Кинорежиссёр Самара Сагынбаева менен эркин журналист Али Токтакуновго арнайм.
АҢГЕМЕ
I
Күндүзү эч окшото алган эмес. Жайлоо төрү кадими жайлоолордон анча айырмасы жоктой көрүнгөн. Күндүзү кымызга кана тойгон Чилистендин табарсыгы түнү кыстаганынан аргасыз баш көтөрдү төшөктөн.
Босого жакка аттайын десе, боз үй ичи караңгы көр. Сыйпалады. Караңгыда керегени жээктей басып карайлады. Босогого чейинки аралык кыяматтын кыл көпүрөсүндөй сынады аны. Сыйпалап эшикти тапсачы. Көрсө, төрдө карайлап жүрүптүр. Аны төшөктө бышылдап уктап жаткандардын деминен туйду. Бирөө-жарымды тебелеп албаска бут учунан абай басты. Уйкулуу көзүн ушалап, кайра артына тартты. Теңирден тетири жакта босогону таппай жүрүптүр.
Сыртка чыкты акыры. Мына эми зынданды көрүп ал.
«Зындан эмей эмине бу жер» – ичинен кобуранды.
Айсыз түндө айланасын тиктеп аңкайды. Асманга тигилди. Чачыраган сийдигине асмандагы жылдыздардын жарыгы тамды жылт-жулт. Сийдигин жаркыраткан жылдыздарды ошондо көрдү Чилистен.
Жылуу төшөгүнө кайтаарда – казыкка мүдүрүлүп, уйдун жампасына үстөмөнүмдөн кулабасам экен деди. Жерди карады, асманды карады. Ай көрүнбөйт. Ала-телек булут арасынан жылдыздар жымыңдайт. Зындандын түбүнө түшкөн эмедей тегерегин каранды. Төгөрөгүн курчаган тоолор, кашаттагы дайра шоокуму, кыр-кырда тикчийген карагайлар төтөн туюлду ага.
Таттуу уйкусу тарап кетти. Заматта. Табият койнундагы таза абада таттуу уйкудан ажырагысы келбеди эле да. «Ка-ап» деди өкүнүчтүү. Карайлаган караңгыда уйкусун жоготуп, таппай калбадыбы кейип. Көзү кайра илинер эмес.
Уйкудан да таттуу сыр табылгансыды сыртта: тоо башында шукшуйган карагайлар, кыр-кырдагы зооканын учтары – найза сунган жоокерлердин сабындай элестеди көзүнө. Ооба, зындандын оозу кайтарыксыз калчубу. Түндөсү чындап эле кыр-кырдагы карагайлар менен аскалардын арсак-терсек учтары аскерлердей көрүнөт экен тизилген. Найза сунган аскерлер кыр-кырда кароолдо тургандай кудум.
«Зындан болбосоң коё кал-а» – деп таңырканды. Күндүзү маани берген эмес экен. Күндүзү көрбөгөн сулуулук ачылды теребелде. Көздүн нуру көзгө сайып көрсөттү тумсак сулуулукту. Шамсыз. Айсыз караңгыда.
Денеси чыйрыкты. Катынынын жанына – жылуу төшөккө кайра барып сойлогусу келди. Бирок катындын да, төшөктүн да кумарынан сонун кумарга азгырылып аңкайды. Тиягын каранды, биягын каранды – жандуу сүрөт, жандуу музыка, жандуу поэзия түнкү кооздукта төнүп, ширелип, төйнөлүп тургансыды.
Көңкү кыргыздан айтылган ар жердин ээси болорун Чилистен бала күнүнөн угуп чоңойду. Тиги кырдагы тоонун кароолчулары – кыймылдуу карагайлар жандуу эмей эмне?.. Жандуу үчүн желге термелип, Чилистендин кыбыр эткен кыймылын аңдып турушпайбы. Кароолчу деген кароолчу да. Чар тарапка көз салбаса, эмнеси кароолчу. Аскаларчы? Аскалар – найза сунган аскер эмес, чепке окшоду. Мекен чебине. Кылымдардан берки зынданды кайтарган бабалардын руху окшоду.
Чилистендин туюмунда: карагайлар арасынан көздөр тигилип тургансыды. Жер ээси өзү тиктеп, өзү күбүрөнгөнсүп…
Чилистен экөөнүн ортосунда космостук байланыш туташты.
Көздөрү жылдыздарга кадалганда, жылдыздар ага жөн гана жарык эмес, качанкы эски тааныштарындай жылуу, сүйкүмдүү көрүндү.
О, канча жыл мурда элет турмушун таштап, шаарга баса бергени – жылдыздарды мынчалык жакындан көрө элек тура. Бала күнүндө жайлоодо жылдыздарды тиктеп уктачу. Азырчы? Телефон чукулап жатып уктайт. Дүйнөдө эмне жаңылык бар – баары алаканында.
Шаар турмушу аны түнкү телефон жарыгына колу-бутунан байлап таштагандай туюлду эми гана. Электр жарыгы, интернет, макбук, гаджеттин баары анын турмуштук зынданы! Мээси да, жан дүйнөсү да, үй-бүлөсү да, коому да – баары, баары 21-кылымдын зынданынан кутулбастар. Мында келгени – телефон байланышы да, интернет да жок – эркиндиктин зынданында…
Төбөдө асма шамдай салаңдаган жылдыздар жылт-жулт сийдигине тамганын көргөн Чилистен таңгалбаганда, ким таңгалат анан?
Табият ээси жанында турду анын. Күбүрөндү:
– Эй, пенде баласы! – дегенсийт. – Табият жарыгына тиктегенди унутканың качан? Эстутумуңда жылдыздардын жарыгы калбай, аттарын унутпадыңбы алардын! Жылдыздар менен сырдаш кезиң кана?.. – дегенсийт.
Элеттен шаарга келип Чилистен болуп тынган каарманыбыз Табият ээсин тыңшап, үндөбөй селейди көпкө. Жымжырттыкты тыңшаганды эбак унуткан жаны жайлоонун сыркаар желинен кере-кере дем тартты.
Шоокум-шооратка кулак түрсө, кашаттагы дарыя шыңгырап, жортуп жүргөн шамал – бабалар күүсүн эсине салганы. Табияттан боору алыстап кеткен Чилистен Зындан жайлоосунун өтөгүндө күү тыңшап, үнсүз поэзияга көңүл төшөп, карагайлардын ыргалган бийине көз чаптырып селейди.
Денесин шамалга чайкап көпкө тургусу келди. Демейде ал ваннанын суусуна магдырап жатып чайканса, азыр тоонун шамалы денесин чайкаганына маашырланды. Шаркыратма суусундай сергитти тоо жели. Коюн-колтугу ачык, желбегей жамынчы менен чыкканы ырас болуптур. Антпесе, эркиндик демин суудан, шамалдан башка эмнеден алсын?..
Маңдайындагы түнкү пейзаж сүрөтчүнүн кыл калеминен жаралган кооздук туюлуп, кайра «жок» – деди көңүлү. «Табият өзү чебер сүрөтчү, тек биз аны көчүрмөлөйбүз. Бирибиз – сүрөтчү, бирибиз – акын, бирибиз – музыкантка айланып, табияттагы кооздукту кайталайбыз. Табияттан көргөн, укканыбызды жаратабыз».
Бир жылдыз жерге кулаганын тиктеп, алакан жайып бата кылды. Эмнеге бата кылганын өзү да түшүнбөдү. Маркум болгон бирөөсүн акыркы сапарга узаткансып, кайдыгер бата кылды да, кайра өз кайдыгерлиги кантип жаралганына көңүлү муздады. Мындай кайдыгерликке ал кайдан үйрөндү? Коомдонбу? Же өзүндөгү көндүм адатпы?..
Жылдыздар ага мурдагыдай алыстан жылтырабай, төбөсүнөн көрүнгөнү – жан дүйнөсүн кылдай толгоп, күүгө салгансыды. Өткөөл дүйнө менен бетме-бет кездешип, эки дүйнөнүн ортосунда термелди. Карагайлардын термелгени да дидарына өтүп кетти.
Өз жан дилиндеги зындандан жаңы бошоп, эркиндик зынданында качанкы өткөн бабалардын насыйкат шыбырын эшитип, рухтардын өтмөк жолунда селейди. Дайранын мукам шоокуму – нуска сөз шекилдүү. Бабалар купуя сырын, көчмөн доордун тарыйкасын шыбырагансыйт.
Чилистендин канында эркиндик руху, жомоктор, сулуулук баяны, шоорат-күүлөр, дастандар туйлады.
Боз үйдөн кыйла обочого барып калыптыр. Артка кайрылмак болуп, буту жерге тушалгансып, түнкү кооздук аны жипсиз байлап койгонсуду. Белгисиз күч, белгисиз сыр Чилистенди кайдадыр элиртип жетелеп кетмек болду...
Жылдыздарга тигилген сайын көзү курчуп, кайрат-эрки курчуп, ойлору да курчуй түшкөн окшоду.
Чилистен чилистендер чөйрөсүнө кошулганы – жандуу жаратылыштан ажыраптыр. Табият ага кооздук фону гана болуптур. Жандуу жаратылыш турган турпаты менен адабий каарман деп сезбептир. Чыгармаларында каарман катары диалог курбаптыр табият менен. Сүйлөшпөптүр.
Табият койнунда гана адам эркин ой жүгүртөбү – Чилистендин ой-чабыты кеңейе түшкөнсүдү чалкып. Зындан жайлоосундагы бир көз ирмемде эле ички эркиндиги ойгонду бейм: сырткы зындандан бошонгондой жеңилдик сезилди көөдөнүндө.
Өзүн курчаган табият ээси күбүрөнүп турду жанында. Өзүндөгү зындандан бир саамга кутулганыбы – асмандан тамган жылдыздар жарыгы анын дил кайрык күүсүн ойготту.
Зындан – өзүндө экен. Жан дүйнөсү жансыз жаратылыштан алыстаган чейрек кылым шаардын камоосунан чыгалбай келиптир.
– Сиздер конгон өтөктүн аталышы чындап эле Зындан дегидей бар экен, – деди эртеси үй ээси Салимаматка кобураган Чилистен.
– Эмнеге мындай аталып калганын так кесе билген киши жок, – деди Салимамат кайдыгер. – Маани деле берген киши жок ага.
Чилистенди уйгу-туйгу сезим бошотподу. Зындан жайлоосу жөнүндө үй ээсинен жарытылуу жооп албаган жаны түнкү таасирлерге кайрадан төндү. Болбосо ал укмуштуу бир уламыш кеп укчудай сурамжылап отурган. Ал күткөн уламышты Салимаматтан башкаларынын оозунан да укпаганга шаабайы сууду.
Түндөгү жердин демин таманынан сезген көз ирмемге кайтты. Таман астында «бүлк-бүлк» эткенсиген жер менен жүрөк дабышы кошо эриш-аркак бүлкүлдөгөн. Чилистендин таманындагы жер жылуулук бөлүп тургансыды. Жайлоо түнүндө кайдан жылуулук болсун жерде, бирок ага муздак шүүдүрүмдүү чөптөрү жылуу, жумшак, жандуу туюлду. «Ушундан көрө пантеизм же антропология илимин үйрөнсөм эмне» деди дилинде. Жер ээсинин сырын аңдабайт беле анда.
«Пенде баласына тоо-таштар, жайлоолор көр тирилик үчүн эле пайдаланар объект эмес ко» деди зээни кейип. Бутунун алдындагы жер тирүү жандай, өз жүрөгүндөй «дүк-дүк» сокконун тыңшап, Аалам менен Адам айкашуусу алыстап бараткандай туюм ойгонду Чилистенде.
Карагайлар качанкы доорлорду эсине салар кароолчудан бетер, ар бир карагай ар бир доордун күбөсүндөй кырда шоңшоюп отуру. Ыргалган карагайлардын шуулдагы – эстеликтер үн салгандай кудум. Шамал үнүчү? Унутулган окуялардын үнүбү? Жер-Эненин үнүбү? Байыркы гректерче шамал тилин билсечи же бир…
Уламыштарды катынган жымжырт тоонун кучагындагы шамал тилин түшүнсө не, аттиң!
Кадам шилтеди ордунан. Учкан жылдызды тиктеп, адам өмүрү убактылуу экенине жылмайды. Адам өзүн өлбөчүдөй сезгенин шылдыңдаганы эле бул. Жылдыздар ага жердеги өмүрдөй көрүндү – жарк этет да, жок болот.
Дарянын добушучу? Артка кайтпаган өмүрдөй кудум. «Э-эй, пенде! Менин артка кайтканымды көрдүң беле?» дегенсийт.
Чилистендин жанында көзгө көрүнбөс бирөө кадалды. Желкесинен тиктеген ал күч табият ээси окшоду. Айсыз түндө өзү жалгыз турбаганын сезген Чилистенге Зындан жайлоосу мурдатан тааныш өтөктөй... Кудум бала чагындагы Ат-Башынын Аксай жайлоосу көз алдына тартылды. Мындагы Кара-Кулжанын төрүндөгү Зынданга окшош жайлоолор Аксайда деле кезикчү окшойт ага.
Ал жактын жылдыздары деле асмандан шам чырактай салаңдап, жакын көрүнчү. Бирок зынданга окшоп, туш тарабы курчалбаган, кыр-кырдагы карагайларды найза сунган аскерлерге окшотчу эмес экен анда.
Бир заматта балалыгына кайтып барган Чилистен өзүнө сырттан көз салып тиктегенсийт. Баятан жанындагы көзгө көрүнбөгөн күч жер ээсиби же өзүн өзү сырттан акмалаганыбы — айтор, айсыз түндө жалгыз турган жок. Жанында сырдуу күч барбы, ошону көрдү – бала чагындагы асманды тиктеген өзүн.
Чилистен бул жерге биринчи жолу келбептир. Мындай түнгө да биринчи мерте кабылбаптыр. Ал буга чейин Зындан жайлоосунда далай ирет болуптур. Тек, унутуп калыптыр – бала күнүнөн тоо курчаган табият койнундагы эркиндик зынданында өсүп-чоңойгонун. Шаар турмушу аны унутчак кылыптыр: табият жарыгын эмес, электр жарыктарын, гаджет жарыктарын күнү-түнү тиктеп жүрүп, бала күндөгү эң жакын тааныштары — жылдыздардан алыстап кетиптир.
Ай калдайган калың булуттардын артында жашырынып карап турган экен. Чыкты. Шашпай. Кыбырап. «Көктү кыдырган айылчы, кайда жүрөсүң?» деп тамашалады Айды. Айлана жаркырай түштү заматта. Апапакай жаркырады теребел. Ангыча эле дөңсөө жердин далдасынан кайдан-жайдан тирүү жан пайда болуп, жону көрүндү. Издеген жемин аңдып чыккансыйт.
Түндөсү жортуп жүргөн карышкыр дейин десе, жайдын саратанында өтөккө кайдан түшсүн карышкыр. Чөөбү? Түлкүбү? Окшошподу. Жону кирпиникиндей үрпөйгөн жандык шекилдүү. Көрүнчүбү? Шайтан-шабырбы? Кенедейинде ошондон коркчу. Кийин чупакабра деген балакети чыкты эле… Ал түрү суукту интернеттен көргөн! Же ошонусубу? Муну ойлогондо жүрөгү оозуна тыгылды. «Издеген жеми менминби?» – деген ой келди.
Аттап-буттап качкыча жетип келер аралыкта тигиниси.
Боз үй жакка кылчайгыча, жортуп келаткан жырткыч, дагы жакындады. Кайра токтоду. Жылды. Шырп алдырбай көзүн кадап тургансыйт. Ичинен дем тартпай аңдыганычы. Көз ачып жумганча жетип келди. Карбалас баскан Чилистен «баа» – деп бакырар болду.
Тиги балээ серпилип секирди бери.
Баятан бери ал көзгө көрүнбөс күчтөрдүн таасиринен күч-кубаты ашынып тургансыды эле, эми жандуу күч тооруп келгени…
Демин ичине катты. Жок – дем албай калды корккондон. Тиги да токтоду дем албай. Токтогону менен тынч эмес кыймылы. Үн чыгарбай келип басып калар мындай түгөттү ким көрүптүр? Жырткычтын кайсы түрү бул? Силкинип, дагы жакын келди. Бир кадам артка жылды Чилистен.
… «Өх!» – деди камгак экенин көргөндө. Шамалга тоголонуп келаткан тура. Сыркаар жел бирде жумшак, бирде катуу согуп, ага күүлөнгөн камгак – көзүнө белгисиз жырткычтай көрүнүптүр.
Чилистен өзүн өзү шылдыңдап сөктү. Өзү камгактай жеңил мүнөздүү неме, кунт коюп карабаптыр даа. «Коркконго кош көрүнөт» болуп, жаратылыштын жансыз камгагынан жаны чыкты. Элдик мокочого ишенбеген жаны – аз жерден шымын булгап коё сактады. Шамалсыз деле кыймылга келер камгактан ушунчалык чочуптур…
Камгак аны айланып өттү. Чилистен ошондо түшүндү: көрсө коркунуч өз ичинде экен…
Жүрөгүнүн лакылдаганы басылып, денеси чыйрыккандан, жылуу төшөгүнө шашты. Табияттын тынч койнунда «тарс» оосуруп, боз үйгө кирди. Катынынын жылуу койнуна култ этип кирип кетти. Бирок анын жүрөгүндөгү шамал басылган жок.
II
Чилистен кийин абакка түштү. Темир тор жашоосуна кабылды.
Зындан жайлоосун көп элестетчү болду. Эмне үчүн камалды – эркиндиктин жарчысы болсоң, ошо экен.
Өзү бир кезде камгактан кандай корксо, бийлик да Чилистенден коркуп, камап коюшту…
III
Терезеге жакын туруп, асманды тиктеди. Баягы эле жылдыздар. Баягы эле асман. Баягы эле тынчтык. Бирок бул жолу суук көрүндү баары. Алыс. Бөтөн.
Чилистен көзүн чылк жумду. Эстеди – качандыр бир кезде асманга кадалып, анын бийиктигин ичине сиңирип, чексиздикти сүйүп, ошол чексиздикти өзүнө ыйгарып алганын.
“Уурдаган турбаймынбы…” — деди ичинен. Ал биринчи жолку байкаган эмес муну. Күн нурун алаканга салып көргөндө, ошол жылуулукту көкүрөгүнө бекитип алгансыган.
Кийин булуттарга көзү түштү. Жеңил, көчмөн, эркин. Булуттардын жеңилдигине суктанып карап турду да… акырында өзү да жеңилдей түшкөнсүдү.
Бир күнү ал шар аккан суунун үнүн тыңшап, дайра жээгинде көпкө отурду. Ошол күнү анын өз жан дилинен бир нерсе жылжып аккансыды, кудум кайтып келбеген агымдай. Анда ойлогон: “бул — жөн гана суунун үнү”.
Эми түшүндү: ал дайранын мүнөзүн да энчилеп алган экен.
Жердин сабырын, көтөрүмдүүлүгүн; тоонун былк этпес кубатын; шамалдын сырын… Айтор, көзү көргөндүн баарын жан дүйнөсүнө кытып алчу экен.
Темир тордун көлөкөсү бетине түшүп турду. Тор сызыктары – өз тагдырынын изи окшоду. Чилистен буга жылмайып койду.
— Демек… ошон үчүн экен да… — деди күбүрөнүп.
Мындагы камерада камалган адамдарчы? Алардын ар кимиси өз зынданында. Алар казына уурдагандар, бирөөнүн малын, акчасын уурдаган. Өзүчү?.. Өзү – Асмандын бийиктигин, Күндүн мээримин, Жылдыздардын сырын кытып алыптыр көөдөнүнө.
Эң кейиштүүсү — табияттын тынчтыгын уурдап алып, бирок аны жоготуп жибергени.
Ал кайра асманды карады. Бул жолу жылдыздар Чилистенди тиктеп турушкансыды. Айыптап эмес. Эскертип. Ошондо баягы жайлоо төрүндөгү камгак эсине түштү. Шамал тоголотуп келген, эч зыяны жок, бирок жүрөгүн оозуна кептеген камгак.
Чилистен көзүн жумду. Эми ойлосо: ал түнү эркин болчу. Коркунуч сыртта эмес эле. Азыр… жайлоодогу зынданда эмес…
Терезеден түшкөн көлөкө акырын жылып, жүзүн каптады.
Чилистен акырын күбүрөндү:
— Мен камгактан корккон түнү эркиндикте элем… Эмичи?.. Өзүмдөн корккон күндөн бери — зындандамын…
Асман мемиреп тынч. Алыстагы көрүнбөгөн шамал күүсүн эшитти…
Анын табияттан уурдагандарынын баары өз ордуларында турат – Тоо-таш, Асман, Ай, Жылдыздар. А казынаны уурдагандарчы? Казынаны толукташабы? Ордунда коюшабы?.. Кайдан?!
... аны айтып, бийликти айыптачуулар – камгактай коркунуч жаратат шекилдүү…
2020–2026-жж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR