АҢГЕМЕ
Айылда аны баары “акылман аксакал” дешчү. Өзү болсо ичинен: “Акылман эмес, амалманмын” деп күлөр эле.
Дүжүр чал жашында деле куу болгон, бирок карыганда куулугу башынан ашып, ким бийликке келсе, ал баягысындай эле барын түшүндө көргөнсүп чыга калчу.
Мурдагы заманда бир партия күч алып турганда, чал ошол партиянын түптөлүшүнө өзү күбө болгондой сүйлөчү:
— Мен бул идеяны илгери эле айткам, — деп сакалын сылайт адатынча.
Эл ишенет. Анткени сакалы узун эле да.
Бийлик алмашты. Чал дагы алмашты. Далай алмашты.
Жаңы бийликтин өкүлү районго келерин укканда, чал эртеден кечке мечиттин короосунда “өлкө тагдырын” терең ойлонуп олтурган болот. Үйүрмө топ жакындаганда эле таягын тыкылдатып чыга калат алдыдан:
— Уулум, эл үмүтү сенде, — бата берип жиберет.
Бирок батасы эч качан бекер эмес: бир жума өтпөй эле кенже уулу райондун майлуу кызматына дайындалды.
— Чалдын батасы дадил тийди, — дешти көбү.
Чал ичинен: “Бата бер да, жата бер” деп кымыңдачу ичинен. Ал эч кимди ачык мактачу эмес. Ал “кадыресе кеңеш” бергенсип мактап баштачу.
— Мен саясатка аралашпайм, — дейт эле адатынча. — Болгону жаштар менен тажрыйбамды бөлүшөм.
Бирок анын тажрыйбасы дайыма таасирдүүнүн гана пайдасына иштейт. Кайсы чоңдун жылдызы жанса, Дүжүр чал ошол жылдызды илгертен баамдап жүргөн астролог болуп чыга келет.
— Мен бул жигиттин көзүнөн от көргөмүн качан эле, — дейт.
Кечээ эле башканын көзүнөн “от” жанып жүргөнүн эч ким көрбөйт, ушул эле Дүжүр чал көрөт десең. Мындайга келгенде көрөгөч ал…
Чалдын эң күчтүү амалы — уят-сыйытты унутканы. Ал үчүн “кечээ” деген сөз жок. Бүгүн ким күчтүү болсо, ошонуку туура.
— Мамлекет үчүн туруктуулук керек, — дегенин ооздон түшүрбөйт.
А чын-чынында туруктуулук анын үй-бүлөсү кызмат ордунда туруктуу отурушуна гана керек.
Кызы облуска, күйөө баласы май-челпектүү мекемеге, жээни тендерге илинип, аяш уулу кеңешчи болуп чыга келди акимге.
Ал мансапкорлорду эл:
— Аксакалдын батасы тийгендер, — деп күңк-мыңк кеп кылып калышат.
Чал болсо үйүндө отуруп:
— Батамды бекер бербейм, — деп күлөт кемпирине.
Бир күнү бийлик дагы алмашты.
Айыл эли адаттагыдай эле: Дүжүр чал эми эмне кылар экен дешти.
Чал бир жумадай көрүнбөй кетти. Кайра пайда болду.
Бул жолу жаңы жетекчинин атасын жакшы тааный тургандыгын кобурады:
— Маркум атаң менен бир дасторкондо далай олтурганбыз, — деди.
Чынында ал дасторкон жайгандардын арасында кызмат кылганы эле болбосо, төрдө сый көрүп отурганын бир кудай билет...
Жаңы жетекчи аксакалды сыйлап, сыйы — сыйлыкка, сыйлыгы — кызматка айланды.
Ошондо айылдагы адил жигиттердин бири чыдабай кетип сурады:
— Ата, сиз кимдин тарабындасыз деги?
Чал таягын жерге тарс кагып, каадалуудай сүйлөдү:
— Балам, мен эл тарабындамын качан болсо. Эл кайсы тарапта болсо, мен ошол жактамын.
Жигит унчукпай калды. Анткени эл деле Дүжүр чалдын дайыма күчтүү тарапка жылт койгонун сопсонун билчү.
Ошентсе да карыганда чал абдан урматтуу адам болуп чыга келди. Ар бир бийлик аны “көрөгөч аксакал” атап, чал болсо ар бир бийликти “келечектин кожоюну” атачу.
* * *
Дүжүр чалдын жетимиш беш жылдыгына карата айыл клубунда чоң жыйын болду. “Улутка кызмат кылган аксакал” дешти чоңдор.
Сахнага үч үстөл коюлуп, ортосуна Дүжүр чал отурду. Сол жагында айыл өкмөтү, оң жагында мектеп директору. Залда эл толо.
Жаш мугалим жигит сөз баштады:
— Аксакал, сиз көп бийликти көрдүңүз. Кайсынысы жакшы эле?
Чал жылмайды.
— Балам, бийликтин жакшы-жаманы болбойт. Элге иштегени жакшы.
Залдан бирөө кыжырлана балп этти:
— Элге эмес, өзүңө иштегенди айтпайсыңбы…
Чал укпагансып кебин улантты:
— Мен дайыма мамлекеттин туруктуулугун ойлоп жашадым.
Муну укканда баягы өткөндө суроо берген адил жигит ордунан тура калды чыдабай:
— Ата, сиз мамлекет кызыкчылыгын ойлодуңузбу же уул-кыздарыңыздыбы?
Зал кулак-мурун кескендей тымтырс болуп калды.
Чал жай гана, эч нерсе болбогондой жооп таба калды:
— Балам, үй-бүлөсүн ойлобогон адам мамлекетти кантип ойлосун? Мамлекет үй-бүлөдөн башталат.
Залдан жаны ачыгандай бир кемпирдин үнү чаңырды:
— Мамлекет үй-бүлөдөн башталса, сенден башкалардын деле үй-бүлөсүнөн башталган күн болобу деги?..
Эл дуулдап күлүп жиберди.
Айыл өкмөтү кырдаалды жумшартмакка сөзгө аралаша кетти:
— Аксакалдын батасы менен канча жаштар кызматка барды…
Залда отурган мугалим жигит тамашага тамызгылык ыргытты:
— Ооба, батаңыздын күчү укмуш экен, айрыкча тендер жарыяланганда...
Зал дагы дуулдап каткырды буга.
Бир убакта айылдын эң кары аксакалы — Токтосун ата ордунан туруп, катуу үн катты:
— Ээ, эл-журт! “Бүкүрдү көр гана түзөйт” деген сөз бар. Унутпайлы. Бул Дүжүр чалыңарды көр эле түзөбөсө, түзөлбөй калды го бечара.
Зал дуулдап кетти.
Дүжүр чал шашкан жок. Сакалын сылады.
— Токтосун, сен мени бүкүр дедиңби?
— Мен айткан кеп эмес бул, — деди Токтосун ата нарк кармана калбааттуу. — Макалда айтылган чындыкты айтканым эмеспи.
Дүжүр чал күлүп койду жасалма:
— Бүкүр болсом, эл үчүн бүкүр болгондурмун.
— Жок, — деди адил жигит залдагы. — Сиз бийликтин алдында жүгүнүп жүрүп, бүкүр болуп калгансыз эбак.
Зал жарылып күлдү бу кепке. Отургандар кыраан каткы күлкүнү эми салды.
Дүжүр чал бул жолу бир аз ойлоно түшүп, дагы амалына салды:
— Балдарым, адам заманына жараша ийилет. Ийилбеген сынат.
Токтосун ата кыябын келтирип жайлап кетти мында да:
— Ийилген жакшы. Бирок сен эңкейген жерден түз турбайсың го!
Күлкү кайра жарылды.
Сахнага жүгүрүп чыккан Дүжүр чалдын небереси арт жактан шыбырады:
— Чоң ата, көр качан түзөйт? – небересинин бул суроосу микрофондо жаңырып угулду залга.
Чал небересине карап:
— Көрдө баары түз болот, балам.
Токтосун ата сөздөн дагы кармады тиги митайымды:
— Анда сен түз болууга али шашылбайт экенсиң!
Зал күлкүгө толду.
Дүжүр чал да кошо күлгөнсүдү:
— Мен түз болбосом да, турмуш түздөп келет.
— Турмушпу? — деди мугалим. — Же кызматпы?
Ошол учурда жаңы келген район башчысы сөз сурады:
— Урматтуу аксакал, сиз сыяктуу тажрыйбалуу адамдар бизге керек ар дайым.
Зал тынчый түштү.
Дүжүр чал акырын ордунан туруп, жаңы башчыга таягын сунду:
— Биз жаштарга жол беребиз. Бирок кеңеш сурасаңар, качан болсо аянбаймын. Эшигим ачык.
Токтосун ата какшыгын кыйытты кайра:
— Эшик эмес, капчыгым ачык десең…
Жыйын аяктап, эл тарады.
Клубдун алдында жаш жигит Токтосун атадан сурады:
— Ата, чындыгында көр гана түзөйбү?
Токтосун ата асманды карап:
— Билбейм, балам. Кээ бирөөнү көр да түздөй албайт. Анткени андайлар түз да эмес, ийри да эмес… Жөн гана шамалга жараша бүгүлгөн камыш.
Ошол маалда Дүжүр чал жаңы район башчысы менен машинеге отуруп жөнөп кетти.
Токтосун ата өзүнчө кобуранды:
— Көр күтүп турат баарыбызды… Түз жашап, түз өлсөк экен…
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR