1. Тынчтык — бул сыртта эмес, жүрөктө табылчу нерсе. Көп адам тынчтыкты сыртта издейт — жаратылышта, чөйрөдө, башкалардын мамилесинде. А чыныгы тынчтык өз жүрөгүң тынч абалда жаралат. Тынчтыкты издеп жүргөндө, жооптор өзүңдө катылуу.
2. Өзүңдү изилдөө — эң кыйын, бирок эң баалуу саякат. Көпчүлүгү медитацияны жөн гана дем алуу же эс алуу катары көрөт. Чыныгы медитация — бул өз ойлоруңду, эмоцияңды, чыныгы аң-сезимиңди көрүү мүмкүнчүлүгү. Бул — өзүңдү жоготуп, кайра табуу жолу.
3. Көөнө түшүнүктөрдү ташта. Көп учурда биз жашоону алдын ала түзүлгөн чектен карайбыз: “бул туура”, “бул туура эмес”, “бул керек”, “бул болбойт”. Бирок бул түшүнүктөр көбүнчө маанилүү нерселердин билинбей калуусуна себеп. Чыныгы аңдоо — бул жаңыча көңүл менен карап үйрөнүү.
4. Кимдир бирөө бизди сүйсө же сүйбөсө, бул бизден көз каранды эмес. Өз сүйүүңдү башкалардын реакциясына байлаба, ушул гана өзүңдү сүйүүнүн биринчи кадамы. Сүйүү — бул күтүү эмес, берүү. Бергенде гана бакытың ашып-ташат.
5. Сендеги тынчтык — дүйнөдөгү тынчтыкка байланыштуу. Дүйнө тынчтыкта болгонун кааласаң, ал биринчи өзүңдө болушу керек. Бир адамдын тынч абалы чөйрөдө күчтүү толкун жаратат.
6. Медитация — жашоонун өзү. Айрымдар үчүн медитация — мандаш токунуп отуруу (лотос), белгилүү ритуалдар. А чыныгы медитация — ар бир демди, ар бир кадамды аңдап жасоо, бул учурда болуу дегенди билдирет. Тынч ой — бул жерде жана азыр болуу.
7. Таза жүрөк — бул жашоонун эң баалуу мектеби. Жашоодо көп нерсени үйрөнүш үчүн өтө оор жүктөрдү көтөрүү керек деп ойлойбуз. Чынында, чынчыл жүрөк, күнөөлөнбөгөн ойлор — бул адамды бакытка жетелеген эң жөнөкөй, эң күчтүү жол.
Бул ойлор Сон Чол Сынимдин практикалык тажрыйбасына жана сон-буддизмдин[1] негизги түшүнүктөрүнө ылайык негизделген. Анын негизги үгүтү — эч нерсени чыпкалоосуз кабыл алып, өз аң-сезимиңди тазалоо жана реалдуулукту карапайымдык менен көрүү. (studmed.ru)
Сон Чол Сынимдин асыл ойлору
Өзүңдү жеңмейинче, дүйнө менен күрөшүү — куру убара. Тынч отура албаган адам чындыкты уга албайт.
* * *
Көп сүйлөгөн акыл эмес, терең үндөбөгөн акыл чыныгы акыл. Адамдын эң чоң душманы — анын тынчы жок ой жүгүртүүсү.
* * *
Чыныгы эркиндик — каалоолордон бошонуу. Эгер дайыма актанууга муктаж болсоң, демек, ички дүйнөң дүрбөлөңдө.
* * *
Чындыкты кыйкырып айтпайт. Ал тынч абалда деле сезилет.
* * *
Өлүмдү ойлобогон адам жашоо баркын да билбейт.
* * *
Өзүңдү өзгөртмөйүнчө, коомду өзгөртүү — куру далбаса.
* * *
Жарык болуунун шарты — башканы өчүрүү эмес, өзүң күйүү.
Которгон Бек Тамырлан
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
[1] Сон (선, Seon) — корей буддизминин негизги агымы. Маани жагынан: Кытайдагы Чань (禪) буддизмине, Жапондордун Дзэн (Zen) буддизмине толук туура келет.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR