Каргага ким ашык атат?
Карга аралга уя салган эле. Балапандары жумурткасын чегип чыкканда, ал жөжө-каргаларды аралдан жээкке ташып өтүүнү чечти.
Адегенде балапандарынын улуусун чеңгели менен бекем мыкчып, деңиз үстү менен алып учту. Кексе карга суунун ортосуна жеткенде чарчады. Канатын элдир-селдир каккылап баратып, мындай ойго чарпылды: “Азыр алдуу-күчтүү чагым. Балапанда каруу жок. Деңиз аркылуу аны алып учуп өтөм. Ал чоңоюп, күчкө толгондо мен улгаям да, күчтөн таям. Ошондо балапан – “мынабу уулум мээнетимди актайбы да, эстейби?Алпар деген жагыма жеткирет болду бекен?”
Ушинтип кыялданган улгайыңкы Карга жонундагы тун балапанга суроо узатты:
– Мен күчтөн тайып, сен баралыңа жеткенде мени көтөрүп жүрө аласыңбы? Багасыңбы? Мага ачыгын айтчы, садагам?!
Балапан атасын “сууга таштап иет” деп коркту да, баш ийкеди:
– Сөзсүз.
Бирок кексе Карга тун уулуна ишенген жок. Чеңгелин ача коюп, ал балапанды коё берди. Балапан колдон жылмышып, түйдөк жип сыңары төмөн кулады да, сууга түшүп, деңизге чөгүп кетти.
Карт Карга суу үстүндө жалгыз учуп, өз аралына кайра кайкыды. Бул ирет ал экинчи балапанды кучагына кысып, суу үстүнөн сызып келатты. Деңиздин чок ортосуна жеткенде кайра алсырап, чеңгелиндеги ортончу уулунан билмек болду: “Карыганда ары-бери көтөрүп, ташып багат, карайт болду бекен, жок бекен?”
“Сууга таштап ийбесе экен” деп чочулаган балапаны:
– Албетте, багам, – деп агасына окшош жооп кайтарды.
Бирок Карга бул ортончу чүрпөсүнүн жообуна да канааттанган жок. Аны да мухитке таштады. Ал артына бурулуп, аралга кайра учуп келгенде, уясында үчүнчү бир, кенже балапаны калган. Карга эми эң кичүү ошол балапанын желкесине кондурду да, деңиз үстү менен кайкып учуп жөнөдү. Суунун ортосуна барганда чаалыкты. Кичүү баласына да мурдагы көнгөн суроосун узатты:
– Мен карыганда багасыңбы? Мени каалаган жагыма жеткиресиңби?
Анда кенже балапаны шарт кесе жооп айтты:
– Жок, бакпайм.
Атасы:
– Эмне үчүн? – деди бүшүркөп.
– Анткени, сен картайганда мен да жетилип, чоң жигит болом. Ал кезде өзүмө уя салам. Балапандуу болом. Мен ошо балдарымды багып, көтөрүп чоңойтушум керек да...
Ошондо улгайган Карга бул ирет: “Бул балапаным менин мээнет тартып, аны эмнеге деңиз үстүнөн алып учуп өткөнүмдүн чындыгын айтты” деп ойлоду. Баштагы жоругунан баш тартып, кенже балапанын сууга таштаган жок. Күчүнүн болушунча канаттарын каккылап, кенже балапаны уя салып, балдарын чоңойтуусу үчүн аны жээкке жеткирди.
Камкор Бүркүт
Бүркүт деңизден окчун жоон дарактын башына уя салып, балапандарын чоңойтуп жатты.
Бир курдай ал конгон дарактын жанында кишилер ишке киришти. Бүркүт чеңгелине чоң балыкты илип алып, уясына жакындай берди. Кишилер анын оозундагы балыкты көрө калышты да, даракты айланып, кыйкырып-бакырып, бүркүттү таш менен ургулашты.
Бүркүт балыкты чеңгелинен түшүрүп ийди. Кишилер балыкты таап алышты да, аны андан ары алып кетишти.
Бүркүт уясынын кырына келип конду. Балапандары болсо ага моюндарын созуп, баштарын көтөрүп, оозун ачып, тамак сурап, тегиз чурулдашты.
Бүркүт чарчап калган эле. Анын деңизге кайра учуп барууга көңүлү тартпады. Ал уяга түшүп, балапандарын канатына калкалады. Аларды эркелетип, балапандардын канатчаларын сылап, аларды дагы бир аз чыдай тургула деди. Ал ашкере көп эркелеткен сайын балапандары ого бетер катуу чурулдашты.
Бүркүт ошондо алардан алыска барып, дарактын эң бийик бутагына конду. Темир канат балапандар бышкырышып, жанагыдан бетер жалынгандай чуулдашты.
Күтүүсүздөн Бүркүт катуу шаңшыды. Канаттарын каккылап, капалуу түрдө деңизди көздөй учту. Деңизден кеч киргенде гана кайтты. Жайбаракат жер үстү менен сызды. Анын чеңгелинде кайрадан чоң балык жүрдү.
Уясы бар даракка утурлай бергенде жакын арада адамдар бар же жогун билгени артына кылчайды. Канаттарын ыкчам бүгүп, уянын кырына олтурду.
Балапан бүркүттөр баштарын көтөрүп, ооздорун ачышты. Бүркүт балыкты тыткылап бөлүштүрүп, балдарын тойгузду.
Ата-эне деген балдары үчүн кандай камкор ээ!?
Козу карын жана эже-сиңди
Эки кыз козу карын көтөрүнүп, үйлөрүнө баратты. Алар темир жол аркылуу өтүүсү керек болчу. Эже-сиңди от арабаны “алыс жакта” деп ойлоп, шагылды тебелеп, темир жолдун үстү менен жол улашты.
Капыстан машине гүүлдөдү. Кыздардын улуусу артка качып, кичүүсү жол аркылуу чуркап өттү. Эжеси тынчсызданды да: “Арт жакка баспа!” - деп сиңдисине үн салды.
Бирок катуу келаткан от араба өтө жакындап калган эле. Кичинекей кыз анын ышкырыгына көңүл бурган да жок. Ал: “Артка кайтууга буйрук берип жатышат ко” - деп ойлоду.
Темир жолдун кыры менен артын көздөй жүгүрүп баратып, жерге чалынып түштү. Козу карыны төгүлүп, жер жайнады. Кыз козу карындарын чогултканга шашты.
От араба ага жанагыдан да чукулдап калган. Поезддин айдоочусу күчүнүн барынча ышкырды.
Эжеси: “Козу карынды ташта!”- деп чаңырды. Тепкедей кыз аны: “Козу карынды терип ал деп атат” – деп түшүнүп, жол бою жөрмөлөдү.
Айдоочунун поездди токтотууга мурчасы жеткен жок. От араба мүмкүн болушунча чыңырып барып, кичинекей кыздын үстүнөн өтүп кетти.
Эжеси бакырып ыйлап, ыйын төктү. Поездде бараткандар вагондордун терезелеринен окуяга көз салып турушту. Кондуктор кыздын эмне болгонун көрүү үчүн от арабанын артын көздөй жүгүрдү.
Поезд өтүп кеткенден кийин кичинекей кыз темир жолдун рельсаларынын ортосунда жүзтөмөнүнөн түшүп, кыймылсыз жатканын мүлдө адам баштан-аяк көрдү.
Ал поезд бир топ алыстап кеткенден кийин гана башын көтөрдү. Ордунан тизелеп туруп, чачылган козу карындарын терип, эжесин көздөй чуркады.
Каракчыларды жолго салган кыз
Жалгыз кыз талаада уйларын оттотуп, кайтарып жүргөн. Кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, каракчылар аны кармап, жетелеп кетишти. Алар кызды токойдогу үйүнө алып барып, ага үйдү жыйыштырып, кийим-кечелерин жууп-тазалоону, тигүүнү буйрушту. Кыз каракчылардыкында күн өткөрүп жүрдү. Алардын табыштаган ишин аткарганы менен ал жерден кантип жылас болуунун аргасын таба алган жок. Каракчылар кайдадыр бир жакка жөнөрдө аны үйгө камап коюшчу.
Күндөрдүн биринде алар кызды адаттагыдай жалгыз калтырып, өздөрү ар кайда кетишти. Кыз саман алып келип, андан куурчак жасап, ага өзүнүн көйнөк-көнчөгүн кийгизип, көчөнү каратып, терезеге олтургузду. Өзүнүн өнө боюна бал шыбап, куштун жүн-канаттарына оронуп-чулганганда, кебете-кешпири коркунучтуу кушка айланды. Ал үйдөн терезе аркылуу ашып түшүп, качканга шашты. Жолго жаңы гана чыкканда ага карама-каршы, бет маңдай жактан каракчыларга кезикти.
Каракчылар кызды тааныбай, андан минтип сурашты:
- Эй адам сымал сөлөкөт... Биздин кыз эмне кылып жатат?
Кыз:
- Ал кир жууп, кийим тигип, тамак жасап, каракчыларды айнек алдында күтүп олтурат, - деди да, жанагыдан бетер катуу жүгүрдү.
Каракчылар үйгө жетип келишсе, ырас эле терезенин жанында кимдир-бирөө жолду тиктеп олтурат. Алар ага баш ийкеп, таазим этишти да:
- Саламатпы биздин кыз, эшикти ачып койчу, - деп үн катышты.
Анткен менен “кыз” аларга дегеле жүгүнбөй, жылбай, үн чыгарбай ордунда тим олтурат. Каракчылар куурчакты жемелеген болушту. Куурчак “кыз” кыймылдабайт, үндөбөйт. Каракчылар эми каалганы талкалашты да, кызды өлтүрмөк болуп, абайлап карашса, тиги сөлөкөт тирүү кыз эмей эле, саман куурчак болуп чыкты. Каракчылар аны ары ыргытып ийип:
- Кыз бизди алдаган тура! - дешип ындыны өчтү.
Кыз, бул кезде дарыяга жетти. Жуунуп-чайынган соң, үйүнө кетти.
Кайналынын сөөгү
Энеси түштөн кийин балдары үчүн кайналы сатып алып, табакка салып койду.
Кайналыны эч качан көрбөгөн Ваня кара өрүктү искеп-жыттады. Кайналы ага аябай жакты. Обору ачылып, даам татууну эңседи. Кайналыны тегеренип, ары-бери басты. Үйдө эч ким жок кезде кармана албады да, кара өрүктүн бирөөсүн оозуна салды.
Энеси түшкү тамак алдында кайналыга абай салды да, анын бирөөсү жок экенин болжоду. Муну күйөөсүнө айтты.
Түштөнүү малында үй ээси: “Кана балдарым, кимдир-бирөөңөр кара өрүктөн уурдап, жеген эмес белеңер?”- деп сурады.
Чүрпөлөрүнүн баары “жок” дешти. Ваня помидордой кызарып, ал дагы: “Жок, мен ооз тийген жокмун”, – деди.
Анда атасы: “Кимдир-бирөөңөр кайналыны жуткан болсоңор, жакшы эмес. Кеп анда эмес. Сөздүн баары кара өрүктүн сөөгүндө. Бирөө аны кантип жешти билбей, сөөктү жутуп алса, ал эки күндөн кийин өлөт. Мен ошондон корком”, - дейт.
Ваня кубарып кетти да: “Жок, мен сөөктү терезеден ыргытып ийгем” –дегенде баары күлүп ийишти. Ваня болсо, ыйлап жиберди.
Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR