Асланбек Сартбаев: Алтын билерик

  • 27.04.2026
  • 0

АҢГЕМЕ

Тыйын чычкан дирт эте чочуп алып, бозомтук-күрөң тарткан жаңгак өзөгүнүн кабыктарына тырмыша жабышып, улам жогорулай жорто берди. Күндөгү из салган жолу эмеспи, бирок бу саам негедир безилдей ылдамдыгы катуулап баратты. Каралжын көздөрү чанагынан чыкчудай ойноктоп кеткени өзгөчө эле. Дээрлик токой термелип, жай күүлдөй таңкы айдарым желдин авазы аңкып турду. Ыргалган бутактардын сөңгөктөрү бирде качырай обон салып, кайра мемирей бергени менен көңүл бурдурат.

Ооба, бул жерде табигат кубулушуна саресеп салып, бир абышка отурду. Маанайы суз. Жанатан жанына келген тыйын чычканга кол серпип, үркүтүп жибергени да ошол. Кашына жан адамды жууткусу жок. Отургучта селейе катып, оо кыйлага дейре үнсүз көчүк басты. Таң куланөөк аткандан бери жаны тынбай сейилдеп басып, эми гана байыр алып, беймазага батканын сыртка чыгара албай, ичтен бугуп, эзилип жатты кайран киши.

Жөлөнгүчтөн арык, уркуйган ийиндери оркоё чыгып, бырыш аралаган ичкерген моюну ыңгайсыздык жаратып, ансайын кыжалатка батып, сырткы келбетине ичимтап кейип алмайы да бар. Карылык капшабы желкеден басып турса, моюнсунбай кантет? Көңүлгө бүлүк салган көнүмүш муң көкүрөктү мыкчый берди, алиги тыйын чычкан кайрадан тыбырчылай пайда болуп, кара коюу көздөрүн ойноктото секирип баратты. Мындай көрүнүштүн жакпай турганын карачы, жылас алгырдыкы десе! Көрсө, анын бул жерде жеми чачылган экен да. Кечээ дал ушул айым себелеп кеткенин алыстан көзү чалбады беле. Аны байкабай эле тап берип, үркүткөнү жарабас. Абышка жаңыдан түктүйө баштаган ээгин сылап коюп, өзүн зыянкечтей эле сезип, береги тыйын чычкандын астында айбыга түштү.

Ал бир оокумга дейре көздөрүн чылк жуумп, какайган тейде үн-сөзсүз отура берди. Мындайда арык, кынжыйган денесинин жагымдуулугу сезилет. Жеңил дем ала эргип, балким ушул арада көпкө магдыраса керек, бирок алыстан тыкылдай баскан доош улам жакындай берди. Эмнегедир селт этип алып, ал жакка дит багып, үлүрөйгөн иреңи сонуркай жазылды. Алыстан маркум кемпиринин жаш чагындагы элеси тартыла түшпөспү... Узун бойлуу, тизесинен термелген плашы көз жоосун алып, айчырайлуу айым кадамын адымдуу таштай келатты. Жакындай бергенде бакыракай музоо көздөрү, чийиле жасалган каштары даана көрүнүп, сурданган жүзү күлүмсүрөй:

– Саламатсызбы?! – деди жумшак жылмайып.

Аркар баш ийкегенге үлгүрдү. Андан ары айымдын шиш такалары бошоң асфальтты оё басып, чымыр денесине чайпала соорусу жарашып, узап баратты. Эки бетинин келишимдүү чүкөлөрү, кырдач мурду, кыпкызыл бөрсөйгөн эриндери көңүлгө кыттай уюп кала берди. Шашканда адам кейпи ынтызарланып калат эмеспи. Кантсе да абышка бул көз ирмемди баамдуу кабылдап, жүрөгү элеп-желеп, бар дүйнөсүнө бапырай толгонуп, бүлүк салган табылгасы мээримдүү туюлду. Бейтааныш сулуунун дүрбөлөң салып өткөнү жөн жерден кагылган коңгуроо болбостур...

Ала качма күлүк ой тизгинделбей алыстарга закымдап, кандай гана сезим-кайрыктарга бөлөбөйт? Кырчын курак кырк жашындагы шапар тепкен доору көз алдынан чубура өтүп жатты. Шыңкылдаган кыз-айымдардын күлкүлөрү... Абышка уялыңкы тартынып, ким бирөө карап тургансып, эки жакка элейе сереп салды. Эх, өмүр өкчөлүп өтүп кетиптир... Бүгүнкү күнгө дагы каниет, таң эрте көөдөн жибип, мээ сергиди. Асыресе, жарыкчылыктын жасалмасыз белеги азырынча белгисиз эле...

Аркар эки жыл мурда кемпирин жерге берген. Андан бери өзүн таштап, жарытылуу деле жашоо маңызын көрбөй, тымызын мөгдөп келгени – жандүйнө азабы, кала берсе, көкүрөк дарты. “Өлгөндүн өз шору” дебей тирүүнүн сөңгөгү сымал калдырканга айланып, чүнчүп кеткени ырас. Бул убакытта карылыкка да моюн сунуп, кабагы ачылбай калганы да ошондон улам. Азыр абалы өзгөрүп, жанатан өткөн жагымдуу жүзгө көңүлү байланып, бүткүл боюна жылуулук тарап, кандайдыр бир илгери үмүт жетеледи. Көчөдөн көп эле сулууларды көрөт, бирок баарына эле минтип азгырыла албайт. Кантсе да купуя сезимине кудуңдап алып, кайра жака-боюн кагып, ыңгайсыздана кетти. Ал ким? Чоочун бирөө го, эмнеге аны жандилинде энчилеп жатыр? Ой-сезимдин эркелиги ушунча да тентек болобу? Ансайын кубаныч байырлап, тулку-бою чыйралды...

Эрте жаздагы жел салкын тартып, айлана жашыл жамына баштаганы көз жоосун алат. Дарактар, жаңгактар бүчүр кылтыйтып, жан киргендей кубулушун карачы? Бүгүн абышка токойдон көңүлдүү кайтты. Өзүн жаш жигит сыңары элестетип, басканы, кыймыл-аракети да шайдоот. Үйгө келди. Адатта келини чай даярдап, кайын атасына мамилеси дурус. Уулу жумушка кеткен экен, эки небереси али уйкуда. Колу-бетин чайып келген соң, аксакал каадалуу төрдөгү ордуна өттү.

– Ата, маанайыңыз ачык. Жакшы сейилдеп келдиңизби? – келини чай куюп жатып үн салды.

– Аа кызым, Кудайга шүгүр, – Аркар ийинин күүшөп койду.

– Жүзүңүз албырып, кубанып тургандайсыз... – деди кайра.

– Аба ырайы жакшы, жаз да келди.

– Качан көчөт тигебиз? – күтүүсүз суроо салды келини.

– Ырас эстетпедиңби, маалы келип калды. Кийинки жумада...

Жаңы эле тамактанып бүтүп, бата кылып тура бермекчи болгондо сырттан кобур-собур угулуп, улам катуулай чыкты.

– Аркар байке-е! – деди каргылданган үн.

– Ата, сизге... – деди келини.

Абышка эшикке чыккычакты дарбазанын калиткасы ачылып, аркы көчөдөгү теңтуштары көрүндү. Бири өбөктөй басып, канжалаган мурдун алаканына жашырып алган. Үрөйлөрү учкандай көзгө комсоо көрүндү.

– Ой, силерге эмне, таңатпай түрүңөр кантет? – деди Аркар таңгала.

– Алиги Чапыраш кызып алып, мурундан ары берип калбадыбы! – деди жапалдаш бойлуу Илгиз озуна сүйлөп.

– Келгиле, сууну ачайын, кийими да кан болгон турбайбы!

– Иттин баласы, жайлап кетпедиби! – Кадырбек шырылдаган сууга жетип, кочуштап алып, бетин жууп жатты.

Көрсө, чырдын башы түндө башталыптыр. Коңшу көчөнүн аттуу-баштуулары Кадырбек, Илгиз жана Чапыраш болуп токой жээгинде отурушуп, арак ичишип, аягы кыжылдашып калышат. Бири-биринин өткөн чагын чукулашып, оргу-баргы кетишип, кычыкы сөздөр улам илгерилеп сүңгүп, акыры тирешүүгө жеткирет. “Ай, Чапыраш, министрликке чейин жеттиң, ичип-жегенден башка эмне иш кылдың?” – деп Кадырбек кабыргасынан суроо салат. “Мени кой, сен өмүр бою университетти майкандап, проректор, ректор болсоң, үч кабат үйдү айлыгыңа салдыңбы?” – дейт. Дагы ачуу сөздөр коштолуп, чарпыша кетишип, анан Илгиз ортого түшүп, ажыратып, араңдан зорго тыйганга жараптыр. Кечээге жоруктары ушундайча тамамдалып, кажылдашып тарап кетишет.

Бүгүнкү кезигүүсү баш жазмайдан башталып, акыры мына – экөөнүн жели чыгып, шапайып келишкени зээн кейитерлик. Аркар булардан бир аз улуу, сый мамиледе, башынан абышкалардын а жердеги шахмат, кумар оюндарына кошула бербейт. Өзгөчө кемпири каза тапкан күндөн тарта тунжурап, өзүнчө ээндеп, адам менен сүйлөшүүгө көп деле көңүлү чаппай калган. Чак түштө түшкөн чагылгандай жашоонун сыноосу да оңой эмес белем, айтор, тагдырдын буйругуна моюн сунуп бербегенде кантмек?  

Береги Кадырбек менен Илгиз ызага батышып, кызуулана бакылдашты, даттанышып, актанышты, ачуулары тарады, демдерин басып отурган соң турушуп, ыңгайсыз жагдайда калышканын жашыра алышпады.

– Байке, тынчыңызды алып койдук, кечиресиз! – деди Кадырбек.

– Кам санаба! Этият жүргүлө да, пайгамбар жашына деле келип калдыңар, жаштык калбадыбы...

– Уят, туура айтасыз. Биз акырын жылалы, жакшы туруңуз! – Илгиз жолдошун колтуктай узады.

“Кайран гана замана, интеллигенция... Акыл үйрөткөн да ушулар!” – деп күбүрөндү Аркар кабагын чытый. Андан ары короодо ары-терки басып, кышта кыйылган эски бактардын ордуна канча көчөт тигерин эсептеп, туура сегиз экенин санады. Жер тоборсуп, күн жылымдап, газондогу көк чөбү жабырай өскөнү байкалып калыптыр.

Уулу Акан үй бетин көрбөй эртеден кечке жумушта, келини балдарын бала бакчага жеткирип, кайра алып келип, алардын камы менен алек, ошентип, күнүмдүк кайталанган турмуш уланууда. Аркардын кыла турган анчейин деле маанилүү иши жок, неберелерин ойнотуп, эртели-кеч сейилдейт, кечкисин китеп окуп жатып уйкуга кетет. Эми күн жылыганы короого көчөттөрдү тиксе, жашылдандыруу ишин уланта бермекчи. Жылыга кайталанган эрмеги дечи, бирок быйылкы жаз аң-сезимге дүрбөлөң салып, жанатан жөн салды чырайлуу көрүнгөн айымды кайра баштан ойлонуп, элеси эсине бекем орногону – жаңы беймаза түйшүгү, асыресе азапка салчу шойкому барбы? Же бакубат өмүрдүн экинчи каалгасы ачылган турабы? Азырынча алдыдагы жашоо ыргагы кандай нукка бурулары белгисиз эле...

Жаз кечи салкын тартып, бүчүр байлаган бутактар кылтыйып, токой четинде кыдырекей тигилген өрүктөрдүн гүлү төгүлгөнү – сыдырым желге ансайын жыты буркурап турду. Асман тирей өскөн карабактар аллея үстүндө чаташып, арбайып-тарбайып турганы азырынча көзгө өөн учураса, бир ай чамасынан кийин бул жерди көрүп ал – жашыл жалбырактардан жасалган бийик тоннель сымал көз жоосун алат. Айдарым шамал жүрсө гүүлдөп, бак-дарактардын доошунан мээ сергип, жан жыргаткан рахатка батасың. Таңкы салкында, же кеч бешимде болобу, береги токойду аралап басуу кубат алууга барабар.

Кечки тамактануудан кийин Аркар адатынча үйүнөн чыгып, көз атым жердеги бу бактарга келүүнү адатка айландырып алган. Дене жибигенче сейилдеп, анан аллеядагы тааныш отургучуна жайланышат. Ары жактагы бастырма астындагы бака-шака түшкөн демейдеги чалдардын үндөрү басаңдап, эки-үчөө гана үңкүйгөн калыптарында шахмат ойноп жатышыптыр. “Бүгүн кумарчылар көрүнбөйт, – деди абышка өзүнчө күңгүрөнүп, – алардын эрежеси бузулчу эмес эле...” – деп койду анан.

Күндүн көзү ачылып, аба жылыганы адамдар да көбөйө баштады. Шаардыктар үчүн мындай токой табылбас жер экенин баамдасак кана? Аркар кылчая берип, тааныш жандыгына алаксыды. Жылтыр күрөң жүндөрү кулпурган тыйын чычкан оң тараптагы бактан зыпылдай ылдый түшүп, жерден азыгын оозуна иле коюп, токтоосуз өйдө карай келген жолуна салып, бийиктеп баратты. Аңгыча арыдан Илгиздин келатканы көзгө урунду.

– Салам алейкум, аке! Жакшы турасызбы? – деди ал кош колдой учурашып.

– Алеки... Ой, кандай? Желмаян басышка салып, – деди Аркар.

Экөө ал-жай сурашып, жанаша отура кетишти.

– Ай, ту-уй, ата! Иттин көткү шыйрагындай эле шалпакташпадыбы... Айбан, адам деле эмес!

– Түшүндүрүп айтсаң, эмне болду?

– Кечээ кечинде баягы Чапыраш менен Кадырбек кайрадан кырылыша кетишти. Башында жакшы нускалуу сөздөр айтылып аткан. Баягы эле ичкиликтин азабы да, экинчи бөтөлкө бошогондо жаңжал башталды. Ажыратып калдым, тепкилешкени аз калышты... – деп баш чайкады Илгиз.

– Чатагыңар эмне?

– Чапыраш жупкадай китеп жазыптыр. Ошону айтып берди. Төртүнчү атасынын бий экенин келтириптир, жарыктык киши! Кадырбек да мындан эки жыл башта брошюра чыгарып жүргөн, уруусун жазып, уксаңыз керек? Ал бешинчи атасын манап кылыптыр...

– Ии, анан?

– Экөө талаша кетишип, бири-биринин китептерин боктошуп, “сеники жалган, акмаксың, энеңди...” дешкенге чейин барышты. Ой, экөөнү дагы ажыраттым. Алдагы бастырманын астында айкырышып атышса, ары-бери өткөн бала-бакырадан, жаштардан уялып, сүйрөлүп төрт шыйрагым калбадыбы! Чапырашты калтырып, Кадырбекти алып кеттим...

– Аа, кайрандар! Силер ушул жашка жетип, уруулашып, бөлүнүп отурсаңар, келечек муун кайда барат?

– Аныңыз туура!

– Кылымдар бою ич ара ыркырашып, жаатташып, чабышып келгенибиз аздык кылдыбы? Ошондоюубуздан сырткы душмандарга сырыбызды алдырып, жерибизди, мал-мүлкүбүздү талатканыбыз жалганбы? Эчен ирет тукум-курутка жете жаздаган коркунучтарды эстегенде эсенгирейсиң. Э-эх, не деген гана күндөр өткөн жок! Айыгышкан жоолашуулар... Бөлүнө берсеңер, ошол эскинин калдыгындай ынтымак ыдырап, сөгүлө бермегиңер турган иш! Урууңарды билгиле, бирок аны жалпы элге таңуулап, биринен-бирин өйдө коюу жарабас, бул акылсыздардын арбайы...

– Ооба, улуттун эртеңине баш катырганыбыз туура, – деди Илгиз сөздү буруп.

– “Курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” – деп “Манаста” бекер айтылбагандыр. Ириде биз улуттардын биримдигин ойлойлу. Дүйнөдө азыр кандай гана согуштар болуп атат? Бири басылса, экинчи башталат, анан үчүнчүсү... Деги койчу, ааламдашуунун алкагындагы карама-каршылыктуу татаал процесстерге кептелдик. Ал кубулуш өкүм сүрүүдө. Биз өткөн чак менен жашай берсек, артта калганыбыз ушул да. Дүйнө алдыга карай өнүгүүдө, мындайда силердин уруулашууңар түккө арзыйбы? Эми бул көп сөз.

– Кызыгын караңыз, Чапыраш да, Кадырбек да жазган брошюраларын ар кимден угуп эле сүрүштүрүп, чампалап алышкан. Ошого мактанышып, маашырланып жатышса күйөсүң!

– Ташкенттеги, Алматыдагы мамлекеттик архивдерди билишет бекен?

– Кайдагы? Андай түшүнүктөн ныпым болбосо, тарыхый шаарларга барып изилдөөнү ойлоп да коюшпагандыр. Бозо жородо гана брошюраларын жерге чабышып, бакылдашканга жарашат!

– Чапыраштын кесиби агроном, Кадырбек физик, сен ишкерсиң... Көз алдыда эле жүрдүңөр, эми жашыңар эңкейиште... Азганакай өмүр калганда сыйлашууга эмне жетсин? – деди Аркар жылмайып.

– Айтпаңыз, булар филологиянын доктору же илим казган тарыхчы болбосо, анан эрмектегендерин караңыз... Санжыра жазышат!

– Илгиз, аларды койчу, андай “жазмакерлер” азыр миңдеп саналат. Ырыстуусун көрбөдүм. А көрөк, баягы фермаңды сатам деп жүрдүң элең, эмне кылдың?

– Улуу балама өткөзүп бергем. Ал гүлдөттү. Мен сезонунда гана балык өстүрсөм, азыр төрт мезгилге ылайыкташтырып, ишкерликти жолго салып алды.

– Уулуң Атай мыкты чыгыптыр. Колдоп, кеңешиңди айтып тур, – деди Аркар өз ийгилигиндей кубанып.

– Рахмат аке, акылдашып турабыз. Былтыр келинчегим каза тапкандан бери балык өстүргөндү таптакыр таштап, балама өткөзүп бергеним ошол.

– Бири кем дүйнө... – Аркар өз кемпирин эстеп, оор үшкүрүнүп алды.

Жакын адамыңды жоготуу, өзгөчө өмүрлүк жарыңан бир паста айрылып калуунун азабынан өткөн сыноо барбы? Келечегиң кетменделип, эртеңки күнгө карай үмүт үзүлүп, жөн гана басып жүргөн эки аяктуу жанга айланып калганыңды туйган соң, ичтен мөгдөп, көз жаш сызылтканың убактылуу букту айдап, а кайрадан сагынуу, жалгыздыкка батуу, ой түбүнө чөгүп эзилүү – мунун баары кайгы капасында калганың экен. Сыртынан Аркар оор басырыктуу, бир калыпта ырааттуу жүргөнү менен ичиндеги муң-зары көкүрөккө батпай, же ачылып сырдашчу адамы жок, абалы жалтаң аскада ээнсиреп калгандай кейиштүү. Кемпири Жумагүл досу, сырдашы да эле. Жаңы гана алтымышка толгондо күтүүсүз оорудан каза таап калбадыбы...

Ал эми тирүүлүктүн күнү чыгып-батып, жер шары айланып, өз ыргагы менен закымдай берет тура. Аркар бейтааныш айымды биринчи көргөндө эле Жумагүлдүн жаш чагына окшотуп, ошондон бери алып учкан ар кыл ойлорго азгырылчу болду. Мына бүгүн да эртең менен аны көрүп, саламдашууга гана жарап, жамалы толкуп-ташыган буудай иреңдүү сулууга ооз ачып сүйлөй албай, тартынып, кашаңданган мүнөзүн ичтен сөгүп, бирок бул карылыктын капшабынан суурулуп чыгууга жандалбасы байкалды. Кыял кургур алып учканын койбойт, теңешпеген жанга теңелип, эңсөөгө алдырып, элирип аласың да, анан кебетеңди күзгүдөн карасаң, баягы жаш кездеги курчтук – кыргый кабак калып, улгайган кейпиңди көрөсүң. Буга да шүгүр. Эң башкысы, ден соолук жайында, анан эңсөө кургуру кытыгылап, маанайы жарык, кара көз айымга жетелеп жатпайбы...

*   *   *

Жамгыр шатырап жаап, калыңдап сабап кирди. Заматта алай-дүлөй учурган шамал ышкырып, токой ичин алааматка салгандай ары-бери ыргалта чайпап, азан-казан түшүрүп салды. Ар жерде төбөсүн калкалай чуркаган эле адамдар. Кеч да кирип калыптыр, айлана дароо түнөрүп, күүгүм ыраңы баса баштады. Табигат кубулушун токтотууга болобу? Кара булут уюлгуй басып, асман көзү көрүнбөй чагылган чартылдап, күн күркүрөп, тарсылдап жатты... Аркар кулач жеткис жаңгак түбүнө корголоого жетишти. Жайылган жоон бутактарынан жамгырдын саркынды суулары ылдый сызылып, кадимкидей далдоо болуп турду. Чай кайнамдай убакта барып албуут шамал бастап, бугун төгүп алган булуттар тоо тарапка өркөчтөнө жыла беришти. Нөшөр кайтты. Аңкыган нымдуу жыт каңылжарды өрдөй көңүл сергитип, абышканын маанайын көтөргөндөй эле аба ырайынын ажайып белегине окшоду. Бул арада тыйын чычканды көрмөк кайда, коргологон жеринде бүк түшүп жаткандыр...

Аркар азга сейилдеп баскычакты жумшак себелеген жамгырга суу боло түштү. Чыйрыгып баратты. Жолду ката келатып, токойдон чыга бериштен ысык чай ичүүнү ойлоду. Үшүгөнү эми сезилди окшойт. Кафеге башбакты. Жогору жагындагы орунга баскычакты капталдан Чапыраш чыга калганын кара.

– Ас-салам алейкум, Аркар ака! – деди кош колдой жутунуп. – Кандайсыз, жакшы турасызбы?

– Алеки салам! Шүгүр. Амансыңбы?

– Алдыңызда турам го. Азырынча соомун, кичине “сеп” этип эле... Жүрүңүз, биз менен отуруңуз, – Чапыраш колтуктай калып, үстөлүн көрсөттү.

Бейтааныш жигит отурат. Артка кетенчиктеп кетүүгө да болбос. Ошентип үчөө жайланыша отуруп калышты.

– Кайним экөөбүз отурганбыз, аты – Кумар, айылдан келген. Мал чарбачылыгы менен алектенет, – деп Чапыраш тааныштыра кетти. – Ал эми бу – Аркар ака, азыр эс алууда. Убагында катуу жүргөн...

– “Азыр карыды-арыды” деп кой, – абышка сөзгө аралашты.

– Койсоңуз, “бөрү карыса да бир койлук алы бар” дейт. Бизге караганда сиз тың элесиз.

– Кудай баарыбызга ден соолук берсин!

– Ай, Кумар, Аркар ака кайра куруу мезгилинде, токсонунчу жылдардан кийин да мектепти таштабай, патриот педагог катары көп жылдар бою эмгектенди. Агезде мугалимдердин көпчүлүгү башка иштерге өтүшүп, жан багуунун айласын жасап калышпады беле?!

– Анда жаш элек, Советтер Союзунун тарбиясы туруктуулукка калыптандырып коюптур.

– Туура. Сиз жыйырма жылдай мугалимдикти аркаладыңыз. Менин балдарымды да мыкты окуттуңуз, рахмат!

Береги жигит шыпылдай арактан шыңгыта куюп, жылдыра берди.

– Мен ысык чай ичейин, ичкиликке жок элем, – деп Аркар кабагын сала сүйлөдү.

– Биз эле ала берели, Кумар, акабыз “ачкыл суудан” алыс. Сыйламай бар, кыйнамай жок.

– Кана эмесе, алып жибергиле? Жарыкчылыкта ойдогудай жашап, бакыт даарысын!

Удаа-удаа стакандар көтөрүлүп, “тык” эте биринен сала экинчиси үстөлгө коюлду.

– А баса, тиги үкаларыңыз жүрөбү? – Чапыраш кытмыр үн катты.

– Үкөлөр десең. Улууну аке дейт.

– Ии, иши кылса ошолор. Баягыда кер-мур айтышып, уруша кеткенбиз. Кийин кайра жараштык. Бирок алардын “колтугундагы котур таштарын” кантебиз? Ай жөн жүрүшпөйт да! А баса, Илгиздин балыкчы баласы бар эмеспи, ошонун аялы христиан экен. Жакамды кармадым. Бир жолу хахолдордун кафесинен Илгиз экөөбүз арак ичип атканбыз. Чочконун кулагына буйрутма кылсам, мурдун чүйрүйт тим эле. “Арам” дейт. Курсагына куюп аткан арагы адал болуп кеткенсип, эх, ушундай эки жүздүү адамдарды да жер көтөрүп жүрөт!

– Койсоңчу, Чапыраш, анын баласы, келини жакшынакай эле оокат кылышууда. Эмне кыласың чекилик кетирип?

– Келини христиан дининде. Кайнатасы Илгиз чочконун этине каршы, ушундай да болобу? Биздин ата-бабабыз мусулман, бул багыттан тайбашыбыз керек.

– Ислам дини кыргыз элине кечээги жакынкы эле кылымда келди. Андан мурда теңирчиликке тайынышып, Жаратканга түз сыйынышчу. СССР доорунда коммунист, атеист болдук. Эгемендик жылдардан бери кандай гана диний агымдар аралап кирбеди? Исламдын ичиндеги ондогон уячаларын кантесиң?

– Ооба, талдашыбыз керек. Азыр адаштырып, чаташтыргандар көбөйдү.

– Негизи кайсы гана динди албайлы, билимсиз адам терең түшүнбөй байланса, билимдүүсү ошолорду пайдалануу үчүн ашыгат. А жалпысынан алганда, биз Кудайга сыйынчу көпүрөнү өзүбүздүн ички тааным аркылуу тандайлы...

– Салтыбыз менен мусулманчылыгыбыз айкалышып турса болду, – Чапыраш колуна кийинки куюмду алды.

– Кайсы дин болбосун, сыйынганыбыз бир Кудай! Буддизм, христиан, ислам... айтор, кандай ишенимге багыт албайлы, башыбызга оор күн келгенде жандилибиз менен Жаратканга жалбарабыз. Ал жүрөктө уялаган сырдуу күч... Балким асмандабы? Буга чейин да кыргындар токтободу, мындан ары да диндердин ички-сырткы чатагы, талаш-тартышы улана бермекчи. Ушунун айынан канча деген бейкүнөө адамдар кырылды, дүйнөнүн тең жартысында кылымдардан бери согуштар басылбады. Акыры акыл калчайлы да. Ар бир пенде баласы каалаган динин тутуна берсин, мажбурлоо кажетсиз. Баарыбыздын Кудайыбыз бир...

– Сиз көптү көргөн адамсыз, макул, сөзүңүздө калет жок. Эмесе дагы бирден тартып жиберели? – Чапыраш стаканды көмкөрө көтөрүп, култ эткизе жутуп койду. – Айтмакчы, бул кайним күлүктөрдү багат. Аркар аке, менин эсимде, 2000-жылдардан кийин мугалимдикти таштап, Россия, Европа өлкөлөрүнөн асыл тукум жылкы, уйларды ташып келип, көп кыргыздар уктап жатканда бизнестин жаңы түрүн баштагансыз. Бодо малды аргындаштыруу ошондо жөнгө салынды окшойт. Андан соң Түркиядан алтын ташып, кыйла эле байыдыңыз ээ? Кумар, бу аксакалдан өрнөк алыш керек. Сыртынан билинбей басып жүргөнү менен ичи толо кенч! Баарына көзү жетип турат...

– Мактаганды кыртышым сүйбөйт, билесиң, – Аркар ысык чай ууртап атып көңүлсүз унчукту.

– Баары эле чындыкты көзгө сая айталбайт. Алиги Кадырбек менен Илгиздин бетине жаба түкүргөндөй эле жаза баскандарын жар салып, канча жаман көрүндүм? Ой, алар оңолбойт! Акмактар! – Чапыраш кызый-кызый күүсүнө келип калган.

– Мен жылайын, рахмат сага! Чер жазып, тынч болгула, – деп Аркар бата кылып, ордунан тура жөнөдү.

– Аман жүрүңүз... – деди Чапыраш үргүлөй жылмайып.

Нөшөрдөн кийин жаздын салкын жели баш сергитип, көңүл көйүн тазалап салгандай эле таасир калтырды. Мындайда жүрөк түпкүрүндөгү жылуу сезими кытыгылап, бейтааныш жанга болгон арзуусу күндөн-күнгө алоолонуп, ич дүйнөсүндөгү уйгу-туйгунун машакаты оргуп барат. Аны арбын эстеп, бактылуу ирмемдерге балкый берүү да керемет белем? Таң эрте жана кечкурун жол карамайы көндүм көрүнүшкө айланды. Өткөн аптада Аркар жаркын жүздүү айымга сөз баштоого, таанышууга жандалбастай аракет кылып, бирок тили күрмөөгө келбей, сыпайы мүнөздө сыр билгизбей жанынан баш ийкеп өтүп кеткен. Кээ күндөрү көрбөй калса беймазага батып, кадимкидей муун-жүүнү бошоп, өзүнүн шалбырай түшкөнүн да баамдап калат.

*   *   *

Бүгүн да Кудайдын куттуу таңы атты. Негедир Аркар сергек ойгонду. Демейкисиндей муздак душка түшүп, сергип алды жадырай. Түксүйө өскөн сакал-мурутун кылдат кырып, бетин чайыган соң аз-маз укалап да койду. Жарым сааттык эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап, лимон кошулган жылуу суу ичип, анан сейилдөөгө жөнөдү. Маанайы ачык, билинер-билинбес толкунданууга алдырып, токойду көздөй баратты. Салкын аба аймалап, карылыкты жерип салгандай эле жүрөктөгү жаштык күүсүнүн дем бергени эрдемситип, эргүү коштогону өзгөчө көңүл оболотот.

Жумшак желден токой жандуу туюлуп, бак-дарактардын жай ыргагы калыбынан жазбай, шуудураганы менен коюнуна тартып, жалгыздыкты унуткаргандай эле жолдошчулугу бар. Күн жаркырап, теребел чайыттай ачык. Аркар адаттагысындай токойду бир айланып келип, көнүмүш орунтугуна көчүк басты. Шаар четиндеги бул ажайып көрүнүшкө, табигаттын мындай кооз, баалуу белегине суктануу да рахат эмеспи. Айланадагы ичке бутактар сыдырым желге термелип, кооз кыймылынан жазбайт. Тааныш тыйын чычкан өнөктөшү менен кубалаша ойноп, күнгө чагылган жондору көз тайгылтып, биринен сала экинчиси даракка ызгый чыгышып, дароо көздөн кайым болушту.

Чындыгында Аркар бүгүнкү жолугушууну жашоосундагы кескин өзгөрүү катары күтүп, өзүн оор сыноого даярдап келгендей үмүттүү. Айымдын аба жиреген басыгы алыстан көрүндү. Келатат. Мындайда тартынып, мукурап отуруп калуу жарабас.

– Саламатсызбы! – деди шамдагай калыбында басып баратып.

– Саламат! Сага мүмкүнбү?

Ал суроолуу тигиле кайрыла берди.

– Атың ким эле? Мен тааныбай, жылуу учурайсың...

– Эрке, мектеп директору Айнагүлдүн кызы болом.

– Завуч, директор... Биз убагында чогуу иштешкенбиз да, – Аркардын жүзү жаркый түштү.

– Сиз мага сабак бергенсиз да. Балаңыз Акан менден эки класс кийин окуган.

– Аа, баракелде! Биз жакын эле адамдар экенбиз. Апаң кандай жүрөт?

- Апам пенсияга чыккан, иним менен Көлдө турат.

– Турмуш курдуңбу?

– Ооба. Бирок тез эле ажырашып кеткем.

– Эч нерсе эмес. Убакытың учат экен да.

– Сиз көп деле өзгөрбөпсүз, агай, биринчи көргөндө эле тааныдым, – деди Эрке күлө жайнай кабак жайып.

– Кубанычтамын! Кайсы жакта иштеп атасың?

– Врачмын, жеке клиникада.

– Абдан жакшы! Мен жолуңдан кармап койдум го. Номериңди жазып алайын, экөөбүз шашпай сүйлөшөлү, балким чай ичербиз... – деди Аркар чечкиндүү мүнөздө.

Эркенин жүзү жаркып, буттары тыбырчылап, “сөзсүз” дегендей баш ийкеди. Экөө телефон номерлерин алмашып, сылык, жылуу маанайда кош айтыша баса беришти. Кичине кадам салган соң, Аркар артына кылчая карады. Эргүү тартуулаган айым арыштарын ылдам таштап баратат...

Ал арада Эрке секелек курагын көз алдына тартып, агездеги агайы  - Аркардын зыңгыраган, мырза кезин элестетти. Көп мугалимдин ичинен сымбаттуу, узун бойлуу, өзүн тыкан алып жүргөнү менен өзгөчө эле. Агайы өткөн география сабагы - жер шарын бир айланып, Антарктидан баштап Жунгли токойлоруна чейин кирип кетчү. Дүйнөлүк картадагы өлкөлөрдү, борбор шаарларын билүүгө баары кызыгышарын айт! Оболу, аалам кезүү, билим алуу, саякаттоо машакатына да шыктандырып, окуучуларды алыстарга канат күүлөтө талпындырганын да эстеди. Өнүккөн мамлекеттерге балдарды таасирленткени текке кетпептир. Алардын ичинен Эркенин да шыгын ойготуп, Түркиядан билим алып, тажрыйба топтоп, иштеп келгени болду. А эң жагымдуусу – жадында аруу, балалык сезимдери купуя сыр катары кала бергени...

Дал ушул мүнөттөрдөн тарта Аркардын маанайы жалын бүркүп, шаңга толуп, абада каалгып эле учуп бараткандай болду. Күн нурлары көз уялтып, асман ачык, булуттар алыскы аска чокуларына бөгүп, табигаттын мындай тартуусу менен көңүл кушу бири-бирине эриш-аркак шайкеш келе бергенин карачы! Жаш баладай кудуңдап, кубанычы коюнуна батпай, көкүрөктөгү дат баскандай кусалыгы кантип жуулуп кеткенин сезбей да калды. Жаңы жашоонун коңгуроосу ушундайча кагылды...

Ошентип, эки күн өттү. Аркардын ой-кыялынын баары Эркенин дүйнөсүнө жуурулушуп, басса-турса да элеси эстен кетпеди. Өзү да өзгөрүп, кыймылы ыкчам, абышкалык сынын сыйрып таштап, кантип мырзага айланганына аң-таң. Акыл менен туюп, сөз аркылуу жеткизе алгыс сыйкырдуу күчтүн кучагында ушунчалык бакубатка бөлөнөрүн мурда билсе кана? “Кечинде жолугайын, чогуу тамактаналы...” – деп ичинен шыбыранып, байланышууга ашыкты.

– Саламатсыңбы, Эрке! Жакшы турасыңбы? – Аркар демдүү учурашты.

– Саламатсызбы! Кандайсыз, агай?

– Шүгүр. Жайынча эле. Кечинде убактың барбы?

– Бүгүн жумуштан тогузда чыгат элем. Кеч эмеспи? – деген Эркенин үнү өзгөчө дирилдей угулду.

– Эч нерсе эмес. Анда тогуз жарымда суу жээгиндеги “Азия” ресторанынан жолугалы. Жарайбы?

– Макул.

– Көрүшкөнчө...

Сөз бүттү. Сүйүнгөнүнөн Аркардын денеси майда чыбырчыктап, чымырап барып жазылып кетти. Күндө басчу токойдогу аллеяда келатып, түркүн ойлордун агымына жетеленип, жүрөгү болкулдап, алып-уча жаркып баратты. Сезимдер ойгонсо, бул тирүүлүктүн түйшүгүнөн арылтып, жада калса деңиз толкунундай кайдадыр алыска айдап барып салса, дараметиңди ошондо өлчөп көр. Ооба, уйгу-туйгулук ар дүрмөттө урула бермекчи, бирок жашоо расмиси бир нукка түшөрү калетсиз. А ээсиз кетсечи? Бул да туңгуюк. Бирок Аркар аз санааркап, көп толгонду. Жолдо баратып кимдерди гана эстебеди? Кемпири Жумагүл... Ооба, өлүмү бакубат жашоосун жалмап кетти, арман болуп узады. Көөдөй кара, жымжырт баскан көрдү элестеткенде туталанып, титиреп кетет...

Анан калса, жаш чагындагы куш сүйүүлөрү купуя сыр катары калганычы. Мээрманды, Саяны эстеди, дагы далай коюн-колтук алышкандарды атай берсе жарашат, бирок...

Жалган өмүрдө баары эскирет экен, бүгүнкү жан жолдошуңдун рахаты бара-бара сууса, күн кылкылдап батып бараткандай тамамдалат. Жалгыз каласың, балким бул учуруң аябай кейиштүү – эч кимге керек эмес абалыңда арман коштойт.

Артка кылчайып көрсө, Аркарга өзгөчө махабатын арнаган Жумагүл гана болуптур. Ошон үчүн экөө бири-бирине бекем байланып, оор кезеңдерден акыл калчап чыгышты. Турмуштун сыноолоруна, күтүүсүз кырсыктарга да туруштук беришти. Аттиң ай, өмүрүнө кеч кирбесе, бүгүнкүдөй эзилүү күүсүнө чертилет беле?

Аркар ресторандын кабинкасына алдыртан буйрутма берип, орун алып койду, болжогон убакыттан эрте жетти. “Азиянын” кире беришинен төрүнө чейин жаркырап, көз жоосун алат. Улам ичкерилеген сайын заңгыраган залдын кооздугу өзүнө тартып, көңүл оболото бермеги бар. Түз эле барга көзү урунду, а жерде Кадырбек каргадай кейиптенип, бийик отургучка конуп алыптыр. Аркарды көрө сала жылмая үн катты.

– Салам алейкум, байке! Сиз кайдан?

– Алеки салам! Ушундай эле, жолугушуу...

– Келиңиз, мени менен элүү граммга кандайсыз? – Кадырбек чыртая суранып калды.

– Рахмат! Өзүң алып ий, кичине сүйлөшө турайын, – деп Аркар жанаша отура кетти.

– Карындашым, азыркыдан дагы бирди куйчу?

– Макул, байке, – моймолжуган кыз шымалана киришти.

– “Сто грамм – для храбрость...” – дечү беле? Ой байке, сиздин ичпегениңиз гана болбосо, жакшы эле адамсыз.

Ортолорун жылмаюу байырлады. Мелт-калт куюлган стакан астыга келди. Төбөдөгү люстра менен маңдайдагы күзгүгө чагылыша берип, Кадырбектин колуна жетти.

– Ден соолукта жүрөлү, ой-тилектерибиз орундалсын! – деп тартып ийди.

Ал көзүн чылк жуумп, өзөгү ысый түшкөн абалда магдырай карады:

– Өмүр бою университетте иштедим. Баардык тепкичтерди басып, эки ирет ректорлукка дайындалып, жакшы эле эмгек өтөдүк. Азыр күн алыс лекциямды окуп коюп, убактым кенен. Жакында депутаттык шайлоого чыксам, кандай дейсиз? – Кадырбек олуттуу карады.

– Сен саясатка барсаң жарашмак, билимиң, тажрыйбаң мол, бирок чыладагы качырларга кошуласың да, анан шакмарың чыгат! Аргымак боюнча эле калганың оң го?

– Койсоңузчу?

– Ооба, азыр саясый талаага уурулар, саткындар, алдамчылар, деги койчу, Кудайдан жөө качкандардын баары толуп алышкан. Ошон үчүн мамлекетибиз карызга батып, өнүкпөй атабыз! – деди мырза абышка.

– Ырас, кымбатчылык кендирди кесип салды. Орто бай эсептелген биз кыйнала баштадык. Карапайым адамдар кайсы күндү көрүп жатышты экен? – деп Кадырбек оор үшкүрүндү.

– Заманыбыз ушундай, саясатта бети жоктор көп, аларга салыштырмалуу сен адамсың да.

– Таамай айттыңыз, сөздүн алды болду, – деди Кадырбек коомайлана.

Ушул ирмемде Эрке ресторанга кирип келатты. Аркар бардан жеңил секирип түшүп:

– Макул, менин күткөнүм келип калды, – деп шашылыш жөнөдү.

– Жаш келинчек алганы калганбы? Карынын катыны – баарынын катыны... – Кадырбек артынан кекээрлүү күбүрөндү.

Аземдүү, жасалгалуу зал ичине жаркырай көрк кошула, ансайын жарык чачылгандай айлана нурдана берип, сулуу айымдын толукшуган жамалы жүрөк дүкүлдөтө кубаныч тартуулады. Экөө элжирей учурашып, ичкериге кадам салышты, орун алышты жайбаракат.

– Кел, отуралы, – деди Аркар сыпайы.

– Күтүп калдыңыз го?

– Эч нерсе эмес. Таңга чейин деле күтмөкмүн, акылманым!

– Кандай комплимент?! – Эрке наздуу күлүмсүрөдү.

Аңгыча официант келип, ортого буйрутмалар берилди. Салаттар, бууга бышкан балык...

– Кымызга кандайсың? – деди мырза абышка.

– Сизчи?

– Албаса болбостур, – деп официантты карады.

- Жарайт! – деди ал.

Жаңы гана тамактана баштаганда, негедир Эрке кокусунан суроо узатты:

- Мени сүйүп калган жоксузбу?

– Ачык айтканың сонун экен.

– Ананчы, ии? – деди айым жалооруй карап.

– Кызык. Бирок чыныгы махабатка эмне жетсин?

– Буйтап кеттиңиз э?

– Ой-кыялымдын баары сага байланды, – деди Аркар санаага баткандай.

– Мен да сизди көргөн сайын толкунданам, эң жакын адамдай сезилесиз.

– Менин ойлогонумду кантип окуп алдың? Мына азыр...

– Биздин сезимдер окшош чыкса, бул – сүйүү!

– Акылдуум... – деди Аркар кабак жарып.

Эрке ууртунан бүлк эте жумшак жылмайып, жадырай карап койду.

Бул кече көңүл жубатарлык ары жагымдуу маанай тартуулап, көмөкөйдөн чын дилдеги каалоолор айтылып, көөдөн кылдары чертилгендей сыр алышты. Ар адамдын ички дүйнөсүн аңдоо кыйын эмеспи, бирок Эрке көңүл кушун учуруп, чыны менен ачылып, эркелеп, өзүн эркин сезип отурду.

Чер жазууда ойлордун ой-кыры чечмеленип, жасалмасыз баарлашууга балкышканы суктанарлык эле. Көп сөздөр, тамашалар айтылып, жылдыздары төп келишип, бири-бирине жакындашканы – келечектин даңгыр жолу белем?! Нак кымызга Эркенин жүзү албырып, наздуу карашы көңүл толкутуп, чырайынын сыйкыры чырмай берди. Мынчалык татынанын баркына Аркар гана жете алары шексиз, кала берсе, кадиксиз баам, аздек ой эмеспи. Кыйла отурушту, кетүүгө убакыт келди бейм, акыры салкын абага чыгууга, сейилдеп басууга ашыгышты кош жүрөктөр. Колтукташып сыртка чыгышып, жаңы гана жаап кеткен жамгырдын илебине магдырай кадам салышып, нымдуу абаны жирей эргүү алышып, таттуу түндүн кучагында кыналыша баратышты. Алар караңгыда сүрдүү көрүнгөн токоюна, кулачы кең, эрте жаздагы арбайган-тарбайган өздөрүнүн дүпүйгөн бактарына бет алышып, коюу түнгө жай гана сүңгүй беришти...

Эртеси күнү Аркар менен Эрке кечки тамактануу үчүн кайрадан кезигишип, бу саам тоо койнундагы дачага бет алышты. Күнгө ишемби болгондуктан, шашпай чер жазуунун машакатынан өткөн рахат барбы? Эс алуу жайына жарым саатчалык убакытта жетет. Ак “джип” шаардан чыгып, мелтиреген асфальтты зыпылдай кууп, күүгүм талаш капчыгайды аралай жылан сойломундай ийрелеңдеген жол менен жогорулай өрдөдү. Төмөн карай аккан дарыя албууттана таштан-ташка урунуп, күр-шар доошун салып, ээ-жаа бербеген агымына ак көбүктөрү эркелей жармаша кооздугун көрсөтүп барат. Кечкисин табигат да көшүгөнсүп, тунжурай түшкөн белгиси бар.

Бул арада Аркар багытын бачымдатып, өйдө карай автоунаалар сээлдей алдынан чыкса, улам бирин басып өтүп, арылдата ылдамдыкты күчөткөнүн көр. Караңгы кирген сайын заңкайган аска-тоолор сүр берип, улам капталдай жарыша берген дөңсөөлөр артта калып, ак “джип” зуулдаган тейде дачанын короосуна катуу келип токтоду.

– Эмне мынча шаштыңыз? – деди Эрке жеңил үшкүрүп.

– Өрдү көздөй катуу айдаган жагат. Адам бийиктикке кыйынчылык жол менен чыгышы керек. А биз оңой жетпедикпи... – деп Аркар сөзүнүн аягына чыкпай машинадан түштү.

Багажды ачып, баштыктарды алгычакты Эрке бирин кармап, экөө ээрчише басышты. Сырттагы веранданын жарыгын жандырып, ичкериге киришти. Дачага көптөн бери киши келбегенге каңгырап муздак тартып калыптыр. Жылыткыч деле ордунда экен. Бирок алоолой тутанган ортодогу махабат оту мырза абышка менен айымды чыйрыктырбас эле. Жаңы гана күйгөн бөлмөнүн жарыгы кайра өчтү...

Мындайда сүйүү кумарын аздектөө эп эмеспи, бири-бирине чек коюу жарабастыр...

*   *   *

Эркенин назик, бирок кайраттуу, жалындуу рухунан кийин Аркар чыны менен мырзалык мүнөз күткөндөй өзгөрүлүп, чыйралып, жашоого карата жаңыча көз карашта ой чаргытууга белсенди. Өмүрдүн бал татымын татууга кеч кирбептир. Түн уйкудан ойгонуп кетеби, таң эрте болобу, Эрке гана акыл-сезимин ээлеп алды. Ушул күндөрдүн өзү бакытка маарыткандай...

Күн уясына жакындаганы мырза абышка неберелерин бала бакчадан алып, токой аралай маанайы көтөрүңкү келди. Кеч бешимде адаттагы үй-бүлөлүк кечки тамактанууга отурушту. Акан да жаңы жумуштан келип, сүйүнүчтүү кабары менен бөлүшүп отурганы...

– Ата, бүгүн жетекчилик мени бөлүм башчылыкка дайындады. Күткөн эмесмин, башкалар да таңгалышты, сүйүнүп турам!

– Баракелде! Куттуктайм, уулум, бул ийгиликтин башы гана болсун! Келе колду?! – Аркар уулунун бетинен өөп, далысынан таптады.

– Ой, кандай сонун?! – деп келини да шаттуу.

– Жакшы жаңылык, жаңы иш үчүн ушундан алып коёлу! – Акан шампан аттырды.

Үй ичи майрамга бөлөнүп, кичинекей чүрпөлөр атылган шампандын капкагын талаша-тартыша кетишип, анан улуусу жыттай калып, ачууркана ыргытып жиберди. Мындай окуя саамалык болуп атса... Ортого булоолонгон тайдын май-кыртыштуу кабыргалары, бешбармак тартылды. Бокалдагы чыбырчыктана куюлган алтын түстүү суусундукту Аркар колуна алып:

– Акан, ден соолугуң бекем, түбөлүгүң түз болсун! Кудай кут кылсын, карааным! – деп тилек айтты.

Уулу, келини жаркый турушуп, кычкыл суусундуктан даам татышты. Таалайлары таң ашчудай кызуу сүртүмгө, кубанычтуу көңүл байырлаган таттуу ирмемге жетеленишти. Ошентип, чакан үй-бүлө тамакка отурушканы, бойтоңдогон неберелер да этке жаңыдан табиттери тарта баштаганы кубантарлык эле. Аңгыча Акан чыбырчыктуу бокалдарды жаңыртты да:

– Ата, мени кечирип коюңуз, шампан ичип коёлу. Сизге чоң рахмат! Мага бул кызмат күтүүсүз болду, кубанычымды сиз менен бөлүшүүгө шаштым, анан албетте, Алияга мактанам... – деп келинчегине карады.

Мөмөлүү бактын шагы ийиле бергендей кооздукту байкады Аркар. Анан сүйүнүчтү коштой сөз алды.

– Мен сыр кылып жүрдүм эле, бирок бүгүн айтайын, – деп оор дем тарта толкунданып, – убакыт келди, үйлөнөйүн, аты – Эрке...

Акан менен Алия бири-бирин таңгала карап калышты. Саамга жымжырттык өкүм сүрүп, анан уулу:

– Эмнеге болбосун, ата? Мен колдойм! – деп барк этти.

– Кандайча? Сен эмне, келесоосуңбу?! Энеңди бирөөгө кантип алмаштырасың? – деди келини акшырая карап.

Акан ордунан тура бергенде Аркар колдон алганга жетишти, бекем кармады. Тынчсыздана суранды:  

– Койгула... – деди мүңкүрөй.

– Кайталачы, эй катын?! – деди аңгыча уулу.

- Каршымын! Башка аялдын бизге кереги жок! – деп Алия сөзүн улагыча Акан колундагы майлык менен чаап жиберди.

Оңдой-берди болуп, жеңил тийип өттү. Балдар чуркурап ыйлашып, абышка күйпөлөктөй ортого түшүп, бир заматта ызы-чуу башталып барып басаңдады.

– Анда ажырашабыз! – деди келини.

– Токтоткула! – деп Аркар кыйкырды.

Баары селт этишти. Үйдөн мындай катуу үн чыккан эмес. Абышка колун силкип салып, сыртка жөнөдү. Үстүнө жугунду куюп жибергендей ушундай аянычтуу абалын элестетип көрбөптүр. Өзүн эбелектей алсыз сезип, үңкүйө баскан калыбында кайгыга чөгө көчөгө чыкты...

Аркар түн бир оокумга дейре токойдо сенделе басып жүрүп, чарчаганда эски отургучуна байыр алып, капаланды, карайды чыны менен. Акыры үйүнө кайтып, бирок кайра кетүүнү мерчемдеди. Ооба, безип кеткиси келип турду кайдадыр. Уул-келини, неберелери уктап жатышыптыр.

Эртеси өз үйүндө чоочун кишидей коңултактап, кысылып, батпай калганын баамдады. Келини бир күндө өзгөрүп, өңү серт тартып, көзгө заардуу көрүндү. Айла канча? Аркар ызага уугуп, жаткан бөлмөсүнөн да жай албай, кыжалаттык жанды кашайтып, абалы кейиштүү эле. Акан таң атпай жумушуна кетиптир, а келини менен сүйлөшкөн жок. Эмне демек? Кечээги сөзүнөн кийин жаакка “шак” эткизе жегендей шалпайып, заманасы куурулуп калган кезеңи. Өмүрү мындай ыңгайсыздыкка кабылып көрбөптүр, өзүн ичтен жеп жатты. Уулу келчү маалда Аркар токойго жөнөдү, капалуу, кемсинген кейпин көрсөткүсү келбеди. Бел болор деле адамы жок экен. Улуу кызына чалып, тынчын алгысы келбеди. Уялды, тартынды чынында. Ишенген досу да жок. Кадырбекке же Илгизге абалын айтса, алар күйүмүш болуп, анан арттан шорулдатып суу куяры калетсиз эмеспи. “Жанкурбуга чалып, кете турганымды айтышым керек”, – деп белсенди.

– Эрке, жакшыбы? – деди сыр алдырбай.

– Сонун! Сиз кандайсыз? Үнүңүз башкача, ооруп калган жоксузбу?

– Жо-ок, шүгүр. Мен Алматыга кетип атам. Ушундай...

– Эмнеге? Азырбы?

– Түнү кетем, күтүүсүз. Сен узатасыңбы? – деп Аркар эреркей түштү.

– Барам. Канчада жөнөйсүз?

– Даярданып алып, саат онго чейин чыгып кетем.

– Мени күтүп туруңуз, кайда барайын? – Эрке ынтызарлана ашыкты.

– Үйгө, – деди шылкы бош.

– Сүйлөштүк...

Аркар эки чоң сумкага кийимдерин, керектүү буюм-тайымдарын салып, куду эле кемпири экөө чет өлкөгө уччудай эски кайрыктар элестеп, түн ката кетүүнү чечти. Бул шаарда дачасын эске албаганда башка үйү жок, бирок Алматыда баш калкалачу жайы бар. Медеого бараткан чоң жолдон кемпири Жумагүл өзү тандап, жаңы салынган көп кабаттуу имараттан үч бөлмөлүү батир алууга демилге кылганы, алып коюшканы эп болуптур.

Беш жыл катары менен барып турушту, жылыга эки-үч ирет эс алганы жөнөшчү, анан жаза тайып кемпири каза болгону ал жакты да унуткан. Уулу каттап жүрдү. Жылдар алмашты. Аркар азыр ачкычтарды кармалап, өткөн чагын элестетип, жаны кейип, азапка батып отурду. Ак жоолуктун ичиндеги алтын билерикти колуна алып, кемпиринин акыркы осуятын эстеп, ичи эңшериле берди, жыластыкы! “Муну кимге берериңди өзүң чеч...” – деп айтканы кулагына жаңырды. А балким, экинчи ирет жубай аларын Жумагүл деле сезгендир... Нес абалда отурду.

“Чыккан кыз чийден тышкары” деген лакап бекер айтылбаптыр. Чоң кызы Италияда окуп, ошол жактан турмушка чыгып, өздөрүнчө очор-бачар болуп, иштеп кала беришкен. Тагдыр экен, эки жээн небереси бар. Анын баарын көз алдынан сыдырды. Алтын билерикти өптү. Эркеге белек кылууга ниеттенип, сүйүнүп кетти, жаңы табылга тапкандай.

Абалтан алтын билерик энесинен кызына же келинине өтүп, ылайыгына жараша белек катары берилип келаткан жөрөлгө. Бу туурасында Аркар кичине чагында чоң апасынан угуп калчу, балалыкка салып, тарыхына анчейин деле маани бербептир. Жадында калганы – алтын билерик кылымдарды карытканын, бирде казакка, кайра кыргызга өтүп, кут даарыган аялзатына ыроолонуп келгенин гана аңдаган жайы бар. Бүгүн болсо Аркар салтты бузуп, алтын билерикти жаңы тапкан сүйүктүүсүнө берүүгө белсенип, чөнтөгүнө салып койду.

Сырттан коңгуроо кагылды. Акан эшикте жүрүптүр, ачты. Эрке экен. Экөө бака-шака түшө баарлашып, каткырык-күлкү менен бери басышты.

Аркар чыкты, артынан келини башбакты.

– Ата, Эрке сизге келген турбайбы? Мектепте эң жакшы окучу, азыр врач! – деди уулу күлө жайнап.

– Акан да жалаң “5ке” окуп, активист болчу. Мына, чо-оң адамга айланган турбайбы, – ал да тамашага чалды.

Ахвал сурашып, маектешип калышты, жай калыпта. Аркардын мээсине оо көп жыл мурунку уулу менен Эркенин мектепте чокушуп кеткени “тык” этти. Анан... Көп нерсе алаканга салгандай чубура берип, баласына жазган ашыктык каты көңүлгө жойлоду... Оор басырык мүнөздө сөз улады:

– Акан, мен Алматыга кетип атам. Шарт ушундай, кап этпе!

Уулу саамга апкаарый калып, таңгала суроо узатты:

– Сиз кечээ Эркени айттыңыз беле?

– Ооба, эми ал башка сөз. Бүгүн тынч узайлы, – деп Аркар тартына сүйлөдү.

Келини өңү кубарып, тилден калгансыды.

– Эмнеге, шашылышпы? – деди Акан таңыркай.

– Алматыда иштерим бар.

– Үйгө кирип, сүйлөшөлү...

– Жок, жүк даяр. Биз кеттик! – деди Аркар шар мүнөздө.

– Эмнеге? Сиз мага таарындыңызбы, ата?

Бул арада Акандын көздөрү жашылданып, алибеттүү зор денеси, узун бою калчылдап барып токтоду.

– Уулум, менден кабатыр болбо. Сен үй-бүлөң менен ынтымактуу жаша. А биз убактылуу иш менен барып келебиз, анан калганын көрөбүз.

– Макул, ата! Бирок жүрөктү ооруттуңуз... – деди Акан.

Ушул учурда уулунун наристе кезиндеги бойтойгон элеси тартыла берип жоголду. Аркар көп нерсени эстемек, бирок антип турушка чама-шарт чектелүү, өзүн колго алды.

– Балам, мага бул дүйнөдө эжең экөөңдөн жакын адам жок. Ден соолукта жүргүлө, ийгилик каалайм! – деди.

Эрке башын ийкеди. Келини ушул арада терс бурулуп басып кетти.

– Садага болоюн, үйдү жакшы кара! – Аркар көңүлү суз үн катты, – Акан, биз жолго чыгалы, байланышабыз! – деди сылык маанайда.

Уулу багажга сумкаларды салып, шарк эткизе жаап, машинанын алдына келди. Ата-бала кучакташып, саамга көкүрөк кысышты. Коштошту. Убакытты кармап болобу? Аркар ак “джипке” жеңил отуруп, жанаша Эркени кондуруп, короодон акырын жыла берди. Бишкектин тар, машинага шыкалган көчөлөрүнөн утурлай чыгууга кам уруп, улам ылдамдыкты катуулата газды тепти...

Ошентип, Аркар менен Эрке жолго чыкты, бирок Алматыга эмес, Бишкектин эле жогорку түштүк тарабындагы дачасына бет алышты.

– Карыганда үйгө батпай, Алматыга баш калкалап кеткеним жарабас! – деди мырза абышка жолдон көзүн албай.

– Уруштуңузбу?

– Түшүнбөстүк...

– Үйдөн кеттиңизби? – деди Эрке таңдана.

– Ооба. Азырынча дачада тура турсак, анан Алматыдагы үйдү казак жээним сатып берет. Өлбөгөн жандын оокаты өтө бермекчи.

– Жумуштан суранып алганымчы... Анда дачада эле болобузбу?

- Бир айдан кийин ал жерден кеткиң келбей калат. Жаз келди. Биз жаңы жашоо баштадык... – Аркар жылмая берди.

Жаншериги күлүмсүрөй карагычакты кулагындагы сөйкөсү ыргалып, маңдай талаш келаткан машинанын жарыгына чагылыша түштү. Ушунда гана ал чөнтөгүндөгү билерикти эстеп, жол жээгине токтоду.

- Оң колуңду берчи? – деди.

Эрке таңыркай алаканын сунду. Аркар жылуу билегин өзүнө тартып, билерикти лып эткизе тагып, жүзүнөн сүйдү.

– Сага белек болсун!

- Оор го? Бул эмне, алтынбы?

- Ооба, алтын билерик...

Ал мындай күтүүсүз жаңылыкты күткөн эмес. Сол колу менен аста сылап, көздөрү чачырай саамга унчукпай отурду да:

– Чын эле магабы? – деди жетине албай.

– Эми сеники болду...

Сүйүнүчтөн Эркенин карегинен мөлтүр жашы кулады. Мырза абышканын кучагына эркелей ыктай берип, алаканы менен түктүү жаагын сылады да, кебездей жумшак эриндери бетинен сүйдү. Колдору бырыш аралаган моюнуна артылып, жагымдуу назы аза бойду аңтар-теңтер кылып баратты...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз