АҢГЕМЕ
Кафукуну көбүнчө авто-унаалуу тааныш аялдар жеткирип коюшчу. Алардын айдоо манерасынан улам убакыттын өтүшү менен ал аларды эки топко бөлчү: биринчиси – табият берген чеберчилигин ашкере колдонуп, жедеп кара таман болуп бүткөн айдоочулар; экинчиси – коркок, ар дайым сак айдаган тынч айымдар (Кудайга шүгүр, акыркылары көп учурачу). Жалпылап айтканда, аялдар эркектерге караганда этият, сак айдашат. Албетте, эч ким аларды бул үчүн сындабаш керек, бирок кээде алардын ушундай айдоо ыкмасы артында келаткандардын, айрыкча шашма айдоочулардын жинине тийиши мүмкүн.
Ал эми авто-унаасын кооптуу айдаган аялдар өздөрүнүн айдоо чеберчилигине өтө эле бекем ишеним арткандай туюлчу. Алар көбүнчө коркок, тынч айдоочуларга кемсинткендей мамиле кылып, өздөрү мурункудай сактанып айдабай калганына сыймыктангандай сезилчү. Бирок алар ошол убакта бир жакка бурулуу үчүн "көрсөткүч чырагын" күтүлбөгөн жерден жандырса, айлана-тегеректеги айдоочулар жүрөктөрүн кармап, тормозду шашылыш басарын ойлоп коюшпайт.
Албетте, кээде аялдардын арасынан да өзгөчөлөрү кездешчү. Алар кооптуу да эмес, өтө сак да эмес, кадимкидей эле айдаган айымдар. Алардын арасында тажрыйбалуу айдоочулар көп, бирок алардан да ар дайым бир нерседен кысылып тургандай, жагымсыз коркуу сезилип турчу. Кафуку мунун себебин эч түшүндүрө албаса да, кайсы айдоочу айымдын жанына отурбасын, ал дайым ичтен чыккан коопту сезип, жай отура алчу эмес. Анан тамагы кургап, ыңгайсыз тынчтыкты бузуу үчүн, эч мааниси жок эле сөздөрдү сүйлөй баштачу.
А эркектердин арасында да ишенимдүү айдоочулар, ошондой эле "чайниктер" бар. Бирок алардын айдоосу жалпысынан анча тынчсыздандырчу эмес. Баары эле рулга отурганда өздөрүн эркин сезе албасын айтпай эле коёлу. Мүмкүн, алар да тынчсызданып отурушкандыр, бирок эркектик мүнөзүнөн улам, балким, аң-сезимсиз, ал тынчсызданууну айдоодон бөлө алышкандай. Рулду бош кармап, салондо отурган адам менен сүйлөшүп, эч нерсе болбогондой, бири экинчисине тиешеси жоктой мамиле жасашчу. Жүрүш-туруштагы мындай айырмачылыктын себебин Кафуку таптакыр түшүнө алчу эмес.
Кафуку, адатта, эркектер менен аялдарга бирдей мамиле жасап, алардын жөндөмдүүлүктөрүнүн ортосунда чоң деле айырмачылыкты көрчү эмес. Кесиптештеринин арасында аялдар эркектерден кем эмес эле, ал тургай алар менен иштешүүгө да бир топ жеңил болчу. Алар майда-чүйдөгө көңүл буруп, уга билишчү. Бирок кайсы бир аял башкарган унаага түшөр замат, Кафуку рулда ким – дароо сезчү. Бирок ал өз коркунучун эч ким менен бөлүшчү эмес, анткени бул тема сүйлөшүүгө анча ылайыктуу эмес деп эсептечү.
Ошондуктан, автосервис ээси Ооба мырза менен сүйлөшүп отуруп, айдоочу издеп жатканын айтып, ал бир тааныш кызды сунуштаганда, Кафукунун жүзүндөгү жалган жылмаюуну да байкаган жок. Муну байкаган Ооба, "Абышка, мен сени түшүнөм!" дегендей жылмайды.
– Бирок Кафуку мырза, ал абдан мыкты айдоочу. Кепилдик берем. Кааласаң, өзүң айдатып көр.
– Макул, сунушуңузга ыракмат, – деди Кафуку. Ал айдоочуну мүмкүн болушунча тез табууга аракеттенген. Алар он беш жылдан бери тааныш эле. Ийнедей учтуу чачтуу Ооба, бир караганда шайтанга окшош. Ал машиналарды абдан жакшы билчү, анын кеңештерин баары укчу.
– Анда мен авто-унааны дагы бир жолу текшерүүдөн өткөрүп коём, эгер баары жакшы болсо, эртең саат экиге чейин даяр болот. Ошол убакка тааныш кызды да чакыртайын, анан сен анын чеберчилигин текшер. Жакпаса, ачык айт, таарынбайм.
– Ал кыз канча жашта?
– Жыйырма бештер чамасында. Анчалык деле кызыккан эмесмин, – деди Ооба. Анан бир аз кабагын сала, сөзүн улады: – Ал жалпысынан абдан жакшы айдоочу. Бирок…
– Эмне?
– Кандай десем… бир аз "кемчилдиги" бар…
– Эмне болгон "кемчилдик"?
– Бир аз орой, көп сүйлөбөйт, анан тамекини паровоздой бурулдатат. Көргөндө эле өзүң билесиң: анча сулуу эмес, дээрлик жылмайбайт. Чынында жини келгенде каадаланып олтурбайт.
– Бул маанилүү эмес. Тескерисинче, көрүнүктүү болбогону жакшы, мага ашыкча сөздүн кереги жок.
– Анда жарайт.
– Эң негизгиси, жакшы айдаш керек, туурабы?
– Бул боюнча кабатыр болбоңуз. Аял болгон үчүн эмес… ал чындап эле абдан жөндөмдүү.
– Азыр бир жерде иштейби?
– Так билбейм. Кээде дүкөндө, кээде почтада иштеп калат – шартка жараша. Бирок жакшы сунуш түшсө, каалаган убакта кетип калышы мүмкүн. Бизге тааныш аркылуу келген, азыр кошумча киши жалдагыдай абал эмес. Кээде биз ага оор учурда кайрылабыз. Ага ишенсе болот. Анан таптакыр ичпейт.
Ичкилик жөнүндө сөз болгондо, Кафуку бир аз уялып, колун эриндерине тийгизди.
– Макул, анда эки күндөн кийин, саат экиде, – деди ал коштошуп. Кыздын оройлугу, көп сүйлөбөстүгү, сулуу эместиги кызыгуусун ого бетер арттырды.
Бир күн өтүп, түштөн кийин экиде, сары "Сааб 900" кабриолети өз ээсин күтүп турган. Оң канаттагы кабырылып ичине кирип кеткен жерлер билинбей калыптыр. Боёк да ошондой эле кайсы жерде башталып, кайсы жерде бүткөнү сезилбегендей тандалып алынган. Мындан тышкары, устаканада кыймылдаткычты текшерип, муфтаны жөндөп, тормоз колодкаларын, айнек сүрткүчтүн резиналарын алмаштырышкан. Кузов жалтырап, жалтыратылган дисктери жаркылдайт. Ообанын иши, адаттагыдай эле кемчиликсиз болчу.
Он эки жыл ичинде кабриолет жүз миңдеген километрди басып өткөн, кенеп чатыры кээ жерлеринен жыртылып, жамгыр жааган күндөрү суу өтчү. Бирок Кафуку машинасын алмаштырууну ойлогон эмес – "Сааб" ага ушул жылдар бою ишенимдүү кызмат кылып, олуттуу бузулуулар болгон жок. Кафукуга машинасы жакчу, жыл бою үстү ачык боюнча айдачу. Кышында жылуу пальто кийип, моюн орогуч оронуп, жайында чий калпак кийип, кара көз айнегин тагынар эле. Жөнөкөй рулун айлантып, Токио жолдорунда айланып, светофордо башын кербездене көтөрүп, булуттардын кербенин же зымдагы куштардын үйүрүн карачу. Мындай айдоосуз жашоосун элестете алчу эмес. Кафуку машинанын айланасында акырын басып, майда-чүйдөнүн бардыгын дыкат текшерип жүргөндө, ат оюндарына атын айланып караган чабандеске окшошуп кетчү.
Бул "Саабды" сатып алганда аялы тирүү эле. А сары түс – анын тандоосу. Алгачкы жылдары алар борборго чогуу көп чыгышчу. Аялы айдачу эмес, ал бул укукту күйөөсүнө берген. Бир нече жолу алар Хаконэге, Идзу жарым аралына, Насу тоолоруна экскурсияга чыгышкан. Бирок кийин он жыл бою ал дайыма жалгыз айдачу. Аялы каза болгондон кийин ар кандай айымдар менен жолукту, бирок бирин да машинасына салган эмес. Ошондон бери Кафуку кээде жумуш боюнча гана болбосо, шаардан сыртка чыккан жок.
– Машинанын эскирген жерлери бар, бирок дагы көпкө чыдайт, – деди Ооба чоң иттин желкесин сылагандай алдыңкы панелди алаканы менен сүртүп. – Ишенимдүү машина. Мурда "амортизаторлорду" чын дилден жасашчу! Электр системасына көз сала жүр, калганы сааттай иштейт, өзүм текшерип чыктым.
Кафуку документтерге кол коюп, алар эсеп-кысаптын чоо-жайын түшүндүрүп жатканда, баягы айткан кыз келди. Орто бойлуу, анча толук эмес, далылуу жана денеси чымыр. Моюнунун оң капталында зайтун көлөмүндөй лила түстүү чоң калы бар, бирок кыз муну жашырууга эч аракет кылбагандай. Калың кара чачтары тыкан таралган. «Ооба, Ооба туура айтыптыр – сулуу дешке болбойт», – деп койду Кафуку, анын одурайган жүзүнө көз чаптырып. Бетинин кээ бир жеринде безеткиден калган издер бар эле. Көз карашы ачык, бирок кандайдыр ишенбөөчүлүк менен карагансыйт. А чоң көздөрү анын тереңдигин гана баса белгилеп турду. Чоң кулактары башына чөлдөгү радарлардай жабылуу. Ал балаты үлгүсүндөгү эркек пиджагын кийип алган, май айына бир аз калыңырак күрөң шым жана "Converse" кара кедасын кийген. Пиджак алды узун жеңдүү ак көйнөккө жашырылган.
Ооба мырза кызды Кафукуга тааныштырды. Кыздын аты-жөнүн атады – Ватари.
– Мисаки Ватари. Атым хираганада жазылат. Керек болсо анкетаны толтуруп бере алам, – деди ал ачык чакырык менен.
Кафуку башын чайкады:
– Жок, азырынча кереги жок. Сен "механика коробка" айдай аласыңбы?
– Мен "механика коробка" айдаганды жакшы көрөм, – муздак жооп берди ал. Бул принципиалдуу вегетарианчыдан: "Салатты жакшы көрөсүңбү?" деп сурагандай эле кеп болду.
– Модель эски, навигациясы жок.
– Анын кереги деле жок. Мен почта ташыгамын, ошондуктан борбордун бардык географиясын жатка билем.
– Жакшы, анда шаарды бир аз айланып көрөлү? Аба ырайы жакшы, чатырды ачса болот.
– Кайда барабыз?
Кафуку ойлонуп калды.
– Биз Синохаси районунда турабыз. Тенгендзи храмынын алдындагы жол айрылышынан оңго бурулуп, "Мэйдзия" дүкөнүнүн жер астындагы автотуракчасына түшүп, соода кылалы. Анан Арисугава паркынын жанына чыгып, Франция Элчилигинин алды Мэйдзи көчөсүнө чыгып, кайра келели.
– Түшүнүктүү, – деди ал эч кандай суроосуз эле Ообадан ачкычты алып, кайда, кайсы баскычты басканын так билгендей отургучту, күзгүлөрдү ыкчам жөндөп алды. Муфтаны басып, ылдамдыкты текшерип, көкүрөк чөнтөгүнөн "Ray-Ban" көз айнегин алда да, Кафукуга баш ийкеп, даяр экенин билдирди.
– Кассеттик магнитофонбу? – алдыңкы консолго көз чаптырып, күмөн санагансыды.
– Ооба, мага кассетник жагат, – деди Кафуку. – Бул компакт-дисктерден алда канча ыңгайлуу. Ролдордун да сөздөрүн үйрөнүүгө жардам берет.
– Көптөн бери мындайды жолуктура элекмин…
– Мен айдоочулук күбөлүк алган убакта сегиз жолдуу кассеталар коюлчу.
Мисаки унчукпады, бирок Кафуку анын жүзүнөн түшүндү: ал мындай нерсени биринчи жолу угуп жатканын.
Ооба убада кылгандай, Мисаки эң сонун айдоочу болуп чыкты. Ылдамдыкты жай алмаштырып, машинаны дароо сезди. Кыймыл кээде жайлап, светофорлордо күтүүгө туура келди, бирок ал ашыкча оборотту көтөрбөөгө аракет кылгандай көрүндү. Кафуку муну анын көз карашын байкады. Бирок көзүн жумса, ылдамдыктарды алмаштырганын сезбей калмак. Алар кайсы ылдамдыкта баратканын кыймылдаткычтын үнүн угуу менен гана билүүгө мүмкүн болчу. Газ, тормозду жумшак, этият басып жатты. Бирок Кафукуга эң жакканы – бул кыз машинени эч кандай чыңалуусуз айдады. Рулда өзүн ишенимдүү сезди. Жүзүнүн өзгөчөлүктөрү алгачкы жолугушуудагыдай орой көрүнбөй, көз карашы бир аз жумшаргансыйт. Көп сүйлөбөгөнү гана мурдагыдай, Мисаки анын суроолоруна гана жооп берип жатты.
Бирок Кафукуну бул тынчсыздандырган жок. Ал өзү да сөзмөр эмес. Албетте, жакшы тааныштары менен кызыктуу маек курчу, бирок башка учурларда унчукпоону артык көрчү. Ал көз алдынан өткөн шаар көрүнүштөрүн карап отурду. Мурда рулду бекем кармап, мезгил-мезгили менен караганга араң үлгүрчү, азыр ээн-эркин баарын шашпай кароодо.
Машинелерге толгон Гайэнниси көчөсүндө ал көндүмдөрүн текшерүү үчүн Мисакиге "Саабды" жол жээгинде токтогон машиналардын ортосуна кирип көрүүнү буюрду, ал баарын ишенимдүү так аткарды. Мисаки акылдуу кыз экен, реакциясы да мыкты. Кызыл күйгөндө ал тамеки тартып, пачкасына караганда – "Мальборону" артык көрөт сыяктуу. Жашыл күйгөндө, алаксыбоо үчүн дароо тамекисин өчүрөт. Тамекиде помада изи калган жок. Мисаки маникюр жасабаптыр, дээрлик грим колдонбойт экен.
– Эгер бир нече суроо берсем, эч нерсе эмеспи? – деди Кафуку, машина Арисугава паркынан өтө бергенде.
– Сураңыз, – деди Мисаки.
– Машине айдаганды кайдан үйрөндүң эле?
– Хоккайдо тоолорунда чоңойгом. Он алты жаштан бери рулдамын. Ал жакта машинасыз эч нерсе кыла албайсың. Шаар – ойдуңда жайгашкан, күн тез эле тоого батып, жолдордо дээрлик жарым жыл муз болот. Каалабасаң да, коопсуз айдаганды үйрөнөсүң.
– Бирок тоолордо жол жээгине токтоого жер болбосо керек?
Ал эч нерсе деген жок, бул акылсыздыкты угуудан баш тартты.
– Ооба-сан мага эмне үчүн айдоочу керек болгонун айттыбы?
Мисаки, алдыга тиктеп, калбаат үн менен мындай деди:
– Сиз – актёрсуз, жумасына алты күн театрда ойнойсуз. Ал жакка машине менен барасыз, анткени метрону да, таксини да жаман көрөсүз. Ошондой эле машинеде баратканда ролдорду үйрөнөсүз. Бирок жакында сиз башка машине менен кагышып, убактылуу укугуңуздан ажыратылдыңыз. Эки себеп боюнча: аз өлчөмдөгү алкоголь жана көрүү көйгөйү.
Кафуку бирөөнүн түшүн угуп жаткансып баш ийкеп койду.
– Полиция талабы менен медициналык экспертизадан өттүңүз, офтальмолог глаукоманын белгилерин аныктаган. Сиздин көрүү талааңызда бош так пайда болгондой. Оң бурчунда. Бирок буга чейин сиз муну эч сезген эмессиз… Канда алкоголь аз үчүн ичимдиктен кийинки айдоо ишин басма сөзгө чыгарбай чече алышты, бирок көрүү кемтигин жашыруу мүмкүн болбоду. Мындай абалда оң тарабыңыздан ашып өтөм деген машинени байкабай калуу коркунучу бар. Ал эми бул ооруну жеңмейинче, айдоочулук укугуңуз толук алынып салынды…
– Мырза Кафуку, – деп кайрылды Мисаки, – сизди «Мырза Кафуку» деп эле аташабы? Бул чыныгы фамилияңызбы?
– Чыныгы, – деп жооп берди. – Угулушу жакшы, бирок андан эч пайда жок. Ата-бабаларымдын арасында эч кимиси орточо да бай болгон эмес.
Унчукпай калышты, анан Кафуку Мисакиге айына канча төлөй турганын айтты. Сумма чоң эмес, бирок Кафуку андан көп төлөгөнгө чамасы жетпейт эле. Кафукунун ысымы тар чөйрөдө гана белгилүү, бирок фильмдерде, сериалдарда башкы ролдорду ага сунушташкан жок, а театр актёрлорунун эмгек акысы аз. Кафуку сыяктуу актёр үчүн жеке айдоочу, эгерде ал убактылуу болсо да, өзгөчө каада.
– Иштөө сааттары графигиме жараша өзгөрүшү мүмкүн. Бирок акыркы учурда көбүнөчө спектаклдерде иштеп жатам, адатта, эртең менен жумуш жок. Ошондуктан, түшкө чейин уктасаң болот. Кечинде, он бирден кечиктирбей бүтүрүүгө аракет кылам. Кечиктирүүгө туура келсе, такси чакырам. Жумасына бир жолу сага дем алыш болот.
– Макулмун, – Мисаки дароо жооп берди.
– Жумуш анча оор эмес. Андан көрө, бош отуруп күтүү оор.
Мисаки эч нерсе дебеди, болгону эриндерин кысып койду. Көз карашы анын жашоосунда андан да оор нерселерге туш болгонун айтып турду.
– Чатыр ачык болгондо, тамеки тартсаң болот, мага баары бир. Бирок жабык болсо, кечиресиз.
– Түшүнүктүү.
– Сиздин кандайдыр бир каалооңуз барбы?
– Жалпысынан, жок…
Ал бир аз жылмайып, терең дем алып, ылдамдыкты төмөндөттү. Андан ары улантты:
– … Бул машина мага жакты.
Калган жолдо унчукпай барышты. Устаканага кайтып келишкенде, Кафуку Ообаны четке чакырып, кыз ага жакканын айтты.
Эртеси үч жарымда, Мисаки Кафуку жашаган Эбису үйүнүн жертөлөдөгү гаражынан сары "Саабды" чыгарып, артистти Гиндзадагы театрга жеткирди.
Жакшы аба ырайында машине чатыры ачык эле. Театрга баратканда Кафуку отургучуна таянып, кассетага жазылган пьесадагы өз сөздөрүн кайталайт. Бул Мэйдзи доорундагы Жапонияда которулган Чеховдун "Агай Ваня" спектакли. Башкы ролду Кафуку аткарат. Сөздөрдү жатка билчү, бирок өзүн тынчтандыруу үчүн текстти күн сайын кайталоо керек, бул убакыттын өтүшү менен адат болуп калган. Кайра келатканда ал көбүнчө Бетховенди, скрипкалык квартеттерди угат. Түбөлүккө жагымдуу музыкадан эч качан тажоо мүмкүн эмес, ал анын ойлоруна эң сонун фон же эч нерсе ойлобогондо алаксытчу каражат. Жеңил нерсе кааласа, Кафуку эски америкалык рокту койчу: "Бич Бойз", "Рэскалз", "Криденс", "Темптейшнз" – жаштык музыкасы.
Мисаки өз эмоцияларын, таасирлерин бөлүшүүгө шашылчу эмес. Анын көрүнүшүнөн бул ритмдер жагабы, аларды көтөрө алабы, же жөн гана байкабайбы – Кафуку бул тууралуу эч нерсе билген жок.
Кафуку адатта эл алдында өзүн эркин сезчү эмес, анан да ачык үн менен ролун репетициялоого эч батына алган эмес. Бирок Мисаки аны түйшөлткөн жок, бул жагынан анын сырткы муздак мамилеси абдан ыңгайлуу. Кафуку канчалык катуу сүйлөсө да, рулда отурган кыз эч нерсе укпагандай мамиле кылчу. Же чындыгында эле жолду гана ойлонгондуктан көңүл бурчу эместир. Балким рулда отурганда ал өзгөчө нирвана абалына кабылат.
Андан тышкары, Кафуку анын өзү жөнүндө эмне ойлогонун эч билген жок: бир аз болсо да жагымдуубу же такыр кайдыгерби, балким жийиркеничтүүдүр, ал жумуш үчүн гана чыдайттыр. Кандай ойлобосун, ага баары бир. Анын машине айдаганы жакчу, ошондой эле анын эч камырабаган мүнөзү, көп сүйлөбөгөнү да жакты.
Спектаклден кийин ал тез эле бетиндеги гримди жууп, кийимин алмаштырып, дароо театрдан чыгып кетчү. Ал башкалардай эле тынчсызданганды жаман көрчү, кесиптеш актёрлор менен достук мамилеси жок. Мисакинин уюлдук телефонуна чалып, келе калышын суранчу, ал эми ылдый түшкөндө ал жерде аны сары кабриолет күтүп турчу. Он бирге жакын үйүнө, Эбисуга кайтып келчү. Бул дээрлик күн сайын кайталанчу.
Башка жумуш да бар эле: жумасына бир жолу Кафуку телесериалга тартылчу. Криминалдык келегей, бирок рейтинги жогору тасмалардын акчасы да жакшы төлөнчү. Ал башкы каарманды – тергөөчүнү дайыма сактап калчу бакшынын ролун ойночу. Ролго киришүү үчүн ал грим менен көчөгө бир нече жолу чыгып, жолоочуларга бакшылык кылган. Анын жөндөмдүүлүктөрү тууралуу ушак-айыңдар тараган. Кечинде тартылуу аяктагандан кийин, ал спектаклдин башталышына кечигүүдөн коркчу. Түздөн-түз Гиндзага, театрга ошон үчүн шашчу. Жума соңунда күндүзгү спектаклден кийин ал театр студиясында жаш актёрлорго сабак берчү. Жаштарга сабак бергенди жактырчу. Анын бардык жерге алып баруу Мисакинин милдетине кирген, кыз ал милдетин так аткарчу. Убакыт өтүшү менен экөө бири бирине көнүшүп, кээде жолдо абдан катуу уктап калчу.
Күн жылыганда Мисаки өзүнүн твид пиджагын жука жайкы жакетке алмаштырды. Рулга отурганда, ал сөзсүз алардын бирин кийчү, бул анын айдоочулук формасы сыяктуу эле. Жаан-чачын башталганда кабриолеттин чатырын көбүрөк жабууга туура келчү.
"Саабдын" олтургучунда баратып Кафуку каза болгон аялын ойлонуп жатты: Мисакини жалдагандан кийин, ал анын оюнан кетпеди. Аялы сулуу, эки жашка кичүү артист эле. Кафуку типтүү актёр катары эсептелгендиктен, ага көп учурда экинчи пландагы каармандардын ролун сунушташчу.
Жаактары узун, жаштайынан таз – башкы ролдорго Кафуку көп ылайыктуу эмес эле. Андан айырмаланып, аялы чыныгы сулуу болчу, анын ролдорунун тизмеси да дурус, гонорарлары да ошого жараша эле. Бирок жылдар өткөн сайын анын мүнөздүү аткаруучу стили бар артист катары аброю өскөн. Бирок ушундай болсо да, алар бири-биринин мүмкүнчүлүк, жөндөмдөрүн сыйлап, популярдуулук менен кирешедеги айырма эч качан уруш-талаштын себеби болгон эмес.
Кафуку аялын сүйчү. Биринчи жолугушуудан бери – ал кезде ал жыйырма тогузда болчу, ал анын жүрөгүн ээлеп, ага болгон сүйүүсүн элүү жаш мааракесине – ал көз жумганга чейин сактады. Үй-бүлөлүк жашоосунда ал эч качан аялын башка бирөө менен алмаштырбады. Кээде мүмкүнчүлүктөр болду, бирок Кафуку аларды колдонууну ойлонгон да эмес.
А аялы кээде көзүнө чөп салып жүрдү. Кафуку билгендей, андайлардан төртөө бар болчу. Жок дегенде эле мезгил-мезгили менен байланышта болгондор алар. Албетте, аялы бул тууралуу сөз кылчу эмес, бирок Кафуку муну дароо байкаган. Анда таң калыштуу сезимдер пайда болгон: эгер өнөктөшүңдү чын жүрөктөн сүйсөң, анын жаман иштерин билүүнү каалабайсың, бирок бир нерсени сезесиң. Аялы менен сүйлөшүп жатып, Кафуку анын үнүнөн ойношторун оңой эле аныктачу. Алардын баары актёрлор болчу, алар менен бирге кинолордо тартылышчу, дээрлик баары андан жаш эле. Кино тартуу учурунда башталган биринчи роман, ал аяктаганда эле кошо бүткөн. Ошентип, ушундай эле сценарий боюнча дагы үч жолу кайталанган.
Аялы эмне үчүн башка эркектер менен жатыш керектигин Кафуку ошол учурда да, азыр да түшүнбөйт. Үйлөнгөндөн кийин алар никеде да, жашоодо да өнөктөш катары жакшы мамиледе болушкан, бири-бирине ишенүүгө аракет кылышкан. Жумуштан бошогондо, алар көп учурда ынтызарлык менен ар нерсени сүйлөшүшчү. Кафуку алар руханий, сексуалдык жактан сонун гармония деп эсептеген. Тегерегиндегилер аларды идеалдуу жубайлар деп эсептешчү.
Туурасында, ал аялынын ден-соолугу жакшы кезинде бул тууралуу сүйлөшүүгө батынышы керек эле. Бул жөнүндө көп ойлонуп, бир жолу анын өлүмүнөн бир нече ай мурун, оозунан бул чыгып кете жаздаган: "Сен алардан эмне таптың? Мен канааттандырган жокмунбу?" Бирок аялы оорудан алсырап, өлүм менен күрөшүп жатканын көрүп, эч сураган эмес. Ошентип, ал эч нерсе түшүндүрбөй, күйөөсү жашап жаткан дүйнөнү таштап кетти. Суралбаган суроо, алынбаган жооп... Крематорийдин өлүм ээлеген жымжырттыгында унчукпай, аялынын күлүн чогултуп жатып, бекем ойго батты. Ошол убакта ал башка бирөөнүн үнүн укмак эмес.
Албетте, аялын ойношторунун кучагында элестетүү ага оор болду. Анан эмне, башкача болмок беле! Көзүңүздү жумсаң эле, аң-сезимде ар кандай реалдуу сценалар пайда болот – анан жоголот. Ал мындай элестетүүнү каалаган эмес, бирок элестете албай да коё албады. Элестөө, курч бычактай, акырын жана ырайымсыз анын жан-дүйнөсүн эзип турду. Кээде ал анын эмне кылып жүргөнүн билбей койсо кандай жакшы деп ойлочу. Бирок кандай болгон күндө да, ал акыл жапайылыкты жеңет деген принцип менен жашады. Кийин канчалык кыйналбасын, ал азыр бардыгын билүүгө аргасыз. Адамды таанып билүү гана күчтүү кылат.
Бирок аялына анын сырын билгенин жашырып, жашоосун кадимкидей улантуу оор болду. Жүрөгү жарылып, көрүнбөгөн жараларың канжалап турса да, жүзүңдө жумшак жылмайууну сакташың керек. Эч нерсе болбогондой күнүмдүк иштерди жасоо, жеңил-желпи сүйлөшүү, төшөктө аялыңды кучактап жатуу канчалык кыйын. Бул балким, жөнөкөй адамдын колунан келер нерсе эмес. Бирок Кафуку – кесипкөй актёр. Денелик каалоолорду унутуп, ролун так аткаруу – бул анын кесиби. Ал колунан келгенче ойноду. Бул көрүүчүлөрү жок бенефис болду.
Башка жагынан алганда, анын башка эркектер менен сейрек кездешүүчү жашыруун мамилелерин эске албаганда, жубайлар бейпил жана өздөрүнө канааттанган жашоо өткөрүштү. Иши өз нугунда жүрүп, туруктуу киреше алып келди. Бирге жашаган жыйырма жылга жакын убакыт ичинде алар жүздөгөн жолу сүйүү ыракатына берилишти, Кафукуга андан ыракат алышкандай сезилчү. Аялы кыска убакыт ичинде жатын рагынан каза болгондон кийин, Кафуку бир нече аялдар менен жакын мамиледе болду; алар менен таанышуусу төшөктө да уланды. Бирок мурда аялы берген интимдик кубанычты ал эч качан тапкан жок, өткөндөгү сезимдерден гана канааттанып калган.
Кафукунун агенттиги Мисакиге айлык акысын төлөө үчүн андан маалыматтарды сураган: туулган айы, жылы, үй дареги жана айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү. Ал анын Акабанэде батир ижарага алганын, өзү Хоккайдодогу N районунун Ками-Дзюнитаки шаарынан экендигин жана кечээ эле жыйырма төрт жашка толгонун билди.
Кафуку ал шаардын картада кайда жайгашканын, ал чоң же кичине экенин, кандай адамдар жашайт – эч кандай түшүнүгү жок эле. Жыйырма төрт саны гана жүрөгүн солк эттирди. Кафуку бир учурда кыздуу болгон. Ал үч күн гана жашап, төртүнчү түнү ооруканада каза болгон. Эч кандай оорунун белгилери жок эле, жүрөгү токтоп калган. Таң атканда бөбөк дем албай калган. Дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги деп түшүндүрүштү. Бирок ата-эне муну кантип текшере алышмак? Чыныгы себебин билүүгө болот эле, бирок баланы кайтарып алмак эмес. Бактыга жарашабы же жокпу, ымыркайга ат коюуга да үлгүрүшпөдү. Эгер кызы каза болбогондо, ал туура жыйырма төрт жашка толмок. Көзү өткөн ысымы жок наристенин туулган күнүндө Кафуку жыл сайын жалгыз отуруп, алакан жайып бата кылчу. Ал кызынын чоңоюп калган кезин элестетчү.
Баласын күтүүсүз жоготуу жубайларды чөктүрүп жиберген. Аларды курчаган боштук жан-дүйнөсүн азапка салган. Ушул абалга чыдоо үчүн аларга көп убакыт керек болду. Көпкө чейин батирге камалып, бири-бири менен сүйлөшпөй өткөргөн сааттар болду, анткени бул жерде сөздөр маанисиз деп түшүнүштү. Аялы ичимдикке берилип кетти, а өзү каллиграфияга тереңдеп кирди. Ак кагазга кара сыя менен иероглифтерди жазып жатып, Кафуку калемдин ар бир кыймылы менен жанындагы караңгылыктын азайып баратканын сезди.
Бири-бирине таянып, жубайлар жашоосундагы караңгы мезгилди басып өтүп, акырындык менен жан-дүйнө жарааттарын айыктырышты. Андан кийин эч нерседен аянышпай, кайрадан ишке киришти.
– Кечир, бирок мен эми балалуу болгум жок, – деген аялы.
Ал аны менен макул болгон:
– Бул сенин каалооңо байланыштуу. Кандай кааласаң, ошондой кыл.
Артка кылчайып караганда, Кафуку аялы ошол сүйлөшүүдөн кийин биринчи жолу ойнош тапкан экен. Балким, баласын жоготуу ушундай муктаждыкты ойготкондур. Бирок бул анын божомолу гана. Ким билсин, ким билсин.
– Суроо берсем болобу? – деди Мисаки, Кафуку терезеден көрүнүп турган пейзажды ойлуу карап отурганда.
Ал кызды таңыркай карады. Экөө машинеде чогуу жүргөн эки ай ичинде, Мисаки алгачкы суроосун берип жаткан эле.
– Ооба, албетте, – деп жооп берди ал.
– Эмне үчүн актёр болгонсуз?
– Студент кезимде бир курбум мени студенттик театр ийримине жазылууга көндүргөн. Мындан мурда менде актёрдук чеберчиликке эч кандай кызыгуу жок эле. Мен чындыгында бейсбол секциясына баргым келген. Жогорку класстарда шорт-стоп болуп негизги курамда ойноп, коргонууда жакшы иштедим. Бирок биздин институттук команданын деңгээли мага туура келбеди. Ошентип, тамаша үчүн сахнага аракет кылууну чечтим. Ошондой эле ошол курбум менен көбүрөк убакыт өткөрүү үчүн. Убакыт өтүшү менен мен ага берилип кеткенимди, мага жөн эле ойноо жагарын түшүндүм. Анткени роль ойноп жатканда, сиз каарманыңыздын жашоосун жашайсыз. Анан образды таштайсыз. Мага ушул нерсе жакты.
– Өзгөрүлүп турганыңыз жагабы?
– Кайра кайтарыңды билгенде.
– Ал эми кайра кайткың келбеген учурлар болобу?
Кафуку ойлонуп калды. Мындай суроону ага биринчи жолу берип жаткан.
«Сааб» авто-унаасы Такэбаси жол тоомуна жакын шаар трассасынан чыгуу алдында тыгынга кабылды.
– Башка жакка кетчү жерибиз жок да! – деп таң калып кыйкырды Кафуку. Мисаки унчуккан жок.
Унчукпай калышты. Кафуку башынан бейсболкасын чечип, карап, кайра кийди. Сансыз дөңгөлөктүү ири машиненин жанында алардын сары кабриолети кичинекей оюнчуктай көрүндү. Чоң кеменин жанында толкундарда термелген кичинекей кайык дал ушундай көрүнөт.
– Балким, өзүм билбеген ишке кийлигишип жаткандырмын, бирок мага кызык, – деди Мисаки бир аздан кийин. – Сурасам болобу?
– Сура.
– Эмне үчүн сиздин досторуңуз жок?
Кафуку башын буруп, кызыккан тейде Мисакини карады.
– Каяктан билесиз, менде достор жок экенин?
Ал бир аз ийин куушуруп койду.
– Мен сизди эки айдан бери ташып жүрөм, муну түшүнүү кыйын эмес.
Кафуку көз карашын фурага буруп, анын чоң дөңгөлөгүн карады да, анан үн катты:
– Чынын айтсам, менде көптөн бери чыныгы достор жок.
– Эмне, бала кезден бери элеби?
– Эмне үчүн? Бала кезден жакын достор бар эле. Биз бейсбол ойночубуз, сууга түшчүбүз. А чоңойгондо достордун керектигин сезбей калдым. Айрыкча үйлөнгөндөн кийин.
– Башкача айтканда, аял алгандан кийин алар керексиз болуп калдыбы?
– Балким, ошондойдур. Анткени, биз аялым менен жакшы достор элек.
– Канчага чыктыңыз... башкача айтканда, качан үйлөндүңүз эле?
– Отузга чыкканда. Биз бир тасмада тартылып, ошол жерден тааныштык. Анын экинчи пландагы ролу бар эле, ал эми меники – эпизоддук.
Машине узун тыгында жай жылып баратты. Трассага кирүү алдында чатыры, адаттагыдай эле жабылуу болчу.
– Баса, сен ичкилик ичпейсиңби? – деди Кафуку теманы өзгөртүү үчүн.
– Организм кабыл албайт, – деди Мисаки. – Анын үстүнө апам ичимдиктен көп кыйынчылыкка кабылган. Балким, бул да таасир берди көрүнөт.
– Эмне, дагы деле ичеби?
Мисаки бир нече жолу башын чайкады.
– Ал каза болуп калган. Мас абалында рулга отуруп, рулду башкара албады. Авто-унаа тайгаланып, жолдон чыгып, даракка урунган. Ошол жерден көз жумду. Мен ошондо он жети жашта элем.
– Кечирип кой, – деди Кафуку.
– Баары өз күнөөсү, – деди Мисаки жашырбай. – Качандыр бир кезде ушундай болмок. Эртеби-кечпи. Айырмасы жок.
Бир азга тынчтык өкүм сүрдү.
– Атаңчы?
– Ал кайда – билбейм. Мен сегиз жашымда үйдөн кеткен, кайтып келген жок. Андан эч кандай кабар жок. Апам муну мага шылтачу.
– Эмне үчүн?
– Мен алардын жалгыз кызымын. Сулуурак төрөлгөндө, атам бизди таштап кетмек эмес. Апам ар дайым мени ушуну менен коркутчу. Айтат эле, “сен түрү сууксуң, ошондуктан ал бизди таштап кетти” деп.
– Сен эч кандай түрү суук эмессиң, – деди Кафуку акырын. – Жөн гана апаң ушуну өз башына сиңирип алган.
Мисаки кайрадан бир аз ийин куушуруп койду.
– Жалпысынан ал андай эмес болчу. Бирок ичкенде – баштачу, ал токтоно албай кетчү. Бул менин көңүлүмдү абдан оорутчу. Ал каза болгондо, Кудай мени кечирсин, бирок мен, чындыгында, жеңил дем алдым.
Кийинки тыныгуу дагы узакка созулду.
– Сенин достор барбы? – деди Кафуку.
Мисаки баш чайкады:
– Жок.
– Эмне үчүн?
Ал жооп берген жок, болгону алдыга тигиле карап, көз жүлжүйтүп койду.
Кафуку көздөрүн жумуп, уктоого аракет кылды, бирок уктай албады. Машине бир аз токтоп, дароо эле кайра кыймылдап, кайра токтоп, Мисаки кайра-кайра чарчабай баскычтарды которуп жатты. Тагдырдын көлөкөсү сыяктуу, "Сааб" коңшу тилкедеги фурадан бирде артта калып, бирде кайра жакындап келатты.
– Акыркы жолу мен он жылдай мурун бирөө менен дос болгом, – деди Кафуку, уктай албасына көзү жетип. – Туурасын айтканда, достуктун элеси. Ал дос жакшы киши болуп чыкты. Менден алты-жети жаш кичүү эле. Ичкиликти сүйчү, мен да анын жанында сеп этип койчумун. Ичкилик ичке киргенде эмне жөнүндө гана сүйлөшкөн жокпуз.
Мисаки, бир аз башын ийкеп, сөздүн аягын күттү. Кафуку бир аз токтолуп, андан кийин чечкиндүү айтты:
– Кеп мында, ал адам бир канча убакыт бою менин аялым менен жатып жүргөн. Анан да, мен ал тууралуу билеримди билчү эмес.
Мисакиге дароо эле түшүнгөн жок.
– Башкача айтканда, ал аялыңыз менен жыныстык катнашта болгонбу?
– Ооба! Болжол менен үч-төрт айда бир нече жолу.
– Аны кантип билдиңиз?
– Ал, албетте, жашырган, бирок мен жөн эле байкадым. Муну кантип билгенимди түшүндүрүү – узак, бирок бул чындык. Муну ойлоп тапкан эмесмин.
Мисаки, машине токтоп турганда, эки колу менен арткы күзгүсүн оңдоду.
– Ал эми аялыңыз менен уктап жүргөнү, аны менен дос болууга тоскоол болгон жокпу?
– Тескерисинче! – деп үнүн катуу чыгарды Кафуку. – Мен ага ошондуктан дос болгом, анткени ал аялым менен уктап жүргөн.
Мисаки унчукпай түшүндүрүүнү күттү.
– Кандай десем… аялым кантип анын төшөгүндө жатканын түшүнгүм келди? Ага эмне керек болду? Эмнеси болсо да, бул мени ага дос болууга түрткөн биринчи нерсе.
Кыз терең дем алды. Пиджагынын астында анын көкүрөгү жай көтөрүлүп-түшүп жатты.
– Анын кылган ишин билип туруп, бирге ичип сүйлөшкөн сизге жагымсыз болгон жокпу?
– Албетте, жагымсыз, – деди Кафуку. – Жөн эле ойлонгуң келбегенди ойлонуп, унуткың келгенди эске салуу. Бирок мен ойнодум. Анткени бул менин жумушум.
– Башка бирөөнүн образына кириппи?
– Ооба.
– Анан андан чыктыңызбы?
– Дал ошондой, – деди Кафуку. – Бул жерде каалабасаң да, чыгасың. Бирок кайтып келгенде, сен мурдагы кеткен жериңден таптакыр башка жерге келгениңди дароо түшүнөсүң. Бул эреже. Бир дарыяга эки жолу кирбейт.
Жамгыр жаап баштады, Мисаки сүрткүчтөрдү күйгүздү.
– Анан кантип... аялыңыз ал адам менен эмне үчүн жатканын түшүндүңүзбү?
Кафуку баш чайкады:
– Жок, эч түшүнгөн жокмун. Менимче, анда мендеги бир нерсе болгон. Же көп нерсе. Бирок ал эмнеси менен аялымдын көңүлүнө толгонун, жөн гана божомолдоп билүүгө болот. Анткени биз баарын көрө албайбыз. Адамдардын, айрыкча эркектер менен аялдардын мамилелерин, кандай десем… кеңири кароо керек. Алар абдан татаал, эгоисттик жана чыдагыс.
Мисаки бул сөздөрдү бир аз ойлонуп, анан айтты:
– Демек, түшүнө алган жоксуз, бирок дос боюнча калдыңызбы?
Кафуку кайра бейсболкасын чечип, тизесине коюп, алаканы менен башын сүртүп койду.
– Муну кантип айтсам… Олуттуу ойной баштасаң, анан токтотууга себеп табуу оңой эмес. Жан дүйнөңө канчалык оор болбосун, оюн маанилик чокусунан ашмайынча, анын жүрүшүн токтотуу мүмкүн эмес. Музыкада да ушундай: белгилүү бир гармонияга жетпесе, чыгарма туура нотада аяктабайт. Мен эмнени айткым келгенин түшүнүп жатасыңбы?..
Мисаки тамекинин кутусунан чылым алып эриндерине кысты, бирок күйгүзбөдү. Авто чатыры түшүрүлгөндө ал эч качан тамеки чекчү эмес, – болгону тамекини эриндерине кармап турчу.
– Алар ошол учурда да жолугуп жүрүшөбү?
– Жок, жолугушкан жок, – деди Кафуку. – Башкача болсо… өтө чеберчилик болмок. Ага аялым каза болгондон кийин, бир канча убакыт өткөндө дос болгом.
– Сиз чын эле ага дос болдуңуз бекен? Же бул оюн беле?
Кафуку ойлонуп калды.
– Экөө тең. Мен чегараны байкабай калдым. Олуттуу ойноо ушундай болот.
Кафуку узун бойлуу, маңдайы жарык, Такацуки аттуу «экинчи даражадагы актёр» адамды биринчи жолу көргөндө эле аны жактырып калган. Такацуки жашы элүүгө жакындаса да, берилген ролду орточо ойногон актёрлор эле. Эч өзгөчөлүгү жок адам. Аткаруу диапазону чектелген – жагымдуу көрүнгөн орто жаштагы жигердүү адамдын ролуна ылайыктуу. Мындайлар бальзактык курактагы аялдарга жагат. Кафуку аны менен аялы каза болгондон алты ай өткөндөн кийин телестудиядан күтүүсүз таанышты. Такацуки анын грим бөлмөсүнө кирип, өзүн тааныштырып көңүл айтты.
– Бир жолу аялыңыз менен кинодо чогуу тартылууга туура келген. Ошол учурда ал мага көп жардам берген, – деди ал жумшак үнү менен.
Кафуку ыраазычылык билдирди. Анын билишинче, хронология боюнча Такацуки аялы менен байланышы бар эркектердин тизмесин жыйынтыктаган; андан бөлүнгөндөн көп өтпөй ооруканага жатты, ал жерден рактын өнүккөн стадиясы аныкталган.
– Сизге бир эч нерсеге татыбаган суранычым бар, – деди Кафуку саламдашып бүткөндө.
– Кандай сураныч?
– Мага бир аз убактыңызды бөлө аласызбы? Сизди бир жерге чакырып, аялымды эскергим келет. Ал сиз жөнүндө көп айтчу.
Такацуки мындай күтүүсүз сунуштан апкаарый түштү. Туурасын айтканда, нес болуп катты. Ал кылдат чийилген каштарын бир аз өйдө серпип, этияттык менен Кафукуну карап, анын бул сунушунда кандай купуя сыр бардай ойлоно түштү. Бирок Кафукунун көз карашынан эч кандай өзгөчө белги байкаган жок, аны жөн гана жакында эле жарынан айрылган адам карап турду. Көз карашы бир да толкунсуз мелтиреген көл бети сыяктуу эле.
– Мага аялым жөнүндө сүйлөшөр адам керек, – деп кошумчалады Кафуку. – Үйдө жалгыз отуруу – чынында адам чыдагыс болуп барат. Эгер сизге бул түйшүк жаратпаса…
Бул сөздөн кийин Такацукинин жүрөгү ордуна келгенсиди – алардын байланышынан шек албаган сыяктуу.
– Эмне үчүн түйшүк болсун? Албетте, эгер ушундай болсо, убакыт табылат. Эгер мен сыяктуу сөз билбеген адам сизге жакса, – деди Такацуки жана бир аз жылмайып. Анын көздөрүнүн кычыктарында ыраазычылыктын бырыштары пайда болду. Жылмаюсу чындап сыйкырдуу болчу. «Эгер жашы өтүп калган айым болгондо, – деп ойлоду Кафуку өзүнчө, – сөзсүз кызармакмын».
Такацуки ойлонуп, алдыда турган иш пландарын карап чыкты.
– Эртең кечинде эч жакка шашпайм, чогуу боло алам. Кандай дейсиз?
Кафуку кечинде бош экенин айтты, өзү да ага таңгалган: «Бул адам канчалык ачык-айкын. Ичинде кири жок, бардык сезимдери ачык көрүнүп турат. Эч жашыруун максаттары, арамза амалы жок. Мындайлар башкаларга зыян келтирбейт. Бирок актёр катары ийгилик жарата алган эмес ал».
– Каерде жолугабыз? – деп сурады Такацуки.
– Өзүңүз тандаңыз. Каерге десеңиз, барам, – деди Кафуку.
Такацуки Гиндзадагы белгилүү барды сунуштады.
– Эгер өзүнчө бөлмөгө буюртма кылсак, бизди кимдир бирөө угабы деп тынчсызданбай, тынч сүйлөшсөк болот, – өз тандоосун түшүндүрдү Такацуки.
Кафуку ал жерди билчү. Алар кол алышып коштошту. Такацукинин колу жумшак, манжалары – узун жана ичке эле. Алаканы жылуу, Кафукуга сезилгендей, тердеп, бир аз нымдуу. Балким, чыңалуудандыр.
Такацукини көзү менен узаткандан соң, Кафуку креслого отуруп, оң колунун алаканын ачып, аны тиктеп калды. Ал жерде Такацукинин колунун тийген сезими дагы деле кете элек эле. «Ушул эле кол, ушул эле манжалар, аялымдын жылаңач денесин сылаган, – деп ойлоду Кафуку. – Шашпай, бардык жерлерин». Көз жумуп, ал терең, узак дем алды, эмнени ойлоп тапканын түшүнүүгө аракет кылды. Бирок кандай болгон күндө да, муну кылбай коё алган жок.
Бардын тынч бөлмөсүндө, бир бокаль вискинин коштоосунда Кафуку бир нерсени түшүндү: Такацуки дагы деле аялын сүйөт экен. Ал эми ал өлгөнүн, анын денеси күлгө айланганына дагы деле ишене албаптыр. Бул жерде Кафуку аны түшүндү. Кафукунун аялы жөнүндө сөз болгондо анын көздөрү кээде жашылданып, нымдашып кетип атты. Муну дагы бир аз карап турса, Кафуку өзү да ыйлап жибермек. Такацуки сезимдерин жашыра алган жок. Кээде бир аз такып сурап койсо эле, ал бардыгын мойнуна алчудай көрүндү.
Такацукинин айткандарынан Кафуку, мамилелердин бузулушу жөнүндө аялы биринчи сөз кылганын түшүндү. Балким, ал ушинтип айткандыр: «Менимче, биз мындан ары жолугушпай койгонубуз жакшы». Чындап эле ал андан кийин жолугушууга барган эмес. Бир нече ай мамиледен кийин, кайсы бир учурда бул мамилени үзүп салган. Мындай чечимдер менен жалпысынан кечиктирүүгө болбойт. Кафуку, бул аялынын мүнөзүнө жараша деп эсептейт. Бирок Такацуки мынчалык оңой эле аны жоготконго даяр эмес болчу, ал романдын уланышын күткөн.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR