«Китеп окуган адам өлгөндөр менен эмес, өлбөс адамдар менен сүйлөшөт».
Умберто Эко
«Китеп — бул жан дүйнөбүздөгү тоңгон деңизди жара турган айбалта болууга тийиш».
Франц Кафка
«Мен бейишти элестетсем, ал сөзсүз китепканага окшош».
Хорхе Луис Борхес
«Китептерди өрттөш керек эмес, адамдарды окубай койгонго үйрөтсөң эле жетиштүү».
Рэй Брэдбери
«Жакшы китеп окубаган адамдын окуй албаган адамдан артыкчылыгы жок».
Марк Твен
«Адабият ар дайым жашоону туурай бербейт, бирок аны ачып көрсөтөт».
Оскар Уайльд
«Эркин адам — бул окуй алган жана ойлонууга жөндөмү бар адам».
Альбер Камю
«Жазуу — бул чындыкты табуунун эң чынчыл жолу».
Эрнест Хемингуэй
«Ким мектеп ачса, ал адам түрмөлөрдүн каалгасын жабат».
Виктор Гюго
«Искусство — адамдарды бириктирген күч».
Лев Толстой
«Эгер эркиндик дегенибиз бар болсо, ал демек, адамдар уккусу келбеген ойду айтууга укуктуу».
Жорж Оруэлл
«Жакшы китеп окусаң да, жаман китеп окусаң да – ал сага тирүү жандай сүйлөйт».
Жонатан СВИФТ
«Көпчүлүк адам таптакыр китеп окубайт, бирок окумал кишидей кеңеш берет».
Курт ТУХОЛЬСКИЙ
«Массалык адабиятка да, сойкуларга да мамилебиз бирдей – экөөнү тең жеберине жеткире сөгөбүз, бирок пайдаланабыз».
Кароль ИЖИКОВСКИЙ
«Жашоодо баштан өткөн нерселер эмес, аларды кантип эстеп калганыбыз маанилүү».
Габриэль Гарсиа Маркес
«Сөздүн өзү — адам болууга аракет».
Жан-Поль Сартр
«Гомер менен Гесиоддун заманында китеп аттуу өтө аз болгондой, азыркы доор жакшы китепке муктаж».
ВОЛЬТЕР
Кыргызчалаган Бек Тамырлан
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR