Акын Сооданбек Абылгазиев мага эми ачылды!

  • 06.02.2026
  • 265

Жашпыз. Текебербиз анда. Элетте жашайт деген таланттарга мурун чүйрүп, “... таланттуу киши борборго келет да, айылда бышырып коюппу” дейсиң ичиңден. Атам-апам “ушул балабыздын чымыны бар” десе, ошол чымынымды айылда кор кылат бекем деп шаарга баса бергемин. А баралына келип турган Сооданбек Абылгазиев аттуу элеттик акын менен адабияттагы алгачкы устатым Кыялбек Урманбетов тааныштырганда ойлодум: “орто заар көп акындын биридир да” деп...

“Кербез” деген музыкалык басылмада иштечүбүз. Баш редактору – Турдубек Чокиев (өзү композитор), шеф-редакторубуз – Кыялбек Урманбетов. Атка жеңил, тайга чак кабарчысы мен. Кайда болсо мени чуркатышат. Аракка, закүскөгө. Ызырынам. Ичимден сөгөм – кекиртек черткен акындар, чыгармачыл адамдар редакциябызга шыкалып отуруп алышканда. Иштетишпейт... бакылдап сүйлөп. Ичишет. Ичимдикти өзүм оозго албайм. Ичкендерди кыртышым сүйбөйт. Аралашып отургум келбейт. Бирок адабияттын азгырыгы эмнени кылдырбайт, ыр окугандардын оозун тиктеп отурасың.

– Мен деле өз ырларымдан окуп берейинчи, – дегенге оозум барбайт.

Болгону – угуучумун. Адабиятта сары ооз балапанмын. Шише бөксөргөн сайын бак-бак сүйлөп кызып калган акындар Кыялбек Урманбетов, Сооданбек Абылгазиев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Кемел Белеков мени дүкөнгө кайра чуркатышат.

– Ушулардан эмне үйрөнөм?.. – дейм дүкөнгө кайра баратканымда ичим тап болуп. – Арак ичкендиби? Урдум ошентип акын болгонду! – дейм да, закүскөсү менен арагын апкелип, үстөлгө “тарс” эттире коюп, чыртыйып кетип калчумун.

Убактым бекер өлгөнүнө кейичүмүн өзүнчө. Өзүмдү тилдечүмүн: “Эмне отурдуң анан? Ооз ачпасаң. Ыр окубасаң. Малай болуп, тызылдап чуркайсың тим эле” – деп өзүмдү жебериме жеткире тилдеп, баятан эмнеге отурганыма жаным кашайчу.

Акыры кетип калган себебим, Сооданбек Абылгазиевдин ырларын качан угам деп отурсам, а тигилер – борбордо жашаган акындардан сөз кезеги тийчү эмес элеттик акынга. Сооданбек байке табиятынан көп сүйлөбөгөн, досторун угуп отура берген адаты бар экен кийин түшүнсөм. Кийин түшүнсөм: ичпей соо жүргөнүндө деле бу кишинин ачылып сүйлөгөнүн көрбөдүм. Ты-ынч эле жүрө берет. Мен бармын деп же бир гезит-журналдарга ырлары жарыяланып, же шапалактай жыйнагын көрбөсөм, адеп достору тааныштыргандагы “укмуш акын” делген элеттик талант бүйрүңдү козгойт да анан. Адабий жаңылыгы бардыр дейсиң.

Сөздүн кыскасы, С.Абылгазиевдин ырлары кечээ гана колума тийди араң. Өзү жөнөттү. Тегин жерден мактачу эмес экен достору. Поэзия деген ичиңди тызылдатар маанайда жазылса, окулат да эй. Окуп, көңүлүм курсант болду. Сооданбек байкенин ырларын окушса, “РухЭштин” окурмандарынын убактысы текке кетпей турганына кубандым...

Олжобай Шакир

КӨК ДЕПТЕР
Жыйнап жатып китептерди чачылган,
Бир дептерди таап алдым катылган...
... анан минтип көк дептерден жолуктук,
“Соодан+Дамира” – деп жазылган.

Оо, ал дептер учуп кеткен ак кептер,
Оо, ал дептер касиеттүү бир дептер.
“Ким эле” – деп жазган ырды окушар,
Сени таанып билгендер да билбестер.

Кечир мени! Сени унутуп калыпмын,
Колум сунсам, колуң бербес алыссың.
Көр-тирликти тирүүлөргө байлаптыр,
А мен болсом өлбөчүдөй алыштым.

Жылдар өтөт. Эсте турбайт баары эле,
Ачык мүнөз жаркылдаган жан эле.
Сураштырсам эчак өтүп кетиптир,
Турмуш жолун аттаганда жаңы эле.

Сүйүү деле өңү өчүп жошулат,
Өмүр өтсө кийинкилер кошулат.
Ким жазса да аппак экен тилеги,
Атыбызды жазып кеткен кошуулап.

Жаркылдаган жамалыңды эстедим,
Кыска өмүр. Кыска ырда эскерүүм.
Енисейден таап келген байыркы,
Жазуулардай менде калган дептериң.

"Соодан+Дамира" – деп жазылган.

КАРАГЕР АТ
(“Аргымактар” ырлар түрмөгүнөн)

Шыбыргакта кыялаган жолдомун,
Чыйрытма жел.
Тизгинде үшүп колдорум.
Ийри-Сууда тайып түшүп күбүргө,
Өлүп кайра тирилгендей болгомун.

Жан талашып, жал тутамдап түйүлгөм,
Өлбөптүрмүн. Өлдүм го деп түңүлгөм.
“Сүлк-сүлк” этип тиктеп турдуң көзүмдү,
Сүйрөп чыгып өлүп калчу күбүрдөн.

Тердеп-тепчип, тери жыты ашаткы,
Бирөө бербейт сенден өткөн жакшы атты.
Мен чарчасам, мени менен эс алып,
Карагер ат бирге тарттың азапты.

Алып учкан алыс менен жакынды,
Оттуу көздөр теше тиктеп акырды.
Мен ойгонсом, мени менен ойгонуп,
Окуранып сүттөй таңды атырды.

Жол жоргону күйүктүргөн басыгы,
Жылдыз көздүү жылкылардын асылы.
Бийик эле эки буттуу түркөйдөн,
Сезимталдуу, түшүнүгү, акылы.

Карагер ат көзүң толо арман-чок,
Желдей учуп барбаган жер калган жок.
“Бири пенде, бири айбан экен” – деп,
Бөлүп-жарып кудай бизди чанган жок.

Он бир асый өткүчөктү минилди,
Туягынан далай даңкан күбүлдү.
Тирүүлүктө унуталбайт окшоймун,
Аба жарып асанаган үнүңдү.

АТА-БАЛА
Атакемди этектеп,
Райборборго барчумун.
Корооз момпо, семичке,
Чөнтөк толо салчумун.

Кошаң саткан аялды,
“Кара катын” – дечүмүн.
Кошаң берсе жалмаңдап,
Калтырбастан жечүмүн.

Шынарлашып, шыйпаңдап,
Коштошо албай турчу эле.
Шыбырашып араакта,
Шыңкылдашып күлчү эле.

Сынай карап жылмайып,
Сылап койчу көкүлдөн.
“Сонун бала тура” – деп,
Сүйүп койчу бетимден.

Анысы да эп экен,
Мунусу да эп экен.

Үй-бүлөлүк очокко,
Төрөбөстүк жетиптир.
Айласы жок амалсыз,
Ажырашып кетиптир.

“Ким эле” – деп сурасам,
Мулжулуңдап күлбөйбү.
“Энең эле жакшы” – деп,
Кийин айтып жүрбөйбү.

Анда кайдан билейин,
Кийин билип жүрөмүн.
Эчак өлгөн атамдын,
Аяп турам жүрөгүн.

ЖОЛОН АКЫНГА
Күнүмдүк күчү, күйүксө жаны үзүлчү,
Душманга бердим баатырмын деген Жолойду.
Ак-Кула ыры кылымдык жолдо арыбас,
Армандуу күн-ай ким кайрыйт акын Жолонду.

Митаамдык менен баатырлык кылган Коңурбай,
Башымды бердим найзаңа сайып иле кет.
Жолондой акын тууй турган болсо катындар,
Талгагың басар жүрөктү менден тиле кет.

Кабылан Манас Каңгайга салбайт Чоң Казат,
Алты шаар эмес Бээжинди чаппайт кылычы.
Бээжиниң тургай алты журт дубан элди ойлоп,
Азгындап жаны акындын кейип турушу.

Сарала минип Алмамбет чыкпас Кечилден,
Мүнүшкөр кайда бөдөнө таптап куш кылган.
Алдыда жаткан өмүрүн арнап түбөлүк,
Ыйыктап ырга замзамдын суусун жуткурган.

Бир айыл элди багам деп курган Кожожаш,
Милтесин октоп Сур Эчки суутпай куугандай.
Арадан Жолон кетиши тирүү акындар,
Семетей боздоп, Каныкей шорлоп тургандай.

Эсил жан кайра бурулуп келбес артына,
Эселки ырын окуйбуз, неге жоктойбуз.
Айтылбай мактоо, жүрөккө жетпей жылуу сөз,
Өзүбүз гана өлтүрүп алган окшойбуз.

КҮН ЖАНА СҮРӨТЧҮ
Белгилүү сүрөтчү Рысбек Исаковдун жаркын элесине. 

Бир сүрөтчү жашаган,
Шаардан четки айылда.
“Күн сүрөтүн тартам” – деп,
Таңда кетчү дайыма.

Тартып бүтүп тоолорду,
Күндүн нурун боёду.
Карай берчү суктанып,
Мындай сүрөт болорбу.

Кабат-кабат күн өттү,
Салаа толо жыл өттү.
Көрүп калдым музейден
Ошол тарткан сүрөттү.

Тиктеп туруп далайга,
Өткөн күндү эстедим.
Баары көзгө тартылып,
Байыр алып кетпедим.

Сүрөт тартып, ыр жазып,
Узун кептен сырдашып.
Жүргөн күндүн изи жок,
Кеткен эчак кырды ашып.

Авто кырсык айынан,
Ал сүрөтчү көз жумат.
Тилегиндей тирүүлөй,
Батпай чыккан күн турат.

САНЖЫРА
Кыргызстандын кай учуна барбайын,
«Урууң ким да, тегиң ким» – деп сурашат.
«Моңолдормун» – жети атамды санасам,
«Мунуң ырас, жакшы экен» – деп жубатат.

Кыргызстандын кай учуна барбайын,
«Түпкү тегиң моңгол болгон» – дегендер.
Эмне пайда, талашпастан жөн болом,
Андай эмес, мындай болот дегенден.

Кыргызстандын кай учуна барбайын
«Жээнсиңер» – дейт, Адигине,Тагайга.
Аның ырас, кубанамын ичимен,
Тегиң моңгол дегендерге жок айла.

Күңкүл айтып күйүкпөймүн ачык кеп,
Жээн эл болот таякеси жарашса.
Ачкан оозу арт жагына бүтөбү,
Моңголдорду моңолдордон таратса.

Көкө атабыз, Көкө баатыр тайманбай,
Жоо сүрүшүп, кылыч шилтеп оң-солго.
Адигине, Тагай туусун көтөрүп,
Аттуу-баштуу айкөл адам болгон го.

Кубанамын санжырада баяным,
«Наалы эженин балдары» – деп жүрүшөт,
Санжырасын тамыр жайган байыркы,
Еврейлер энелерден сүрүшөт.

Жоо-душманды тосоорго чебиң болом,
Чертериңде комуздун тээги болом.
Кылычташып кыргында аман калган,
Кырк уруулуу кыргыздын жээни болом.

Адигине тукуму Түштүгүмдө,
Тагай бийдин балдары Түндүгүмдө.
Таякелер балдары аман турса,
Тулпар минип өтөрмүн күндүгүмө.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз