АҢГЕМЕ
Биздин аймакка чоң адамдын өзү келмек болуптур. Ал кишинин алдында кыска, нуска, маңыздуу сөз сүйлөй алган адам керек. Аймак башчысы «бир сүйлөсө ушул сүйлөйт» деген кичинекей кызматкерлердин баарын тизип, сүйлөтүп чыкты. Эч кимиси көңүлүнө жаккан жок. «Айланайындар, эне тилиңерде жазылган даяр текстти окуй албайсыңарбы… бул эмне шумдук… ушинтип жүрсөңөр кантип эл болосуңар…»
Жетекчи буркан-шаркан түшүп катуу ачууланды. Кезегим келгенде мен минтип айттым: «Басеке, айтайын дегеним… мен жаттамага жакын эмесмин… өз сөзүм менен айтсам болобу?» Жетекчинин башка айласы жок, адегенде кабагын бүркөдү, анан бети-башын тырыштырды, акыры көзүн жумуп «уруксат» дегендей баш ийкеди.
Мен баштадым: «Улуу урматтуу Бекер Шекер уулу! Мен чакан айылдын, чакан мекеменин кичинекей кызматкеримин… Биздин мекеме чакан болгону менен, анда аткарылып жаткан иштер аз эмес. Биз келечекке Сиз сызып берген даңгыр жол менен кадам таштап барабыз. Сиздин кемеңгер жетекчилигиңиздин аркасында, Сиздин даанышман идеяларыңыз менен тишибизге чейин куралдандык…» – деп койдум.
Эл оозун ачып, көздөрүн ачып-жумуп, унчукпай калышты. Жетекчинин көздөрү бакырайып, кулактары кыймылдап кетти. Анан мындай деп жыйынтыктадым.
«Сизге акындар түн уйкусун төрткө бөлүп, канча поэма, дастандарын арнаса да, жазуучулар таң аткыча көз ирмебей, Сиздин жаркын образды жаратса да, журналист достор сөздүн ширесин агызып мактаса да, окумуштуулар Сиздин акылга теңдеш таба албай башы катырса да, зор эмгегиңизди толук баалоо, образыңызды жаратуу – адам баласынын тагдырына жазылган эмес… Айылыбыздын эмгектенген жаш баласынан, эңкейген карысына чейин сизге чексиз ыраазы. Айылдаштарым ушул ыраазычылык сезимибизди жеткирүүгө мени атайылап жөнөткөн эле. Коңшу айылдагы Агайша кемпир намаз окуган сайын Алладан сизге өмүр тилей турганын айтып кой деди эле…»
Катуу кол чабуулар болду. «Болду!» – деди жетекчи колун көтөрүп. Көздөрү күлүмсүрөп, мойнунан оор жүк түшкөнүн жашырган жок. «Эми даярдангыла, дагы бир айдай убакыт бар, ал жерде убакыт чектелген… аз сандагы текстке чоң ой батыруу керек, – деди биринчи орун басарына карап, – ката кетпесин, өзүң түз көзөмөлдө. Анан тиги намаз жөнүндө жерди ойлонуштургулачы, ашыкча эмеспи?.. Бир сөз менен айтканда баары ойдогудай болсун…».
Анан башталды: түшкө чейин эки саат, түштөн кийин эки саат репетиция. Мени менен кошо колдогондор да, кол чапкандар да күнүгө келишет.
Акыры бир жума калганда адегенде жөнгө салуучу, анан нускоочу, андан кийин орун басар, орун басардын орун басары… дагы башкалар биринен сала бири келип уга башташты. Ар бири менин сөзүмдөн бир нерсе тапкысы келет… «Бирдеме жетишпей жаткандай», – деп башын чайкады эң кичинекей орун басар, өзүнөн жогорурак орун басарга жазгана карап. Тиги окумуштуу адамдын кейпине кирип, кабагын бүркөп, башын чайкап коёт да, «ооба, бирдеме жетишпегени анык», – деди ойлуу жүз менен көктү карап… Өкүнүчтүүсү, эмне жетишпегенин эч ким билген жок…
Мен ошол сөздөрдү жаттап алганымдан, ар кандай макамда айтар элем. Алар келишет, мен баштап жиберем: «Улуу, урматтуу Бекер Шекер уулу! Мен чакан айылдын карапайым…»
Баары угат. «Хм-м-м, – дейт көп кеңешчинин бири, – баары туура, бирок вот… бир нерсе жетишпей жаткандай…». Бир башчы айтты:
– Балким, үтүр жетишпей жаткандыр.
– Кандай үтүр?
– Балким, сөздөрдүн ортосунда тыным кылбагандыктан бирдеме жетпей, жасалмадай болуп жаткан чыгар…
Анан чоң орун басар ойлонуп, мындай корутунду жасады:
– Ушунун жазуу түрүн алып, адабиятчыларга көрсөтүңүздөрчү, коюлган үтүр бар же жогун текшеришсин…
Эртеси күнү ар кандай жерлерге үтүр коюлган тексттин бир нече варианты келди.
– Эми ушул жерлерге тыным жасап окуңузчу, – деди нускоочу.
– Каерге?
– Үтүр турган жерлерге.
Тамагымды жасап, колумдан келгиче кылдаттык менен окуп көрдүм, ал мындай болуп чыкты:
– Улуу, урматтуу! (Бул жерде узак тыным жасап, терең дем алдым).
– Эмнеге андан ары окубайсың? – деп бакырып жиберди башчылардын бири.
– Үтүр, – дейм мен акырын.
– Жок, жок… урматтуудан кийин үтүр туура эмес. Экинчи вариантын көрөлүчү, – деп колума экинчи нусканы карматты. Окуп жатам. «Улуу». Ушуну айтам да, дагы узак тыным жасайм. Менин тынымым бүтө электе угуучулардын бири чочуп кетти…
– Мына бул не деген шумдук? Жок, болбойт, чоң кишини шылдыңдап жатат деп ойлошу мүмкүн…
Кыскасы, ар бир сөз сайын үтүргө дем алып отуруп, бардык варианттарды көрүп чыктык. Абдан тажаган окшойт бир орун басар:
– Балким, маселе үтүрдө эместир, – деди чарчаган кейпи менен…
Кыскасы, ар ким оюна келгенин айта баштады.
– Эмне куда тоскону барып, тос айтып аткансып талтайып турасың? – деп какты бири оозун чоң ачып эстеп…
Белгиленген убакытка үч күн калганда кинодонбу, куурчак театрынанбы, кайдан экенин ит билет, бир режиссёрду алып келишти. Меники даяр, уйкудан ойготуп сураса, эки жерде эки төрт дегендей жатка айтып берем. Сайрап эле бердим. Режиссёр мени кылдаттык менен укту, баш чайкап күлдү… Анан туш келди суроо койду:
– Сиз кимдин алдында сүйлөй турганыңызды билбейсизби?
– Билем.
– Жок, билбейсиз… болбосо Сиз ал кишини жакшы көрбөйсүз же сыйлабайсыз.
– Сиз антип мага жалаа жаппаңыз, – деп күйүп кеттим, – мен ал кишини жанымдай жакшы көрөм, керек десеңиз ал кишини үйдөгү аялымдан да артык... жо-жок... ту-у адамдын башын айландырып жибердиңиз го деги... то есть, айтайын дегеним ал кишини менин аялым да укмуш жакшы көрөт... то есть сыйлайт дегим келген.
Өзүм аябай тердеп кеттим…
– Сиз ошентип айта бересиз... Бирок жүзүңүздөн жаныңыздай жакшы көрөрүңүздү байкоо кыйын... Сиз кудум эле дубалга айтып жаткандай... – андан кийин ал ойлонуп туруп мындай улантты, – токтоңуз, мындай кылыңызчы... көзүңүздү жумуңуз, жумуңуз дейм... эмнеге чекчейип карайсыз мени, жумуңуз коркпоңуз, эч ким башыңызды жара чаппайт...
– Мен көзүмдү бекем жумдум...
– Сизге аябай акча керек болуп турат деп ойлойлу, башкача айтканда элестетиңиз… Туура, эми алдыңызда ушул акчаны берер жалгыз адам турат. Көрүп турасызбы? Көрүп турасызбы дейм?
Көзүмдү жумуп, башымды ийкедим.
– О, мына эми туура… Сиз акча сураганга келдиңиз, бирок адегенде ал кишинин өзүңүзгө деген жылуу ыкласын алышыңыз керек… түшүндүңүзбү?
– Түшүндүм окшойт, – мен орус акчасынын куну кеткенин пайдаланып, ушул акыркы машинемди сатып алаарда кошунам Суберместен карызга акча сураганымды эстедим.
– Эми баштаңыз, – дейт режиссёр.
– А-ссс-саламатсыздарбы Суке!!! – дейм дал ошондогудай жасакерлене күлүп…
– Токто, – деп кыйкырды режиссёр, – кайдагы ассала-ам, кайдагы Суке?… Кебетең сонун, – деп сооротту мени, баардыгын эсинен чыгарып жиберет деп коркту окшойт, – эми текстти эсиңе түшүр.
– Эми, сиз токтоп туруңуз, – дедим текст эсиме түшпөй, – текст кайда, мен кайда?..
– Анда баштаңыз, – дейт ал, анан мен образга киргенде.
– Улуу урматтуу Бекер Шекер уулу, мен чакан айылдагы чакан мекеменин…
– Стоп, мотор! – деп кыйкырат режиссёрум. – Акча кайда, эсиңе түшүр… Мен көзүмдү жумам да Субермести ойлойм…
– Дубль эки, кадр жыйырма төрт. Начали, – деп кыйкырат режиссёр.
– О-о, Суке, а-ссс-саламатсыздарбы, – дейм падышачалык сараңдыгы кармап бербей калабы деп.
– Тфу-у, – дейт күйүп кеткен режиссёр, – какая бездарность… – Ушунун баарын биздин башчы, биздин башчынын башчысы, аймактын ар кандай кызматтагы, ар кандай деңгээлдеги башчылары жана башчы сымактары бир кишидей баштап турат…
Акыр аягында режиссёрдун менден эмнени талап кылып жатканын түшүндүм. Түшүндүм да Субермес менен Бекер Шекер уулун бир образга бириктирдим. Көзүмдү жумам – Сукең, көзүмдү ачам – Бекер Шекер… Жумам-ачам, жумам-ачам… жума бердим… ача бердим, жумам… Эми деп ойлойм, Сукеңди унутуп, туура Бекеңдин өзүнөн бирдеме, айталы, кызмат, наам, жумуш сураш керек… Мына ушул ролду ойноп чыгышым керек… Анан кичинекей жөткүрүп алып, образга кирип, өтө уяң, ошондой өтө жумшак, жагымдуу добуш менен (кебетем болбосо да келишип турат ко) эки сөздүн бирине “Сиздин акылмандыгыңыз жана көрөгөчтүгүңүз аркасында” дегенди аралаштырып туруп баштап кетем…
– Кандай? – дейт режиссёр, жанындагыларга, өзүнө-өзү ыраазы болгон кейипте, кымбат кара пиджагы кара терге малынып.
– Укмуш! – деп ураалап кол чабышат баары, мындай бекер комедиянын көрүүчүлөрү болгондоруна ыраазы тейде.
– Дегени менен, али болгон жок, эми колдору калды, – дейт режиссёр колума карап… «Э, Жаратканым, – деп Көктү карайм, – Алла таала, мынчалык кайсы жеримден жазыпмын, ушунча тозоктун отуна күйгүзгүдөй…».
– Эки колуңузду жөн эле шилтей бербеңиз, бул Чоң кишинин алдында өтө чоң сыйлабастык, – дейт режиссёр эми колго өтүүнүн камына киришип, – саясатта ар бир кыймылдын, ар бир ишараттын өз орду бар… Түшүрүңүз колуңузду… Түшүрүңүз дейм…
Колумду түшүрөм да, байкабай дагы көтөрүп алам деп, экөөнү айкаштырып, бирин бирине кармаштырып коём…
– Ой кокуй-ой, эки колуңуз менен каериңизди кармап алгансыз, ал бир жакка качып кетчүдөй болуп, – дейт анан режиссёрум бак-бак этип.
– Да-да, что-то мага тоже жакпай турат мунун колу, штрафнойдун алдында турган футболчу сыяктуу, – дейт башчымдын башчысы режиссёрду коштоп.
Дал эртең келет деген күнү кабар келди. Ал кишинин пландары өзгөрүп кетиптир, болжол менен бир-эки айдан кийин, б.а. күзгө маал келет экен.
– Как раз даярданууга убакыт жетиштүү, – дейт башчы дагы бир аз убакыт узарганына кубанып, – даярдыкты үзбөгүлө, күчөткүлө. Эртеңден баштап жаңы күч, жаңы дем менен киришиш керек, – деп тапшырма берип, адегенде башчы, анан орун басарлары чоң-чоң кара машинелерине минип көздөн кайып болушту.
Өмүрүмдө биринчи жолу тилим чыгып, сүйлөй баштаган күнүмө каргыш айттым.
Казакчадан которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR