(түп нускадан кыргызчаланган аңгеме)
Ооба! Туура — мен абдан тынчсыз элем, азыр да өтө эле тынчсызмын; чектен ашкан тынчсызмын. Бирок эмне үчүн мени жинди дейсиңер? Оору менин сезимдеримди курчутту. Жок кыла алган жок, солгундаткан жок. Айрыкча угуу сезимим өтө курч эле. Мен асман, жердегини да угар элем. Тозоктон берки да көп нерсени уккам. Анан кантип жинди болоюн? Кулак салгыла! Көргүлө, бул окуяны канчалык акыл-эстүү, канчалык жайбаракат айтып бере алаарымды.
Биринчи ой башыма кантип келгенин айта албайм; бирок ал киргенден кийин күнү-түнү мени кубалап турду. Максатсыз. Кек жок эле. Карыяны жакшы көрчүмүн. Ал мага эч жамандык кылган эмес. Мени кемсинткен эмес. Анын алтынына да көз артканым жок.
Мага түрткү болгон нерсе… анын көзү болду окшойт! Ооба, дал ошол! Анын бир көзү таз жорунукундай агыш-көгүш, жансыз көз эле — үстүн туман баскандай. Ал көз мага тигилген сайын, каным тамырларымда тоңуп калчу. Ошентип, акырындап, күндөн күнгө, карыяны өлтүрүп, ошол көздөн түбөлүк кутулуу чечимине келдим.
Эми уккула. Силер мени жинди деп ойлойсуңар. Бирок жиндилер акылсыз болушат. Мени көрүшүңөр керек эле! Мен канчалык этияттап иш кылганымды, канчалык сактык, көрөгөчтүк, айлакерлик менен максатыма жакындаганымды көрсөңөр! Карыяга мен өлөрүнө чейинки акыркы жумада мурда болуп көрбөгөндөй жумшак мамиле кылдым. Ар түнү, түн ортосунда эшигинин туткасын акырын бурап, эшикти ушунчалык акырын аччумун. Анан баш өлчөмүм баткандай кылып ачып, жабык фонарды киргизчүмүн, жарыгы сыртка чыкпагандай. Анан гана башымды жылдырып киргизчүмүн. О, силер мени көрсөңөр күлмөксүңөр — башымды канчалык кыраакылык, канчалык жай айлантканымды! Карыяны ойготпош үчүн бүтүндөй бир саат сарптачумун.
Анан фонарды акырын аччумун, ушунчалык этияттап! Болгону ичке, жалгыз нур чыгып, түз эле анын көзүнө түшчүдөй. Муну жети түн бою кайталадым, так түн ортосунда. Бирок көз дайыма жабык болчу. Ошондуктан ишке дароо кирише албадым, анткени мени карыя эмес, анын көзү кыйначу. Ар таң сайын болсо, мен анын бөлмөсүнө эркин кирип, жайдары сүйлөшүп, атын атап, түнү кандай өткөнүн сурачумун. Көрдүңөрбү, ал өтө кыраакы болмок, эгер түн ортосунда аны аңдып жүргөнүмдү байкаса!
Сегизинчи түнү эшикти мурдагыдан да жай ачтым. Саат жебеси колумдан тезирек жылгандай туюлду. Ошол түнгө чейин өз күчүмдү, амалымды мынчалык сезген эмесмин. Жеңишке жакындаганымды ойлоп, ичимден кудуңдадым. Бирок кокусунан баш бармагым темир илгичтен тайып кетти. Карыя төшөгүндө селт этип:
— Ким бар? — деп кыйкырды.
Ордумдан жылбадым. Бир саат бою бир да булчуңум козголбоду. Ал отурган бойдон, караңгыда кулак төшөй берди.
Бир маалда алсыз онтогон үн уктум. Бул өлүм коркунучунун үнү эле. Бул оору же кайгы эмес, жан дүйнөнүн түпкүрүнөн чыккан, корккондон муунган үн эле. Мен аны жакшы билчүмүн. Көп түндөрү, дал түн ортосунда, дал ушундай үн өз көкүрөгүмдөн чыгып, мени да коркунучка салчу. Ооба, бул үн мага тааныш эле. Карыя эмне сезип жатканын билдим. Аны аядым, бирок ичимден күлүп турдум.
Акыры чыдамым түгөнүп, фонарды бир аз ачтым. Жука жиптей нур чыгып, түз эле анын көзүнө түштү.
Ал көз тостойду! Ичимде каар кайнады. Мен аны так көрдүм: агыш-көгүш, жансыз, жийиркеничтүү туман баскан көз. Ал көз сөөктөрүмө чейин муздатты. Жүзүн көргөн жокмун, нурду түз эле ошол каргыш тийген көзгө буруптурмун.
Үндү ошондо уктум — басыңкы, ылдам, бүдөмүк… кебезге оролгон сааттай. Бул — карыянын жүрөгү эле. Ал үн ачуумду күчөттү, барабан жоокердин кайратын козгогондой.
Үн күчөй берди. Тездеди. Катуулады. Акыры чыдай албадым.
— Анын сааты келди! — дедим ичимден.
Кыйкырып, фонарды толук ачтым да, бөлмөгө атып кирдим. Ал бир гана жолу кыйкырды. Аны заматта жерге жыгып, оор жууркан менен басып думуктурдум.
Жүрөгү дагы бир нече мүнөт сокту… анан токтоду. Өлдү. Колумду жүрөгүнө койсом, эч кандай жышаан билинбейт. Ал таштай катыптыр.
Эми анын көзү мени эч качан тынчсыздандырбайт!
Эгер мени дагы деле жинди деп эсептесеңер, анда денени жашыруудагы сактыгымды айтып берсем, бул оюңардан кайтасыңар.
Түн өтүп жатты, а мен тынымсыз иштедим. Баарын тездетип, унчукпай жасадым. Адегенде сөөктөрүн жиликтедим. Башын, колдорун, буттарын кесип салдым.
Андан соң бөлмөдөгү полдун тактайларын көтөрүп, баарын устундардын арасына жашырдым. Кийин тактайларды кайра ушунчалык чебер ордуна келтирдим — бир да көз, бир да адам эч нерсе байкабагандай. Жууй турган эч нерсе калган жок, бир тамчы кан да жок! Мен өтө сак болчумун.
Баары полго сиңип кетти… ха-ха-ха!
Таңкы саат төрткө чейин ишим бүттү. Караңгы түн ортосундагыдай эле коюу болчу. Дал ошол маалда эшик кагылды. Эшикти ачканы бардым — жүрөгүм жеңил эле, эми эмнеден корком?
Ичкери үч киши кирди — полиция кызматкерлери. Коңшулардын бири түндө кыйкырык укканын айтып, шек санаптыр. Ошондуктан алар текшерүүгө келишкен.
Мен жылмайдым. Корко турган эч нерсе жок эле. Аларды сылык тосуп алдым. Кыйкырык тууралуу сурашканда, “түшүмдө өзүм кыйкырып жиберипмин” дедим. Карыя болсо айылга кеткенин айттым. Үйдү толук кыдырттым. Издешти, жакшы издешти. Акыры аларды анын бөлмөсүнө алып кирдим. Байлыгын көрсөттүм, баары ордунда.
Өз ишенимиме ашынып, аларга отургуч алып келип, эс алууга чакырдым. Өзүмбү? Ооба, өзүм дал ошол жерге — сөөк жашырылган жердин үстүнө отуруп алдым.
Полиция канааттанды. Менин эркин жүрүшүм аларды ишендирди. Мен да тынч элем. Алар сүйлөшүп отурушту, мен жооп берип турдум. Бирок бир маалда өңүм агарып кеткенин сездим. Башым ооруп, кулагымда шыңгыраган үн пайда болду.
Ал үн күчөдү. Көбүрөк сүйлөй баштадым, андан арылуу үчүн. Бирок ал үн токтободу. Тескерисинче, барган сайын аныгырак боло баштады.
Ошондо түшүндүм: бул үн кулагымда эмес!
Өңүм таптакыр кубарып кетти. Үнүмдү көтөрүп сүйлөй баштадым. Эмне кылышым керек эле? Бул баягы үн эле — басыңкы, ылдам, кебезге оролгон сааттай үн.
Дем ала албай калдым. Полиция болсо эч нерсе укпагандай сүйлөшө берди. Мен дагы катуурак сүйлөдүм, бирок үн улам күчөдү.
Ордумдан туруп, маанисиз нерселерди айтып, катуу кыймылдай баштадым, бирок үн токтободу! Ал күчөнгөндөн күчөдү!
Эмнеге алар кетпейт?! Бөлмөдө ары-бери бастым, жиним келгендей. Бирок үн дагы эле күчөй берди!
Оо Кудай! Эмне кылам?!
Өзүмдү жоготтум. Акылсыз сөздөрдү сүйлөдүм. Каргыш айттым. Отургучту сүйрөдүм, бирок үн токтободу! Барган сайын катуулады!
А тигилер дагы эле күлүп, сүйлөшүп отурушат!
Жок! Алар угуп жатышат! Билишет! Алар шек санап, мени шылдыңдап атышат! Ошондо да, азыр да ушундай деп эле ойлойм!
Мындай азаптан өткөн коркунуч жок! Ар кандай кыйноо мындан жеңил болмок! Бул жасалма жылмаюуларга чыдай албадым!
Кыйкырып жибербесем, өлмөкмүн!
— Жетишет! — деп бакырдым. — Жасалма болбогула! Мен мойнума алам! Полду көтөргүлө! Мына бул жерде — ушул жерде! Бул анын жийиркеничтүү жүрөгүнүн согушу!
Англис тилинен которгон Алым Эржан
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR