Лев Толстойдун көркөм мурас аңгемелери

  • 08.04.2026
  • 77

Кыйышпас бир туугандар

“Мен бир тууган агамды абдан жакшы көрөм. Ал боорум менин ордума аскерге аттангандан бери мага мурдагыдан бетер сүйгүнчүк көрүнөт”.

Окуя мындай болгон эле: чүчүкулак кармадык. Чүчүкулак мага туш келгендиктен, аскерге барууну чечтим. Үйлөнгөнүмө бир жумадай гана болгон. Бирок колуктумдун жанынан карыш жылгым жок.

Энем бышактап атат да, мен тууралуу минтет: “Петрушкам армияга кантип барсын? Ал – жаш”. Кыларга иш болбогондуктан мени аскерге камынтышты. Келинчегим көйнөк тигип, жолдугума акча топтоду. Эртеси шаардагы аскер мекемесине баруум зарыл эле.

Апамдын аргасыздан үңүлдөп ыйлаган жүзүн жаш чайыды. Армияга барарымды ойлогонумда, кудум аркы дүйнөгө жиберип аткандай жүрөгүм мыкчылды.

Үйдөгүлөр чогуубуз менен кечки тамакка жыйналдык. Наар татууга эч кимдин обору тарткан жок. Меш үстүндө жаткан улуу агам Николай да такыр ооз ачпады. Менин жаш колуктум үнсүз солуктап атты. Атам каш-кабагы суз олтурду. Апам боткону үстөлгө койгону менен ага эч ким кол тийгизбеди. Энем мештеги Николайды тамактанууга чакырды. Ал мештен түшүп келип, чокунду. Орундукка жайгашты да, мындай деди:

– Апа, көп эле урунуп-берине бербе! Петрушканын ордуна жоокерликке мен барайын. Мен андан улуумун го! Жоголуп кетпестирмин. Кызматымды өтөп бүтүп, кайра үйгө кайтам. А сен, Пётр, мен жокто атам менен апамдын тынчын алба. Менин зайыбымды да капалантпа!

Мен буга кубандым. Апам да үндөбөй, көңүлү ордуна түштү. Николайды аскерге камданттык.

Эртең менен уйкудан турганда жоокерликке менин ордума агам жөнөрүн ойлодум да, ыңгайсыздана түштүм.

Мен:

– Коля, сен кала бер, менин кезегим да! Өзүм барам, – дедим.

Ал, үндөбөстөн аскерге камынды. Мен да даярдандым.

Экөөбүз тең шаардагы аскер мекемесине бардык. Катарга ал да, мен да турдум. Экөөбүз тең тың жигиттербиз. Кезекте турабыз да: “Аскерге жаратпай койбосо экен”, - деп күтөбүз.

Агам мени тиктеди да, күлүп мындай деди:

– Жетишет Пётр, үйгө жөнө. Мени сагынып, кыжалат болбогула. Мен өз каалоом менен баратам.

Мен капаландым да, үйгө кайттым. Эми агамды эстегенде ал үчүн өмүрүмдү сайганга камбыл турдум.

Көпөстөр соодалашканда

Бир жармач көпөс алыскы сапарга чыгарда өзүнүн темир-терсек мүлкүн “сактап тур” деп бай көпөскө калтырат. Ал саякаттан кайткан соң бай көпөскө келип, ага табыштаган темир-терсегин кайтарып берүүсүн өтүнөт. Бай көпөс жармачтын бүткүл темир буюмдарын түгөлү менен сатып ийген эле. Шылтоо табуу үчүн ал минтти:

– Сенин темириң күм-жам болду.

– Кандайча?

– Мен аны буудай сактаган кампага койгом. Кампада чычкан деген жайнайт. Алар темириңди бүкүлү бойдон жок кылышты. Темирди кантип кемиргенин өз көзүм менен көрдүм. Эгер ишенбесең, сен да барып, текшерип чык.

Жармач көпөс талашып-тартышпады.

– Эмнесин көрмөк элек?.. Мен ансыз деле сага ишенем. Чычкандар дайыма темир кемирерин мен да билем. Кайыр кош! – деди да, жолун улады.

Ал көчөдөн бай көпөстүн ойноп жүргөн уулун учуратты. Баланы эркелетип, колунан кармап, өз үйүнө жетеледи.

Эртеси күнү ага бай көпөс жолугуп, уулу жоголгонуна кайгырды:

– Сен менин баламды көрбөдүңбү? Ал тууралуу кабар укпадыңбы? – деп сурайт.

Жармач соодагер ошондо:

– Кантип эле көрбөйүн? Көрдүм. Кечээ сеникинен чыгып баратсам, бир шумкар учуп келди да, түз эле сенин уулуңду кармап, алып кетти.

Бай көпөс буга ачууланды:

– Мени шылдыңдагандан уялсаң боло! Шумкардын баламды алып кеткени жакшы жышаан дейсиңби?

– Жок, мен сени табалаганым жок. Чычкандар жүз пуд темирди кемирип, сугунуп ийгендей эле, шумкардын да баланы алып кеткени таң калыштуу эмес. Бул турмушта ар кандай окуя боло берет.

Бай көпөс кыйытып айтылган кеп маанисин түшүндү да:

– Чычкандар сенин темириңди жеген жок. Мен аларды соодалап ийгем. Эми аны эки эселеп төлөп берейин, – деп окуянын чындыгын айтканга аргасыз болду.

– Андай экен, шумкар да сенин чүрпөңдү алып кеткен жок. Мен да аны кайрып берейин, – деди жармач көпөс.

Ата-энесин ойлонткон бала

Абышка аябай карыды. Кулагы укпай, көзү көрбөй, буту басууга жарабайт. Ээгинде тиши да калган жок. Ичкен оокатын жута албай, оозунан ылдый куюлат. Уулу менен келини тамактанганы аны үстөлгө чогуу олтургузбай, мештин артына жайгаштырып, өзүнчө бөлүп, оокат бергенге өтүштү.

Бир курдай оокатты кесеге куюп беришти. Абышка аякты ары жылдыргысы келип, кесени колунан түшүрүп ийип, сындырып алды. Келини кабагын чытып:

– Үйдү булгады, кесени сындырды, – деп кайнатасын каарый сүйлөндү.

Мындан ары ага түшкү оокатты жыгач табакка куюп берерин кыйытты. Аксакал үшкүрүнгөнү менен эчтеке дей албады.

Күндөрдүн биринде күйөөсү менен аялы үйүндө маңдай-тескей олтуруп, жерде олтурган чүрпөсүнүн жыгачтан буюм жасап атканын көрүшөт.

Атасы:

– Миша, эмне кылып атасың, уулум? – деп сурайт.

– Жыгач табак жасайм. Апам экөөңөр карыганда... Силерге ушу жыгач аякка тамак куюп берем.

Күйөөсү менен аялы бири-бирин тиктешти да, кепти түшүнүп, ыйлап ийишти. Алар карыяны капалантып алышканына уялышты. Ошондон тартып, аны өздөрү менен чогуу олтургузуп, астейдил кароого өтүштү.

Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз