О`Шакир: «Дарек №119/19»

  • 26.03.2026
  • 205

АҢГЕМЕ

Качан келсем сиз иштеген мекеме кумурсканын уюгундай кыжылдап турат. А мен адамдар быкылдаган жерден качам. Алардын кажы-кужу, бака-шакасына чыдабайм. Босогоңордон аттаганымда катар-катары менен узун кезекте тизилген адамдарды көргөндө эле артыма шарт бурулуп кайтып кеткен учурларым болду. Ооба, кеңсеңерге далай келип, ишти бүтүрбөй көп жолу кайра кеттим...

Бир мерте котолошкондордун аягы суюлган маалды күтүп, түш оогондо акмалап келсем, кайра так ошол маалда узун кезекте тургандардын арты кеңсеңерге батпай, көчөгө чейин жетип калганын көрүп, кечке маал да бир тийип өттүм. Эл дале жык жыйма кезекте турганын көзүм чалганда эле артка сыздым...

Силерге кайсы маалда келишти билбейм. Бир курдай атайы чыгынып, таң куланөөк атканда элден мурда кезекке турмакка үйдөн эрте чыкканымчы. Ишим оңунан болчудай; менден эрте келген жан киши көрүнбөдү. Мекемеңер али ачыла элек экен. Бирок силердин каалга ачылганга чейин эле кезекке тургандардын арты көчөгө чейин бир заматта чубалжып жетти.

Саат жебеси 8-00нү көрсөткөндө каалгаңар ачылды. Эл ичкериге каптады. Эң алдыда мен турам. Менден кезек талашчу киши жок, ичимен кымыңдап сүйүнгөнүмчү...

Алдыңызга келип, керектүү документтерди колуңузга карматарда, селейип катып калдым.

– Сизге эмне керек? – дедиңиз мага.

– Паспортумдун каттоо мөөнөтүн узартайын деп... – кежигемди кашыдым.

– Паспортуңузду...

– Эжекебай, үйдө калыптыр... Албай келипмин.

– А эмнеге келесиз?.. 

Ошону менен сизге эртеси да, анын эртеси да келбедим. Мөөнөтү эскирген паспорт ишим бүтпөгөн бойдон калды. «Паспортумдун каттоодогу мөөнөтү өтүп кеткенден эле жер астын-үстүн болуп кетмек беле» деп жүрө бердим. 

Арадан 3-4 жыл өттү: ортодо келинчегим рак дартына чалдыгып, айтор ошол бойдон паспорт көйгөйү таптакыр эстен чыгып кетиптир... 

Бир күнү кызымдын Дүйнөлүк шахмат чемпионатына барарын кабарлашып, шахмат федерациясынан телефон чалышты. Кызымдын чет өлкөгө барар документтерин ана даярдайм, мына даярдайм деп жүрүп, эки жуманы «зуу» өткөрүп жибердим. Федерациядагылар шаштыра башташты. Паспорт үстөлгө барбаска аргам калган жок. Алдыңызга кайрадан келдим. 

– Кызыма загранпаспортту тезинен алыш керек эле... 

Колуңузга мындан төрт жыл мурда алган кызымдын загранпаспортун карматтым. Аны да бир кезде күлүп-жайнап өзүңүз бүткөрүп бергенсиз, кычагансып анда да Азия мелдешине барарда. Анда да ушундай эле кыйчалыштык менен алдыңызга келгеним эсимде. 

Бирок сиз мага окшогондордун ар бирин эстеп калыш кайда. Мекемеңерге күнүгө канча адам келип, канча адам кетет... Ошол жолу да сиздин алдыңызга келип: 

– Кызым менен уулум шахмат боюнча Азия чемпионатына барышмак, экөөнө тезинен загранпаспорт керек! – деп сизге ишим түшүп күйпөлөктөдүм. 

– Уул-кызыңыз Кыргызстандын намысы үчүн бараткан болсо, албетте, биз дагы тездетебиз, – дедиңиз. 

Айтор, акыры сиздин ыкчамдык менен уул-кызымдын паспортторун алган жайым бар. Бу жолу да сиз мага кайсы документтерди топтош керектигин кулагыма куюп атып... 

– Кызыңыз 16 жашка чыгыптыр, апасынын паспорту кана? – дегениңизди укканда жүрөгүм шуу дей түштү. 

– Колуктум мындан үч жыл мурда рак менен ооруп, жарык дүйнөдөн өтүп кеткен. 

– Анда өлгөндүгү туурасында справка апкелиңиз. 

– Ал справканы жоготуп жибергем... 

– Похоронный бюродон көчүрмөсүн алып келиңиз, иш тез эле бүтөт, – дедиңиз. 

Алдыңызда селейип каттым. А сиз түшүнбөдүңүз мени... Мен кембагал өлгөн киши жөнүндөгү справканы эмес, тирүү жүргөн өзүмдүн документтеримдин кайсынысы кай жерде жатканы менен ишим жок да... 

Тирүү жүрүп өзүмдүн даректүү бир жерде алигиче каттоого тура электигим эсиме түшүп, көңүлүмдү зил каптады. Отуз жылдай мезгилден бери борбор шаарда туруктуу жашадым. Ошончо жылдан бери шаардык райондун бирөөнөн башка жерге каттого турганым жок, бирок шаардын мен жашабаган бурч-бурчеги калбады! Квартиралап жашадым, бир эмес эки курдай үй сатып алдым. Бирок паспортумдагы туруктуу жашаган жайым тээ качанкы студент кездеги жатаканам боюнча калып келди. Жыйырма беш жылдан бери туруктуу жашаган адресим: Чүй проспектиси – 119/19. Жалаң артисттер жашаган жатакана эле ал жер…

Мен бирок эң биринчи сатып алган үйүмдү үч жыл мурда көз жумган колуктума каттаткан элем. Ал үй кийин сатылып кетти. Ит бекер баага. Экинчи жолу үй сатып алдык, бирок ал үйдүн документтери так эмес болуп чыкты. Ал үй бир колдон экинчи колго сатылып, үчүнчүсү болуп мен сатып алыптырмын. Сатып алганым курусун, үйдүн кызыл китеби жок болуп чыкты. Анысына карабай арзан баага сатып алдым. Кийин өз баасынан да арзан баага саттым… 

Бул менин шалаакылыгымбы – жооп таппайм эч. Тек гана качанкы дарек эсиме түшөт: Чүй проспектиси – 119/19. Студенттик жатакана. Ал жерде андан бери далай адамдар жашап өттү. Мен балким ал жерден жүрөгүмдө эч качан көчпөгөнмүн. Балким, көчтүм деп ойлогом…

...Сиз болсо менин унчукпай турганымды «документтерин унутуп калган кезектеги адам» катары гана кабыл алгандай, үстөл үстүндөгү кагаздарды жай жылдырып отурдуңуз. Мен ошондо муну дадил түшүндүм: адамдын эң чоң жоготуусу кээде үйү да эмес, документтери да эместигин. Дареги экен көрсө. 

Кагазга жазылган дарек башка, жашоодо басып жүргөн изиң башка… Мен шарт бурулуп сыртка чыктым. Жүрөгүмдө баягы эле дарек: Чүй проспектиси – 119/19. 

2016-ж.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз