Азыр биз Нарынды дүйнөнүн бийик тоолуу аймагы катары гана элестетебиз. Бирок Павел Назаровдун «Биз билбеген Борбор Азия» китебин окуганда таңгаларлык бир чындыкка туш болосуң. Көрсө, XX кылымдын башында Нарын дүйнөлүк жапайы жаныбарлар соодасынын борборлорунун бири болгон экен!
Павел Назаров Нарын шаарына келгенде бул жерде атагы алыска кеткен Неживов аттуу ишкер жашаганын жазат. Жергиликтүү эл аны «Хагенбек» атаптыр. Себеби, анын ишмердиги дүйнөгө белгилүү немис жаныбар соодагери Карл Хагенбек болгон.
Неживов жыл сайын Теңир-Тоонун койнунан кармалган жапайы жаныбарларды миңдеген чакырым алыстагы Германияга жөнөтүп турган. Тирүү бойдон! Болгондо да Европанын зоопарктары үчүн!
“Биз билбеген Борбор Азия” китебинде Назаров анын үйүнө барганын жазат. Үйүнүн айланасы толтура капастар экен. Ал барган учурда капастардын көбү бош туруптур. Болгону бир капаста көз жоосун алган тирүү ирбирс жатканын көргөнүн эскерет.
Эми элестетип көрүңүзчү. Темир жол дээрлик жок, аба жолдору курула элек мезгил. Заманбап жолдор да жок. Ал эми Теңир-Тоонун ирбирси, сүлөөсүнү, түлкүсү, кызыл карышкыры Нарындан чыгып, Орусияны аралап, андан ары Германияга чейин жетип турган!
Анда Неживов Түркстандан Европанын дээрлик бардык зоологиялык бакчаларын жаныбарлар менен камсыздап турганы айтылат. Ал жалаң эле ирбирс же жырткычтарды эмес, ай туяк, ача туяк жаныбарлардан тартып курт-кумурскага чейин жөнөтүп, дүйнөнүн музей коллекцияларын толуктаган экен.
Мунун өзү эмнени билдирет? Демек, жүз жыл мурда эле Теңир-Тоонун фаунасы дүйнөлүк илим үчүн кызыгуу жараткан. Бүгүн биз «туризмдин бренди» деп жүргөн ирбирстер ошол кезде эле Европанын окумуштуулары менен музейлерин таңгалтырып келген. Демек, Нарын дүйнөлүк жаратылыш таануу картасында биз ойлогондон алда канча чоң орун ээлеген.
Кызыгы, бүгүнкү окурман үчүн эң күтүүсүз жаңылык ушул болсо керек: бир кезде Нарындан чыккан жаныбарлар Берлин, Гамбург, Вена жана Европанын башка шаарларынын зоопарктарында көрсөтүлүп турган.
Биз билбеген Борбор Азия: бүйүр кызыткан 10 факт
«Биз билбеген Борбор Азия» аттуу китеп жөнөкөй эскерүү эмес. Бул – жүз жылдан ашуун убакыт көмүскөдө калган документ.
Советтик тарыхнаамада аты дээрлик аталбаган орус геологу Павел Назаров жарандык согуштун тушунда Түркстанда жашап, кийин болшевиктерден качып, Тянь-Шань, Нарын, Кашкар, Каракорумду ашып өткөн.
Бул эмгекте бир жагдай талашсыз: аны окуганда биз билебиз деп жүргөн тарыхтын таптакыр башка жүзү ачылат. Мына ошол эмгектеги окурманды кайдыгер калтырбас дагы 10 фактыга токтололу.
1. «Борбор Азия — кенбайлык уюгу» деген аныктама куру үгүт эмес
Назаров кыйла жылдар бою Тянь-Шандын койнун изилдеген геолог болгон. Ал бүгүнкү Кыргызстандын аймагынан жез, күмүш, көмүр, нефть, алтын жана асыл таштардын кендерин сүрөттөйт. Эң кызыгы — өзү куугунтуктан качып баратып да жаңы кендерге туш болуп турганын жазат.
«Качып бараткан адам да кен байлыктардын үстүнөн мүдүрүлөт» деген таңдануусунан улам суроо жаралат: эгер бул байлыктар жүз жыл мурда эле белгилүү болсо, анда эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин алар улуттук өнүгүүнүн локомотивине айлана алган жок?
2. Болшевиктер Назаровго өлүм жазасын даярдашкан
1918-жылы ал камакка алынат. Китептин эң драмалуу бөлүктөрүнүн бири — өлүм жазасын күтүп жаткан күндөрү.
Тергөөчүлөр ага:
— Баарын мойнуңа алсаң аман каласың, — дешет.
Назаров болсо:
— Атсаңар азыр эле аткыла, — деп жооп берет.
Бул кадимки роман эмес. Бул адамдын өз башынан өткөн окуя.
3. Түрмөдөгү Назаровду кыргыздар жашыруун багып турушкан
Китепте көп айтылбаган, бирок кыргыз окурманы үчүн эң таасирдүү факт бар. Назаров түрмөгө түшкөндө анын ат сарайында иштеген кыргыз бала Керимбай түрмөнүн терезесинен жашыруун тамак таштап турган.
Автордун айтымында, кабар бүт шаарга бир заматта тараган. Совет бийлигинин түрмөсүндө отурган кишиге ошол мезгилде жардам берүү өмүрдү тобокелге салуу эле.
4. Пишпек анын жашырынып жүргөн шаары болгон
Бүгүнкү Бишкек шаары Павел Назаров үчүн жөн гана картадагы чекит эмес. Бул жакта ал башка ысым менен жашынып жүргөн.
Совет бийлигинен качып жүргөн адамдын бир далай учурга чейин жаңы өмүр сүргөн жери дал ушул Пишпек. Демек, бүгүн көчөлөрүндө басып жүргөн шаарыбыз бир кезде эл аралык саясый аңдыңдардын борборлорунун бири болгон.
5. Нарын аркылуу Кытайга качканы
Бул албетте, кино сценарийине окшош угулат, бирок бул факт. Назаров Пишпектен чыгып, Нарын тарапка өтөт. Андан ары Кытай чегарасын көздөй багыт алат. Жолдо ал ачарчылыкты да, куугунтукту да, тоо ашууларындагы коркунучтарды да башынан өткөрөт.
Мунун баарын кийин дүйнөгө белгилүү китепке айлантат.
6. Ал кыргыздарды жана казактарды көп учурда бир эл деп эсептеген
Бүгүн биз үчүн бул таңгалыштуу көрүнөт. Бирок XX кылымдын башындагы көптөгөн орус авторлору сыяктуу эле Назаров да казактарды жана кыргыздарды көбүнчө «кыргыздар» деген жалпыланган ат менен атаган.
Бул ошол доордогу империялык көз караштын кандай болгонун түшүнүүгө жардам берет.
7. Автор көчмөндөрдү дүйнөлүк тарыхтын чоң күчү деп эсептеген
Советтик мектептерде көчмөндөр жөнүндө көбүнчө кыйратуучу күч катары окутулган. Ал эми Назаров таптакыр башка ой айтат.
Анын пикиринде көчмөндөр Мисирден тартып Европага чейинки аймактардын тарыхына таасир берип келген. Башкача айтканда, дүйнөлүк тарыхтын четинде эмес, борборунда турган элдер.
8. Түркстан тууралуу мындай деңгээлдеги күбөлүк дээрлик жок
Бул китептин эң чоң баалуулугу ушул: автор окуялардын чордонунда жүргөн. Ал кабинетте отуруп жазган эмес. Согушту да, көтөрүлүштөрдү да көрүп, куугунтукка кабылып, тоолорду аралап жашоо кечирүүгө аргасыз болгон. Ошондуктан анын эмгеги архивдик документ менен көркөм чыгарманын ортосунда турган сейрек күбөлүк болуп саналат.
9. Китеп совет доорунда дээрлик белгисиз болуп келген
«Hunted Through Central Asia» деген ат менен 1932-жылы Лондондо чыккан эмгек советтик окурман үчүн дээрлик жабык болгон. Демек, бир нече муун бул эмгекти окуй алган эмес, мүмкүн да болгон эмес. Эми гана кыргыз тилинде жеткиликтүү болуп отурат.
10. Бул китеп тарых эмес, өзүбүз жөнүндө
Көптөр Павел Назаровдун китебин өткөн замандын окуялары деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында ал бүгүнкү күн жөнүндө да суроо берет. Эмне үчүн эң бай аймак жакыр бойдон калды? Эмне үчүн өз тарыхыбызды өзүбүздөн башкалар көбүрөк жазып келди? Эмне үчүн өз жерибиздин мүмкүнчүлүктөрүн толук аңдай элекпиз?
Мына ушул суроолор китептин ар бир барагынан кезигет.
Арийне, «Биз билбеген Борбор Азия – кенбайлык уюгу!» китебин окуганда сөзсүз эле автордун бардык пикирине кошулушуңуз шарт эмес. Бирок бул эмгек сизди кайдыгер калтырбайт. Анткени бул китепте биз билбеген Борбор Азия ачылат.
P.S. Аталган китептин бетачар аземи 11-июнь, саат 16:00дө “Технопаркта” (Бишкек ш., Горький, 1/2) өтөт.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR