АҢГЕМЕ
Мурдагыдай атак-даңкы, күч-байлыгы жок, күндөн күнгө кунары качып бараткан бир падышачылыктын чет жакасында, кичинекей дарыя агуучу. Дарыя ажайып көрктүү жана балыкка бай эле. Сууда балыр өсүп, балыктар ошону менен тамактанчу. Балыктар ойлоп калышчы эле: “Падышачылыктын кунары кача баштады. Качса эмне экен! Мейли. Биздин ишибиз эмне”. Чындыгында эле падышачылык болобу, республика болобу -балыктардын иши эмне. Шайлоого катышышпайт, салык төлөбөйт.
“Биздин бул ишке тиешебиз жок”, - деп ойлочу балыктар.
Мен сууга бутумду малып олтурам. Суу муздак болгондуктан бутум кызарып чыкты. Мен отурган жерден падышачылык курчалган дубал, шиштү мунара көрүнүп турат. Мунарада кош түстүү желек желбирейт. Суунун жээги менен бараткан адамдар: “Эй карагылачы! Кунары кеткен падышачылыктын туусун”, - деп кыйкырып өтүшөт.
К – менин досум. Же, тагыраак айтканда, досум болчу. Он жылдай тааныш болуп, же ал, же мен бири-бирибизге карата чыныгы достукка татыктуу мамиле деле кылбаптырбыз. Ошондуктан досум болчу деп айтканым туура болор. Бирок кандай айтканда да, биз тааныш элек.
К жөнүндө айта баштаганда эле эмнени айтаарымды билбей айлам кетет. Дегинкиси мен сөзмөр деле эмесмин, сөзмөр болсом да ал кандай адам экендигин жакшылап айтып берүү – абдан кыйын, өзгөчө маселе. Андыктан бул маселени чечүү боюнча ар бир аракетим мага абдан, абдан, оңбогондой чоң түйшүк жаратат.
Кыскача айтканга аракет кылайын.
Биз К менен жашташпыз. Ал менден 570 эсе сулуу. Мүнөзү жүмшак. Мурдун көтөрүп мактанмайы деле жок. Башка бирөөлөрдүн айынан кичине жапа чегип калганда деле, анча кыжынып, жини келгенин көргөн жокмун. “Эми эмне кылмак элек. Экөөбүздө тең күнөө бар” , - деп гана койчу. А анын айынан бирөө жапа чегип калды дегенди деги эле уккан эмесмин. Атасы Сикоку жакта оорукананын башчысы болчу. Ошондуктан анда тыйын-тыпыр боюнча маселе болчу эмес, оңду-солду бапраңдатып чачып жүргөнүн деле көргөн жокмун. Качан болсо өзүнө тыкан, жарашыктуу кийинип жүрчү.
Ушунун бардыгына кошумча, спортсмен эле. Школдо теннистик клубдун мүчөсү болуп, окуучулардын улуттук спорттук оюндарына катышып жүрчү. Сууда сүзүүнү жактырып, жумасына эки жолу бассейнге барчу. Саясатта - аша чаппаган, тең салмактуу либерал эсептелчү. Келечеги болсо да, адаттан тыш ийгилик жарата алган жок. Туура, өмүрүндө бир дагы экзаменден кулап калган эмес, чынында андай экзамендер деле көп болгон жок. Сабак убактысында мугалимди кунт коюп угуу деген ушул да.
Пианинодо жакшы ойночу. Анда Билл Эвенстин, Моцарттын толгон пластинкалары бар эле. Француз романдары – Бальзакты, Мопассанды жактырчу. Кээде Оэ Кэндзбурону окуп, окугандары тууралуу таамай пикирин айтар эле.
Албетте, кыздар жакшы көрүшчү. Анан кандай болмок эле. Бирок ал, көрүнгөндөр менен эле мамиле кылгандардан эмес эле. Анын кызы – татынакай, абдан тыкан, белгилүү аялдар университинин экинчи курсунунун студенти болчу. Алар жумасына бир жолу – жекшенби күндөрү жолугушуп турушчу.
О-хо-хо...
Биз студент кезде мен Кнын ушул жактарын билчү элем. Балким кайсы бир сапаттарын айтпай калгандырмын, бирок ал анча деле маанилүү эмес болуш керек. Бир сөз менен айтканда, К - телегейи тегиз адам эле.
Ал мезгилде биз кошуна бөлмөлөрдө жашачу элек. Бири-бирибиздикине туз же соус сурап кирип жүрүп, достошуп калдык. Бирде меникинде, бирде аныкында чогулуп, пластинка угуп, пиво ичип дегендей. Төртөөбүз - ал өзүнүн кызы, мен өзүмдүн кызым менен Камакурага[1] баруучу элек. Сонун компания эле. Бирок мен төртүнчү курстан, жайында, башка квартирага чыгып кеттим, ошентип ажырашып калдык.
Он жылдан кийин Кга кайрадан жолуктум. Мен Акасаке[2] отелинин бассеининин жанында китеп окуп олтургам. Катарымдагы шезлонгдо К олтуруптур. Анын жанында бикиничен, узун бут, келишкен кыз жүрөт. Алар бирге экендиги байкалып турат.
Мен аны дароо тааныдым. Мурдагыдай эле келбеттүү, отуз жаштан ашканда келбетине мурда билине бербеген сөөлөт кошуп алгандай. Жанынан өтүп жаткан кыздар аны көздөрү менен “атып” өтүп жатышат.
Мени байкаган жок. Эмне деген менен менин өңүм анча деле эсте каларлык эмес да, анын үстүнө кара көз айнек. Бир азга арсарсып туруп, алардын маегине кыпчылбайын деп чечтим. Дегинкисин айтканда эмнени сүйлөшмөк элек. Эмне, бири бирибизден туз, соус сурачы элек деппи? Буга сөз коротуп эмне. Ошондуктан мен үн катпай китебимди окуй бердим.
Бассейин тынч эле. Сүйлөшкөндөрү мага угулуп жатты. Алардын сүйлөшкөнү да бир өзгөчө, мен аргасыздан кулак төшөйм.
- Мага жакпайт. Бул тамаша эмес да, - дейт узун бут кыз.
- Жок, уксаң, - дейд К. – Мен түшүнүп эле турам, сен да мени түшүнсөң. Мага деле жагат дейсиңби? Муну мен эмес, Алар айтып жатпайбы. Мен жөн эле Алардын чечимин сага угузуп жатам. Муну мындай кабыл алганың деле туура эмес.
- Болуптур, дагы эмне? - дейт кыз.
К үшкүрүнөт.
Уккандарымдан эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылдым,-өзүмдөн бир аз кошуп да жибердим да, анан мындай тыянак чыкты.
К – теле тармагында же ошондой бир мекемеде жетекчи болуп иштейт, кыз болсо – белгилүү ырчы же актириса. Кыздын ишинде бир чатак болгонбу, же атак-даңкына чиренип бир масележаратып салганбы, айтор, аны кандайдыр бир программадан алып салышкан көрүнөт. К болсо ошол программа үчүн жоопкер адам катары, бул жөнүндө кызга айтышка мажбур. Менин шоу-бизнес менен анча тааныштыгым жок, анын оюш-кыйыштарын дележакшы биле бербейм, ошондой болсо да, ушундай болсо керек деген ишенимде болдум.
Менимче, К өзүнө тагылган милдетти аткарууга жакшы эле аракет кылып жатты.
- Демөөрчүлөрсүз эч нерсе кыла албайбыз,- дейт К. – Өзүң деле ушул чөйрөдөнсүң. Түшүнүшүң керек да.
- Демек, сенин буга тиешең жок, таасир эткендей да эч нерсе кыла албайт экенсиң да?
- Анча-мынча таасирим бар дечи, бирок натыйжасы болбойт.
Алардын айтышы бир топко созулду. Кыз аны куткаруу үчүн эмне аракет кылганын билгиси келип, а К болсо жакшы эле аракеттенгендиги тууралуу актанат. Кыз ишенбей далил келтирүүсүн талап кылат. Мен деле көп ишене бербейм. Кнын актанган сөздөрү канчалык болсо, андагы жасалмалуулук андан да чоң болгону да сезилип жатты. Кнын күнөөсү жок. Эч кимдин күнөөсү жок. Мындай сөздөр эмне менен бүтмөк эле. Натыйжа чыкпайт.
Бул экөөнү карап отуруп, К кызга жагаарын сездим. Буга чейин алар абдан эле ынтымактуу болсо керек. Азыр болсо кыздын абдан жини келип, өзүн араң эле кармап тургандай.
- Түшүнүктүү, - дейт кыз. - Болуптур. Кола алып берчи.
Бул сөздөрдөн кийин К туруп, киоскиге жөнөдү. Жеңилдей түшкөндөй. Кыз болсо көзүн кара көз айнектин артына катып, дал болгон эмедей сенейип,алдын тиктейт. Мен китебиме кайрадан киришкеним менен, башыма эч нерсе кирбей, бир эле сапты кайра-кайра окуйм.
К колдоруна эки чоң кагаз стаканда кола алып келди. Бирөөнү кызга берип, шезлонго жайгашып:
- Көп деле кайгырба. Бир аз мезгил өтсө кайрадан...
Кыз колундагы стакан менен Кны бет талаштыра берип калды. Снаряд таамай тийди. Стакандагынын үчтөн экиси Кга, калганы мага чачылды. Кыз туруп,купальнигинин боосун оңдоп, үн катпай “согуш талаасынан” шашыла жөнөп берди. Артын карап да койгон жок. Он беш секундадай К экөөбүз дал болуп туруп калдык. Тегеректеги эл бизди таң кала карашат.
К өзүнө биринчи келип, кечирим сурап мага сүлгү сунат. Мен баш тарттым – бары бир душка барыш керек. К өзүн ыңгайсыз сезип; сүлгүнү алып аарчынды.
- Китебиңиздин акысын төлөп берем, - дейт ал. Китебим чынында эле кока-колага абданбулганып калган. - Мен тынчсызданбай эле коюшун суранып, атайын чөнтөккө салып жүргөнгө ылайыкталган, арзан эле китепче, анын үстүнө жадатма да экен. Аягына чейин окуп чыкпаганыма мүмкүндүк бергениңер үчүн силерге ыраазылык айтса да болот, - дедим. Ал жайдары жылмайып койду – жагымдуу, мурункудай.
Ал кармалган жок, дагы бир жолу кечирим сурап, кетип калды. Мени тааныган да жок.
Бул аңемемемди “Кунары кеткен падышачылык” деп атап коюшума, ошол күнү кечки газетада, Африкадагы бир падышачылыктын абалы начарлап кеткени тууралуу кабар себеп болду. Ал кабарда: “Падышачылыктын кунары качып жатканын байкоо, экинчи разряддагы республиканын талкалангандыгына караганда кейиштүрөөк”, - деп жазылган.
Орусчадан оодарган Марсел Исаков