АҢГЕМЕ
– Апа, бүгүн мектепте бизге эркиндик жөнүндө тема беришти, – деди Аян, бут кийимин чечип-чечпей шашылып.
– Кандай түшүндүң? – апасы мээримдүү карады.
– Эркиндик... каалаганыңды кылуу эмес экен. Өзүң үчүн жооп бере билүү экен.
– Дал ошондой, – деди апасы. – Сен эмне кылгың келет?
Аян бир аз ойлонду да:
– Мен сүрөт тарткым келет. Бирок баары врач бол дешет…
– Баары дегениң кимдер?
– Мугалимдер, кошуналар…
– А өзүң ким болсом дейсиң?
– Менби... сүрөтчү болгум келет.
Апасы анын көзүнө түз карады.
– Анда аракет кыл. Биз сага ишенебиз.
Аян унчукпай баш ийкеди. Ал биринчи жолу “ишенебиз” деген сөздүн салмагын сезди.
Ошол эле убакта шаардын башка четинде.
– Кайда жүрдүң? – атасынын үнү эшик ачыла электе эле жаңырды.
– Сабактан келдим, ата…
– Саат канча болду?
– Бештен өттү…
– Бешке чейин үйдө болушуң керек эле!
– Мугалим кармап калды…
– Калп айтпа! – үстөлдү муштады атасы. – Телефонуңду бер!
Бекзат титиреген колу менен телефонун сунду.
– Мындан ары түз эле үйгө келесиң. Түшүндүңбү?
– Түшүндүм, ата…
– Эмне түшүндүң?
– Түз эле үйгө келем…
– Катуу айт!
– ТҮЗ ЭЛЕ ҮЙГӨ КЕЛЕМ!
Атасы унчукпай калды. Бекзат болсо ичинен: “Эртең деле калп айтам…” деп ойлоду.
Эртеси мектепте.
– Сен чын эле сүрөтчү болом дейсиңби? – деп сурады Бекзат, Аяндын дептериндеги эскиздерди карап.
– Ооба. Эмнеге болбосун?
– Атаң уруксат береби?
– Мен уруксат сурабайм, түшүндүрөм.
– Эгер каршы болсочу?
– Анда да сүйлөшөбүз.
Бекзат күлүп жиберди.
– Сүйлөшөбүз дейсиңби… Бизде сүйлөшүү деген жок.
– Анда кантип жашайсың?
– Жашабайм… жашагандай болом...
Аян анын көзүнө тигилди.
– Сен калп айтасыңбы?
– Күн сайын, – деди Бекзат жай гана. – Болбосо жашай албайм.
Кечки маал эле. Үйдө кулак-мурун кескендей жымжырттык.
– Бекзат, сабактарың кандай? – деди апасы акырын.
– Жакшы.
– Чынбы?
– Ооба…
– Бүгүн мектепке барбай калганыңды айтты го мугалимиң…
Бекзаттын жүрөгү туйлап кетти.
– Мен… баргам…
Эшик тарс ачылды.
– Дагы калп! – атасы кирип келди. – Мугалими өзү айтты!
– Ата, мен…
– ҮНҮҢДҮ ӨЧҮР!
Бекзат унчукпай калды. Ичинде башка үн сүйлөдү: “Чын айтуу – пайдасыз. Калп – куткаруучу.”
Ал эми Аяндын үйүндө.
– Бүгүн бир бала менен сүйлөштүм, – деди ал кечки тамакта.
– Эмне жөнүндө? – деп кызыкты апасы.
– Ал дайыма калп айтат экен.
– Эмне үчүн?
– Коркконунан.
Атасы сөзгө кошулду:
– Коркуу адамды экиге бөлөт. Сырттагы “мен” – башкалар үчүн, ичиндеги “мен” – өзү үчүн.
– Анан кайсынысы чыныгы?
– Эгер адам дайыма корксо, акыры өзү да билбей калат, – деди атасы.
Аянды түрдүүчө ойлор, суроолор каптады...
Жылдар өттү. Көргөзмө залы. Келген-кеткен эл көп.
– Бул сүрөттөр кимдики? – деди көрсөтмөнү кунт коюп тиктеген зайып.
– Аян деген жаш сүрөтчүнүкү, – деди уюштуруучу.
Аян алыстан угуп, жылмайды. Жанына бир адам жакындады.
– Сен мени тааныбайсыңбы?
Аян бурулуп карады.
– Бекзат?..
– Ооба, – ал жылмайгандай болду, бирок көздөрү чарчаңкы эле.
– Кандайсың?
– Жакшы… – бир аз тынып калды. – Жок, чын айтсам, анча эмес…
Аян унчукпай күттү.
– Мен юрист болдум. Атама жаккан кесип… Баары “жакшысың” дешет. Бирок мен… – ал токтоп калды. – Мен ким экенимди билбейм.
– Сен өзүңдөн качып жүрөсүң, – деди Аян жай гана.
– Бала кезден көнгөм, – деп күлдү Бекзат кычкыл даам таткансып. – Чындыкты айтсам, жаман көрүнчүмүн. Калп айтсам – жакшы.
– Азырчы?
– Азыр… калп айтып эле жашайм. Бирок эч кимге эмес, өзүмө...
Экөө үнсүз туруп калышты.
– Сен бактылуусуң, – деди Бекзат.
– Жок, – деди Аян. – Мен жөн гана коркпогонго үйрөнгөм.
– Мени да үйрөтө аласыңбы?
Аян жылмайды.
– Башында чындыкты өзүңө айтуудан башта.
Бекзат терең күрсүнө дем алды.
– Мен корком, – деди ал акырын.
– Бул – башталышы, – деди Аян.
Ошол күнү кечинде Бекзат атасына чалды.
– Ата…
– Эмне болду?
– Мен сиз айтканга көнбөй… өз алдымча жашагым келет.
Узак тыныгуу.
– Эмне болуп кетти анча?!
– Мен калп менен келише албайм мындан ары...
– Демек, мурда айтчу белең?
– Ооба.
Телефондун бир тарабы үн катпады кыйлага.
– Эмнеге? – деди атасы акыры.
– Анткени сизден коркчумун.
Дагы үн-сөз үзүлдү.
– Азырчы?
– Азыр… дагы эле корком. Бирок айтып жатам.
Телефон түтүгү оор дем менен толду.
– Кел эртең сүйлөшөбүз, – деди атасы акырын.
Бекзат биринчи жолу калп айтпай, коркконуна карабай жеңилдей түштү.
Эки үйдүн үнү ар башка эле.
Биринде:
– Сен ким болгуң келет?
Экинчисинде:
– Сен ким болушуң керек?
Бири – бала жооп издеп чоңойду. Экинчиси – жооптон качып.
Биринде чындыкка орун бар эле. Экинчисинде – чындык жашынууга аргасыз болчу. Бирок экөөндө тең үмүт бар болчу.
Анткени адам өзгөрө алат. Эгер бир күнү коркуунун ордуна өз үнүн тандаса.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR