Кыргыз драматургиясында акыркы жылдары тарыхый жана биографиялык драма жанры кайрадан жанданып келет. Ошол жаңылануунун эң таасирдүү мисалдарынын бири КР эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевдин “Акыркы кат” аттуу чыгармасы. Бул пьеса ХХ кылымдын орто чениндеги кыргыз интеллигенциясынын тагдырына, айрыкча репрессия жылдарында курман болгон Төрөкул Айтматов менен анын өмүрлүк жары Нагима Айтматованын жан дүйнөсүнө терең үңүлөт.
Драма совет доорунун эң кайгылуу учурларынын биринде, тагыраагы 1937–1939-жылдардагы репрессия маалы. Бирок Иманалиев пьесаны “кургак” тарых катары эмес, адамдын ички дүйнөсүн, руханий кармашын ачуу куралы катары колдонот. Окуянын чордонунда Төрөкул Айтматов эмес, анын өмүрлүк жары Нагима Айтматова турат. Дал ушул композициялык ыкма пьесага өзгөчө гуманисттик өң берет, автор эркектин тагдыры аркылуу эмес, аялдын күтүү, ишеним жана сабыр күчү аркылуу ошол учурдун трагедиясын көрсөтөт.
Кайрат Иманалиев документалдык фактыларга таянганы менен, пьесанын өзөгүн драматургиялык чыгарма түзөт. Бул жагынан алганда, “Акыркы кат” тарыхый материал менен көркөм образдын айкалышы.
Пьесанын негизги темасы сүйүүнүн, үмүттүн жана ишенимдин түбөлүктүүлүгү.
Төрөкул Айтматов эл душманы катары атылса да, анын үй-бүлөсүнө, өзгөчө Нагима Айтматовага калтырган руханий мурасы адамдын улуу туруктуулугунун белгиси.
Бул пьеса тарыхый адилетсиздикти гана эмес, аялдын руханий каршылыгын көрсөтөт.
Төрөкул Айтматов эл үчүн атылган, бирок адамдык сапатын сактап калган муундун символу. “Акыркы кат” – бул жөн гана өткөн доор тууралуу драма эмес. Бул адамдын үмүтү, сүйүүсү жана руханий сабыры тууралуу философиялык чыгармa.
Кайрат Иманалиев бул пьесасы менен кыргыз драматургиясына жаңы психологиялык тереңдик, документалдык тактык жана поэтикалык форма киргизди десек болот.
“Акыркы кат” спектаклинде режиссёр Уланмырза Карыпбаевдин иши өз алдынча, так концепцияга таянган жана терең психологиялык изденүү менен айырмаланат.
Режиссёрдук чечилиштердин өзөгүндө адамдын ички дүйнөсүн ачууга болгон кылдат мамиле турат. Карыпбаев текстти сырттан сүрөттөп берүүдөн качып, каармандардын жан дүйнөсүндө болуп жаткан ички драманы сахнанын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланта алган. Спектаклдин башынан аягына чейин эки Нагиманын (Г.Каниметова жана Г.Сатарова) бир эле мейкиндикте, бир эле учурда жашап турушу, бул спектаклде, режиссёрдук эң ийгиликтүү табылгалардын бири. Бул ыкма аркылуу өткөн менен азыркынын, эстөө менен реалдуулуктун чек арасы жоголуп, каармандын ички сыныгы, тагдырдын оор жүгү көрүүчүгө түздөн-түз жетет.
Сахна мейкиндикти чечмелөөдөгү символизм да режиссёрдун ой жүгүртүүсүнүн кенендигин далилдейт. Шекердеги үйдүн улам бирде станцияга, бирде штабга, бирде Москвага, бирде Фрунзеге айланып турушу, бул жөн гана декоративдик өзгөрүү эмес, доордун тынымсыз кыймылын, адам тагдырынын системаларга көз каранды болуп калган абалын ачкан режиссёрдук метафора. Бир эле мейкиндик аркылуу тоталитардык доордун ар кыл өңүтү көрсөтүлүп, сахна универсалдуу символго айланат.
Жалпысынан, Уланмырза Карыпбаев “Акыркы катта” спектаклди өз деңгээлинен да бийик көтөргөн. Спектакль эстетикалык табылга гана болбостон, бүгүнкү коом үчүн ойготкуч, эскерткич милдетин да аткарат. Режиссёр дал ушуну менен өз сөзүн так, ишенимдүү айтып берген.
“Акыркы каттагы” Нагима Айтматова кыргыз аялзатынын сабырдуу, бирок ички дүйнөсү отко ооногон образы. Ал күйөөсү жок кылынган соң деле руханий жыгылбайт, балдарын татыктуу тарбиялоо үчүн өзүн унутат. Анын тагдырында жалаң кайгы эмес, адамдык асылдык бар. Театр сахнасында бул образ күйүттүн эмес, бийик рухтун символу катары ачылат.
Кайрат Иманалиев Нагима Айтматованы идеализациялабастан, анын ички карама-каршылыктарын үмүт менен үмүтсүздүктүн, ишеним менен чарчоонун, сүйүү менен коркуунун ортосундагы абалын көрсөтөт. Аялдын ички монологдору, каты менен эскерүүлөрү пьесанын поэтикалык түзүлүшүн тереңдетет.
Пьесанын аталышы “Акыркы кат” жөн эле ат эмес, символдук өзөк. Кат ажырым менен байланыштын, жок болуу менен түбөлүктүүлүктүн ортосундагы көпүрө. Төрөкул Айтматовдун каттары аркылуу Нагима аны менен диалогду улантат. Театр сахнасында бул ыкма визуалдык жана үн чечимдер менен бекемделет: кээде каттар үндөн окулат, кээде элес түрүндө көрүнөт. Ошентип, драма текст менен үн, элес менен жан дүйнө аркылуу сүйлөйт.
“Акыркы кат” драмасында Нагима Айтматованын образы аялзатынын руханий бийиктигинин, сүйүүнүн жана сабырдын символу. Бул образды Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлайым Каниметова сахнада ушунчалык терең, так жана ички үн менен жараткандыктан, ал роль кыргыз театрында аял трагедиясынын жаңы бийик деңгээлин белгилеген десек аша чаппайбыз.
Гүлайым Каниметова Нагиманы сырткы кыйкырык же көз жаш аркылуу эмес, жашыруун жан күйүт, ички күйүт аркылуу ачат. Анын көз карашы, үнүнүн титиреши, кыймылдын жай ыргагы – баары драманын ички темпоритмин түзүп турат. Ар бир пауза бул сөзсүз “үнсүз кыйкырык”, ар бир кыймыл – өткөн менен азыркынын ортосундагы ички кармаш.
Актриса сахнада көп сүйлөбөйт, бирок анын үнсүздүгү бүтүндөй залды чулгайт. Ал күтүү деген эмне экенин, үмүт менен үмүтсүздүктүн ортосунда жашоо кандай оор экенин, денеси чарчап, бирок руху сынбаган аялдын абалын өзүнүн дене пластикасы жана үнүнүн терең тембри аркылуу жеткирген.
Каниметованын Нагимасы жөн гана кайгыга баткан аял эмес, руханий каршылык көрсөтүүчү инсан. Ал доорго, тагдырга, жоготууга каршы үн чыгарбай, бирок ичинен күрөшөт. Актрисанын оюнунда бул ички каршылык ар бир майда деталда көрүнөт:
• Күйөөсүнүн катын колуна алганда титиреген колунун кыймылы бул жөн эле эмоция эмес, өлбөгөн сүйүүнүн кыймылы;
• Балдары тууралуу сүйлөгөндө үнүндөгү жумшактык өмүрдүн уландысын сактоонун ишенимин билдирет;
• Ал эми сахнадагы акыркы катты кармап тынч отурушу – адамдын жана аялдын улуу сабырынын актык формасы.
Нагима Айтматова тарыхый каарман болсо да, актриса аны документалдык кургак образ катары эмес, өлбөс рух катары көрсөтөт. Ал сахнада Төрөкулдун жубайы катары эмес, адамдык улуулуктун символу катары жашайт. Ушул себептен, көрүүчү спектаклди көрүп жатып, Нагиманын жеке кайгысын эмес, бүтүндөй бир муундун кайгысын сезет.
Анын кыймылы менен жарыктын өзгөрүшү, үнүн басаңдатып же көтөрүп сүйлөөсү – баары музыкалык тактык менен иштелген. Бул жерде актрисанын чыныгы театрдык интуициясы жана сезимдик маданияты көрүнөт, ал сахнадагы үнсүздүктү үнгө, алсыздыкты күчкө айланта билет.
Гүлайым Каниметованын Нагимасы – бул актрисалык жетишкендик гана эмес, кыргыз театр искусствосунун аянттагы руханий жаңырыгы. Актриса тарыхтагы Нагиманын тагдырын чагылдырбастан, Кыргыз аялзатынын сабыр, сүйүү жана ишеним образын жаратты. Анын оюну аркылуу көрүүчүдө суроо калат: “Сүйүү жана үмүт адамды кантип тирүү сактап кала алат?”
Ошентип, Каниметованын Нагимасы үңкүрдө да жарык издеген аялдын, тагдырга моюн сунбаган адамдын сахналык бейнеси. Ал образ кыргыз театр тарыхында жүрөккө из калтырган тынч үндөрдүн бири болуп калды.
Төркул Айтматовдун образын Жеңиш Смановдун аткаруусу спектаклдеги эң токтоо, бирок эң таасирдүү режиссёрдук акценттердин бири. Каарман сахнага көп чыкпаганы менен, анын ар бир пайда болушу өзүнчө салмакка ээ.
Режиссёр Төрөкул Айтматовду сахнада ашыкча көрсөтүүдөн атайылап карманган. Каарман эпизоддук көрүнүштөр аркылуу гана берилгени менен, анын руханий салмагы бүт спектаклдин үстүнөн “көлөкөдөй” коштоп турат. Жеңиш Сманов аткарган Төрөкул, кыйкырбаган, өзүн актай албаган, бирок ички кайратын жоготпогон инсан. Режиссёр бул образды декларативдүү пафоско салбай, тескерисинче, үнсүз каршылыктын символу катары чечмелеген.
Сманов сахнага чыккан учурларда кыймыл, үн, көз караш – өтө үнөмдүү колдонулат. Көрүүчү Төркулду узак монологдор аркылуу эмес, анын тагдырдын алдында жалгыз калган абалы, Нагиманын эсинде калган элеси аркылуу кабыл алат. Бул образ тирүү адамдан көрө, доор курмандыгынын руханий белгисине айланып калат.
Режиссёрдук чечимдин эң маанилүү жагы: Төркул Айтматов сахнада жок учурда да бар болуп турушу. Каармандын аз көрүнүшү анын маанисин азайтпастан, тескерисинче, күчөтөт. Көрүүчүнүн эсинде калган таасир да дал ушул ыкманын натыйжасы. Натыйжада Жеңиш Сманов жараткан Төрөкул Айтматов, спектаклдин драматургиялык өзөгүн бекем кармаган, унчукпаган, бирок өчпөс образга айланган.
Чеховдун Любовь Андреевнасы же Ольгасы, доор өзгөрүүсүнүн күбөлөрү. Алар активдүү революционер эмес, бирок руханий чыңалуунун алып жүрүүчүлөрү. Иманалиевдин Нагимасы да дал ошондой. Ал тарыхты өзгөртпөйт, бирок тарыхтын салмагын көтөрөт. Анын күчү кыймылда эмес, чыдамда. Мындай типтеги образ драматургиялык салмакты ички абалга жүктөгөн авторлорго мүнөздүү.
Спектакль тааныш тарыхты жаңы көз караш менен кабылдоого мүмкүнчүлүк берди. Бул, өткөнгө кайрылуу аркылуу бүгүнкү коом менен сүйлөшө алган, убакыттан жогору турган театр тили. “Акыркы кат” көрүүчүгө даяр жооп бербейт, тескерисинче, суроо калтырат. Дал ушул сапаты менен ал жөн гана спектакль эмес, жарандык эс тутумду ойготкон көркөм акт болуп калат.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR