Деги Апарисио Тореллинин канча бөйрөгү бар?

  • 24.02.2026
  • 163

(Фото: Апарисио Тореллинин сүрөтү алынган булак: https://en.wikipedia.org/wiki/File:Barao_itarare.jpg )

Тээ алыскы Бразилия. XX кылымдын башы...

Медициналык окуу жайда бир профессор четтеги (же ортодогу, а балким, алды жакта эле отурган) бир студентке карап, суроо узатып калды (баса, ал студенттин аты Апарисио эле):

— Бизде канча бөйрөк бар, кана, айтчы?

— Төрт! — деп жооп берди студент.

— Опе-ей, чын эле төртпү? — деди профессор, текебер үн менен.

(“Мына саг-а-а!.. Тим эле төрт бөйрөк бар дегенин көрсөң!..”)

Ал тиги “дөөрүгөн” студентти жакшылап “туздап”, ой-да бир мазактоого беленденип калды. Кантсе да, бул агай башкалардын катасын эл алдында ашкерелеп көрсөткөндө өзгөчө маашырланып калчулардан эле.

Профессор жанындагы жардамчысына бурулуп:

— Сырттан шакел чөп алып келиңизчи, бул жерде бир эшек бар! — деди.

— Мага болсо бир кофе да ала келиңиз, байболгур! — деп тиги “күйдүргү” Апарисио дароо агайына кошумчалады.

Профессор кызыраңдап, бир дарсканадагыларды, бир Апарисиону карап, анын дарсканадан дароо чыгып кетүүсүн талап кылды.

Айтмакчы, дарсканадан чыгып бара жатып, көктүгүнөн жанбаган студент аябай ачууланып алган профессорунун алгачкы суроосун оңдоого да үлгүргөн экен:

— Сиз БИЗДЕ канча бөйрөк бар деп сурадыңыз. БИЗДЕ төрт бөйрөк бар: экөө – меники, экөө – сиздики. «Биз» деген сөз бир кишиден көбүрөөктү туюнтат эмеспи. Кофеңизден жакшылап ыракат алыңыз… ал эми шакел – өзүңүзгө эле буюрсун.

Бул ыксыз такмазалаганды сүйгөн студент – Бразилиянын болочокку даңазалуу сатириги, жазуучусу жана журналисти, солчул ишмер Апарисио Торелли Апорелли (Apparício Fernando de Brinkerhoff Torelly Aporelly; 1895–1971) болчу.

Ал «Итараренин барону» (Barão de Itararé) деген жалган ак сөөктүк наамды өзүнө өзү ыйгарып алгандыгы менен да калайыкты күлдүрө алган.

Анын жөнү мындайча: тээ 1930-жылдагы Бразилиядагы элдик ыңкылап маалында бразил президентинин аскерлери менен анын атаандашынын күчтөрү аз жерден Итараре ооданында кырчылдашып салгылашып кете жаздашат. Араздашкан тараптар акыры бир мунасага келишет да, олуттуу деп күтүлгөн уруш болтурулбай калат. Бул таптакыр жүзөгө ашпай калган, демек, “тарыхый эмес салгылашуунун урматына” Апарисио Торелли Апорелли өзүнө алиги “барондук” наамды салтанаттуу түрдө ыйгарып алган тура!

(Ушул наамга окшош дагы бир кытыгы келтирчү наамдын ээси бар. Ал – “юморалиссимус” акын жана журналист Жаныбек Өмүралиев агабыз).

Улан кезинде, 1909-жылы, Апарисио Торелли “Соолгон чөп” (“O Capim Seco”) деген гезит чыгарып, андагы бир материалда ал интернат тартиби бар окуу жайдагы катаал деректирди шайтанга теңейт да, “Инжилдеги” жылан шекилинде чагылдырат. Албетте, бул гезит бир гана күндүк өмүр сүргөндүгү түшүнүктүү. Бирок бул баёо уландын “басылмасы” ага журналистика тармагына аттануу үчүн башат болуп калган.

Ал эми 1912-жылдан тартып ал Бразилиянын түштүгүндөгү Порту-Алегри (Porto Alegre) шаарындагы дары-дармек коллежинде окуй баштайт. Дал ошол жылдары Апарисио Торелли жогоруда баяндалган жана башка күлкүлүү жана такмазалуу окуяларды баштан кечирген.

Дагы бир окуясына токтоло кетели.

Хирургиялык ыкмалар сабагы учурунда бир профессор Апарисиодон баш сөөгүнөн жаракат алып, каны тынбай агып жаткан бейтапка кандай чара көрүү зарыл экенин сурап калат.

— Жаракат алган жерди жууп-тазалайм, сынык жок экенин көрүп, тигип коём, — деп Апарисио жооп берди.

— Сен эң алгач жасалчу амал тууралуу айткан жоксуң, — деп профессор баса белгилейт. — Биринчи кезекте бейтаптын чачын кырып салыш керек да.

— Мунун эч көйгөйү деле жок, — деп тигил тапан жооп узатат, — анткени бул бейтабым таптакыр таз болуп чыкпадыбы!

Албетте, жанда жок тапан Апарисионун бул дарыгердик окуу жайды толук аяктай албай калгандыгына таң калуунун деле кажети жоктой.

1926-жылы Апарисио Торелли “Ыйлактоо” (“A Manha”) деген сатиралык басылма да негиздегени белгилүү.

Анын учкул сөздөрүнүн бири: “Жакшы журналист – өздөрүнүн башын таптакыр бошотуп салчу кайсы бир киши жана дал ошонун аркасында [ал иштеген] гезиттин ээси өз курсагын кампайта толтуруп алмакчы”. ("A good journalist is someone who totally empties their head so the newspaper owner can fill his stomach”).

(Мындагы “өздөрүнүн башын” – “their head” деген көптүк сандын өзүндө да “кыйратып салдым” деп өзүн жогору санаган көйрөң журналистти мыскылдап, сезим кытыгылаган жумшак юмор камтылган).

Бразилиялык Апарисио Тореллинин ата-тегинде италиялык, уругвайлык, америкалык жана аррува индейлеринин каны бар дешет. Ошондуктан ал өзүн “бир кишиден турган Улуттар Лигасымын” деп да шардана кылган кезең болгон. (Баса, “уругвайлык” сөзүн “баягында Латын Америкасына көчүп кеткен Урукбай деген кыргыздын же казактын урпактарынан го!” деп башка бир жомокту көздөй ала качкысы келгендер деле суюлуп калышкандыр).

Апарисио Торелли жаш кезинде солчул маанайга ооп, акыры Бразилиядагы коммунисттик уюмга да мүчө болуп калган.

1947-жылы ал жергиликтүү кеңешке депутаттыкка шайланып калат. Ал кеңештеги депутаттардын бири маалкатып сүйлөп келип:

–– Мен бир топ нерселерди даана көрө албай турам... – деген сөзүн айтып, тим эле өтө терең ойлонуп жаткан коомдук ишмер тейде бир саамга тынып туруп калганда, А. Торелли шарт эле “көз дарыгери” катары кыстарып сүйлөй салган дешет:

–– Сизге эки мүнөткө эки тамчы дары керек...  

Ал камакка алынган, кыйноого учураган кезеңдер да болгон. Бирок сатирик катары эрки эч качан майтарылбады. Бийликтегилердин калпыстыктарын көрмөксөнгө салып койгон эмес.

Азил, достук тамаша, такмаза, курч сатира, кээде апендилик жана обу жоктук тапандык... анын канында дайыма чуркап турган көрүнбөс “бүртүк заттар” эле.

Апарисио Торелли 1971-жылы 27-ноябрда Рио-де-Жанейронун түштүк ыптасы болгон Ларанжейрас ооданында дүйнө салаардан мурда айткан бир кеби дагы эле эл оозунда.

Ал өзүнүн кайсы бир досу менен чогуу шаардагы бир аянтты кесип өтүп калышат. Алыстан өздөрүн көздөй катуу айдап келе аткан автобусту көрүп, ал досуна айтат:

–– Саат басып, тиги айдоочу бизди эчак эле көрүп калган тура! Кокуй, этият бол!

Албетте, анын учкул сөздөрү калайыкта ар башка баага ээ.

Алардын айрымдарынан бир шиңгил:

“Итке минген томаяк колун чөнтөгүнө салса, андан беш манжаны гана сууруп чыгат”.

“Банк дегениң ушундай бир мекеме болот – кимде-ким өзүнө эч кандай акчанын кереги жок экенин далилдей алса, дал ошол кишиге ал карызга деп өз акчасын таңуулап берип салат”.

“Аялдар үчүн карыган чалдар эки гана түргө бөлүнөт: чыдоого эч мүмкүн болбогондор жана байлар”.

“Өспүрүм курак – өспүрүмдүн кийин өз атасы сыңарындай эле бечара болуп калам го деп ишенүүдөн баш тартып жаткан чагы”.

“Сенин ичимдик ичишиң үчүн бооруң абдан зыяндуу келет”. (Мында котормо туура эмес болуп калган го деп бүшүркөбөңүз. Боордун өзү саламаттыкты начардатууга аябай тоскоол болуп жаткан оор кырдаалды көбүрөк ойлоңуз да, Тореллинин сөзүнө тен бериңиз).

Балким, Апарисио Тореллинин айрым ойлорун эч жактырбастан же, ал түгүл, жекирүү менен талкуулагандыктын өзү деле анын сөзү окурманын ойлонтуп, андан ары ойготуп жаткандыгынын бир көрүнүшүдүр?

Эми Апарисио Тореллинин эки гана бөйрөгү бар экендигин билип алганыбыздан соң, анын өмүрү да “эки” деген сан менен өлчөнөрүн кошумчалай кетелик. Анын экинчи өмүрүнүн кабарын кыргыз тилдүү окурмандарга учкай болсо да жеткирүүгө далаалаттанганым үчүн айып этпесеңиздер...

Тынчтыкбек Чоротегин

24.2.2026.

P.S.

Бул маалыматтар интернеттеги ар кыл булактардан алынып, шөкөттөлдү.

Алардын ичинде: www нокот brazzillog нокот com жантык сызык pages/p18oct95.htm 

 barfanibaba нокот com жантык сызык 2020/11/01/how-many-kidneys-do-we-have/  

en нокот wikipedia нокот org жантык сызык /wiki/ Barão_de_Itararé 

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз