Ажар Кайрат: Момундуктун башаты

  • 05.02.2026
  • 302

АҢГЕМЕ

Баланын кулагы алгач энесинин бешик ырын тыңдачу. Кийин бардык айткан-деген үнүн үйрөндү.

Эс тарткандан:

— Муну кылба, уят, – деп апасынын тилдегени дилине бекем орноду.

Кийин-кийин апасы көп эскертчү болду ага:

— Антип айтпа, эл укса эмне дейт?

Энеси аны коркутуп айткан жок. Үнү жумшак болчу. Ошол жумшактык баланын ичиндеги сөздөрдү акырын жутуп алчу. Бала качан унчукпоо керектигин энесинин көз карашынан эле туйчу:

Атасы да көп какшачу болду:

— Эркек бала аз сүйлөгөнү жакшы.

Кийин-кийин көп эскертчү:

— Улуулардан сөз талашпай үйрөн.

Экөө тең жаман ата-эне эмес эле. Экөө тең өздөрүнчө туура тарбия деп ойлошчу муну. Анткени алар да бала күндөн эле дал ушинтип тарбия көрүшкөн.

Бала мектеп босогосун аттаганда да үйдөгү үндөр мектепке көчтү. Класстан класска көчкөн сайын мугалимдер какшачу:

— Көп сүйлөгөн бала – тартипсиз. Суроо берген бала – адепсиз. Туура жооп — китептеги жооп.

Бала кол көтөрүп, башкача ойлонгонун айткысы келчү. Бирок арткы партадагылардын шыбырашканын угуп, колун кайра түшүрчү. Ошентип жүрүп ал да өз оюн жашырганды үйрөндү.

Мектепте аны эч ким деле уруп-соккон жок. Тилдеген жок. Баары бирдей тынч отуруп, баары бирдей ой жүгүртчү. Бирдей жооп беришчү. Башкалардан айырмаланган бала коркунучтуу көрүнчү.

Энеси күндөлүгүн карап сүйүнөр эле:

— Жакшы, мугалимден тил укпапсың.

Атасы кубаттачу:

— Башың иштеген баласың.

Ошол мактоолор баланын ичиндеги уйгу-туйгу суроолорун да түпкүргө басып салар эле...

Жылдар өттү.

Ал жогорку класста да, жогорку окуу жайда да, жумушта да жакшы адам болду. Эч кимден тил укпай, эч кимге каршы чыкпаганы үчүн сыйлашчу. Башкалардын гана оюн тыңдап, а өз оюн ооздон чыгарчу эмес.

Бир күнү ал өз баласына карап чочуду. “Мен да тарбиядан чыкпай, ушинтип өскөмүн? — деди ичинен.

А өзүнүн ата-энеси картайды. Мектептеги мугалимдер пенсияга кетти. Бирок алардын үнү анын ичинде жашап калды. Ал үндөр качан болсо коштоп турат аны: “Унчукпа”, “Тирикарак болбо”, “Элден өзгөчөлөнбө”...

Бул үндөр кимге таандык – айырмалай албады эч. Өз үнүбү, ата-энесининби же коомдунбу.

Бир күнү ал өзү жөнүндө түш көрдү: ал колу байланбаган, бирок ордунан жылбас адам экен. Айланасында эшиктердин эч биринин бутунда кишен жок, ээн-эркин жүрүшөт. А өзүнүн колу-буту кишенделүү экен. Кишенден эч бошоно албады. Анткени ага төрт аяктап басууну эч ким үйрөткөн эмес.

Ойгонгондо, көзүнөн жаш көнөктөп акты. Ошентсе да үндөбөстөн жумушуна жөнөдү.

Сылык-сыпаа, туура жашагансыды. Ал кул эмес эле. Бирок эркин да эмес болчу.

Ал болгону далай муундун тарбиясынан жаралган момун адам эле.

Берлин-Бишкек

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз