Павел Назаров: Пишпек

  • 16.04.2025
  • 2703

Түн оокумда «Ыйык атанын мүрзөсү» делген Аулие-Атага[1] жеттим. Көпчүлүк жаңы орус шаарлары сыяктуу эле, ал да чалды-куйду чоң аймакты ээлейт. Шаар Петроград же Париж менен атаандашчудай, ал эмес базар аянты Place de la Concordе`ден[2] чоңурак десе болчудай. Албетте, мында эч кандай пландаштыруу, төшөлгөн жолдор, тротуар, суу жок десең. Үйлөрдүн баары көзгө комсоо урунган короо сыяктуу чийки кыштан курулган, короо-жайлары да, бакчасылары да чоң.

Кароосуз почта бекеттин жарым-жартысы жарактан чыгыптыр. Кароосуз аттары жүдөңкү, арабалар эптеп эле. Почта байланышын дөлдүрбай бөдрөтчү[3] – пролетариат дыйкандар башкарып калыптыр. Ал жерде эртеден кечке жүргөнүмдө чала мас жумушчулар, арабакечтер аттарды башка-көзгө койгулап, арабага эки-үч атты чиркештирип, ызырылта сөккөндөрүчү. Куураган макулуктардан кара тер көбүк кетип, калтырап-титиреп, чакчыйган көздөрү чанагынан чыкчудай корккондон колдон кантип качуунун аргасын таппай туйлап турушту.

– Куруган макулуктарга жасалган кордукту эмнеге токтотпойсуңар? – станция ачандигинен сурадым.

– Кантип болсун? – деди ал. – Пролетарлык бийлик буйругу боюнча бул кыргыз жылкылары “улутташтырылган”. Биздин карт жылкылар өлүп-талып кырылды. Меникилер бул азоо макулуктарды чарбага үйрөтүүгө тийиш.

Кечке жуук гана мага кош араба келип, бул жийиркеничтүү жерден тезирек кетүүнү чечтим.

Араба жылганча мага кызын ээрчиткен зайып басып келди. Ала кетүүмдү суранып калды кызы. Мен барчу жактагы айылда мугалим экен ал, экөөнө почта чегилген ат-көлүктү колдонууга “мандат” жок үчүн менин арабамда орун кенен болгондуктан алардын жанымда болгону – кооптуу шек жаратпай, көктөн издегеним жерден табылганы эмеспи, жан дилимден макул болдум.

Шаардан эптеп шашылыш кутулуп, ушунчалык таза, тунук, шарылдап шар аккан дарыяны кечип өтүүгө туура келди. Суу өтө терең болгондуктан, арабанынын кырына чейин көтөрүлүп, тиш какшаткан тунук сууну сапарлаштарым чөйчөктөп сузуп алып моокум кана ичип атышты.

Жакынкы станцияда түнөп, эртеси кургак, чаңы көккө сапырылган талаада жол жүрүп, күүгүмдө гана Луговое кыштагына жеттик. Жети-Суу менен Сибир чегинен алыскы Копалдан келген большевиктердин атайын аскер комиссиясына жолуктук. Ал жерде алыскы, обочолонгон бай айыл чарбалуу аймакта эч бир көпөс же ири чарба ээлери, пролетариатың же, завод-фабрика жумушчуларынын, «эксплуатацияланган массасы», жадакалса карыш жери калбаган кара таман дыйкандын аты-жыты да жок Копалда коммунисттер кантип, кандай максатта пайда болгонуна эч түшүнбөйсүң.

Самтыраган кир кийимчен большевиктик комиссия мүчөлөрү өздөрүн “делегат” атап алышыптыр. Самоорду өз маалында алпкирбеген малай-кызды «делегаттардын» экөөсү «барып, бит сыккандай сыгабыз» дешип, жерден көчүк көтөрүп калышыптыр опурулуп. Мен аларды кызды жазалай турган ниеттеринен кайттырмак болуп, ал кыз деле мүмкүн пролетарлардын тегинен болуп жүрбөсүн дедим.

– Бизде баары жок бар, – дешет алар мага, – эт, нан, баары арзан, башка эч бир товар жок. Партияга биз кимди болбосун кабыл алууга кубанычтабыз, бирок бир шарт менен: ал фронтто казактарга каршы согушууга тийиш. Агер ал социалисттик мекени үчүн салгылашпаса, андай наадандын жакшылап сазайын окутабыз.

Алар өздөрү деле Ташкентке жөнөрүнө абдан сүйүнүп, ал жерде мүмкүн болушунча фронт түйшүгүнөн алыс болгулары келгени айкын көрүндү.

Кезинде бай, өнүккөн, азыр ээн калган Меркеде өткөрдүк кийинки түндү. Биринчи жолу жумуртка, палоо жеп, маанайыбызды саал тамак-аш көтөрдү мында.

Тоо этегиндеги Меркеде жан-жаныбарлардын түрү көп. Мында тоо теке, каман, кийик, анын ичинде эң сейрек кездешер кызыктуу кулжа (Ovis heinzii) түрлөрү бар. Бир кезде аңчыларга сонун буктурмалары болгон.

Эртең менен бир айылга жетип тамак ичкени токтодук, ал жерде жанымдагы сапарлаш мектеп мугалиминин иниси жол оңдоочу инженер экен. Ал жигит большевиктерге кызмат кылгысы келбегенин, Колчактын армиясына кошулуу үчүн Балхаш талаасын кесип өтүүгө чындап ниеттенгенин ачык эле айтты. Анан даа бул айылда коммунисттик бейиштен качкысы келгендерге жардам берген жашыруун уюм бар деп билдирди. Анын мүдөөсүн эжеси да, апасы да колдоду. Картайган апасы узак, опурталдуу жолго аттанар уулуна батасын берди. Жигит менин да барар-барбасымды сурады эле, өзүнүн так, дадил ойлонулган планы жок үчүн, мен баш тарттым.

Ал күнү биз кооз шалбалуу талааларда жол жүрүп, көчмөн кыргыздарга көп кезиктик, кайда токтобойлу кымыздын мыктысына карк тойгуза сыйлашты. Кымыз – укмуштуудай жан сергитер, күч берер, сиңимдүү суусундук.

Андан ары кейпи келишкен орус кыштактары пайда болду. Булар ар кандай зобололуу аталыштагы айылдардын сериясы: Кара-Балта, Беловодское, Александровка, Дунганка[4] ж.б., баары элүү километрге созулган уп-узун бир эле көчө. Жылдын кургакчыл мезгилинде да почточунун арабасы баткактуу жолунан жүрүүгө мүмкүн эмес эле. Араба дөңгөлөктөрү аңгекке чөгүп, аттар бизди сүйрөп чыгышы кыйын болду. Өз өзүнчө короо-жайлуу үйлөрдүн катары жайылып эч ирээтсиз, көбү башаламан курулган. Үй артындагы короолордо жапжашыл карагайлар, тал-теректер, бакча, беде талаалары көрүнүп турду. Жол бойлой катар-катар бак-шак отургузулуптур.

1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшүндө Беловодское айылы козголоңчулардын катуу чабуулуна кабылган. Көптөгөн тургундар өлтүрүлүп, далай келин-кесекти кыргыздар алып кетишкен. Бирок көтөрүлүш басылган соң айыл эли ырайымсыз өч алышкан кайра. Жек көрүү күчөп, орустар кыргыздарга тиш кайрап, алар жети жүзгө жакын адамды, анын ичинде көтөрүлүшкө катышпагандарды да кырышкан.

Кыргыздар орус бийлигине нааразы болгон себеби, алардын жерин орус келгиндерине тартып берген адилетсиз чечим болгон. Согуш маалында реквизицияларда жергиликтүү бийлик ар кандай кыянатчылыктар менен жалпы кыйынчылыкты шылтоолоп, милдеттүү түрдө курмандык чалуу керек деген негизде бодо мал, жылкы, боз үй ж.б.у.с. менчикке адилетсиз кол салышкан. Козголоң, албетте, жогорку орус администрациясынын макулдугу менен немис, түрк тыңчылары аркылуу даярдалып, уюштурулган. Петроград өкмөтү согуш учурунда немис фону Марсонду[5] Түркстан генерал-губернатору кылып, дагы бир немис Фольбаумду[6] Жети-Сууга аскердик губернатор кылып дайындоодон артык эч нерсе ойлоп тапкан эмес! Фон Мартсон Түркстан мусулмандарынын көтөрүлүшүн атайы козутуп, аларды күтүүсүздөн согуштук иштерге фронтко чакырган.

Орус оторчулардын пайдасына кыргыздардын жерин тартып алуу таптакыр адилетсиз тургай, экономикалык да одоно ката эле. Кыргыздар малды мыкты баккан ыкмалардын аркасынан Орусия Европада эң кирешелүү позицияны ээлеп, анын карамагында миллиондогон жылкылар, бодо малдар, койлор – арзан эт, тери, сүт жана башка азык-түлүктөрдүн эбегейсиз зор булагына айланган. Борбор Азиядагы орус дыйкандары болгону дан өндүрүп, бирок аны да чөлкөмдөн сыртка ташып жеткирүү мүмкүн эмес болчу.

Кийинчерек большевиктер падыша өкмөтү кетирген катаны оңдоп, бирок мен ал кезде Жети-Сууда жүргөнүмдө орустар көп отурукташкан жерлер өрттөлүп, жашоочулары же өлтүрүлүп, же ийге салып башкаруу үчүн ар кимге жетиштүү деңгээлде азык-түлүк таркатылар болсо да өздөрү качышкан.

Жол боюндагы айылдардын биринен эки аял түшүп, мен жалгыз кеттим. Мен биринчи станциядадан ат алмаштырганымда почта кызматкери өзүндө үч гана улоо барын айтып, ал дагы Верныйдагы[7] кызыл комиссарлардын экөөсүнө тийиштүү экенин түшүндүрдү.

– Алардын «мандатын» көрсөтчү, — өктөм үн каттым да, документтерин текшерип айттым: – Мына кара! Алардын «мандатын» Верное аткаруу комитети берсе, а мага Ташкенттин борбордук органынан берилген. Сөзсүз меники маанилүү, алардыкы эмес. Дароо үчөөнү мага бересиң, убактым тар.

– Жарайт, – деди почта кызматкери жойполоктоп. – Арабаңызга үч атты чиркеп бергиле дейин.

Комиссарлар жетип келери менен ат талашыбыз ырбады, бирок алардын кебин ооздорунан жулуп, «революция тартиби» жөнүндө калбааттуу күпүлдөдүм эле, жаактары жап болду. Дароо тил табышалы дешип: аскерлик жүктөр көп болгондуктан, арабаны меникинен алда канча олбурлуу аттарга чиркеп, баарыбыз чогуу бармак болдук.

Буга мен макул болуп, үчөөбүз Пишпекке жөнөдүк.

– Фамилияңыз Новиков, туура да? – деди комиссарлардын бири. – Верныйда бир нече Новиков бар, мүмкүн сиздин туугандардан го?

– Алар эски динчил, эски ырымчыларбы?

– Да.

– Анда менин эле туугандарым. Жолуксаңар мен жөнүндө айта баргыла.

Ошентип чыныгы фамилиям ойдон чыгарылган ысымга оошту. Дагы куп келишип: ал кезде Верныйда Назаров деген комиссар, коммунист да болгон.

Пишпек аталышы бул жерде малы жайылган кыргыздын атынан коюлуптур. Шаар гүлгө оронгон кооз жашыл өрөөндө, Теңир-Тоолуу өлкөнүн бир бөлүгү улуу Александрдын кырка тоолорунун[8] этегиндеги жарашыктуу жайык. Бул кырка тоолор этегинен төбөсүндөгү түбөлүктүү ак мөңгүлөргө чейин тик көтөрүлөт. Абасынын тазалыгы ушунча – алыскы тоодогу кокту-колот, капчыгайлар, жаркыраган касабалуу ак мөңгүлөр, укмуштун баары алаканыңдай көрүнүп турат. Улуу тоонун боорунан салаа-салаа муздак тунук суулар агат шарылдап. Суу түбүндө тоодон ылдый агып келген акак таш, оттук таш, түрдүү түстүү жылтырак кооз мозаиканы көрөсүң. Шаар көчөлөрүнүн көп жерин аралап өткөн бул суулар шаарга өзгөчө көрк бергенин айт.

Пишпек Жети-Суунун башка шаарлары сыяктуу эле кеңири аймакка тарайт. Шаар көчөсү кенен, бак-дарактуу, көк жайык чөп баскан кенен аянттар, качан болсо өстөнүндө суусу соолубаган гүлзарлары көп. Шаарга кире бергенимде көчөдө эч бейкапар сейилдеп ээрчишкен жуп канаттууну көрдүм.

Шаардагы мага деп даярдалган үйгө келдик, анысы бир бөлмөлүү экен кенен.

Тепкичтен түшүп баратып, чырлуу окуяга кабылдым. Өтө жаш эмес, чырайлуу деле эмес, бирок ал замандагы абдан аземдүү, ак көйнөкчөн айым ойдолоктоп, тепкичте ары-бери басып, кимдир-бирөөнү күтүп тургансыган. Анан эле көчөдөн муштумдай таш алып, уучуна кысты. Көп өтпөй үстү-башы начар, үйдө жүргөндөй жүдөңкү кийинген жаш кыз чыкты эшиктен. Ак көйнөкчөнү жолборстой эле атырылды жаш кызга, башка урду таш менен. Байкуш кыздын башынан кан сызып, экөө чаркырап, чаңырып кармашты. Арачы болоюн десем, тытышкан экөө бири-бирин чачтан алып, бир нерсе деп кыйкырышып, көчөдө томолонуп-жумаланып, эл курчап калды. Милийсасы келди. Тынчтандырган болду. Баарын. Эс калчап, мен өз бөлмөмө жылт койдум. Ошентсе да бул окуянын соңуна күбө болууга туура келди. Чай ичип алып далистен карасам, эки аял бетме-бет отурат. Алардын маңдайында митингде сүйлөгөнсүп чеченденген комиссар турду чычайган, ычкырында илинген эки тапанчасы бар. Үстү-башы кара булгаары кийинген анысы ак көйнөкчөн аялдын күйөөсү болуп чыкты. Кыйраткансып чычайган анысы эки катындын кулагына коммунисттик этика эрежесин куйду. Тиги экөө өздөрүнүн жосунсуз жорук, жүрүм-туруму менен анын участкалык милийса ачандиги деген кадыр-баркына, келечектүү комиссар, коммунисттик наамына көө жабышканын абыдан какылдап какшады. Коммунисттер коомундагы биримдикте адепсиз жеңил ойлуу кызганычка, кызганычка (!) орун жок жана болууга тийиш эместигин түшүндүрдү. Бу не деген буржуазиялык бузукулук?! Бузукулук! Мындай осолдук үчүн тиешелүү жазасын алып, экөө тең өлүм жазасына татыктуу экенин, бирок ал чыныгы пролетариаттын уулу катары боорукерлик, айкөлдүк менен кечирерин айтты. Аймактык милийса ачандигинин чечендиги, албетте, айыгышкан атаандаштарга катуу таасир эткен бейм, кечинде эле үчөө ынтымакка келип, тепкичте семичка чагып отурушканын көрдүм.  

Сейилдегенче шаар кыдырып жөнөдүм. Мурда байгер, соодасы дүркүрөгөн Пишпек кулак-мурун кескендей жым. Базар бош, дүкөндөр жабык. Кулптануу. Санаага көмүлгөн адамдардын жүзүндө муң-кайгы, кусалык, чочулоо бар. Эч жерден ыр-күлкү укпадым да, көрбөдүм. Орусу деле, кыргызы, сарты, дунганы деле үңүрөйөт бирдей. Байсал-куттуу алыскы бул калаага да пролетариат диктатурасы өз изин былчыйта баскан экен дедим; болбосо мында азын оолак жоокерлерди, мансапкорлорду айтпаганда, ар бир жан азбы-көппү – өз оокатына тың эле го. Бардар жашап, өз жери, там-ташы, ар бир шаардыктын бустаны[9], ар бир айылдыктын өз талаасы, чарбасы болгон. Бул жерде революцияга чейин бир пуд буудай баасы он копеек[10] болгон, мед суюктугу араба дөңгөлөгүн майлоо үчүн колдонулган, анткени бир фунт мед жети тыйын, а бир фунт дөңгөлөк майы эки эсе кымбат болгон. Кыргыздарда дүпүрөгөн он миң жылкы, күтүрөгөн жүз миңдеген койу барлар болгон, колунда жоктор өз аттары менен айыл аралап, кайыр сурап жан баккан бул жерлерде.

Коммунисттик бейиштин жергиликтүү куруучулары Түркестандын башка шаарларынан же жергиликтүү кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдөн болушкан.

Товарсыз ээн дүкөндөрдүн дубал, терезелеринде зор плакаттар эмгекчи массаны дүйнөлүк революциянын ийгиликтеринен кабардар кылып; чоң сүрөттөрдө дүйнө картасы чагылдырылып, революция болгон жерлер көрсөтүлгөн кызыл белгилерде: Орусия, Германия, Венгрия. А кочкул кызылда: Ирландия, Ооганстан, Египет, Индия. Жаңы Зеландия, Австралия кызыл тилке менен, АКШ мала кызыл белгилениптир. Деңиздер менен мухиттер гана аппак бойдон!

Нан табылып калабы деген үмүт менен бош базарды аралап жүрсөм, күтүүсүздөн аскердик музыка угулду. Бурчтан желбиреген кызыл туу пайда болду. Сактыкка кордук жок деп жабык дүкөндүн артына барып, акмалап карасам, адаттагыдай кичинекей балдар менен иттер коштоп, арттан кызыл желекчен коммунисттердин үйүрмөсү[11] келатат. Арасынан Ташкенттеги техникумдун мурдагы деректири, уурулук үчүн иштен бошотулган, азыр өзүн «империялык режимдин курмандыгы» эсептеген Александровичти даана тааныдым. Кызыл Армия жоокерлери жана «Интернационалды» фалшь ойногон оркестр соңунан ээрчип алган.

Арттан эски замбирек, бир-эки пулемёт сүйрөп алгандарычы. Жүрүшкө кызыл атчандар отряды да кошулуптур. «Дүйнөдөгү эң эркин өлкөнүн» айыл тургундары, ары-бери өткөн шаар тургундары бул демонстрацияны терезеден, каалгадан аңырайып карап турушту.

Келгенимдин экинчи күнү күүгүм ченде конушумдан алыс эмес жердеги тротуарга чыгып, ал заманда комиссарлардын гана пешенесине буюрган сый-урматтуу жайдагы көп шам жанган терезеден дагы бир тааныш жүздү көрүп калдым капыстан. Ташкенттен келген комиссар Гриневич эле ал. Согуш маалында немис шпиону эле, азыр чекист болуп чыга келиптир, азыр Пролетарлар университетинин курамында иштейт. Гриневич мени абдан жакшы билчү, андыктан мындай коңшудан тезинен оолактоого туура келди.

Эртеси Ташкенттен Пишпекке менден мурда келген таанышыма бардым. Анын үйү шаар четинде экен. Адам боюнан бийик чөптөргө караганда, Чу дарыясына жакын жер экенин баамдаса болот.

Чүй өрөөнүнүн сазында, көлүндө өрдөктөр кыжылдайт, жээктеги калың бадалдарда кыргоолдор андан бетер. Ар күнү эртең менен бир багытты беттеген тоодактардын калың караан тобу агылып учканычы. А күзүндөсү чакан топко бөлүнгөн сансыз түрлүү жапайы канаттуулар – тоодак, безбелдектер (Microtys tetrax) пайда болот.

Бул өрөөндө кыргоолго аңчылык кылып жүргөндө атактуу изилдөөчүбүз Н.М.Пржевальский жергиликтүү чийки суудан ооруга кабылып, Ысык-Көл жээгинде көз жумган.

Кытайлар[12] атаган Чу дарыясынын өрөөнү берекеси мол жер. Бул жерде азыр даны көлөмдүү картөшкө менен жашылчалардын мыктысы өстүрүлөт.

Жети-Суунун климаты Ташкенттегидей ысык эмес. Бул жерде кыш узак, кары жылыга бир-эки ай турат. Жазында жамгыр көп, жайы Ташкенттегидей узак эмес, кургак, көпчүлүк аймактарда дыйканчылык, багбанчылык үчүн жасалма ыкмада сугаруу зарыл. Бул жерде пахта өстүрүлбөйт, дан, жүзүм үчүн сонун жер. Алар өзгөчө бир аз таштактуу кыртышы бар тоолуу өрөөндөрдө берекелүү түшүм берет. Жергиликтүү жүзүм шарабы Ташкенттегидей күчтүү эмес, бирок жеңил, жыпар жыттуу жакшы суусундук. Кан досум А.Н.Иванов Франциядан шарап өндүрүшүн үйрөнүп келип, Пишпектин жанында бай түшүмдүү жүзүмзар тигип, шарап жасай баштаган. Бул бизнеске ал өтө ири каражат жумшап, большевиктер аны 1919-жылы январда эмгекчи массаны эзүүчү «буржуй» катары атып салышкан.

Тоо кыртышында жана өрөөндөрдө алма, алмурут бактары укмуш өсөт, түндүк шамалынан далдоо жерлерде өрүк, шабдалы барпырап гүлдөйт. Бул жерде коондордун көлөмү Ташкенттегидей эмес, бирок Чүйдө өскөн коон жыты, таттуулугу, даамы эч кем калбайт, керек болсо сорту толтура. Дарбыздары кулачыңа батпайт, ширелүү. Убакыт кийин көрсөткөндөй; куту төгүлгөн бул жер азап-шордун уюгуна айланбадыбы. Тоолуу өрөөндөрдө тамеки өстүрүү эң сонун натыйжа берип, Жети-Суу жалбырагы Крым сортунан калышпайт. Жети-Суу апийими Кашкарда шумдук бааланат. Байсалдуу табият бул өлкөгө жапайы, пайдалуу өсүмдүктөр түрүн аябаптыр.

Пишпектен Верныйга бардым, ал жактан расмий сунушумдун аркасы менен мекемелердин биринен жумуш таап, Чу өрөөнүндө «гидротехникалык изилдөө» жүргүзүүгө жөнөтүлдүм. Мага кош аттуу ачык арабасы менен арабачысын да кошуп беришти. Сонун эмес бекен бул: өзүм сүйгөн жаратылыш койнунда эркин, көзкарандысыз тирлик кылган шартым бар.

Кыргызчалаган О`Шакир

[1] Азыр ал Тараз шаары (Казакстан).

[2] Place de la Concordе – Париждин борбордук аянты.

[3] Бөдрөтчү – подрядчик.

[4] Пишпек шаарынын четиндеги Казарменная (Тоголок Молдо) көчөсүнүн батыш тарабында жайгашкан дунган конушуна тиешелүү.

[5] Марсон Федор Владимирович (1853–1916) – жөө аскерлер генералы, Түркстан Аскер округунун согуш командиринин милдетин убактылуу аткаруучу, Түркстан генерал-губернатору жана Жети-Суу казак армиясынын жазалоочу аскеринин атаманы.

[6] Фольбаум (Соколов-Соколинский) Михаил Александрович (1866–1916) – генерал-лейтенант. Православие, Семиреченск облусунун аскер губернатору, Семиреченск облус аскеринин командачысы жана Семиреченск казак армиясынын жазалоочу аскер атаманы.

[7] Казакстандын бүгүнкү Алматы шаары.

[8] Азыр Кыргыз кырка тоосу.

[9] Бустан – огород, бак, бакча (Кусейин Карасаев)

[10] Ал кезде 10 копеек 2,5 доллардын тегереги (Павел Назаровдун эск.)

[11] Үйүрмө – топ, делегация.

[12] Б.М.Жунусалиевдин (1956) маалыматы боюнча кыргыздар Чүй топонимин Алтайдан алып келишкен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз