О`Шакир: Аарынын заары, аюунун каары

  • 18.10.2025
  • 1467

(Аллегориялык аңгеме)

Аюу – токойдун кожоюну болом дечү. Бүт токойго өзүм гана ээлик кылам деген ачкөздүк менен башка жаныбарлардын үңкүрүнө мурдун тыгып, шимшилеп, кылбаганды кылчу. Кол алдындагы башка жаныбарларга анын мындай өктөмдүгү жийиркеничтүү болчу. Бирок алар аюудан катуу корккондуктан, эч бири үндөбөй жашачу.

Аюу деген аюу да: тырмактары барсайып, тиштери арсайып, көлөмү басып жыгылчудай олбурлуу. А жан-жаныбарлардын баарында эле өзүн коргонор аюунукундай тырмак, тиш, жоон билек кайдан болсун. Төшү калкандай көлөмү менен башкаларга үстөмдүгү күч аюу кайсы жаныбардын уясын басып алам десе, басып алчу. Күч деген күч да: алсызды баса калганды адат кылып алат эмеспи.

Айрыкча кай жерден бал челек көрүнсө, жалмаңдаган аюу дароо ошол жерге жетип барчу. Баарын өзүмдүкү дечү. Балдын кандай мээнет менен жыйналганы менен анын иши жок болчу. Аарылардын эртеден кечке тынымсыз мээнетин аябаган ач көз аюу бет келген бал челектерди каалагандай жалмачу. Жөн да жалмап тынабы – жок, баарын бүлүнтүп, талкалап, кыйратып, чачып, жапайы көндүм адатына салчу. Чолок оюнда: агер мен болбосом – аарылардын кайдан өз мекени болмок дечү.

Анын зыянкечтигинен кайсы гана жаныбарлар көргүлүк көрбөдү дейсиң, көкөйлөрүнө көк таштай тийди аюунун үстөмдүгү!

Айрыкча токойдогу аарылар андан кө-өп кордук көрүштү. Өздөрү майда болгону менен аюудан алда канча мээнеткеч болгон үчүн жашоолору өтө тың эле. Бирин бири коргоп, ар бир гүл искеп, өсүмдүктөрдүн баарын кыдырып, токойго жан берип турушчу. Алар токойду басып эмес, багып жашачу.

Бир күнү аюулар аарынын уюгун бузуп, балын талап жейбиз деп кирип барышты. Аарылар аюунун зор көлөмүнө, зор күчүнө карабастан, баскынчылык көрсөтөр болгон аюуларга каршы бекем биримдикте чабуулга өтүштү. Өз эркиндигибизди, аймагыбызды, жеке мүлкүбүздү баскынчылардан коргойбуз дешип, аюуга катуу айбат көрсөтүштү.

Аюу ойлоду: “Мен чоңмун! Зор күчкө ээмин! Үч күндө басып алам!”

А аарылар шыбырады: “Сен чоңсуң, бирок мээң жок. Биз майдабыз, бирок акыл менен мээнетти тандоо — биздин күч.”

Аюу ар чабуулунда бал эмей эле заар жутту. Ар бир уюкка тиш салган сайын — аарылар катуу сокку кайтарды. Аюу өз терисин өзү тытты. Токой ичинен жардам сурап бакырды. Эч ким келбеди. Себеби баары анын мурунку зөөкүрлүгүн эстеди.

Аарылардын артында — достор көп эле. Аюунун артында — жалган сүйлөгөн токой чымындары гана калып, акыры аюу жалгыз алсырай баштады. Чочколордон жардам болгон жок. Жанында иттер да, бөрүлөр да калбады. Анысы ал, коёндор житип жок болду. Токойдон береке да качты, кут да качты.

Ташта гана жазуу калды: XXI кылымдын эң чоң кайгысы — акылсыз күч менен мээнетчил акылдын согушу эле...

2022–2025-жж.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз