АҢГЕМЕ
Мени жинди ойлобо, Элиот, менден өткөн ишенчек келесоолор толтура. Машинеге түшкүсү келбеген Оливер чалды шылдыңдабайсың да. Агер мага ошол каргыш тийген метро жакпаса, буга толук акым бар. Кандай болбосун бул жакка таксиде тезирек келдик. Парк бекетинен өйдө дөңгө чыгып убара тартпадык.
Былтыр акыркы жолу кезиккендегиден да азыр сабырсыз көрүнүп турганымды билем. Бейтапканага айлантпачы бу жерди. Кудай билет, буга толтура себептер бар, а мен акыл-эстен айныбаганыма шүгүр дейм. Мунун үчүнчү даражадагы аракечтикке тиешеси кандай? Кылдан кыйкым издебечи анча.
Мейли, уккуң келсе ук, каршы эмесмин жөнү жок. Балким, Искусство клубун таштап, Пикменден оолак жүргөнүмдү билгенден бери тынчы жок атадай болуп; кайгылуу каттарыңды жибердиң. Демек, муну айтууга милдеттүүмүн. Ал жоголгондон бери анда-санда кайрадан бөтөлкө шыңгыта баштадым, бирок нерв, түшүнөсүң да, нервим чыдабады.
Жок, Пикменге эмне болду, билбейм, атүгүл божомолдогум да келбейт. Балким, Пикмен тууралуу айрым нерселерди билген соң, андан оолактаганымды түшүнгөнсүң, ошон үчүн ага эмне болгонун билгим келбейт.
Мейли, полиция чукусун, бирок олуттуу нерсе табышы кыйын, анткени анын Норт-Энддеги батири тууралуу да билишпейт алар. Ал жерди Питерс деген ысым менен ижарага алган. Өзүм да аны кайдан табышты билбейм… аны чак түштө да издегим жок. Ооба, билем. Тагыраагы, ал мындай тагдырга эмнеге туш болгонун билгеним үчүн корком. Азыр түшүндүрөм. Полицияга эмнеге кайрылбаганымды түшүнөрсүң дейм; окуяны айтсам, баарынан да алар мени ошол жакты көрсөт дешсе, мен ал үйгө барбайм, кайда экенин эстеген күндө да. Ал жерде ошондой болгон… Мен эми жертөлөнү колдоно албайм. Күлсөң күл мага, орого түшө албайм.
Сен ойлобо мени: Пикменди доктор Рейд, же Жо Минот, же Росуортчосунан акылсыз каалоо же белимчи кемпирден бетер таштады деп. Мен үрөй учурган искусствого таңгалбайм, а Пикмендей генийге жолукканда, анын чыгармалары көрүүчүлөрдү кайда алпарбасын, аны менен таанышканымды сыймык деп билем. Бостондо Ричард Антон Пикменден өткөн улуу сүрөтчү жаралган эмес. Муну мурда да айткам, азыр да айтам; ал «Канкорлордун тоюн» көрсөткөндө да бул пикиримден кайтпадым. Эсиңдедир, бул Минот аны бычактаганда болгон.
Билесиң, мындай нерсени Пикмендей чиймелөө үчүн табият маңызын терең түшүнгөн улуу чеберчилик керек. Журнал мукабасы үчүн чампалай салчулар гана холстко боёк чачыратып, аны коркунучтуу түш же шайтан-шабыр, атүгүл жаналгычтын портрети деп аташы мүмкүн; бирок улуу сүрөтчүнүн колунан гана чындап таңгалыштуу, адам ишенерлик нерсе жаралат. Кеп мында, чыныгы сүрөтчү гана коркунучтун анык жүзүн, ырай-пешенесин жаратат. Биздин уйкудагы инстинкттер менен эстутумубузда шыбыраган тукум куучулук белгилерди, пропорция, контраст, жарык-көлөкө түстөрдү дадил баамдайт. Фузелинин сүрөттөрү денеңди дүркүрөтүп, а китеп бетиндеги көрүнчүнүн сүрөттөрү неге күлкү жаратарын сага түшүндүрүп отурбайын. Мындай чеберлер эмне шумдук жаратпасын, бизди ошого ишендире алышат. Дореде ушундай. Симеде да бар. Чикаголук Ангаролада да бар. Бул жөндөмгө Пикменден мурда эч ким ээ болбогондой, кийин да эч кимде болбосун, Кудай.
Алар көргөн, туйганды менден сураба. Билесиң го, кадыресе искусствонун өзүндө эле Кудай жараткандай жандуу, демдүү нерсе менен кызыл кулактык үчүн “чеберканадагы” фокус-мокустардын ортосунда чоң айырма бар. Ток этери: чачыбызды үрпөйтөр эмгектер сүрөтчүгө бизди курчаган рухтардын дүйнө чындыгын ачып берер көрүнүштөрдөн жаралат. Чебер сүрөтчүлүк ошондо гана халтурщиктин чоркок фантазиясына окшобой; чыныгы сүрөтчүнүн эмгеги менен сырттан окуган үйрөнчүктүкүнөн айырмаланат. Эч болбосо Пикмен көргөндү бир көрүү мүмкүн болсо… Кудай сактасын! Кел, ичип ийеличи, улантуудан мурда. Тобо, агер ал адамды көрсөм, өлмөкмүн… эгер ал чын эле адам болсо.
Эсиңдеби? Пикмендин күчү бетте. Тозоктун кейпин же ырайын Гойячалык эч ким келиштире тартарына ишенбейм. Жок дегенде Гойяга чейин Нотр-Дам менен Мон Сен-Мишель үчүн горгулар, химерлер жараткан орто кылымдагы чеберлерди алалы. Алар бар нерсеге ишенишкен, демек, көптү көрүшкөн, анткени орто кылымдын өзүнө таандык кызык фазалары болгон. Эсимде, кетериңден бир жылдай мурун Пикмен өз идея-көрүнүштөрүн кайсы чагылган, кайсы асман күркүрөгүнөн көрөрүн сураганың. Ал сени келекелүү күлкү менен узатканы эсиңдеби? Рейд аны дал ошол күлкүсү үчүн таштап кеткен. Эсиңдедир, Рейд, салыштырма патология менен алектенип, «ички маңызга» жаңы эле кирип кетип, акыл-эс же физикалык симптомдордун биологиялык, эволюциялык түрдүү маанисине башоту менен сүңгүгөн. Пикмен ага күндөн күнгө жийиркеничтүү көрүнүп, атүгүл акыркы кезде коркунуч туудуруп, бул ага жакпастыгын айткан. Ошондо ал диета жөнүндө да айтып, Пикменди акылсыз, ашынган дөдөй болсо керек деген. Агер кат жазышып жүрсөң, кыязы, Рейдге өзүң деле Пикмендин сүрөттөрүн көрбөй, элес-кыялдарын тизгиндөөнү кыйыткансың. Ал кезде ага өзүм да эмне дегеним абдан эсимде.
Унутпа, Пикменди ошон үчүн эле таштабадым. Тескерисинче, ага суктануум улам өсө берди, анткени «Канкорлор тою» чынында шедевр. Эсиңдеби, клуб аны көргөзмөгө коюудан баш тартып, Көркөм өнөр музейи да белек катары кабыл алган эмес. Дагы айтам, бул сүрөттү эч ким сатып алгысы келбей, ошого Пикмен акыр аягына чейин үйүндө сактаган аны. Ал сүрөт азыр Салемдеги атасында, билесиң. Пикмендин тегинде эзелки эски салем каны барын; анын тукумдарынын бирин жезтумшук деп 1642-жылы асып салышкан.
Пикменге тез-тез бара баштадым, айрыкча үрөй учурган искусство боюнча монография жазып баштагандан кийин… Балким, анын чыгармалары мени дал ушуга түрткөндүр, тек, ишке киришкенде күбөнүн да, сунуштун да булагына айланды Пикмен. Ал мага болгон сүрөттөрүн, чиймелерин көрсөттү. Арасында эскиздер да бар. Кокус аларды билип калышса, аны клубдан кууп чыгышмак. Тез эле күйөрманына айландым, саат бою мектеп окуучусунан бетер айткан-дегенин угуп отурар… Философиялык ойлору, өнөртаануу теориялары Денвер жиндиканасынын чыныгы тургунунун чама-чаркына ылайык эле. Ага урматым арткан сайын, башкалар андан оолактап, Пикмен мага огош бетер ачылды… Бир күнү кечинде ал мага кыйытты; эгер оозду бек тутуп, суу жүрөктүк кылбасам, өзгөчө нерсесин көрсөтөр болду… үйүндө сактоого даабаган, алда канча шумдуктуусун.
«Өзүң билесиң, – деп түшүндүрдү ал, – Ньюбери-стритке жарашпас да иш бар; алар мында коошпойт, жаралышы да мүмкүн эмес. Менин ишим — жан дүйнө өңүттөрүн кылдат байкоо, бирок пландагы көрктүү райондун көчөсүнө түшкөн асман тиреген жаңы үйлөрдүн арасынан эмне көрүнөт? Бэк-Бэй — Бостон эмес… азырынча эч нерсе эмес; бул кварталдар адам эсине, рухуна из сала элек али. Кокус мында кандайдыр көрүнчү жылт этсе, ал сөзсүз майда көлчүктүү, туздуу саздан тынч болмок... а мага тозокту көрүп, түшүнөр адамдардын руху керек.
Сүрөтчү Норт-Эндде гана жашай алат. Чын ыкластуу эстет караламан калкка, салтка жүз бурушу керек. Йе, тобо! Бул көчөлөрдү адам курган эмес, алар өзүнөн өзү өсүп чыкканы – түшүнүксүзбү? Муундар алмашып, кубанып жашап, өлсө да ал кезде жашоо, кубануу болгон, өлүмдөн да коркушкан эмес. 1632-жылы Копс-Хиллде тегирмен болгон, а 1650-жылы шаар көчөлөрүнүн жарымына таш төшөлгөнүн билесиңби? Сага эки жарым кылымдан берки үйлөрдү көрсөтө алам, азыркы коробка имараттар алардын катарында эбак күбүлүп түшмөк. Бүгүн биз жашоо, аны башкарган күчтөр жөнүндө эмне билебиз? Биз Салемдеги сыйкырчы аялдарга ишенгибиз жок, а менин төрт муун өткөн чоң энем далай нерсени айтып бермек. Аны Гэллоуз-Хилл дөбөсүндө асып салышкан. «Ыймандуу» Котон Матер болсо жазаны маашырлана карап турган. Шайтан алгыр Матер дайыма ошол каргыштуу капастан таалайсыз бирөө-жарым чыгып кетет деп коркчу… Кейиштүүсү, эч ким анын тынчын бузуп, түнү канын шимибептир.
Ал канча тайманбай сүйлөбөсүн, эч качан кирүүгө даабас – ал жашагандан башка да үйдү көрсөтө алам сага. Эссиз «Magnalia[1]» менен балдардын «Көрүнбөс дүйнө кереметтерине» киргизүүгө да батынбас нерселерди билген ал. Баса, кезинде бүтүндөй Норт-Энд айрым адамдардын үйлөрү бири-бири… деңиз менен көрүстөнгө туташ туннелдерге толуп кеткенин билесиңби? Жер үстүндө сот менен жазалоо жүрсө, а жер астында күнүгө башка нерселер болуп, түнү күлкүдөн муунган сырдуу үндөр угулчу.
Көрдүңбү, ант берем: 1700-жылга чейин курулуп, кийин кайра оңдолбогон он үйдүн сегизинин оросунда сөзсүз кызыктар табылат. Бир ай өтө элек, жумушчулар кирпичке бекитилген арка же эч жакка өтпөс кудуктарды тапканы тууралуу гезиттер жазган жок. Эски үйдү бузганда… жок дегенде, былтыр Кучердеги окуяны алсак. Анда бүбү-бакшылар жашачу. Алар чакырган олжолуу каракчылар, каперлер, контрабандисттер товарлары менен келишкен… Айтып коёюн: адамдар мурда жашоодон ыракат алууну билишчү. Бу опаасыз дүйнөнү тобокелчилдер менен эстүүлөр гана аңдаган… ха! Эми бүгүнкүнү карап бак: бул сүттөй аппак, кызгылт жүз, өздөрүн тандалма эсептеген пенделериң, атүгүл сүрөтчү атангандар — Бикон-Стриттеги чай үстүндөгү жасалма табиттен ашкан түрдүү чыгармаларга сөзсүз мурун чүйрүшөт!
Бүгүнкү күнгө ыраазы болор бир гана жагдай — ал өткөн чакка анча кылчактабайт. Азыркы карталар, китептер, Норт-Энд жол көрсөтмөсү эмне дейт? Бах! Сени анча баш оорусуз эле Принц көчөсүнүн түндүгүндөгү ондогон тар көчөнүн үч-төртөөсүнөн жетелеп өтө алам, аларды бул райондо жашаган чет элдиктерден башка эч ким билбейт. Алар бул көчөлөр боюнча не билишсин? Жок, Турбер, бул эски буйткалуу көчөлөр уйкуда. Үрөй учуруп, таңгалтырганычы. Адамды күнүмдүк тирликтен куткарат, бирок аны бир да жан түшүнбөйт, андан эч кандай пайда да таппайт. Балким бирөө табылат, мен мында бекер темселеп жүрүпмүнбү!
Мындай нерселер сени кызыктырат, уксаң. Агер түнкү рухтарды чакырып, Ньюбери-Стритте ойго келбес нерселерди тартчу жерде дагы бир студиям болсо эмне дейсиң? Ооба, муну клубда айтууну ойлонуп да кереги жок… Каргыштуу Рейд жерге кирсин, жүргөн-турган жеринде мен эволюцияны артка кайтарууга аракеттенген шумдукмун деп жүрүптүр. Ооба, Турбер, келбеттүү же келбетсиздикти жандуу табияттан алышты эбак түшүнгөм. Ошондуктан билүүгө себеп бар үчүн; аларды келбетсиз жерлерден издедим.
Андай бурчту таптым, аны менден башка үч тирүү арий да көргөн эмес. Үй үстүнкү жолдордон алыс эмес. Тек, жандуулар үчүн кылымдык алыстыкта. Дал сага айткандагымдай; бул үйдү жертөлөдөгү качанкы кирпич дубалы үчүн ижарага алгамын. Ал кепе эптеп эле тургандыктан анда эч ким жашагысы жок, мен ага арзан акы төлөйм дештен да уялам. Жакшы жери – терезелери туюк; күн нуру кылган ишиме тоскоол кылбайт. Сүрөттү жертөлөдө тартам… илхамым төгүлөт ал жакта. А үстү бир нече бөлмөлүү. Үй бир сицилиялыкка таандык, мен аны Питерстин ысымы менен ижарага алам. Агер коркпосоң, бүгүн кечинде сени ээрчитип бара алам. Сүрөттөр сага жагат деп ойлойм, айттым го, ал жакта айрым нерсеге мен да укуктуумун. Жол алыс эмес, кээде жөө барам. Билесиң да, такси менен барып, ал үйгө көңүл бурдурган болбойт. Түштүк станциядан автобуста Батарей көчөсүнө чейин барабыз, андан ары жакын» – деген.
Элиот, муну угуп, биринчи такси менен шыр жөнөп кетпөө үчүн өзүмдү араң кармоодон башка чара калбады. Түштүк станциядан үстүнкү жолго өтүп, саат он экилерде Батарей көчөсүнө түшчү тепкичтерден ылдыйлап барып, анан эски порттун жээгинен бурулуп, «Конституция» верфинин жанынан өттүк. Кесилиштерге көңүл бурбаганым үчүн кайдан кайрылдык, айта албайм. Тек ал Гриноу-Лейн эмесин гана билем.
Бурулганда көргөнүм: эң эски, кир, тар көчө аркылуу жогорулоого туура келди… Күбүлгөн учтуу чатырлар, майда сынык терезелер, жарым-жартылай кыйраган эски морлор манжадан бетер асманды көрсөтүп турду. Ал жакта Котон Матер көрбөгөн үч үй да табылбаса керек деп ойлойм… Ошентсе да, экөөсүнүн үстүндө блоктор турган. Бир курдай мага азыр унутта калып бараткан бүкүр чатыр көрүнгөнсүдү, эскини ооздон түшүрбөгөндөр Бостондо андайлар калбаган дешсе да…
Жарыгы эптеп үлбүрөгөн тар көчөдөн өтүп, андан да кууш, таптакыр жарыксыз көчөгө бурулдук. Менимче, бир мүнөттөй өткөндө, туюк бурчтан оңго кайрылдык… Көп өтпөй Пикмен чырак жандырып, жарыкты он панелдүү, курт жеп эскирген качанкы эшикке багыттады. Аны ачып, дубалында алигиче илинүү Андрос менен Фиппс… салемдик сыйкырчылар доорундагы эмен кабыгы менен жээктелген бош далиске киргизди мени. Андан солдогу ачык эшикке өткөрүп, май чыракты жандырды да, өз үйүмдөй жайгаш деди.
Да-а, Элиот, «үйдө баатыр, жоодо жок» мен экемин анык, ачык айтсам: дубалда илингендерден чачым үрпөйдү. Анын Ньюбери-Стритте тартууга, ал тургай көрсөтүүгө даабаган сүрөттөрүн айтам. Ал жактагы «айрым нерсеге мен да укуктуумун» дегени туура экен. Кел, алып ий, мен азыр ичпей коё албайм.
Алардын мазмунун жеткирем дештин өзү майнапсыз, себеби ар бир штрихи мыйзамга жат: динди мазактоо, акылга сыйгыс жийиркенич, бүксүгөн адепсиздик – аң-таң кылат. Анын чеберчилигинде Сидни Симэдегидей эч деле экзотика жок… Денеңди дүркүрөтүп муздатар транссатурн ландшафтары же айдагы көрүнүштөр жок – Кларк Эштон Смит билгенчелик. Фон катары чиркөөнүн короосу, чытырман токой, деңиз жээктеген аскалар, кирпич туннелдер, жыгач капталган эски бөлмөлөр же жөн гана таш оролор көп кызмат кылат. Коппс-Хиллге жакын көрүстөн анын сүйүктүү темаларынын бири экен.
Алдыңкы пландагы фигуралардан бүт коркунуч, дөдөйлүктү чагылткан Пикмендин үрөй учурар чеберчилиги – жиндердин портретин эч шектенбегендей тартканын айт. Бул фигуралар адамга чанда бир окшобосо, кээде бир гана жакындашат. Көбүндө эки буттуу денелери көкүрөктү карай ичкерип, ит шекилдүү. Терилерин көрсөң жийиркеничтүү… желим дейбизби. Фү! Азыр да көз алдымда! Алар иш менен алек эле… эмне экенин сураба. Негизги азыктары эмне – айткым да жок. Топтошкон алар кээде көрүстөн же жертөлөдөгү өткөөлдө, тагырагы, олжо үстүндө кенч талашып жаткандай көрүндү. Көрүстөндөгү ошол көзү көр олжонун жүзүн Пикмениң каргыштуу таамай чагылтканын кантейин! Анын желмогуздары кээде терезеге секирип, уктап жаткандардын көөдөнүнө жабышып, коколорун жулганычы. Холстордун биринде алардын чоң үйүрү Гэллоуз-Хиллде асылып турган желмогузга үрүп, бири-бирине куюп койгондой окшош.
Бирок мени ушунча жийиркеничтүү теманын ыкы-чыкысына сүңгүп, өзүн өзү жоготуп коюптур деп ойлобо. Ал жүздөр… курусун, Элиот, үрөй үркөт. Серт, каргыштуу жүздөр, шилекейи аккан, холст бетинде шылдыңдап караган тирүү жүздөр! Кудай акы, алар тирүү деп ишенип кала жаздагам! Ирээнжитме сыйкырчы боёктору тозок отун бүркүп, кыл калеминин сыйкыры ушунча: коркунуч артынан коркунуч тооруйт. Берчи бокалды, Элиот!
«Сабак» аттуу сүрөтү бар эле анда… Аны көргөнүмө – Кудай өзү кечирсин! Чиркөө короосунда ошол атың өчкүр адам сыягындагы чөйрө балдарды өздөрү жеген тамакка үйрөтүшкөнүн элестет! Демек, алмаштырышкан… Эльфтер өз балдарын жерип; бешикке таштайт да, башка балдарды уурдаган эски жомоктор эсиңдеби? Кара, Пикмен ошол уурдалган балдар кийин эмне болуп, кантип чоңоюшарын көрсөткөн. Адам менен ошол жийиркеничтүү өңдөрдүн үрөй учурган окшоштугун байкай баштадым.
Ал жийиркеничтин бардык баскычы аркылуу адамга түк окшобос иткерчилик менен адамгерчилик байланышты даана туюнткан. Анын дөбөт сымал жандыктары ажалдан туулган!
Ошол иткерлер адам үйлөрүнө таштаган жаштар кийин эмне болорун ойлонор замат, көзүм дароо ошол эле темадагы сүрөткө кадалды. Көз алдымда эски пуритан үйүндөгү бөлмө турду; оор устундуу шып, капкактуу терезелер… бүлөсү Ыйык Жазманы окуган атасын угуп отурат. Ар биринин жүзүндө урмат-сый бар, бирөөсү гана кейип-кепшилүү. Жашы боюнча анысы улан. Такыба атанын уулу делгени менен, түпкү-тегинде анысы иткерлердин эле тукуму. Таштанды балага Пикмендин анык шылдыңын караң эми – текебер уландын өң-келбетин келиштириптир.
Бул убакта коңшу бөлмөнү жарыктандырган Пикмен эшикти абай сүйөп, мени акыркы эмгектерин көрүүгө чакырды. Пикир айтар чамам жок: чочулоом, жийиркенүүм – тил күрмөтпөдү. Баарын түшүндү ал, муну өзүнө мактоо катары кабыл алгандай баамдадым. Ошентсе да дагы эскертем, Элиот, мен адаттан тыш майда-чүйдө көрүнүштөргө ызылдап чочуган кокуйлардан эмесмин. Жаштыгым артта, далайды көрдүм, Францияда деле оңой менен эч нерсеге селт этпесимди түшүнсөң керек деп ойлойм. Унутпа, ал убакта өзүмө келип, колониялык Жаңы Англияны тозоктун бөлмөсүнө айланткан мындай сүрөттөргө көнүп бүткөм. Ага карабай, кийинки бөлмөнүн босогосунда бакырып жиберип… жыгылбаш үчүн эшикке чап жармаштым. Арткы бөлмөдө ата-бабаларыбыздын арбайы менен сыйкырчы, желмогуздардын тобу жайгашса, жаңы бөлмөдө бүгүнкү турмушубуздун коркунучтары толо. Тобо, бул не болгон сүрөтчү! Бир сүрөттүн аталышы: «Ородогу окуя». Жийиркеничтүү жырткычтар үйүрү Бойлстон-Стрит бекетинин полундагы жылчык аркылуу белгисиз катакомбадан[2] сойлоп чыгып, алгачкылары платформадагы элге кол сала баштаганычы. Дагы бир сүрөттө бүгүнкү көрүнүштөгү Copp’s Hill’деги шайтан бийи тартылыптыр. Андан соң жертөлөдөгү жашоо сценасында желмогуздар тешик-жаракалардан соймолоңдоп, мештердин, челектердин ичинде ырсайып, тепкич алдынан олжо аңдып жатышты.
Жагымсыз бир холст Маяк дөңсөөсүнүн зор кесилишин чагылтып; сасыган желмогуздар кумурскадай каптап, көсөө тешиктин ичинде чуркап жүрүштү. Анан кайрадан азыркы көрүстөн бийлери башталып, артынан мени баарынан катуу селт эттирген сүрөт чыкты — белгисиз мүрзө ичиндеги. Бостонго белгилүү жол көрсөткүчтү чеңгелдей кармашып, аны үзүндүлөрдү үн чыгарып окуган жандыктын кыйласы курчаптыр. Кай бир үзүндү баарын күлдүргөнбү, боор эзиле каткырган жүздөрү шумдук; кудум эле шайтанча жаңырыктар мага чейин жеткендей. Сүрөттөгү жазуу: «Ошентип, Холмс, Лоуэлл жана Лонгфелло – Күзгү тоодо көмүлгөн».
Дубалдан секин алыстап, экинчи залга жык толгон шайтандык жийиркеничке көнө түшсөм да, кускум келген бул жийиркеничти аз-маз талдай баштадым. Биринчиден, дедим өзүмө, бул жаналгычтарды Пикмен жедеп адам сыягынан ажыраган, карөзгөй мыкаачы көрсөткөн үчүн ушунча ирээнжитме. Бул сүрөтчү, сыягы, бүт адамзаттын ырайымсыз душманы го, болбосо дени-карды, акылы соо киши, мындай рухий майыптыктан кайдан ыракат алмак? Экинчиден, бул сүрөттөр кынтыксыз иштелген үчүн коркунучтуу. Аларды искусство ынандырды… сүрөт коркунуч жаратып, жиндер көрүндү. Дагы таңгалычтуусу — Пикмен сырткы эффекттерге байланбайт: эч бир бурмалоо, бүдөмүк да жок. Бардык контурлар жашоону так камтып, майда-чүйдөсүнө чейин дыкат иштелген. Жүздөрүн келиштиргеничи! Бет алдымда сүрөтчүнүн интерпретациясы эмес, бүтүндөй жийиркеничтүү пандемониуму[3] даана, реалдуу, тунук ачылды. Теңир урсун, чын! Бул адам романтик да, фантас да эмес, көрүүчүгө ал бүдөмүк же куру элести жеткирүүнү да ойлогон. Ал тек гана муздак жүрөк, шылдыңдуу күлкүнү, иш жүзүндө токтоо, өзүнө көрүнгөн туруктуу, механикалык, эчактан бүткөн коркунуч дүйнөсүн ачкан… бүтүн, жык, бурмалоосуз, болгон шайтандык азгырыктарды. Ошол дүйнөнү ал кайдан көргөн, сойлоп, чуркап, секирип жүргөн диний акааратты кайдан алганын бир Кудай билет. Бул көрүнүштөрдүн башаты канчалык күтүүсүз болбосун, бир айкындык бар: ой так аткарылышы жагынан Пикмен өтө кылдат, анык реалист, деталдарга дээрлик илимий тактыктагы ызаатын көрсөтөр.
Кожоюнум ородогу өз студиясына түшөрдө, мен анын бүтө элек эмгектеринин арасындагы тозоктун жаңы мүшкүлүн көрүүгө камындым. Нымдуу тепкичтен түшүп, түбүнө жеткенибизде, ал фонаригин бурчка коюп, тегерете кирпич курчалган полдогу шакекти көрсөттү, ал жерде мурда кудук болуптур. Байкаганым: жакын барганда анын туурасы беш футтай, дубалдары бир футтай калың, жерден алты карыштай чыгып турат… Жаңылбасам, он жетинчи кылымдан калган мыкты иш. Мына, бул жөнүндө Пикмен ошондо айтып берди… Маңдайымда бүт дөңсөөнү басып өткөн туташ туннелдердин кире бериши экен. Көрүнүшүнө караганда бул жерди бүтөөгө эч кимде ниет жоктой, ага эң ылайыктуу жыгач капкак төп келмек дедим күңк-мыңк. Агер Пикмендин ойго келбес мукмасалы[4] куру айтылбаса, ал жерден кандай жаналгычтар чыга келерин элестетип, денем дүркүрөдү. Анан тепкичке көтөрүлүп, үй ээсинин артынан кууш эшиктен кирдим. Арыда жыгач полдуу, студияга ылайык, кыйла кенен бөлмө бар экен. Иштөөгө ыңгайлуу мүйүз чырак жанып турду.
Мольберт[5] же дубалга жөлөнүү бүтө элек иштери деле үстүдөгүлөрдөн калышпас шумдук, ар бир майда-бараты да сүрөтчүнүн дараметин туюнтуп турат. Көрүнүштөр өтө кылдат түзүлүптүр, карандаш издери – келечекти, өлчөмдөрдү Пикмен кандай кылдат, так сактаганын далилдейт. Азыр даа кайталайм, ал улуу залкар, билип турам. Үстөл үстүндөгү чоң фотокамера көңүлүмдү бурду, Пикмен аны фонду так түшүрүү үчүн колдонорун, мольберт көтөрүп салпактап жүргөнчө, көрүнүштөрдү фотодон тартса болорун түшүндүрдү. Айтымында, кийинки иштерине да эң сапаттуу материалды фотографиядан колдонот экен. Сөзүнө караганда, бул ыкма ага дайыма керек. Ар тараптан тирмейип тиктеген эскиздер, чала бүткөрүлгөн мокочолор ичинде мени өзгөчө чочуткан нерсе турду. Пикмен көлөкөлүү бурчтагы чоң холстту ачып ийди эле, үнүмдү баса албадым, ошол түндөгү экинчи жолку бакырганым ал. Обого тараган үнүм качанкы коңурсуган жертөлөнү дүңгүрөтүп, коркконго кош көрүнгөн күлкүмдү араң бастым. Оо, ооматтуу Жараткан! Элиот, ал жерде мени карбаластаткан не чындык, не фантазия – билбейм. Бир гана ой — мындай түштү жер өзү да көтөрө албас.
Алдымда көздөрү кызыл чоктой жанган, аты-жөнсүз динбезер алп турду; сөөктүү манжалары адам башын оюнчуктай айлантып, кудум эле таякчадагы момпосуй соргон наристедей десең. Ал жерге эңилип, андан да таттуу насип табылса, азыркысын шыдыр ыргытчудай көрүндү. Бирок ага наалат, мынчалык жанбүдөгө салып чочуткан бул жамандыктын өзү эмес, жок, анын итке окшош тумшугу, учтуу кулактары, кан толгон көздөрү, жалпак мурду, шалпык эрди, кабырчыктуу алаканы, чириген денеси, ача туягы да эмес… жок, ошол ар бир майда-чүйдөсү эле сезимтал адамды акылынан айнытууга жетиштүү.
Бул техника болчу, Элиот, каргыштуу, динбезер, табияттан тыш техника! Өзүм жандуу күбө: өмүрүмдө жашоо деми холстко мынчалык түшүрүлгөнүн көрбөгөм. Маңдайымда каардуу тиктеген желмогуз турду, жалмаңдап. Жалмаңдаса, коркосуң карап. Адам муну өз башынан кечирип, табият мыйзамдарын жокко чыгарышы керектигин туйдум… шайтанга жанын сатпас, эч ким аттай албас дүйнөгө жок дегенде бир көз чаптырмайын мындайды жаратуу мүмкүн эмес.
Холсттун бош жеринде түтүкчө болуп оролгон бир барак кагаз кнопкада кыпчылуу экен… Аны мен Пикмен кийин тегеректи фон катары баса көрсөтөр, мурункуларынан эч кем калбаган жагымсыз фото-сүрөт болууга тийиш деп ойлогом. Аны жазып көрүүгө кол сунганымда, Пикмен ок тийгендей селт этти. Үрөй учар үнүм бир башкача жаңырык жаратты эле, аны бөтөнчө кунт коюп тыңшап, эми андан өзү да чочуп кеткенсиди. Жок, меникиндей жүрөгү эмес, денеси селт этти. Тапанчасын сууруп чыгып, мага унчукпоону туюнтту да, артынан эшикти жаап, жертөлөнүн негизги бөлмөсүнө жөнөдү.
Көз ирмемге таштай каттым. Пикмендин кыймылын туурап кулак түрсөм, алыстан – белгисиз тараптан чыңырган үн, кандайдыр дүбүрт угулгансыды. Көзүмө колтойгон келемиштер элестеп, денем жыйрылды. Соңунан өнө-боюмду чымыраткан, акырын тык-тык эткен үн чыкты. Олку-солку, ишенимсиздикте, оюмдагыны сөз менен так жеткире албай турам. Жыгач же сөөкпү — кирпичти тыкылдаткансып… жыгач кирпичти ургулаппы… же туяк беле?..
Үн кайталанды, мунусунда катуу. Жакындан дарак кулагансып, пол силкинди. Анан кырт-кырт үн угулду. Пикмен кандайдыр түшүнүксүз кыйкырды да, кулак тундура тарс эттире тапанчадан алты ок чыгарганы — арстанды сестентүү үчүн асманга ок чыгаргандай кудум. Чыйылдоо басаңдап… кайрадан кирпичти жыгач тыкылдатып… бир аз тынымдан кийин эшик ачылды.
Селт дей түштүм. Чын. Колундагы тапанчасы түтүн бүрккөн Пикмен көрүндү, жертөлөдө тынчын алган келемиштерди каргап-шилеп.
— Шайтан эле билбесе, алар мында не жейт, Турбер, — деди жылмайып, — бул эски туннелдер көрүстөнгө, деңизге, желмогуздардын уюгуна да чыгат. Менимче, сенин үнүңдөн чак-челекей түшүштү го. Мындай эски жайда этиятташ керек, бул жердин жалгыз айыбы эле – ушул келемиштер. Бирок алар таасирди күчөтүп, кээде керектүү атмосфера жаратабы дейм.
Түнкү жоруктардын аягы ушунда-ай, Элиот. Пикмен мага ал жерди көрсөтөм деген. Көрсөттү. Кайтарда ал мени башка жолго салды, аделе башаламан тар көчөлөр. Биринчи чыракты көргөнүбүздө, катар тизилген кирешелүү үйлөр, мага чала тааныш эски имараттуу көчөгө чыгыппыз. Ал Чартер-Стрит экен, а мен ушунчалык эс-мас болуп, кай жерден чыгып калганыбызды байкабапмын. Үстүнкү жолго кеч болуп калгандыктан, Hanover Street’тен ылдый шаарга жөө жөнөдүк. Ал көчө али эсимде. Тремонттон Маякка көтөрүлүп, Пикман мени калтырып кеткен көчө бурчунан кайрылдым. Ошол бойдон аны менен сүйлөшө элекпиз.
Аны эмне таштап кеттим? Шашпа, күтсөң. Чалып, кофе алдырайын азыр. Бул абжип[6] бизге жетет, бирок даа бирдеңке жетпей туру… Жок, кеп ошол сүрөттөрдүн өзүндө эмес, өлөйүн, алар үчүн аны Бостондогу он үй, он клубдун тогузунан кууп чыгышмак. Эмнеге метро менен жертөлөдөн алыс жүрөрүмдү түшүнгөн чыгарсың. Кеп, эртең менен пальтомдун чөнтөгүнөн тапкан нерсемде. Жертөлөдөгү жагымсыз холсттогу түтүктөй оролмо сүрөт эсиңдеби? Мен аны желмогуздун фону үчүн көчүрүп тартчу үлгү депмин. Аны жаңы эле жаза берерде, чочуп кетип… алеңгир жаным алаксып, сүрөттү чөнтөккө салып алыпмын. А кофе мына… Элиот, кагылайын, суюлтпай эле кой аны.
Мына, Пикменден эмнеге оолактаганымдын себеби… ушул кагаз. Ричард Антон Пикмен — мен уккан сүрөтчүлөрдүн эң улуу залкары… Анан даа миф, кем акылдыктын тоомунда бекинип, жашоо чегин тебелегендердин эң ыплас макулугу. Элиот, качанкы Рейд туура айтыптыр. Пикменди адам дешке болбойт. Же ал купуя сырдуу көлөкөдө төрөлгөн, же тыюу салынган капкаларды ачып үйрөнгөн. Эми болор иш болду, ал жок. Өзү ак эткенден так этип сүйгөн караңгылыкка кайтты. Эй, бери кылчы шамдалды[7].
Азыр эмне айтарымды сураба. Пикмен баарын келемиштерге шылтап кутулган жертөлөдөгү үн эмне экенин да сураба. Билерсиң, айрым сырлар Салем дооруна барып такалат, а Котон Матер андан да шумдуктарды айтчу. Пикмендин сүрөттөрү кандай жандуу сезилерин, ошол үрөй учурган жүздөрдү кайдан алаарын боолгоп жүргөнүбүз эсиңдеби?
Мейли… Ал сүрөттө эч кандай фон болбоптур, болгону – желмогузду сүрөттөн холстко көчүрүптүр. Ага тууралап – арттагы оронун дубалы майда-баратына чейин көрүнгөнү. Кудай урсун, Элиот! Ал сүрөт дал ошол жертөлөдө тартылган.
Сентябрь, 1926-жыл.
Орус-англис тилинен ChatGPT көмөгү менен кыргызчалаган О`Шакир
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
[1] «Magnalia» – кереметтер.
[2] Катакомба – кууш коридор, галерея жана жасалма камералуу жертөлөдөгү эбегейсиз курулуш.
[3] Пандемониум – тозоктун чордону, жиндер чогулган жай, хаос жана ызы-чуу образын билдирген түшүнүк.
[4] Мукмасал – намек, ишарат.
[5] Мольберт – сүрөт тартуучу үч буттуу станок.
[6] Абжип – уу кошулган ичимдик.
[7] Шамдал – шам алдына коюлган буюм.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR