Экспозициядагы Эстутум – баштан өткөн окуялардын изи, живопись материясында сакталып калган. “Эстутум изи” – сезим жоготуусунан жана катышуудан калган нерселерди чагылдырып, ар бир полотно сүрөтчүнүн метафизикалык чагылышына айланат.
Элдар Айтматов – (1979-жылы 1-декабрда туулган) Брюсселде Королдук көркөм сүрөт академиясын аяктаган. Ал жерде профессор Люсьен Массардын графика чеберканасында билим алган. 1999-жылдан Европадагы жана Азиядагы эл аралык көргөзмөлөргө жана көркөм долбоорлорго катышып келет. Ал европалык көркөм мектепти жана өзүнүн терең медативдүүлүгүн айкалыштырган живопистик пластиканы калыптындырган сүрөтчү.
Академияга окуганга чейин Элдар Айтматовдун артисттик ой жүгүртүүсүнүн калыптанышына ата-мекендик мектептин чеберлери: Теодор Герцен, Ибрагим Бакиров, ошондой эле башка тилдин абстрактуу живопись тилин тандаган. Мында маани сөз менен эмес, түстөр, ритм жана боёктордун фактурасы аркылуу туюнтулат.
2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Элдар Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонддун президенти. Биз ушул жылдын (2026) 6-марты Элдардын чыгармачылык көргөзмөсүнө катышып, бул сүрөт көргөзмөсүндөгү эмгектери кызыгуубузду кыйла арттырды.
Адамды ойлонууга түрткөн көркөм туюнтмалардын ар биринде өзүнчө тема бар. Ал темалардагы абстрактуу эмгектерге көңүл бөлүп, чечмелөөгө аракеттендик! Албетте, сүрөттөр сүйлөйт, эгер түшүнсөң! Бизди жетектеп жүргөн мугалимибиз Людмила Молдалиева эже менен чогуу, автор жараткан сүрөттөрдүн ар бирине токтолуп, чыгармадагы ой-толгоолорду түшүнүүгө аракеттендик...
Ар бир сүрөттө ар кандай окуялар камтылганы түстүү боёк сүртүм менен көргөзүлгөн! Бул автордун купуя сырлары: сыртынан караганда көзгө кандайдыр түшүнүксүздөй көрүнгөнү менен, автордун тема тандоодогу кылдаттыгы аркылуу андагы окуялардын учугун тапкандай болдук. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр бир типтеги рамкага салынган эмес. Мүмкүн автордун өз ою же ага көңүл бурбаганы го... Же бул сүрөттөгү окуялар эркин ой толгоолордун негизи болгондуктанбы – сүрөттөрдө терең философиялык ойлор катылып жатканын туйууга болот.
Сапарыбызды андан ары улап, КРнын салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг ишин жогорулатуу саамалыгына күбө болдук. Негизинен бул иш-чара маданий туризмди өнүктүрүү (2023–2026) долбоорун алкагында иштелиптир. Кыргыз Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосундагы расмий өнүгүү жардамы менен ишке ашырылган кол өнөрчүлүк өндүрүш иши бул.
Кийиздин бүгүнкү күндөгү эң маанилүү пайдасы – үндү басаңдатуу касиети. Айталы, окустикалык панелдерде үн жаздыруучу студияларда, тынчтык мейкиндигин жаратууда “Коворкинг” аталган кеңселерде колдонулганы мааниге ээ.
Табигый уяң жүндөн, кыргыз эли турмушта кеңири колдонуучу буюмдарды эзелтеден жасап келген. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушундагы кийиз буюмдарын музейден жолуктуруп, андагы ала кийиз, шырдак, туштук жана заманбап буюмдарга күбө болдук. Мисалы: рюкзак, токулган баш кийим, китеп жана электрондук буюмдарды сатуу үчүн тышкы каптар уз-чеберлердин колунан чыгып, көз жоосун алган көрккө ээ...
Кыргыз урпагынын колунан сапаттуу жасалган кийин буюмдардын жалпы адамзатка тийгизген таасири кандай жагымдуу? Арийне, музейдеги кийиз буюмдарын көрүп, кийиздин мааниси канчалык зор экенине дагы бир жолу ынандык! Алар менен катар кыргыз саймаларындагы көз жоосун алган оймо-чиймелердин көркү – улутубуздун байыртан келген дөөлөтү экенине күбө болдук!
Дыныстанова Мыскал, Театртаануу факультетинин 5-курсунун студенти
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR