ПОВЕСТЬ
I
– Намазыңызды окуп бүттүңүзбү? Бүтсөңүз мен азыр... Турсун авам менен жеңем Балыкчыдан эртең чыгабыз дешти. Мен да ишемби, жекшембиде үйдөгү болгон иштерди бүтүрө салайын. Кышкы сессиянын экзамендерин тапшырып бүттүм, – бул экинчи кабаттан чыккан үн.
– Окууну бүтсөң ким болуп чыгам дейсиң? – бул биринчи кабаттан чыккан үн.
– Вокалист, – шаңкылдап угулду үстүдөгүнүн үнү.
– Ал эмне болгон кесип?.. Мурда башкача айткандай болдуң эле го? Ырчы болом деп жүрбөйт белең? – жактырбагандай сурады ылдыйдагы.
– Ооба, ырчы болом. Болгондо да колоратурное сопрано, – сыймыктуу чыкты үн. А түгүл өзүн Жульетта элестетип үн созуп да жиберди:
Je veux vivre dans ce rêve
Qui m’enivre,
Ce rêve qui m’enivre
Longtemps encore.
Douce flamme,
Je te garde dans mon âme
Comme un trésor.
Жаштыкка, кыялга, сүйүүгө эргиген Жульеттанын вальс-ариясынан эле бул.
– Кыз кишиге ырчылык кесип жарашпайт, – кесе айтты биринчи кабаттагысы.
Бул айтылганды кулагынын сыртынан кетирди экинчи кабаттагысы.
– Абыл ава.
– Абыл эмес, Абд-Саид ава деп чакырып жүр дедим эле го.
– Көналбайле... – Барчын күнөөлүү немедей актанды. Мындан улам мурда үйдөн чыккан чырды да эстеди...
– Абд-Саид дегендин эмнеси кыйын...
– Абд-Саид ава.
– Не болду?
– Автоматты ордунан жылдырышып коюңузчу, күчүм жетпеди, – деген Барчын кир жууган автоматты дубалдан бериге козгой албай аткан эле.
– Жылдырып эмне кыласың? – экинчи кабатка көтөрүлгөн Абд-Саиддин көздөрү Барчындын жамалына кадалды.
Бет маңдайындагы ажары төгүлгөн кыздын тирсийген көкүрөгүнөн көзү өтүп тиктеп тура берет беле – муну туйган Барчын авасынан уялганынан артына шарт бурулуп, ишин улады.
– Ваннанын алдын тазалап бүттүм, эми автоматтын астындагы чаңдарды биротоло сүртөйүн... Ишти чала калтырбай. Анан сизге тамак берем, – деди нымшыган чекесинен куюлган терин сыдырып.
– Мен келгенден бери жаның тынбады го. Эс ал болду, убара болбой.
– Убарасы деле жок, Абд-Саид ава...
– Калтыр муну... Автоматтын астындагы чаңды ким көрүп атыптыр.
– Аны ким-бирөө көргөн-көрбөгөнү кеп эмес, үй таза болсун дегеним... – Үйдү бир да тал кыл жатпас кылып кармап үйрөнгөн кыз авасынын кийлигишүүсүн кыртышы сүйбөдү. Авасы бир ордунан жылбай кадалып турганын да далысынан туюп, жактырбады.
– Үйдөгүлөр... эч кимиси жокпу?
– Жок дедим го, – авасынын арка жакта көзү кадалып тиктегенинен улам кыз да тетири караган бойдон ишин улай берди. – Турсун авамдар балдарды кошо ала кетишкен Балыкчыга.
Абд-Саид автоматтын алдындагы чаңды сүртөм деген Барчындын өжөрлүгүнө көнбөдү. Баятан бери үй тирлигинен жаны тынбаган карындашын чындап эле аядыбы, же зыл таштай оор кир жууган автоматты ордунан козгоого көңүлү тартпадыбы, же үйдө киши жокто жылымтык мамилесин билдирмекке жароокер көрүнгөнүбү, айтор, Барчынды айланчыктап туруп калды.
– Андан көрө өзөк жалгаганга тезирек бирдеңке камдачы, – алыс сапардан обору ачылып келген Абд-Саид чарчагандай үн катты.
– Азыр, ава. Аз эле жери калды күзгүнүн. Кухняга түшө бериңиз. Муздаткыч толтура. Баары даяр. Чай кайнай калары менен түшүп барам.
Абд-Саид үчүн бүгүн ээн үйдө Барчын менен өз эркинче дидарлашуунун удулу келип турду...
Абд-Саид – Турсундун балдарынын улуусу. Барчын – Турсундун аталаш агасы Жаныштын шаарда билим алып жүргөн кызы. Музыкалык училищада окуйт. Авасынын үйүндө жашайт.
– Бангладеште канча айлап жүрдүңүз? Кооз шаар болсо керек ээ? – сыйкырдуу жомоктогу аталыштай угулган Бангладеш туурасында үйдө айтылган кептерден улам кулагы чалганы болбосо, ал кандай шаар экени Барчынга табышмак.
– Мурдагы барганым менен кошкондо... Кана, канча ай... – Абд-Саид ичинен күбүрөндү. Бирок канча ай жүргөнүнүн эсебин таппады. Жооп ордуна колундагы рюкзактын чөнтөгүнөн сууруп чыккан сырты кооз флаконду Барчынга карматты.
– Вау! Ыракмат, Абд-Саид ава! – колундагы флакондун жытына магдыраган немедей көздөрү чылк жумулду. – Мурунку апкелип бергениңизден да укмуш экен мунусу, – маашырлана кайра-кайра жыттады. – Жүрүңүз тамакка.
Экөө ылдыйкы кабатка түшүп, Барчын үстөл үстүн жайната салды.
– Каяктан келген устукан? – Абд-Саид дасторкондогу кашка жиликти жактырбагандай, колунун сырты менен үстөл четине түртүп койду.
– Кечээ Турсун авам менен жеңем куран окуткан жерден апкелген устукан, – илбериңки жооп берди кыз. – Демек, бата кылынып союлган мал да... Жей бериңиз… адал тамак, – Барчын кашка жиликти авасынын алдына кайра жакындатты.
– Мага мөмө жемиштер эле жетет, – Абд-Саид адатынча үстөл үстүндөгү тамактардын кайсынысы адал-арам экенине көз жүгүртүп алды.
Авасынын белегине көңүлү жайдарыланып турган Барчын үстөл үстүнө коон-дарбыз коюп, тилип баштады.
– Коонду жакшы көрчү элеңиз, келиңиз, алыңыз, – коондун чоң тилимин авасына жылдырды.
А тиги «жебейм» дегенсип баш чайкады да, сабыры суз түшүндүргөнгө өттү:
– Алдагы бычагың менен жакшынакай жемишти сен макүрө кылып салбадыңбы.
Барчындын эки көзү тостоюп, авасынын алдында чоң күнөө кылгансып чочулады. Дасторкондогу нанды да дал ушул бычак менен кести эле да. Нанга кол тийгизбей отурган авасынын мынтип айтканынан жаш кыз бүшүркөй түштү.
– Бычак таптаза, Абд-Саид ава!
– Макүрөнүн баары дал ошол бычакта, – деди оозундагы жүзүмдүн ширеси ээгиндеги сакалы ылдый жүгүргөн авасы.
– Бычак ысык сууга таптаза жуулган, – Барчын чын дилинен бычактын таза экенин далилдегиси келгендей, жаңы жуулган идиш-аяктар тарапка кол жаңсады, – Карасаңыз, баары жуулган.
Үй ичи мизилдеп таптаза эле.
– Идиштерди сен канчалык таза жууба, булар макүрө.
– Кантип? – Барчын таңыркай карады авасына.
– Силер муну менен канча жолу колбаса кесип жейсиңер?..
Кыз үндөй албады. Өзүн күнөөкөр сезди. Такыба мүнөз болуп бүткөн авасына башка эмне аш берерин билбеди.
– Чайыңыз муздап калды, ичиңиз, – жарытылуу тамак жебей отурган авасына чебелектеп жиберди.
– Крандагы суудан эле куюп берчи, – авасы алдындагы чай чыныны четке жылдырды.
– Муздак сууданбы? – таңгала сурады. – Чай ичпейсизби андан көрө... Же кофе берейинби? – алапайын таппады кыз.
– Кофе – мусулман баласынын суусундугу эмес, – кесе сүйлөдү, – аны те илгери эле Мекке шаарынан чыккан улуу аалымдардын бири кофе адамды маң кылар ичимдик экенин айткан. Ал эмес кофе саткан адамдарга жаза колдонуп, кофе сатылган жайларды өрттөгөн. Ал да адамга спирттик ичимдиктей зыяндуу. Сен аны ичпей жүр.
– А сиз мурда кофе ичип жүрбөдүңүз беле?
– Мурдагылар билбестиктен да... Пенде баласынын билип-билбеген күнөөсүндө санак жок.
Абд-Саид динаяттардын улам жаңысынан баян курган сайын, жаш кыздын башында туман пайда болду. Авасынын айткандарында чындык бардай муюп отуруп, о бир далайдан кийин узаткан соболу:
– Бангладеште эмнени окутат?
– Илим... – Абд-Саиддин ар дайым ата-энесине берген чолок жообу да ушул.
Авасынын кандай илимге баш байлаганына Барчын түгүл үйдөгүлөрдүн эч кимиси жеткиликтүү түшүнө элек. Бул суроого келгенде Абд-Саид менен ата-энесинин ортосунда нечен курдай түшүнбөстүктөн кайым айтыш тутанган. Бангладеште алып жүргөн илими кийинчерек ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени бөлүп салган коргонго айланды.
Үйдөгүлөр Абд-Саид эмне болгон илимдин артынан жүргөнүн сөз кылгандан да; өзүнүн Абыл аттуу ысымын Абд-Саид кылып алганына ата-энесинин күйбөгөнү күл. Аларды бушайманга салган маселе ушул.
Күндөрдүн биринде эле айтпай-дебей жоголгон Абыл үчүн ата-энесинин ичкени ирим, жегени желим болду. Адегенде өз жамаатын ээрчип даватта жүргөндүр дешти. Сакалын топоздун чолок куйругундай өстүрүп, узун этек чапанын жонунан түшүрбөгөн динаятчы болуп чыга келген уулунун жүрүм-турумуна эне-атанын айласы кетти. Анын бул адаты үйүндөгүлөргө бара-жүрө көнүмүш да болуп баратты.
Жумалап, кээде бир-эки айлап дабатка кеткенине тынчсызданган ата-энеси Абылга жакшы да айтышты, жаман да айтышты. Эрезеге жеткен бала өзүнүкүн бербеди. Жайына коюшту: мүмкүн мунун баары убактылуудур деген кур үмүт жетеледи эне-атаны.
Бу жолу үчүнчү айга жоголгону Турсун менен Закендин санаасын санга бөлдү. Кудай уруп Сириядагы согушка кетип калбагай эле деп жүрүштү. Иликтеп сураштыра келгенде, диний жамааттын жаштары Бангладешке илим алууга кеткенин уккан ата-эне «өх» деп жандары жай алгансыган.
Акыры аман-эсен келди. Келгени курусун, кандай илимдин жолуна түшкөнүн тыңгылыктуу түшүндүрбөдү. Илимдин доктору делген атасы өз уулун кепке тарталбай, ата-баланын ортосундагы масилет илимдин учугун чубачу кепке жакындабады. Сөз экөөнүн чыры менен аяктамай болгондо, аргасы түгөгөн атасы кургур кепти ичкелентти:
– Болуптур балам, илим жолуна түшкөнүңдү кантип колдобоюн. Бирок сеники эмне багыттагы илим? Араб тилин үйрөнүп атканың жакшы. Колуңдан келсе ошол араб тилин жеткилең үйрөн. Биздин Илимдер академиясындагы араб кол жазмаларын окуп түшүнгөн киши аз. Тил үйрөнсөң, тарых булактарын ачар эмгектерди жараткың бардыр, кагылайын. Мен колдойм мунуңду. Бизде бирөө-жарым араб тилин өздөштүрүп, кыргыз тарыхын казып чыгар күн кана. – Турсундун бул кебине Абылы да ынагансып, ата-бала бири-бирин түшүнүшүп калганда, дагы кудай урду.
– Ата, мени мындан ары Абд-Саид деп чакыргыла... – десе болобу.
– Ой, айланайын, уулум! – деди муну укканда заманы куурулган Турсун, – ар кимдин азан чакырып коюлгандагы ысымы ыйык ко. Бу эмне дегениң?!
– Устазым мага Абд-Саид деген ысым берди.
Эң күйгүзгөнү ушул болду Турсунду.
– Устазыңдын оозун урайын ошо. Өз атаң мен молдого азан чакыртып ыроологон ысымга асылгандай анын кандай акысы бар?!
– Акысы бар, – уулу муну кесе айтты.
– Кандай акы?..
– Ата, уксаңыз... – деди тоң мүнөз күтүп калган уулу, – шариятта айтылат, эгерде ата-энең намаз окубаса, алардын айтканын аткаруу парз эмес. Апам экөөң намаз окубаган үчүн...
Уккан кулагына ишенип-ишенбей чаңырды атасы:
– Атаңдын гөрү-ээй, өз канымдан жаралган баламдын оозунан угар кеппи ушу?!
Ичи тытылган Турсун ордунан тегеренип кетти. Көзүнөн жашы каканактап айланды. Көкүрөгүн өрт чалды. Артынан жабылган каалга карсылдап, дубалдар силкинип, терезелер шалдырады. Зиркилдеген боюн кармана албаган Турсундун тили күрмөөгө келбей булдуруктап, дикилдей чуркап короого жөнөдү.
Баятан уулу менен күйөөсүнүн ортосунда болгон кепти кухнядан кулагы чалган Закендин да каңырыгы каңтарылып, Турсундун артынан калбай сыртка чыкты бышактап. Бул кепти ал мурда да уккан. Өз атын Абд-Саид деп алмаштырар болгон уулуна жалдырап: «Мындай жоругуңду атаңа угуза көрбө» деп кокуйлаган.
Ошондон бери өзү да чок жуткансып ичи өрттөнүп жүрбөдү беле. Акыры мынтип атасынан да айбыкпай калган уулуна эне кургурдун жүрөгү бырчаланып, күйпөлөктөп күйөөсүнүн жанына барды:
– Ичтен чыккан ийри жылан деген ушул тура! – сай сөөгү зыркыраган Закен эшик алдындагы дөңгөчтө үңкүйүп отурган Турсундун жанына көчүк басты. Күйөөсүнүн алдында өзүн күнөөлүү сезген немедей, айласы куруду. – Өзүңдү аячы эми, – үнү каргылданган Закен күйөөсүнүн башынан сылады.
Эрди-катын жалдырап отура беришти короодо. Тукумдан көрөр ишпи бу, жатындан көрөр ишпи? Кымыздын үрпү бишкектен да, сабадан да бузула тургандай шек болгон эмес эле го. Уютку неден бузулду? Тарбияданбы? «Жок!» – дейт буга эки бүтүн эрди-катындын ойлору. Закен менен Турсун башкадан танса да балага тарбия-таалим берүүдөн жаза тайгандай болгон жок ко. Экөөнүн санаадан салбыраган баштарына не гана ойлор келбеди. Эрди-катын ортосунда бирине бири оодара салар кенедей доомат жок көрүндү.
Закендин жатынынан күмөнсүй турган кымындай доомат жок эле Турсунда.
Эр бүлөсү Турсунду тукуму бузук тексиз дээр наалат жок эле Закенде.
Турсунчу, Турсуну да төркүнү нарктуунун төрүнөн алды эле колуктуну.
Закенчи, Закени салттуу журттун эр жигитинин босогосун аттап, экөөнүн көшөгөсү көгөргөндөй болду эле...
II
Барчын Абд-Саид авасын тамактандырып отуруп, акыркы эки-үч айдан бери үйдө болгон жаңылыктарды кобурап берип, жеңеси Закен онкология борборуна көрүнүп жүргөнүнөн кеп баштады.
– Жеңемдин ашказан жарасы жайылып кетиптир. Турсун авамдын да басса-турса санаасы жеңемде. Жакында химиотерапия бөлүмүнө жаткырылмай болду, – деген Барчындын өңү бозала сустайды.
Апасынын ал-абалын Бангладеште жүрүп эми угуп отурган Абд-Саиддин башы шылк дей түштү. Апасы куландан соо жүрүп эле онкология борборуна күнү түшүп калганы – жүрөгүнө тынчтык бербеди.
– Диагнозун эмне деп аныкташыптыр?
– Метастаз стадиясына жеткен үчүн Турсун авамдын тынчы кетип жүрөт. А жеңем өзү билелек муну.
– Операция кылса болот бекен?
Барчын башын чайкады:
– Анда операция үстөлүнөн турбай калышы мүмкүн дешиптир. Бир гана химиотерапия жолу оң дептир врачтар. Турсун авам кийин абыдан чүнчүп, өзгөрүп да кетти, – Барчындын көзүндө мөлтүр жашы жылт-жулт эте түшкөнүн көргөн Абд-Саид апасынын өтүшүп кеткен оорусу үчүн кабыргасы кайышып отурду.
– Муну эч кимге угузба деп, авам магеле айткан... – деп шашылыш кошумчалады Барчын.
Үч айдан бери үй босогосун жаңы аттаган Абд-Саидге Турсун авасынын туюкта кармап жүргөн сырын байкоостон айтып алганы үчүн жаш кыз чочугандай алдастай түштү кайра. Бул кеп анын оозунан өзүнөн өзү чыгып кеткен эле.
– Мени айтты дебеңиз ээ... – жалооруй тиктеди.
Авасы «айтпайм» дегенсип баш ийкеңдетти да, колундагы телефонун көпкө тиктеп отурду. Бир убакта телефондогу тизмелерден кимдир-бирөөнү издеп тапты көрүнөт, акыры чалды.
– Апа-ов, кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз жакшыбы?
– О-оу балам, сенсиңби? Кайдан чалып атасың? Кыргызстанданбы?.. – телефондо апасынын жетиналбай турган үнү жаңырды. – Сенин коңгуроо үнүңдү канча күттүм, кагылайыным... – Телефондон апасынын бышактап ыйлаганы угулду.
– Үйдөн чалып атам, апа.
– Мунуң дагы жаңы номурбу?.. Канча номур алмаштырдың деги?.. Алмаштырбачы болду. Мурдагы эки-үч номуруңдун бирөөсү да жооп бербегенинен... атаң экөөбүздүн канча айлабыз кетти. Мэ, атаң сүйлөшкүсү келип чыдабай… телефон талашып...
– О, тегеренип кетейин уулум! – атасынын ыйламсырап каргылданган үнү угулду.
– Вассалом алейкум, ата...
– Алейкум салам, кагылайын. Качан келдиң? Үйдөсүңбү?
– Үйдө отурам.
– Үйдө болсоң, бүгүн эле жетип барабыз. Аман-эсен келгениңе шүгүр деп түлөө өткөрөлүчү... – атасынын кубанычы чексиз эле.
– Ооба, азыр эле чыгабыз, – ары жактан апасынын үнү угулду.
♦ ♦ ♦
Өмүрүндө машинени катуу айдабаган Турсун Балыкчыдан чыкканда эле газды тепти. Демейде машиненин жай жүрүшүнө көнгөн Закен да күйөөсүнүн учуруп айдаганынан чочулап «акырындат» дебеди. Абылдын соңунан кеч төрөлгөн Аскат менен Салтанаттын болсо машиненин зымыраган ылдамдыгына көңүлдөрү шат. Ал экөөнүн көздөрү теребелге сук артып, тоо-таштуу талаада. А эне менен атанын көңүл көйү – санаага салган үйдөгү балада...
Мелтейип үндөбөгөн Турсун менен Закендин көздөрү – алдыларындагы чубалжыган жолго кадалганы менен, ой-санааларында – үйдөгү Абылдын жүрүм-туруму...
Абыл Турсундун да, Закендин да көздөрүнөн учуп жүргөн кез эле.
Эненин даргөйү – көзүмдүн тирүүсүндө уулум үйлөнүп-жайланып, турмушта өз ордун тапканын көрүп өлсөм дейт. Көз алдында жол түрүлгөн сайын, ой түрмөгүнө о качанкы кез келет...
Турсун экөөнүн тун уулу Абыл анда үйдөгү жападан жалгыз сүймөнчүк. Наристе төрт аяктап жөргөлөп, тили чулдуруктап ар нерсени быдылдайт. Кээде өз алдынча кас-кас туруп алса, там-туң басып үй ичинде тегеренип жүргөнүнө ата-энеси курсант. Сырттагы ит үнүн укса, аны туурайт – «ав-ав-ав». Тоок кукулуктаса, «ку-ку-кулап» тоок боло калат өңгөчүн тартып. Шаар четиндеги айылда оюн салган козу-улактын эмчек шимигенин көрсө, өзү да энесинин эмчегин сүзгүлөп эмген өнөрү бар.
Ошондой күндөрдүн биринде каргаша басты. Наристе терезе жакка барып эле тооктун үнүн туурагансып өңгөчүн тартып кы-кы-кылап калбаспы. Чакагансып бир жөтөлүп алды да, кокосун мыкчып жыгылды. «Апа» деп чыңырганга жарабады. Закен ордунан ыргып туруп, чүрпөсүнүн оозунан кызыл кочкул көбүк акканын көргөндө – жүрөгү оозуна кептелди.
– Кокуй күн эмне жуттуң?!
Наристенин колундагы оозу ачык марганцовканы көргөн Закендин денеси ток ургандай дүр этти. Бир аз мурда чүрпөсүнүн денесине кычыткы жукпасын деп, чылапчындагы сууга бир чымчым марганцовканы аралаштырган бойдон балээ баскырдын флаконун баланын бою жетпеген жерге коюш эсинен тарс чыгып кетиптир.
Турсун экөө баланын оозунан кочкул кызыл шилекей агып кыйкылдаганына карап турмакпы, туш келди чуркап, не кыларын билбеген кургурлар тез жардам кызматына телефон чалышты. Врачтар жетип келгиче жаны кыйналган наристеге сүт жуткургандан башка ылаажы табышпады.
Ошол күндөн баштап Турсун менен Закен үй бетин көрбөдү, шаардык ооруканада күнү-түнү кезектешип, Абылдын көзүнүн агы менен айланып калышты. Оорулуу наристенин марганцовка күйгүзүп кеткен кызыл өңгөчү пластмасса түтүгүнө алмашылып, Закен үчүн чүрпөсүнө тамак берүү зээнин кейитчү. Анысынан да эмчек сураганычы. Оозунан эптеп жуткузулган тамак-ашка наристе алымсынмакпы, эне сүтүн эңсейт. Эмчек сором деген ишаратын туюнтат, ага энеси көнбөйт:
– Аба соруп аласың, врачтар бизди урушат анан, – дейт жалооруй тиктеп.
Закен эмчегинин үрпүн чыныга тосуп саап, жылуусунда чүрпөсүнө жуткурат, ага алымсынбаган чүрпөсү энесинин көкүрөгүн уучтайт. Эмчекти колдорунун учтары шимигенсип мыжыктыра кармагылайт. Мурдагысындай чыр салып ыйлагысы келет, кайра кызыл өңгөчү кыйкылдап ооруганынан – үнү тез басылат.
Эмчек сорсо кызыл өңгөчү оорута турганын наристе сезими туят, асыресе, эне сүтүн эңсеген обору курутат кайра: кокосуна салынган түтүгү козголот. Ал түтүктөн коркот бала. Шилекейин күрмөгөндө да түтүк ордунан жылган сайын үнү кыңкыстайт.
– Тамак-ашты аярлап жедиргиле, – деген врачтар Закендин балага эмчек эмизүүсүнө тыйуу салып коюшкан. – Эмчектин сүтү менен бирге муздак абаны соруп алат, – дешет ар убак.
Дарыгерлердин айтканын тили чыга элек чүрпөсүнө түшүндүрө алмакпы...
Баланын өмүрү үчүн ата-эне эки жыл күрөштү. Наристенин ашказанына тамак жеткирүү эки жыл бою пластмасса түтүгүнүн жардамы менен болду. Чымчып алса үзүлүп калчудай жука, үлбүрөгөн тери кармап турганы болбосо – наристенин тулку бою скеледден эч айырмасы жок эле.
Эки жылдан соң наристенин тили чыкты. Күлкүсү чыкпады. Тун наристенин күлкүсү кандай экенин энеси да, атасы да уккан жок. Кышылдап бирдеңкелерди сүйлөйт. Угулуп-угулбайт. Эрдинин учу гана кыбырайт.
– Апа, мен өлбөйм ээ? – тили чыккан күндөн эле наристенин өлүм деген сөздү кайдан угуп, кайдан үйрөнгөнүнө энесинин да, атасынын да акылдары айраң. Жүрөктөрү тилинет.
– Кайдагыны айтпачы, балам, – эненин сай сөөгү сыздайт.
Керебетте сулкуюп жаткан Абылдын тулку бою мурдагыдан өсүп, кызыл өңгөчтүн милдетин аткарар пластмасса түтүгү да баланын кокосун кысып баштады. Экинчи операциянын мөөнөтүн чыдамсыз күтүштү. Операция жасалды. Пластмасса түтүгү гана алмашылганы болбосо, оорулуунун мүшкүлү алмашпады. Дагы эки жылдан кийин улана турган үчүнчү операциянын кезегин күтүп жүрүштү. Ай, жылдар өткөн сайын Абылдын тулку бою өсүп, баланын пластмасса түтүгүнө күнү түшөр тагдыры улана берди.
– Мен өлбөйм ээ? – наристенин күндө берген көндүм суроосу бул.
– Эч качан өлбөйсүң, балам! – энеси менен атасынын күндө айтылган көндүм жооптору бул.
Наристе акыры көз жумду. «Эч качан өлбөйсүң, балам» дечү эне-ата кийинки төрөлгөн эркек уулдун жарыкка келишине кубанып, оорудан көз жумган Абылдын ысымын жаңы төрөлгөн наристеге оодармакка – молдо чакыртышты да, Абыл деп азан чакыртышты.
Ал Абылы азыр Абд-Садид болуп алганы...
III
– Ата, Абыл байкем үйдө бекен? – артта отуруп келаткан Салтанаттын үнү Турсундун кулак түбүнөн жаңырды.
– Атаңды жолдон алаксытпа, – Закен Турсундун ордуна жооп кайтарды: – Ооба, үйдөмүн деген үчүн келатпайбызбы, кызым.
«Атаңдын гөрү-эй, адам баласы эмнеге тукум күтөт?» – өз суроосуна өзү жооп таппайт Турсун. Ичинен күрсүнөт. Уулу эрезеге жеткен соң, ата-эненин тапкан мураты шулбу? Уулдан убайым көрөр жашоо ыракаты кайсы? Абылын дээринде данек бардай медер тутунчу эле го. Кенедейинен зээндүү көрүнгөнсүгөн баласы мынтип мөртү келгенде мөгдөтөрү оюна келсечи бир. Бөпөлөп өстүргөн баласынан жакшылык күткөнү кана? Катын-балага камкор десе камкор, табышкер десе табышкер ата болгон жокпу? Болду.
Чекесинен чыпылдатып тер төккөн кара жумуш болбосо да, акыл эмгеги менен тапты. Айрым шумпай-шумдуктуу көрченгел окумуштууларга окшоп бирөөнөн пара жебеди, бирөөнүн илимий мээнетине энчилик кылганы жок. Өз акыл, өз билими менен илим даражасын коргоп келди. Турмуш-тирликтин жетишсиздиги желкеден баспай койдубу? Басты. Андай кезеңде ордунда маталып калбады, бир эмес эки-үч жерде иштеп үлгүрдү.
Окумуштуулук түйшүгү жарытпасына көзү эрте жетти: күндөп-түндөп көжөлүп, далай мекемеге репетитор да, консультант да болду. Карандай мээнети менен катын-балдарынын камы үчүн бүйүр эле го, турмуш тартыштыгы башына түшкөн күнү студент кезинен өз алдынча үйрөнгөн англис тили аны даркан даражага жеткирди. Мээнеттин дөөлөтүн көрдү ошондон.
Узак жылдар бою репетиторлук түйшүктүн аркасы менен жаштарга багыт көрсөтүп окутту. Ошол жаштардын алды Европа, Батыш өлкөлөрүнөн билим алып келишти. «Кой-айга» болбой акыбетин кайтарышты алар. «Бизге билим деген дөөлөт-мурастын жерпайын сиз түптөп бергенсиз, агай», – деген окуучулары аны ой-боюна койбой, эки кабат үй куруп берип киргизип салышкан. Болбосо үй курат элем деп өзүнүн бели оорубады, колу жоорубады. Үй курууга муктаждыгы деле жок эле, өкүмөт берген үч бөлмө үйүнө көңүлү курсант болучу ансыз да.
Өзүнүн эң идиректүү окуучуларынын саны арбын болду да, а жеке өзүнүн баласы жетесиз болуп чыкканына башы маң азыр...
Эмнеге өз канынан жаралган Абылга караганда бөлөк-бөтөндүн балдары менен ата-баладай ынак? А неге медер туткан өз уулу менен тил табышуу оорлошуп кетти? Болбосо Закен экөөнүн тагдырында баары төгөрөгү төп келишип эле турат ко.
Бала балалыгын кылбай коёбу: уул-кызы чегинен чыгып баратканда эрди-катын экөө керектүү маалда тымызын, өз ара: «Эненин күчү – жүрөктө, атанын күчү – билекте» дешер эле. «Уулуң менен өзүң сүйлөшүп, какыс-кукус кылып аталык сесиңди бирар көрсөтүп кой», – деп нукулап турар эле Закени. «Кызың чоңоюп келатат, тастаңдаганын тый», – деп кызына берер нускасын Закендин оозу менен айттырар эле эр бүлө.
Закен мектепте химия мугалими, жөн эле мугалим эмес, күйөөсү айтмакчы, «эл агартуунун отличниги». Ал эми Закендин бучкагына теңелбес мугалимдин көбү эл агартуунун отличниги. А Закендин эч кандай ырасмий наамы жок.
Начар окугандарынын кээсин үйүнө алып келип окутчу. Ар бир окуучусунун зээнине жеткире түшүндүрмөйүн жаны тынбаган жайы бар. Окуучуларын кээде химия сабагы менен катар бөлөк кошумча сабактарга да кызыктырып ийген Закен менен Турсундун биргелешип иштеп чыккан усулдары бар. Үйгө келип кошумча тапшырма алган окуучуларынын бирин-экини бара-бара Турсунга да имерчиктеп тартылып кетишти. Алар химия сабагы тургай англис тилин үйрөнүүгө кызыгып, алар үчүн Турсун менен Закен жөн гана мугалим эмес, ата-энедей мейирман доско айланышты.
Экөөнүн ошондой окуучуларынын бири Жалилдин кейиштүү тагдыры болду. Мурда сабак окуй албагандыгы үчүн эки жолу классынан калган, тартибине эч бир мугалим чыдай алгыс Жалил аттуу бейбашты Закен бир күнү үйүнө ээрчитип келди. Адегенде өтө тартынчак баланын курсагын тойгузуп, анан сабакты баштады.
Балага биринчи күнкү түшүндүргөндөрүнөн эч майнап чыкпады. Көрсө, Жалил химия сабагын түшүнмөк тургай, 36 тамганы эжелеп араң окуйт экен. Закен анан Жалилге химия сабагын эмес, кыргыз тили менен кошо грамматикасын кайра баштан окутууга белсенди.
«Биздин үйгө күндө келбесең болбойт, Жалил...» – деген жароокер мугалим ал күнү «Ата-энең барбы, алар кайда?» деп сурабаганы ырас болду тартынчак балага.
Жалил үчүн бөлөк-бөтөн адамга өз ата-энеси тууралуу түшүндүрүп берүү – өзү билбеген сабактан да оор, эң татаал баш катырма суроо...
Кийинчерек Закен эжейинин мамилесине көнүшүп, кыргыз тилинин грамматикасын тез эле өздөштүргөнү – химия сабагынан да далалат кылдыра баштады. Баланын зээндүүлүгү Закенди кубандырды. Эң начар деген окуучусу башкаларга окшоп берилген тапшырмаларды чечүүгө аракети күчөгөнүн байкап, кошумча тапшырмаларга кызыктыра берди.
Жалил да кээде өзү суранып, Закен эжейинин үйүнө келгенден тартынбай калды. Асиресе анын кол туткактык өнөрү бар экенин Закен кайдан билсин, Жалил кээде үйдөн ар нерселерди кымырып кетерин байкабай жүрдү.
Бир күнү үйдөн анча чоң эмес суммадагы акча жоголду. Турсун менен Закен үйгө келип-кеткен окуучулардын кимисинен көрүштү билишпеди. Баштары катты. Ууруну колдон кармап албаган соң, айыпты кимге коюшмак... Үйгө үйүр алып көнүп калган окуучуларын келтирбей коюуга да мүмкүн эмес эле.
Турсун да, Закен да үйдөн акча жоголгону туурасында окуучуларынын эч бирине ооз ачышкан жок. Сыр билдирбей жүрө беришти.
Турсун ал күнү базар аралап жүргөн. Кыштын ызгаарында күрсүйгөн милийса тестиер баланы азоо кулундан бетер кулактан кармап алып, чыңыртып жетелеп баратканын көрүп калды. Кайдан-жайдан дагы экинчи милийсасы пайда болду.
– Чөнтөгүмө кол салып, намыянымды жулуп баратканда кармап албадымбы, жашабай калгырды! – милийсанын артынан эпилдеп ээрчиген аялдын үнүн эшиткендер жол буулгандай түртүшүп токтоду.
Турсун көпчүлүктүн арасындагы чуру-чуу болгон жерден тезирек алыстамак болду. Ордунан бир саам узагандан кийин «Бөбөгүмдүн бут кийими жыртылып калган үчүн алгам…» деген тестиер баланын үнүн угуп, ичинен кейиди: «Бут кийимиң тар болсо, дүйнөнүн кеңдиги курусун».
Турсунга шүмүрөйгөн тигил тестиер баланы чөнтөкчүдүр дегенге караганда, мүмкүн чыканактай болсо да бир үй-бүлөнү багып жүргөн тирикарактыр деген ой келди. Негедир тестиерди ууру туткусу келбеди. Сырттагы кыштын ызгаарынан мурда турмуштун ызгаар суугуна кабылган тагдыры тайкы наристе экенин баамдады.
Артына кайра кайтты. Үйгө туз ала кетүү эсинен тарс чыгып кетиптир.
Артына кайра кайрылган анын башынан «Мүмкүн, атасы же апасы жок жетимдир; а балким атасы да, апасы да бар туруп тирүү жетим калган кароосуздур; а мүмкүн турмуш тартыштыгынан аргасыз чөнтөкчүлүккө үйрөнгөндүр» деген ой келди. Ушул ою менен тигиндеги чөнтөкчү тестиерге жан тартып болуша турган болду.
Тигилер баланы дикилдетип жетелеп жөнөштү. Турсундун басыгы ылдамдап, эки милийсанын артынан жетип барды шашкалактап. Базардын башынан аягына чейин каршы-терши чубурган элден уялган тестиердин милийса чымчып толгогон кулагы жаак эти менен кошо чоюлуп, манаттай кызарып чыгыптыр. Турсундун боору ачып кетти. «Атаңдын гөрү-ү заман, эй!» – деди кейип.
Негедир элдин казынасын тоногон Акүйдөгү чоңдор так ушул тестиердей болуп колго түшпөгөнүнө жаны кашайды. Милийсасы дикилдетип жетелеп бараткан баланын өңү көзүнө жылуу учурады. Жакындай бергенде тааныды, – Закендин үйгө ээрчитип келип жүргөн окуучуларынын бири! Бирок атын дадил билбейт эле. Баланын аты-жөнү тил учунда тургансыды, эстей албады.
Эки милийсанын алдын торой басты.
– Жолдош, сержант, токтой турсаңыз... – баланын кулагын айоосуз чойгон милийсага кайрылды.
Тигилер тык токтоду.
– Сиздин балаңызбы? – Сержанттын экинчиси Турсунду кошо колго түшүрчүдөй өктөм сүйлөдү.
– Ооба... – оозу бош жооп берди Турсун.
– А бу шүмшүк атам-апам жок дебедиби?! – үстү-башындагы кийими салабаттуу Турсунга көз кадады экинчи милийса.
– Жигиттер! – деген Турсундун үнү олуттуу угулду, – баланы күчкө салып адам кыла албайбыз...
Муну уккан сержант туткундун кулагын коё берип, тестиерди билектен алды.
– Бул баланы тааныйм. Үйүбүзгө келип жүрөт эле... – деди демиккенин баса албай.
Турсунду тааный койгон баланын башы жерге шылк дей түштү. Көздөрүн ала качты. «Милийсаларга бул да арызданып, үйүнөн мен уурдаган акчанын сурагы…» деген сала-сал ой келди башына.
– Ата-энеси бар-жогун билбеймин, бирок кароосуз бала болсо керек... – көкүрөгү кыраакы Турсун базардан сатып алган көтөрүнчөктөрүн жерге коё салып, оң колу менен тестиердин маңдайын сылай, балага кайрылды: – Атың Жалил беле?..
Баланын башы жерге кирип кетчүдөй ылдыйлай берди.
– Жооп бербейсиңби! – корсулдай үн катты милийсанын бири.
– Ооба, атым Жалил деген бизге, – Турсундун кебин улук сержант бышыктады.
– Бу киши ким болот сага? – бош колу менен баланын ээгин жогору каратты милийса, – Таанайсыңбы?
Бала «тааныйм» дегендей башын ийкеңдетти.
– Баланы азыр кайда алпарасыңар? – Турсун салабатынан жазбады.
– Пунктка.
Турсун милийсалардын артынан калбай пунктту карай ээрчиди.
– Жалил, – деди арттан ээрчиген Турсун, – болгонун болгондой айтчы бизге... Эмне кылдың эле?
– А сиз ким болосуз буга? – деди жүрүшү жайлай түшкөн милийса артына кылчайып.
– Кандай десем эми... – Турсун не дээрин билбеди.
Пунктка келип жайгашкан соң Турсун өзүнүн жөн-жайын түшүндүргөндөн баштады кепти. Чөнтөгүнөн күбөлүгүн алып чыгып, өзүнүн окумуштуу экенин түшүндүрдү тартип сакчыларына. Баланы мындан ары өз көзөмөлүнө ала турганын билдирип, бир барак кагаз алып милийсаларга кепилдик жаза баштады.
– Байке, биз адегенде баланын өзүн суракка алып алалы, – деген улук сержант Жалилге корсоңдоду. – Атаң, апаң барбы?
Бала жер карап үндөбөдү.
– Ата-энең барбы-жокпу деп атам?!
Бала жооп бергиси келди, бирок не деп айтарын билбеди. Өмүрүндө бул суроого өзү да нечен ирет жооп таба алган эмес…
– Атаң же апаң барбы? Экөөсүнүн бирөөсү бардыр жок дегенде... – милийса жумшагырак мамиле кылганга өттү.
Бала бир чекитти тиктеген бойдон, жооп айтууга илебин камдады да, эрди билинер билинмексен бүлкүлдөп үндөбөдү. Ыйлап жиберчүдөй мыйыгы жыйрылып былкылдайт, бирок ый да, үн да чыгарар эмес.
– Буга окшогон бейбаштарды тарбиялоодо баарын четинен алып барып камай бергенден коом оңолуп кетпейт, жигиттер... – деди оор үшкүрүнгөн Турсун баладан көзүн албай. – Бул баланы тарбиялоону мага койгула…
Баланын көздөрү Турсунга жалт деп уруна түштү.
Улук сержанттын сурагы кайрадан башталды:
– Атаң барбы?
– Бар, – деди сустайган бала.
– Апаңчы:
– Бар, – деди муздак.
– Кайда алар?
– Москвада, – деди баланын улутунган үнү абада калтырап.
– Ата-энем жок дебедиң беле жанале...
– Бар... бирок...
Муну уккан эки милийса бирин-бири тиктеп, Турсундун кепилдигине макул болгонсуду. Тартип сакчылары мындан ары ууру кылбоону эскертип, баланы Турсундун колуна тапшырышты.
Жалилди колдон жетелеген Турсун пункттан алыстаган кезде өзүнчө күбүрөндү:
– Бул сенин эч кандай айыбың эмес, балам... – «Балам» деген сөздү өзгөчө тыбыш менен үнү титиреп айтты. – Бул сенин айыбың эмес, – дагы кайталады кебин.
«Бул сенин айыбың эмес» деген сөзүн кантип түшүндүрүп, кантип чечмелерин билбеди. Балага өз оозунан чыккан сөз маанисинин учугун кантип жандырууга кудурети жетпеди. Бул сөздүн артында «ата-энең күнөөлүү» деп айткысы келген жок, бирок бала ошентип түшүнүп калбасын деп сөз маанисин чечмелөөгө далалат кылып кошумчалады:
– Ушул жакырчылыкка алып келген мамлекетибиз күнөөлүү. Бизди башкарган чоңдор... Айыптуу ошолор!
Экөө бир далайга чейин үндөбөй барган кезде Турсун көчө боюндагы күркөдөн сникерс алып балага карматты.
– Жана милийсалардын көзүнчө «буга окшогон бейбаштарды» деп... бейбаш деп сени жөн эле айтып койдум... Сен бейбаш эмессиң... – деди баланын алдында актанып.
Бала босогону аттап киргенден тарта негедир Зейнеп менен Турсундун көзүнө тике карай албады. Көзүн жерден албай отура берди. Кужулдаган үйдөгү балдарга кошулуп ойной турган түрү жок.
– Кел, Жалил, ысык тамакка, – Зейнептин үнүн уккан баланын денеси чочугандан серпилди...
– Жүрү гой, – баланы Турсун кухняга жетелей кирди.
Курсагы ачып турса да алдына келген тамакка тап коё албады. Тартынып отурду. Мурда бул үйгө биринчи жолу келген күнү да мынчалык кысынган эмес. Баштагыга караганда эжейинин мамилесине көнүшүп калгансыган Жалил колуна кашык кармаса да, бирок кашыгын ысык тамакка сунбады.
– Суукта курсагың ачкандыр, тамакты ысыгында жеп алчы… – балага астыртан көз салган Турсун Жалилди эркелете баштан сылады эле, күтүүсүздөн бышактап ыйлап жиберди бала.
– Кечирип койгула...
– Ой, сен бизден кечирим сурагыдай эмне... – Турсун баланы моюндан кучактап өзүнө тартты.
– Үкамдын пальтосу жок... – деген Жалилдин өпкөсү өпкөсүнө тийбей буркурап ыйлап жиберди. – Мек…теп-ке бар…бай жү-рр-гөн... – бышактаган ыйын басып-басалбаган бала бирде улутунуп, бирде тыныга калат.
– Үкөңө пальто деле сатып беребиз, а ал кайда? – тынчсыздана кетти Турсун менен Закен жарыша суроо узатып.
– Пальтосу бар.
– Сен жок деп атпайсыңбы?.. – таңгала сурашты.
– Сатып бердим.
– О сен азамат турбайсыңбы... Үкөңө пальто сатып берсең...
– Мен силердин үйдөн уурдаган акчага сатып бердим, – баланын үнү чыйрала түштү.
Эрди-катын бирин бири тиктеп, «баланы айыптабайлы» деген ишарат менен эриндерин тиштенип, бирине бири көз кысышты.
– Сен анык азамат экенсиң анда. Үкөм мектептен билим алсын депсиң даа. Үкөм сабагынан калбасын деп алдың да акчаны, туурабы?.. Мындайды уурулук дебейт, – баланы актагысы келген Турсун күрсүнүп алды. – Уурулар сендей болбойт… Уурулар башка...
– Башкалар эмес, мен... – бала акчаны уурдаган тумбочка жакты көрсөттү, – тигинин ичинде турган акча...
– Ууру сен эмессиң дедим го, уктуңбу?.. Уурулар завод-фабрикалардын темир-тесегин Кытайга сатып, элди жумушсуз калтырган чоңдор! Сендейди ууру дебейт! – баланы аяган Закен менен Турсун Жалилдин алдында чебелектеп жиберишти.
– Сен ууру кылган жоксуң, – Закен да баланы сооротконго өттү. – Иче гой тамагыңды. Үкөңдү да биздин үйгө алып келип окутабыз.
Бала «макулмун» дегендей башын ийкең-ийкең шылкылдатып, өпкөсү өпкөсүнө тийбей буркурап берди.
– Бул сенин айыбың эмес, жокчулуктун айыбы, – жанараактан базардан келатканда балага жеткиликтүү түшүндүрө албаган Турсун баланын айыбын эми жокчулукка оодарды.
IV
Тагдыр ташпиши Жалилдин ата-энесин тентитип жиберген шоркелдейлер экен. Турсун менен Закен ал күнү Жалил ээрчитип барган жерге жөнөштү. Таяжемдин үйү деген тооккепедей эски үйдүн короосуна кире берген жерден колуна сабы чолок балта көтөрүп, мурдунун суусу куюлган бала жүгүрүп чыкты. Көкмуштумдай.
Үшүгөн колдорун оозунун буусуна такаган бала Жалил менен бирге келген чоочун адамдарга бүшүркөй карап, салам узатканга жарабастан жолдон четтей берди да, дөңгөчкө балтасын кайра шилтеп, отун жарганга киришти.
– Менин үкам бул... Аты – Капар. – деген Жалилдин үнүн эшиткен келин үйдөн чыга келип, калдастап калды.
Жалил болсо үкөсүнүн колундагы балтаны алып, дөңгөч менен алыша кетти.
– Арыбаңыздар, – короодон кирип келгендердин алдынан тосо салам узатты келин.
Меймандарга келиндин суроосу тил учунан чыкпады, көздөрү узатты суроону. Келин кош бойлуу эле.
– Мен... Жалилдин мугалими болом, – Закен мектеп мугалими экенин түшүндүрдү, – бул менин жолдошум, – деди Турсунга кол жаңсай.
– Келиңиздер, – илбериңки ийилип, үйгө киргиле деген ишарат кылды.
Ишарат билдиргени менен, күтүүсүздөн келген меймандардын алдында ыңгайсыз абалда буйдалып турду. Тоок кепедей үйүнө меймандарды өткөзгөндөн уялса да, улага ээси пейил көрсөтпөй коюуга ылажысы барбы? Босогого чейин келген меймандарды киргиле деш ооз учундагы даяр парз го. Парз үчүн айтты чебелектеп:
– Өтүңүздөр...
Сырттагы кобур-собурду эшиткен эки периште үйдөн жүгүрүп чыгышты. Моюндарына илинген мончок таштары да, өздөрү да айрып алгыс опокшош чийедей наристелер эгиз экени көрүнүп турат.
Мындай айрып алгыс окшоштукту Турсун менен Закен өмүрү кезиктирген эмес. Мончок таштар бирине бири кандай окшош болсо, экөөнүн тостойгон көздөрү, быйтыйган колдору, бүртүйгөн эриндери, чулчуйган жаактары, тармалданган саамай чачтары – баары, баары биринен бири айрып тааныгыс окшоштугу мейман көзүнө дароо илинди.
Үстүлөрүндөгү жамаачыланган кийимдеринен гана айырмаланбаса, экөө тең мөлтүрөгөн эки тамчынын өзү эле.
Мончок десе мончок таштай, тамчы десе тамчы суудай эки периштенин окшоштугуна үстүлөрүндөгү жамаачыланган кийимдери гана коошпой турду. Жамаачыланган кийимдерди эне кургур эки периштесин биринен экинчисин ажыратып тааныш үчүн кийгизбегендир, жамаачы кийимди жакыр турмуш кийгизген окшоду.
А моюндарындагы мончок таштар – эне кургурдун көз тийбесин дегенидир...
– Үшүйсүңөр, киргиле! – чебелектеген келин эки эгизге жүгүрдү. – Үйдү муздатасыңар, каалганы жапкыла, – периштелерин ары түртүп, каалганы шарт жапты.
Бул үй-бүлөнүн бирине тартса, экинчисине жетпеген тартыш жашоосун Закен да, Турсун да илгиртпей баамдады.
Үйүнө күтүүсүз баскынчы келгенсиген келиндин үнүн калтырак басып турду. Мугалимдин алдында өзүн айыптуудай сезип апкаарыган бечара арыда отун жарганга киришкен Жалилге карады:
– Дагы эмне бейбаштык кылдың экен мектепте?
– Жо-жок... Бу баланын эч кандай бейбаштыгы жок, – Закен жайдары маанайда жайкап сүйлөөгө өттү: – Сиз менен өз кишиче көзмө-көз сүйлөшөлү деп... Эч камсанабаңыз. Үйдөн эмес, шул жерден эле...
Келиндин шаштысы кетип, көзүндө жалтаңдык мүнөз жалт-жулт жанып турду.
– Мен да коркуп кеткенимчи... Дагы эмне балээ басты деп...
Каалга кыйчылдап, ээрчишкен эки периште сыртка кайрадан башбакты. Кыштын кычыраган суугунда каалганы улам-улам ачкан наристелердин чоочун адамдарга таңыркоосун ким тыймак. Алар каалгадан башбактаган сайын үй ичиндеги жылуулук сыртка качып, сырттагы ызгаар ичкериге жылчык талашканын көргөн Турсун менен Закен да ыңгайсыз абалга кептелишти.
– Үйдөгү жылуулукту муздатпай кирсе кирели, – Закен ортодогу ыңгайсыздыкты туюп, үйгө кадам шилтеди.
Үй ичи муздак эле. Келин быкшыган мештин үй жылыта албай атканын айтып күңкүлдөдү:
– Мору көөгө толгонбу... күйбөй быкшып. Отунубуз кургак болбой атабы же?..
– Азыр, анын жарасы жеңил, – Турсун сыртта дөңгөчтү дүңкүлдөтүп жаралбай аткан Жалилге жардам бермек болуп чыгып кетти.
Бир заматта кулачы толо отун кучактаган Турсун кирип келгенин көргөн келин жанын коёр жер таппай, чебелектеп жиберди:
– Кечирип коюңуздар... мейманга отун жардырып... Биз карале жерге кирсекчи... Жолдошум шарият жолундагы киши болгондуктан, дабатка кетип... – келин күнөөлүү немедей көзүн ала качты.
– Эч нерсе эмес. Камсанабаңыз, – айыл тирлигин көрүп өскөн Турсун мордун көзү толуп калганбы деп шектенди.
Адегенде мештин оозун ачып, мурда салынган отундар быкшып түтөгөнүн көргөндөн кийин, морду көөлөш керектигин түшүндү.
Чийедей балдары менен муздак үйдө тирилик кечирген кош бойлуу келиндин тагдырына кол шилтеп басып кете алаар эмес эми. Жонундагы пальтосун чечип, морду тазалоону ойлонду дароо.
Жалилге таптырып келген узун шыргыйдын башына керектен чыккан чүпүрөк сурап алды да, ага чүпүрөктүн айрыгын ороп жиберди эле – анысы селдеге окшоп калды. Чатырдын башына Турсун өзү чыкты. Морду төбөсүнөн ылдый бир заматта көөлөп болгондон кийин мештин алоолоп күйгөн оту куркулдайдын уясындай жалгыз бөлмөлүү үйдү тез эле жылытты.
Боркулдап чай да кайнады. Ал арада Турсун короодо болгон дөңгөчтөрдү карсылдата жарып, Жалил менен Капар жарылган отундарды бир бурчка тизип таштады.
Сөз кезеги келгенде баятан Турсун менен Закенден апкаарып отурган келин өз датын баяндап, бышактап берди. Жалил менен Капардын апасы өзүнүн бир тууган сиңдиси экенин айтып, тагдыры тайкы сиңдисинин чоо-жайына өттү:
– Орусияга жумуш издеп кеткен күйө балабыздын башын үйрүп алганбы, сиңдиме талак берип ажырашып, жандими бирөөнүн үстүнө кирип алыптыр… – деген келиндин оозун Жалил менен Капар таңгалгандай тиктешти.
Бирок ал экөө дин жолундагылардын талак дечү сөз маанисин кайдан түшүнсүн.
– Кийин ошоякта жүрүп... – келиндин көздөрү жээндерине жалт бир тиктеп алды да: – Баргыла, сөз тыңшабай... Короодо үйүлгөн карды көчөдөгү арык боюна ташып койгулачы... – деп тынып калды.
Таяжесинин айтканын толук уккусу келип турса да Жалил аргасыздан үкөсүн жетелеп, сыртка жөнөгөндөн кийин гана келиндин сөзү уланды:
– Ушул чыканактай эки жээнимдин атасы башка бирөө менен жашап жүрүп, уурулук кылган экен... Соттолуп кетип, азыр Орусиянын түрмөлөрүндө... Сиңдим болсо... Ал шордуубуз... Кийин башка бирөөнө турмушка чыгып... бактысын таппай жүрөт...
V
Турсун менен Закен Жалилдин жагдайын ошондо түшүндү. Ошондон кийин Капар экөөнү тең өздөрү менен кошо ээрчите кетишкен. Келинден болсо анда-санда кабар алып, каралашып жүрүштү.
Турсун да, Закен да Жалил менен Капарды асырап алууну чечишти. Өздөрүнүн үйүнө алып келген күндөн баштап, тарбия-таалим үчүн какшангандары бул болду:
– Билимсиз адам менен өнөрсүз адам ууру болуп чыгат!
«Бала тапкандыкы эмес – баккандыкы» дечү ата-баба накылы турмуш чындыгы болуп чыкты. Жалил менен Капар кийин Европа өлкөлөрүнөн билим алууга канат какса, өз уулу Абылдын турмуш жолу мынтип күйгүлтүккө салар болду го.
Жалил менен Капардын ийгилиги Турсундун бир эсе сыймыгын арттырса, бир эсе ичин күйгүзөт. Ичи күйгөнү – өз канынан жаралган Абылы бала күнүнөн эле тиги экөөндөй кыялкеч, тырышчаак болуп өспөгөнү.
Мурда өз курбалдаштарынан билими артта деген Жалил баарынан алдыга озуп чыкты. Мурда классынан артта калып келгенине арданганыбы: күнү-түнү тирмейип сабагынан баш көтөрбөгөн тестиердин билимге ынтаа койгон жөндөмү улам арта берди.
Өзү тургай үкөсү Капардын да зээнин ойготуп, китептен баш көтөрбөгөн тырышчак Жалил кийин интернеттин онлайн программасына байланды. Өз келечегин да, Капардын келечегин да онлайн аркылуу тапты. Жылдан жылга тест тапшырып жүрүп, акыры онлайн анын жолун Европага ачты.
Турсун менен Закенди баарынан таңгалдырганы – Жалил үч жылдан кийин 9-классты жаңы аяктаган үкөсү Капарды Прага шаарынын колледжинен билим алууга жол таап бергени.
Буга Турсун менен Закендин сыймыгы артпай коймокпу, биресе төбөлөрү көккө жетсе, биресе өз алдынча билим алууга аракети жок Абылдын жатып ичер жалкоолугуна арданышты. Ичтери күйдү. Ичтен чыккан ийри жыланга айланган Абылга чала молдолордун таасири ата-эненин нускасынан да артык көрүндү белем: университеттеги билимин таштап, Бангладештен билим алуу оозунан түшпөй калды.
Жалилдин мисалы ага үлгү боло албады. А Жалилдин аркасы менен бара-бара Турсундун колунан билим алган жаштардын көбү Европага билим алууга агылып кете берди. Абыл, диний билими менен чектелди. Турсунду арданткан, ызаланткан көй да ушул.
Агер Абылы диндеги асылдуулуктун жолун аңдап, маңызын тааныса – буга жан дилинен макул эле. Бирок уулунун диний догмаларды кайталаган тотукуш болуп чыга келгени – ата-баланын ортосундагы чатакка айланганын кантип басат?..
Баарынан күйгүзгөнү – үйдө Жалилдин ийгилиги кеп болуп калган учурда Абылдын түркөйлүк адаты кармайт:
– Койгулачы ошону, – дейт ата-энесинин кебин кыртышы сүйбөй, – бузулган Европа менен Батыштан кайдагы билимди алат? Аныңар еврейлердин шайтаны. Болбосо ага эмнеге бекер билим беришет?
– Болуптур ага Батыштагылар бекер билим берип “бузуп” атыптыр дейли, а өзүңө ким бекер билим берүүдө Бангладеште?! – жаны кашайган Турсундун айласы кетип туттугат буга...
VI
Өткөн-кеткен турмушту ой элегинен өткөргөн Закен менен Турсун үйгө да жетип келишти.
Дарбазанын ачылган добушун эшиткен Барчын үйдөн жүгүрүп чыкты.
– О келип калдыңыздарбы?
– Абыл үйдөбү? – уулунун үйгө токтобос адатынан заарканган Закен тынчсыздана сурады.
– Үйдөле. Намазын жаңыле баштады окшойт.
– Түн ортосунда да намаз окуйбу? – кыжырлана күңк этти Турсун.
Уулунун аман-эсен келгенине эне жүрөгү жетине албай отурду.
– Жүдөп-какап кетиптирсиң го, балам, – Закен Абылын маңдайынан сүйдү.
– Коюңузчу, апа... – уулу карсылдап күлдү.
– Мынабу сакалыңды бир аз кыскартып алсаң боло, кагылайын... Тыкан жүрбөйсүңбү.
Апасынын айтканы кулагынын сыртынан кетти.
Турсун жол жүрүп чарчап келгенин айтып, негедир эрте жатып алды. Уулу менен эртең сүйлөшмөй болду...
Закен өз дарты жөнүндө азырынча толук эч нерсе билбегени менен, онкологиялык оорулар бөлүмүнө анализ тапшырганы туурасында уулуна оозу барбады. Уулунун жүрөгүн аяды. Бөлөк эл, бөтөн жерден ырайы жүдөп келген Абылын аяп, каалоосун туюнтту:
– Келинчек алып, колумду узартар эрезеге жеттиң. Качан үйлөнөсүң?
– Машаллах, машаллах... Оюмда ал.
Уулунун шар жообуна эне жүрөгү туйлап сүйүндү.
– Ошент, каражаным. Келинчегиңдин колунан ысык чай ичип өлсөм арманым болбос… – үнү кардыгып, көздөрү жашылданды, – качан үйгө алпкелип тааныштырасың? – тамаша-чыны аралаш кеби менен анын ким экенин билгиси келди, болочок келинине эмитен эбедейи эзилип.
– Мен тааныштырчу кыз тегерегиңизде эле жүрбөйбү. Тааныйсыз аны, – уулу да тамаша ирээтинде табышмактатты кебин.
Закендин ою бирде коңшу-колоңдордун кыздарына, бирде тели-теңтуш, тааныштардын бойго жеткен кыздарына оой берди. Бирок кимисинин кызына Абылынын назары түшүп жүргөнүн таппады. Боолгой да албады.
– Кимдин кызы?.. – Закендин сүйүнүчтүү көздөрү уулуна кадалды. – Табышмак кылбай айтсаң... Тегерегибизде... Кимдин бойго жеткен кызы?.. Тиги өйдөңкү кошуна Ишендинби?
– Туугандарыбыздын эле кызы.
– Жинди болбосоң, балам.
– Жиндиси жок эле, – Абылдын камаарай турган түрү жок.
– Алыс туугандардын кызыбы деги? – чочулоо пайда болду Закенде.
– Шариятта биртуугандардын балдары үйлөнгөнгө жол берет, – кесе жооп кайтарды.
Муну уккан эненин денеси жыйрыла түштү.
Абыл ордунан шып туруп кетип, бир заматта чылапчындын кап ортосунан ылдый жылуу суу куюп кирип келди.
– Апа, байпагыңызды чечсеңиз, – Закендин жанына сыңар тизелей отура калды.
– Не кылат элең? – бутун тарта калып чочуган Закен күтүүсүздөн таңгалды уулуна.
– Сиздин алдыңызда күнөөм болсо жуушум керек…
– Ким айтат антип?
– Устазыбыз, – шыпылдаган Абыл апасынын байпагын чече салды да, жууй баштады. – Эгер билип, билбеген күнөөлөрүм болсо кечириңиз, апа. Бейиш ушул таманыңыздын алдында...
– Эмнени айтып атасың, каралдым? Менин алдымда эч кандай күнөөң жок... – уулунун жароокерлигине жүрөгү жибиди.
Кудай акыдыр деген эне кургур дин жолунда жүргөн уулуна каршылык кылууга ылаажы таппады. Шагын сындырбайын деди да, жылуу сууга бутун салып отуруп берди.
Ангыча эле апасынын буту жуулган сууну шалпылдаткан Абыл кочушундагы сууга өз бетин чайкап, ошол эле сууну шорулдатып ууртаса болобу.
– Ийе, кокуй, балам, бул эмне кылганың?! – энеси безге сайгандай секирди. – Кантип ичип атасың?!
Уулу өзүнө өзү маашыр немедей, деле эч нерсе болбогондой арсалаңдап күлдү кайра:
– Алланын ыраазычылыгы үчүн... Менин күнөөлөрүм жуулду бүгүн.
– Обу менен болсоңчу, балам... Ушу кантип... – Закендин бет териси тырышып, уулуна жийиркеничтүү карады.
Мындайды кайдан күтүптүр ал. Бутту жуудурганына пейили макул эле, а бут чайкаган сууну жутканы кандай болуп калды – эненин акылына да, мээримине да сыйбады бу жорук.
Күдүк ойлор биринин артынан бири куушуп, эненин эси жетпеген иш эле бул. Дин жолуна түшкөн түркөйлүгүнөнбү бу же шарият парзын жеткиликтүү түшүнбөс бирөөлөрдүн жетегине түшүп алганыбы уулу?
Агер чын эле шарият талабы болсо, «түфү-түфү» деди ичинен. Жийиркенди. Уулуна жийиркендиби, динге жийиркендиби – түшүнбөдү. Диндин таасири апийим экенин окуган жаны жай албай туйлады. «Же чегип алганбы?!» – чок баскандай чочуду бул оюнан. Уулунун көздөрүнө кадалды.
– Балам, мени тиктесең? – апийим чегип алган адам көзү кандай болору Закендин түшүнүгүндө жок эле, жок үчүн сураганы: – Чегип алган жок белең деги?
– Эмнени айтып атасыз апа, чеккен да, ичкен да күнөө... – Абылдын камаарай турган түрү жок.
Уулунун түрүнө Закендин көңүлү зилдеди.
VII
Аптанын жумасы эле. Абылдын Бангладештен аман-эсен келгенине шүгүрчүлүк дешип, Турсун менен Закен мал базардан түлөөгө арнап баглан козу алып келишти. Сойор маалда эле Абыл жума намазга барат элем деп шашылыш жылт коюп жоголду.
Турсун бычагын кайрап-бүлөп кечке күттү. Улам кирип-чыгат. А короодо байланган козу жаагы басылсачы. Уулу телефонун да үйгө калтырып кеткен экен, ошону менен түлөөгө союлчу козу короодо байланып турду. Эртеси да Абылдын дайны чыкпады. Күрсүнүп ачуусу келген Турсундун чыдамы кетти акыры.
– Бу кейпи менен адам болор түрү жок! – жалаңдаган бычагын алып короого чыкты, – кел, малга бата кылалы, ырыс кыйдыны карап отурбайм! – деген күйөөсүнүн ачуусу келип турганын сезген Закендин айласы канча, үйдөгүлөрдү шаштырды.
– Э Барчын, балдарды чакырып, өзүң да кел, бата кылабыз.
Баглан козуну ары-бери союп бүтүп, эти бышып калганда Абыл босогону аттады.
Уулунун кечээтен берки жоругуна ичим тап Турсундан үн-сөз чыккан жок. Чебелектеген Закен гана уулуна күңк-мыңк этип сүйлөгөнсүдү, бирок катуу сөз чыгарууга оозу барбады.
Баары колдорун чайкап, дасторконго отурарда Абылды кайрадан кудай урду:
– Алла ыраазы болсун, өзүңүздөр жей бериңиздер, – деди да, сыртка жөнөй турган болуп калды.
– Ой эми сага деп атайы түлөө кылып сойгон малды... – ачуусу алкымга жеткен Турсун сөзүн улай албай, ызырынып тим болду.
– Бышкан тамакты таштап дагы кайда? – Закен уулунун артынан ээрчий чыкчудай обдулду, – мусулман болгон киши өз үйүнөн тамак жебейт бекен ботом? – уулун тилдей турган болуп барып, Закендин үнү кайра жумшарды. – Келегой, сени жакшы көрчү эле деп, атайы өз колум менен быжы жасадым. Олобосу да бышып калат артынан.
– Апа, Аллах ыраазы болсун аракетиңизге, мага... – дасторкон үстүндөгү бычакка көзү кадалды. – Мынабу бычак менен союлган эт...
– Айланайын, бычакта эмне кеп?! А бизди эмне... бата кылбай сойду дейсиңби? Базардан сатып келип, өз колубуз менен сойгон адал мал… – Закендин күйбөгөнү күл болду.
Абылы кепке көнбөй турганын көргөн Турсун ичтеги бөгүп жаткан ачуусун кармана албай кыйкырык салды:
– Сенин адам болгон түрүңбү ушу?! Алланы коюп, ушул апаңды ыраазы кылбаган сенден эмнени күтөбүз?! Алла ыраазыбы шунуңа?! Ок, жолбун итке окшогон... Деле Алла ыраазы болсун дегенин! – атасы ызырынып кала берди.
VIII
Жубайынын өмүрүн узартууну Кудайдан тиленген Турсун тааныштан таанышты ортого салып жүрүп, акыры онкология бөлүмүнүн жетекчилигине көздөшүп, Закенди эң күчтүү деген дарыгерлердин колуна тапшырды.
Чейрек кылымдан ашуун бирге өмүр сүргөн жубайынан ажырап калуу коркунучу Турсунга оор болду. Жаздыкка баш коюп жатканы менен уйку бетин көрбөй заарканткан түндөрүн Закенге билдирбеди. Закенден жашырган сыры жанын туйлатат. Теңшеригин онкология борборуна жаткырган күндөн – ичкени ирим...
Адегенде рак деген диагнозго Закен экөө ишенишпеди. Кантип ишенишмек – куландан сопсоо жүрүп эле бир күнү…
Борбордун улагасын аттоодон заарканса да, врачтар койгон диагнозго тумсак ишенбей, экөө тең өздөрүнчө «оозуңарга таш!» деди коридордон көздөрү жашылданып.
Акыры диагноз так аныкталган күнү үйгө кайтып келишип, экөө бирдей эриндерин кырча тиштенип отурушту. Закени эртесинде онкологияга жаткырылмак болду. Үй жымжырт. Жатаар маал. Турсун жаздыкка башын коюп, көзү илинсечи. Бир убакта ортоңку бөлмөдөн колуктусунун үнү угулду. «Кызым, мынабул алтын сөйкөмдү жоготпой тагынып жүр. Балам, а бул сөйкөмдү кийин сенин колуктуңа... Бул сандыктын түбүндө болот», – дегенин эшитип, заманы куурулду! Чыканактай уул-кызы бул сөздүн артында эмне кылтыйып жатканын кайдан туйсун, «ыракмат, апа» дешип сүйүнүп алышкан.
Ошол түнү Турсун түнү бою көз жашын сыгып, үн чыгарбай ичинен сызды. А Закендин башына ал түнү кандай гана ойлор чулгады экен...
Жубайлар турмуштун таттысын да, ачуусун да тең бөлүшүп чейрек кылымдан ашуун түтүн булашты. Отуз жылдай экөөнүн тарткан жүгү бир, турмуштун далай оор сыноосуна майышкан жок эле. Бирок тагдырдын бул сыноосу экөөнү катуу майыштырчудай болуп турду.
Убакыт сыза берди. Турсун сыртынан сыр билгизбей, ичине чок түшүп кеткенсип өрттөнөт. Ыйын жан кишиге көрсөтпөйт. Көргөн түштөрү да бузулду. Өңүндөгүдөй эле түшүндө да врачтар баштарын чайкап, алардын оозунан рак деген диагнозду угуп, төбөгө союл менен жегендей ордунан тегеренип ойгонот.
Врачтарга эмне болсо да колуктумдун өмүрүн узартып бергиле деп күнүгө жалдырайт.
– Ашказан менен боордун ортосунда өсүп кеткен шишигин алалы десек, операция үстөлүнөн турбачудай, – дешти врачтардын да айласы куруп.
Алар бир гана химиялык дарылоодон башка арга жоктугун айтканынан, ага да көндү. Өзү сүйүп эркелеткен жубайынын саамай чачы химиялык дарылоодон кийин түшүп баштады. Эң оор күндөр ушу болду. Ыркыйып күндөн күнгө арыктаганычы.
Бир курдай Закени: «башымды тасырайтып кырып берчи, лысый башка, дай пирожка» болоюн деп күлдүргөнүнөн чачын кырып берүүгө аргасыз эле.
Шаймандардын баары камдалгыча экөө бирдей кайраттуу көрүндү, экөөнүн тең маанайлары ачык, күлүп-жайнап отурушкан. Бирок күлүп-жайнагандары жасалма эле. Экөө бири-бирин жооткотуш үчүн күлүп-жайнагандан башка не арга кылышсын.
Устаранын мизи Закендин чачына тийгенде эле, бечаранын эки ийни бүлкүлдөп баштады. Үн чыгарбады. Анын ыйлап отурганын күйөөсү сезди. Устаранын мизи Турсундун жүрөгүн тилип өткөндөй диртилдеди. Закендин өмүрүн тилеп, ичинен кудайга миң мертебе жалынды. Кудайга жалынып, «так ушул мүнөттөрдө бир да тамчы көз жашымды агыза көрбө!» деди.
Өмүрүндө буга чейин бир да мындай оор мүнөттөрдү башынан өткөргөн эмес... Оорулуу адамдын жанында өзүн темирдей кармагандан башка аргасы жок эле ал күндөрү.
Колуктусунун чачын кырып болуп, заманы куурулду. Каргылданган үнү менен «жаным, дартыңдын баары ушул чачың менен бирге кетсин, ыйлаба», – деп сооротумуш болду да, өзү сыртка атып чыкты. Чыгып эле сарайга бекинди. Өпкөсү өпкөсүнө тийбей; өмүрлөшүнүн алдында араң карманган көз жашын төгүп алды...
Басса-турса кудайдан тилегени – «кармашкан колубуз ажыраганын башыма салбасын» дейт. Закени ыргалган бир назик аялзаты болгону менен, таянган тоосу болсо кантсин.
IX
Үй ичи заматта муздады. Үй ичинен да жүрөктөр муздаган каргашалуу күнү Закендин гана жүрөгү муздабады. Анын денеси эбак муздап, сөөгү боз үйгө чыгарылмак болуп турганда; Абд-Саиддин жосуну тирүүлөрдүн жүрөгүн муздай тоңдурду.
«Өлгөндүн үстүнөн көмгөн» деген балээ ушул болбосо кайсы – Закендин көзү жумулган күнү каргаша ачыкка чыкты. Кокус, кайра тирилип келсе, жан этинен бүткөн уулуна маркумдун да жүрөгү кандай жибимек болду экен?..
Абыл атын өчүрүп Абд-Саид болуп алган неме тирүүлөрдүн демин суутканы мындай: Салтанат менен Аскат Закендин жасатынан алыстай албай, маркумдун жаны үзүлө бергенде колун кармалап отурушкан.
Ал экөө өлүмдү алгач ирет бетме-бет көргөнү ушул:
– Апаке, уктап жатканыңбы? – эчкирип ыйлаган тестиер кызга кайдан жооп болсун маркумдан.
Закендин жаны учуп кеткенине ишенип-ишенбеген Аскат да апасын өпкүлөп чыңырды:
– Апамдын денеси мупмуздак…
– Жакындабагыла дейм болду! – Абд-Саид экөөнү зекиди. – Сөөктү кыйнабайт!.. Көзүң кашайгырлар! – деди тестиер курактагы бир туугандарына ызырынып.
Салтанат чочуп кетти:
– Апамды кыйнаганыбыз жок, – деди күнөөлүүдөй бүшүркөп, – колун эле кармадык.
– Апам үшүбөйбү?.. Төшөк жапсам болобу апама? – үнү да, өзү да титиреди Аскаттын.
– Болдугула! – Абд-Саиддин үнү мурдагыдан өктөм чыкты. – Кудайга нааразы болбогула ыйлап!
– Биз апабызга ыйлап атабыз, Кудайга ыйлаган жокпуз? – карындашы Салтанаттын жаны ачыды.
Тоо ылдый жүгүргөн селдей Турсундун да жаагы ылдый жаш кетти. Үн-сөзсүз буркурап отурду жаншериктен ажыраганына.
– Ата, – деди көзүнөн бир тамчы жаш чыкпаган Абд-Саид, – күндү узатпай көмөлү апамды. Шариятта – күнөө… сөөктү кармаган.
– Алыстагы туугандар келип топурак салбаса, демдери суубай калбайбы… – өзүн карманды бекем. – Жалил менен Капар келсин. Алар да шашылыш учуп келатышат Европадан!
– Биз Аллах алдындагы парзыбызга карайлы, ата! – жайына койсо, көшөрүп көгөргөн Абд-Саид Закендин сөөгүн азыр эле үйдөн көтөрүп чыгып көмүп келчү түрү бар. – Баарыбыз Аллахтын алдындагы пендебиз, – деди да, апасынын жасатын кепинге ороого ашыгып турганы.
Алланын алдындагы парзды аткарууну ыйык милдет туткан Абд-Саид бүгүнкү сыноодо өрнөк болгусу келди өзүнүн диний жамаатына. Өз чөйрөсүндө сөз эмес, иш түрүндө диний парзга келгенде пенде баласынын эрки морт болорун көрдү, туйду далай. Башка санаалаштарыма сабак болор деген кайраты эле мунусу. Өзүн өзү чыйралтуу тобокелине бармак болгону менен, бирок ал өзү да олку-солку абалда турду азыр.
Ниетинде: апасынын арбагын ыраазы кылгандан бөлөк кыпындай жаман ой болгон жок. “Алланын алдында ыйык парзды аткаруум гана калды!” деп көгөрмөкчү болбоду беле. Буга дейре сөөктү узакка кармоого болбостугун айткан таксырлардын далайы өз башына келген сыноодо, элдин айткан-дегенинен чыкпайт экен. “А өз башыма келгендечи?..” – деген намыс турду көөдөнүндө.
– Эй, бала! – Турсун зекип сүйлөдү. – Шарияттын атасы бар бекен эмне? Мен сенин атаң… – туталанган бойдон сыртка жүткүндү.
– Мусулманчылыктан чыкпайлы, ата! – деген Абд-Саид босогодо буйрук күтүп тургансыган өзүнө окшош шериктерине “сөөктү кепинге оройлу” дегендей ишарат туюнтту.
– Жоголгула көзгө көрүнбөй! – жаалы кайнаган Турсундун көздөрү чакчайып бакырды. – Апаңдын жатынынан чыкпаса да, апаңа жаны күйгөн Жалил менен Капар келмейин… сөөк чыкпайт!
Абд-Саид да айласы кеткендей чечкинсиз абалда, шериктери менен сыртка жөнөдү. Атанын сөзүн аттоого эрк-кайраты жетер эмес көрүндү.
Кайышкан Турсунду кайыштырган суроо турду: «Буга эбак өлгөн баламдын атын койгонум ушул беле?.. Тирүү туруп өлгөнүбү эмне?!»
Короодо боз үй тикелеген кошуна-колоң, жерге-жээктен келгендер топурашып, кулактарын үй тараптан чыккан катуу үнгө түрүп калышыптыр эбак.
Негедир бир балээни шыбырап-күбүрөшкөнсүйт зыйнатка келгендердин алды. Турсун үйгө улам кирип-чыгып, бир ордунда тура албай, жүрөгү элеп-желеп өзүнчө. Түшүнүксүз шашкалактап, тынчы кеткен куругур көөдөнү дүк-дүк сокконун түшүнө албады.
Тигинде-мында чогулуп турган туугандары өзүнчө эле шыбыр-күбүр экенин туйду. Ангыча эле дарбаза тарс ачылып, тарс жабылды. Алдынан кезиккен топтогулардын амандык сурашканына колунун сыртын шилеген Жаныш катуу күү менен келди. Жүзү кара-көк тартып, көзүндө от.
– Чын бышыгын билгени келдим, Турсун! Бу эмне кылганыңар кокуй?! Мынабул уулуң… – ызырынган Жаныш Турсунду жакадан алчудай омуроологон түрү башкача. – Барчын экөө нике кыйдырганы чынбы?! Кантип?!
Арттан буркурап-боздоп ыйлап, эми жетип келген Жаныштын катыны Жайнактын ачуу үнү жаңырды андан бетер:
– Кара көзүм кашайсын ушул чын болсо! Кара чечекей тууганына нике кыйдырат дегенди ким угуптур?.. Ким көрүптүр?! Закен, Турсун… Ушу кантип болсун?.. А-а кокуй-а!
Туугандардын алды Закенди ушинтип жоктоп келмекпи дегендей селейген Турсун да, тестиер курак уулу менен кызы да эч нерсе түшүнбөй делдейип беришти.
– Ой… үн катпайсыңбы, Турсун! Бул эмне шумдук?.. Кантип нике кыйдырдың Барчынга?! – омуроолоп кыйкырган Жаныштын оозунан “нике” дегенди уккан Турсундун тили күрмөөгө келбеди.
– А-йе! – какагандай болду да, колкосунан сыйыртмакка илинген немедей сөздөн калды.
Аталаш жакын туугандын кызы Барчынга кантип нике кыйдырсын Абыл?!. Ишенбеди. Оюна эч келбеген ишке оозунан сөз чыкпай делдейип, Жаныш менен Жайнакты өмүрүндө биринчи көргөнсүп тиктеди. Жамандык башка түшкөндө жанында тикесинен тик турар тууганы – туугандай эмес, чоочун бир доосу бар душмандай орой түрү сестүү. Абылга караса, анысы “ооба, чын” дегендей башын салаңдатып, тигинде турат. Үнсүз. Кылгылыкты эбак кылып койгондой...
“Ушундайбы, айтчы, балам!” дегенге жарабады Турсун. Ооз ачып келатып, жаагы карышты. Оң ыптасы шал болгонсуп сенейе түштү. Оң колун сунайын десе, колу да сунулбады агасы Жанышка салам узатууга.
Топтун арасындагы Абд-Саид да заматта жылт койду бир жакка.
Сырттагы ызы-чуу күчөгөндө, жылт коюп жерге житип кете албагандай чебелектеген Барчын чыкты үйдөн. Оромол кара жоолукчан, жүзү жашырылган анын бул кейпин өз энеси Жайнак да тааныбады адегенде. Айбыгып, тартынып турса да, куткаруучусун көрө калган жандай апасына чуркады.
– Мындай болорун ойлогон эмесмин… – жүзүн жашырып бышактаган Барчын апасынын ийнине асылды, күнөөсүн эми аңдагандай. – Биз шарият жолу менен… – деген кыз эки жагын каранып, Абд-Саидин издеди.
Ишеними заматта тайып кеткенсиген Барчынды чындап коркунуч басты эми. Ишенгени кана? Эне-атасына өзү түшүндүрүп берер чамасы жогунан, кургурдун көздөрү Абд-Саидди издей берди.
– Шариятың менен жерге кир! – Жайнак ботосунан айрылган ингендей боздоду.
Кызынын кеби ишенимин өлтүргөнүнө жаны сыздап, эсинен танып кулады. Сүйөп-таяп ордунан тургузушту эле, долулугу күчөндү:
– Кудай-аай… Кудай! Ушундан көрө өлгөнүм артык эмес беле… – чучукка жете чаңырды Жайнактын үнү.
Жеңесинин албуут түрүн көргөн Турсун өз короосунан жылаан чыккансып жүрөгү оозуна кептелди. Абыл менен Барчындын ортосу эбактан эле соо эместигин мурда эч туйган эмес экен. Анын эси-дарты жалаң Закенде эмес беле. Акыркы мезгилде төшөктө кыңкыстаган өмүрлүк жарын айланчыктап жүрүп, чыныгы турмушка азыр жаңы кайткансып, аталаш тууганынын жаалын эми туйду. Эми гана жанын койор жер таппай, оозуна чок тиштегенсип селейди.
Асманы жерге кулагансып айкырып-кыйкырып келген Жайнак менен Жаныштын жаалынан үрпөйүшүп, жанындагы тестиер уул-кызы үчөө Закендин да өлүмүн унутуп коюшкандай...
– Ушундан кийин кантип бет карашабыз туугандай болуп?! – Жаныш бир жактан жулкунса, Жайнак бир жактан буркурап:
– Элдин бетин кантип карайбыз, шуркуя?! – Барчынды тытмалап жүрөт албууттана.
Жакын туугандардын ортосундагы чатакка аралаша албай, короодо чогулгандар селейип катты. Элди тиктеп жалдыраган Турсундун жүзү бир заматта кубарып, колдору калчылдап, тили күрмөөгө жарабай, ордунан шалак этип кулады. Оозу кыйшайып, жаак сөөгү тайып кеткендей кемшейди. Жерге-жээктен келгендин баары дүрбөп, бетине суу сепкенден башка арга табышпады. Күйүт артынан күйүт баскан жакын-жууктун баары тез жардам келгенче кым-куут түшүп жатып калышты.
Акыры дарыгерлер келип:
– Инсульт, – дешип, тил-ооздон калган Турсунду көтөрмө керебетке абай жаткызышты.
Денеси жыгачтай каткан Турсундун көздөрү чогулган элди жалдырай тиктеп, врачтардын коштоосунда жөнөй берди.
Сөөктү акыркы сапарга узатуу зыйнатын күтпөй; Турсундун эң жакын тууганы делген Жаныш менен Жайнак кандай күү менен келишсе, ошол ачуулары менен Барчынды жулкулдатып алып жөнөштү. Алаңдап эки жагын каранган Барчындын көздөрү короодогу топтун арасынан Абд-Саидди издеди. Дале көрүнбөйт. Жер жуткансып жок.
Туугандар арасындагы мындай бет карашпас таарынычты ким көрүптүр дешти шыбырашкандар.
Боз үйгө жакындай берип өкүрүк салган эркектер, боз үйгө баш багып кошок созгон катын-калачтар бири биринен уккан кепке ишенбей делдейишти. Кандаш туугандар арасында Абыл менен Барчындын никеге туруп, баш кошуп алышканын азыр уккан тууган-уруктардын чачтары үрпөйдү.
Мындай жамандыктын үстүндө жамандыкка чогулгандын баары кай тарабына тартышты билбей эстери ооду. Иштин чоо-жайын териштирмек кайдан – үй ээлеринин бири көз жумуп жатса, бирин тез жардам алып кетти күтүүсүз. Абд-Саиди да кайда житкени белгисиз кымгуутта тестиер курактагы Салтанат менен Аскат эмнени түшүндүрмөк чогулган элге…
– Йе, армандуу дүнүйө! – деп үшкүрүнгөн жек-жаат, жерге жээк, куда-сөөктөр шыпшынып, кайсы билермандын оозун тыңшоону билбей, жер тарып турду баарына.
Уруунун аксакал, көксакалдары чогулуп, кеп-келең курмакка чогулушту эле, Абд-Саид жетип келди молдосун ээрчитип. Анысы элди жаназага тургузар болду. Ортодо тууган-уруктагылардын чурулдап-чуркураган нааразылыгы өз билемдикти токтото албас көрүндү.
Үйдө сөөккө баш-көз болор киши дээр Абд-Саид баягысын баштарда, төрдүн аксакалы Туткуч карыя тигинин демин тып басты:
– Ок… эси жок десе! – көптү көргөн кары жерге түкүрүндү. – Энеңдин сөөгү муздай электе… эмнени баштадың?! Шарият жолу кимдерди адаштырбаган?..
Үй ичи жым болуп тыңшады аксакалды. Туткуч карыя да жайкалган сакалын сылай, сабырдуу улады кебин:
– Балам, динди бетиңе карманба. Могунча пенденин жүрөгүн жаралап, бизди укпаганың – Кудайга да жакпас.
Көпчүлүк кубаттап, коштоп турушту аксакалды. Абд-Саид да мурдагысынан кыйла жоошуй түшкөнсүп, кулагы төрдөгү карыяда болду.
– Шарият дегениң – муздак таш бекен?.. – карыя тыным жасай Абд-Саиддин көзүнө тике кадалды. – Шариятта да ырайым бар. Пайгамбарыбыз айткан: оболу ата-энеге сый-урмат кылууң парз. Энеңдин сөөгү муздай электе тууган-урукту чочутуп, атаңдын жүрөгүн жаралаганың – кайсы динге жагат?
Абд-Саиддин көзүнөн салаалап жаш кетти, муун-жүнү титиреп, өз жаны менен өзү кармашты. Ал азыр көпчүлүктүн такаатына туруштук бере албай келген таксырлардын да абалын туйду. Өз башына келген сыноону көтөрүү жеңил эместей экен көрсө…
– Сөөктү көмгөнчө шашат деген эмне шумдук? – төрдөгү карылардын дагы бири бурк этти.
– Чүш… – деди аны тыйган башкасы сөздү курчуттурбай.
– Мусулманчылыкта сөөктү узакка калтырбайлы дешкени – алыстагы туугандар коштошпой калсын дегени эмес… – Туткуч аксакал шарият жолун чечмелеп отуруп, ток этер жерин айтты: – Дин жолунда туура жүрбөсөк, дин адамды терс жолго да адаштырат, балам. Пенде менен пендени кагыштырмагы бар. Диндин өзөгү – ырайым. Көзү тирүү турган атаңа буйрук берер жердесиңби? Адегенде, ошонун ден-соолук камын ойло, анан дин жайын сүйлөйлү…
Кепке муюп отурган Абд-Саид ичинен ыракмат айтты Туткуч карыяга, бирок ачык айтууга эрки жетпеди. Олку-солку туюмунда кай жагына ынанышты билбеди. Биресе устаздарынын айткандарын эп көрүп келсе, биресе Туткуч аксакалдын айтканы да эп көрүндү…
Сыртка чыкканча шашты ал. Чыгып өзү менен өзү алышты. Жаны төрткө бөлүнгөндөй чайналды. Бүгүнкү ызалыгы аны жылаандай чакты. Жана бир элден обочо бөлүнүп барып, айласы куругандан устазына чалып кеңешмек болду эле, үйдө болгон абалды угары менен, демейде акыл-кеңешин аябас устазы оңгулуктуу жооп кылбады го! Кийин кайра-кайра чалса, телефонун албай койду устазы.
Айласы алты кетип турганда, элден окчундап бөлүнүп барып акылын угайын деп улам чалат. Албады! Улам жоопсуз калтырганына күйүндү Абд-Саид ансайын. Заманы куурулуп турганда, жамаатындагылардын эч кимиси диний жөрөлгөнүн аки-чүкүсүн чечмелеп берүүгө жарабаганы эмнеси?
“Алдаса болот жаш башты дешкениби?” – өз суроосуна өзү ызаланды Абд-Саид. Тегерегин каранса, жан киши жок. Жалгыз сокоюп өзү калыптыр. Кана, жамандык башка түшкөндө жамаатындагылардын бирөө-жарымы жанга таяныч болуп бергени?!
Бармагын тиштеп өкүнгөнү: “шарият жолу” дешпеди беле ага, “... Шарият жолунда бир туугандын кызын алса боло берет” деген устазы айткан аятка ишенген… Эми мынтип туугун-уруктагыларынын жалпы каргышына кабылып отурганына кабыргасы кайышып, төрт тарабын кабат-кабат суроо курчады: “Шарияттын адаштырган жолубу бул?..” “Же устаздын адаштырган жолубу?..” “Же жаштыктын адаштырган жолуна түштүмбү?..” – өзүн өзү жеген суроолор жанын эзди.
“Диндин өзөгү – ырайым” – деген Туткуч карыянын ушул нускасын тутунгандан бөлөк аргасы жогун туйду мындайда.
X
Боз үй түбүндө үңкүйүп жалгыз отурган Абд-Саид кимдер келип, кимдер кетип атканы менен иши болбоду. Оюнун баары колундагы жүз аарчыга түйүп алган бир ууч топуракта.
– Эскайран апакем о-оой… – түн оокумда өксүп ыйлап келаткандардын үнүнөн тааныды дароо.
Жалил менен Капардын өпкөсү өпкөгө батпай озондогон үнүнөн өзүнүн да муун-жүнү бошоңдоп, өзү кошо ботодой боздоп жиберди Абд-Саид:
– Эскайран апаке-ем… Кечире көр мени!..
Апасынын жаны үзүлгөндөн бери көзүнөн бир тамчы жаш чыгарбай чымырканып чыдаган Абд-Саид өзүн өзү кармана албады. Эртеден бери ал ыйлап, өкүрүп келгендерди тыйып, канчасына жаман көрүндү…
Эми анын “Эскайран апакем о-ой, эми кайдан көрөйүн о-ой” деп Жалил, Капар менен кошо жарыша боздоп ыйлаганын эшиткен боз үй ичиндеги аялдардын кошогу да сай-сөөккө жеткендей, башкача... Закенди чындап жоктоп, чындап ыйлаган үндөр түн оокумун жаңыртты.
Жалил, Капар үчөө бирге “апакелеп” боздоп, бирин бири боорго кыса жоктошту Закенди.
– Атам кайда? – дешти өксүнү суубай жарыша үн каткан Жалил менен Капар Турсунду издешип.
Жай отуруп, бүгүнкү болгон ал-жайды түшүндүрүштү ыйлап-сыктап отурган туугандар. Жалил да, Капар да эч кимди күнөөлөп, эч бир ишти териштирип отурушкан жок. Оболу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына гана кам көрүүдөн башка маанилүү кеп жок дешти да, эртеден бери бодо мал сойдурууга караманча каршылык көрсөткөн Абд-Саидди ыкка көндүрүштү акыры.
Маркумду узатуу зыйнатын салтту динге такашты ал экөө.
– Атамды көрүп келели, – деген Жалил менен Капар сыртка чыккан эле.
– Могул аманатымды кантип аткарар айламды таппай турдум эле, Жалил… – деди арттан ээрчиген Абд-Саид.
Алаканындагы жүз аарчыны сунду.
– Бул эмне? – Жалил таңгалды.
– Апамдын жайын казгандагы топурак бул… – деген Абд-Саид ыйын баса албай, Жалилди кучактады.
Жымжырт тынчтыкка кулак төшөгөнсүгөн Абд-Саид асмандагы чексиздикке, караңгы мейкиндеги жылдыздарга тиктеп турду да, башын чулгуй үн катты:
– Апамдын жайын казганда… – үнү буулуп калгансыды. – Бир ууч топурак алып койгомун… Атам топурак салбай калбасын дедим апама… Ушуну… атамдын уучуна карматып, кайра алып кел… – көөдөнүн жарып чыккан ыйын басалбай өксүдү.
– Кайрат кыл, Абд-Саид… – муун-жүнү калтырап араң турган Жалил уялаш өскөн бир тууганын бооруна бекем кысты.
– Мени мурдагыдай эле Абыл дегилечи, суранам! Суранам баарыңдан!.. Абд-Саид болгонумду экинчи угузбагыла! – эчкирип боздоду бечара.
XI
Реанимация бөлүмүнүн босогосун аттаган Жалил менен Капар шырп алдырбастан Турсундун маңдайында турушкан. Турсундун тирмейип тиктеген көзү дароо жандана түшкөнсүдү. Бирок үн катпай жата берди. Дем алганы тынч.
– Көпкө турууга болбойт, – деди медайым.
Жалил “макул” дегендей баш ийкеп, колундагы жүз аарчыга түйүлгөн топуракты Турсундун шал колуна карматып, акырын шыбырады:
– Ата… Абылың кайтып келди…
2017–2026-жж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR