КЕРБЕЗ
Кылчайып артка карасам,
Кытыгылайт сезимди
Кыялым өткөн кап-качан.
Кыялым өткөн кап-качан.
Шуудуру ойноп нервимде
шуудурайт кызыл шапкачан.
1.
Дөөлөттөй конгон бир жолку,
Дөөмөтү келген бир соңку
Дөбөдөн тийген күн болчу.
Дөөлөт бир учкан куш тура!
Дөөмөт бир өпкөн кыз тура.
Дөбөдөн сөнүйт кыш кула.
2.
Алтындан курган сарайдын
Айкөл жан батпас төрүнөн
Айланып кимди караймын?
Күмүштөн курган сарайдын
Күлүстөн батпас төрүнөн
Күйүгүп кимди караймын?
3.
Күмүш жал күбөк айчыктуу,
Күн чыккан жерден ай чыкты.
Азгырык көңүл тынчытпайт,
Ай баткан жерден күн чыкпайт.
4.
Таалай не азган мезгилби,
Таң аткан жерден кеч кирди.
Тагдырга кылып кыяпат,
Таш ыйлап жатат сездиңби?
Өмүр не качкан мезгилби?
Өзөккө өрт жанган кеч кирди.
Жомоктон калган адашып,
Жок ыйлап жатат сездиңби?
5.
Кара тоонун үстүнөн
Карап турсам күздү мен:
Омоктуу да, жомоктуу
Ойлор түшөт жүз түмөн.
Ала-Тоонун үстүнөн
Аваз кылсам күздү мен:
Тагдырымдай бейопаа
Тарых турат жүз түмөн.
6.
Миң зардептүү арген дил,
Сыбызгыдан сыдырым
Сызылып түшүп келгенмин.
Кайруусу тогуз, бир аваз
Кумардан бүткөн ал менмин.
Кудайдан кут, бак сурабас.
7.
Жээликкен жезил сымаптай
Желпинип өчтү бир сезим,
Жел тийген жетим чырактай.
Туурум боз суусуз, сай бопбош.
Туттугуп кимди самаймын,
Тутулуп тийген айга окшоп?
8.
Жал-жал көз жылдыз дилдирек,
Жазданып көктү үргүлөп,
Мубарек болот өзүнчө,
Муз кашка сырын ким билет?
Муз каша сырын ким билет,
Мубарек болом дилдиреп.
Жүзүнөн учкан бычак сүр,
Жүрөктү гана тилдирет.
9.
Таң атаар үрүл-бүрүлдөй,
Жомоктон өттүм жомокко
Жок-барым анча билинбей.
Жок-барым анча билинбей,
Жомоктон калдым жомокко
Таң атаар үрүл-бүрүлдөй.
10.
Безилдеп, безилдеп, безилдеп
Безбелдек белестен ашканда
Бекзаада беш сырын чачканбы?
Бекзаада бейпайга түшкөнбү?
Мелтиреп үн катпас безери
Мерездин мерези мис дүйнө.
11.
Тереземди черткен ким?
Тереземден учкан куш
Неге мынча тез келдиң?
Эшигимди каккан ким?
Эшигимден качкан куш
Эмне мынча азгансың?
12.
Чүш-ш! Укпасын бирөөлөр.
Күнөөлүүгө күнөө деп,
Күлүп жаткан күнөөкөр.
Сүйлөп жаткан күнөөкөр,
Сөздөрү сөз – күнөөсүз.
Чүш-ш! Укпасын бирөөлөр.
13.
Жанымда да ойнодуң,
Канымда да ойнодуң,
Жашап жүрөт өңдөнөм,
Жалгыз сен деп моймолум.
Жалгыз сен деп моймолум,
Жалыныңа мойнодум.
Кайырчыга – мусаапыр
Каш кагып да койбодуң.
14.
Үлп эткен. Үлп эткен. Үлп эткен.
Үлбүрчөк сезимдей дүрт эткен.
Арзуунун арзуу, наз ышкысы
Азаппы, атылган дүрмөттөн.
Шаңк эткен. Шаңк эткен. Шаңк эткен.
Шаттыктай шаңгырап жарк эткен.
Чыйыры кыйырга айланып,
Чыктыбы чыгаан чак тарс эткен?
15.
Туу куйрук. Жал тулпар, эй,
Тулпар баштуу шумкар, эй.
Муунду чөп үстүнөн
Булуттуу көк астынан.
Канаты күнгө чагылып,
Кайып учуп чуркады, эй.
Туягы тоого чабылып.
Тулпар чапкан сен азар.
Даңканына баш чайкап,
Дабдыраган мен азар.
Аргымактын үстүндө
Азил жашоо азгыны.
Ок белең же чок белең,
Олда өмүрдүн аздыгы!
Аргымакчан сенде арман.
Аргымакты булкунтуп,
Бир чаппаган менде арман.
Арман, арман, арман, эй!
Армандардан түгөнбөс
Арман болуп калгам, эй!
16.
Үмүт, тилек, эңсөөнүн
Зардебинен бүткөндөй.
Кумар-ышкы тулкунан
Куюлушуп түшкөндөй.
Сакадай бою сары алтын,
Садагасы сар жылдыз,
Сага тең келбейт ар жылдыз.
Сага тең келбейт сан жылдыз.
Сакадай бою сары алтын
Садагасы сар жылдыз,
Жылдызым болуп жүрбөгүн:
Мен издеп жүргөн – карматпас,
Ырысым болуп жүрбөгүн?
17.
Бейадеп тили тийгенби,
Бейазис жаны күйгөнбү?
Бейадеп тилге ардыгып,
Белине беш таш түйгөн ким?
Азардын тили тийгенби,
Айыпсыз жаны күйгөнбү?
Азарга болуп жан кечти,
Артынан беш таш түйгөн ким?
18.
Талант да берди тагдыр бу,
Таалай да берди тагдыр бу.
Даанасы тең жок, бирөө да
Дайырбек нээден алдырды?!
Кечкирет, кайра таң төтөн.
Кезиккен таңда жан бөтөн.
Топ-тоголок жашоонун
Токтоор жери бар бекен?
* * *
Бурулуш будур-будур жолдорду улап,
Айрылыш адыр-адыр тоолорду улап,
Акмалап жүрдүм дайым үмүт менен
Мына азыр бир укмушу болор сымак.
Будур жол буйткасында бугум калды,
Эсили эч кимге айтпас сырым калды.
Булутка жеткеним жок. Булут болуп,
Десимди коштоп жүрдү бир күч карлуу.
Адыр жол айкашканда арзуум калды,
Жалгандын арманында дартым калды.
Аргымак мингеним жок. Жүрдүм бирок
Ажайып канатында алтын жалдуу.
Ошентип жүрүп, жүрүп кырк кыр аштым,
Кыдырга жолукпадым, кысыр бактым.
Кырк чоро күткөнүм жок. Кийинкиге
Кимдигим дайын кылар кырк ыр жаздым.
* * *
Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Тоолордун нар жагында Тоолор болгон.
Досумдун менден калбас көңүлүндөй
Мен чаба элек буудандай ойдологон.
Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Сүйүүнүн нар жагында Сүйүү болгон.
Бир кыздын менден калган көңүлүндөй,
Күлкүдөй шатыр-шатман үйүм толгон.
Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Чындыктын нар жагында Чындык болгон.
Кызылдын нар жагында кызыл өнгөн,
Падышадай камчысын унутуп кайткан жолдон.
Чындыктын өзүндө да чындык барбы?
Мүрзөнүн нар жагында Мүрзө болгон!
СЫЙНАТКА
Дүркүмүндө дилвар бүткөн дүйнөнүн,
Садагасы, саамал-кымыз периштем.
Күндөн күнгө баратасың өсүп сен
Көйнөк тандап: кызыл, сары, көгүштөн.
Таңдын аппак аткандыгы – сага таң,
Кечтин кызыл баткандыгы – сага таң.
Бул дүнүйө аяз, ызгаар, ичикий!
Бул дүнүйө калакай оф-ф! Саратан.
Аалам бүткөн жалаң гана суроодон,
Адам ага – тентек пенде безери.
Кагылайын, эшегинен ити көп,
Кагылайын, итинен көп эшеги.
Бул жалганда: жаман-жакшы тең баары,
Бул жалганда – артык баары, кем дагы.
Күчтүү да эмес, алсыз да эмес жөнөкөй
Миллиондун бирөө болом мен дагы.
Кудай барбы? Кудай жокпу – Х (икс) саа.
Кулак неге? Мурун неге – Х (икс) саа.
Бул жашоонун жетпейт адам түбүнө,
Жүгүрүп да, учуп дагы, сүзүп да.
Жашылында жалбыз бүткөн дүйнөнүн
Кагылайын карала көз зирегим.
Ушунчалык баратасың тез өсүп
.....................................................
Эмнегедир опкоолжуйт да жүрөгүм.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR