АҢГЕМЕ
Атеист: Адамзат тарыхында эч бир атеисттин таасири менен адам баласы бирин бири кырып, жер бетин канга чылап, адамдардын өлүгү боо-боо кулап жатты беле? Жок. А дин өкүлдөрүнүн таасиринен канчалаган согуш оту тутанган?
Молдо: Тарыхта диндин атын жамынып согушкандар болгон. Муну танбайм. Бирок мен да сенден сурайынчы: алар чын эле дин үчүн согуштубу же бийлик үчүнбү?
Атеист: Дин болбосо, андай шылтоо да болбойт эле да.
Молдо: Шылтоо табуу үчүн адамга сөз гана керек. Дин болбосо — улут, улут болбосо — идеология, идеология болбосо — теңсиздик. Адам согушкусу келсе, согушууга себеп табылат сөзсүз.
Атеист: Анда сен динди актап тургандагыңбы?
Молдо: Жок. Мен пенде баласын айыптайм. Дин курал эмес, аны курал кылган пенде баласы.
Атеист: Бирок дин “чындык менде” дейт. Балким чыр да ошондон башталып жүрбөсүн… бөлүнүп-жарылууларды динчилдер баштайт ко?
Молдо: Сен да “Кудай жок” деп абсолюттуу айта аласыңбы? Экөөбүз тең ишенимди абсолют кылып атабыз бул жерде. Сенин ишенимиң — жок нерсеге негизделсе, мениники — бар нерсе.
Атеист: Айырмасы — менин ишенимим эч кимди баш ийүүгө мажбурлабайт.
Молдо: Атеисттик мамлекеттер да болгон. Алар да динди жок кылабыз деп адамдарды камап, аткан учурлар бар. Маселен, Иосиф Сталин башкарган доордо миңдеген дин кызматкерлери куугунтукка алынган. Бул дин үчүнбү же атеизм үчүнбү?
Атеист: Ал идеология үчүн болгон. Бирок ал дин сыяктуу асмандан түшкөн акыйкат деп жарыяланган эмес.
Молдо: Кызыгы, ар бир идеология өзүн акыйкат деп жарыялайт. Адамга “акыркы чындык” сезими жагат. Ал чындык асмандан түшсө да, китептен чыкса да, партиядан келсе да — баары бир.
Атеист: Анда сен айта аласыңбы, дин менен атеизмдин ортосунда чоң айырма жок деп?
Молдо: Айырма бар. Бирок коркунуч экөөндө тең бирдей. Коркунуч — ишенимдин өзү эмес. Ишенимди күмөнсүз, суроосуз кабыл алуу.
Атеист: Демек, сен күмөн саноону колдойсуң?
Молдо: Күмөн саноо — ишенимдин душманы эмес. Күмөн — аны тазалоочу нерсе. Суроосу жок ишеним — фанатизмге айланат.
Атеист: А мен үчүн дин — суроону тизгиндейт.
Молдо: Айрым динчилдер тизгиндейт. А эстүү динчил суроодон коркпойт. Маселен, Аль-Газали күмөн саноодон баштап, ишенимге кайра келген. Ал эми Ибн Рушд акыл менен ишенимди жараштырууга аракет кылган.
Атеист: А сен өзүң күмөн санайсыңбы?
Молдо: Ар бир намазда. Эгер күмөн болбосо, дубанын да кереги жок.
Атеист: Кызык… Мен Кудай жок дегеним менен, бирок кээде тынчсызданам: “Кокус бар болсочу?” дейм.
Молдо: Мен да кээде тынчсызданам: “Эгер мен да жаңылган болсомчу?” деп.
Экөө бир саамга унчукпай калышты.
Атеист: Демек, сен экөөбүз тең так билбейбиз?
Молдо: Балким, эң коопсуз абал — так билбегенибизде...
Атеист: Анда адам эмнеге таянат?
Молдо: Балким, жоопко эмес, жооп издөөгө таянар...
Атеист: Адам аткырың канткенде оңолот дейсиң? Диний ишеним мененби же эс-акылдуу күмөн саноодонбу?
Молдо: Менимче, экөө тең жетишсиз. Адамды адам кылган — жоопкерчилик ко... Кудайга ишенген да, ишенбеген да — бирөөгө зыян келтирбеш үчүн жашаса, жетиштүү эмеспи?
Атеист: Андай десең, адам баласы бири менен бири согушпашы керек эле го?
Молдо: Согуш — ишенимдердин эмес, напсинин иши.
Экөө алдыдагы чайларын шорулдата ууртап отурушту.
Атеист: Молдоке, эгер Кудай бар болсо, эмне үчүн өзүн ачык көрсөтпөйт?
Молдо: Хи... балким, адамдын эркиндиги үчүндүр анысы. Агер Кудай жок болсо, анда адам өзү жооптуу.
Атеист: Экөөнүн тең жүгү оор экен.
Молдо: Ошондуктан адам болуу жеңил эмес.
Күн батты. Экөө тең ордунан турду.
Атеист: Мен сени сөзгө жыга албадым окшойм.
Молдо: Мен да сени ынандыра албадым го дейм.
Атеист: Анда эмне чечимге келели?
Молдо: Эң башкысы – бири-бирибизди жек көрбөстөн, түшүнүштүк ко дейм.
Экөө кол алышып ажырашты.
Түн түнөрүп, жылдыздар чакчыйды. Молдоке ай, жылдыздарды Кудай жаратканына ишенет. А атеисчи... ал – ай, күн, жылдыздарды табигый мыйзам менен күйүп турат деп ойлойт.
Бирок молдосу да, атеисти да ошол эле көк асмандын алдында талашып-тартышып жашайт.
Ошол түнү экөө эки башка үйдө түйшөлүп жатышты.
Молдо жаздыкка баш койду. Бирок көзү илинбеди эч. “Агер Кудай бар экени чын болсо, мен Аны туура түшүндүрүп жүрдүм бекен? Же мен да Анын атынан өз түшүнүгүмдү таңуулап атпадым бекен?”
Ал бүгүнкү атеисттин сөздөрүн эстеди. “Диндин атынан кан төгүлгөн” деген сөз кулагына кайра-кайра жаңырды. “Чын эле, адамдар кан төгүшүп жатканда Сен кайдасың, кудуреттүү Кудайым? Же Сен унчукпайсыңбы... же биз укпайбызбы сени?”
Ал өзү да билип-билбей мынтип күмөн саноодон чочуп кетти. “Агер адам корккону үчүн эле жакшы болсо, бул эмне жакшылыкпы? Агер бейиш болбосо, мен жакшылыкты улантат белем?”
Жооп жок. Караңгы шыпты тиктеп жатып, ал акырын шыбырады: “Ишеним деген эмне — жарыкпы же караңгыда камалган үмүтпү?”
Атеист да жаздыкка баш койду. Бирок уйку качты анда дагы. “Агер Кудай жок болсо, адилеттүүлүк кайда? Адам эмне үчүн абийир дегенди оозанат? Эволюция абийирди жаратабы? Же биз аны ойлоп таптыкпы?”
Ал бүгүн молдокенин “агер өзүм жаңылып жатсамчы?” дегенин эстеди.
“Агер чын эле жараткан күч бар болсо, мен өмүр бою андан качып жүргөн жокмунбу? Же менин күмөнүм — чыныгы чынчылдыгымбы?
Атеист түйшөлүп толгонду: “Агер Кудай жок болсо, анда баары уруксатпы? Же адам өзү мыйзам болушу керекпи? Адам өзү мыйзам болсо, анда эмнеге ал өзүн-өзү ушунчалык бузду?
Жооп таппады эч.
Терезеден жымыңдаган жылдыздарга карап, биринчи жолу жараткандын кудуретине таңыркап, ааламда “бир табышмак” сыр катылганына баш катырды.
Түн ортосунда молдокеден да, атеистен да уйку качты. Экөө тең бир эле суроонун тегерегинде баштары катып, уйкусуз түйшөлгөнү: “Кокус мен жаңылып жатсамчы?”
Таң атты. Бири мечитке, бири аудиторияга жөнөдү.
Экөө тең өз чындыгына баш катырган менен, бирок бири дагы оңдуу жооп таппады.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR