Эдгар По: Кызыл өлүмдүн бет кабы

  • 02.08.2025
  • 160

АҢГЕМЕ

Кызыл өлүм илдети бир топ убакыттан бери каптап, өлкөнүн элин суюлта баштаган. Буга чейин мындай коркунучтуу, кыйратуучу эпидемия болгон эмес. Үрөй учурган тамылжыган кызыл түстүү кан — анын герби жана мөөрү эле! Күтүүсүздөн баш айланып, токтобогон коркунучтуу калтырак басып, анан барып бардык тешикчелерден кан чыга баштачу — ошондо өлүм келчү. Жабырлануучунун денесинде, өзгөчө бетинде, кочкул кызыл тактар пайда болгондо, эч ким ага жакындап барып жардам берүүгө же колдоо көрсөтүүгө батынчу эмес. Адам оорунун биринчи белгилеринен баштап, жарым саатка жетпеген убакыт аралыгында бул дүйнө менен коштошуп кетип жатты.

Ханзаада Просперо жүрөгүндө коркунучту сезбеген, акылы тунук, шайыр адам эле. Журт калбай, ээн конуштан ал миңге жакын ишенимдүү, чыдамкай досторун чогултуп, бекемделген монастырга качып жөнөдү. Ал жерде анын тынчын эч кандай оору албайт деп ишенген. Ханзааданын табитине жараша салынган бул аземдүү имарат бийик дубал менен курчалып, темир дарбаза менен бекемделген. Ичке киргенден кийин ханзаада усталарга дарбазаны ачылгыс кылып бекем бекитүүнү буюрду. Алар темир көөрүктөрүн, балкаларын алып келип, кире бериштердин баарын жаап, сырттан эч кандай коркунуч менен үмүтсүздүктү киргизбөөнүн аракетин жасашты.

Сепил ичинде жашоо үчүн зарыл нерселердин баары бар эле, ошондуктан сарайдагылар жугуштуу оорудан коркпостон жашай алышмак. Ал эми дубал сыртында калгандар, өздөрүн өздөрү сактап алышсын! Азыркы учурда кайгыруу же терең ойго батуу акылсыздык болмок. Ханзаада көңүл ачууну жана көңүлдү көтөрүүнү уюштурууга бел байлады. Маскарапоздор, ырчылар, бийчилер, музыканттар, сулуу бийкечтер жана мол шарап – ушунун баары бул жерде кенен. Эң башкысы, бул жерде коопсуздук бар, ал эми сыртта Кызыл өлүм өзүнүн кандуу бийин бийлеп жаткан.

Аббатстводогу жашоонун бешинчи же алтынчы айы аяктап, кыйраткыч оору бардык күчүн көрсөтүп жаткан маалда, ханзаада Просперо досторун мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлдеги бал маскарадга чакырды.

Бул маскарад чынында эле чектен чыккан, көз жоосун алган оюн-зоок болду. Бирок алды менен силерге бул сыйкырдуу оюн-зоок өткөн бөлмөлөрдү кылдат сүрөттөп берейин. Сепилде жети бөлмө бар эле – ар бири өзүнчө бир керемет, укмуштай кооздолгон. Кадимки сепилдерде мындай бөлмөлөр узун коридорлордо катар тизилип, бүктөлмө эшиктер кенен ачылып, коридордогу бардык көрүнүштү ачыкка чыгарат эмеспи.

Бирок бардык нерсеге өзгөчө көз карашы бар сепилдин ээси, айтылуу Просперо, бул курулушту да, өзүнүн уникалдуу, сырдуу табитине ылайык, таптакыр башкача, өзүнчө бир дүйнөдөй салдырган. Бөлмөлөр ушунчалык кызыктай, табышмактуу жайгашкандыктан, ар бир жыйырма-отуз ярд сайын коридор чукул бурулуп, ар бир бурулушта бөлмөлөр өз алдынча, сырдуу бир дүйнөдөй бөлүнүп турат. Ар бөлмөнүн оң, сол дубалдарынын ортосунда готикалык стилдеги бийик, бирок кууш терезелер жайгашкан. Бул терезелер жабык коридордун бурулуштарын кайталаган, сырдуу галереяны карайт.

Терезелерге салынган түстүү айнектер, ар бир бөлмөнүн ички жасалгасына толук шайкеш келип, өзүнчө бир маанай жаратат. Галереянын чыгыш тарабындагы биринчи бөлмөнүн ичи көк түскө боёлгон, ал эми терезенин айнеги да ачык көк, асман сыяктуу. Экинчи бөлмө кочкул кызыл, айнектери да ошол эле түстө, кандын өңү сыяктуу. Үчүнчү бөлмө жашыл, жашоо символу сыяктуу, төртүнчүсү кызгылт сары, жаңыдан көтөрүлгөн күн нурундай, бешинчиси аппак, тазалык белгиси сыяктуу, алтынчысы күлгүн, түндүн сырындай. Ал эми жетинчи бөлмөнүн дубалдары кара баркыт менен капталган, ал жерде убакыт токтоп калгандай, шыптан ылдый түшкөн баркыттын учу, жерде жаткан ошол эле түстөгү килемдин четине тийип турат, бул бөлмө өлүмдүн символу сыяктуу.

Мына ушул бөлмөдө гана терезенин айнектери дубалды каптаган калың кездемелердин өңүнөн айырмаланып, ачык кочкул кызыл, кан түсүндөй. Жети бөлмөнүн ичинен бир да чырак же шам көрүнбөйт. Бөлмөлөр ичи алтын жасалгаларга жык, ал тургай алар шыптан ылдый салаңдап турганын көрөсүң. Коридорду курчаган галереяда, ар бир терезенин тушунда үч буттуу тулгаларда жалындап от күйүп турат. Айнектер аркылуу тийген от жарыгы бөлмөлөрдү түстүү нурга бөлөп, айлананы элестүү, фантастикалык көрүнүшкө чулгайт. Бирок батыш тараптагы кара бөлмөдө кан сыяктуу кызыл айнектен өткөн жарык өзгөчө сырдуу көрүнүш жаратар эле. Ал кара дубалдарга тийип, кирген адамдын жүзүн таанылгыс өзгөртүп жибергендиктен, көпчүлүк коноктор ал бөлмөгө кирүүгө батынчу эмес.

Бөлмөнүн батыш дубалынын жанында чоң кара жыгач саат орун алган. Анын салмактуу маятниги бир калыпта күңгүрөп, алды-артка термелчү. Мүнөт жебеси айланып, саат мерчемине жеткенде, жез бөлүктөрүнөн чыккан ажайып музыкалуу, күчтүү добуш бөлмөнү каптап кетчү. Бул добуш музыканттарды да бир саамга токтотуп, тыңшап калууга мажбур кылчу. Вальс бийлеген жуптар да аргасыздан токтоп, ырчылар уялыңкы тынчтыкка чөмүлүшчү. Эң шайыр адамдардын жүздөрү дароо кубарып, жаш балдардай боло түшчү. Ал эми жашы өтүп калгандар чекесин сылап, капыстан чачылган ойлорун жыйноого аракет кылып жаткандай туюлчу. Саат добушу токтор замат, бөлмө кайрадан күлкүгө, музыканттардын коркуп кеткен досторун шылдыңдаган сөздөрүнө толуп кетчү. Ар бири ичинен: "Кийинки жолу мындай ыңгайсыз абалга калбайм" деп ойлошчу. Бирок алтымыш мүнөт – үч миң алты жүз секунд өтүп, саат жебеси кайрадан сого баштаганда, мурунку абал кайрадан жаралып, чогулгандардын баарын тынчсыздануу ээлеп алчу.

Бул майрам өзгөчө, кубанычтуу болду. Ханзааданын уникалдуу табити бар эле: ал тышкы эффекттерге кызыгып, моданы эч качан ойлонгон жок. Анын пландары тайманбас, адаттан тыш болуп, жапайычылык менен чектешип ишке ашырылды. Көптөр ханзааданы жинди деп ойлошсо, анын жардамчылары башкача пикирде эле. Анткени ага аны уккан, көргөн, жанында жүргөндөр гана ишенишкен.

Бул чоң майрамга (бал маскарадга) жети бөлмөнүн жасалгасына тиешелүү дээрлик бардыгын ханзаада өзү көзөмөлдөдү. Бет каптарды тандоодо да анын колу сезилип турду. Албетте, булар гротесктер эле! Бардык жерде шаан-шөкөттүү жалтыраган кооздуктар, турмушта кезикпеген, өзүнө тарткан жасалгалар, кийинчерек "Эрнаниде" көргөнүбүзгө окшошгон элестүү кооз нерселер. Бардык жерде кандайдыр бир фантастикалык жандыктар айланып жүрүштү, алардын ар биринин келбетинде же кийиминде күлкүлүү нерселер бар болчу.

Бул жерде баары бир жинди, ысытмалуу түштүн жемиши сыяктуу эле. Көз алдында жайнаган кооздук, адеп-ахлаксыздыктын тереңдиги, таң калыштуу нерселердин укмуштуудай көрүнүшү, үрөй учурган түштөрдүн элестери, жийиркеничтүү нерсенин баары бир жерге топтолгондой. Жети бөлмөнүн ичинде, биз түшүбүздө гана көргөн сансыз көрүнүштөр. Ар бир жаңы бөлмөгө кирген сайын, түсүн кубулткан элестер тынымсыз кыймылдап, шаңшыган оркестрдин добушу алардын ар бир кадамын коштогонсуйт. А кара баркыт менен капталган бөлмөдөн маал-маалы менен сааттын катуу каккан үнү угулуп турду.

Ошондо сааттын кагуусунан башкасы, баары бир саамга токтоп калгандай болду. Фантастикалык жандыктар кыймылсыз, муздай тоңуп калышты. Бирок сааттын үнү басылары менен, ал бир эле көз ирмемге созулду. Коридордо кайрадан шаңдуу, бирок бир аз акырын чыккан күлкү жаңырды. Музыка кайрадан жанданып, көрүнүштөр кайрадан тирилди. Бет каптар мурдагыдан да күлкүлүү болуп, жалындын нурларынан кубулуп, көп түстүү айнектердин өңүнө бөлөнө баштады.

Бирок галереянын батыш тарабындагы бөлмөгө эч ким кирүүгө батынган жок. Түн жарымы жакындаган сайын, кан түстүү кызыл айнектерден төгүлгөн кызыл нурлар күчөп, кара дубалдарды ого бетер коркунучтуу көрсөтө баштады. Кара килемге буту тийген адам, сааттын кагуусунан жаназанын коңгуроо добушун угуп, жүрөгү коридордун алыскы бурчунда көңүл ачып жаткандардыкынан да катуу согуп жатты.

Калган бөлмөлөрдө коноктор толтура эле, ал жерде жашоо кайнап жаткан. Түн жарымы болуп, саат түн ортосун белгилеп кага баштаганда той эң жогорку чегине жеткен. Музыка мурдагыдай эле токтоп, бийчилер вальс бийлебей калышты, бардыгын кандайдыр бир түшүнүксүз тынчсыздануу ээлеп алды. Бул жолу саат он эки жолу кагышы керек болчу, балким, ошондон улам канчалык көп каккан сайын, түшүнүктүү адамдардын жан дүйнөсүнө тынчсыздануу ошончо күчтүү киргендир. Акыркы сокку, акыркы добуш басыла электе, көпчүлүк катышуучулар мурда эч ким байкабаган бет капты көрүштү. Коноктордун арасына жаңы бет каптын пайда болгону тууралуу кабар чагылгандай тез тарады. Адегенде шыбыр-күбүр менен таралган кабар, заматта бүтүндөй элди ызы-чууга салып, алгач нааразычылыкты, таң калууну, барып-барып коркууну, үрөй учурууну жана кыжырданууну жаратты.

Мындай майрамда жөнөкөй жасанган адам эч кимди таң калтырмак эмес. Бирок бул түнү кыялдануулар чектен чыккан тойдо, жаңы келгендин бет кабы аша чапты, атүгүл ханзаада да мындайды күткөн эмес. Ар бир жүрөктө козгоого болбогон назик кылдар бар. Өлүм менен ойноого даяр эң кайраттуу адамдарда да күлүүгө болбой турган нерселер бар. Ошол учурда чогулгандар коноктун кийими менен жүрүм-турумунун канчалык орунсуз экенин сезишти. Бою узун, арык, бир нерседен жабыккандай кебетеленген конок, кепинге оронуп алыптыр. Анын бет кабы өлүктүн жүзүн ушунчалык так чагылдыргандыктан, алдамчылыкты байкоо кыйын болмок. Бул көңүлдүү топту тынчсыздандырмак эмес, балким, жактырып да калышмак. Бирок тамашакөй бет кабын Кызыл өлүмгө окшоштурууга батыныптыр. Анын кийими канга боёлуп, бетинде коркунучтуу кызыл тактар бар эле.

Ханзада Просперо өз ролун жакшырак көрсөткүсү келгенсип, бийлеп жаткан адамдарды аралап жүргөн арбактын элесин көргөндө, денеси коркууданбы же жийиркенүүдөнбү, айтор, башкача титиреп кеткенин баардыгы байкашты. Кийинки мүнөттө анын жүзү ачуулангандан кызарып-татарып чыкты.

— Ким бул?! — деди ал сарай кызматчыларын карап. — Ким мындай тамаша кылууга батынды? Аны кармап, бет кабын сыйыргыла, таң атканда кимди сепилдин дубалына асып коюшубуз керектигин билели.

Ханзаада Просперо бул сөздөрдү көк бөлмөдө айтты. Анын үнү жети бөлмөнүн бардык жеринде катуу жана так угулду, анткени ханзаада күчтүү, чечкиндүү инсан болчу. Ал дароо колун бир шилтеп, музыканы токтоткон. Бул окуя ханзаада жүздөрү кубарып кеткен сарай кызматчыларынын курчоосундагы көк бөлмөдө болду. Анын буйругун уккан топ бейтааныш адамды көздөй умтулуп, бирок ал күтүлбөгөн жерден ханзааданы карай тынч жана ишенимдүү кадам менен бет алды. Ага эч ким кол көтөрүүгө батынган жок, бул жинди тургандарга түшүнүксүз үрөй учурар коркуу сезимин жаратты. Ал ханзааданын жанынан эч тоскоолдуксуз өтүп кетти. Коноктор ага жол ачуу үчүн дубалга баары бир кишидей жабышып жөлөнүп калышты. Ошентип, ал башка коноктордон айырмаланар бир калыптагы, салтанаттуу жүрүшү менен көк бөлмөдөн кызылга, кызылдан жашылга, жашылдан кызгылт сарыга өтүп, ак бөлмөгө барып, акырында кара бөлмөгө кирди, аны токтотууга эч ким батынган жок.

Ушул жерде ханзаада Просперо ачуусуна чыдабай, өзүнүн көз ирмемдик коркоктугунан уялып, коридордун аягын карай жулунуп жөнөдү, бирок өлүм коркунучуна кабылган ордо кызматчыларынын бири да аны ээрчиген жок. Ханзаада колунда жылаңач канжары менен кара бөлмөнүн босогосунда душманды кууп жете бергенде, тигил капысынан артка бурулуп, аны теше тиктеди.

Катуу кыйкырык чыгып, жаркылдаган канжар кара килемдин үстүнө ыргыды, ага удаалаш ханзааданын жансыз денеси кулап түшүп, суналып жатты.

Андан кийин болгон кайраттарын жыйнаган эл кара бөлмөгө чуркап киришти. Бирок алар сааттын көлөкөсүндө катып калган каргашалуу сөлөкөттү кармашканда, алар айтып бүткүс үрөй учурган кепин менен коркунучтуу бет каптын астында эч нерсе жогун көрүштү. Эми анын Кызыл Өлүм экенинен эч ким күмөн санаган жок. Ал түнкү уурудан бетер кирип келген экен.

Бет капчан адамдар биринин артынан бири канга боёлуп, банкет залына жыгылып, кандай абалда куласа, ошондой абалда өлүп жатышты. Акырында кара жыгачтан жасалган саат токтоп, тулгадагы жалындаган оттор өчтү, Караңгылык, Акыйкат жана Кызыл Өлүм баарынын үстүнөн үстөмдүгүн орнотту.

Эдгар Аллан По. 1842

Р.Померанцеванын орусча котормосунан кыргызчалаган Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз