынан жүздү алып,
Короосу менен койду алып,
Анысы аз келгенсип,
Алты канат үйдү алып,
Илебине нан бышып,
Күркүрөп көөп турганда
Куурап калган Чынасыл,
Кутулуп чыккан мындан да.
Ушу күндө Аккочкор,
Алтымыш нар эсеби,
Кашкарга барган кербенин
Карактап алган кезеги.
Алтымыш нарга ээ болуп,
Айдаганы төө болуп,
Кара шаар Камбылды
Самап турган чагында,
Сай бойлотуп нарларды
Камап турган чагында.
Сарбан менен кербенди
Сабап турган чагында.
Кандай жолдош чыгат деп,
Карап турган чагында,
Жолдошу жок эр жалгыз,
Кудайга канча наалыды,
Элирип качып келаткан
Эр Жаңылды тааныды.
Кокуй Жаңыл, токтогун,
Коркуп калган окшодуң,
Дейт да чаап кыйкырат,
Катуу чаппай аста чап,
Жакындаша башка чап,
Аттын оозун тарта чап
Же болбосо кайта чап,
Кербен төөнү аралап,
Керээзиңди айта чап.
Душманга бешиң алдырба,
Мойнуңа зоолу салдырба,
Тизгиниңди жыя чап,
Душман мойнун кыя чап,
Үзө чаппай чоё чап,
Как чокусун оё чап,
Жакындаса артыңан
Анча-мынча коё чап,
Мен жетейин астала,
Чоё чап, Жаңыл, чоё чап!
Деп кыйкырган себептен,
«Чойжап» болду жер аты,
Алдындагы мингени
Аккочкордун кер аты
Үстүндөгү кадимки
Байбөрүнүн Чынасыл
Караган кара көзү экен,
Чынасылдын өзү экен.
Элчи болгон кезинде
Жүрөгүндө кара жок,
Чынасылдай бала жок,
Тууганы жок аздыгы,
Жалгыздыгы, жаштыгы,
Болбосо мындай жигитти
Имере тартып алсам деп,
Жолборс жүрөк арстан деп.
Таштан кайра тартпаган,
Жатык тилдүү жүйөкеч
Намыс жолун жактаган,
Ыктуу жерде кезиксе
Нойгутка алып кетсем деп,
Жактырса нойгут кызынан
Тандап алып берсем деп,
Тандап кыз ал дегенде,
Көңүлү чиркин төшөлдү.
Кыз дегенде кызыгып,
Чынасыл көөнү бузулуп,
Аккочкордун кызматын
Алтымыш жылы кыламбы.
Же катын алып бербесе
Калп эле мында турамбы.
Алтымыш нарын олжолоп,
Барайын нойгут айлына
Өмүрүм акыр болгончо
Жүрөйүн эже жаныңда,
Аккочкор келе доо кылып,
Алтымыш нардын артынан
Жылкы тиер көп болсо,
Жедигер, нойгут калкынан,
Алдырбасак сак болуп,
Ажырайт ко баркынан.
Деп Чынасыл жөнөдү,
Алтымыш нарын бүт айдап,
Күндөп-түндөп күч айдап,
Жалгыз болбой эр Жаңыл,
Чынасылды кошчу алып,
Төө айдаган ылоочу
Сарбандары бош калып,
Жөө-жалаңдап баарысы
Самсып чубап кайткан дейт,
Көргөн-билген сөздөрдү,
Төкпөй, чачпай айткан дейт.
Акыры келер Аккочкор,
Адамдан чыккан шайтан деп,
Жөнөштү булар Чойжабдан.
Буудандарын эс алтып,
Буйла созбой жай айдап,
Өзү билген жол менен
Өзөндүү булак шор менен,
Какшаалына барган дейт,
Калың төөнү жайган дейт.
Өзүнүн жерин көргөндө
Көңүлү нечен бузулган,
Жер сагынган курусун,
Эл табалбай ушундан,
Кырга чыгар алы жок,
Же жайылган малы жок.
Бөктөргөлүү бөксөгө,
Кузгун уя тектирге,
Чынасылды баланы
Төө жанына тургун деп,
Жаңыл өзү жер чалып,
Айтканымды кылгын деп,
Жерин көрүп муңайып,
Мал көрүнбөйт кылайып,
Өрүшүндө жылкы жок,
Жайытында кою жок,
Элим аман бекен деп,
Мындан башка ою жок.
Журту калган ит улуп,
Жолбун иттер бүт улуп,
Аны көрүп, ан сайын
Жаңыл көөнү бузулуп,
Алда эмине болгон деп,
Заманасы кысылып.
Кырдан ашып түшкөндө,
Капканчыга тушугуп,
Аркандалуу көк өгүз,
Асты жагы колотто,
Ал кишиге эр Жаңыл,
Таанышар чагы болот ко,
Көрдү, билди, тааныды,
Аталашы, агасы,
Жакшы көргөн абасы
Көргөн күнү курусун,
Жакыр болгон чамасы.
Атасы менен бир тууган,
Бузулду Жаңыл санаасы.
Капканчы кургур элеңдеп,
Салам айтты Жаңылга,
Бу кайдагы жоортулчу,
Келген биздин айылга.
Деди дагы кеп сурап,
Жолуң болсун! деп сурап,
Жаңыл айтты мен да бир,
Жолоочумун келгемин,
Жылкы алдырган куугунчу,
Кара багыш элденмин.
Жазы нойгут элинде,
Жылкы тийип келген ким?
Суук душман көрүнсө,
Жазбай атар мерген ким?
Элиңердин баатыры,
Эриш бузар эрлер ким?
Калк атасы кары ким,
Нойгуттардын ханы ким?
Калыс болгон бийи ким?
Карды салык байы ким?
Деп сураса капканчы:
Жооп берет чындыгын,
Баштан аяк айтты эми,
Жаңыл мырза шумдугун.
Өзү ургаачы болсо да,
Эркектерден тыңдыгын.
— Ушу күндө жолоочу,
Күнүм караан болгон чак,
Баш-аягын абыдан
Бу сөзүмдү ойлоп бак.
Нойгут деген бул элдин
Жагоо эле карыбыз,
Жалгыз кызы Жаңылды
Алдырып ийдик баарыбыз.
Аккочкорго алдатып,
Жете албады алыбыз.
Кууп намыс алалбай
Кудайга жетти зарыбыз.
Кайсыны айтам, жолоочу,
Кор болуп турган чагыбыз.
Күмүш кисе, бото кур
Чалынчу элем белиме,
Медерим Жаңыл кеткен соң,
Жете албадым теңиме.
Кайранымдын барында
Карадан жорго салдырып,
Калк ичинде дууладым,
Эми минтип капталда,
Капкан салып куурадым,
Кантейин айла жогунан,
Кашкулак, суур ууладым.
Жаңыл өзү жашынан
Жаа атканды билчү эле,
Ит агытып куш салган,
Белине саадак[26] илчү эле.
Душманга жылкы алдырбай,
Бет алган жоого кирчү эле.
Жоонун ыркын кетирип,
Ылачындай тийчү эле.
Жаңыл мырза барында,
Жергебиз бүтүн жыргаган,
Уругу нойгут элинен
Ууктун учу сынбаган.
Туурдугу сыйрылып,
Конушунан жылбаган.
Кандай күнү кез болду,
Үчүкө, Түлкү дегендер,
Келип жылкы тийгенде,
Жаңыл мырза кеменгер
Алтоону атып өлтүрүп,
Эл бузулду алеңгер.
Андан кийин калмактар,
Үй түгүндөй көп келди,
Кармап алып кара атты,
Кайдан бизге жол берди.
Алайын деп Жаңылды
Абыдан калың той берди.
Тойдун кырдаал чагында,
Аккочкордон кол келди,
Атактуу баатыр баарысы,
Арбын кошун мол келди.
Калмактан үч жүз ат алган,
Бир эле түндө бат алган,
Жаңыл кууп артынан,
Кеткен нойгут калкынан
Ошо бойдон дайын жок,
Айрылганбы баркынан.
Калмак мындан эл чапты,
Жедигерди тең чапты,
Кызыл уук кыйратты,
Керегени жыйнатты,
Келин, кызды ыйлатты.
Жайыттан малды айдады,
Шорубуз минтип кайнады.
Каш кайтарар адам жок,
Таппай калдык айланы,
Куугунчумун деп айтып,
Алда кимсиң кайдагы.
Ошо бойдон Жаңыл кыз,
Кайрылып мында келген жок,
Тирүү эмес өлгөн го,
Ырыс-кешик элден жок.
Сени менен кездешер,
Жаа атуучу мерген жок.
Ишенгиниң жолоочу
Жылкың мында келген жок.
Кеткен күндөн бер жакка,
Эр Жаңыл мында келген жок.
Жакшылыгы угулбайт,
Жамандык айткан адам көп.
Каман чалып Жаңылды
Өлтүргөн деп аны айтат,
Жолборс чалып салды деп,
Жол-жолоочу дагы айтат,
Тирүү болсо акыры
Бир айланып келбейби,
Зордукчунун жазасын
Колу менен бербейби.
Элинде аман турганда,
Жолотпойт эле сендейди.
Айрылганбыз ошентип,
Кайран Жаңыл Мырзадан,
Кабар билсең айта көр,
Жылкы издеген мырза адам,
Ал эле эмес дагы айтам,
Ачык сөздү шар айтам.
Жаңыл менен аталаш
Кичи энеден туулган
Эбирешим дегени,
Жаратылган сулуудан,
Калмак угуп дайынын,
Элге салды чуулган.
Калдама деген төрөсү
Замананы кууруган.
Алып кетти зордуктап,
Нойгуттарды кордуктап,
Калдамага кошулуп,
Тогуз төрө бир келип,
Түшүрүп нойгут түндүгүн,
Түп көтөрө иргелип,
Шордуу Жагоо башына
Акыр заман түн келип,
Эки кыздан айрылып,
Кыяматтай күн келип,
Эркек бала жок эле,
Эси кетти чүмкөнүп,
Күнү караан ушинтип,
Асман жерлер бүркөлүп,
Жагоо менен бир тууган
Иниси элем, жолоочу,
Эми минтип жер казып,
Болдум окшойт ороочу.
Же короодо коюм жок,
Жылда берер тоюм жок,
Качан суур түшөт деп,
Мындан башка оюм жок.
Же бир менин балам жок,
Баладан башка санаам жок,
Эки кыздан ушинтип,
Эсендиктен кабар жок.
Дегенинде эр Жаңыл
Кайгыны ичке жыйнады,
Көздөн жашты кылгыртып,
Жашыгансып ыйлады.
Боконо жүрөк болк этип,
Дене бою солк этип,
Ат үстүнөн туралбай,
Жыгылып кетти шалк этип,
Бир кыйлага эси ооду,
Муунуна муң түштү,
Уккан сайын кубанат.
Кучактап алып Жаңылды,
Чарчаганча ыйлаңы,
Мууну бошоп калтылдап,
Алда канча ыйлады.
Капканына карабай,
Кара жанын аябай,
Төө алам деп кылчайбай,
Олжону ойлоп санабай,
Арык-чөнөк кез болсо,
Аттап өтүп жүгүрөт,
Сакалы ылдый тер кетип,
Башкачараак сүйүнөт.
Аңды-дөңдү ылгабай,
Аттап-буттап чуркады.
Сүйүнчүлөп айылга,
Кабар берип турганы:
Жаңыл келди сүйүнчү,
Жандын баары үйүлчү,
Жоголгонум табылды,
Сүйүнчү эле, сүйүнчү!
Табылды Жаңыл табылды,
Жолума өзү кабылды.
Эки жети баабедин,
Кемпир камда наныңды!
Кайдасыңар шордуулар,
Шорубуз эми арылды.
Айыл-апа чогулуп,
Аябагын жаныңды,
Кара аякка суу сузуп,
Камдагыла баарыңар.
Сары улакты бакыртып,
Садагасын кагыңар.
Алдын тосуп утурлап,
Аттуу-жөөлүү чабыңар,
Кара торпок кестирип,
Этин талап алыңар.
Кайдасыңар, үйдөгү
Катып калган карылар?
Такыр тышка чыккыла,
Татты белем жаныңар.
Кеткеним келди окшонот,
Жүрөгүм качан токтолот,
Алтымыш төөсү бар экен,
Алалы бирден ноктолоп,
Алдынан чыгып баргыла,
А кудайлап тозмолоп,
Мөңкүрөгөн Жагоом ай,
Көтөр ылдам башыңды,
Алып чык, мен ичейин,
Аякка куйган ашыңды.
Жалгызың келди тур бачым,
Алып чыккын, бол, бачым!
Өлгөнүң тирүү бар экен,
Кудайга ишиң ак экен,
Жалган айтсам оңбоюн,
Айдаганы мал экен,
Алдына салып келгени
Алтымыш кызыл нар экен.
Алдындагы мингени
Долу кара жаныбар
Арып калган көрүнөт,
Болор-болбос жалы бар,
Айрылбаптыр атынан,
Жаңылдын да багы бар,
Чапкыла, балдар, чапкыла,
Бачымыраак барыңар.
Дегенинде айыл-апа,
Кыйма-чийме, кым-куут,
Жагоо бийдин эшигин,
Катын-бала жол бууйт,
Казан-аяк калдырап,
Элечек, жоолук чубалып,
Өлчөөсү жок сүйүнүп,
Эне-атасы кубанып.
Эже-сиңди, жакыны
Сүйүнүп, көзү тунарып,
Кемпир-кесек кур эмес,
Бирден аяк суу алып,
Сары улакты бакыртып,
Садагага арнатып,
Өпкө сууруп чабууга,
Бир кишиге карматып,
Жүгүргөнү жүгүрүп,
Сүйүнбөгөн сүйүнүп,
Көксө чалы, кемпири,
Жатып ичер чал калбай,
Жар-жаамат үйүлүп,
Энтеңдеген уландар
Этегин кайра түрүнүп,
Убап-чубап утурлап,
Алдын тозгон андан көп,
Кыл куйруктар жогунан
Жөө жүгүрүк чалдан көп.
Мына ушундай карбалас,
Боло берди айылда,
Жаңыл менен Чынасыл
Жаш баланын камында...
Жаңыл тууп келдим деп, баласын өңөрүп ата-энеси, элине айтуудан уялды. Бул ишти Чынасыл экөө гана билип, абасынын өгүзүнүн жанына баланы таштоо жөнүндө сүйлөшүштү.

Бала тууп келдим деп,
Жаңыл айтуу ааламат,
Алдына алып өңөрүп,
Аттан түшүү кыямат,
Бул иштен Жаңыл уялат.
Нары-бери ойлонуп,
Болду Жаңыл кыжалат.
Ойлоп акыл тапты эми,
Ташташ үчүн далалат,
Капканчы абам туяксыз
Таап алсын саламат.
Деди дагы баланы
Таштап койду аманат.
Баласы жок неме эле,
Башка чукак кем эле,
Ушул ишти Чынасыл,
Айтышпайлы деги эле.
Уятымды чыгарбай,
Убадага бек болгун,
Кийин соңу сөз кылат,
Кайыптан экен деп койгун.
Эске алайын кызматың,
Жамандыгым жаба көр,
Жакшылыгым ашырып,
Төркүнүмө бара көр.
Төө айдайын мен барып,
Баланы сен ала көр.
Боз тумшуктун сеңирге
Аркандалуу көк өгүз,
Көк өгүздүн жанына
Баланы таштап жөнөңүз.
Өгүзүнө карабай,
Айылга кетти абышка,
Баш күнүнөн бер жакка,
Туулдуң эле намыска,
Айланайын Чынасыл,
Кыйылбагын барышка.
Өгүздү алып келем деп,
Абам келер элеңдеп,
Таап алып сүйүнүп,
Кайып бала белем деп.
Жаңыл сырын көп айтып,
Чынасылды жөнөттү,
Алып барып ташта деп,
Баласын атка өңөрттү.
Жөнөп кетти Чынасыл,
Баланы алып колунан,
Өңөрүп түштү кыялап,
Боз тумшуктун жонунан,
Өгүз турат байлануу,
Аркандалып ал жерге,
Түшүрүп койду баланы,
Ойной турган чаң жерге.
Көк өгүздүн жанына
Жылаңачтап чечинтип,
Кайта келди нарына,
Чыңырып ыйлап жаш бала,
Чыркырады талаада.
Бөлөк өзөн коо ылдый,
Төөлөрдү айдап жабыла,
Буртулдатып кубалап,
Жөнөп калган чагы да.
Кара мүртөз, эр Жаңыл
Карабады зарына.
Чаң-тополоң нар айдап,
Кирип барды айылга
Келди Жаңыл, келди деп,
Тилекти кудай берди деп,
Кемпир-чалы чуулдап,
Жүгүрүп жүрөт дуулдап.
Кестирүүгө кыргызга,
Кара торпок ырым го,
Табылбаса канетет,
Жакырчылык кыйын го.
Калмак чаап алганда
Итке минген жардылык,
Болуп калган эмеспи,
Табат кайдан алдырып.
Уйду койбой жатындан,
Нойгутка кыйноо жеткенде
Өкүртүп айдап кеткенде,
Калып калган көк музоо,
Улагада байлалуу,
Көрбөй калган калмактар,
Көк өгүз эми пайдалуу.
Мындан башка бир дагы
Мал койбогон кылайып,
Өгүз болгон ал музоо
Абасына ылайык.
Алып кел деп өгүздү,
Кемпири буйрук кылды эле,
Кескилетип талатам,
Келгени Жаңыл чын беле.
Алып кел бачым, алып кел,
Өгүздү түлөө чалып бер.
Анча-мынча айылда
Улак-сейнек жүргөнсүйт,
Кирешелүү көк дөбөт
Баш көтөрүп үргөнсүйт.
Жандыктарды бери айда,
Жан жабыла кел айда.
Карма-карма, карма деп,
Көгөн тартып байла деп,
Сары улакты таптырып,
Садагасын чаптырып.
Кырк аяк суу башынан
Тегеретип чачтырып.
Аркан тартып кердирип,
Төөдөн түлөө бердирип.
Бир эле түндө Жаңылдын
Келгендигин эл билип.
Жергелеши жедигер,
Барча барат тең билип.
Өйдө-ылдый адамзат
Өтөт экен бенделик.
Үйүнө эсен барыптыр,
Үч-төрт жылы сенделип,
Жалпы нойгут Жаңылга,
Учурашты эл келип.
Жолдон кокус кездешип,
Чынасылдай эр келип,
Жоголгон Мырза Жаңылга
Жолдош болуп бир келип.
Уккан жерден жабыла,
Кимиси жок ким келип,
Өпкө чапты ырымдап,
Кемпир-кесек иргелип.
Кескилетип ийүүгө
Көк өгүздөн башка жок.
Кара торпок табылбайт,
Мал турмак кара таш да жок.
Соймок үчүн абасы,
Өгүздү алып келем деп,
Сүйүнгөндөн токтобой,
Жүгүрүп барса элеңдеп,
Жылаңач бала отурат,
Чыбык кармап сереңдеп.
Бир сооронуп, бир ыйлап,
Кайда менин энем деп,
Баланы көрүп чочуду,
Эмне шумдук элең деп.
Албарсты деп ойлосо,
Эркек экен периште,
Баласы жок курган чал,
Жолукту мындай бир ишке.
Баланы ороп чапанга,
Баабединге нан айтып,
Кайыптан бала таптым деп,
Бир кудайга зар айтып,
Көк өгүздү кескилеп,
Этин элге таратып,
Ал балага ошондо:
Кайыпберди ат коюп,
Куруп калган абасы,
Көңүлү өсүп шат болуп,
Айыл-апага билгизбей,
Аркага кол тийгизбей,
Жакшы баккан эмеспи,
Жаман кийим кийгизбей.
Эч душманга билгизбей,
Ээси жок үйгө киргизбей,
Эски кийим кийгизбей,
Эсен-аман эр жетип,
Кайыпберди чоңойгон.
Калкты бийлеп тың чыгып,
Капканчы иши оңолгон.
Муну мындай коёлу,
Эмки сөздө бололу,
Жомок укчуу кишилер,
Канып кепке тоёлу.

8. КАЛМАКТАН ЖАҢЫЛДЫН ӨЧ АЛГАНЫ
Баягы күйөө Эрдене,
Жаңыл кетип калган соң,
Аккочкор тийип көп жылкы,
Ат аралаш алган соң,
Жедигерден ат тийип,
Минерине камдашып,
Мен нойгутмун дегендин
Малын бүтүн айдашып,
Короодогу кой калбай,
Кой кайтарган бой калбай,
Жайытында төө калбай,
Жалгыз-жарым бээ калбай,
Кайчы, тулга, казанын
Талкалаган, кыйраткан.
Катын-бала, кыз-келин,
Кары-жашын ыйлаткан,
Керегесин жыйнаткан,
Кемпир-чалын ыйлаткан,
Тайган итти каңшыткан,
Бүркүттөрүн шаңшыткан.
Кайран нойгут элетти
Кетирген эле тамтыктан.
Жаңыл менен аталаш,
Энеси бөлөк сиңдиси,
Эбирешим сулууну
Калдаң тентек жиндиси
Зордук кылып калган дейт,
А да калмак билгичи,
Калган эмес нойгутта
Жалгыз-жарым мингичи.
Караса элде тарпы жок,
Итке минген жардылык,
Муну көргөн Жаңылдын
Намысы келет ардыгып,
Анча-мынча күн туруп,
Ат тынчытып сергитпей,
Ай жарымы он беш күн
Чынасылды өргүтпөй,
Жылдыз ондоп камынып,
Жүрмөк болду Текеске,
Кара калмак төрөсү,
Эрдене салган бекетке,
Кызыл койлуу Бараттын
Берип жаткан тоюнда,
Кара койлуу Саалими,
Жылкысын тийүү оюнда,
Калдан тентек ал кезде,
Тогуз-Торо оюнда,
Көк ирим суунун боюнда,
Доржу менен биргелеш,
Коңгайтты менен иргелеш,
Коңкул жоору астында,
Көк чыбык мылтык ийнинде,
Эбирешим койнунда.
Киши кирбейт күүгүмдө,
Кайта келип Калданга
Казат кылам деп кетти,
Жөө-жалаңдап нойгуттар,
Эбегейсиз көп кетти.
Чынасыл болду жолдошу,
Күндүз жатып түн жүрүп,
Агыяска, Текеске
Барды алты күн жүрүп,
Бакаманжы, Коңтаажы,
Байлыгы көп журт экен,
Кара койлуу Саалими,
Өрүш толгон жылкы экен.
Баягы күйөө Эрдене
Эли менен тынч экен.
Кызыл койлуу Бараты,
Текес жердеп турчу экен.
Бул эки уруу калмакка,
Эрдене сурак кылчу экен.
Бөрк ал десе, баш кесип,
Айтканындай болчу экен.
Жылда нойгут жылкысын
Тийип алып оңчу экен.
Кула жылкы кумдан көп,
Кунан-тайы мындан көп.
Кара чаар аттары,
Каржалбаган буудан көп.
Жоргосунан күлүк көп,
Жортуулчуга бүлүк көп,
Айыл чаап алууга,
Аруу буюм, мүлкү көп.
Төрдө жаткан төөсү көп,
Төрөсүнөн дөөсү көп.
Кимиси малай, кими бай,
Аттуусунан жөөсү көп.
Жылкы өрүштө жай жаткан,
Текестеги калмактан
Жети от жылкы тийишип,
Жерди асманга чаңдаткан,
Жылкычысын тим коюп,
Кабарын бекке жардаткан.
Төрөсү угуп төп болуп,
Дөөкүрсүгөн көп болуп,
Бектери доңшуп козголуп,
Тополоңу тоз болуп,
Кара аламан калмагы,
Беттешчүүдөй окшонуп,
Жаңыл мырза келди деп,
Алты-жети топ болуп,
Анткени менен Жаңылга
Бир туруштук бере албай,
Же куугунга жүрө албай,
Же жылкысын бөлө албай,
Ажыратып ала албай,
Же бир айкөл салышпай,
Чокудан канды агызбай,
Мейли, мейли, мейли деп,
Калганын багып жейли деп,
Өзүнүкүн өзү алар,
Катылбайбыз дейли деп,
Арачы салып сүйлөшүп,
Кабары катуу Жаңылдан
Калмак минтип коологон,
Беттешүүгө чыдабай,
Бектери кайдан жологон.
Түртүшүүгө чыдабай,
Жекеге деп чакырбай,
Желектүү найза сундурбай,
Эр Жаңылды буй кылбай,
Дөрбөн, кербен, солоону,
Өскөн төрө Эрдене,
Калдан шерен, Коңтөрө
Баары бирдей чоң төрө,
Бири да жакын жолобой
Кайра кеткен деп айтат,
Шарпылдактын боюна,
Текестен нары күнчүлүк
Кара-Калкан оюна.
Дүңгүрөтүп жылкы айдап,
Жаңыл мырза, Чынасыл,
Доолбасты карс уруп,
Ат-кунанын үркүтүп,
Удаа-удаа тарс уруп,
Айдап чыккан көп жылкы,
Нокто, жүгөн катпаган,
Минилбеген кур жылкы.
Нойгуттан келген миң жылкы,
Бузулбаган уясы,
Текестеги бул жылкы,
Тийип келе жатканда
Утурлаган уландар,
Алдын тосуп олжо алган,
Асый чыкма кунандан,
Андай өңдүү туулбайт,
Адис жаачы жубандан,
Чылбыр колго үч толгоп,
Ээр токулган аттарга
Лоп суусунан өткөрүп,
Жылкыны жайган катмарга,
Алып келип жайыттан
Нойгут элин байыткан,
Өчүн алып эр Жаңыл,
Калмакты эптен тайыткан...
Эрге тийип жыргабай,
Жаш жанында куунабай,
Жалындуу кезде дуулабай,
Намыс жолун кууйм деп,
Кудайды карап куурабай,
Боз улан менен бойлошуп,
Өткөн окшойт арманда,
Өттү күндөр бир далай.
Эрегиштин саатынан
Эчен кыйын эр өлүп,
Эби жок жерден көбөм деп,
Эси жоктор деги өлүп,
Карчалышкан заманда
Кайран Жаңыл төрөлүп,
Калган экен ошентип,
Кайгыга минтип бөлөнүп,
Өзү ургаачы болсо да,
Укмуштуу экен көгөрүп,
Кагылыштан хан өлүп,
Канча түрдүү жан өлүп,
Кадырына жете албай,
Калматайдай чал өлүп.
Албай туруп кор кылган
Акмактардын баары өлүп,
Катылганга какайган,
Тийишкенге тирешкен,
Туруштук берип душманга
Туу түбүндө күрөшкөн,
Он-он бешке чыкканда
Оттой жанып дүр эткен,
Өмүрүндө эл үчүн,
Азап тартып күн өткөн,
Айыгышкан жоосунан
Акыры жетип өч алган.
Ажыратып мал-мүлкүн,
Жыйнап-терип бүт алган.
Жаңыл элине келгенден кийин бир канча жасоо менен сиңдиси Эбирешимканды Тогуз-Тородогу Калдан шейренден ажыратып алып келди да тынчып жатып калды. Бирок өч алуучулар тынчыган жок...

9. АКЫРКЫ БЕТТЕШҮҮ ЖАНА ЖАҢЫЛДЫН ЖЕНИШИ
Тейиш хандын балдары
Аккочкор, Каңкы кол курду,
Асаба тууну көтөрүп,
Жаңылды карай жол жүрдү.
Нойгутту чаап бүлүнүп,
Аманат жандан түңүлүп,
Бырын-чырын кылам деп,
Кырып жаным тынам деп,
Сарбагышка, саякка,
Кыдырша, кызыл аякка,
Тейит менен муңмушка,
Кырк уруу жаткан кыргызга
Түтүнгө олжо таратам,
Ал жетпейби бир кызга,
Жаңылды байлап келели,
Кыркалы барып желени,
Кармай жүргөн колум деп,
Жортуп жүргөн жолум деп,
Алтымыш нарын алдырган,
Аккочкорду бардырган,
Намыс жолу кандай жол,
Нарлардын изин чалдырган,
Ичи күйүп бук болуп,
Жыйнаган эли чук болуп,
Анжыян, Арпа дебестен,
Уруунун баары кеңешкен,
Кара багыш калкынан
Кайран Жаңыл качканда,
Аккочкордун кербени
Кашкардын жолун басканда,
Ничкенин бою буйгаттан,
Учурап калган Жаңылга
Айдап алып жөнөгөн,
Алтымыш нардын барында.
Аны куубай коёбу
Намысын булар кетирсе,
Аккочкор, Каңкы болобу.
Чолок кайың жердеген,
Хан Шырдакбек зору бар,
Анжыян, Арка багытта
Кыпчактардын чоңу бар,
Туугандын сыйын көрөм деп,
Бергенин алып келем деп,
Аккочкор баатыр оолукту,
Шырдакбекке жолукту.
Анжыяндан бел ашып,
Келгенинен баштады.
Жалгыз кызга тең келбей,
Өлгөнүнөн баштады.
Эки тизгин, бир чылбыр
Сенде болсун Шырдакбек,
Алдырып ийсем айыбым,
Менде болсун Шырдакбек.
Туу түбүндө туруп бер,
Тулпардын башын буруп бер.
Кагылышкан хан өлдү,
Кайрандардын баары өлдү,
Эрегиштен эр өлдү,
Эрендердин теңи өлдү.
Сарбагыштан тандалган
Үчүкө, Түлкү бек өлдү,
Адигине туугандан
Үлбүрчөк, Бургуй деги өлдү,
Атакозу, Чабагы
Саяктан эки эр өлдү.
Кыпчактан зыян болгонду
Угуп кантип жатасың,
Кожогул менен Масейил
Козгобой турган эр беле,
Карабагыш Калматай,
Катып калчу кем беле,
Бөрүлөрдүн Ак Атан,
Өлгөн ашуу белде эле,
Ошолордун арбагын,
Унутуп калчу мен беле.
Кайрандардын баарысы,
Айтылбай калчу эл беле.
Уят болдук укканга,
Ургаачы бизге тең беле.
Бир нойгуттун кызынан
Кыргын таап өлгөнчө,
Кыямат бизге жай болсун,
Өлөлү тирүү жүргөнчө.
Деди баатыр Аккочкор,
Шырдакбекке бет алып,
Жообун кайра укканча
Түнөдү булар эс алып.
Эртеси туруп Шырдакбек
Аккочкорго сөз айтты,
Аскеринин баарына
Орой-чарай көз айтты:
— Тилимди алгын тууганым,
Кыпчактан чыккан бууданым,
Тим жаткан элди тим койбой,
Неге кошун курадың,
Сыйлашпай барып асылса,
Тийиши жок катылса,
Көпкөндөр барып кол салып,
Башы торго чатылса,
Бир өлмөктөн үч өлсүн,
Мага десе жүз өлсүн.
Бир кыз үчүн дүүлүккөн,
Бейбаштын баары бүт өлсүн.
Бир кыз менен басташып,
Байлайбыз деп касташып,
Уялбай кантип кол жыйдың,
Келиптирсиң антташып,
Айныбас антың бар экен,
Аккочкор өзүң барып кел,
Алың келсе алып кел,
Ажалың жетсе өлүп кел.
Жаңыл сага алдырбайт,
Мойнуна зоолу салдырбайт,
Ханы-бегиң чогулуп,
Кектүү кылдың бир кызды,
Кара бет канкор аралаш,
Эптүү кылдың бир кызды.
Ургаачыдан жолборсту
Көрө албаган сендейди,
Тийишип барып кырылган
Акылы жок кемдерди,
Айдап барып күргүштөп,
Кара аламан элдерди
Учуратпа кыргынга,
Салбасын Жаңыл чеңгелди.
Жаралуу каман болчу эмес,
Артынан түшкөн оңчу эмес,
Ажыдаар куйругун
Басканды тирүү койчу эмес.
Аты Мырза Жаңылдын
Сөөгүнө так салып,
Эми кайра сен барып,
Алам дейсиң мактанып,
Тил алсаң, иним, тим болгун,
Тирүүң жакшы эл болгун.
Өлгөндүн кунун доолаба,
Эр Жаңылды жоолаба,
Десе да тилин албады,
Кетирди минтип арганы:
— Ой, Шырдакбек, Шырдакбек,
Сапарымды кыйбагын,
Козголдум эле атайы,
Кой! — деп, мени тыйбагын.
Барар болсоң аныңды айт,
Барбас болсоң жайыңды айт,
Кызыган бойду суутпа,
Ант, арбакты унутпа,
Колдон намыс алдырып,
Кокуйлатып курутпа.
Башында буга ким барды,
Баталашкан эл барды.
Кылычын канга сугарган,
Кыргыздан канча эр барды.
Ошондо үйдө калгансың,
Качан баатыр сен бардың,
Калматай бий баш болуп,
Хандар барды, мен бардым.
Жакшылар барды, жаш барды,
Жаңыл менден жазганды.
Кууп келип артыман,
Учуп түшүп атынан,
Өзү келип багынды,
Шорго минтип малынды.
Кер байталды мингиздим,
Кементайды кийгиздим,
Айдай сулуу ойронду
Байлап алып жөнөдүм.
Көп жылкыга аралаш,
Айдап алып жөнөдүм,
Алып келип күң кылдым,
Ичи толгон зил кылдым.
Алты ай байлап казыкка,
Төө ком жабуу жапкамын,
Кышынкысын болгондо
Улагага таштадым.
Сарбагышка бардырбай,
Саяктан эрге алдырбай,
Жыл маалына кордуктап,
Кишенди буттан чыгарбай,
Кутурган Жаңыл баатыр кыз,
Отурган жерден тура албай,
Эки тизе чор болуп,
Эки көзү шор болуп,
Калк чайкаган баатырың,
Жүргөн эле кор болуп,
Бир жылдан соң Жаңылды
Кара багыш Калматай,
Токол кылып алам деп,
Жугунду берип багам деп,
Башына балаа үйүптүр,
Кара атын алдап миниптир,
Баласына кайрылбай,
Салгар жолго кириптир,
Куугандарды өлтүрүп,
Аты неге күлүктүр,
Айлына качып бу барып,
Нойгутту жеке билиптир.
Кайрандардан айрылып,
Кантип үйгө жатамын,
Калтырбай бүт көчүрүп,
Жаккан отун өчүрүп,
Сапырып күлүн чачамын,
Түнүндө барып басамын,
Урумду бузган каапырдын
Умачтай көзүн ачамын.
Келе, төрөм, кол бергин,
Кол бербесең жол бергин,
Барбасаң барбай калгының,
Соот, калкан, тон бергин.
Минериме жорго бер,
Тизгинимди колго бер.
Чопкутту баса киейин,
Жоргону жоого минейин,
Саярыма найза бер,
Бөрү тил болсун уңгусу,
Атарыма мылтык бер,
Өлсүн нойгут бир кызы.
Боз жоргонун күчүн бер,
Жоо-жарагың бүтүн бер,
Мөөсүлгө сени ээ кылам,
Нар жагын айтып не кылам.
Колго түшөр Жаңылдын
Долу кара күлүгү,
Ошону сага бербесем,
Ичтен кетпейт күйүгү.
Деди дагы Аккочкор,
Шырдакбектен ат сурап,
Бербейм десе жоргосун,
Кармап алчу жак турат.
Күчү арбын, кошун көп,
Зордук кылса чапкылап,
Ооруп жатса сыйлабайт,
Кудай кантип жактырат.
Берсең дагы бересиң,
Бербесең да бересиң,
Баркыңды абдан кетирип,
Анан сөзгө келесиң.
Куш аяган көк карайт,
Ат аяган жер карайт,
Күчүн менден аяба,
Жардамды бер жана да.
Өзүн орто жолдосун,
Ат минип канда барасың?
Айыкканча минемин,
Анан кийин аласың.
Боз жорго тулпар жаныбар,
Малдан бөлөк багы бар,
Ар кимдин мындай малы бар,
Айдыңы журтка таанымал.
Карыма калкан илейин,
Алыскы жолго минейин,
Жаңыл кыздын айлына
Жагалмайдай тиейин.
Деп ошентип, түрлөндү,
Аскерине сүйлөндү,
Алып чык деп жоргону,
Мураакырга күүлөндү.
Берен Шырдак баатыры
Берейин десе ич күйөт,
Бербейин десе Аккочкор,
Ичинде катуу зит жүрөт.
Ооруган жанга карабай,
Тос-тополоң кылгандай,
Кошуну арбын ит эле
Козголтпой элди кыргыдай,
Чепти курчап сыртынан,
Карга учкусуз кол болду,
Бей ал болуп жатканда
Бербесе кайдан жол болду.
Кайран Шырдак баатырың,
Жаны менен убара,
Кыйладан бери төшөктө
Кейибейби буга да.
Шамыян-кайрып[27], барк кетип,
Жаакташып жүргөнчө,
Сөзүмдү укпай Аккочкор,
Каш-кабагы бүркөлсө,
Көптүк кылып басмырлап,
Тартып алса жоргомду,
Суук колун салганда
Шырдакбек кантип оң болду,
А көрөкчө берейин,
Алдырып келип турайын,
Маңдайынан сылайын,
Арка, башын кырайын,
Кандай айла кылайын!
Бурагым элең жаныбар,
Буюрган болсо келерсиң,
Буйругу жок мал болсоң,
Нойгутка барып өлөрсүң.
Канатым элең жаныбар,
Аман барып, аман кел,
Баш көтөрүп айыксам,
Абайы үртүк жабам мен.
Ак булуттуу асманга,
Учса дагы табам мен.
Өлүп калсам арманда
Караңгы көрдө калам мен.
Ыраазы болгун жаныбар
Жарым жандуу ээңе,
Айыксам акыр күн түшөр,
Ат, кысыр калган бээге.
Жортокко бутум артармын,
Жорго азабын тартармын.
Тайга бутум артармын,
Далай азап тартармын.
Арбак урган Аккочкор
Кадырымды билбеди,
Баш көтөрбөй жатканда
Басмарлады, тилдеди.
Оору кадырын сыйлабай,
Кудайды карап кыйнабай,
Минмек болду кутургур,
Кантип турам ыйлабай.
Кадырымды эстеймин,
Кантип жоону беттеймин,
Айыкпасам мен шордуу
Намысыма жетпеймин.
Кош, жаныбар, боз жорго,
Бошонуп кайра качып кел,
Ат издетип артыңан,
Аскердин баарын чачып кел.
Мындан башка не айтам,
Жолу жок тоону ашып кел.
Изиңди кууп таппасын,
Аккочкор мендей какшасын.
Бөлүнгөндү бөрү жейт,
Ээн талаа сактасын.
Темтеңдеп калган жериңде,
Жортуулчу атып таштасын.
Мындан башка нени айтам,
Кош, жаныбар, баргын деп,
Мен төшөктө калдым деп,
Көтөртүп үйдөн чыгартып,
Түтүк суудан сугартып,
Күрүчтөн жемин жедиртип,
Маңдайынан сылаган,
Айласыздан Шырдакбек
Бу кордукка чыдаган.
Ошентип берип жоргону,
Жатып калды болжолу.
Күлбагын бийик салдырган,
Мекен кылып ордону.
Мына ошондо Аккочкор
Боз жоргону бошко алып,
Ай туякка бээ алып,
Асаба желек туу алып,
Шатыра-шатман болушуп,
Барыптыр Какшаал, Тоюнга,
Кабар берип Жаңылга,
Жекеге чыгыш оюнда.
Кара жүлгө барганда,
Элчиден, элчи жиберди,
Тим жаткан элди тим койбойт,
Ким билет аман келерди.
Чынасылды байлап бер,
Чыркыратып жарайын,
Алтымыш төөнү айдап бер,
Алдыма салып алайын.
Кара долу күлүктү
Как алдыма тартпайбы,
Жалооруп да жалбарып,
Жан соогалап жатпайбы.
Аккочкор менен Каңкынын
Ким экенин билбейби,
Кара атты тартуу бербесе,
Агытабыз жиндерди.
Бото курду салынсын,
Мойнума ороп чалынсын,
Бу күнөйүм кечсин деп,
Боздоп ыйлап жалынсын.
Болбосо Жаңыл өлөт де,
Көргүлүктү көрөт де.
Нойгутту бүтүн кул кылып,
Камчыга ченеп бөлөт де.
Болбосо чыксын жекеге
Мени менен сайышсын,
Ат үстүнөн алышсын,
Аябай кумар канышсын,
Аткан эрдик иш эмес,
Атышам деген киши эмес,
Андай киши эр эмес,
Мергендик бизге кеп эмес,
Көргөндө атып ийгидей,
Эчки-теке мен эмес.
Капыстан атып салганы
Баатырлыктын иши эмес.
Атканына жыгылчу
Аккочкор оңой киши эмес.
Баатырлык жолу сайыштыр,
Аттын оозун жайыштыр,
Сайыштан чыккан бир кумар
Түпөктүү найза тайыштыр.
Келсин Жаңыл жекеге,
Жыгылсак өлүп калышмай,
Түшө калып бат эле
Башты кесип алышмай.
Албасын, жаасын албасын,
Мен тынбаймын сайышпай —
Деп арачы жиберип,
Боз жоргону итерип,
Минип турат булкунтуп,
Нары-бери жулкунтуп,
Ал аңгыча арачы
Барган тура Жаңылга,
Төкпөй-чачпай бар сөзүн
Айтты бүгүн айылга,
Тартуу-тартмак дегени
Катуу тийди Жаңылга.
Алтымыш төө, Чынасыл,
Ачуу тийди Жаңылга.
Алтымыш эмес, жүз нарлык
Ыза-кордук көргөнү,
Колго түшүп, таяк жеп,
Тирүү да болсо өлгөнү.
Адамчылык иш кылбай,
Аккочкордун кордугун
Жүйө сөзгө келбестен,
Байлатып жүргөн зордугун.
Бары-жогун ойлонуп,
Ачууга ачуу кошулду,
Соот, чопкут кийинип,
Кара атка баса отурду.
Туулгалуу чарайна,
Беш кабырга белдемчи,
Кололуу найза колго алып,
Мырза Жаңыл мергенчи
Жебенин огун асынган,
Найзасын бийик ашырган,
Нойгуттун баары бириндеп,
Жоо келди деп дирилдеп,
Жүрөгү калган курган эл,
Учу-түбү чогулган.
Чатка басты бир-бирден,
Түндүк бакан, союлдан,
Чычырканак шыптатып,
Чочморду белден ыкшатып,
Шылк этмелүү жигиттер
Кош бүлдүргө тагышып,
Айбалтадан алышып,
Эр Жаңылдын үстүнө
Эл чогула калышып,
Туу көтөрүп кандашып,
Ак боз бээни чалышып,
Чилмерден уруп козголуп,
Касканак тартып эл чубап,
Өзөндүү сууну бойлошуп,
Өйүз-бүйүз тең чубап,
Караанын көрдү Аккочкор,
Тартуу келет деп турган,
Тартуу эмес, кол көрүп,
Жүрөгү кайдан тек турган.
Санаасына жүгүргөн,
Түрлүү ойлор кетет ко,
Атып салып кара бет
Аман-эсен кетет ко.
Талпагым ташка жайбасын,
Тапсаңчы Каңкы айласын.
Мен беттешип качырсам,
Сен туурадан чыга көр,
Эркексинген долуну
Эптеп аттан жыга көр.
Кудай берсе тилекти,
Түрүнөлү билекти,
Анжыян, Арка баарына,
Салды каапыр дүбөктү.
Каңкы, карап тургунуң
Как алдынан чыгайын,
Карап көздү ирмебей,
Карагай найза сунайын,
Эр болсоң найза карма деп
Ач кыйкырык салайын.
Буга Жаңыл көнбөсө,
Бир качырып барайын,
Атып салса өлөйүн,
Ак жазганын көрөйүн.
Деди дагы кеңешти,
Каңкы экөө кылыч эгешти.
Эки бир тууган антташып,
Саймак болду экөөлөп,
Ал аңгыча Жаңылдын
Найзасы бийик көкөлөп.
Көрүнүп калды, кол келди,
Жедигер, нойгут мол келди
Желектүү кызыл туу келди
Тууну көрүп дуу берди.
Эки черүү жакындап,
Аккочкор турат бакылдап.
Салтты козгоп кыйкырып,
Сайышкын деп какылдап.
Туу козголбой турганда,
Жоодон качыш шарт эмес,
Кылымдан бери келаткан,
Кыргыздардын салты эмес.
Чакырган соң Аккочкор
Жаңыл найза көтөрдү,
Кудай билет, ким билет,
Кимиси сайып өтөрдү.
Кара долу күлүктүн
Калайык көрсүн дүбүртүн.
Бөктөрүнчөк бөктөрүп,
Кол канжыга өткөрүп,
Ак каңкынын актасын
Аяктай чуңкур ойдурган,
Найзанын сабын такачу,
Курбулуу тээк койдурган.
Бөрү тил найза сук кылган,
Кобулдатып жырдырган,
Колодон шакек кылдырган,
Кооздотуп жынжырдан,
Кош бүлдүргө тактырган.
Колдон тайбайт экен деп,
Баатырдын баары жактырган.
Элге карап бата алды,
Ээрге найза такалды.
Мелтиретип сундурду,
Жашыктар ыйлап муң кылды.
Аккочкор, Каңкы бир жактан
Кыйкырып кулак тундурду.
Качырышкан жери ошо,
Ургаачы, эркек эр ошо.
Эл жанынан түңүлдү,
Эрегишип бүлүндү.
Барабанын кагышты,
Качырышып чабышты,
Как жүрөктүн тушу деп,
Карагай найза сайышты.
Чарайнага чак этип,
Тартмасына так этип,
Көздөн оттор чагылып,
Караңгылап ачылып,
Кол зыркырап басылып,
Коркоктун башы жашынып.
Аттын күүсү кандай күү
Анча-мынча эндиреп,
Сакта кудай сакта деп,
Эки жагы тең тилеп.
Эч кимиси жыгылбай,
Найза сынбай кымындай.
Аман-эсен өтүштү,
Жан аманат чымындай.
Экинчи жолу беттешип,
Мурункудан беш бетер,
Качырышкан эрлерди,
Карап туруп эс кетер.
Бир ургаачы, бир эркек
Өлүмгө башты байлашып,
Башына кандай иш түшкөн?
Бөрү тил найза кармашып,
Кара жанды кыйнабай,
Бирине бири жармашып,
Бири тирүү, бири өлбөй,
Элдешсе боло жайлашып,
Кыпчак, нойгут кыргызы,
Бир жигити, бир кызы,
Сайышып жүрөт дедирбей,
Биринин акын бирине,
Артыгырак жедирбей
Ажыратар тууган жок,
Тынччылык жолун кууган жок.
Аккочкордой акмакты
Арбак, кудай урган жок.
Экинчи жолу беттеште,
Сабыр кылып турган жок,
Эти ачынган эрендер
Буудан оозун бурган жок.
Мелтиретип койдуруп,
Тап эткенде так этти,
Таамай тийип как этти.
Экөө тең башы кекектеп,
Атка камчы шак этти,
Эндирей түшүп оңолуп,
Чарайналар чак этти.
Баабединге жети нан
Аккочкор айтып бак этти.
Кийген жынжыр сооту
Жырылып кетти көрүнөт,
Айбалтанын чемирчек,
Сыйрылып кетти көрүнөт.
Анча-мынча кан чыгып,
Тызылдап кетти көрүнөт.
Өзү семиз эме эле
Кышылдап кетти көрүнөт.
Үчүнчү жолу беттешип,
Качырышкан эмеспи,
Өлмөйүнчө бул экөө
Асылышкан эмеспи.
Элдин баары эндиреп,
Эси чыгып кеңгиреп,
Качырсам деп туурадан,
Каңкы турат келжиреп.
Экөөлөп бир кыз менен,
Сайышты деп айтат деп,
Анча-мынча уялат,
Элдин көөнү кайтат деп.
Болбосо чапкан турат ко
Бир жагынан качырып,
Кыйкырып жүрөт элди айдап,
Кымкуут кылып жапырып.
Буудандарды карасаң
Кара терге чөмүлүп,
Учкандай чуркап жаныбар
Экөө бирдей элирип,
Кара долу, боз жорго,
Суулуктарын кемирип,
Үстүндөгү ойрондор
Үстү-үстүнө теминип.
Экөө тең дени таза эмес,
Жарадар болгон кез ошо,
Сайышкан жери айтылуу
Кадимки Какшаал бели ошо.
Жаңыл сайса алкымга
Жалп этип аттан түшө албай,
Жал кучактап баратат,
Жандан күдөр үзө албай,
Баштагыдай чыйралып,
Жакшырак эми күч албай,
Айласы кетти Аккочкор,
Жаңылды жайлап өч албай.
Омурткадан ону ооруп,
Оң мүрүүсү чоң ооруп.
Кабыргасы кырка ооруп,
Арка, далы сырты ооруп,
Оңолуп кайра тартканда,
Омуроого какканда,
Найзанын учу батканда,
Аягы чыкты асманга.
Аккочкордон ал кетти,
Оозунан оргуп кан кетти.
Боз жоргодон жалп этти,
Аккочкордон жан кетти.
Жандай салып эр Жаңыл,
Илип кетти жоргону,
Карап туруп эл качты,
Каңкы баштап чоңдору.
Жоо аяган жаралуу,
Катыны калсын каралуу,
Деди дагы Каңкыны
Кантип Жаңыл аяды,
Алеңгир жебе жаа менен,
Кармай берген жери ошо,
Карантүн салган ошентип,
Кайран Жаңыл эр ошо.
Ошондон кийин Жаңылга
Душманы келбей тыйылган,
Тийишем деп далайдын
Тизгиндери кыйылган.
Антип алган Каңкыны,
Багындырган жалпыны.
Аккочкор эмес, бардыгы,
Жекеден сайган алтыны.
Аламын деп келгендер
Алды каткан эмеспи,
Чабамын деп келгендер
Жанды каткан эмеспи.
Алда канча кошуну
Аккочкордон айрылып,
Чилдей тарап калган дейт.
Кыз да болсо эр Жаңыл,
Балакетти салган дейт.
Ушу менен жарандар,
Тамам болсун бул китеп.
Жазып чыктым калтырбай,
Күндүр-түндүр мен тиктеп.

10. БОЗ ЖОРГОНУН БАЯНЫ
Жоодон түшкөн олжого,
Жоргонун жайын болжобо,
Хандар, бектер сурашып,
Түшө калган ортого,
Чыдаймын деп колкого.
Калмактан элчи көп келген,
Кадырлашам деп келген.
Кытайдан элчи көп келген,
Кызыгам атка деп келген.
Карк алтынын куржундап,
Хандар менен бек келген.
Баатыр менен бай келген,
Малын айдап, жай келген.
Токсон тору ат айдап,
Төрө Абылай хан келген.
Сары-Аркадан жол тартып,
Салтанаттуу ал келген.
Буга Жаңыл көнбөдү,
Боз жоргону бербеди.
Дөөлөстөрдүн Шыгайдан
Төөдөн тогуз нар келген.
Нарга кошуп, бир нече
Ак жамбыдан зер келген.
Калбады бирөө келбеген,
Эч кимге муну бербеген.
Намыс үчүн, ар үчүн,
Жоолашты канча эр менен.
Капшытында калмагы,
Анын тийген салмагы.
Таш сайынган[28] Салбазар,
Бака манжы — Коңтаажы,
Баарысынан чоң таажы,
Каракалкан жердеген,
Текестеги Коң төрө,
Темир кийим чоң төрө
Канча жолу тоорулуп,
Как алдынан кетпеди.
Душманы да, касы да,
Эр Жаңылды беттеди.
Бермек турсун жоргону
Көрсөтпөдү көзүнө,
Арачы болгон пенденин
Киргени жок сөзүнө.
Эртели-кеч элирип,
Сууп турат кермеден,
Салдырса чери жазылат,
Ашта-тойдо тер менен.
Адамдын баары кызыгат,
Ат меники болсо деп,
Эч болбосо боз улан,
Бир мингизип койсо деп.
Нары-бери салдырса,
Кумардан чыгып калчудай,
Жаты дебей, өз дебей,
Ким болсо уурдап алчудай.
Боз жорго мурун кайда өскөн,
Кыз-Коргон деген жайда өскөн.
Муздакта туулуп, чөлдө өскөн,
Бычандын башы төрдө өскөн.
Арзыган жерин адамдын
Аш бышымда көргөзгөн.
Канаты бардай жаралган
Каргып өтөт маралдан.
Шырдакбек эрте аттанып,
Күл багы — Чолок-Кайыңдан.
Анжыян карай салдырса,
Бастыра түшүп айылдан,
Аш бышымда жетчү экен,
Канаты бардай таанылган.
Тамаша баштап жоро ичкен,
Таш-Акыр деген адырдан.
Кайра келип бешимде,
Каңтарып сууган кечинде.
Боз жоргонун баяны
Эмгиче элдин эсинде.
Күрмөктөн жемин өксүтпөй,
Кышынында түлөткөн.
Кырк-элүүдөн сакчыны
Күндүр-түндүр түнөткөн.
Жоргонун жайы мындайча,
Жалганы жок кылдайча.
Бир жылда туулуп үч кулун,
Үчөө тең тулпар болгон дейт.
Тулпарлар өтө мыкты дейт,
Далайга даңкы чыкты дейт.
Ажаандын Тели шалкысы
Кууса кармайт кушту дейт.
Долу кара Жаңылга,
Он төртүндө туш болгон,
Кайыптан болуп насылы,
Ээлерине кут болгон.
Ал экөө тең жайдары,
Боз жорго мында бук болгон.
Жүрөгүнө үчөөнүн
Эрегиш деген жык толгон.
Эки тулпар бир күнү
Кашынышып туруптур.
Туткундагы бир калмак
Аттардын тилин билиптир.
Бир күнү Долу карага
Дорбодо жемин илгенде,
Бошоп анан баштыгы
Кезек-нөөмөт келгенде,
Айткан тура сагалап,
Боз жоргону табалап:
«Ой Боз жорго, Боз жорго,
Дорбомдун түбүн аңдыдың,
Кылалган жок Шырдакбек,
Өкүм сүргөн хандыгын.
Хан болсо каза куубайбы,
Жоргонун жолун муунайбы?
Дорбосу качан бошойт деп,
Тулпары минтип куурайбы.
Жоргонун тери кургабай,
Жортуулга күндө минбейби.
Олжого түшкөн чобур деп,
Оюна келсе эр Жаңыл
Мөөсүлгө берип ийбейби.
Хан Шырдакка буюрбай,
Кай тарапта жүрөсүң,
Алтын мамы, ак сарай,
Бого качан киресиң?
Аты жакшы Бычанга,
Алты ай оттоп семирбей.
Куда-сөөк, дос-тамыр,
Колкосуна берилбей.
Тизгиниңди карматып,
Суук колун салганда,
Аккочкорго тарп болуп,
Намысың кетти мындан да.
Саяпкер багып элирип,
Же жүрбөдүң жыргалда.
Эрегишип жеңүүгө,
Эрдин багы ат менен.
Атынан жигит айрылса,
Андан кийин жат деген,
Тилегиң шонтип кат деген.
Аты жок калды Шырдакбек,
Торс аяк минип салпылдап.
Ашта-тойдо мен жүрөм,
Алтын жабдык жаркылдап.
Жетип саям жекени,
Дүбүртүм катуу тарсылдап,
Сүрүмдөн учуп кете албай,
Каз айланат каркылдап.
Кастарлуу болсоң Боз жорго,
Жүрбөйт белең менчилеп.
Эми минтип турасың,
Дорбоңдун түбүн берчи деп.
Дегенинде жүрөккө
Айбан да болсо зил түштү,
Эрегиш жолун айтышып,
Эки тулпар түртүштү.
Жыл айланды, кыш өттү,
Жер жамынды төшөктү.
Күн узарып, суу кирип,
Күкүк тилин безетти.
Шибери чайлап төрүндө,
Торгою сайрап көгүндө,
Нойгуттун кенен жайлоосу,
Дария Лобдун жээгинде
Жылкысы жылга өрдөгөн,
Койлору эгиз төлдөгөн.
Төгүл-чачыл береке,
Айран-жуурат көлдөгөн.
Жер жарылып, көк чыккан,
Желин толуп, сүт чыккан.
Жаңы журтка нойгуттар,
Жан жабыла бүт чыккан.
Көп күндөрдүн бир күнү,
Жазалгалап күн-түнү,
Көкбөрү байдын тоюнда
Салдырууга дүргүдү.
Эр Жаңылдын тапчысы,
Койлубай тынчын койбоду,
Алты күнү суутуп,
Байгесин алмак ойдогу.
Мамынын башын кемиртип,
Таң ашырат элиртип.
Чычкылуу жылдыз батканча,
Чын саяпкер жатканча,
Жетиген ооп желкеге,
Таң шоокуму атканча,
Боз мунарык тунарып,
Кыбыладан жыт алып,
Тартынса көзү кызарып,
Бугу чылбыр узарып.
Тартынганда үзүлдү,
Эки жагын каранып,
Элирип жорго качты эми...
Какшаал деген жеринен
Кара-Жүлдүн төрүнөн,
Ак-Чийдин башы кош катмар,
Ак-Сайга ашчу белинен,
Жан адамга көрүнбөй,
Чатыр-Көлдүн жээгинен.
Арпага түшүп түн жүрүп,
Кырдан кырга сүрдүгүп,
Орто-Сарттын оюрма,
Оттоп эки күн жүрүп,
Кош Кара-Суу, Майыстан,
Жерин көрүп алыстан,
Кулактарын тикчийтип,
Куюн менен жарышкан,
Жолду жыттап жаныбар,
Кирип барган чагы бар.
Жолборс үртүк жонунда,
Такасы жок колунда.
Нокто-жүгөн башта жок,
Багылан Тоюн жакта жок,
Айгырдан бетер аркырап,
Таноодон буусу баркырап.
Кайгуулчу[29] көрдү караанын,
Кайра чепке чапкылап,
Таламанын тал түштө
Таанып алды жакшылап.
Кабар берди айылга,
Жакшылык жатпайт дайыма,
Оюн салып Боз жорго,
Келатат Чолок-Кайыңга.
Зымырап учкан куштарды
Салып койбой алдына.
Ооруп жаткан Шырдакбек,
Ордолуу Төрткүл багында,
Айыл-үйгө чыгалбай,
Алты ай мурун жайында.
Суу ичирип табыптар,
Чыдаган араң дарымга,
Дарманы жок, алы жок,
Арык болгон чагында,
Бурагы качып келиптир,
Мүңкүрөгөн зарылга,
Жер үшөгөн жаныбар
Жүргөн эмес Жаңылга.
Кайгуулда жүрүп көргөндөр,
Сүйүнчүлөп келгендер,
Шырдакбектин үстүнө
Оору сурап киргендер,
Биринен бири уккандар,
Айыл-үйгө чыккандар,
Жан-жабыла сүйүндү,
Той бергендей үйүлдү.
Мураакыр молдо бакырат,
Элдин баарын чакырат.
Көөнүңдү ачып, Шырдакбек,
Көргүн ылдам атыңды,
Капалык бүгүн жазылды,
Көтөрсөңчү башыңды!
Сүйүнчү, ханым, сүйүнчү,
Эшикке чыга жүгүрчү,
Кеткен таалай келатат,
Кийимиңди кийинчи!
Мамысы кайда кагайын,
Жаңыртып нокто тагайын,
Бугудан чылбыр бурдурдум,
Муну да кошо тагайын,
Сары эркечти бакыртып,
Садагасын чабайын!
О, кемпир-чалдар, келгиле,
Оромол-үпчүн[30] жабайын.
Жер сагынган көрүнөт,
Улам токтоп, аз оттоп,
Биякка карап кишенеп
Баса түшүп бат оттоп,
Жакындады жаныбар,
Чыккылачы баарыңар.
Карагыла-көргүлө,
Сүйүнчүмдү бергиле!
Чеп кайтарган кырк сакчы,
Кырылгырлар келгиле!
Шырдакбектин эшиги
Кыз оюндай тойго окшоп,
Атырылып Боз жорго,
Толуп турган айга окшоп.
Бешенелүү жаныбар
Сүткө чайкап салгандай,
Жалында тизген бермети
Көздүн жоосун алгандай.
Көркү малдан башкача,
Буура көкүл, жар маңдай,
Буулуккансып келатат,
Аргый-аргый ар кандай.
Шырдакбек турду мууну жок,
Жөлөп-таяп төрт киши,
Эшикке чыкты көп киши.
Элдир-селдир эндиреп,
Дарттын коору кеңгиреп,
Көздөн чолок жаш алып,
Кудай чындап берди деп,
Сүйүнгөндөн ыйлаган,
Алып чыккын жемди деп.
Эшик алды мамыга
Тегеректеп жабыла.
Мамынын жанын бош коюп,
Эл курчады топтолуп.
Көргөн жерде күчөдү,
Текирең менен таскагы,
Эки бирдей кан арык,
Катары менен аттады.
Айгырдан бетер аркырап,
Кишинеп үнүн баспады.
Элге келип токтоду,
Эки жагын оттоду.
Машрап молдо мох-молоп,
Жем баштыгын кармады.
Буулугуп калган жаныбар,
Буга көңүл салбады.
Баарысынан бир кызык,
Мамыны көздөй барганы,
Эчкиртип далай адамды,
Элди тиктеп калганы.
Шырдакбек үнүн чыгарса,
Келдиңби деп кубанса,
Окуранып жыттаса,
Элдин баары муңайса,
Жашыбаска эркиби,
Абышка менен кемпири.
Алдына барып жаныбар,
Айланып турат алдында,
Мекиренип Боз жорго,
Жашыткан элдин баарын да.
Ээсин таанып анетсе,
Эл көзүнөн жаш кетип,
Эки-экиден дуулдап,
Садаганы чап дешип.
Эли толкуп турганда,
Мурду менен түрткүлөп,
Улам бетин жалмалап,
Сылап-сыйпап Шырдакбек,
Көкүлүнөн кармалап...
Аты менен көрүшүп,
Сүйүп-жыттап өбүшүп,
Көргөн элди жашытып,
Көздөн жашты төгүшүп.
Садага тилеп сары эркеч,
Ырым кыла чүчкүрүп,
Келгени ырас болду деп,
Кемпирлер ыйлап эчкирип.
Бирден аяк суу кармап,
Баш айланта чачтырып,
Мал да болсо моминтип,
Ээсин көздөй качыптыр.
Түлөө түштө көп болуп,
Садагасын чаптырып,
Ай туяктан бээ союп,
Элге тоюн тарттырып,
Бири бийлеп, бири айтып,
Бири сүйлөп, миңди айтып,
Кастарлаган багылган,
Жолборс үртүк жабылган,
Көргүлөчү момуну,
Көз мончоктор тагылган.
Келаткан киши бар окшойт,
Жетелеген бала окшойт.
Жер сагынган жаныбар
Башты чулгап алган бейм.
Бала тартса ээ бербей,
Тасма жолго салган бейм.
Ал жердеги эрлердин
Ою ошого кетиптир,
Эртесинде эки адам
Куугунчулар жетиптир.
Сүйүнчүсүн көп айтат,
Тогуз деген кеп айтат,
Саяпкердин өзү экен,
Койлубаймын деп айтат.
Ызатташып аларды,
Гүл бакка алып барышып,
Чечекейи чеч болуп,
Сүйгүнчүктүү жарашып,
Кайгы кетип Шырдакбек,
Антип жарпы жазылып,
Утурумдук-күнүмдүк,
Ооруган жери басылып.
Тогуз күнү той берип,
Толкундаган күн өттү,
Куугунчулар сыйланса,
Эркеси салар дүбөктү.
Хан Шырдакбек муну айтат:
«Келген кайра кетчү эмес,
Илгертеден калган иш,
Колго тийсе берчү эмес.
Ээсин тапкан мал болсо,
Качып келген ал болсо,
Алты жыл ооруп төшөктө
Айланып башым маң болсо,
Жорго келип демденип,
Эшикке чыктым сермелип,
Мындан артык болобу,
Кеткен сыймык бир келип,
Шумкарым консо туурума,
Булбулум сайрап талыма,
Бууданым келип байланса,
Алтын казык мамыма.
Берди кудай тилекти,
Оору минтип жүдөттү.
Угуп жүрдүм, жоргону
Бек сураса бербептир,
Хан сураса каргаптыр,
Казак, кыргыз, калмактын
Төрөлөрү сайлаптыр.
Менден салам айтыңар,
Салтанаттуу Жаңылга,
Келип-кетип жүрсүн де,
Биздин Чолок-Кайыңга.
Деп жөнөттү аларды,
Жорго баккан адамды.
Тогуз сыйра торко тон,
Бокчого байлап бөктөрүп,
Тогуз тору ат мингизип,
Жер чегинен өткөрүп,
Тогуз шумкар чуктатып,
Арпага чейин узатып,
Ошентип олжо бериптир,
Үч тогузду ушатып.

11. ЭРКЕ ЖЕҢЕ
Айылдан ушак тараган,
Кобук уктум дейт жеңе.
Шыбыр менен күбүрдү
Толук уктум дейт жеңе.
Жаңылдан көп эр сураса,
Кармата бербей жоргону
Жыл маалына чойгону.
Саамыктаткан «илдет» бар,
Анысында бир кеп бар.
Ат качыптыр артынан,
Атбай нойгут калкынан.
Куугунчу келсе бат эле,
Баабедин айтып жети нан.
Сүйүнчү деген бир кептен,
Алып кетсе бир тогуз,
Аруу буюм куржунга
Салып кетсе үч тогуз,
Ар ким айткан «жин» кеп бар,
Анысында бир кеп бар.
Дүнүйөдөн көп берип,
Эл четинен өткөрүп,
Кудасындай кастарлап,
Жөнөткөндө бир кеп бар.
Ойротту бузган каапырын
Тийгени жүргөн көрүнөт,
Эл кыдырган сыйкыры,
Жорго качты дегени,
Мага ниетинин кыйшыгы.
Жер куруткан Жаңылдын
Жүзүн кантип көрөйүн,
Экинин бири болгуча,
Эртерек мындан жөнөйүн.
Айыкса эле Шырдакбек,
Албаганда канетет.
Антип амал кылыптыр,
Жагына албай кара бет,
Айланып бир күн келет ко,
Арыбы[31] күчтүү балакет.
Деди да пейли бузулду,
Күчөттү кесир-кусурду.
Жорго бакчу жолдошу,
Муну дагы туз урду.
Эрке менен сырдашып,
Сырын угуп чындашып,
Эмине десе ошону
Кылмак болду молдосу,
Шырдакбектин көңүлүн
Бурмак болду молдосу.
Оорусунун үстүнө
Абжип кыл деп дубалап,
Жалынып жамбы бергенде,
Куржунга салды будалап.
Эрке жеңе жатарда,
Сакчынын баарысын
Ээн үйгө чогултуп,
Жыргатканы дагы чын.
Алка-шалка түшүрүп,
Аябай шарап ичирип,
Эс-акылдан тандырып,
Уктатты баарын бүтүрүп.
Сакчыларды азгырып,
Кайнатма[32] берип мас кылып,
Алты-жети балбанды
Аркы-терки жаткырып,
Машрап молдо дегени
Мураакыры болучу,
Чептин ичин кайтарган
Сакчылардын чоңу ушу.
Катындар аны какмар деп,
Ошондон кийин айтышкан.
Анча-мынча кишиге
Түн ичинде катышкан.
Төрт ата уулу Дөөлөстүн
Кызы сулуу болчу эле,
Кымбат баалуу кийгени,
Жигит көөнү толчу эле.
Ай чырайлуу сулуудан
Тандап алып берейин,
Мени менен бирге бар,
Эшик-төрүн көрөйүн.
Адегенде бай кылып,
Көңүлүңдү жай кылып,
Корооңо койду салдырам,
Өрүшкө жылкы жайдырам.
Ат багуучу Мураакыр
Байып жыргап калбайбы,
Байыганда молдокең
Перидей сулуу албайбы.
Мен кетемин турбаймын,
Эрке-мерке болбоймун,
Күнүнүн бири болгуча,
Дегеле турсам оңбоюн.
Айланайын, молдо дейт,
Бакканың дайым жорго дейт.
Башыма зарыл иш түштү,
Колдочу болсоң колдо дейт,
Көптөн бери Шырдакбек,
Ооруп орто жолдо дейт.
Өзүң да жакшы билесиң,
Убал го мендей жеңеңе,
Ойноп-күлбөй эр менен,
Ооруп жаткан эмеге,
Өмүрүм минтип өтөбү,
Жүрүчү молдо, кетели!
Эрди-катын ортосун
Сууктук кылып бузуп бер.
Абжип менен дубалап,
Кудайдан сура мунажат.
Чач-тырмакты мант байла,
Айыкбачу дарт байла,
Күн бүркөлсө турбасын,
Сөөк-саагы сайышып,
Жыргалын көрбөй аялдын
Жүрө берсин майышып.
Окучу болсоң окугун,
Кашмир[33] дуба сүбүңдү
Чыгарып кой сооп үчүн,
Ичимдеги күбүмдү.
Мени Шырдак аларда,
Баш үйүртүп койгомун,
Жакшы көрүп жүрсүн деп,
Өз алдымча ойнодум,
Акырында маминтип,
Ооруп калган ойронуң.
Убалымдан коркподу,
Болбойт экен ойдогуң.
Күндө жаңы карматкын,
«Абжип» оору илдетин.
Төркүнүмдөн мен сага
Кыз алып бериш милдетим.
Сыр-сыпаты сырдана,
Жоргону өзүң багып жүр.
Ашка-тойго барганда
Салдырып байге алып жүр.
Дөөлөстөрдөн эр тандап,
Төрөсүнө баралы.
Эртерек эрге мен тийип,
Намысты кайним алалы.
Деди да эрке жеңеси
Сырын айтты молдого,
Ниетинде сактаган
Чынын айтты молдого.
Жолдош болуп Шырдактан
Калган эле көңүлүм.
Эркелешпей ушинтип
Өтөбү минтип өмүрүм.
Тиер болсо кара бет,
Ким билет чынбы-төгүнүн.
Анда эле мага ээ кылбайт
Шырдакбектин өлүгүн.
А көрөкчө Кашкардын
Калаасына кирейин
Өмүр бою мен сени,
Таштабай ала жүрөйүн.
Деди да берди ак жамбы,
Салмак болду жаңжалды.
Эркекче кийим кийинип,
Байланды ичтен канжарды.
Иши бүттү камынды,
Куржун-кече салынды.
Эрке жеңе ушинтип
Качышы мынча зарылбы?..

12. ШЫРДАК МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ
О, Шырдакбек, жуптум ай,
Көптөн бери сен оору,
Жан кыйналган курусун,
Сени баккан мен оору.
Күндүр-түндүр жаныңда
Минтип башым тел оору.
Ушу бүгүн билбеймин,
Ысык-суук жел оору.
Кыйналам да кысталам,
Же калдымбы уйкудан.
Же азыткы тийдиби,
Айыл көчкөн журтунан.
Арууркаймын кез-кезде,
Жан жок менде тынчыган.
Жаным бүгүн жер тартат,
Жатып уктап келейин,
Ээн үйгө мен барып,
Түн болжолун ченейин.
Маргалаңдан келди эле,
Алты молдо келмеде,
Ушу бүгүн түнөсүн,
Баса жатып «сү» десин.
Окуса сергип каларсың,
Олуялар «ү» десин.
Алдырдым эле алыстан,
Өзүнө бүгүн таанышкам.
Мындан айла болбосо,
Илдет улам торгосо.
Андан кийин камынып,
Алты күн азык бышырып,
Ат такалап белендеп,
Ашуу ашып кыдырып,
Арыстанбапка барайын.
Анда түнөп калайын.
Аралайын ошентип,
Мазарлардын далайын.
Сөөк-саагың сайышса,
Эки далың курушса,
Баштагынын үстүнө
Дагы илдет келгендир.
Молдолор ээн түнөсүн,
Ажап эмес эмдендир.
Алты молдо, бир бакшы,
Түн терметсин жаныңда.
Ушу жердин ээси бар,
Бел-Кырчында, Кайыңда.
Үй көчүрүп, кондуруп,
Булактын башы мазарга,
Ак сарбашыл кой союп,
Тилекти тилеп жатарда
Бир аракет кылайын,
Тилекти берер кудайым,
Алты жыл оору чырмады,
Айыксаң экен ылайым.
Ташынып көчүп баралы,
Макулбу, Шырдак, жубайым,
Ушу бүгүн эң эле
Сабырың суз муңайым.
Дегенинде, куп деди.
Эркем, сөзүм ук деди.
Эмесе мен телчийин,
Эркем, сени ээрчийин.
Андай болсо баргын сен,
Ойноп-күлүп алгын сен.
Эки атан-төө комдотуп,
Эки бууржун[34] чомдотуп,
Отунду кошо жүктөтүп,
Көчүп барып кондуруп,
Азык-түлүк мол кылгын,
Бел-Кырчынга мазарга
Түнөсө түнөп келейин,
Молдолорду алып бар,
Каалаганын берейин.
Эки жигит кошуп бер,
Эрмек болсун бир түнөп,
Өзүң кайра чепке кел,
Көз салып жат, сен түнөп.
Жеткир дагы эрте кайт,
Сакчыларга жардык айт.
Отуз келин, отуз кыз,
Нөкөрлөрдү алып жат.
Кырк сарайдын ичине
Баш-көз болуп барып жат.
Чепти ичинен бекитип,
Ачкычыңды катып жат,
Кырк кулпуну кулпулап,
Жанчыгыңды басып жат.
Эртең менен эрте кел,
Түндүк боону серпе кел,
Өксүбөгүн жанымдан,
Өмүр жолдош эрте кел.
Деди да Шырдак камынды,
Бели-башын таңынды.
Балбандарга көтөртүп,
Мазарга минтип жалынды.
Үй көчүрүп тиктиртип,
Молдолор бүт ичкилик —
Маргалаңдык, Кокондук,
Түнөп калды кеч кирип.
Уруксат алып эркеси,
Келмек болду эртеси.

13. АЛТЫ МОЛДО, БИР БАКШЫ
Ошо күнү бейшемби,
Жуманын кадыр түнү бейм,
Жаңы журтка тигилген
Хандын ордо үйү бейм.
Алты канат ак сарай,
Жүз баштуунун бири бейм.
Бел-Кырчындын булагы,
Мазар ээси тирүү бейм.
Жабыратып окуган,
Молдолордун үнү бейм.
Алтоо бирдей кол берген
Маргалаңдын пири бейм.
Бакшы күчөп дүпүлдөп,
Колдогону «жини» бейм.
Онтоп жаткан ооруну
Тегеректеп алыптыр,
Күзгү кирген текедей,
Бакылдашып калыптыр,
«Эми-дому» көп болуп,
Эс-акылдан таныптыр.
«Чил Ясынды чил» окуп,
Фарсчадан тил окуп,
Кашмир «дува-сү» окуп,
Алтоо алты түр окуп,
«Аятал күрсү сүрө» окуп,
Таң атырып түн окуп,
Бир «дем» салып — бир окуп,
Бакшы темир кызартып,
Кайрып-куйруп жин окуп.
Ушалап башын кармалап,
Бычак мизин жалмалап,
Обун таппай «көзү ачык»
От жанына «шам жагат».
«Апың-упуң» ырымы,
Бакшы-молдо кылыгы.
Таң атканча кыйнаткан,
Сөөк-саагын сыздаткан,
Молдолорго коштошкон
Маалы болчу күн баткан.
Үстүнө кирбейт башка адам,
«Куптан» окуп эл жаткан.

14. ЧЕПТИН ИЧИ
Үй сыртына үй тиккен,
Босого болот, чоң үй бар,
Ошол үйдүн төрүндө
Күмүш мамы кагылуу,
Арчадан акыр коюлуу,
Накушталган оюму,
Кыдырата кырчоодо
Кырк-элүүдөн союлу.
Босогосу бузулган,
Эшиктери чырмалуу.
Өз ордунда жорго жок,
Акыры калган кур мамы.
Куюн тийген эмедей,
Кебетеси келпийген.
Кейпи суук жек көрдү,
Көчпөй-конбой жин тийген.
Таң атканча ушинтип,
Чепке каран түн түштү.
Нас баскандар ойгонуп,
Бирин бири түртүштү.
Күбүр-шыбыр, наалат күн,
Түшүп калды каран түн.
Адегенде Балтабай,
Ойгонду таң алдында.
Кокуй-наалат копшотуп,
Кыйкырып үндү салды да,
Ичи-тышты боз үйдүн
Эшик боосу кыйраптыр,
Ууру келген турбайбы,
Бизди кудай кыйнаптыр.
Деди дагы алкынып,
Алаканды тарс уруп,
Доолбасты карс уруп,
Удаасы менен алты уруп,
Уйкудан туруп жалпы уруп,
Изи чептен чыгыптыр,
Мамысы калган, жорго жок,
Ардактаган Мураакыр,
Атты баккан молдо жок.
Туз арамы бар окшойт,
О, кырк жигит, четиңден
Эми кантип чыгабыз,
Чептин ичи бекилген.
Кокуй-наалат кыйкырык,
Үйлөр калган жыртылып,
Таң атканча дүпүлдөп,
Бирин-бири түртүшүп,
Кудай уруп коюптур,
Эми бизге түн түшүп,
Жатпагыла, жайрагыр,
Уктабай упат болгула.
Дарбазаны ачкыла,
Айбалталап чапкыла.
Камбылдарың атка мин,
Кайгуулдарга чапкыла!
Алтымыш нөкөр түгөнгүр,
Кайдасыңар кесирлүү,
Калба[35] болду не түрлүү.
Отту кимдер өчүрдү,
Ууру келип кол салып,
Уяңарды бузган ким?
Ордоңорго кирүүчү
Жоргону алган душман ким?
Суук колду салган ким,
Хандын атын алган ким?
Эркин жаткан кутургур,
Эмчегиңди эзген ким?
Ээн баш ким, көпкөн ким,
Эшик боосун чечкен ким?
Жоргону минип кеткен ким,
Ырысын кайра тепкен ким?
Силерге келип азыткы
Жоргого көөнү бурулуп,
Уурдап кеткен турбайбы.
Ким да болсо туз уруп,
Эркени кошо элиртип,
Сүлөөсүндөй керилтип,
Молдону кошо капшырып,
Күлбакты кулпка тапшырып,
Кеткен го шайтан азгырып.
Силерди кудай урган го,
Душманга колтук ачтырып.
Деп Балтабай кокуйлап,
Көргөндөрү кошо ыйлап,
Аккочкордой дагы бир
Балээ келип жүрбөсүн,
Шырдакбектин башына
Кайгы жүгүн үйбөсүн!
Бул эмине болучу,
Каран түндүн чоңу ушу.
Эркесинен айрылып,
Шырдак кантип оңучу.
Отуз келин, отуз кыз,
Ойсоңдобой тургула,
Жорго артынан куугула!
Шырдакбекке баргыла,
Барып кабар салгыла!
Жайрагырлар жатпагын,
Жатып шоруң катпагын,
Сары изине чөп салып,
Куугула Кашкар жактарын!

15. ЭРКЕ ЖЕҢЕ КЕТТИ
Эки катар үй тиккен,
Боз жоргону мингизген,
Машыраптай молдону
Учкаштырып мингизген.
Арампорос түгөткө
Сырдаш болгон Эркеси,
Тим эле жаткан элдерге
Тополоң түшөт эртеси.
Эл жатарда жөнөдү,
Чептин оозун кулпулап,
Ичиндеги жасоолдор
Чыгарбаптыр чуркурап.
Бөктөрүнчөк үстүнө
Учкаштырып молдону,
«Качсаң зымыра» болушуп,
Жолго түштү болжолу.
Ат жайлоонун астында,
Бөксө жолдун үстүндө,
Куркурама, Кузгун-Таш,
Айыл конмок үч күндө.
Кайгуул анда дайыма,
Түн күзөтүп жүрүүчү,
Жайыл-Булак дегенге
Жатар ченде келүүчү.
Боз жоргодо болжол жок,
Өргө салса эричү.
Кууса шамал жетпеген,
Куюн жандап өтпөгөн.
Кайгуул эмес тоорулдун[36]
Караанын көрсө тепсеген.
Шырдакбектин чөйрөсү
Жолдон алыс кетпеген.
Шиктур деген жигити
Таанып калды жоргону,
Таңдын үрүл-бүрүлдө
Найзаны сунду колдогу,
Анда Эрке мындай деп,
Жоргодон тизгин чойбоду:
«Кимдин-кимдин жоргосу,
Шырдакбектин жоргосу.
Тааныбайсың Шиктур кул,
Ат багуучу Мураакыр,
Учкашканы молдосу,
Мен Шырдактын жолдошу».
Деген сөздү көп айткан,
Илгертен бери эл айткан,
Комузга чертип ушуну,
«Боз жорго күүсү» деп айткан.

16. ОРДО КЫЗДАРДЫН ЧУРКУРАГАНЫ
Кокуй, наалат кетпей кал,
Эрке, түпкө жетпей кал!
Барганыңдан келбей кал,
Эрге тийбей, эндей кал,
Төркүнүңө батпай кал,
Төшөк салып жатпай кал,
Кыпчак наамын сатпай кал,
Түн жамынып качпай кал,
Жатканыңдан турбай кал,
Турганыңдан жылбай кал,
Издеген жолуң таппай кал,
Алдыңы бала баспай кал,
Ырысыңды теппей кал,
Чуу түшүрүп кетпей кал!
Барган жерде бадик бол,
Көрбөй көзүң чалик бол,
Шишип-көөп челек бол,
Колу-бутуң сенек бол!
Этек, жеңиң узарба,
Сени койдук кудайга!
Тууп тукум бербедиң,
Согончогуң канабай,
Эркеледиң армансыз,
Эки жашар баладай.
Дешип, баары каргады,
Аялдан бири калбады.
Алтымыш нөкөр камынды,
Артынан кууп барганы.
Айтышты келип Шырдакка
Таппай калып айланы.
Алты молдо, бир бакшы,
Канакей анын жардамы.
Айыктырам деп келип,
Жандын баарын алдады.
Сыйынам деп мазарга,
Чуу түшүрдү жатарда,
Биз Эркеден айрылдык,
Таң шоокуму атарда.
Жөлөмөсү не болду,
Маргалаңдык эшендин
Касиети тиет деп,
Башы катты нечендин.
Сергип калсаң атка мин,
Күйбөптүр Эркең сен жакка.
Артыкча эле бакканың,
Атаңдын көрү бей опа,
Төрөм сени азгырып,
Өрт коюптур жел жакка.
Эми кандай күн болот,
Айрылдың төрөм, Эркеден,
Эркеси менен курусун,
Боз жорго кетти жергемен.
Айбан да болсо жүрбөдү,
Уялуу кыпчак эл менен.
Мине качкан турбайбы,
Туз урган акгед[37] эр менен —
Деп нөкөрлөр жар салып,
Айылдын баарын дүргүтүп,
Ачык көөнү тутулуп,
Бүркөлгөн кара түн бүтүп,
Үн тартып баары ыйласа,
Шырдакта Эрке турбаса,
Бир жактан оору кыйнаса,
Же баштараак туйбаса,
Угаары менен эңгиреп,
Кош кайгы түшүп кеңгиреп,
Кайгы түгүл кан жутуп,
Күйүт менен күл жутуп,
Эрке катын дартынан,
Жасоо жыйнап калкынан,
Ооруса да аргасыз
Жөнөмөк болду артынан.
Кашмирден келген дубакөй,
Машрап молдо кезигип,
Мант байлатып ансайын,
Эркеси түгөт өчүгүп.
Тырмак-чачты майдалап,
Тамакка кошо ичирип,
Аш боло албай анысы,
Ар кай жери тешилип,
Кара жанга таш батты,
Маминтип Эрке какшатты.
Какшаганда аргасыз,
Акыл-кеңеш табышты,
Жазы отоолоп көчүшүп,
Жол азыгын алышты.
Эки кап кебез жүктөлгөн,
Атка төшөк салышты.
Жортормондор алдыда,
Жоргонун изин чалышты.
Шырдакты атка жөлөтүп,
Балбандарга өңөртүп,
Борчукка чатыр жүктөтүп,
Жан казанын көмөртүп,
Алтымыш нөкөр, кырк киши
Жөнөгөн дешет жүз киши.
Сайылган жылга кум менен,
Шаркырап аккан суу менен.
Кулагы тунат кез-кезде,
Катыны качкан чуу менен.
Торгарттан ашып эңкейип,
Аябай изин чалдырып,
Жатып калды а жерде,
Бастыралбай ал куруп.
Убалы жетсин Эркеге,
Ушинтип Шырдак каңгырып
Азап тартып кыйналды,
Ан сайын изин киргизди,
Капкалуу шаар Кашкарга
Оору Шырдак жүрө албай,
Нечен ашуу катмарда.
Айыгып же өлгүчө,
Ыраазымын жатканга.
Деди дагы токтоду,
Жанга жабыр батканда.

17. ШЫРДАКБЕКТИН ЖООКЕРЛЕРИН ЖИБЕРГЕНИ
Кырк жигитим, кырааным,
Кыраандан чыккан тынарым.
Биттейинде бирге өскөн,
Биздей болуп ким өскөн.
Тирүүбүзгө тик болгон,
Өлүм болсо ок болгон.
Өрттөн кайра тартпаган
Кимиң барсаң, аның бар,
Душманга баарың таанымал.
Катуу багыт жерлерден,
Хандар менен бектерден,
Кабар алар шайым жок,
Кайгыдан башка вайым жок.
Мүңкүрөттү кантейин,
Эрке катын жолдошум,
Жол азабы курусун,
Же бир таза болбодум.
Ажалымбы, шорумбу,
Ооруп орто жолдомун.
Эс-акылдан айрылдым,
Менде кубат калган жок,
Эркенин дайнын билгиле,
Кубатым эмес, дарман жок,
Баш көтөрбөй оорудан
Өлүп калсам аргам жок,
Жорго менен Эркени
Көрүп өлсөм, арман жок.
Айланайын, жоокерлер,
Тандалып чогуу барыңар,
Сепилин бузуп, Кашкардын
Дарбазасын чагыңар.
Мага Шыгай кас эле,
Мындан кабар алыңар.
Кыркың бирдей аттанып,
Кырк көчөнү чалыңар.
Жакшылап жооп бербесе,
Анык душман болот ал,
Сөз ийриси бар болсо,
Тезинен кайра жолго сал.
Сүйүнчү! — десе, кайра тарт,
Күйүнчү! — десе, айла тап!
Какыраган кара таш,
Кашкары кандай жер экен,
Беттешкиле сүйлөшүп,
Беги кандай эме экен,
Калыс болсо Шыгай хан
Эркемди берсин колума,
Салтанатын көрсөтүп,
Салсын кайра жолума.
Он төртүмдө кошулуп,
Кучакташып ойнодум,
Таарынчысы бар болсо,
Арзан эле жоймогум.
Менден айып иш өтүп,
Кыйыктанып калгандыр.
Дөөлөстөрдү бет алып,
Төркүнүнө баргандыр.
Жибек-Килем деген жер,
Аты жакшы кенен жер.
Сары-Көл менен Кең-Колго,
Эл конуучу жон-жонго.
Эркемдин болуп ардагы,
Же Кең-Колго бардыбы.
Энеси менен бир тууган,
Эжесин таап алдыбы,
Сагынып жүрөм дечү эле,
Ошого кетип калдыбы.
Сурагыла жакшылап,
Салбасын мага кайгыны.
Таарынчысы жазылса,
Бийлетем кыпчак айлымы.
Дегенде булар аттанып,
Калааны көздөй бат барып,
Кырк жигит кетти шаарга,
Ал күнү бекем каалга.
Кашкардын сырты чеп экен,
Дарбазасы бек экен.
Капкасын дайым кайтарган,
Чочморлуулар көп экен.
Чет жагында бир сакчы,
Чогоол өскөн эме экен.
А дегенде чабам деп,
Чокуга канча жеди экен?
Эшигин ачып киргизди,
Корккондугун билгизди.
Дабыратып чаңдатып,
Калаанын калкын тандантып,
Хан Шыгайдын ордого
Барышты чогуу шаңдатып.

18. ШЫГАЙГА ЖОЛУГУШУУ
Ассалому алейкум!
Дешти баары жабыла.
Алик алып, Шыгай хан
Көз жүгүрттү баарына:
Кайдан келген балдарсың,
Каарланып алгансың?
Мүнөзүңөр байкасам,
Ачууланган айбансың.
Бетиңердин бедери
Беш байпактык түк болуп,
Кетмексиңер бу жерден,
Кандай ишти бүткөрүп?
Жан алгычтай сүрдөнүп,
Чаап ийчү түрдөнүп,
Же болбосо жок издеп,
Дайнын таппай күүлөнүп,
Кайгы түшкөн элсиңер.
Кабарчыктап сүйлөнүп,
Мындагы элди кемитип,
Тартиби жок демитип,
Турасыңар элебей,
Кырып ийчү эмедей.
Сепилдин оозун кайтарган,
Акылы жок кенедей.
Же силерге окшогон,
Көпкөндөрдү көбүртүп,
Байлабайбы мамыга,
Кутурган иттей теминтип,
Айткылачы кимсиңер,
Кай тараптан келдиңер,
Кабарлашпай биз менен,
Капкадан неге кирдиңер?
Кана эмесе угайын,
Сөзүңөрдү сынайын,
Угуп абдан канайын,
Жок издесең табайын.
Жоготкон жогуң жок болсо,
Мойнуңа зоолу салайын.
Кимдин эли болсоң да,
Кишендеп байлап алайын!
Эрте айт деп кебиңди,
Энтелетип калганда
Тандалып келген жигиттер,
Айтышты Шыгай сардалга,
Эрке жеңе качканын,
Жоргонун изин тапканын,
Ур-берге алып сакчыны
Дарбазаны ачканын,
Дарегин билип токтобой,
Көчөнү көздөй чапканын,
Түшүндүрдү Шыгайга,
Өйдө-төмөн жактарын.
Анда Шыгай кеп айтат,
Сүйүнчү барбы деп айтат.
Шырдакбектин Эркеси
Жоргосу менен менде дейт.
Мен кармата бербеймин,
Коркот белем төрөңдөн,
Мында качып келгени
Буда менин жөрөлгөм.
Колго тийген коёнду
Коё берген оңорбу,
Оңой менен жоргосун
Бере койбойм, айтып бар.
Жоолашса да колунан,
Келе койбойм айтып бар.
Жаңыл алып жүргөндө,
Жаныңар кантип чыдаган.
Айылга келсе Эркеңер
Артынан жасоо кураган,
Тың кайтарып алалбай,
Жок жоготуп куураган.
Дегенде кетти бир тобу,
Шыгайдан булар коркобу,
Ат дареги чыккан соң,
Токтоосуз эми жортору.
Жарышкан бойдон барышты,
Сүйүнчүсүн алышты.

19. СУРАК ЖҮРӨ БАШТАДЫ
Катын жандуу Шырдакбек
Эрке баккан эме эле.
Эркеси арман кылгандай,
Эминеден кем эле.
Эл алдында сурайм деп,
Бир калыстык кылам деп,
Жетимиш бир көчөгө,
Желдеттерин жиберип,
Таранчы менен уйгурду,
Таратпай чогуу имерип,
Катар элди тургузуп,
Дарды мыктап кургузуп,
Тартип бузган жан болсо,
Тарсылдатып ургузуп.
Сурак кылды молдодон,
Сөз баштады жоргодон,
Эмине үчүн кас санап,
Коркподуң дейт кудайдан.
Кандай эле сырыңды айт,
Катын менен убадаң.
Жоргону качан баккансың,
Кай кызматтан жаккансың,
Эл алдында айтып бер,
Чыныңды айтсаң өлбөйсүң,
Эч жамандык көрбөйсүң.
Дегенде молдо муну айтат:
«Айланайын, Шыгай хан,
Калбады акыл кылайган.
Кылдай мойнум бир тутам,
Суранарым жан соога,
Көңүлдү шайтан учуруп,
Болгон экен чоң коога.
Он сегиз жыл болду эле,
Шырдакбекке молдо элем.
Ошондон бери Мураакыр,
Бакканым тулпар жорго эле.
Ошо күндөн ушу күн,
Адалчылык жолдо элем.
Жолдон айнып бүгүн мен,
Маскара болчу кор белем,
Айнытып мени азгырды,
Шырдактын Эрке катыны.
Дөөлөстүн кызы сулуу деп,
Төркүнүм жолдон буруу дей.
Кер маралдай керилген,
Кийгени бучкак жылуу деп.
Кыз дегенде кызыгып,
Көңүлдү шайтан учуруп,
Макул дедим кантейин,
Тилине кирдим бузулуп.
Акыр минтип турамын,
Өлүмгө башым тутулуп,
Жарыкчылык көрөмбү,
Бул ажалдан кутулуп.
Дагынкысы дагы бар,
Аны да айтып берейин.
Айланайын, Шыгай хан,
Анык сырга келейин.
Абжип кылып бер деди,
Шырдакбектин башына,
Айтканына макул деп,
Дем салдым ичкен ашына.
Дуба менен мант байлап,
Айыкбачу дарт байлап,
Тилине кирип Эркенин,
Акыры минтип шор кайнап.
Өлмөк болдум кантейин,
Көп алдында көз жайнап.
Качайын десем болбоду,
Кашкарга жакын келгенде.
Не кылсаң, ханым, өзүң бил,
Болдум эми шерменде.
Өмүрүм акыр болгончо,
Чыгарбаймын жанымдан.
Шыгай ханга тиемин,
Бирге жүр деп жалынган.
Ошентип Эрке азгырса,
Молдоң минтип жаңылган.
Эрке жеңе айымга,
Эптүү болгон экенмин,
Ушинтип мына мен эми,
Өлүп кетер бекенмин.
Кечкин кашык канымды,
Мойнума күнөө тагылды.
Шерменде болдум элге деп,
Буркурады, жалынды.
Абжибиңди жандыр деп,
Колу-бутун буудуруп,
Таштап койду молдону.
Камчы менен урдуруп,
Көк букага жүктөтүп,
Көпчүлүккө тиктетип,
Качырга артып жүктөтүп,
Калайыкка тиктетип...
Кабыргасын кыйратып,
Каң-какшатып ыйлатып,
Кемечтеп оозун ачтырып,
Коргошун куймак болгондо,
Ботодой боздоп жалынды,
«Дубакөй кайран чоң молдо»
Жандырмак болду абжипти.
Түн киргенде жашырып,
Байлалуу жатат таяк жеп,
Баабедин айтып бакырып.
Элдин баары чуркурап,
Жандырган соң өлсүн дейт.
Жадыгерди тирүүлөй,
Тикесинен көмсүн дейт.
Ошо түнү дубасы
Оозунан оргуду,
Ар түрдүү жорук кылды дейт,
Какмар молдо шордууну.
Айыкканын ким билет,
Абжип болгон дартынан
Жалганыбы, чыныбы,
Байыркынын калкынан.
Жомок бизге калган сөз,
Кийинкиге жалган сөз.
Көркөмдөтүп ырдадым,
Карылардан алган сөз.

20. ЭРКЕ ЖЕҢЕ СУРАЛДЫ
Калыстан канча бийи бар,
Казы менен муфту бар.
Шыгай хандын доорунда
Төрт уруу кыргыз журту бар.
Астын-үстүн артылта,
Алтын эшик кулпу бар.
Кашкарды кошо башкарып,
Сураганы бир кумар.
Чын сырыңды айтып бер,
Карап турсун калайык,
Өткөн-кеткен ишиңди
Укканыбыз ылайык.
Дегенде жооп кайтарды,
Элди карап жайкалды.
Кумуру куйрук түгөнгүр,
Нары-бери чайпалды.
Күлө багып күнгө окшоп,
Күзгүдөй бети үргө окшоп,
Өзү сулуу түгөнгүр,
Алтын чачбак келеңгер,
Тамагы айдай бөлүнгөн.
Чай жутканда көрүнгөн.
Алган эриң Шырдакбек,
Аябай сени багат деп,
Уктук элек, кийгени —
Башайы менен манат деп.
Таң калабыз сага биз,
Эмине көөнүң калат деп.
Төкпөй-чачпай айтып бер,
Мындай иш мага жагат деп,
Анда Эрке мындай дейт;
Жашырбады кылдай кеп:
— Алты жылдан бер жакка,
Айыкпаган оору деп,
Ошо күндөн ушу күн,
Кете элек илдет — кору дейт.
Мына айтайын көөнүмдүн
Кайткан жери Шырдактан,
Же айыкпайт, же өлбөйт,
Тамырчылар кылдаткан.
Көп жылдан бери төшөктө
Бакшы-бүбү түн каткан.
Улам тийип жаңы оору,
Ысык-суугун ылгаткан.
Муну үчүн калды көңүлүм,
Өтөбү деп өмүрүм.
Жана дагы айтайын,
Жаңыл мырза шайтанын,
Жаа тартуучу катынды
Алабы деп Шырдакбек,
Мине качтым атымды.
Эминеси обу жок,
Артынан атты кууганы.
Качып келди жаныбар,
Боз жоргодой бууданы.
Артынан келген кишисин
Урууда жок сыйлады.
Ошон үчүн шектенем,
Кана көөнүн кыйганы,
Кара бет менен сайышып,
Аккочкор өлдү — шор катты.
Алганы калды тытынып,
Көз жашты качан кургатты.
Кандарды тандап өлтүрүп,
Тиерине эр таппай,
Баш пааналап бирөөгө,
Барарына жер таппай,
Батыра албай жоргону,
Качырып ийди болжолу.
Айыгып калса Шырдакбек,
Албаганда не кылмак.
Кол булгаса а жерден,
Барбаганда не кылмак.
Куугунчу келсе жөнөттү,
Мал-дүнүйө көп өттү.
Тогуз алгыр шумкарды,
Тогуз тору тулпарды,
Бокчосуна бөктөрүп,
Тогуз кээжим кымкапты,
Тартуу берип узатты,
Ичимди жаман муздатты.
Чынымды мен айтайын,
Бир кудайды кантейин.
Мен Шырдакка Эрке элем,
Айчүрөктөн берки элем.
Жатканым алтын такта эле,
Көлөкөлүү бакта элем.
Кырк сабам кебез көгөрүп,
Күндө үч убак жатчу элем.
Порум болуп жүрсүн деп,
Мойнума бермет такчу элем.
Дарайы көйнөк этимде,
Жел тийгизбей бакчу эле.
Ысыкта бакта уктатып,
Бетиме шамал желпитип,
Отуз келин, отуз кыз,
Ортосунда телчигип,
Эшикке чыгам дегенде,
Калы килем жайчу эле.
Каз жүнүнөн мамыкты
Как алдыма салчу эле.
Отуз келин оюлгур,
Колмо-колдоп көтөрүп,
Селкинчек курган жеринде
Эриккенди жазчу эле.
Бул бир жагы сыйынын –
Минтип көөнүм аччу эле.
Ал эле-эле дейсиңби,
Күнүнө кырк кара боз,
Кой сойдуруп келчү эле,
Бейбелчиктин чучукка,
Күрүч басып берчү эле.
Сардектен майда тууратып,
Корошон жытуу дак кылып,
Бөдөнөнүн этинен
Күрүчкө кошо бастырып,
Казы-карта аралаш,
Ойноп жедим наз кылып,
Кармап колдон берчү эле,
Балача оозум ачтырып.
Чачманы жеп болгон соң,
Алтын ооз аркыттан,
Көрчөгөлүү көөкөрдөн,
Ачытып күчүн ташыткан,
Семиз сазга байлаган
Алтымыш ала байталы,
Мейиз кошкон бал кымыз,
Суусунума чайкалуу.
Алып келип берчү эле,
Анда көөнүм жайдары.
Төрө Шыгай өзүңсүң,
Төркүн жактын ардагы.
Мени кара көпөлөк,
Шайтан сайып айдады.
Кылча мойнум бир тутам,
Таба көр, жаным, айламы.
Эми да келип жүрбөсүн,
Жаңыл мырза кара бет.
Анын жүзүн көрсөтпөй,
Үйүңө мени ала кет.
Шыбыр-күбүр сөздөр бар,
Келет дейт Жаңыл кубалап.
Өпкөлүгүн карматып,
Жоргону алар будалап.
Намысымды коргой көр,
Уятымды чыгарба,
Уругубуз бир эле,
Жагынам арбак-кудайга.
Теңдигимди кетирбе,
Жаңыл келсе, тетирле.
Аш казанчы кылсаң да,
Жигитиңдин бирине
Алып берип мендейди,
Анан сынап көрбөйбү.
Болбосо намыс эмеспи,
Шырдакбектен кем белең,
Төрт уруу Дөөлөс ханына
Жарашпай турган мен белем.
Жарашмак турмак жайкалам,
Жашылдан жибек байтамам,
Жакшылардын алдында
Жайкалып басып чайкалам.
Шарият сөздө шарым жок,
Улуу сөздө уят жок,
Эч болбосо артыман
Ээрчиген бир туяк жок.
Күлүң менен чыгайын,
Отуң менен кирейин,
Тогуздун бири болсом да,
Токолуң болуп жүрөйүн.
Отуз келин, отуз кыз,
Алардын сырын мен билем,
Ою менен каргады,
Арбыгандыр жаңжалы.
Кокус келип жүрбөсүн,
Балакетим алганы.
Ушулар чууга түшүрөт,
Ушагымды жайганы.
Эби келсе тараткын
Келгендер болсо артыман.
Төрт тайпа журт куралган,
Мында чоочун эл болсо,
Жоргого келген куугунчу
Бүт эле менин душманым.
Чурулдаса, кыйкырса,
Бир ооз сөзүн укпагын.
Мени бербе Шырдакка,
Төрө Шыгай, кутманым!
Дегенде Шыгай түңүлдү,
Оопасыз экен Эрке деп,
Кесири ашып башынан,
Келген экен темселеп.
Турганын көр, сөзүн көр,
Элдин баарын желкелеп.
Акылы жок, арамза,
Айтканын көр, бешин көр.
Ашка колу тийбеген,
Сулуусуна чиренген,
Сүйгөнү менен түнөгөн.
Шайы кийип кылактап,
Ою менен тырактап,
Жүрө берген бир акмак,
Сүйлөгөндө тил акмак.
Мындайга жаза берели,
Карап журтум, көр эми.
Деди дагы хан Шыгай,
Алдырды үч-төрт эмени,
Бири семиз Бөкө бейм,
Алачыктай лакыйган,
Алты балбан кармашса,
Алы жетпей акыйган.
Нарга күчү барабар,
Жанында бирөө жана бар.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Үңүрөйгөн жер кабак,
Киши өлтүрөт жин жалап,
Желдети тура желмогуз,
Жетип ал десе, баш кескен,
Анын баары бүт доңуз,
Дагы бирөө жаланат,
Шаштырганы шамалдай.
Кармаганы жой болот.
Жарып салат камандай,
Анын аты Кадабай,
Канды дайым жаламай.
Буларга башты шилтесе,
Кылганы турат таламай.
Эл бир жактан чурулдайт,
Кыйкырыктар таш жарып.
Бирери айтат, мойнуна
Темир зоолу тагылсын,
Бу дүйнөдөн өткөнчө,
Кайыр сурап жалынсын.
Бирери айтат, башына
Ширге каптап коёлу.
Мурду менен дем алсын,
Көздүн тушун оёлу.
Бирери айтат, Эркенин
Эки бетин көөлөтүп,
Урумга уят кылалы.
Эл көчкөндө жөөлөтүп,
Бирери айтат, куйрукка
Ысык темир кайралы.
Тамга түшсө санына,
Таппай калсын айланы.
Бирери айтат, Шырдакка
Муну кылган бу каапыр,
Айтканы менен эр алса,
Нени кылбайт куу каапыр.
Эрден-эрди ылгаган,
Бир эркекке турбаган,
Ооруп жаткан Шырдакты
Ою менен булгаган.
Ошон үчүн Эркеге
Шыгай жаза бериптир.
Эркек-аял жарданып,
Элдин баары көрүптүр.
Топоз жүнүн эштирген,
Кошмосу жок кыл аркан,
Корошондоп туз чылап,
Кырк имерип чыйраткан,
Эки аркандын учунан
Күрмөдү эки шыйрактан,
Эки нарга чиркетип,
Эки жакка айдатып,
Чаткаяктан айрытып,
Тындырыптыр «жайлатып».
Өлтүргөн дешет ошентип,
Эркеси менен молдону,
Эки-бир күн болсо да
Элиртип минген жоргону.

21. ЖАҢЫЛ МЫРЗАНЫН АТТАНЫШЫ
Хан Шырдакбек баатырдын
Катыны Эрке деди эле.
Эркеси арман кылгандай,
Эминеден кем эле.
Арам-порос молдосу,
Ал болуптур жолдошу.
Кара атты жабдып минейин,
Калканды бойго илейин.
Кайда кетти болду экен,
Шырдакбек өзү жолдо экен.
Долу кара жаныбар,
Арам териң калган бейм.
Төркүнү жазы дөөлөстүн
Төрүнө килем жайган бейм.
Эркеге кандай келди экен,
Намыз кылган ардыгы.
Же Шырдакбек ханынын
Каарына калдыбы,
Же болбосо бир иштен
Ачуу сөзү тийдиби,
Капа болуп Эркеге,
Камчы чаап ийдиби.
Деди да Жаңыл баатыры,
Бөрү жүрбөс жол менен,
Бөлтөк-бөлтөк жон менен,
Жортуулдарын ээрчитип,
Мырза чабуул кол менен
Кызыл-Сууга келгенде,
Жолукту калың элдерге.
Чериктин байы Жүдөмүш,
Күрүчтөп тоюн бергенде,
Чоң багыштар Жаңылды,
Тозгон дешет куптанда.
Молдо менен Эркенин
Жоболоңун элеп хан
Шыгай Даңкы элге чыкканда,
Ачуусу келет эр Жаңыл,
Айыгышкан душманга.
Той тарабай турсун деп,
Тапшырып кетти Черикке.
Кашкарды барып камады,
Кароолчусун сабады.
Сепилин ачып киргизди,
Келгендигин билгизди.
Арачыдан тил берген,
Аябай катуу жин келген.
Шыгай жакшы билет ко,
Жоргонун ээси мендирмин.
Кыйындарга катылып,
Кыз да болсом эл билдим.
Арбак урган арамы,
Аккочкордун залалы.
Катылганда өзүмө
Кандырдым эле табаны.
Сайбан-жыкпай мен алдым,
Шырдакбектин жоргосун.
Аны сурап Шыгай хан,
Беремин деп колкосуң,
Далай-далай асылган,
Акырында басылган.
Муну жакшы эл билет,
Эми неге келжиреп,
Баса калат жоргону,
Жумра-журт тең билет.
Мени менен жоолашса,
Бүгүн түнү сайышсын.
Чыдабаса тим турсун,
Кереги жок намыстын.
Сыйы менен берсин де,
Сыйыртпай сөзгө келсин де,
Таң аткандан ал калса,
Так үстүнөн көрсүн де.
Деп жөнөттү элчини,
Элчинин жок кемчили.
Өрттөн кайра тартпаган,
Сөзгө жүйрүк какшаган.
Жаактууга жай бербес,
Ээктүүгө ээ бербес,
Беттешкенди сүрдөткөн,
Белгилүү чечен Мергенбай,
Жообун алып келген бай.

22. ШЫГАЙ ЭЛИ МЕНЕН КЕҢЕШТИ
Дөөлөс, найман калкым ай,
Кандай болот артым ай.
Кызыктан-кызык дагы бар,
Мындан кабар алыңар.
Бая күнү Шырдакбек
Жоргосун кууп келгенин,
Жигиттерин тилдедим.
Акырында Жаңылдын
Келерин мен билбедим.
Түгөнгүрдүн Эркесин,
Алган эри Шырдакты
Алхамдуу менен дубалап,
Абжип кылса артынан,
Заманымды кууруп,
Эми адабы будалап,
Бул эмине болучу,
Табыңар акыл кубалап.
Жаасы кандуу каапырга,
Туруштук кантип беремин.
Түгөнүп калды төрт айлам,
Мындан башка не дейин.
Алдын тосуп чыксак бейм,
Асаба желек тутсак бейм.
Өткөн жылы мен барып,
Боз жоргону сурадым.
Бергени жок зарылтып,
Эр албаган жубайың.
Эми берип жүрбөсүн,
Дүйнөнү ким сүйбөсүн.
Минип келип Эркеси,
Эшигиме байланса,
Тартуу алып барганда,
Жаңыл көөнү жайланса.
Ажап эмес эр неме,
Мал-дүйнөгө айланса,
Берип коёр бекен дейм,
Ак көңүлү кармаса.
Дегенинде элдери,
Бармак болуп дүрбөдү.
Чайы барлар, чай алды,
Союшуна тай алды.
Эр Жаңылга ошентип,
Барбаса кайдан жай алды.
Камынган бул тартууну
Калкы укту кабарды.
Калаадагы, сырттагы,
Ойдогусу, тоодогу,
Бардыгы Шыгай, Жаңылга
Кашкардын сырты жагында,
Учурашты бет болуп,
Сурашып аман-соолукту.
Өткөн-кеткен иштерди,
Айтышууга жолукту.

23. ШЫГАЙДЫН СӨЗҮ
Ой, ургаачы жолборсум,
Келгениңе жол болсун.
Аман-эсен турдуңбу?
Айылды жоодон коргоочум.
Билеселүү кырааным,
Билдим сенин келгениң.
Боз жоргону бер депсиң,
Болумдуу баатыр, мергеним.
Мына жоргону ала кой,
Теңелбеймин мен сага,
Бирок Жаңыл, калыс бол,
Кулак салгын сен мага.
Сайышар болсо кел депсиң,
Болбосо атты бер депсиң.
Кыз менен кантип сайышам,
Найзаң кандуу, түгөнгүр,
Жашыңдан бери жаачысың,
Жандын баары күбөдүр.
Агытып койбой жоргону,
Байлап баксаң болбойбу.
Саяпкерге тапшырсаң,
Качпай-кетпей койбойбу.
Куйрук-жалын кыналап,
Минип жүрсөң не болот.
Бир жылкыны качырбай,
Ортонуңа тизгинди,
Иле жүрсөң не болот,
Уктуң бекен, жок бекен,
Шырдакбектин Эркеси
Дөөлөстөрдүн кызы эле,
Төркүндү көрбөй желкеси.
Ошондон бери келе элек,
Дөөлөстүн жүзүн көрө элек.
Күйөөлөп Шырдак келгенде
Урууда жок сыйладык,
Байыбыз бар, жарды бар,
Аруудан мүлктү жыйнадык.
Керип жатып кыз бердик,
Кийитке туйгун куш бердик.
Боз жорго кунан кези эле,
Салык атка берген жок,
Салык турмак кылчайып,
Саламга бир да келген жок.
Эрке кыздын калыңын
Эне-атасы жеди го,
Бир кунанга тең кылбай,
Киши эмессиң деди го.
Андан кийин тез тийип,
Кашкардын ичин караттым.
Таранчы менен уйгурду
Тамына кийрип каматтым.
Ошондо тойго чакырып,
Дүнүйө-малды камдадым.
Алыскы тууган укканга,
Ак туйгун-шумкар арнадым.
Тоготуп тойго келген жок,
Келмек турмак көргөн жок.
Эми ошол Эркеси
Келиптир, алган эрден жок.
Жазыктуу экен өлтүрдүм,
Кун алчу өзүм төркүнмүн.
Эби келсе эр Жаңыл,
Менде калсын жоргосу.
Өзүңө тартуу берерим,
Угуп тургун, кененим,
Кырк бир алтын, жүз жамбы,
Азыраак экен дебегин.
Тогуз кызыл нарым бар,
Андан башка дагы бар.
Тогуз кээжим дейилда,
Союшуңа малым бар.
Боз туйгунду баш кылып,
Боолуу шумкар аным бар.
Бу кызматым жакпаса,
Элге-журтка таанымал,
Эрке катын, молдого
Кун беремин, аны да ал.
Иши кылып мага бер,
Эмине алсаң ошону ал.
Кашкардын шаарын кошуп ал.
Капканын оозун тосуп ал.
Ырас болду жүздөшүп,
Сөзүмдү толук укканың,
Жооп берчи жакшылап,
Жаңыл мырза, сырттаным!

24. ЖАҢЫЛДЫН ЖООБУ
— Төрө Шыгай, ойлончу,
Кудайды карап жойлончу.
Шырдакбектен мурунку
Адаабатты жойсоңчу.
Айткандарың жүйөөсүз,
Алыс менен жакынга.
Айыгышкан окшойсуң,
Хан Шырдакбек баатырга.
Колго тийди деп алсаң,
Жоргосун антип жеп алсаң.
Мал-дүйнөңдү мен алсам,
Эркесин Шыгай жеп алсаң.
Адамчылык болобу,
Жегенде Шыгай оңобу,
Шырдакка мени тиет деп,
Сен да ошентип жүрөт дейт.
Качан да болсо бир мени,
Хандар, бектер иргеди.
Ургаачыны ушакташ
Эркектердин эрмеги.
Эл ичинде жайылткан,
Эси жоктун жел кеби.
Оозу бузук айбандар
Булгабайбы жергени.
Эрге тийсем эмгиче,
Эркек толуп жатпайбы.
Эл ичинде сен өңдүү,
Тентек толуп жатпайбы.
Тентек менен кемтекке,
Тийгенде шорум катпайбы.
Төрө албаса албасын,
Кара толуп жатпайбы.
Бака баштуу эр ийги,
Башты кантип аттайлы.
Тийсе тийип алармын,
Буюрганга барармын.
Анын несин айткандай,
Эркекке жокпу каралдым.
Катынды зордоп алам деп,
Хандар кайдан жаралдың.
Эркектин эси жоктору
Мээнетин албай аялдын,
Тим эле жүрсө болбойбу,
Жолумду хандар торгойбу.
Ойногонду, күлгөндү,
Өз эркине койбойбу.
Катылганга катылдым,
Ажалы жетти кор болду.
Аккочкордон алгамын,
Келе бери, жоргомду.
Билсең, Шыгай, мына эми,
Сүйлөп сөзгө каныштык,
Сыйың менен тилим ал,
Бул айтканым калыстык.
Жеткирип бербей Эркесин,
Өлтүрүп койсоң аны да,
Өмүр жолдош деп алган,
Ак никелүү жары да.
Оорусунан айыкпай,
Орто жолдо жатканда,
Өзүнө бербей, өлтүрүп
Койгонуңа мактанба.
Мурда дагы, эми да,
Жорго дейсиң бергин деп,
Аттан мурдуң бүткөнсүп,
Айдапсың малды көргүн деп.
Малың менен жерге кир,
Зарың менен көргө кир,
Сен айтасың жоргону,
Салык атка бербеди,
Ошон үчүн душманмын,
Тоюма бир да келбеди.
Деп айтканың жүйөбү,
Жүйөңө киши күйөбү.
Келе бери жоргомду,
Мага тартуу дегениң,
Тантыктын абдан тантыгы.
Кеп көбөйтөм деп жүрүп,
Кетирбегин баркыңы,
Мага берчү малыңды,
Алтын-күмүш, зарыңды.
Жоргого кошуп башта эле
Эркесин берсең болмокчу.
Ошондо ичтен кектеген
Адабиятты жоймокчу.
Ыраазы болуп Шырдакбек,
Акыреттик дос болмок.
Оору көөнү ачылып,
Эли дагы тынч болмок.
Менде экенде жоргого
Суроочулар көп келген.
Бир сапары олжону
Мага бергин деп келген.
Берип ийсем кокустан,
Эл бузулмак анүчүн,
Тышы түк да, ичи бок,
Минчүү жалгыз мал үчүн,
Тойго жорго салам деп,
Толгон олжо алам деп.
Саяпкер таптап турганда,
Жер сагынган чагы экен,
Качып кетти мындан да,
Качпаса да бермекмин,
Эл тынчыган жыргалда.
Эркеси минтип ал жерден,
Элге бүлүк салганда.
Эми кантип муну айттың,
Бет калабы алганда.
Келе бери жоргону,
Шыгай албай олжону.
Карындашың нас кылып,
Сага кылса жакшылык,
Өлтүрүп койсоң аны сен,
Адамчылык ошобу,
Жугузба элге жошону.
Деди да алды жоргосун,
Жаңыл мырза жолборсуң.
Бат эле кайра таркады,
Эл айтканын жактады.
Кыздан чыккан шер дешип,
Сыймыгы тайбай баштагы.
Туш-туштан келген суроочу
Суктанса жанды коёбу.
Калмак-кыргыз төрөсү,
Тоорулса канча ноёну.
Эрегишсе анүчүн,
Элим эркин болобу.
Бул жоргону байкадык,
Суроочу мизин кайтарып,
Бербей койсом акыры,
Журт бузулса чайкалып.
Үркөрдөй болгон нойгутум,
Таланып кетер таркалып.
Анда айлам не болмок,
Калам го өзүм тамтайып.
А көрөкчө берейин,
Шырдакбектин өзүнө.
Эркесинен айрылып,
Мүңкүрөп турган кезинде.
Менин кандай акым бар,
Бирөөнүн ысык малында.
Кара долу турбайбы,
Кур эмес азыр мамым да.
Деди да Жаңыл ойлонду,
Ал жерде калың той болду.
Тою менен курусун,
Өмүрү тамам өткүчө,
Жаңылдын ичи арман дейт,
Арман эмей эмине,
Эси жоктор душман дейт.
Сөзгө келип бири албай,
Ичи толгон душман дейт...

*   *   *

Мына Жаңыл жомогун,
Билгенимче ырдадым.
Окугандар дурустап,
Өйдө-ылдыйын ылгагын.
Таппай калып кокустан
Сөзүн ката кылбагын.
Ошо бойдон эр Жаңыл
Эрге тийбей өтүптүр,
Найза кармап, эл коргоп,
Дүнүйөдөн кетиптир.

Айрым түшүнүксүз сөздөр

Ай туяк — түлөөгө арналган бээ.
Акгед — көңүлдөш.
Арып — амал.
Бедене быштан — булгаары басмайыл, бастыргыч.
Булгун — териси баалуу жаныбар.
Бута — 1. кырчын, бадал, 2. баалуу кездеме, же ошондон тигилген кийим.
Бууржун — жаш эркек төө.
Дүрүйө — эки бети бирдей жибек кездеме.
Көк — булгары.
Көктал — желдик.
Месел — макал-лакап, үлгү.  
Тоорул — айыл тооруп жүргөн (ууру) киши.
Үпүкө — өтүк.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Мөөсүл — олжо, соогат.

[2] Кусамат — кек, кастык, ичтеги кек.

[3] Каркап — ашып-ташып.

[4] Мекер — жүк, оорчулук.

[5] Келеңгер — кездеменин бир түрү.

[6] Өөк сырттан — ашкан, чыныгы.

[7] Чарайна — баатырлардын сооту, темир кийими.

[8] Чопкут — 1. жоокердин найза өтүк кийими, 2. арасына кыл же жүн, кебез салынган чапан.

[9] Өгөй татоо — өөндүү, таарынычтуу.

[10] Ыштан салды — будамайлоо.

[11] Булгун — териси баалуу жаныбар.

[12] Бута — 1. кырчын, бадал, 2. баалуу кездеме, же ошондон тигилген кийим.

[13] Камка — жибек кездеменин бир түрү.

[14] Торко — жибек кездеменин бир түрү.

[15] Дүрүйө — эки бети бирдей жибек кездеме.

[16] Көктал — желдик.

[17] Үпүкө — өтүк.

[18] Көк жеке — өтүктүн түрү.

[19] Накер — бут кийимдин бир түрү.

[20] Тил — кабар.

[21] Обара — эки-экиден.

[22] Өбүлгө — сүйүп сураган нерсе.

[24] Масейил — коо, кашат, жото.

[26] Саадак — жоо жарагы, аткыч курал.

[27] Шамыян — моюнтурукту бекиткич жумуру таякча.

[28] Таш сайынуу — төрөлүк белги.

[29] Кайгуулчу — айыл кайтарган атчан адам.

[30] Оромол — үпчүн-ат жабуу.

[31] Арып — амал.

[32] Кайнатма — арак.

[33] Кашмир — молдолордун амалдуу дубалары.

[34] Бууржун — жаш эркек төө.

[35] Калба — 1. жеңиш, үстөм болуу; 2. жаңжал, чатак.

[36] Тоорул  — айыл тооруп жүргөн (ууру) киши.

[37] Акгед — көңүлдөш.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз