Айдай Бекбоева: Өнөрлүү он манжа

  • 28.04.2026
  • 0

(Үй-бүлөлүк аңгеме)

Бүгүн жалгыз өзүм жолго чыктым… Мектеп бир топ алыс… Бирок мен жалгыз эмесмин, башымда ак калпагым бар. Ал шеригим мени коргоп жүргөндөй...

Кечээ достор менен жашынмак ойнодук. Мен санакты жакшы билем.

— Бир, эки, үч, төрт... калганын өзүңөр улагыла, санакты силер деле билерсиңер...

— Сен кичинесиң! — дешти алар.

— Жок, мен санаганды билем! — дедим өжөрлөнүп.

Ошол маалда Балбак деген чоңурак бала мага суроо узатты:

— Анда манжаларыңдын атын айтчы.

Мен дароо жооп берейин дегем, бирок...

— Аа, манжалардын да аты болобу?.. — дедим өзүмө шыбырай.

Үйгө шаштым. Агам босогодо отурган экен.

— Айтыңызчы, манжалардын аты болобу?..

— Ооба, билбейсиңби? – деди.

— Билбейт экенмин...

— Кел колуңду, – колумду алаканына алды. Бир жолу айтам, кайра кайталабайм, уктуңбу, — деди. – Мынабул — баш бармак, бул — сөөмөй, мунусу — ортон, андан кийин — аты жок, акыркысы — чыпалак.

Мен кайра-кайра ичимден унутуп калбайын деп кайталап, жаттап алдым. Кубандым.

Эртеси мектепке жетип эле Балбакка бардым:

— Мен билем! Баардык манжанын атын билем! — деп санап бердим.

Ал кашын көтөрүп:

— Жок, сеники жаңылыш.

— Кантип?!

— Ушинтип эле. Анда айтчы, эмнеге манжаларыңдын баары бирдей эмес?

Колума карадым. Чындап эле… бири узун, бири кыска…

Кечинде ата-энемди күтүп жаттым. Алар келгенче ширенкенин чийинен үй куруп ойнодум. Дасторконго отурар менен:

— Ата, эмнеге манжаларыбыз окшош эмес? — дедим.

Атам башыман сылап:

— Сен тоолорду көрдүң беле?

— Ооба.

— Баары бирдейби?

Мен башымды чайкадым.

— Манжалар да ошол тоолор сыяктуу. Ар бири өзүнчө, бири-бирине окшобойт...

Апам да сөз кыстарды:

— Манжалар көп жумуш жасайт. Бак отургузат, калем кармайт, тамак жасайт. Береги, сеникиндей үй курат. Адамдын жаратмандыгы – колунда...

Мен манжаларымды карадым. Бири-бирине таянган кичинекей достордой көрүндү.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз