Балдардын китепке болгон сүйүүсүн өрчүтүү үчүн 10 кеңеш
Учурда балдардын китепке кызыгуусу аз экени ар бир бурчта сөз болуп келет. Буга гаджеттерди көп күнөөлөшөт, бирок алар пайда болгонго чейин эле адамдар эки топко бөлүнүп келген – ОКУГАНДАР жана ОКУБАГАНДАР. Бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүнбү? Баланын китепке болгон кызыгуусун кантип өнүктүрүү керектигин Орсияда биринчи жолу "китеп гид.огд" кесипкөй устаттар уюмунун негиздөөчүсү Марта Райцес билим берүү боюнча эксперттер клубунун лекциясында айтып берген.
Ата-энелер баланын китеп окууга болгон кызыгуусун ойготууга умтулушу табигый жана түшүнүктүү иш. Тилекке каршы, китеп окуган үй-бүлөдө деле балдар дайыма китепти жактыра бербейт. Бирок бул эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эмес дегенди билдирбейт.
1. Бала төрөлгөндөн баштап оку
Ооба, кичинекей бала азырынча сөздөрдү түшүнө элек, бирок апасы окуган ырлар ымыркайга анын жакындыгын билдирет. Энесинин үнү, интонациясы тынчтандырат. 10 айдан бир жарым жашка чейин баланын сөз байлыгы калыптана баштаган учур. Анткени, ал бардык сезүү органдары менен дүйнөнү таанып баштайт. Бирок активдүү көңүл буруу фазасын төрт мүнөттөн ашырбаңыз.
Эки жашынан баштап бала кээ бир сөздөрдү, сөз айкаштарын баяндоо катары кабыл алат. Ал эми үч жашында бала угуучу гана эмес, аны менен активдүү маектеш. Бул учурда анын окууга болгон кумары артат (мен бул тууралуу ылдыйда айтам). 20 мүнөттөн ашык окубаңыз. Бул, бала ошол куракта көтөрө алчу гана максимум.
2. Окууну оюнга айлантыңыз
Баланы кичинекей кезинде китепке көндүрүүдө, эгер балдар бул процессти оюн катары кабыл алса, окуй баштаарын эсиңизден чыгарбаңыз. "Оку, окусаң сен эң акылдуу бала болосуң", "чоңойгондо эң жакшы жомок жазасың" – деген аргументтер иштебейт. Оюн эрежелерин, шарттарын ойлоп табыңыз. Балдар муну абдан жакшы көрөт.
3. Кайталоодон коркпоңуз
Эгер бала уктаар алдында бир нече жылдан бери бир эле китепти окуп берүүнү суранса, ачууланбаңыз, таң калбаңыз. Болгону, бул ага психологиялык ыңгай жаратат. Эстеп көрсөңүз, сизде да ушундай китеп болгон. Эгер аны азыр окусаңыз, анда сиз бала кезиңизде сезген ыңгайлуу абалга кайтасыз. Балким балаңызга ошол китепти тааныштыргыңыз келиши мүмкүн, бирок ал сиз үчүн кандай болсо, ал үчүн да ошондой деген кепилдик жок. Мунун баары өтө индивидуалдуу. Адатта, минтип бир эле китепти кайталап окутуулар бала сегизге чыкканда аяктайт.
4. Ыр жаттатыңыз
Төрөлгөндөн сегиз жашка чейин – эң сонун мезгил! Бул сиздин убактыңызды дээрлик албайт, анткени бул куракта балдар тез илип, тез жаттайт. Андан чоңураак класстагы балдар үчүн, эгер бул жөндөмдү мурда өнүктүрбөгөн болсоңуз, ыр жаттоо бир аз күч-аракетти талап кылат.
5. Окуй турган китепти бала өзү тандасын
Балаңыз өзү кызыккан китептерди тандап алсын. Ар бир китеп пайдалуу. Проза сүйлөө жөндөмүн өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт, ал эми поэзия ритм сезимин өрчүтөт. Жыртылганча окулган китеп психологиялык комфорт жаратат, ал эми бейтааныш китеп жаңы билим берет. Жомоктогу сюжет фантазияны байытат, ал эми реалисттик сюжет турмуштук тажрыйбаны байытат. Кыска аңгеме кыска баяндоону үйрөтөт, ал эми узун аңгеме эс тутумду машыктырат.
Эмне үчүн балдар мектепте сунушталган китептерди эч окушпайт
Ар бир бала түрдүүлүктү жактырат. Кээси окуясы тез башталып, тез бүткөн кыска аңгемелерди жактырат. Башкалары кыска аңгеменин каарманы менен таанышуунун эч кандай маанисин көрбөйт, анткени алар жаңыдан тааныша баштаганда эле окуя бүтүп калышына даяр эмес. Алар китептин каарманы менен олуттуу убакыт бирге болууну каалашат.
6. Туура аргументтерди тандагыла
Бул аргументтер жарабайт:
- Бул китепти мектептен оку деп тапшырма беришти.
- Бул китепти көптөн бери окуй элекпиз.
- Бул китепти сөзсүз окушуң керек.
- Бул китепти дүкөндүн сатуучусу сунуштады.
- Бул китеп баарына жагат.
Олуттуу сунуш:
- Бул китепти өзүм жакшы көрөм, сага да сунуштайм, балким окуп көрөрсүң.
- Бул баягы сага жаккан автордун китеби.
- Бул сен жакшы көргөн темада жазылыптыр.
- Бул китеп кудайдын буйругу менен колубузга тийди.
- Бул сен жакшы көргөн актрисанын жазган китеби экен
7. Китеп сатып алууну майрамга айланткыла
Бул окуяга жок дегенде бир жарым саат убакыт бөлгүлө. Ал каалаган китептерин тандасын. Китеп менен таанышууну майрамга айлантса болот. Мисалы: сатып алган китепти кафеде балмуздак жеп олтуруп барактап же ваннадагы жылуу сууга көбүргөн жаткызып, ал китептин алгачкы барактарын окуп берсеңер кандай жагымдуу. Китеп окуу ритуалын жаратуу өтө пайдалуу.
8. Китептин форматына көңүл бургула
Тилекке каршы, “Питер Пэн” сыяктуу жагымдуу китепти окуу деле китептин форматын туура эмес тандап алса, балдардын түнкү уйкусу бузулушуна себеп. “LifeProof”то өткөрүлгөн сурамжылоого ишенсек, китепти планшет, смартфон, ноутбуктан окуган балдар начар укташат, анткени бул гаджеттер мелатонин аттуу түнкү гормондун бөлүнүп чыгышын басаңдатат. 2013-жылда өткөрүлгөн изилдөөлөргө таянсак, бир гана E-ink. деген экраны бар гаджеттин терс таасири жок экен.
9. Баланын айлана-чөйрөсүнө көңүл бургула
Эгер баланын эч болбосо китеп окуган бир досу болсо, анын китепке болгон кызыгуусунун пайда болушуна чоң өбөлгө жаралат. 9-11 жаштагы балдарда ата-энелеринен каткан купуя сырлар жарала баштайт. Адатта, бир нерсени коллекция кылууга кызыкчылыктар пайда болот. Балаңызга досу экөөлөп жакшы көргөн китептерин жыйноого сунуш кылгыла (мисалы, бир жанрдагы же бир автордун китебин).
10. Өзүңүз окуңуз!
Турмуштун тамашасын караңыз, өздөрү китеп окубаган ата-энелер китепти сүйүп окуган балдардын ата-энелери болгулары бар. Андай ата-энелердин балдары мындай кайгылуу тыянакка келишет: “Ата-энем китеп окубай эле ийгиликке жетип жатса, мага китеп окуп баш оорутуунун не кереги бар? Үйдө чогулткан китептерибиз деле жок, бирок баардыгы биздин үйгө суктанат. Ата-энемдин китеп окуганга убактысы да жок, анткен алар тынымсыз иштешет. Мен дагы ар кандай кружоктор менен секцияларга катышам, демек, менде да убакыт жок”.
Ошондуктан кандай чарчап турсаңар да, жок дегенде 15 мүнөт китеп окуганды эреже кылгыла. Китепке байланыштуу үй-бүлөлүк традиция болсо кандай жакшы...
Мен дагы жетилген курактагы кишимин, бирок ар бир дем алыш күнүндө ата-энемдин үйүнө барып, алар менен чогуу театралдык пьесаларды окуйбуз. Бул мен үчүн эң сонун, жагымдуу убакыт. Бул салттын башаты бала кезимден башталат.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.