Мусакун Айбек: Жоо ичиндеги жоо

  • 28.03.2026
  • 199

АҢГЕМЕ

Жайлоонун жели таң эртең менен муздак эле. Көк чөптүн учундагы шүүдүрүм түнкү тынчтыктын демин али сактап турган. Ошол тынчтыкты ат туягынан чыккан дүбүрт бузчу. Көчмөн элдин жашоосу дал ошол дүбүрт менен башталат, дүбүрт менен бүтөт.

Алыстан келген жигит экен. Ал өз үй-бүлөсүн, аңчы кушун, тайгандарын ээрчитип, жаңы конушка түшкөндөн эле башкалардан өзгөчө. Көзү сырдуу. Үнсүз туруп да айтар сөзү ишинен таанылчу тукумдан болчу.

Жаңы журтта ал тез эле көзгө илинди. Кээси аны мергенчилиги үчүн урматтаса, кээси анын унчукпай туруп баарын аңдаган кыраакылыгынан таанышты. Бирок чыныгы сыноо анын мергенчилигинде эмес, эл башына күн түшкөндө таанылды.

Зордук-зомбулук акырындап көнүмүшкө айланды. Салык жыйноочулар элдин намысына тийген чектен ашкан иштерге барганда, жигиттердин ичиндеги бууларын кайнатты. Элдин үнсүз чыдамы узакка созулбайт тура, бир күнү ал от болуп жалынданат экен.

Ошол күнү да асман өзгөргөн жок, жер да солк этпеди.

Жигит атчан топтун башында турду. Анын жүзүндө ачуудан да терең бир чечкиндүүлүк бар эле. Ал жөн гана душманга каршы чыкпады, эл башына түшкөн кордуктун өзүнө каршы чыкты. Кээде адам өз кылычын душман үчүн гана эмес, өз ар-намысы үчүн да көтөрөт экен.

Кыска кагылышуу узак тарыхка айланды. Аттар жер дүпүрөтүп, чаң көтөрүлдү, кыйкырыктар асманга жаңырды. Кээси кулады, кээси качты. Бирок ошол катуу салгылашта — коркуу артка чегинди.

Эл жеңишке толук жетпегени менен, жеңилүү да эмес эле бул. Элдин жүрөгүндө жаңы сезим пайда болду: “Биз чыдай бергенибиз болбойт экен”.

Жылдар өттү. Ошол окуялар шамалдай тарап, улам башка өңүттө ооздон оозго тарады. Кимдир бирөө аны баатырдык дешти, кимдир бирөө жөн гана баш ийбестик деди. Бирок чындык жалгыз, ал күн эл эсинде бурулуш болгон.

Көзгө көрүнбөс башка күчтөр, сырттан келген кеңештер элди бөлүп-жарууга, бир туугандарды бири-бирине каршы араздаштырууга тымызын багыт алды. Алар кылычтан да курч курал колдонушту — сөздү, шектенүүнү, эски жараны.

Бир дасторкондо даам татышып отургандардын ортосуна күмөн түшкөндө, эң бекем байланыштар да бошоңдойт экен. Кечээ эле бир тарапташ адамдар бүгүн эки ача жолго түшүп калды. Бирөөлөр кечиримди тандады, бирөөлөр өчтү. Бирөөлөр биримдикти ойлоду, бирөөлөр бийликти.

Тарых өз жолун уланта берди...

Жайлоо шамалы баягыдай эле согот, баягыдай эле улуйт. Көк чөп баягыдай эле жайкалып өсөт. Тек адамдардын эсинде бир сабак калды: элди сырттан келген душман эмес, ичтен чыккан ажырым жеңет экен.

Ал эми баягы жигиттин тагдыры деле элдикиндей. Жаракат алды, бирок жыгылган жок. Анын аты унутулушу мүмкүн, бирок анын эрдиги унутта калбады. Көрсө, тарыхта эң узак жашаган нерсе — ысымың эмес, аракетиң тура.

Жайлоонун шамалы баягыдай эле. Илгери эркиндиктин демин алып келчү жел эми кандайдыр бир оор кабарды шыбырап тургандай сезилчү.

Эл ичиндеги тынчтык узакка созулган жок.

Сырттан келген коркунучтуу күч түз эле кылыч көтөрүп кирбеди. Алар адегенде дубай салам жолдошту. Жылуу, жумшак, бирок ичине муз каткан сөздөр. Бирөөгө даража убада кылышты, бирөөгө белек, бирөөгө коргоо. Ал эми баарынын түбүндө бир гана ой жашынып турду — бөлүп-жар.

Кечээ эле бир казандан аш ичкендер бүгүн ар башка отко жылынды. Кимдир бирөөнүн кулагына шыбыраган сөз экинчисинин жүрөгүнө күмөн салды. Эл башында тургандар да эки ача ойго түшүп, ар кимиси өз жолун туура көрдү.

Ошондо кайран баягы жигит мурдагыдай эле үнсүз, мурдагы эле калыбынан жазбады. Тек, бул жолу анын алдында ачык душман жок эле. Бул жолку душмандар эл ичинен арбыды.

Элди бөлүп-жарууга кылычтын кереги жок экенин, ишенимди талкалоо үчүн бир эле шек жетерин туйду адил жигит. Орус оторчулары эл жакшыларын иритиптир оболу.

Жаңы келген бийликтин айласы терең эле. Алар элдин күчүн эмес, алсыз жерин издеп табышкан экен. Бирөөнүн намысына тийди, бирөөнүн ач көздүгүн ойготту, бирөөнүн коркоктугун күчөттү. Сырттан келген күч ошентип ичтен тамыр жайды.

Бир күнү адил жигит үркөр топтой журтун чогултуп үн катты. Анын үнү мурдагыдай катуу эмес, бирок терең чыкты:

— Жоо алыстан келсе, аны тааныйсың. Жоо жакыныңдын сөзүнө кирсе, аны кантип тааныйсың?..

Эч кимден жооп чыкпады. Ар кимдин ичинде өз жоосу ойгонуп калган эле.

Көп өтпөй эл ичиндеги ажырым ачыкка чыкты. Кээси жаңы бийликке ыктап, ошонун колдоосун күч көрдү. Кээси каршы турду, бирок андайлар колдоосуз. Бир кезде бир уруу болуп жашаган эл эми ар башка жолго түштү.

Баягы адил жигит атын илкитип бастырып, жалгыз караанга айланды шопойгон. Анын көз алдында мурдагы салгылаштар, чаң каптаган талаа салгылаштары, элдин бир муштумдай бириккен учуру элестеди.

Ал кезде душман сыртта эле. Азырчы?.. Орус оторчулары ооздуктап отурат элди...

Ал артына кылчайды. Жайлоонун үстүнөн жай көтөрүлгөн чаң — бул жолу жоонун эмес, өз элинин изи болуп көрүндү. Ар кимиси өз багытында, өз оюн туура деп, бири-биринен алыстап барат.

Жигит акырын баш чайкады. Кылыч менен жеңе албаган күч бар экен — элди бөлүп-жаруу.

Ал күнү ал эч кимди токтоткон жок. Эч кимге каршы да чыкпады. Болгону өзөгү өрттөнүп күрсүндү: “Элди кул кылган — темир чынжыр эмес, бири-бирине ишенбеген жүрөк…”

Шамал баягыдай эле сокту. Шамал үнүн түшүнгөндөр болбоду…

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз