Аялзаты жөнүндө дөө-шаалардан учкул ой

  • 07.03.2026
  • 188

Аялзаттын сулуулугу, интуициясы жана ички күчү жөнүндө көптөгөн белгилүү адамдар айткан. Бул акылдуу сөздөр аял рухунун көп кабаттуу, сырдуу дүйнөсүнүн бир гана бучкагын ачат. 
Ричард Олдингтон

Эгер аял сага сүйбөй тийсе, ал үчүн сени төлөттүрөт; агер сүйүп тийсе, анда сага андан да кымбат төлөттүрөт. 
Оскар Уайльд

Сени толук түшүнгөн аял менен жолугуу абдан коркунучтуу. Бул адатта үйлөнүү менен аяктайт. 
Моника Беллуччи

Аял сени сүйсө, ал сенден эч качан кетпечүдөй сүйөт. Бирок бир күнү эле эч сүйбөгөн немедей кетип калат. 
Одри Хепберн

Аялдын сулуулугу кийиминде, бойунда же чачында эмес. Ал көздөрүнүн жаркыроосунда, анткени көз — жүрөктүн эшиги, сүйүү ошол жерде жашайт.
Поль Валери

Бардык тестиер кыздарга алардын сулуулугу айтылыш керек, мейли алар сулуу болбогон күндө да.
Эрнест Хемингуэй

Аялдын божомолу эркектин ишениминен да так.
Коко Шанель

Сулуу эмес аялдар жок, жалкоо аялдар бар.
Генрик Ибсен

Эркек өзүнүн чыныгы досуна баарын карматат, бирок сүйгөн аялын бере албайт. 
Жан-Поль Рихтер

Эгер аял кыял-жоругун көрсөтсө, "жаман катын" дешет. Эгер эркектер кыял-жоругун көрсөтсө, "мыкты жигит" дешет.
Жонни Депп

Дүйнөнү аялдар башкарат. Аларга салыштырганда, биз – эркектер, аябагандай алсызбыз.
Скотт Круз

Биологиялык түрдө, эгер бир нерсе сизди чагып алса, ал көпчүлүк учурда ургаачы болот. 
Жюльен де Фалкенаре

Аялды бир мүнөткө болсо да сүйлөтпөй туруу үчүн – өбүшүүнү эркек ойлоп тапкан. 
Артур Блох

Аялдардын карьерасынын мыйзамы:
1) Эркектей ойлон, 
2) Айымдай жүр,  3)
Эшектей иште. 
Аудур Ава Олафсдоттир

Аялың эмне ойлогонун билбейсиң. Бир күнү эле өңү-башын өзгөртпөй туруп сени сүйбөй калганын балп эттирет. Ал сага айтпай өзгөрөт. 
Раджниш Ошо

Сени сүйгөн аял — чыгармачылыгыңды күчөтөт, сен элестете албаган бийиктиктерге көтөрөт. Ал эч нерсе сурабайт. Ага жөн гана сенин сүйүүң керек — бул анын табигый укугу.
Вячеслав Прах

Аял жардам сурабашы мүмкүн, бирок биринчи кадамды эркектен күтөт.
Эрих Мария Ремарк

Аял болуу — эң кыйын кесип, анткени ал эркек менен болгон мамиледен көзкаранды. 
Жейн Остин

Аялдардын кыялдары тез; ал – кызыгуудан сүйүүгө, сүйүүдөн үйлөнүүгө бир заматта эле өтөт.
Эльчин Сафарли

Чоң шаарлардын аялдары өтө эле эркектей болуп калдык. Кандай болгон күндө да өзүбүздү карама-каршы жыныска ишенип, жаратылыш берген алсыздыгыбызды көрсөтүүнү унуттук. Кимдир бирөөнү кучактап, жаагына жаагыбызды тийиштирер каалоону өзүбүзгө да айта албайбыз. Эгер бирөөнүн бетине сенин мурдуң керек болсо, жашоо кандай керемет.
Фредерик Бегбедер

Сулуулук жөнүндөгү биздин бүдөмүк түшүнүктөргө жаңы жарык, жаңы форма берген биринчи аял — жүрөгүбүз бар экенин да билбеген боштукту толтурат.  
Уилки Коллинз

Аялдардын керээти (интуиция) укмуштуудай. Алар баардык нерсени байкайт, бирок эң ачык нерседен башкасын.
Фредерик Бегбедер

Аялзат гүл ачуу үчүн – эркектин сүйүүсүнө муктаж.
Артур Голден

Эгер сен мен ойлогон аял болбосоң, анда бул дүйнө мен түшүнгөн дүйнө эмес. 
Михаил Веллер

Он эркек аялдын таманына жыгылса, ал — он биринчисин, башка жакты карап турган бирөөнү тандайт. 
Колин Маккалоу

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз