КҮНДӨЛҮКТӨН
* * *
Жыйында олтурам, баары сүйлөп атат, тыңдаган эч ким жок. Бул абал ар шаршемби кайталанат...
* * *
Адам бактысыздыгын да, бактысын да өзү жаратат. Бул сөз өзүмдүкүбү же уурдап алдымбы – билбейм. Мээмде жүрүптүр.
* * *
Ыйлай билүү – үмүтпү деймин.
* * *
Адамдар кызык. Өз абийиринен качып кутула албастыгын билишсе деле, кээде жосунсуз жорук жасашат. Анан аны жашыруу үчүн себеп издешет.
* * *
Аз сүйлөйсүң, угуп эле олтура бересиңби дешет, эч нерсе билбегенимди сезгенде же мени уга турган эч ким жогун байкаганымда оозумдан сөз чыкпай калат. Бул үнсүздүк кээде көпкө созулат.
А бирок токтоно албай, өзүмдү унутуп, элирип сүйлөгөн учурларым деле көп...
Баса, 28-март, 2026-жылы, саат: 10:27де элирип кеттим. Бала кезде элиргенде, чуркап кетчүмүн. Анда мени токтотуу оор эле. Көптөн бери ал абалга тушуга элек элем. Даанышман телефон чалып калды. Өзүмдү токтото албай сүйлөп жатам, сүйлөп жатам, оо, бул жашоодо мен эле бардай...))) Телефонду өчүргөн соң, аябай уялдым. Көпкө ойлондум, өзүмдү-өзүм жемеледим. Бирок өкүнгөндө пайда жок, өттү, кетти. Бирок ошондон бери өзүмдөн-өзүм уялып жүрөм, даанышмандан уялып жүрөм.
* * *
Артымдан ээрчиген ушактарга көңүл бурбаймын. Укпаймын. Ушак уккан адам деле ушакчы го дейм...
* * *
Адамдар менен бат тил табышкан менен өтө жакын мамиле түзбөймүн. Чегим бар.
* * *
Ажаандардан корком. Качам.
* * *
Жүрөгүмдө чексиз сүйүү бар. Баарын сүйөм. Кудайды, адамды, табиятты, баарын, баарын.
* * *
Ички дүйнөсү чектелген жандар башкалардын ийгиликтерине кубана алышпайт, өз караңгылыгына сүңгүп кетишет. Алар эң оболу өзүн түшүнүшпөйт. Мунун аты көралбастык. Башканын кубанычына кубана албаган, өз кайгыларын көбөйткөн адамдардан качам.
* * *
Мени көбү түшүнүшпөйт. Ал тургай кээде эң жакындарым дагы. Бирок мен буга капа эмесмин. Кубанам. Себеби өз чындыгым бар. Адамдардын чыныгы жүзүн көргөн сайын өзүмдү жакшы тааный баштадым.
* * *
Кээде баарына кол шилтеп басып кеткиң келген учурлар болот, бул азаптуу жалгыздык экенин билемин. Өзүн тапкан жалгыздык – бакыт эмеспи... Өзүңдү тапканың – ордуңду тапканың, Кудайды тапканың.
* * *
Терең адамдарды сыйлаймын. Алар аз-саз сүйлөйт. Ар бир сөзүндө жан бар. Алар менен олтурганда жашоо маңызын аңдайсың.
* * *
Бирөөнү жек көрүү өз жан дүйнөбүздү өлтүрүү экенин аңдаганыбызда эч кимди жек көрбөй калмакпыз. Өз жан дүйнөңдү өлтүрүү: ыймансыздыкка, таш боордукка, текеберчиликке алып барат. Жан дүйнөсү өлгөн адамдарда жүрөк жок.
* * *
Сүйүүнү ар ким ар түрдүү ойлошот. Көбүнчө кыска ойлонобуз... Сүйүүнүн кайсы түрү болбосун адамды өстүрөт, кемчилдигин оңдотот, жашоосуна маңыз берет. Эгерде эки адамдын ортосундагы сүйүүгө токтолсок, мен да сүйгөнмүн. Өзүмдү жоготуп, унутуп, башым айланып... Сүйүү – төңкөрүш, жүрөктүн акылга каршы чабуулу.
* * *
Жашоодо эч нерсе кылбасаң деле, “бар болгонуң үчүн” сени жек көрүп, артыңдан сөз кылышат. Аларга убакыт коротпо.
* * *
Кыргыз коомунда тилекке каршы, туура тамашалаганды билбей чектен өтүп кеткен учурлар көп. Тамаша – бул келекелөө, шылдыңдоо, айыбын ачуу, басынтуу, күлкү эмес. Тамаша – чындыкты жумшак тил менен жеткирүү. Чектен ашкан тамаша – көңүл оорутат. Ар бир ата-эне балдарыбызга кичинесинен жеке чегин коргогонду үйрөтсөк, бала бой жеткенде сүйлөгөн сөзүнө, жүрүм-турумуна көңүл буруп, башкаларды сыйлап, уга билет.
* * *
Мен балдарымдан билбегендеримди үйрөнүп жатамын. Аларга карап өзүмдү түздөп, алардын ою менен эсептешкенге аракет кыламын. Алардын сезимдерин түшүнгөнгө, ойлорун укканга бар күчүмдү жумшаймын. Эне катары жаңылыштык кетирип албасам экен деп кабатырланам. Керек учурда эже, курбу, дос, сырдаш боломун. Мен дагы бала болгонумду,билбестиктен өтө көп катачылыктарды кетиргенимди айтамын. Кээде аша чаап кеткенимде балдарымды кучагыма кысып, алардан кечирим сураймын. Мен дагы ката кетирем, туура эмес түшүнүп калам. Кыскасы, азыр балдарымдан мен, менден балдарым сабак алып жатабыз.
* * *
Ооба, жалгыздыгымды толуктап турган, кээде үнсүз бук болгон, кээде оргуштаган жан дүйнөмдү түшүнгөн, колдогон жан шеригимдин болгону бакыт. Эч кимге окшобогон дүйнөмдү түшүнөт, кандай болсом ошондой кабыл алат. Унчукпай колдойт. Дем, шыкак берип турат. Бул менин бактым. Сенин жан дүйнөңдү эң жакындарың түшүнбөгөндө: жашооңо кирген жан жолдошуңдун унчукпай сени колдогону, сага боор тартканы – өмүрүңдү узартканы, ак адил сүйүүсүн арнаганы.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR
Комментарийлер (1)
Керемет! Асыл ойлор... Мен мындан өзүмдүн кээ бир учурумду көрө алдым... Кээ бирде тамактын тузу аз болуп калды окшойт деп атып, көбүрөөк туз кошуп алгандай абалымды көрдүм...